О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
12 сентября 2020 г. 20:02

Екатерина Филаретова:

Екатерина Филаретова: “Жаңы муунга күчтүү медицина жана күчтүү билим берүү системасы керек” “Пандемия биздин мамлекетке абдан терс таасирин тийгизди. Эң эле көйгөйлүү маселе медицина жана билим берүү тармагы болду. Биздин медицинанын алсыздыгынан канчалаган жарандардын көзү өтүп кетти. Канчалаган окуучуларыбыз мектепке барбай, сабактары үзгүлтүккө учурады. Ошондуктан биздин жаңы муунга күчтүү медицина жана күчтүү билим берүү системасы керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Екатерина Филаретова Жети-Өгүз районунун эли менен болгон жолугушууда билдирди. “Туризмди өнүктүрүшүбүз керек. Пандемиянын кесепетинен быйыл Кыргызстанга келген туристтердин саны абдан азайды. Канча деген пансионаттар, эс алуучу жайлар бош калды”, - деди талапкер.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:08

Жодар Сайдилканов: “Билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын 50 пайызы менчик болсо, ошондо сапаттуулук орнойт”

Жодар Сайдилканов: “Билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын 50 пайызы менчик болсо, ошондо сапаттуулук орнойт” “Бир өлкөдө 3 гана стратегиялык объект: чек ара, жарандык паспорт жана жарандар, ошондой эле мамлекеттин 3 негизги маселеси: коопсуздук, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагы болушу керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Жодар Сайдилканов “Жаңы форматтагы лидерлер” форуму учурунда билдирди. Айтымында, калгандары стратегиялык мааниге ээ эмес. “Билим берүү жана саламаттык сактоо тармагы мүмкүн болушунча менчик болсо болот. Партиянын программасында айтылгандай, бул эки тармактын 50 пайызы менчик болсо, ошондо сапат келет. Бул себептен жеке менчик башкарууга, инвесторлорго берүү зарыл. Алар өз кезегинде жакшы шарттарды түзүп, мыкты башкарат”, -деди Ж. Сайдилканов. Талапкер мамлекеттин тышкы карызы тууралуу дагы кеп козгоду. “Бүгүнкү күндө мамлекеттин колунда 129 миллион чарчы метр мүлк бар экен, 300 доллардан эсептесеңиз, 25 миллиарддан ашык долларды түзөт. Биз 4 миллиард карызыбыз бар деп кайгырып отурабыз. Өкмөт 25 миллиард долларлык мүлктүн үстүндө отурат. Бул мүлктөрдү акчага айландырышыбыз керек. Колдонулбай турган сайын алар эскирип, коммуналдык төлөмдөрүнө деп салыктан түшкөн акчалар кетип жатат. Мындай көрүнүштү токтотуш керек”, - деди ал. Ж.Сайдилканов Түркияга билим алуу үчүн 14 жашында кетип, 30 жашында мекенине инвестор болуп кайтып келгенин кошумчалады.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:16

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде экинчи катарда турган Улан Садалиев башка партиядагы жаш, жаңы жүздөргө окшобойт.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде экинчи катарда турган Улан Садалиев башка партиядагы жаш, жаңы жүздөргө окшобойт. Куру сөздөрдү сүйлөө бул адам тууралуу эмес. Анткени ал укук коргоо органдарында иштеп жүрүп көптөгөн Ардак грамоталарга, алкыш баракчаларына жана ведомствонун сыйлыктарына татыган. Бул тармактан кеткенден кийин Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланып, андан кийин Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары болгон. Айыл өкмөтү болуп турганда айылдын бюджетинин кирешесин 3 эсеге жогорулата алган. Ошентсе да Улан Садалиев бул жараткан ийгиликтерин сөз кылып, жарыялай берүүнү жактыра бербейт. *** Улан Садалиев — номер два в партийном списке «Мекеним Кыргызстан», не похож на большинство молодых и новых кандидатов от других партий. Чувствуется, что просто поговорить — это не про него. Вероятно, сказалась служба в правоохранительных органах, где за все годы был награжден почетными грамотами и благодарностями, а также ведомственными наградами. Потом Садалиев ушел на гражданку, был избран главой Новопавловского айыл окмоту, далее стал первым заместителем акима Сокулукского района. На должности главы айыл окмоту сумел добиться профицита бюджета. Но хвастаться своими достижениями 40-летний кандидат в депутаты не любит.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:22

Жергиликтүү бюджетти эки эсеге көтөрүүнү "Алдыга жол" программасына киргиздик.

Жергиликтүү бюджетти эки эсеге көтөрүүнү "Алдыга жол" программасына киргиздик. Облустук деңгээлди жоюшубуз керек! Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүн, (Обладминистрация) облустук ички иштер башкармалыгы, облустук прокуратура жана башка бири-бирин кайталаган органдар жоюлушу керек! Мамлекетти эффекттивдүү башкарганда гана өнүгүү-өсүү пайда болот! Аз чиновник - Аз коррупция! Республика №14 ✅

Подробнее
12 сентября 2020 г. 10:07

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Момбеков Рыскелди

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Момбеков Рыскелди Чыныбековичти өз приницптерине бекем турган, парламенттин трибунасындан дайыма орчундуу маселелерди көтөргөн, курч депутат катары тааныйбыз. ⠀ Дипломатиялык жана юридикалык адистиктер боюнча жогорку билимдүү Рыскелди Чыныбековичтин “Ата Мекендин” катарына келип кошулуусу бизди абдан сүйүндүрөт. ⠀ КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясын жетектеп, Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинде жана Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча Комитетинде да иштеп келген. ⠀ Дипломатиядагы жана мамлекеттик органдардагы иш тажыйырбасы алдыдагы иштерибизде чоң жөлөк болот деп ишенебиз. ⠀ "Ата Мекен", №6! Добушуңду сатпа, Мекениңди сакта! ⠀

Подробнее
12 сентября 2020 г. 21:14

“Кыргызстан” партиясынын лидери жана талапкерлери шайлоочулар менен жолугушту

“Кыргызстан” партиясынын лидери жана талапкерлери шайлоочулар менен жолугушту Депутаттыкка талапкер “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев, Аргынбек Малабаев, Дамира Дөлөталиева Сокулук районунун Асыл Баш айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө айыл элинин негизги көйгөйлөрү жол, ичүүчү таза суу жана сугат суунун жетишсиздиги экенин айтышты. Өз кезегинде Канатбек Исаев партия шайлоого «Эл үчүн» деген программа менен баратканын, анда көптөгөн маселелерди чечүү жолдору камтылганын баса белгиледи. Ошондой эле Канатбек Исаев шайлоого аттанган партиянын башкы максаты – бул өлкө экономикасын өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу экенине токтолду. Айыл тургундары партиянын программасын жактырып, чын ниеттери менен колдой тургандыгын айтышып, талапкерлерге баталарын беришти.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 19:57

Чындык үчүн күрөшүп келген эрктүү айымдарыбыздын

Чындык үчүн күрөшүп келген эрктүү айымдарыбыздын бири, Ыйман Нуру партиясынын атынан депутаттыка талапкер - Сюита Эрмаматова. Сюита Эрмаматова 1977-жылы, Жалал-Абад шаарында туулган. ⠀ 🥇Мектепти бүтүргөндө акыйкатсыздыкка кабылып, алтын медаль алыш үчүн атайын Бишкекке билим берүү министрлигине барып экзамен берген. Бирок, анын жыйынтыгында кайра бут тосуу болгон. Чындыкка жакын, өжөрлүк мүнөзгө ээ болгонумдугунан, апелляция берип, алтын медалга жеткен. Кесиби боюнча юрист. ⠀ ⚖Иш тажрыйбасы: ⚖2018 - ЖЧК “Кыргыз каганат”, юрист ⚖2015- Кыргыз Республикасынын адвокатурасы, адвокат ⚖2009-2015- Октябрь райондук соту, сот ⚖2007-2009 - Москва райондук соту, сот ⚖2002-2007 - Акыйкатынын аппараты, акыйкатчынын кеңешчиси ⚖2001-2002 - КРнын Жогорку Кенеши, депутаттын жардамчысы ⚖2000-2001 - КРнын финансы министрлигинин алдындагы ЭӨМФнын Жалал-Абад областтык жергиликтүү башкаруу - юрист ⠀ ⚖Класстык чин: Мамлекеттик кызматтын 1 класстагы кеңешчиси

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:43

Минскидеги жүрүшкө 100 миңден ашык адам катышты

13-сентябрда Беларустун Минск шаарында "Баатырлардын жүрүшү" өтүүдө. Митингдер бир айдан бери уланып жатат. Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда. Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок. Беларустун Башкы прокуратурасы 20-августта Тихановская тарабынан Координациялык кеңештин түзүлүү фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органы муну “Мындай кеңеш мамлекеттик бийликти басып алууга жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүгө багытталган” деп жүйө келтирген. Беларустагы президенттик шайлоодогу Александр Лукашенконун башкы атаандашы болгон Светлана Тихановская 21-августта эртең менен видео кайрылуу таратып, өлкөдөгү жумушчуларды «иш таштоону улантууга жана жайылтууга» чакырды. Шайлоонун жыйынтыгына каршы көчөгө чыгып аткандарды кубаттаган иш таштоо өткөн аптада башталып, дүйшөмбүдөн тартып күчөгөн.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:34

Толугу менен "Бир Бол" YouTube каналында көрсөңүздөр болот.

Бир Бол" саясий партиясынын талапкери Мирбек Асангариев "Сыр Сандык" берүүсүндө. Толугу менен "Бир Бол" YouTube каналында көрсөңүздөр болот.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:43

Минск: Митингчилердин бир бөлүгү Лукашенконун резиденциясына бет алды

Минскиде 9-августтан бери өтүп жаткан нааразылык акциялары уланып, жекшемби күнү «Баатырлардын жүрүшүнө» 100-150 миңдей киши чогулганы кабарланууда. Ички иштер министрлиги түш ченде 250 киши кармалганын билдирди. Аларга тыюу салынган кызыл-ак желекти жана "акарат келтирген баннер" көтөрүп жүрүшкөн деген айып тагылууда. Күбөлөр милиция демонстранттарды курал, союлдар менен уруп, машинелерге күч менен салып жатышканын айтып беришти. "Интерфакс" агенттиги маалымдагандай, жүрүштүн катышуучулары бир нече колоннага бөлүнүп, алардын бири президент Александр Лукашенконун резиденциясы жайгашкан Дрозды айылына багыт алды. Башкалаанын борборуна бронетехника жана аскердик оор машинелер тартылганы, метронун сегиз станциясы жабык турганы, бир катар жерде мобилдик интернет өчүрүлгөнү маалымдалууда. Ички иштер министрлиги ишембиде аялдардын акциясына чыккандардын арасынан өлкө аймагы боюнча 114 киши кармалганын билдирди. Мекеменин маалымат бөлүмү митингге катышкан аялдарды "агрессивдүү" жүрүм-туруму үчүн сындады. Беларустагы акциялар 9-августтагы президенттик шайлоону мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени жарыялангандан кийин башталган. Шайлоо бурмаланган деген оппозиция жана демонстранттар президенттин отставкасын талап кылышууда. Акциялар тартип коргоо, коопсуздук органдарынын зомбулугу менен коштолуп, бери дегенде төрт киши каза тапты, алтоо дайынсыз болууда, жүздөн ашууну жабыркады. Канчасы кармалганы белгисиз. Батыш тынч демонстранттарды уруп-сабоону, куугунтуктоону айыптап, айрым мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышты.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:46

Эмилбек Жусупов: “Жаштарды жумуш менен камсыз кылып, аларды мекенге кайтарабыз”

«Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын эң жаш талапкери Эмилбек Жусупов Ош шаарынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Ал Ош шаарынын «Кулатов» аймактык башкармалыгынын тургундары менен баарлашып, партиянын программасы менен тааныштырды. Тактап айтканда, Эмилбек Жусупов тышкы миграция көйгөйүнө токтолду. “Мен өзүм төрт жылдан бери өлкөдөн тышкары иштеп, миграция көйгөйлөрүн жакшы билем ” дейт Жусупов. Анын айтымында, миграциянын негизги көйгөйүн жумушчу орундарды түзүү менен чечсе болот. Андан кийин гана жаштарыбыз мекенине кайтып келе алышат. Ички миграция көйгөйү жумушсуздуктан дагы курчуп жатат. Жусуповдун айтымында, кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу өтө маанилүү. Бул биринчи кезекте жумуш орундары менен камсыз кылат. Жаш экенине карабай калктын калың катмарындагы көйгөйлөрдү билген Эмилбек Жусупов бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Жогорку Кеңешке аттанганын билдирди. Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Кулатов районунун тургундары талапкерге жеңишке жетүүнү каалашты. «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын эң жаш талапкери Эмилбек Жусуповдун Ош шаарынын тургундары менен жолугушуулары уланууда. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 13-сентябрь 2020-жыл.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:46

“Мекенчил” Жайыл районунда. К. Ташиев: “Мугалимдерди жана медкызматкерлерди мамлекет 6 пайыздык ипотекалык батир менен камсыз кылышы керек”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Жайыл районуна барды. Мугалимдерге жана медицина кызматкерлерин мамлекет үй менен камсыз кылууга тийиш. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Жайыл районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Эл агартуунун жана медицина жаатынын кызматкерлерин мамлекет үй менен камсыз кылышы керек. Азыр атайын бул багытта программа иштеп жатат, мамлекетик ипотекалык компания деп аталат. Бирок ал ипотеканы 10-12 пайыздан берет жана андан үй алуу үчүн жарандарга тааныш-билиш таап, жетекчилик аркылуу чыгып, айтор көп убаракерчиликке барууга туура келет. Бул болбойт. Тескерисинче, мамлекет издеп жүрүп, таап: “Сен медицина кызматкери экенсиң, үйүң жок экен. Мына бул батирди ал дагы, 20 жылда төлөп бүткөр”, - деп 6 пайыз менен бериши керек. Анан ал кызматкер ай сайын айлыгынан 100 сомбу, 200 сомбу төлөй берет. Мына ушуну камсыз кылыш керек”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:46

“Мекенчил" Кара-Балтада. К. Ташиев: “Добуш саткандар - бир гана өзүңөрдүн эмес, алты миллион элдин келечегин сатып жатам деп билгиле”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Балта шаарына барды. “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Балта шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда жарандарды добуш сатпоого, элдин, мамлекеттин тагдырына күйгөн партияларга добуш берүүгө чакырды. "Мына азыр сиздерге акчалуулар да, акчасыздар да, бийликке жамынгандар да келип добуш сурап жатышат. Добушту кор тутпастан, “жети өлчөп, бир кесип” пайдаланышыңыздар керек. Мен Кыргызстанды түрө кыдырып келатам, ар бир аймакка барам, ар бир аймактын жашоочуларына партиянын программасын айтып берем. Мурдагы бийликтердин тушунда бизге тоскоолдук көп болчу. Оппозициячыл талапкерлердин эл менен жолугушуусуна кыйынчылык жаратышчу. Азыр андай жок. Бирок биз мурдагыдан да күчтүү тоскоолдукка туш келдик – ал добуш алууну соодалашууга айлантуу. Добуш сатуу жана сатып алуу эпкини элди аралап кетти. Бул өтө коркунучтуу. Мурда бийликтин кысымы менен күрөшсөк, азыр байлар менен күрөшүп калдык. Силерге акча сунуштап жаткан байлар өз маңдай тери менен байыган эмес, мамлекетти тоногон, эл байлыгын уурдаган коррупционерлер. Балдарыңардын, мамлекеттин келечегин акчага алмашпагыла. Добуш сатсаңар өзүңөрдүн гана эмес, Кыргызстандын алты миллион калкынын келечегин саттым деп билгиле. Депутаттардын шайлоо мыйзам чегинде силерге жүктөлгөн. Эми аны мыйзам чегинде адал жол менен аткарасыңарбы, же добуш сатып арамдыкка барасыңарбы – силердин чечимиңер. “Мекенчил” партиясы добуш сатып албайт. Бир добуш берсеңер да, адал бергиле. Адал добушуңарды алып, адал кызмат кылып беребиз деген ниетибиз бар,”, - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

ПАРЛАМЕНТТЕГИ 120 ОРУНГА 2 МИҢДЕЙ ТАЛАПКЕР АТТАНДЫ

Парламенттик шайлоо го 1 айга жетпеген убакыт калды. Борбордук шайлоо комиссиясы 15 партиянын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 1912 талапкер каттады. Анын ичинен 618 талапкер же жалпы талапкерлердин 32 пайызы аял. Шайлоо го катышчу партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү шайлоо алдындагы үгүт иштерин таза, адилет жүргүзүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова меморандумга кол коюу менен партиялар Конституциянын, мыйзамдардын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга жана үгүт иштерин өз ара сый мамиледе өткөрүүгө милдеттенме алышканын белгиледи. Учурда чет жердеги Кыргыз жарандарынын добуш берүү укугу көңүл борборунда турат. 8-сентябрда Москвада диаспора өкүлдөрү жыйынга чогулуп, алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча талкуу кылышты. Анда добуш берүү процедурасы, ага элчиликтин даярдыгы жөнүндө сөз болгонун билдирди Орусиядагы Кыргыз элчилиги. Маалыматка таянсак, 8-сентябрга карата элчиликте 4774 жаран консулдук каттоодо турат. Анын ичинен 2149у жашы жете элек жарандар. Орусияда шайлоо чулардын тизмесине 2625 жаран катталды. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:49

ГРУЗИН ОППОЗИЦИЯСЫ ШАЙЛООДО ЖЕҢСЕ СААКАШВИЛИНИ ПРЕМЬЕРЛИККЕ КӨРСӨТӨТ

Грузияда оппозициядагы «Бирдиктүү улуттук кыймыл» менен «Күч – биримдикте» биримдиги мурдагы президент Михаил Саакашвилиге аталган саясий күчтөрдүн атынан премьер-министр кызматына талапкер болууга чакырды. «Михаил Саакашвили бозгунда жүрөт. Грузиянын үчүнчү президентин куугунтуктоо токтотулушу керек. Саясий куугунтук биротоло жана түп-тамырынан бери жоюлушу зарыл. Михаил Саакашвили өлкөгө кайтып келиши керек», деди «Бирдиктүү улуттук кыймылдын» лидери Григол Вашадзе. Грузияда парламенттик шайлоо 31-октябрда өтөт жана учурда үгүт өнөктүгү расмий башталды. Парламентте 150 мандат бар. Алардын 120сы партиялык тизме менен шайланат, калгандары бир мандаттуу округдардан шайланып келет. 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо «Грузин кыялы» партиясы 115 орун алып, көпчүлүктү түзгөн. «Бирдиктүү ултуттук кыймылга» 27 мандат тийген. Өткөн айдын аягында Саакашвили Грузияга, саясатка кайтып келүү ниети бар экенин билдирген жана 7-сентябрда мекенине кайтуу планын жарыялаган. Грузиянын юстиция министри ал чек арадан өтөөрү менен камакка алынарын эскерткен. Грузин бийлиги Саакашвилиге бир катар айыптарды коюп, ага издөө жарыялаган. Саакашвили 2015-жылы украин жарандыгын алган жана ошол кездеги президент Петр Порошенко аны Одесса облусунун башчысы кылып дайындаган. Бирок эки жылга жетпей эки саясатчынын мимилеси сууп кеткен жана анын украин жарандыгы жокко чыгарылган. Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский ага бул өлкөнүн жарандыгын кайра берип, Реформа боюнча аткаруу комитетинин башчысы кылып дайындаган. WWW.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники