О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
15 сентября 2020 г. 0:47

БШК: Алдыда боло турчу шайлоодо майыптардын укугу эске алынат

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоо майыптардын укугун эске алуу менен уюштурулуп жатканын кабарлады. 12-сентябрда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында ушул маселе талкууланып, бир катар эрежелер айтылган: Саясий жарышка аттанган партиялар үгүт кагаздарындагы жазууларды көзүнүн көрүүсү начар кишилер үчүн чоңураак ариптерде жана брайль арибинде жазышы керек. Шайлоо тилкелеринде пандус, лупа болууга тийиш. Добуш берүүчү кабинанын бийиктиги 75 кем эмес, бюллетень толтуруучу столдун туурасы 40, узатасы 30 сантиметр болот. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 72 583 майып бар. Эскерте кетсек,Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 16 партия катышууда.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:47

Кыргызстандын сыртындагы өлкөлөрдө шайлоочулардын саны 20 миңге жакындады

Кыргызстандын сыртындагы өлкөлөрдө шайлоочулардын саны 20 миңге жакындады. Бул тууралуу маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдиргенин “Марал” радиосу жазды. 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде 44 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. Учурда биометрикалык маалыматтарды чогултуу, каттоого алуу иштери жүргүзүлүүдө. Имангазиевдин айтымында, шайлоочулардын тизмесин түзүү 19-сентябрга чейин уланат. “Чет жердеги жарандарыбыз шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоого турушу керек», — деди Имангазиев. Жарандар өзүн шайлоочулардын тизмесинен tizme.gov.kg порталы аркылуу текшере алат.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:48

“Мекенчил” Жаңы-Жер айылында. К. Ташиев: “Коррупционерлердин берген акчасын алып, добуш берип, келечекти акчага алмаштырбайлы”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сокулук районунун Жаңы-Жер айылына барды. Добуш – элдин акча табуучу эмес, жаркын келечекти түптөөчү укугу. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 14-сентябрда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Эрезеге жеткен ар бир жарандын бир гана добушу бар. Аны акчага сатып, анан шайлоодон кийин: “Аттиң ай, мен жалгыз добушумду балдарымдын келечеги үчүн бербестен, акчага сатып жибердим”, - деп өкүнүп калбагыла. Добуш сатып алууну каалагандар арам добушту алып, кайра арамдыкка барууга аракет кылып жатат. Беш миң, эки миң менен эч нерсе өзгөрбөйт. Баарыбыздын ырыскыбызды Алла Таалам берет. Кудайдын берген суусу түгөнсө топтогон байлыгыбыз арачы түшүп бере албайт. Тирүүбүзбү, жашап атабызбы, демек ырыскыбыз да түгөнбөйт. Ошондуктан, ынсап кылалы, келечекти акчага алмаштырбайлы. Добушту акчага сатып алгысы келгендер үйүндө жатышат, акчаны берип, айылдарды толугу менен сатып келгиле деп коюп. Эмне үчүн биз аларга добуш беришибиз керек? Чындык үчүн, таза келечек үчүн тандоо жасагыла”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:48

“Мекенчил” Сокулукта. К. Ташиев: "Электроэнергиядагы мафия элди билгизбей тоноп жатат"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Сокулук районуна барды. Электр энергиясындагы мафия элди билгизбей тоноого шарт түзүп жатат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 14-сентябрда Сокулук районунун эли менен жолугушууда билдирди. -Союздун курамындагы өлкөлөр арасында эң арзан электроэнергия биздин өлкөдө өндүрүлөт. Бирок элге саткан баасы кымбат – 2 сом 16 тыйын. Элден ашыкча топтолгон акчалардын баары кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жатат. Мындай кылуу элди билгизбей тоноо болуп саналат. Бул мафияны токтомойун өлкөнү өнүктүрө албайбыз. Мейли, эл 2 сом 16 тыйындан деле төлөй берет. Мейли, үч сом кылса да көтөрөбүз. Бирок, анда пенсияларды 50 миң кылышсын, жөлөкпулду 30 миң, айлык акыны 100 миң кылышсын. А азыр пенсия беш миңдин тегереги, жөлөкпул үч миңдей, айлык акы он беш миң. А электр энергиянын баасы – 2 сом 16 тыйын. Бул эмне дегендик? Биз муну мыйзам кабыл алуу менен токтотушубуз керек. Биздин максат – жөнөкөй элдин укугу тебеленбесин, коомубуз өзгөрсүн, жашш-шартыбыз жакшырсын деген тилек”, - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:48

(Фото) “Мекенчил” Москва районунда. К. Ташиев: “Добуш сатып алууну каалагандарды мамлекеттин чыккынчысындай кабыл алышыбыз керек!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Москва районуна барды. Добуш сатып алгандар мамлекеттин чыккынчылары. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн,14-сентябрда Москва районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. “Мамлекеттин кызыкчылыгын сатып, кыянаттык кылган адам кылмышкер болуп саналгандай эле, добуш сатып алууга ниеттенгендер да – кылмышкерлер. Аларга кылмышкердей мамиле жасообуз керек. Ошондо мамлекетке туура адамдар келип, коом өзгөрөт. Кээ бир депутаттарды көрдүк, баракка жазылган докладды туура окуп бере албайт. Кээ бири трибунага чыгып эки ооз сөздү эптештире албайт. Анан ушуларды кантип депутат деп атоого болот? Акчага алданбай, туура тандоо жасасак, парламентке билимдүү, патриот курам келет, биз ошондо булар биздин депутаттар деп сыймыктанабыз. Добуш сатып алуу пандемиядай эле каптады. Мурда мындай азыраак болчу. Азыр эмнеге көбөйдү? Анткени коррупционерлердин катары өстү. Ушундан этият болуңуздар”, - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:49

Президент шайлоо тууралуу терс билдирүүлөргө ыкчам реакция кылууну тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешмеде эпидемиологиялык абал жана шайлоо маселесин талкуулады. Ал шайлоо тууралуу ар кандай терс билдирүүлөргө жана макалаларга ыкчам реакция кылуунун, жарандардын коомдук коопсуздугун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президент укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулбашына жана жер-жерлерде санитардык талаптардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтты. Пандемиянын экинчи толкуну болоруна байланыштуу дары-дармек каражаттарын, медициналык жабдууларды жетиштүү көлөмдө даярдоого, аймактардагы ооруканалардын курулушу менен ремонт иштерин тездетүүгө көңүл бурду. Кубатбек Боронов күз-кыш мезгилине өкмөттүк түзүмдөрдүн камылгалары жөнүндө, ошондой эле парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, республикалык бюджетти көбөйтүү аракети көрүлүп жатканын кабарлады. Кыргызстанда 14-сентябрга карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 928ге жетти. Анын ичинен 41 миң 23 бейтап сакайды. Ал эми 1 миң 63 адам каза болду. Ушул жылдын 4-октябрында пандемия шартында парламенттик шайлоо өтөт.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

Шайлоо фондунан кайсы партия канча акча чыгымдады? 11-сентябрга карата көрсөткүч

Шайлоо фондунан партиялар канча каражат коротту? Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын эсебине которулган каражат жана анын канчасы чыгымдалгандыгы тууралуу маалыматты жарыялады. Бул 11-сентябрга карата көрсөткүч. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма 94 миллион 180 миң 238 сом. Коротулганы - 90 миллион 445 миң 319 сом; "Социал демократтар" партиясынын шайлоо фондуна 8 миллион 642 миң 760 сом которулган. Коротулганы - 8 миллион 535 миң 966 сом; "Бир Бол" партиясынын эсебинде 34 миллион 189 миң 156 сом деп көрсөтүлсө, коротулганы 33 миллион 865 миң 396 сом ; "Республика" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 21 миллион 821 миң 655 сом , чыгымдалганы - 20 миллион 639 миң 151 сом ; "Биримдик" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 97 миллион 399 миң 900 сом болсо, анын ичинен 86 миллион 753 миң 491 сому чыгымдалган "Чоң Казат" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине которулган сумма 6 миллион 172 миң 914 сом болсо, чыгымдалганы 6 миллион 38 миң 446 сом; "Мекенчил" партиясынын шайлоо боюнча эсебинде 11 миллион 375 миң 392 сом болсо, чыгымы 10 миллион 785 миң 669 сом ; "Ата Мекен" партиясынын шайлоо фондунда 41 миллион 400 миң 620 сом . Ал эми партия короткон сумма 36 миллион 950 миң 610 сом ; "Реформа" партиясынын шайлоо эсебине келип түшкөн каражат 7 миллион 72 миң 542 сом , чыгымы - 6 миллион 508 миң 830 сом; "Кыргызстан" партиясынын шайлоо эсебиндеги каражат - 71 миллион 579 миң 622 сом, коротулганы - 71 миллион 461 миң 368 сом ; "Ордо" партиясынын атайын эсебине 6 миллион 243 миң сом которулган. Ал эми коротулган каражат - 6 миллион 121 миң 401 сом; "Мекен Ынтымагы" партиясынын шайлоо фондуна которулган акча - 6 миллион 676 миң 838 сом , чыгымы - 6 миллион 603 миң 620 сом; "Замандаш" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине 36 миллион 510 миң сом которулган. Партия короткон каражат 35 миллион 414 миң 723 сом ; "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын шайлоо фондуна которулган акча - 5 миллион 858 миң 400 сом , чыгымы - 5 миллион 745 миң 266 сом; "Ыйман Нуру" партиясынын шайлоо эсебине 6 миллион 500 миң 300 сом которулса, 6 миллион 395 миң 750 сому коротулган; “Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынын" шайлоо боюнча атайын эсебине 9 миллион 319 миң 500 сом которулса, анын ичинен 9 миллион 303 миң 665 сом чыгымдалган. 23:20 14-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:49

БШК: Чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн

Кыргызстандын жарандары үчүн,чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Биринчи жолу Россиянын Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында, ошондой эле Италия менен Францияда да ачылган. Бул тууралуу БШКнын маалыматтык кызматы билдирди. Биринчи мобилдүү топ 22-августтан 28-августка чейин Түркиянын Бурса, Измир, Бодрум, Анталья, Анкара жана Стамбул шаарларында мекендештер менен жолугушуп, биометрикалык каттоо жүргүзгөн. 4-7-сентябрда АКШнын Чикаго жана Сан-Франциско шаарларында, 5-10-сентябрда Италиянын Неаполь, Болонья жана Кальяри шаарларында биометрикалык каттоо жүргүзүлгөн. 12-сентябрдан тартып мобилдүү топтор Россияда иштей башташты. Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Челябинск шаарларында жолугушуулар болуп өттү. Кезектеги жолугушуулар 14 -сентябрда Курган, Хабаровск шаарларында, 14-же 15-сентябрда Москвада, 15-сентябрда Казань, Тюмень, Южно-Сахалинск шаарларында,16-сентябрда Сургут, Владивостокто, 17-сентябрда Якутскиде өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой эле чет өлкөдөгү кыргызстанлыктар консулдук каттоого кантип алынары жана шайлоого кантип катыша алары тууралуу маалыматты кабарлады. Кыргыз Республикасынын жараны биометрикалык каттоодон өтүп жана жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук каттоого турган адам автоматтык түрдө https://shailoo.gov.kg/ru/konstitucionnye-zakony-kr/konstitucionnye-zakony-kr/O_vyborah_Pr-1913/ шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Консулдук каттоого туруу үчүн документтердин топтомун жыйнап алып чет өлкөдөгү мекемеге ар ким жеке өзү келиш керек же КРнын чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук сайтына сканерленген документтерди же КР ТИМ порталына - https://mfa.gov.kg “Консулдук каттоо” маалыматтык системасы менен жөнөтүү керек. Консулдук төлөмдөр консулдук каттоого тургандыгы үчүн алынбайт. Жарандардын шайлоочулардын тизмесине киргендиги тууралуу маалыматты «Тизме» http://www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу шайлоо учурунун убактысында КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин аймактарындагы шайлоо участокторунан билүүгө болот. Консулдук каттоо жана биометрикалык каттоодон өтүү процедуралары боюнча толук маалыматты https://shailoo.gov.kg/ru/golosovanie-za-rubezhom/materialy/ шилтемеси аркылуу кирип билсе болот.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

Шайлоо 2020. Форма №2 боюнча каттоо массалык суроо-талап бойдон калууда

Шайлоочулар форма №2 боюнча шайлоо участкаларынан каттала албай жатышат, БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул тууралуу жыйында билдирди. Ал күн тартибине шайлоочулардын бир участоктон экинчи участокко көчүүсү жөнүндө маселени күн тартибине киргизүүнү сунуш кылды. «Шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоого жана сайтты өзгөртүүгө беш гана күн калды. Шайлоочуларга бул маселеде баш тартып жатышат. №2 формадагы арыздарды кабыл албоо боюнча буйрукту ким бергенин түшүнө албайм », — деди ал. Атыр Абдрахматова ошол эле учурда буга чейин форма №2 боюнча массалык каттоо өтүп келгенин, ал эми азыр адамдар катталган жерин өзгөртө албай жаткандыгын кошумчалады. БШКнын төрагасы Нуржан Шилдабекова №2 формадагы текшерүү баракчасы даярдалып жаткандыгын жана ал веб-сайтта жайгаштырыла тургандыгын белгиледи. Жыйынтыгында БШК мүчөлөрү маселени кийинки отурумда талкуулоону чечишти. Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

Шайлоо 2020. Беш жылдын ичинде шайлоочулардын саны 704 миң 118ге көбөйдү

БШК шайлоочулардын тизмесин тактоону улантууда. Сиз өзүңүздү тизмеден тактап, 19-сентябрды кошо алганда түзөтүүлөрдү киргизе аласыз. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун контролдук тизмесиндеги шайлоочулардын саны 3 465 000 адамды түзөт.БШК алдын ала тизмеге салыштырмалуу шайлоочулардын саны 36 миң 372 (1,1 пайызга) көбөйгөнүн тактады. 2015-жылдагы шайлоодо жалпы шайлоочулардын саны 2 миллион 761 адамды түздү. Азыр 704 миң 118 адам көп. «Шайлоочулардын кабинети» кызматы аркылуу шайлоочулардан №2 форма боюнча электрондук форматта 11 264 арыз келип түшкөн. Участкалык шайлоо комиссияларына №2 формага ылайык кагаз түрүндө 253 миң 6 арыз келип түшкөн. Анын 192 миң 519у иштетилип, 60 миң 487си каралууда. 3 миң 847 шайлоочу өз маалыматтарын тактоону чечишти. Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

Шайлоо 2020. «Кыргызстан» партиясынын баннеринде дагы бир ката табылды

Кыргызстан партиясы үгүт материалдарында күбөлөрдүн байкаган каталары боюнча өз рекорддорун жаңыртууну чечти. Бул жолу «F» тамгасы саясий уюмдун баннеринде пайда болгондугун окурмандар билдирди.Маалыматка таянсак, аталыштагы плакаттардын биринде «Г» тамгасынын ордуна латынча «F» жазуусу бар. Ушул эле баннерде депутаттыкка кандидаттардын суроттору илинген. Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айтмамат Назаров сүрөттөлгөн жерде, айтмакчы, Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон эмес, анда Шаршенбек Абдыкеримов деген жазуу бар. Бир күндөн кийин туура эмес кол тамга алынып салынды. Ал эми « F» тамгасы «Г» болуп өзгөрүлдү. Буга чейин «Кыргызстан» партиясы 31-декабрсыз календарь чыгарган. Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Алар 4-октябрда болот. Шайлоого 16 саясий уюм катышат.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

Адилет Канымбеков, "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: "Биз, жаштар куру кыялдардан арылып, алдыга карай өнүгүүнү үйрөнүшүбүз керек"

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган Адилет Канымбеков бүгүн, 14-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын жаштары менен жолугушту. Жолугушууга катышкан айылдын жаштары Адилет Канымбековду саясий жарышта колдой тургандыгын айтып, жаш талапкерге ак жол каалашты. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү-жаратман жана бир пикирдеги санаалаштарбыз. Биз жаштыгыбызга карабай – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ойдобуз. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында мамлекетте кандай гана абал болбосун, кыйынчылыктан чыгуунун ар тараптуу жолдору каралган. Биздин партия конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом менен жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз. Себеби “Мекеним Кыргызстан” партиясы – бул жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты! Келечекте биз, жаштар куру кыялдардан арылып, алдыга карай өнүгүүгө үйрөнүшүбүз керек! Адилеттүү коом болсо, туруктуу экономика болот. Өлкө акыркы 30 жылдагы басып өткөн жолдорун кайталай бербей, Кыргызстанды өнүктүрүүдө чечкиндүү кадам таштоо зарыл. Күчтүү коом – күчтүү эл! Биздин “Мекеним Кыргызстан” партиясы азыр аймактарга бизнести тартуу, жер-жерлерде өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүүгө дем берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек деп эсептейбиз", - деди депутаттыкка жаш талапкер Адилет Канымбеков жаштар менен жолугушууда. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 09:08 14-09-2020 Автор: Кызжибек Раимова

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:23

Талас - ✓ Ысык-Көл - ✓ Чүй - ✓

Талас - ✓ Ысык-Көл - ✓ Чүй - ✓ ⠀ Бүгүн 14-сентябрь күнү “Ата-Мекен” үгүт кербени Ош областына келип түштү. Оштун эли менен жолугушуп, суроолоруна жооп берип, “Жаңы Дем” программасы менен тааныштырган соң, Жалал-Абад, Баткен дубандарына сапар улайт. Үгүт старт алгандан берки 10 күн ичинде 20дан ашык айыл-шаарларды кыдырдык. Кайда барбасын “Ата Мекенди” колдогон эл шаңдуу кол чабуулар менен, жылуу маанайдат тосуп алышууда. ⠀ Элибиздин колдоосу бизге дем күч берип, шайлоо өнөктүгүндөгү жеңишке ансайын жакындатууда. Бирок, негизги максат – жаңыланган команда менен программаны элибизге тааныштыруу. Ар бир шайлоочу добуш берип жаткан талапкерди жүзүнөн таанып, парламентке алып бара жаткан идеаларын билүүсү чоң мааниге ээ. Бүгүн баарыңыздарды С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында күтөбүз. ⠀ * ⠀ Талас - ✓ Иссык-Куль - ✓ Чуй - ✓ ⠀ Сегодня утром прибыли в Ош, чтобы провести встречи с жителями Ошской, Баткенской и Джалал Абадской областей. За последние 10 дней со дня старта агитации мы посетили более 20 сел и городов и можем уверенно сказать, что "Ата Мекен" поддерживают в каждом районе. ⠀ Это придает силы и надежду на победу в предвыборной гонке, но самое важное - это презентация команды и программы. Нам важно, чтобы каждый избиратель знал в лицо, за кого он голосует, с какими идеями кандидаты идут в парламент. А сейчас ждем всех у драматического театра им. С.Ибраимова в г. Ош!

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:35

"Бир Бол" саясий партиясы "Жаңы форматтагы лидерлер" аттуу форумун өткөрүп, элге партиянын программасын тааныштырды

"Бир Бол" саясий партиясы "Жаңы форматтагы лидерлер" аттуу форумун өткөрүп, элге партиянын программасын тааныштырды. Программада жакынкы беш жылдыктагы иштердин артыкчылыктуу багыттары камтылган. Алар: Экономикалык өнүгүү, эффективдүү мамлекеттик башкаруу, сапаттуу билим берүү жана маданиятты жогорулатуу, сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттык сактоо кызматы, ошондой эле экологиялык коопсуздук жана жашыл экономика багыттары.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:40

4-номердеги "Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Мирлан Назарбековдун Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Үч-Булак айылынын тургундары менен жолугушуусу. 4-номердеги "Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы. *** Встреча кандидата от партии «Мекеним Кыргызстан» Мирлана Назарбекова с жителями село Уч-Булак в Кара-Бууринском районе Таласской области. "Мекеним Кыргызстан" №4 - партия каждого кыргызстанца!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники