О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
12 сентября 2020 г. 0:54

Күндүн ыргагы: Шайлоодо форма 2 чыр-чатактарды жаратуусу мүмкүн…

№2 ФОРМА ЧЫР ЧАТАКТАРДЫ ЖАРАТУУСУ МҮМКҮНБүгүн, 11-сентябрда Борбор калаада жайгашкан шайлоо участкаларга текшерүү жүргүзүлдү. Рейд учурунда 5 участка текшерилип, үчөөнүн мыйзам бузганы аныкталды. Алар кандай эрежелерди бузушкан кененирээк алдыдагы материалда.ҮГҮТ ИШТЕРИНЕН КЕЛИП ЧЫККАН ШАКАБАЛАРҮгүт иштери башталышы менен шайлоого аттанган партиялар өздөрү тууралуу маалымат берүүгө билек түрө киришишти. Үгүт ишинен улам шакабага алынгандар да болду. Кененирээк кийинки материалда.КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛКыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Ошол эле учурда вирустун 77 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн бирифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.900 МИҢ АДАМ САСЫК ТУМООГО КАРШЫ ЭМДЕЛЕТКыргызстанда 900 миңден ашык адам сасык тумоого каршы эмделет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.УКМК ПАРА МЕНЕН КАРМАЛГАН КЫЗМАТКЕРИН ИШТЕН АЛДЫУКМКнын пара менен кармалган кызматкери иштен бошотулду. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай,  УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерине карата жүргүзгөн кызматтык иликтөөнү аяктады.ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНА МИЛЛИОНДОП КАРЫЗ БОЛГОН ИШКАНАЛАРАбоненттерден “Түндүк электр” ишканасына төлөнө элек карызынын жалпы суммасы 500 миллион сомду түзду. Эгерде карыздар 14-сентябрга чейин төлөнбөсө, ишканалардын жарыгы өчүрүлөт.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:20

Данияр Абдыкаров: Мыйзамсыз баңгизатка көзөмөлдү күчөтөм

Абдыкаров Данияр Сатарбаевич 1975-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1992-жылдан бери Ички иштер башкармалыгында иштеп келет. Алсак, ал 1994-1998 — Бишкек ШИИБдин кызматкери, 1998-2001 — ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, 2001-2016 — ИИМдин бир канча башкармалыктарында эмгектенген. 2016-жылдан бери Ички иштер министринин орун басары болуп иштеп келет. — Данияр Сатарбаевич, эмне үчүн башка партия менен эмес, ушул партия менен Жогорку Кеңешке талапкер болуу чечимин кабыл алдыңыз? — Бул партияны тандаганыма анын программасы себеп болду. Анда менин көкүрөгүмдү өйүп жүргөн маселелердин баары жалпак, жеткиликтүү тил менен жазылыптыр. Атүгүл аны чечүүнүн жолу да сунушталыптыр. Жаңыланууга багыт алган, маселени жаңыча көз караш менен караган жаңы дем менен жазылып, башка партиялардыкынан дээрлик өзгөчөлөнүп, артыкчылыктарга бай экен. Окуп, талдап көргөндөн кийин жүрөгүмдө — «Мекеним Кыргызстан» Кыргызстанды өнүктүрө турган партия деген ишеним пайда болду. Ошон үчүн партиянын мүчөсү болуп катталып, Жогорку Кеңешке талапкер болуу чечимин кабыл алдым. — Партиянын программасын мактап калдыӊыз. Сизди кайсыл багыттары ынандырып, ишенимиңизди пайда кылды? — Бардык эле багыттары ынандырды. Кыска, нуска, баса белгилей кетсем, мамлекетти кризистен чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү үйлүү кылуу, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, адам укугун коргоо деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылыптыр. Мына ушул багыттардын баары мени кайдыгер калтырган жок. Ишенимимди ого бетер күчөттү. — Демек, сиздердин партия мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибизди жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт экен да. Ишенсек болобу? — Албетте! Биздин партия мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишеним менде зор. Биздин партиянын программасы кагаз жүзүндө калбайт, буюрса ишке ашат деген ойдомун. Келечекте «Мекеним Кыргызстан» партиясы мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүн далилдейт. Биз ийгиликке жетсек, мамлекетибиз да жеңишке жетет. — Эгерде депутат болуп калсаңыз, кайсыл тармакка маани бересиз жана кандай маселелерди көтөрүүнү пландап жатасыз? — Эми жүрөгүмдү өйүп жүргөн маселелер өтө эле арбын. Кудай буйруп, згер депутат болуп калсам, анда биринчи зомбулукка кабылган өспүрүмдөрдүн укугун коргоону колго алмакмын. Анткени, каражат табуунун азабынан мигрант болуп кеткендер көп. Алардын көпчүлүгүнүн балдары туугандарынын колунда калып, зомбулукка кабылып, укуктары корголбой жатат. Кыргыздын келечеги болгон өспүрүмдөрдү коргоп, тийиштүү жардамымды бергим келет. Ошондой эле Кыргызстан аркылуу Афганистан, Тажикстанга мыйзамсыз баңгизаттар өтүп, Европага чейин чыгат. Мына ошол жагын да көзөмөлдү күчөткөн мыйзамдарды жазсам деген ниетим бар. Анткени, ал жерде уюшкан кылмыштуу топтор түрдүү иштер менен алек болуп жүрүшөт. Ал тармакты да көзөмөлгө алып, мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп, чек араны күчөтүлгөн тартипте иштетип, мыйзамсыз баңгизатты жүгүртүүнү токтотушубуз керек. Болбосо анын кесепети да тийип калышы ыктымал. Мына ушундай асыл ой, ак тилектерди ишке ашырып, эл үчүн, мекенибиз үчүн кызмат кылып, мамлекет үчүн пайдалуу иштерди жасагым келет. Урматтуу мекендештер, 4-октябрь күнү жүрөгүңүздөрдү тыңшап, туура тандоо кылыңыздар. Эл үчүн, мекен үчүн кызмат кыла турган партияга добушуңуздарды бериңиздер. «Мекеним Кыргызстан» № 4. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:55

Акрам Мадумаров: Чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы тийиш

Алдыдагы парламенттик щайлоолорго даярдык көрүү алкагында чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы керек. Бул туурасында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыздоодо көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйынында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин жана Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо жана биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшү тууралуу маалыматы угулду. Белгиленгендей, чет өлкөдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Аларды тийиштүү материалдык-техникалык база жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо маселелери иштелип жатат. Мындан тышкары, парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда коомдук укуктук тартипти камсыздоого тийиштүү маалымат угулду. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тийиштүү иш-чаралар планы иштелип чыккан. «Чет өлкөдөгү мекендештердин парламенттик шайлоого катышуусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү керек. Бардык уюштуруу маселелерин өз учурунда аткаруу зарыл», – деди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

Шайлоо 2020. Прокуратура ЖМКларда жана социалдык тармактарда жарыяланган материалдарды текшере баштады

Башкы прокуратура социалдык тармактардагы жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолорду көзөмөлдөп, шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктайт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бир катар мыйзам бузуулар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. «Мисалы, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундарынын 5 миң сомдук добушка пара алуу жөнүндө сүйлөшүүсү Facebook социалдык тармагында пайда болду. Учурда бул иш боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле социалдык тармактарда пайда болгон Бишкек шаарындагы медициналык мекеменин кызматкерлеринин паспортторун чогултуу боюнча маалыматтар текшерилип жатат », — деп айтылат маалыматта. Милицияга «Жалпы иш» коомдук фондунун өкүлдөрү кайрылышып, №64 гимназия мектебинин директору мугалимдерди окуучулардын ата-энелеринен жеке маалыматтарды чогултууга жана аларды участкалык шайлоо комиссиясынын катчысына өткөрүп берүүгө мажбурлап жатышат деп айтышкан. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

«Мандемдүү» экс-министрлер Сулайманов, Малабаев «Кыргызстандан» депутаттыкка аттанышты?

«Кыргызстан» партиясы бийликтин кол жоолугу катары парламентке келүүнү максат кылган партиялардын бири катары коомго белгилүү болду. Бийликчил партия экенин документтерин өз убагында тапшырбаган эреже бузганы үчүн БШК каттабай койсо, мыйзамды буйлаланган төөгө айлантып соттон утту кылып зордоп каттатышты. Эми бул жагы кызылдай эле өкүм зордук болгонуна баарыбыз күбө болдук. Эми маселенин экинчи жагын карасак, «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде кимдер бар деген суроо жаралат. Түз айтканда, Кудайдан жөө качкандар тобу менен ушул партияда келе жатышат. Мына кылмыш иши козголуп чет өлкөдө качып жүрүп, бийлик менен ымалашып мандемдүү иштерин жең ичинен бүтүрүп, «Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» кылган мурдагы Транспорт министри Нурлан Сулайманов менен Балыкчы-Корумду жолундагы коррупциялык схемадан улам кылмыш иши козголуп, ишинен кеткен мурдагы Транспорт министри Аргынбек Малабаев «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде кошоктошуп чогуу келе жатышат. Булар эмне бирде министр, бирде депутат болуп, шектүү иштерге аралашып эл тагдырын калчай беришеби? Жетишет. Эл эсине келип, буларды эс алгыла дечү учур келди.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

ТАЖИКСТАНДЫН СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО БОЙКОТ ЖАРЫЯЛАДЫ

Тажикстандын социал-демократиялык партиясы быйыл октябрда өтө турган президенттик шайлоого бойкот жарыялады. Бул тууралуу партиянын төрагасы Рахматилло Зойиров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын айтымында, президенттик шайлоого талапкер көрсөтпөө чечими партиянын саясий кеңешинде кабыл алынды. Зойиров бул чечимди шайлоонун 11-октябрга белгилениши мыйзамсыз болгондугу жана Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген мөөнөттө 250 миң кол топтоо дээрлик мүмкүн эмес экендиги менен түшүндүрдү. «Мындан тышкары бойкотко 2019-жылы «Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы редакциясынын кабыл алынышы себеп болду. Ал мыйзамга ылайык, саясий партиялар менен кыймылдардын өкүлдөрү Борбордук жана жергиликтүү шайлоо комиссияларынын иштерине катыша алышпайт. Алардын курамы аткаруу бийлигинин жана бийликтеги Элдик-демократиялык партиянын өкүлдөрүнөн куралат», — деп жазды Зойиров. Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген. Бүгүнкү күнгө карата мамлекет башчылык кызматка беш киши, анын ичинде өлкөнүн азыркы президенти Эмомали Рахмон талапкерлигин койду. Тажикстанда айрым талдоочулар азыркы президенттен башка талапкерлердин бардыгы өлкө парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары экенин, алар дайыма бийликтин чечимдерин колдоп келишкенин билдиришүүдө. Алардын айтымында, бул талапкерлер шайлоодо атаандаштар болду деген түр көрсөтүү үчүн гана катыштырылууда. WWW.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын жалпы коомчулукка билдирүүсү

"Мекеним Кыргызстан" партиясы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эки жергиликтүү тургун бир айылдашына оройлук менен мамиле жасап, биздин партияны колдоосун талап кылуусу боюнча ээнбаштык окуясына эч кандай тиешеси жоктугун билдирет. Айрым маалымат каражаттары иштин чоо-жайын тактабай туруп, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүтчүлөрү айылдашын коркутууга барганы тууралуу маалыматтарды таратып жиберген. Чынында андай окуя болбогонун дагы бир жолу баса белгилейбиз. "Мекеним Кыргызстан" башка партиялардан айырмаланып, өз үгүтчү-агитаторлору менен расмий келишимдерди түзгөн жана муну менен катар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн бардык салык жана башка төлөмдөр төлөнгөн. Бул, албетте, башка партиялар сыяктуу эле тарапташтарыбыз кандайдыр бир келишими жок биз үчүн үгүт жүргүзө албайт дегенди түшүндүрбөйт. Кайсы бир партияны колдоп, же ага каршы үгүттөө, өз пикирин айтуу - бул ар бир жарандын укугу. Бирок мындай учурда алар партиянын расмий үгүтчүсү деп эсептелбейт. Биз айылдаштар ортосундагы турмуштук чатакты атаандаштарыбыз биздин партиянын атына көлөкө түшүрүү аракетинде атайлап бурмалап колдонушту деп эсептейбиз. "Мекеним Кыргызстан" дагы бир жолу бардык партияларды – саясий атаандаштарды ыплас технологияларды колдонуу менен жок жерден эле негизсиз чатак чыгарбоого жана таза күрөшүүгө чакырат. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү ДжайчиеваГулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 12:39 11-09-2020

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

"Мекеним Кыргызстан" партиясы саясий жарыштагы атаандаштарын ыплас технологиялардан баш тартууга чакырат

“Мекеним Кыргызстан” партиясы саясий жарыштагы атаандаштарын ушак-айыңдарды таратууну токтотууга жана ыплас технологиялардан баш тартууга чакырат. Саясий биримдик ачык жана таза шайлоо өткөрүүнү колдойт жана элди кызыктырган суроолорго жооп берүүгө даяр. Кыргызстанда шайлоо кампаниясы кызуу жүрүп жатат. Айрым саясий күчтөр жарышта атаандаштарын буттан чалуу үчүн ар кандай ыплас технологияларды колдонуудан да баш тартпай тургандыгы байкалууда. Мындай кара пиардын курмандыгы көпчүлүк учурда “Мекеним Кыргызстан” партиясы болууда. Социалдык тармактарда “аталган партиянын атынан Калил Сариев аттуу жаран шайлоочуларга акча таратып жатат” деген маалымат тарады. Териштирүүнүн жыйынтыгында, Калил Сариев 70 жашка таяп калган Өзгөн районунун тургуну экендиги аныкталды. Аталган билдирүүнү интернетке оппонент партиялардын биринен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин бири тараткандыгы белгилүү болгон. Өз кезегинде “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү шайлоого тиешелүү болгон бардык суроолорго ачык-айкын жооп кайтарып, мыйзам чегинде гана үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдиришти. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларына шайлоо кампаниясынын жүрүшү боюнча расмий маалымат берди. Эл аралык уюмдун өкүлдөрү “Мекеним Кыргызстан” партиясына карата мыйзамсыз технологиялар колдонулуп жаткандыгы тууралуу кабардар болушту. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы – өлкөнүн өнүгүүсү үчүн коомдун негизги катмарларын камтыган реалдуу долбоор. Долбоордун ишке ашуусу үчүн эң башкы максат шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы ишеним көпүрөсүн куруу болуп саналат. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 11:11 11-09-2020

Подробнее
11 сентября 2020 г. 19:46

"Биримдик" өлкө боюнча кербенди Балыкчыдан жана Караколдон баштады.

"Биримдик" өлкө боюнча кербенди Балыкчыдан жана Караколдон баштады. Бүгүн Жогорку Кеңешке ар бир талапкер, аларды сыноодон өткөрүп жаткан ар бир жаран, ар бир үйдө жүрөгүнүн түпкүрүндө "Кыргызстаныбыз өнүксө экен, ушул парламент татыктуу болсо экен, жашообузда жакшы өзгөрүүлөр болсо экен" деп ойлонуп жатаарын сезем. Билем. Өлкөдөгү көйгөйлөр мени да биринчи кезекте эне катары, аял катары ойлондурбай койбойт. Ошол көйгөйлөрдү чечүү үчүн күчтүү команда, системалык өзгөрүүлөр керек. Биздин командада өз тармагынын тажрыйбалуу адистери менен мамлекеттин өнүгүүсүн каалаган жогорку билимдүү жаштар биригип, БИРИМДИКте бара жатабыз. Жаштардын билими жана активдүүлүгү менен тажрыйба айкалышканда гана туруктуу өнүгүү жолу келип чыгаарын тарых далилдеди. Биздин максат балдарыбыздын кең келечегин, ата-энелерибиз үчүн бакубат өлкөнү куруу болуп саналат. Биз баштаган даңгыр жол тарыхый өзгөрүүлөрдүн башаты болооруна терең ишенем. Биздин партиялаштарыбыздын бул кезге чейин эл үчүн жасаган эмгеги чоң. Социалдык жактан муктаждарга кам көрүүдө, ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүп берүүдө мен партиялаштарым, кесиптештерим менен биргеликте бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргиздик. Жаңы мыйзамдарды кабыл алдык. Анын натыйжасында 16 жашка чейинки биринчи жана экинчи топтогу майыптуулугу бар балдарды караган ата-энелер үчүн жаңы мыйзам кабыл алып, ассистент катары мамлекеттин бюджетинен айлык акы төлөнө баштады. Бул баласын карагандан бошой албаган ата-энелердин социалдык абалын жакшыртууга чоң салым кошту. Элдердин жөлөк пул алуусун жеңилдетүү максатында ар кандай ашыкча документ чогултууну 50дөн 25ке кыскарттык. Бул Элибизди убаракерчиликтен жеңилдетти. Бул жаңы технологияларды пайдалануу аркылуу мамлекеттик башкаруу, элге кызмат көрсөтүүнү санариптештирүүнүн натыйжасында ишке ашты. Шайлоо өнөктүгүн ачык айкындуулугун камсыз кылуу, мигранттардын шайлоого катышуусун жеңилдетүү максатында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, төрт мыйзам пакетин сунуштадык. Натыйжасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 30% аялдар квотасы киргизилди. Аял заты табиятынан чарбакер, коррупциядан алыс, балага билим берүүгө ынтызар болуп эсептелинет. Натыйжасында айылдардагы балдардын билим алуусуна, элдердин ден-соолугуна кам көрүүдө чоң өбөлгө түзөт. Бул менин жана биздин команданын аткарган жумуштарынын бир гана багыты. Элге жасаган мындай эмгек мындан ары да токтойбой улана берүүсү үчүн да биз алдыдагы шайлоого катышууну чечтик. Биз бардык өзгөрүүлөрдү Биримдикте жана ынтымакта жасайбыз.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:36

Ийгилик «Кыргызстан» партиясынын колунда

Ийгилик «Кыргызстан» партиясынын колунда, Ар дайым бирге бололу жолубузда. Туруктуу иштеп, элге ак кызмат кылып, Журок соксун Мекеним деп дайыма!

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:20

Жоомарт Жолдошев:

Жоомарт Жолдошев: “Сот отурумдары онлайн көрсөтүлүп, чечимдери ачык болушу керек” “Бир Бол” партиясынын “Жаңы форматтагы лидерлер” деп аталган форумунда партия мүчөсү Жоомарт Жолдошев Мыйзамдарды ирээтке келтирүү максатка ылайык экенин билдирди. “Урматтуу санаалаштар, партиялаштар, үзөңгүлөштөр, бүгүнкү биздин алдыбызга койгон ниеттерибизди туу тутуп, реформа кылуу пландарыбызды сиздер менен тең бөлүшкөнгө келгениңиздерге ыраазычылык билдирем! Биз адилеттүүлүк жана коопсуздук принциптерин туу тутуп келебиз. Реформа, өзгөрүү Мыйзамдардан, эрежелерден башталат. Демек, аларды өзгөртүү менен биз баардык тарматарда адилеттүү, реалдуу жыйынтыктарга жете алабыз. Себеби азыркы Мыйзамдар чийки жана иштебейт”, -деди Ж.Жолдошев. Ошондой эле сот системасына жарандар ишенбегендиги сот системасынын адилеттүү эместигинен кабар берерин кошумчалады. “Сот системасын өзгөртүү Сотторду тандоо кеңешинин колунда. Ал жакта коп мүчүлүштүктөр бар, биз аларды жоюуга даярбыз жана милдеттүүбүз. Сот ситемасындагы эң негизги көйгөй сот отурумдарынын жабык болгонунда, соттордун чечими ачык болушу керек, сот отурумдары онлайн көрсөтүлүшү керек, ачык-айкындык болуш керек. Бул биздин программабызда камтылган”, -деди ал. Муну менен катар эле партиянын башкы максаттарынын бири – преференциалдык шайлоо системасын киргизүү экенин билдирди. Мындай системада партияны гана эмес, партиянын курамындагы талапкерди дагы тандоо мүмкүнчүлүгү берилет.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 13:31

Алмамбет Шыкмаматов: “Оппозициялык партияларга добуш бериңиздер”

Алмамбет Шыкмаматов: “Оппозициялык партияларга добуш бериңиздер” “Добуш үчүн акча тараткандар - элдин душманы! Бийликтин партияларына добуш бербеңиздер! Алар ансыз деле паспортторду чогултуп, административдик ресурсту колдонуу менен элге басым жасап, №2 форма аркылуу добуштарды сатып алып жатышат. Эгер бийликке оппозиция барбаса, парламент накта “Чимкириктердин” уюгу болот”,-деди А.Шыкмаматов. Алмамбет Шыкмаматов ошондой эле элди оппозициялык партияларга добуш берүүгө чакырды. “Шайлоо алдында мектеп оңдоп, стадион кургандар бийликке келгенде короткон акчасын 4-5 эсеге көбөйтүп алышат. Ал эми добушун саткандар эки эсе жарды болушат. Ошондуктан, “Бир Бол” сыяктуу оппозициялык партияларга добуш бериңиздер!”, - деди А.Шыкмаматов.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:18

“Ата Мекен” партиясы Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жаштардын жана партиянын лидерлеринин катышуусунда форум өткөрдү.

“Ата Мекен” партиясы Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жаштардын жана партиянын лидерлеринин катышуусунда форум өткөрдү. Келечек эртең келет деп күтүүчү убак эмес, биз ошол келечекти бүгүн, чогуу куралы! Бүгүн, азыр жоопкерчиликти алалы! Быйылкы коронавирус илдети менен күрөшүүдө жаш активисттер, жаш лидерлер, студенттер опол тоодой күчүн көрсөтүштү. Карантин маалында бийликтен дабыш чыкпай турган чакта, жаштар түп көтөрө чыкты. Аларды көрүп келечекке үмүт жанды, чын жүрөктөн сыймыктандык! Муундар арасында диалог куруу абдан маанилүү. Анткени диалог аркылуу гана демократиялык баалуулуктарга негизделген мамлекет кура алабыз. Ал эми бул биздин партиянын негизги максаттарынын бири. "Ата Мекен", №6! Добушуңду сатпа, Мекениңди сакта! *** Партия Ата Мекен провела форум, в котором приняли участие лидеры партии и представители молодежи со всей страны. Мы верим, что будущее уже наступило. Мы верим, что больше не нужно ждать, пока кто-нибудь будет готов. Мы верим, что пришло время брать на себя ответственность здесь и сейчас! Молодые лидеры, активисты, студенты и многие другие показали себя в 2020 году с наилучшей стороны! Пандемия коронавируса, карантин и всеобщая сплоченность молодых людей Кыргызстана показали нам, что нам есть куда идти и нам есть на кого опираться даже в самые сложные времена. Всегда важен диалог между поколениями, только диалог позволяет строить крепкое, современное и демократическое государство, что несомненно является целью нашей партии. "Ата Мекен", №6! Не продавай свой голос, не продавай свою страну!

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:21

Алтынбек Сулайманов:

Алтынбек Сулайманов: “Биздин команда өлкөбүздү туңгуюктан алып чыгарына ишенем” Биздин программа – жакынкы беш жылдыктагы иштердин артыкчылыктуу багыттарын камтыган. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда “Бир Бол” саясий партиясынын “Жаңы форматтагы лидерлер” аттуу форумунда, партия лидери Алтынбек Сулайманов программа менен тааныштырып жатып билдирди. “Биз лидерлер, чемпиондор менен биргеликте келечекте 5 жылга карата кандай иштерди жасайбыз, кандай ийгиликтерди жаратабыз, өлкөнү өнүктүрүү үчүн кандай багытта жол алабыз деген программаны сунуштап жатабыз. “Бир Бол” партия катары жаңыланды жана ар бири өз тармагынын лидерлери болгон адамдардан түзүлдү. Алар - өз тарамагында күчүн, жаратмандыгын, ийгиликтерин көрсөткөн, билимдүү жана дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттерде окуган, мекенине келип ийгиликтерди жарата алган жаңы жүздөр. Биздин команда бийлик бутактарына же парламентке келсе ийгиликтерди жаратып, өлкөбүздү туңгуюктан алып чыгаарына ишенем”, - деди А.Сулайманов. Ал реформалар тез арада жасалышы керектигин кошумчалады. “Биз популисттик эмес, абдан оор жана татаал кадамдарды сунуштайбыз”, -деди партия лидери. Иш-чара Бишкектин четиндеги гольф клубда өтүп жатат. Форумдун максаты – элге партиянын программасын тааныштыруу. Анда жакынкы беш жылдыктагы иштердин артыкчылыктуу багыттары камтылган. Алар: Экономикалык өнүгүү, эффективдүү мамлекеттик башкаруу, сапаттуу билим берүү жана маданиятты жогорулатуу, сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттык сактоо кызматы, ошондой эле экологиялык коопсуздук жана жашыл экономика багыттары.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:25

Кылычбек Исамамбетов:

Кылычбек Исамамбетов: "Эгерде өлкө ичинде кимдир бирөө кыйналып жашап жатса, анда калганыбыз кантип жакшы жашап жатабыз деп айта алабыз? Мен чечкиндүү, кардиналдуу реформалар үчүн умтулам, өзгөчө экономика, санарип технологиялар тармагында. Мыйзамдарды түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл". *** Кылычбек Исамамбетов: «Как мы можем крепко спать, когда в стране некоторые не могут позволить себе купить булку хлеба. Я стремлюсь к решительным и кардинальным реформам, особенно в сфере экономики и IT-технологий. Необходимо полностью менять некоторые законы и разрабатывать их под современный мир».

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники