О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
16 сентября 2020 г. 1:39

Шайлоо-2020: Боронов добуш сатуу кылмыш экенин эскертти (видео)

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов парламенттик шайлоо алдында добуш сатуу кылмыш экенин эскертти. Ал саясий партияларды мыйзам бузбоого чакырды. Өкмөт үйүндө өткөн бүгүнкү брифингде ар бир жаран жүрөгү менен гана тандоо кылышы керектигин өтүндү. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Учурда үгүттөө иштери жүрүп жатат. Шайлоого катышууга 16 партия катталган.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:44

ФИНПОЛ

ФИНПОЛ Финансылык полицияны каржылоо үчүн бюджеттен ири каражат бөлүнөт. Ал эми бюджетти ишкер толтурат. Бизнести басмырлап, куугунтуктоонун ордуна, ага жардам берип, кастарлоо керек. Бүгүн ар бир ишкер финпол аркылуу бизнесинен айрылып, түрмөгө түшүп калуудан коркот. Мамлекеттин максаты мындай коркууларды жок кылып, финпол сыяктуу жазалоочу органды жоюу жана бизнестин эркин өнүгүп, жаңы жумуш орундарын түзүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү. Финпол жок - Коркуу жок - Ийгиликтүү бизнес - Өнүккөн экономика ==================== Огромные средства тратятся из бюджета на содержание Финпола, а бюджет пополняет предприниматель. Бизнесу нужно помогать и беречь его, а не преследовать и гнобить. Каждый предприниматель сегодня боится, что руками финпола у него отберут бизнес и посадят в тюрьму. Задача государства устранить эти страхи, ликвидировать такой карательный орган как финпол, чтобы бизнес начал свободно дышать, развиваться и создавать новые рабочие места. Нет финпола - Нет страха - Успешный бизнес – Процветающая экономика. Реформа керек!

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:48

Чолпонбай Түлөбердиев

Бишкек шаарындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бакта “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Канат Мидин уулунун демилгеси менен Биринчи май районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүлдү. Бир катар талапкерлер шайлоо алдындагы программасы жана өлкөнү өнүктүрүүнүн алгылыктуу чечимдерин сунушташты. Жолугушуу расмий бүткөн соң, Бишкектиктер менен баарлашып, көйгөйлүү маселелер боюнча пикирлерин угушуп, аларды чечүүнү убадалашты. В Бишкекском парке имени Чолпонбая Тулебердиева, по инициативе кандидата в депутаты Жогорку Кенеша от партии "Республика" Каната Мидин уулу, прошла встреча с жителями Первомайского района столицы. Ряд кандидатов представили свою предвыборную программу и конкретные решения развития страны. После официальной части мероприятия, кандидаты лично побеседовали с Бишкекчанами, выслушали их мнения и пообещали разобраться с наболевшими проблемами.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:50

Таза шайлоо – эл аралык таануу!

Таза шайлоо – эл аралык таануу! Бүгүн, “Республика” партиясынын лидерлери Мирлан Жеенчороев жана Руслан Казакбаев менен ЕККУ ДИАУБ (Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары боюнча Бюросу) Кыргызстанда өтө турган шайлоолорго чектелген байкоо жүргүзүү миссиясынын өкүлү Габриэла Скулова жолугушту. Жолугушуу учурунда “Республиканын” өкүлдөрү таза жана эркин шайлоолордун өтүүсүнө, ошондой эле эл аралык байкоочу миссиялардын демократиянын өнүгүүсүнө жана жарандардын эркин билдирүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүнө басым жасашты. Честные выборы – международное признание! Лидеры партии "Республика" Мирлан Жеенчороев и Руслан Казакбаев сегодня встретились с представителем ограниченной Миссии ОБСЕ БДИПЧ (Бюро по демократическим институтам и правам человека) по наблюдению за выборами в КР Габриэлой Скуловой. Миссия проводит долгосрочные наблюдения за выборами в Жогорку Кенеш КР. Во время встречи, представители политической партии "Республика" подчеркнули важность честных и свободных выборов, а также международных наблюдательных миссий для развития демократии и свободы волеизъявления граждан. В партии "Республика" считают, что выборы должны быть свободными и честными без запугиваний, подкупов и административного ресурса!

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:51

"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Аалы Карашев Ош облусунда эл менен жолугуп, "Алдыга жол" программасы менен тааныштырып жүрөт. Пандемиянын шартында ар бир айылга барып жолугууда.

"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Аалы Карашев Ош облусунда эл менен жолугуп, "Алдыга жол" программасы менен тааныштырып жүрөт. Пандемиянын шартында ар бир айылга барып жолугууда. "Элибиз мамлекетти эффективдүү башкаруу боюнча сунушубузду колдоп жатат"-дейт эл өкүлү. Депутаттардын чыгашаларын, 120нын ордуна 75 чейин кыскартабыз!. 10 миң кол чогултуп депутатты кызматынан алганга мүмкүн болот. 16 министрликтин ордуна 7 калат. Өкмөт менен министрликтердин чыгымдары кыскарат. Ар бир 100 күн сайын отчет берүүгө милдеттүү болот.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:11

Бактыгүл Молдогазиева: Партиябыз мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган партия

Бактыгүл Молдогазиева жогорку билимдүү. Кыргыз-Россия Славян университетинде юридикалык билим алган. Сан-Диего Мамлекеттик университетинин магистратурасынан бизнес мектебин бүтүргөн. Кесиби менен Юстиция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында иштеген. Аны менен катар жеке ишкерлик менен да алектенген. — Бактыгүл айым, өзүңүз каалаган кесиптин ээси боло алдыңызбы? — Ооба. Ал эми ата-энемдин каалоосу башка болчу, алар эсеп-кысапчы болуумду каалашкан. «Бухгалтердик билим ал» деп айткан ата-энемдин айтканына көнбөй, юрист кесибине ээ болдум. Мен табиятымдан эле ыйлаган кишинин көз жашын аарчыганды, алсыздарга жардам бергенди, укугу тепселип, айласын таппай тургандарга кол кабыш кылганды жакшы көрөм. Ошон үчүн ушундай кесипке ээ болдум. Эмне үчүн талантуу жаштар чет өлкөгө кетип жатышат деген суроо мени кабатырлантчу. Мекениме кайткан соң, ишимди эл аралык уюмдардын аялдардын укугун коргоо долбоорунан баштадым. Айтор, алган билимимдин болушунча пайдаланууга, тажрыйба топтоого аракет кылдым. — «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандоого эмне түрткү болду? — Бул партиянын жаңы көз карашта жазылган, жаңы идеяларга бай, башка партиялардын программасынан дээрлик өзгөчөлөнгөн программасы менин тандоомо себеп болду. Программаны окуур замат, партияга болгон кызыгуум артып, шайлоого барайын деген чечим кабыл алдым. — Сиздердин партия мамлекетибизди кризистен чыгара алабы? — Биздин партиянын программасында гана мамлекетибизди кризистен чыгарып, өнүктүрө турган жолдор ачык жазылган. Тагыраагы, программада маселени жолго салыш керек делсе, кайра ошол жерде ал маселени чечүүнүн реалдуу сунуштары берилген. Мына ушундай артыкчылыктарынан улам, «Мекеним Кыргызстан» мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган патриоттордун партиясы экен деген чечимге келип, өзүмдү сынап көрөйүн, элдин элегинен өтсөм депутат болоюн деген максатта шайлоого аттандым. Депутат мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу бутагындагы элдин өкүлү. Депутаттын мыйзам ченемдүү укуктары, милдеттери Конституцияда так жазылган. Эгер депутат болуп калсам билимимди, тажрыйбамды, баардык күч-аракетимди мекенибиздин, элибиздин өнүгүшүнө багыттайм. Ошондой эле балдарга татыктуу билим берүү, патриоттук духтарын көтөрүп тарбиялоо маселесин колго алам. Балдардын, аялдардын укугун коргойм. Анткени, балдарды тарбиялоодо эненин орду өтө жогору. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын, аялдардын укугун коргоо мамлекетибиздин келечегине кам көрүү деп эсептейм. Мындан ары пандемиядагыдай кечирилгис кемчиликтер кетпесин тилейм. Элибизди жараткан бөөдө кырсыктан, апааттан сактасын. Элибизде тынчтык болсун, жалпы шайлоочуларга бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалайм. Шайлоо күнү ар бир жаран өзүнүн жүрөгүн тыңшап, жаңылбай добуш берсин. Биздин партия «Мекеним Кыргызстан». Бизге добуш бериңиз! Биз мекенди коргоп, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууга, мамлекетибизди социалдык-экономикалык жактан өстүрүүгө, элибизге жаркын жашоо тартуулоого аракет кылабыз. Анткени, биз мекендин кадырын билебиз. Карапайым элдин турмушун жакшыртабыз. «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:11

Адилет Канымбеков: Кыргызстанда клиникаларды ачып, сапаттуу тейлөөнү жолго коем

Талапкерди учкай тааныштыра кетсек, Адилет Канымбеков Сокулук районунун Күн-Туу аймагына караштуу Чоң-Жар айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Кесиби — тиш догдур. 9 жылдык тажрыйбасы бар. Менчик клиникасы бар, ошону иштетет. Медицинадагы көйгөйлөрдүн баарын билет. Саясатты да жакшы билет. Себеби, буга чейин Күн-Туу айылдык кеңешинин депутаты болгон. «Элдин элегинен өтүү, шайлоо маселеси мага тааныш», — дейт талапкер. Жогорку Кеңештин депутаттыгына биринчи жолу талапкер болуп катталып, аттанып аткан Адилет мырзага чү дегенде эле саламаттык сактоо маселесинен суроо салдык. — Адилет мырза, эгер депутат болуп калсаңыз, саламаттык сактоо маселеси үстүндө иштейсиз да? — Албетте. Медицинаны аксаткан, талапка жооп бербеген мыйзамдарды кайра иштеп чыгам. Кудай буюруп, депутат болуп калсам көкүрөгүмдөгү бышып жетилген маселелерди ишке ашыруунун аракетин көрөм. Калкты милдеттүү медициналык кароодон өткөрүүнү алып чыгам. Ошондой эле жер-жерлердеги медиктердин жетишсиздигин жоюп, Кыргызстандын булуң-бурчуна клиникаларды ачып, сапаттуу тейлөөнү жолго коём. Анткени, пандемия медициналык абалыбызды алаканга салгандай көрсөтүп койду. Илдет күч алганда жанынын айласын таппай, ооруканадан орун таппай карайлагандар көп болду. Ошондой эле медиктердин жетишсиздиги баарыбызга байкалды. Буюрса, мына ушундай кемчиликтерди жоё турган долбоорлорду сунуштап, элибиздин саламаттыгына кам көргөн иштер менен алек болом. — Толгон партиянын ичинен эмнеге «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандадыңыз? — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы жакты. Анда мени түйшөлткөн көп жагдайлар жазылып, абалдан чыгуунун жолдору да сунушталыптыр. Мындан тышкары, «Элибиз — эң башкы байлыгыбыз» деген урааны да мени кайдыгер калтырган жок. Ойлонуп-толгонуп отуруп «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барайын, алдыга койгон максаттарымды ишке ашырайын деген чечимге келдим. Себеби, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында мамлекетти саздан чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоо, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылыптыр. Мына ушундай чоң максаттарды ишке ашыруу үчүн, мамлекетимдин өнүгүшүнө салым кошуу, элге пайдамды тийгизүү үчүн шайлоого аттандым десем болот. — «Мекеним Кыргызстан» партиясына айтылган сын-пикирди кандай кабыл алып жатасыз? — Америкалык жазуучу Ральф Уолдо «биз укум-тукумубуздагылардын кыялына караганда, замандаштарыбыздын кыялын көбүрөөк тартып калабыз», деген экен. Сындардын туурасын туура, катасын түздөгөнгө аракет кылып жатабыз. Эң башкысы, биздин партия такталбаган маалыматтардын чабуулуна калгандардан. Бир нерсени мактанып айтып кетейин «Мекеним Кыргызстан» партиясы жерин сатпаган, артына кылчактабаган жаш партия, буюрса мен ишенем элдин купулуна толобуз. — Адилет мырза, кыргыздын каада-салттарына ишенесизби? — Кыргыздар байыртадан дүйнө таанымын өзүнүн салты аркылуу элге жайылтып, кылымдардан-кылымдарга жашап келе жаткан калк. Ошондуктан салтыбызды бекем кармап, карыларды урматтап, улуулардын жолун улап келишибиз керек. Эң башкысы кыргыз эли биримдикте болсо көп ийгиликке жетебиз! «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:54

Мамлекетибиздин келечеги - Билимдүү муун! Токтогул району - Алдыга жолду, жаштарды колдоодо✅

Мамлекетибиздин келечеги - Билимдүү муун! Токтогул району - Алдыга жолду, жаштарды колдоодо✅ "Республика" партиясы дайым жаштардын активдүү саясаты үчүн күрөшүп келген. Биздин партия жаштарга социалдык лифт болуп бере алды. Биздин командадан чыккан жаштар ийгилик жаратып, элибизге ак кызмат кылып берүүсү - биздин дагы бир чоң жеңишибиз болот. Биздин катарыбыздан Жогорку Кеңешке талапкер болуп чыккан жаш, көптү үмүттөндүргөн саясатчы мырза Кутман Турсункулов Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушууларын улантууда. Кутман Турсункулов эл менен жолугушууда "Коррупционерлер карапайым элдин ырыскысын тоноп, балдардын келечегин уурдашат. Пенсионерлердин, врачтардын, мугалимдердин акчасын уурдашат. Бандиттер менен коррупционерлердин бийликке келишине жол бербейли, жаштарды, Алдыга жолду колдойлу", - деген ою менен бөлүштү.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 12:23

Мирбек Асангариев:

Ар бир үйдө бирден IT адистигине ээ киши болсун” “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мирбек Асангариевдин пикиринде, өлкөдө ар бир үйдө бирден IT адистигине ээ киши болуш керек. Талапкер бул билдирүүнү Каракол шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда айтты. “Биздин девиз – үйдө отуруп, бүтүндөй дүйнө менен иштөө. IT программалоонун мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен. Бул адистик багытында билим алуу – замандын талабы. Ошондой эле кирешелүү кесип”, - деди М.Асангариев. Айтымында, губернаторлук, акимчиликтерди жоюп, имараттарын IT программалоо адистигин окутуу үчүн бөлүп берсе болорун айткан талапкер кыздарды бул тармакта билим алууга чакырды. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын кезектеги үгүт кербени Ысык-Көлгө жетти. Депутаттыкка талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Мирбек Асангариев, Руслан Акматбек жана Екатерина Филаретова Каракол шаарынын жана Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун эли менен жолугушту.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 20:26

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!

Партиябызда олуттуу орун алмашуулар болду жана толугу менен жаңыланды. Биз жоопкерчиликтүү лидерлер партиясы катары Жогорку Кеңешке орчундуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, Кыргызстанга татыктуу кызмат кылууга шайлоочулардын кызыкчылыктарын көздөөгө даяр кризис-менеджерлердин, жаңы, компетенттүү адамдардын келишин камсыз кылуу шайлоолорго бара жатабыз. “Бир Бол” партиясынын программасы биринчи кезекте жакынкы жана орто мөөнөттүү максаттарга жана алардан реалдуу жыйынтыктарды алууга багытталган. Сунуш кылынган ар бир багыт жана чечим ишке ашыруу баскычында профессионалдык экспертизанын элегинен, коомдук талкуудан өтөт. Биздин программабыз эксперттердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштары, түзөтүүлөрү үчүн ачык, ошондой эле ал биздин партиянын бардык талапкерлеринин жамааттык иши болуп саналат.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 22:22

"Ата Мекен" үгүт кербени бүгүн Ош шаарында! ⠀

Меймандос Ош калаасы биздин талапкерлерди кучак жайып тосуп алды. Ачык абада шайлоочулар менен жолугушуп, программабыздын презентациясын өткөрдүк. Партиядагы жаңы жүздөр менен тааныштырып, командабыздын пландары менен бөлүшүп кеттик. ⠀ Жылуу тосуп алгандыгыңыздар үчүн чоң рахмат айтып, биз жолубузду уланталы. Алдыда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунун шаар жана айлыдары ⠀ «Ата Мекен» — №6! ******* ⠀ Караван «Ата Мекен» продолжает свой путь по всей стране — сегодня мы в Оше! Город Ош славится гостеприимством и радушием, и наши кандидаты ощутили это сполна. В центре города, на свежем воздухе мы провели презентацию программы и нашей команды. Мы на деле показали, что наша команда обновилась, к нам пришли профессионалы, которые готовы менять страну в лучшую сторону. ⠀ Благодарим вас за встречу, а мы продолжим путь по другим городам и районам Ошской, Баткенской и Джалал-Абадской областей. ⠀ «Ата Мекен» — №6!

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:31

Мамлекеттин күчтүүлүгү курал-жарактуу армия,

Мамлекеттин күчтүүлүгү курал-жарактуу армия, жарыбаган акчада эмес! Бир күнү жок болуп кетиши мүмкүн. Бирок, жүрөктөгү бекем ынтымак жүрөктүн акыркы согушуна чейин бирге болот. ⠀ Андыктан, мамлекетибиз күчтүү болсун десек -жүрөктөрдү бириктирели! Күчтүү мамлекет - жүрөктөр бириккен мамлекет! ⠀ ⠀ Сила государства - не в вооруженных силах, не в деньгах! Они могут в один миг превратится в пух и прах. ⠀ Но, чувство единства в сердцах будет жить до последнего стука сердца. Поэтому, давайте объединять сердца в создании крепкого государства!

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:11

Нарында концерт өткөргөнү үчүн партия талапкерине 7 миң 500 сом айып салынды

Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-сентябрда өткөн отурумунда Д.Жусуповдун арызы каралды. Жаран саясий партиянын мыйзамга каршы келген үгүттөө ишин караштырып, чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет. Билдирүүгө ылайык, айрым маалымат агенттиктери чектөө чараларына карабастан «Мекеним Кыргызстан» партиясы концерт уюштурганын жазып чыгышкан. Арыз ээсинин пикири боюнча, концертте ырдап чыккан кыздын жаш курагына баа берүү керек. Мындан тышкары «Кыргызстан» партиясы өзүнүн шайлоо алдындагы программасында «балага сүйүнчү» маселесин көтөрүп, плакатында 18 жашка толо элек баланын сүрөтүн пайдаланган. Жумушчу тобунун отурумуна катышкан партиянын өкүлү Токтакунова менен депутаттыкка талапкер Канат Азиздин айтымында, Нарын облусунун Баетов айылында талапкер К.Исмамбетов чындап эле иш-чара өткөрүптүр. Бирок партия жетекчилиги ал жерде үгүттөө иши жүрүп жатканы тууралуу маалыматы жок эле. Партия өкүлү Токтакунованын берген маалыматына ылайык, концертке катышкан ырчынын жаш курагын видеодон так аныктоого мүмкүн эмес, жана жоопкерчилик чараларын талапкер Исмамбетовдун өзүнө колдонууну суранды. «Балага сүйүнчү» плакатындагы сүрөт боюнча «Кыргызстан» партиясы буга чейин эскертүү алып, аталган плакаттар алынып салынган. Отурумдун соңунда жумушчу топ «Мекеним Кыргызстан» партиясына жазуу жүзүндө эскертүү жасап, талапкер К.Исмамбетовго 7 миң 500 сом айып салынды.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

Талапкер-спикерди талкууга түшүргөн сүйүнчү

Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп аттанган спикер Дастанбек Жумабековдун Таласта жаңы көз жарган келинге сүйүнчү катары акча бергени талкууга жем таштады. Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү бергени тартылган сүрөттөр 14-сентябрда Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарады. Эртеси өчүрүлгөн сүрөттөр учурда талкууга жем таштаган башкы темалардын бирине айланды. Спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков Дастанбек Жумабеков келинге акчаны 14-сентябрда Таластагы жумушчу сапарынын алкагында бергенин «Азаттыкка» ырастады: «Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аткара берет. Таласта спикер катары иш сапарында жүрөт. Уулдуу болгон келин ымыркайына Дастанбек Артисбековичтин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү». «Спикер өзүнүн талапкер экенин унуткан жокпу? Төрөт үйүнө баргандагы соңку жосуну менен шайлоо мыйзамдары бузулуп жатканын билеби?» - деген суроого Жоомарт Максатбеков: «Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөбүз», - деп жооп кайтарды. Спикердин аракетин административдик ресурс колдонуу катары баалагандар бар. Маселен, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова парламент төрагасы кызмат абалынан пайдаланып, шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузган деп эсептейт. «Мамлекеттик функцияны өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу менен спикердин фондунун эсебинен акча берген болсо, муну административдик ресурс катары баалайм, - деди ал. - Эгерде үгүт өнөктүгүнүн маалында өз чөнтөгүнөн акча берген болсо, анда добуш сатып алуу болот». Атыр Абдрахматова спикердин кадамынан улам БШКга «Кыргызстан» саясий партиясынын жоопкерчилигин жана аны парламенттик шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды. Ушул эле күнү Абдрахматова сунуш Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) колдоо таппай калганын «Фейсбукка» жазды. Ал өз демилгесин комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдобогонун, ошол себептүү шаршембидеги жыйындын күн тартибине кирбей калганын кабарлады. Спикердин сүйүнчү беришине байланышкан маселе каралаарын ага дейре БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов да маалымдаган эле. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы «төрага акчаны үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берген» деген таризде маалымат таратты. Буга чейин БШК 4-сентябрда башталган бир айлык шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн учурунда талапкерлер кайрымдуулук иштер менен алектенбеши, жарандарга акчалай жардам бербеши керек экенин эскерткен. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, үгүт маалында кимдир-бирөөгө берилген материалдык жардамдын баары добуш сатып алуу болуп эсептелет. Буга чейин «Factcheck.kg» сайты парламент спикери Дастан Жумабеков тарабынан жарыяланган маалыматтарды изилдеп, шайлоо боюнча бир топ эреже бузулганын жарыялаган. Сайттын негиздөөчүсү, журналист Болот Темиров төраганын аракеттерине баа берүүгө тиешелүү органдарды чакырды: «Спикердин «Фейсбуктагы» расмий баракчасындагы жарыяларын текшерип чыкканбыз. Ал расмий талапкер катары катталган «Кыргызстан» партиясынын жыйыны өткөн күндөн баштап (Ред.: партиянын курултайы 20-августта болгон) ушул кезге чейинкилерин текшердик. Жалпысынан тогуз билдирүү таптык. Ал үгүт жүргүзгөн билдирүүлөр болуп чыкты. Биз БШКга да кайрылганбыз. БШК мүчөлөрү мыйзам бузулганын айтышкан. Ал эми төрөт үйүнө барып, акча бергени менимче принципке туура келбейт. БШК жана укук коргоо органдары буга баа бериши керек». Негизи, «балага сүйүнчү азыркы төрт миң сомдон 50 миң сомго көтөрүлөт» деген убаданы «Кыргызстан» партиясы үгүт иштериндеги негизги чакырыктардын бири катары колдонуп келет. Үгүт өнөктүгү башталганда партиянын дал ушул урааны ар кандай талкууларга жем таштап, сынга алынган. Өткөн аптада БШК балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн «Кыргызстан» саясий партиясына эскертүү берген. Дастанбек Жумабеков 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутат болгон, 2017-жылдын 25-октябрынан бери спикерлик кызматты аркалап келатат. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

«Кыргызстан» партиясына байланышкан сунушту БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү колдогон жок

«Кыргызстан» саясий партиясынын жоопкерчилигин жана аны парламенттик шайлоодон четтетүү маселесин кароо жөнүндө сунуш Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) колдоо тапкан жок. Сунуштун демилгечиси, БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдобогондуктан, сунуш жыйындын күн тартибине кирбей калганын «Фейсбукка» жазды. Жогорку Кеңештин спикери, аталган партиянын тизмесинде шайлоого аттанган Дастанбек Жумабековдун жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени тууралуу маалымат негиз болгон. Абдырахматова Жумабеков кызматтык макамынан пайдаланып, шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузган деп эсептеп, жогорудагы сунушту киргизген болчу. Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары жумушчу сапар менен барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. Төраганын фонду - мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе - шайлоочуну сатып алуу болот. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (SE)

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники