О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
13 сентября 2020 г. 18:29

Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу кыргызстандыктар! Үгүт учурунда партиялар укмуш убадаларды берип, эл көзүнө жардам колун сунушуп, добуш алууга аракет кылышат. Бирок бир айга чамалуу убакыт алдыдагы 5 жылдык тагдырыбызды аныктай албайт. Ар бир партиянын программасын окуп чыгыңыз, талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана алардын иш тажыйырбасын тактап алыңыз. Дүйнө жүзүндө олуттуу, глобалдуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошондуктан парламентке да кошуна, тууган-тааныш дебей, өзгөрүүдөн коркпогон, эффективдүү чечүү жолдорун сунуштай алган жана жоопкерчилик алган адамдарды тандайлы. Добушуңузду сатпаңыз! Партиялар менен жолугушууларда тартынбай бардык суроолоруңузду берип, сунуш-пикирлериңизди ачык айткыла. 2020-жылдын 4-октябрында татыктуу партияга добуш берели! Биздин номер - #6! Туура тандоо жасагыла! *** Уважаемые кыргызстанцы, В период выборов партии обещают много, говорят много и делают много. Но важно помнить, что месяц агитации не должны определить то, что будет происходить в стране следующие 5 лет. Изучайте программы партий, деятельность каждого кандидата, какую пользу он/она принес/ла и каким образом представлял интересы народа на государственной службе. Сегодня — время глобальных перемен, когда в парламент должны пройти не люди по старой памяти или потому что он хороший друг или сосед, а те, кто не боится ответственности, те кто знает, как живет народ и те, кто знает, как найти современные и эффективные решения. Мы призываем вас не продавать свой голос, изучать программы, призывы, задавать на встречах вопросы и требовать ответов и обязательно прийти 4 октября 2020 года в свой избирательный участок и отдать голос достойной партии. Мы, партия «Ата Мекен» будем сделать все, чтобы быть и оказаться в числе достойных партий. Наш номер в избирательном бюллетене — №6. Сделайте правильный выбор!

Подробнее
13 сентября 2020 г. 18:40

Искендер Матраимов и Алишер Козуев

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкерлер Искендер Матраимов, Алишер Козуев жана Гүлай Машрапова ош облусунун Кара-Суу районунда шайлоочулар менен жолугушту. Жолугушууга 1000ге жакын тургун келди. *** Кандидаты в депутаты от партии «Мекеним Кыргызстан» Искендер Матраимов и Алишер Козуев и Гулай Машрапова встретились с избирателями в Кара-Суйском районе Ошской области. Выслушать политиков собралось около тысячи человек.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 18:41

"Мекеним Кыргызстан" - ар бир кыргызстандыктын партиясы

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Ильяз Эркеев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү. "Мекеним Кыргызстан" - ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Кандидаты в депутаты от партии «Мекеним Кыргызстан» Ильяз Еркеев провел встечу с избирателями в городе Кара-Куль, Джалал-Абадская область. Партия "Мекеним Кыргызстан" - партия каждого кыргызстанца!

Подробнее
13 сентября 2020 г. 18:45

14 сентября в 20:00 на телеканале КТРК

14-сентябрь күнү саат 20:00до КТРКда шайлоого аттанган партиялардын жаштар канаттарынын ортосунда дебат болот. Реформа партиясынын атынан Эркин Нурбаев күрөшөт. ⠀ Эфирди көрүп, Эркин мырзаны колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз! ⠀ Эркин мырзанын саясатта перспективдүү реформатор экенине ынанасыздар деп толугу менен ишенебиз. Чыныгы патриот балаңарды коштоп коюңуздар ⠀ ============= ⠀ 14 сентября в 20:00 на телеканале КТРК пройдут молодежные дебаты, где от нашей партии выступит Эркин Нурбаев ⠀ Поставьте напоминание и обязательно посмотрите эфир, поддержите Эркина! Вы сможете убедиться, что он не просто творческий человек, но и перспективный политик, настоящий патриот 🇰🇬 ⠀

Подробнее
13 сентября 2020 г. 18:49

Социал-демократтар партиясы бийликтен люстрация маселесин талап кылат!

Социал-демократтар партиясы бийликтен люстрация маселесин талап кылат! Социал-демократтар партиясы бийликтин бутактарында - Жогорку Кеңеште, Өкмөттө мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей турган чыныгы профессионалдар менен таза адамдардын дайындалышына болгон күч аракетин жумшайт! Ири стратегиялык долбоорлорду кайрадан жандандыруу аракетин жасайт! Андай мыкты долбоорлор бизде бар. Алсак, Атамбаевдин учурунда башталган темир жол аркылуу дүйнөгө чыгуу, Түндүк-Түштүк трассасын, Ыссык-Көлдөгү шакекче жолду бүтүрүү. Жалпы Эл үчүн пайдалуу болгон «Таза Коом» долбоорун жандандырып аны аягына чыгаруу үчүн мыкты, таза, жаш адистерди тартуу бул биздин платформа. Чыныгы сот реформасын ишке ашыруу, келечекке ишенимдүү кадам таштаган ачык-айкын коомду түзүү негизги үмүт-максаттарыбыздын бири. Мындай ишеним биздин жүрөгүбүздө мындан 3 жыл мурун Алмазбек Шаршенович бийликти тынч жол менен өткөрүп бергенде эле пайда болгон. Тилекке каршы биздин ошол асыл тилектерибизди карасанатайлык жол менен азыркылар уурдап алышты! Социал-демократтардын максаты жана моралдык милдети - ошол уурдалган ишеним менен үмүттөрдү кайра Элге кайтарып берүү!!! Бириксек колдон келет! Урматтуу элим! «Социал-демократтар» партиясына добуш бериниздер! Социал-демократ Кадырбек Атамбаевдин коомчулукка кайрылуусунан. КТРК. 7.09.2020.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 21:49

№6, "Ата Мекен"!

"Ата Мекендин" жаңыланган курамы Чүй облусунун бардык райондорунун борборлорунда, шаарларында болушту, учучрда өлкөнүн жети дубанын айөанып чыгуу үчүн жөнөп кетишкен. Кант, Токмок, Нооруз айылы, Сын- Таш айылы, Ленин аймагы- жылуу тосуп алганыңыздар үчүн жана жолугушканыбыз үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. "Ата Мекен" партиясы кайсыл жерге барбасын кучак жайып тосуп алган элибизге таазим. Андан ары биздин үгүт кербен Кыргызстандын түштүгүнө жол тартты. Шайлоочуларды "Жаңы Дем" программасы жана Кыргызстандын парламентаризм тарыхында из калтырууну көздөгөн жаңыланган курам менен тааныштырууну улантабыз!!! №6, "Ата Мекен"! *** Обновленный состав "Ата Мекен" посетил все районные центры и города Чуйской области и продолжает встречи в других областях и районах. Кант, Токмок, с. Нооруз, c. Сын - Таш, Ленинский район — мы благодарим вас за теплый прием и встречи. Очень радует, что "Ата Мекен" знают везде и всюду. Далее наш караван отправился на юг Кыргызстана, где мы посетим каждый округ и ознакомим избирателей с программой "Жаңы Дем" и обновленным составом, которая намерена оставить свой след в истории парламентаризма Кыргызстана! №6, "Ата Мекен"!

Подробнее
13 сентября 2020 г. 18:44

УКМК бугун

УКМК бүгүн улуттук коопсуздукту камсыздай турган эмес, саясий оппоненттерди куугунтуктай турган куралга айланды. Өз милдеттеринин чегинен чыгып, УКМК бүгүн ишкерлерди опузалоо, башкача ой жүгүрткөндөрдү куугунтуктоо, жарандардын укуктарын жана эркиндигин тебелөө менен алектенүүдө. #РЕФОРМА: • УКМКны жоебуз жана аны жалгыз сырткы жана контр чалгындоо функциясы бар мамлекеттик коопсуздук органына айлантабыз. • Атайын кызматтын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн атайын парламенттик комитет түзүп, жылдык жыйынтыктарын алып турабыз • Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчыларын дайындоо тартибинен Президенттин ролунан бийик болгон дайындоону алып салуу ============== ГКНБ сегодня - это орган, который стал инструментом преследования политических оппонентов, а не органом, призванным обеспечивать национальную безопасность. Выходя далеко за рамки своих функций, ГКНБ сегодня занимается вымогательством у предпринимателей, преследованием инакомыслящих, попирает права и свободы граждан. #РЕФОРМА: • Ликвидируем ГКНБ и преобразуем его в орган государственной безопасности (спецслужба) с единственной функцией внешней и контр разведки • Создадим специальный парламентский комитет для осуществления контроля за деятельностью спецслужб, с ежегодным отчетом результатам их деятельности • Исключить из порядка назначения руководителей органов государственной безопасности доминирующую роль Президента

Подробнее
13 сентября 2020 г. 20:12

Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, туубузду көтөргөн ЧЕМПИОНДОР "МЕКЕНЧИЛ" ПАРТИЯСЫН КОЛДОШОТ!

Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, туубузду көтөргөн ЧЕМПИОНДОР "МЕКЕНЧИЛ" ПАРТИЯСЫН КОЛДОШОТ! Барпы айылында жайгашкан "Тай-Мурас" спорт комплексинде машыккан спортсмендерибиз "МЕКЕНЧИЛ" партиясын колдоп, айыл аралап, кросско чыгышты! #МЕКЕНЧИЛБОЛ№2 добуш бер! "Мекенчил" партиясынын ЧҮЙ облусу боюнча суроолоруңуздар болсо, төмөндөгү номерлер аркылуу байланышсаңыздар болот Чуйская обл. Кумаров Болоткан 0708 075 425 Г. Токмок Бейшкналиев Абдыкадыр 0700 713 571 Букуев Медет Омошевич 0559 000 884 Имарат Сакматова 0554 78 74 97 Жайылский рн. Бакеев Аскарбек 0705 181 221 Уметалиев Мирбек 0556 070 070 Койчукеев Нурлан 0559 680 888 Панфиловский рн. Бакеев Аскарбек Жаныбек байке 0708 393 860 Сокулукский рн. Кумаров Болоткан 0708 075 425 Баяманов Эркинбек 0550 516 516 Мамытов Бауржан 0554 241 444 Чуйский рн. Исабеков Батырбек 0500 680 618 Московский рн. Кумаров Болоткан Соодалиев Ашым 0555 410 470 Айдар 0700 080 877 Ысык Атинский рн. Тайфуров Расим 0705 758 078 Галя 0700 702 884 Кеминский рн. Бейшеналиев Абдыкадыр Аламудунский рн. Мамытов Бауржан 0554 241 444

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:20

Боршайком: Партияларга концерт жана спорттук мелдеш өткөрүүгө тыюу салынган

Шайлоого катышып жаткан партияларга концерт жана спорттук мелдеш өткөрүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет. Мекемеден 24 . kg агенттигине билдиргендей партиялардын бири шайлоочулар менен жолугушууда концерт өткөрүшкөн. Бул боюнча видео БШКга келип түштү. Азыр видео текшерилүүдө. Маалымат такталса партияга эскертүү берилет. Белгилей кетсек, ырчы Кайрат Примбердиев андан кийин Мирбек Атабеков эч кайсы партияны колдоп ырдабастыгын жарыялашты. Бирок, үгүт иштеринде концерт коюуга ага чейин эле Шайлоо кодексинде тыюу салынган. Шайлоо эрежелерин бузууга 30дай арыз келип түштү. Үгүт иштери 2-октябрда аяктап, шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:20

Адилет Канымбеков — «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанган Адилет Канымбеков бүгүн, 14-сентябрда Чүй облусу Сокулук районуна караштуу Кызыл Туу айылынын жаштары менен жолугушту. Жолугушууга катышкан айылдын жаштары Адилет Канымбековду саясый жарышта колдой тургандыгын айтып, жаш талапкерге ак жол каалашты. — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү-жаратман жана бир пикирдеги санаалаштарбыз. Биз жаштыгыбызга карабай — Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ойдобуз. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында мамлекетте кандай гана абал болбосун, кыйынчылыктан чыгуунун ар тараптуу жолдору каралган. Биздин партия конструктивдүү саясый күчтөр, жарандык коом менен жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» партиясы — бул жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты! Келечектеги биз жаштар, куру кыялдардан арылып, алдыга карай өнүгүүгө үйрөнүшүбүз керек! Адилеттүү коом болсо, туруктуу экономика болот. Өлкө акыркы 30 жылдагы басып өткөн жолдорун кайталай бербей, Кыргызстанды өнүктүрүүдө чечкиндүү кадам таштоо зарыл. Күчтүү коом — күчтүү эл! Биздин «Мекеним Кыргызстан» партиясы азыр аймактарга бизнести тартуу, жер-жерлерде өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүүгө дем берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек деп эсептейбиз, — деди депутаттыкка жаш талапкер Адилет Канымбеков жаштар менен жолугушууда. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:27

БШК: парламенттик шайлоодо майыптардын укуктары эске алынат

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоо майыптардын укугун эске алуу менен уюштурулуп жатканын билдирди. 12-сентябрда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында ушул маселе талкууланып, бир катар эрежелер айтылды: Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 72 583 майып бар. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия катышууда. (SE)

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:27

«Бирдиктүү Орусиянын» «талашсыз» жеңиши

11-13-сентябрда Орусиянын аймактарында жергиликтүү бийликти шайлоодо «Бирдиктүү Орусия» партиясы татыктуу жеңишке жеткени жарыяланды. Июлдагы конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө добуш берүү үч күнгө созулуп, Борбордук шайлоо комиссиясы алдын-ала добуш берүү ыкмасын «ийгиликтүү тажрыйба» катары баалады. Орусиялыктар 18 аймакта губернаторлорду, 11 аймак менен 22 административдик борбордо жергиликтүү парламент мүчөлөрүн, андан тышкары бир мандаттуу төрт аймакта Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлашты. Шайлоодо аймак башчылары менен губернаторлук кызматта убактылуу отурган «Бирдиктүү Орусиянын» өкүлдөрү баары бирдей кызмат орундарын сактап калганы жарыяланды. 11 аймактагы жергиликтүү мыйзам чыгаруу жыйындарында да адаттагыдай «Бирдиктүү Орусиянын», андан кийин КПРФ менен ЛДПРдин өкүлдөрү келишти. Бийликтеги партия үч гана аймакта – Томскиде, Новосибирскиде жана Тамбовдо мыйзам чыгаруучу жыйындарында көпчүлүк орундарга ээ боло албай калды. Мурунку өкмөт башчы Дмитрий Медведев «Бирдиктүү Орусия» партиясынын мындай жеңишин «татыктуу көрсөткүч» катары баалады: «Менин көз карашымда, бул бийликтеги партия өзүнүн кадыр-баркын сактаганынын далили. Эми партия элдин мүдөөсүн так аткарышы керек. Бул биздин миссия». Ал арада Украинанын Тышкы иштер министрлиги аннексияланган Крымдын аймагында шайлоо өткөрүлүп, Севастополдо губернаторлукка «Бирдиктүү Орусиядан» Михаил Развожаев шайланганы боюнча нааразылык билдирди. Ал эми шайлоо жараянына көз салып келген «Добуш» көз каранды эмес тобу добуш берүү көптөгөн мыйзам бузуу менен өткөнүн билдирүүдө. Анын маалыматы боюнча шайлоо комиссиялары байкоочулардан арыздарды кабыл алуудан баш тартып, шайлоочулардын тизмеси, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча актылар менен тааныштырбай койгон. Мындан тышкары добуштарды бурмалоо, топтоп урнага салуу аракеттери катталган. Жалпысынан мыйзам бузуу боюнча 1,6 миңдей арыз түшкөн. «Голос» кыймылынын жетекчилеринин бири Станислав Андрейчук буларды айтты: «Мыйзам ачык эле бузулуп жатты. Шайлоо тилкелеринде агрессия күч алып, байкоочуларга кол көтөрүлгөн учурлар болду. БШК «билгениңерди кылгыла» дегендей». Анын айтымында, июлда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү өлкөдөгү шайлоо системасын солгундаткан. Мисалы, «Петербург байкоочулар» «Телеграм» каналынын маалыматы боюнча шаардагы №967 добушкананын шайлоо комиссиясынын жетекчиси добуштарды урнага топтоп ыргытып жаткан учурларды айтып чыккан шайлоо комиссиясынын өкүлүн «колун сындырып коёрун» айтып коркуткан. Башка аймактарда да оппозиция талапкерлерине же өз алдынча байкоочуларга кол салуу болгон. Мындан тышкары коронавирус илдетин жугузуп алуу коркунучуна шылтап, добуштарды автобустун ичинен, көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан топтогон учурлар катталган. Борбордук шайлоо комиссиясы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген алдын-ала добуш берүү ыкмасын «ийгиликтүү тажрыйба» катары баалап, мекеменин төрайымы Элла Памфилова мыйзам бузуу тууралуу арыздардын көбү тастылбаганын белгиледи. Оппозиция өкүлдөрү азыркы кезде Берлинде ооруканада жаткан Алексей Навальныйдын штаб башчылары - Томскиде Ксения Фадеева менен Андрей Фатеев, Новосибирскиде Сергей Бойко шаардык жыйындарга көпчүлүк добушка ээ болуп, депутаттыкка тандалышын «бийликке чакырык» катары баалап жатышат. 44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, эстен танып жыгылып, кийин Берлинге ооруканага жеткирилген. Расмий Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын маалымдаган. Навальный шайлоо алдында Томскиде жергиликтүү бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» өкүлдөрүнүн байлыгы, өкмөткө таандык мекемелердеги коррупциялык чийимдер тууралуу иликтөө тартып жүргөн. Бул тасманы бир жума мурда Навальный эсине келе электе тарапташтары коомчулукка жарыялашкан. Соңку шайлоодо 37 депутаттык орундун 32сине ээ болгон бийликтеги партия өкүлдөрү бул ирет көпчүлүк орундарга ээ боло албай калышты. Орусиядагы жергиликтүү шайлоого көз салыш үчүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү чакырылган эмес.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:27

Путин Лукашенкого 1,5 миллиард доллар насыя тууралуу убада берди

Бүгүн, 14-сентябрда Сочиде Орусиянын жана Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко жолукту. Анда Путин Минскиге «ушундай кыйчалыш абалда» 1,5 миллиард доллар насыя бөлүүгө убада берди. «Биз Беларусту жакын өнөктөш катары карайбыз. Сиз биздин позициябызды билесиз: биз беларустар сырттан көрсөтмөсү жана басым-кысымы жок, тынч жагдайда, диалог аркылуу бул жагдайды өздөрү жөнгө салышына тилектешпиз», - деди Путин. Лукашенко өз кезегинде Путинге ыраазчылык билдирди. «Сиз өтө адамгерчиликтүү мамиле кылдыңыз. Ошондуктан мен жеке өзүңүзгө, бизге, шайлоодон кийинки жагдайда колдоо көрсөткөн орусиялыктардын баарына ыраазычылык билдирем. Мен эмне болгонун төкпөй-чачпай айтып берем. Анын баары албетте, жалпыга маалымдоо каражаттары жазганчалык эмес», - деди Лукашенко. Лукашенко Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕЭАБ) жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйынында өз өлкөсүндөгү соңку кырдаал тууралуу билдирүү кылууга убада берди. Беларуста жаңы шайлоо өткөрүлүп, азыркы президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган калайман каршылык акциялары бир айдан ашык убактан бери токтой элек. Күч органдары тынч жыйынга чыккандарга ашкере күч колдонуп, зордук-зомбулукка барганы сынга кабылган.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:27

Лукашенко менен Путиндин жолугушуусун утурлай Минскиде нааразылык акциялары уланды

13-сентябрда Минскинин көчөлөрүн түмөндөгөн демонстранттар ээлеп, президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Беларустун Ички иштер министрлиги жекшембиде 400дөн ашуун адам кармалганын маалымдады. Алардын арасында «Азаттыктын» беларус кызматынын сүрөтчүсү Владимир Гридзин да бар. Аны полиция бардан кармап кетип, фотоаппаратын алып койгон. Беларусту 26 жыл башкарган президент Александр Лукашенко 14-сентябрда Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугушат. Бул Лукашенконун Москвадан өз өлкөсүндөгү демонстрацияларды басууга көмөктөшүүсүн өтүнгөндөн берки алгачкы жолугушуусу. Беларустагы акциялар 9-августтагы президенттик шайлоону мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени жарыялангандан кийин башталган. Шайлоо бурмаланганын билдирген оппозиция жана демонстранттар президенттин кызматтан кетишин талап кылышууда. Акциялар тартип коргоо, коопсуздук органдарынын зомбулугу менен коштолуп, бери дегенде төрт киши каза болду, алтоонун дайыны чыкпай жатат, 100дөн ашуун киши жабыркады. Канчасы кармалганы белгисиз. Батыш тынч демонстранттарды сабоону, куугунтуктоону айыптап, айрым мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышты.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:31

БШК: шайлоо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун эске алуу менен уюштурулууда

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун эске алуу менен уюштурулуп жатканын билдирди. 12-сентябрда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында ушул маселе талкууланып, бир катар эрежелер айтылды. Ага ылайык, саясий жарышка аттанган партиялар үгүт кагаздарындагы жазууларды көзүнүн көрүүсү начар кишилер үчүн тамгыларын чоңураак жазып жана брайль арибинде жазышы керек. Шайлоо тилкелеринде пандус, лупа болууга тийиш. Добуш берүүчү кабинанын бийиктиги 75 кем эмес, бюллетень толтуруучу столдун туурасы 40, узатасы 30 сантиметр болот. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 72 583 майып бар. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия катышууда.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники