О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
6 сентября 2020 г. 14:23

Реформа үгүт иштерин Баткенде баштады!

Реформа үгүт иштерин Баткенде баштады! #реформакерек #шайлоо2020 #кыргызстан

Подробнее
6 сентября 2020 г. 14:26

Эмне үчүн күрөшүүнү чечтик?

Эмне үчүн күрөшүүнү чечтик? Шайлоого аттангандыгыбыздын себеби эмнеде? Эмнеге "Реформа"? Элди эмнеге чакырабыз? Биздин кайрылуубузга көңүл буруңуз! ⠀ За что мы боремся? Зачем идем на выборы? Почему "Реформа"? К чему мы взываем народ? ⠀ ❗️Представляем вашему вниманию наш манифест!

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:08

Бишкек шаарында 233 шайлоо тилкеси даярдалды

Бишкек шаарында 233 шайлоо тилкеси даярдалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Ленин районунда 65 шайлоо тилкеси, Октябрь районунда – 59, Свердлов районунда – 51 жана Биринчи май районунда 58 шайлоо тилкеси ачылган. Учурда шайлоо тилкелерине интернет тартуу жана генератор менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.

Подробнее
6 сентября 2020 г. 14:44

Айбек Жайлообаев

Айбек Жайлообаев 1.Учился за границей Закончил Турецкую полицейскую академию. Четыре года учился и жил в Турции. Свободно говорит на кыргызском, русском, турецком языках. 2. Основатель общественного фонда «Ат-Баши» 12 лет ведет общественную деятельность в таких отраслях, как образование, спорт, культура, теология и озеленение 3. Вносит вклад в образование школьников Обеспечил недостающими учебниками региональные школы. Помогает учителям повышать квалификацию 4. Развивает кыргызский спорт Проводит турниры по футболу, волейболу, по шахматам, борьбе и козлодранию. 5. Поддерживает экологию Благодаря его инициативе выпускники школ Ат-Башинского района каждый год сажают деревья. Посадка зеленых насаждений стала ежегодной традицией.

Подробнее
6 сентября 2020 г. 14:43

"Замандаш" партиясынын үгүт кербени бардык салттарга ылайык партия лидеринин кичи мекени Нарын облусунан башталды.

"Замандаш" партиясынын үгүт кербени бардык салттарга ылайык партия лидеринин кичи мекени Нарын облусунан башталды. ⠀ Агитационный караван политической партии "Замандаш" уже начал свой путь и начал его по всем традициям - с малой родины лидера партии Жениша Молдокматова - Нарынской области. ⠀ #выборы2020 #замандаш #выборывжк

Подробнее
6 сентября 2020 г. 18:09

Бир өлкө – бир салык!

Бир өлкө – бир салык! ООБА

Подробнее
6 сентября 2020 г. 19:01

Алтынбек Сулайманов: "Алдыда шайлоо эмес, тандоо болуш керек!”

Алтынбек Сулайманов: "Алдыда шайлоо эмес, тандоо болуш керек!” Бүгүн, 6-сентябрда "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкерлер Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. Иш-чара "Киргизия" кинотеатрында өттү. Талапкерлерди Ош шаарынын эли жылуу тосуп алышты. "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов алдыда шайлоо эмес, тандоо болуш керектигин, элге тандоо укугун кайтарып берүү зарылдыгын белгиледи. "Биз шайлоо эрежесин тандоо эрежесине өзгөртөбүз деп аракет кылдык жана мыйзам сунуштадык. Биз баарынан мурда шайлоо эрежесин өзгөртүп алышыбыз керек. Эскиче калыптанып калган системаны жаңылашыбыз кажет. Мисалы, азыркы тапта башка мамлекеттердеги ачылыштарды күндө көрүп, окуп, таң калып бүтө албай жатам. Биз болсо 30 жылдан бери эски системадан арыла албай келебиз. Ошол эскиче калыптанган системадан арылуу зарыл. Биз ушул максаттарга жетүү үчүн шайлоого аттандык",- деди Алтынбек Сулайманов. Иш-чарага "Бир Бол" партиясынын мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Дүйшөн Төрөкулов, Эсенбек Арзиев, Фарход Алимжанов, Айгүл Салиева, Акбалык Жумалиева, Сейиткасым Курбаназаров, Нургазы Амиракунов жана Шаирбек Маматокторов катышты.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 18:57

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Биримдик" партиясы менен аттанып жаткан талапкерлер

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Биримдик" партиясы менен аттанып жаткан талапкерлер Памирбек Жолболдуев жана Жалил Худайбердиев шайлоочулар менен жолугушууну улантышууда. 7-сентябрда аталган талапкерлер Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугшуу өткөрүп, партиянын программасы, идеологиясы менен тааныштырышты. Жолугушууга келген шаар тургундары талапкерлерге ак жол каалап, өз батасын беришти.

Подробнее
6 сентября 2020 г. 19:16

Ак калпак кийген баатырлар,

Ак калпак кийген баатырлар, Өчпөсүн кыргыз атыңар. Эл-жерге тийип пайдаңар, Өнүксүн, өссүн калкыңар. Урматтуу шайлоочуларым! Мен, Сапарали Бөрүбаев, «ЫЙМАН НУРУ» саясий партиясынан элимдин жана жеримдин кутмандуу келечеги үчүн улуу кадамга аттандым

Подробнее
6 сентября 2020 г. 20:59

Биримдик менен өлкөнү өнүктүрөбүз!

Биримдик менен өлкөнү өнүктүрөбүз! "Биримдик" саясий партиясынын талапкерлери Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, өлкөнүн өнүгүүсү, элдин бакубат жашоосу үчүн ташталган кадамдарына бата алышты. Кадырлуу калк бул партияда өлкөнү өнүктүрүүгө күчү жете турган, тажрыйбалуу талапкерлер бар экенин баса белгилеп, ишеничтүү кадрларга дем күч бериип, ишеним артышты.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:36

Ахматбек Келдибеков: Жаңылануунун улуттук өзгөчөлүгү — өткөндүн духун сактоо

- Ахматбек Келдибекович, алгач учурдагы өлкөнүн тагдыры тууралуу кеп кылалы... - Азыр дүйнѳ чукул ѳзгѳрүүлѳрдү ѳз башынан ѳткѳрүп жатат. Дүйнѳлүк карама-каршылыктардын мазмуну, формасы ѳзгѳрдү. Ушундай оор кырдаалда ѳлкѳбүздүн тагдыры жана келечеги ар бир адамды, ар бир саясатчыны терең ойлонтот деген кѳз караштамын. - Буга чейин маектериңиздин биринде элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган жети ѳзѳктүү маселени айттып өттүңүз эле, демек ѳзүбүздүн руханий байлыгыбызга, каада-салттарыбызга бай, түп башатыбызга кайрылууга мезгил жеттиби? - Ооба, кыргыз эли Азиядагы эң байыркы калк. Бизде мамлекетти куруунун, аны коргоонун жана башкаруунун улуу салттары болгон. Демек, жаңы тарыхый шартта социалдык, улуттук эс-тутумубузду жаңылап, түпкүрүбүздү аңдап, ѳзүбүздүн руханий байлыгыбызга, каада-салттарыбызга бай, түп башатыбызга кайрылууга мезгил жетти. Менин оюмча, азыр элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган жети ѳзѳктүү маселе бар. Алар: Адилеттүүлүк: Адилеттүүлүк азыркы күндѳ ѳлкѳбүздѳгү, коомубуздагы башкы саясий постулат болушу керек. Ал эми адилеттүүлүктүн түркүгү – эркин жана кара кылды как жарган калыс сот. Ошондуктан адилет сот системасын түзмѳйүн, биздин демократиялык дѳѳлѳттѳр тууралуу сѳз кылууга саясий да, моралдык да акыбыз жок. Ал эми мамлекеттеги бардык реформалар, жаңы чечимдер жана долбоорлор биринчи кезекте социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга, карапайым калкты коргоого жана колдоого багытталышы керек. Акыйкаттык: Улуттук айкѳлдүк сапатты сактоо – ал кыргызды сактоо. Ал эми элибиздин салттуу дѳѳлѳттѳрүнѳ ар кандай саясий эксперименттерди жасоо саясаттын да, саясатчылардын да нравалык принциптерин аныктабайт! Айкѳлдүк: Бул элибиздин эзелтеден келе жаткан улуу сапаты, улуу наркы. Бул асыл сапаттар мамлекетүүлүгүбүздү чыңдоодогу орду жана ролу эбегейсиз зор. Мекенчилдик: Уюткулуу журт мекенчил болот. Ѳз улутун сүйүү – улутчулдук эмес, ал тарыхын урматтоо, элин сыйлоо. Ал Мекендин ыйыктыгын урматтоо. Мекенге болгон сүйүү бүтүндөй ааламга болгон сүйүү менен киндиктеш. Ал эми Ата Журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим деп ойлойм. Ыймандуулук: Ыймандуу жана ынтымактуу коом гана келечектүү мамлекет кура алат. Биз саясий ыйман маселесин башкаруу системасына киргизүүбүз зарыл. Ал эмне? Ал – тазалык, чынчылдык , абийирдүүлүк жана таза кѳкүрѳк. Ыймандын кылы кыйшайган жерден абийирсиздик, жоопкерсиздик, менменсинүү, саясий оппонентер менен күрѳшүүнүн булганыч жолдору башталат. Ошондуктан улуттук ыйман улутту сактап калуунун негизги нравалык чордону болушу керек. Ырайымдуулук: Эл аралык саясаттагы адам укугу деген маселе, кыргыздын кѳѳнѳ түшүнүгүндѳ адамга адам ырайымдуу болушу зарыл деген маани менен түшүндүрүлүп келген. Адам укугу – бул улуу түшүнүк, биз ѳлкѳбүздү адам укугун бийик сактаган ѳлкѳгѳ айландырышыбыз керек. Ынсапкорлук жана сарамжалдуулук: Кыргыз эли эзелтеден ушул эки сапатты жогору баалап келген. Кыргыз улуттук коррупциясынын ѳзгѳчѳлүгү, тамыры, ѳзѳгү биздин сарамжалсыз мамилебизде, ынсапкорлугубузда жатат. Мен жаңылануунун улуттук ѳзгѳчѳлүгүн ѳткѳндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан кѳрѳм. - Чоң рахмат! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:36

Дилшоджон Моминов: Адамдардын бактылуу жүзүн көргүм келет

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Дилшоджон Моминов 1969-жылы 12-апрелде Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кесиби юрист. Ош шаардык кеӊешинин 2 жолку чакырылышынан депутат. 2015-жылы Жогорку Кеӊешке депутаттыкка талапкер болгон. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы, 8 неберенин чоң атасы. — Саламатсызбы, алгачкы маекти эмгек жолуңуздан баштасак... — Өткөн күндөрдөн көп сабак алдым. Эмгек жолумду дүкөндө сатуучу болуп иштөөдөн баштагам. Ал эми жогорку билимди 2004-2009-жылдары МГСУдан юриспруденция жаатында билим алдым. 2003-2011-жылга чейин эки жолу Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайландым. Ош шаарынын бардык ички көйгөйлөрүн билем. Алардын үстүндө иштеп келе жатабыз. Ош шаары бүгүн өсүп-өнүгүүнүн үстүндө. Ага коомчулук күбө. — Жашоодо ар бир адамдын багыты болот эмеспи, эрежелер менен турмуштук тажрыйбаңыз тууралуу айтып берсеңиз. - Жашоодо ар бир адамдын багыты болот эмеспи. Көбүнчө кайрымдуулук иштерди жасоого басым кылам. Адамдардын бактылуу жүзүн көргүм келет. Чындыгында өмүр өтө кыска, ошондуктан бири-бирибизге жылуу мамиле кылуу менен Жараткандын астына жарык жүз менен барсак. Менин жашоодогу эрежелерим — чынчыл болуу, адилеттүүлүк, өз жүрүм-турумдарына жана иш-аракеттерине жоопкерчиликтүү болуу. Жаш кезимде атам муктаж болгондорго жана колунда жок адамдарга жардам берүү керектигин көп айтчу. Атамдын бул сабагы, осуяты мени менен жашап келет. Бир канча жылдан бери Ош шаарында жана Ош облусунда чоң кайрымдуулук иштери менен алектенем. Кайрымдуулук иштерин жасап жүрүп ар кандай учурларга, түрдүү окуяларга туш болосуӊ. Адамдарга көӊүл буруунун өзү да жакшы нерсе экенин сезип, жылуу маанай, бакыт тартуулоодон ырахат алам. —Келерки парламент кандай мыйзамдарды кабыл алышы керек? - Учурдагы өлкөбүздөгү коррупциялык көрүнүштөр, сот системасынын абалы, билим берүүнүн сапаты мени тынчсыздандырат. Ошондой эле көзөмөлдөө органынын көптүгү эӊ жөнөкөй эле ишкерликтин өнүгүшүнө тоскоол болуп жатканы өкүнүчтүү. Мамлекет жарандардын жашоосун жакшыртууга, жеӊилдетүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алуусу зарыл. Бул милдет Жогорку Кеӊешке жүктөлөт. Менин дагы башкы максатым — карапайым элдин жашоо деӊгээлин көтөрүүгө, жакшыртууга багытталган мыйзамды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөө. Дилшоджон Моминов. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:36

«Ыйман Нуру» партиясынын тизмесинен алты талапкер чыгарылды

«Ыйман Нуру» партиясынын тизмесинен алты талапкер чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет. «Ыйман Нуру» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкерлердин катталган тизмесинен Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков, Алтынай Уранбекова чыгарылды. Талапкер тизмеден чыгууга өздөрү арыз беришкен.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:36

Таабалды Тиллаев: Чек ара маселеси татаал бойдон калууда

— Таабалды мырза, эмне себептен «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандап алдыңыз? — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы көбүрөөк көңүлүмө жакын болду. Социалдык көйгөйлөр, элдин жагдайын оңдоо дагы бир топ жакшы программалар бар. Менин башкы максатым да элдин жашоо деңгээлин көтөрүү, жаштардын билим алуусуна шарт түзүү. Майыптуулугу бар жарандарга жетишерлик көңүл бурулбай жатат. Анан да эң башкысы — чек ара маселеси. Ал эми бүгүнкү жагдайда башкы ролду эл чечет. Ошондуктан талапкерлердин буга чейинки жасаган иши, элге кылган кызматын эске алуу менен эл бир аз тыйынга сатылбай, туура чечим кабылдайт деген ойдомун. «Мекеним Кыргызстандын» курамында жаштар жана тажрыйбалуу инсандар бар. Мен өзүмдү ушул курамда көрдүм. — Сиз туулуп өскөн Баткен жергесинде чек ара маселеси чечилбей келет, жергиликтүү тургун катары чырга байланган чек ара маселеси тууралуу кандай ойдосуз? — Өзүңөр күбө болгондой, бизде чек ара маселеси татаал бойдон калууда. Дал чек арада чыккан чырдан көптөгөн көйгөйлөр бар экенин көрдүк. Биз ар бир маселени Жогорку Кеңеште да көтөрүп чыкмайынча чечилбей турганына күбө болдук. Мен ошол Баткендин, чек арага чектеш Лейлек элинин кулуну катары, башка улуттар менен жанаша жашоо, алар менен болгон мамиле, жер талашка ичинен аралашып, көрүп-билген адам катары элимдин кең келечеги үчүн дал чек ара маселесин көп ирет көтөрүүмдүн да себеби бар. Таабылды Тиллаев. Лейлекте чынында жашоо татаалыраак. Биз кичинекей кезде тамеки айдап, тамекиге иштечүбүз. Анын жыты эле кишинин башын оорутат. Түйшүгү көп тамекини жерге отургузгандан баштап, аны өткөрүп берүүгө чейин тынбай эмгек кыласың. Түн ичинде отуруп, тамекинин жалбырактарынын өзөгүнөн жип өткөрүп тизип, күндүзү сугарып карап өстүрчүбүз. Ошол бала кезимде элдин турмушун, кыйналганын көрүп көп ойлончумун. Көп ирет суу талашып согушкан күндөр болду. — Алгачкы саясатка аралашкан мезгилдерди эске салган учурларыңыз болобу? — Мектепти бүтүп, шаарга келип, 1995-жылы экспедитор, Бишкек шаарындагы «Датка» ЖЧКсынын менеджери болуп иштедим. 1999-2000-жылдары «Сапат» соода үйүнүн башкы директорунун орун басары да болдум. Ошентип жогорку билимди 2005-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча алдым. Буйрук экен, 2015-жылы «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынан депутат болдум. — Депутат болгон сырттан караганда оңой-олтой кызмат көрүнгөнү менен бир топ көйгөйлөр бар. Депутат болгондон кийин шайлоочулар ар кандай маселелер менен кайрылышат. Негизи эле депутат эмне жумуш аткарат? — Депутаттык 5 жылдык мөөнөттүн ичинде ар кандай сөздөр айтылды, кара пиарлар, каралоолор болду. Ошого карабастан алга карай умтулуп, элдин көйгөйүн чечкенге, элдин үнүн өкмөткө жеткиргенге аракет кылдым. 34 мыйзам долбооруна демилгечи катары чыктым. 10 000 ашуун шайлоочуларды кабыл алып, алардын кайрылуулары менен таанышып чыгып тиешелүү чара көрүлдү. Аймактарды кыдырып 30дан ашуун ар кандай маселелер боюнча шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдүм. Таабылды Тиллаев. Эми шайлоочулар менен кандай иштегениме эл баа берсин. Жасалган иштер тууралуу айтып отурууну туура көрбөйм. Жалпысынан кайрылган ар бир шайлоочунун маселеси менен иштегенге туура келет. Тилекке каршы, бардык эле маселени чечип берүүгө депутаттык ыйгарым укуктар жетишсиз. Айрыкча аткаруу бийлигине тиешелүү маселелер эл өкүлүнөн көз каранды болбойт. Шайлоочу муну да эске алышы зарыл. Депутаттын милдети — элдин жашоо турмушун жакшыртуучу мыйзамдарды жазып, демилгелеп, анын аткарылышын көзөмөлдөө болуп эсептелет. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:36

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында пандемиядан чыгуунун жолдору

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында коронавирус пандемиясынан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү — жаратман жана бир пикирдеги санаалаштары. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк — Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди. Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» — бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. Кыргызстандын элин кандай негизги проблемалар түйшөлтүп жатканына биз дайыма көз салып турабыз. «Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар. «Мекеним Кыргызстан» партиясы нын максаты : Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу; Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу. Приоритеттери : Жеке эркиндик; Экономикалык эркиндик; Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу; Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик; Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. Принциптери: Улуттук кызыкчылыктарга приоритет; Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык; Либералдык-плюралисттик башкаруу; Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик; Рационализм жана прагматизм; Бардар эл жана бакубат өлкө. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники