О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
12 сентября 2020 г. 0:31

БШК Ош шаарындагы үч шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 11-сентябрындагы отурумунда Ош шаарындагы төмөнкү шайлоо участкаларынын даректерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Алар: • № 5311 шайлоо участогу Зайнабетдинов көчөсүндөгү № 2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратынан Ж. Райымбеков көчөсү, 106а дарегиндеги “Мол Булак” бала бакчасынын имаратына көчүрүү; • № 5908 кошумча шайлоо участогу Мамыров көчөсү, 88а дарегиндеги “Асан-Үсөн” жеке ишканасынын имаратынан Мамыров көчөсү, 97 дарегиндеги “Аяна” жеке ишканасынын имаратына көчүрүү; • № 5910 кошумча шайлоо участогу Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Черемушки” кичи районундагы Моминов көчөсү, 148а дарегиндеги имаратынан “Черемушки” кичи районундагы Моминов көчөсү, 181 дарегиндеги “Кыргызстан” кинотеатрынын имаратына көчүрүү. Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Ош шаарындагы № 5311, № 5908, № 5910 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча кайрылуусунун, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарынын негизинде кабыл алынды. Ош аймактык шайлоо комиссиясына Ош шаардык мэриясы менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:31

Ысык-Көл облусундагы имамдарга шайлоо иштерине аралашпоо боюнча облус казысы эскертүү берди

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков шаар, райондук баш имам хатибдер менен жолугушуп, шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүгө дин кызматкерлердин аралашпоосу жөнүндө имам хатибдерге эскертүүлөрдү берди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. “Баш имам хатибдер үчүн уюштурулган онлайн жыйында мечиттерде, диний мекемелерде жана имараттарда, шайлоого байланыштуу үгүт иштерин жүргүзбөө, ага дин кызматкерлеринин аралашпоосу эскертилди. Мындан сырткары ысырапкерчиликтин алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, этностор аралык мамилелерди жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди”,- деди облус казысы. Мындан сырткары мечиттердин тазалыгына көңүл буруу, каттоосу жок мечиттердин документтерин ирээтке келтирүү, кышка даярдыкты күчөтүү, имамдардын билим деңгээлин жогорулатууда атайын окууларды уюштуруу зарылдыгы айтылды.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:53

№1047 шайлоо участкасы бир күндө 251 адамды каттоодон өткөргөн

Социалдык түйүндөрдө жана айрым ЖМКларда шайлоо участкалары жарандардын арызын кабыл албай жатат деген маалыматтар тарады. Буга байланыштуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова менен журналисттер биргеликте Бишкектеги шайлоо участкаларын кыдырып, текшерүү жүргүздү.Рейддин жүрүшүндө жалпы беш участок текшерилип, анын үчөө мыйзам бузгандыгы аныкталды. Алсак, бир күн ичинде 1600дөн ашуун адам №20 форма менен катталган учурлар кездешти.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:33

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын билдирүүсү

"Мекеним Кыргызстан" партиясы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эки жарандын катышуусунда болгон бейбаштык окуясына эч кандай тиешеси жоктугун билдиришүүдө, алар айылдаштарынан биздин партияны оройлук менен колдошун талап кылышкан. Айрым маалымат каражаттары иштин маңызын толук түшүнбөй, окуя тууралуу маалыматты токтоосуз таркатып, коркутуулар “Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитаторлорунан келип чыккандыгын билдиришти. Бул таптакыр андай эмес экендигин дагы бир жолу баса белгилейбиз. Башка партиялардан айырмаланып, Мекеним Кыргызстан өзүнүн бардык агитаторлору менен расмий келишимдерди түзүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана жыйымдарды төлөйт. Албетте, бул биздин тарапташтарыбыз, ошондой эле башка партиялар үчүн үгүт иштерин, келишим түзбөстөн деле жүргүзө албайт дегенди билдирбейт. Кайсы бир партия үчүн же ага каршы үгүт жүргүзүү, өз оюн айтуу ж.б.у.с. ар кимдин укугу. Бирок бул учурда алар партиянын расмий агитатору деп эсептелбейт. Айылдаштар арасындагы күнүмдүк чыр-чатакты биздин оппоненттер атайылап партиянын беделине көлөкө түшүрүү максатында колдонушкан деп эсептейбиз. "Мекеним Кыргызстан" партиясы дагы бир жолу бардыгын таза технологияларды колдонбостон жана буга негиз жок жерде ызы-чууну козгобой, адилеттүү күрөшүүгө чакырат. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнөт. Чыккан күнү 11.09.2020.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:33

Парламент депутаттары парламентте болбогонуна карабастан айлыктарын алышат. Шайлоого катышпагандар дагы

Жогорку Кеңештин депутаттары октябрь айына чейин пленардык жыйындарды токтотконуна карабастан айлык алышат. Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Vesti.kg сайтына билдиргендей, учурда эл өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. - 120 депутаттын бардыгы тең расмий түрдө шайлоочулар менен жолугушууда, атүгүл шайлоого катышпагандар дагы бар, - деди Нуракун уулу. - Алардын парламенттик ыйгарым укуктары азырынча токтотула элек. Алар айлыктарын толугу менен алышабы же жокпу билбейм, бирок аны толугу менен алышы керек. Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 2-октябрга чейин парламент жыйындарына чогулбоо чечимин кабыл алышкан. Чечимди 79 депутат колдоп, бирөө каршы болду. Элдос Казыбеков Сүрөт www

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:45

Кубанычбек Кадыров: «Президент шайлоо боюнча туура позицияны тандады»

Президент шайлоо боюнча туура позицияны тандаганын «Биринчи радионун» түз эфиринде Жогорку Кеңештин экс-депутат Кубанычбек Кадыров билдирди. Мурдагы депутат президент кайсы партия келсе да иштеше тураарын, эч кимге жан тартпайм деп айтканын жалпы журт укканын айтты. Ал жакында эле Ысык-Көлгө барып келгенин айтып, ал жактан мамлекеттик кызматкерлер мурда шайлоого 3-6 ай калганда президенттин администрациясынан атайын буйрук келгендигин баса белгиледи. Буйрукта мамлекеттик кызматта иштегендерге, мугалим, токой, жада калса суу чарбасынын кызматкерлерине чейин «баланча жарандардын паспортторун чогултуп келесиң, үгүт иштерин жүргүзөсүң» деген сыяктуу тапшырмалар берилип турганын айтышканын айтты. Учурда элеттегилер ушул сыяктуу фактылар катталган жок дешти, — дейт Кадыров. Ал ошондой эле, мурда партиялардын документтери туура болбой калып, талаш чыккан учурда партияларды БШКга жолотпой коюшчу, -деп баса белгиледи. «Президенттин администрациясы сотко кийлигишпегени үчүн «Бүтүн Кыргызстан» утуп чыгып жатат. Ал нерсе президент айткан сөзүнө туруп жатканын көрсөтүүдө», — деп билдирди. Сүрөт интернеттен алынды https://www.facebook.com/watch/?v=1190670724633090&extid=lfGApAcaVn4PweQ2 Эфирде "Шакжүрүш" программасы.Шайлоодогу куру убадалар, же партиялардын жоопкерчилиги барбы? БШК менен шайлоого аттанган айрым саясий партиялар мыйзамдарды жана эреже талаптарды так сактаган жок деп соттошуу Жогорку сотко чейин жетти. Бул бир чети БШКнын айрым чечимдерине сын жаратса, кээ бир партиялардын боло берет деген кайдыгерлиги катары бааланды. Партлидерлердин “өзүм билемдиги” боюнча да сын айтылууда. Мамлекет башчы бардык саясий партияларга бирдей шарт болсун, утуп келген кайсы партия болбосун иштешүүгө даярмын деген пикирин билдирген. Мамлекеттик органдарга да ушул талапты коюп жатат. Анан калса бул жолу пандемия шартында өзгөчө тартиптеги шайлоо өтөт. Мындай учурда саясий партиялардын,талапкерлердин да жоопкерчилиги маанилүү. Өлкөнү түп-тамырынан бери кыска мөөнөттө эле өзгөртүп жиберебиз деген убадалар жаңырууда. Бул жолку шайлоо процесси кандай өтүп жатат, партиялык система, партиялык күчтөрдүн идеологиясы канааттандырабы? Уктурууга политолог Кубан Абдымен, коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев, ички иштер министринин мурдагы орун басары, ЖКнын мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров жана саясат талдоочу Табылды Акеров катышууда. Студиянын телефон номерлери 0312 39 21 90 жана комментарий калтырып, суроолор болсо жазыңыз. Posted by БИРИНЧИ РАДИО on Thursday, September 10, 2020

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:37

"Замандаш" партиясынын талапкерлери

Бүгүн "Замандаш" партиясынын талапкерлери Москва районунун шайлоочулары менен жолугушту. Талапкерлер эл алдында сөз сүйлөп, алардын суроолоруна жооп беришти. Сегодня в селе Беловодское кандидаты партии “Замандаш” встретились с избирателями московского района. Кандидаты выступили перед собравшимися с речами и ответили на вопросы избирателей.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:45

Шайлоонун алдында 22 бузуу фактысы катталды

Башкы прокуратура парламенттик шайлоонун алдында 22 бузуу фактысын катталганын билдирди. Мекеменин маалымат кызматынан билдиришкендей, башкы көзөмөл орган шайлоо мыйзамын бузууга жол бербөө үчүн ЖМК менен интернет ресурстарга мониторинг жүргүзүүдө. Маалыматта, жалпысынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, сотко чейинки өнүдүрүш башталган. Алардын 21и каралып, ички иштер органдарына тапшырылган. Жарыяланган материалдардын көбү шайлоо документтерин жасалмалоо, кыянаттык менен административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу. Башкы прокуратура ошондой эле, аткаминерлер, муниципалдык кызматкерлер, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, байкоочулар, дин ишмерлери, кайрымдуулук уюмдарынын негиздөөчүлөрү менен өкүлдөрү, жашы жете электер, чет элдик жарандар үгүт иштерин жүргүзө албай турганын эскертет. «Ал эми БШКга 6-августтан 10-сентябрга чейин шайлоо тартиптерин бузуу боюнча 33 арыз билдирүү түшкөн. Алардын 18и добуш сатып алууга байланыштуу, административдик ресурсту пайдалануу боюнча 10 арыз келген. Ошондой эле, шайлоо документтерин жасалмалоо боюнча 4 факты тууралуу маалымат түшкөн» — деп айтылат билдирүүдө. Аталган арыздардын эң көбү Бишкектен жазылган — 20. Жалал-Абадда — 5, Ош шаарында — 4, Чүйдө — 2 жана Нарын менен Ысык-Көлдө бирден арыз түшкөн. Кошумчалай кетсек, БШКнын мүчөсү Атыр Абрахматова укук коргоо органдарында мыйзам бузуу фактылары көп экенин айтты. Бирок азырынча ИИМ ал тууралуу толук маалымат бере элек.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:47

Алтынбек Сулайманов: Биздин программа алдыдагы 5 жылдык иштердин артыкчылыктуу багыттарын камтыган

“Биздин программа – жакынкы беш жылдыктагы иштердин артыкчылыктуу багыттарын камтыган”. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда “Бир Бол” саясий партиясынын “Жаңы форматтагы лидерлер” аттуу форумунда, партия лидери Алтынбек Сулайманов программа менен тааныштырып жатып билдирди. “Биз лидерлер, чемпиондор менен биргеликте келечекте 5 жылга карата кандай иштерди жасайбыз, кандай ийгиликтерди жаратабыз, өлкөнү өнүктүрүү үчүн кандай багытта жол алабыз деген программаны сунуштап жатабыз. “Бир Бол” партия катары жаңыланды жана ар бири өз тармагынын лидерлери болгон адамдардан түзүлдү. Алар – өз тарамагында күчүн, жаратмандыгын, ийгиликтерин көрсөткөн, билимдүү жана дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттерде окуган, мекенине келип ийгиликтерди жарата алган жаңы жүздөр. Биздин команда бийлик бутактарына же парламентке келсе ийгиликтерди жаратып, өлкөбүздү туңгуюктан алып чыгарына ишенем”, – деди Сулайманов. Ал реформалар тез арада жасалышы керектигин кошумчалады. “Биз популисттик эмес, абдан оор жана татаал кадамдарды сунуштайбыз”, -деди партия лидери. Иш-чара Бишкектин четиндеги гольф клубда өтүп жатат. Форумдун максаты – элге партиянын программасын тааныштыруу. Анда жакынкы беш жылдыктагы иштердин артыкчылыктуу багыттары камтылган. Алар: экономикалык өнүгүү, эффективдүү мамлекеттик башкаруу, сапаттуу билим берүү жана маданиятты жогорулатуу, сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттык сактоо кызматы, ошондой эле экологиялык коопсуздук жана жашыл экономика багыттары.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:47

«Кыргызстан» партиясы бюллетенде 15-номерде

Парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын добуш берүү бюллетендеги катар номерлери аныкталды. Борбордук шайлоо комиссиясында өткөн чүчүкулак кармоонун жыйынтыгы менен “Кыргызстан” партиясы шайлоого катышууга укук алган 16 партиянын ичинен 15-сапка туш келди. Биздин шайлоочулар бюллетенди алып добуш берүү үчүн кабинага кирген соң “Кыргызстан” партиясын оңой эле таба алышат. Урматтуу шайлоочулар, эгерде сиз парламентте кесипкөй жана жоопкерчилитиктүү адамдардын келишин кааласаңыз, анда “Кыргызстан” саясий партиясын тандаңыздар! Партияга энчиленген 15 номерине байланыштуу “Кыргызстан” партиясынын “ЭЛ ҮЧҮН” программасындагы негизги 15 багытты тизмектеп кетели: Чиновниктердин санын кескин кыскартабыз! Мамлекеттик текшерүүлөрдү кыскартууга шарт түзөбүз! Кен байлыктардын кирешеси – элге! Фермерлерди кооперативдерге бириктирип, айыл-чарба продукцияларынын экспорттоого басым жасайбыз Салыктарды максималдуу кыскартуу программасын иштеп чыгабыз Заманбап медицина – улуттун ден соолугунун негизи! Таштандыларды кайра иштетип жарандардын экологиялык коопсуздугун камсыз кылабыз! Турак жайга укук – ар бир жарандын ажыратылгыс укугу! “Балага сүйүнчүнү” 4 миң сомдон 50 000 сомго чейин жеткиребиз Мугалимдердин татыктуу жашоосу – биздин келечекти камсыз кылат! Калктын аялуу катмарына өзгөчө көңүл бурабыз Билим берүү жана маданият – элдин башкы баалуулугу ! ЕАЭБдеги жана ВСП+ мүмкүнчүлүктөрдү 100% пайдалануу Сөз эркиндиги – биздин демократиянын негизи Мыйзамдын үстөмдүгү бизнестин өнүгүшүнө жол ачат! “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:47

Мадумаров: Чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы тийиш

Алдыдагы парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү алкагында чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыздоодо көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйынында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо жана биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшү тууралуу маалыматы угулду. Белгиленгендей, чет өлкөдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Аларды тийиштүү материалдык-техникалык база жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо маселелери иштелип жатат. Мындан тышкары, парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда коомдук укуктук тартипти камсыздоого тийиштүү маалымат угулду. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тийиштүү иш-чаралар планы иштелип чыккан. «Чет өлкөдөгү мекендештердин парламенттик шайлоого катышуусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү керек. Бардык уюштуруу маселелерин өз учурунда аткаруу зарыл», – деди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров. - Advertisement -

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:27

Үч жарым миллионго чукул шайлоочунун тизмеси такталды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 кишинин тизмесин тактады. Бул тууралуу 14-сентябрда расмий кабарланды. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 2 761 297 киши болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 3 025 770 шайлоочу катталган. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешин шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышат. (SE)

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:48

Шайлоо бүткөн соң азык-түлүккө баа көтөрүлөбү же Чодуев кызматынан кетеби?

Алдамчылыгы менен аты Ала-Тоого угулуп, кээ бирөөнөн бир жарым миллион доллар алып төлөбөй жүргөн Чодуев тууралуу сөз болмокчу. Өзүнүн башындагы чөптү көрбөгөн адамдар же ашынган сынчы, же Чодуевдей ырчы болуп калышат экен. Бир кездеги тияк-бияктан жулуп чогулткан акчалар Чодуевди безге сайып тынчтык бербей жатабы? Атамбаев учурунда Чодуевдин бийик кызматтарга жетишинин себеби каякта? Эл билбейт дейт көрүнөт. Эл баарын байкап, билип турат. Андан да бир кызык нерсе, Чодуев Жалал-Абад обулусунда пахта иштетем деп бир жарым миллион долларды эмне себептен жеп койду эле? Көрсө, Чодуев Жалал-Абаддагы өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө иле баштаган экен. Эшикти жапса тешиктен, тешикти бүтөсө эшиктен, баарын чүмбөттөп салса түндүктөн түшчү Чодуев не себептен мынчалык жигердүү болуп калган. Бирөөнүн таза эмгегин жеген адамдар каргышка калышат дешет. Аттиң, бети калың мындай мырзаларга эч нерсе таасир этпейт го. Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдин чоту тескери иштегенинен, азыркы учурда азык –түлүк эсеп –чотсуз өсө баштады. Араванда капуста 1 сомго да бааланбай акыр-чикирге ташталып жатса, башка жерлерде капустадан көзү өткөндөр толтура. Капустаны деле көчөнүн башына алып барып элге таратып койсо жакшы болмок. Азыр ар бирибиз эл үчүн жашап, эл үчүн иштешибиз керек. Эмне үчүн дыйкандын эмгеги бааланбай жатат? Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев баш болуп Жер -Энеге мээрим төгүп, асыроону биринчи ойлобостон эгин эгип, көчөт отургузаарда пайда табууну көздөйт. Эми акча, байлык, бийлик да парламенттик шайлоого байланыштуу болуп калды. Муну туура түшүнгөн Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев башын ары –бери буруп партия издөөдө. Элди ким ойлойт? Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:52

“Мекенчил” Талас районунда. К. Ташиев: “Соттор бийликтен эмес, элден корко тургандай системаны киргизмейин акыйкаттуулук орнобойт”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Талас районуна барды. Соттордун көз карандысыздыгына жетмейинче өлкөдө акыйкаттуулук орнобойт. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Талас районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Биз Кудай буйруп парламентке барып калсак, бир катар мыйзам долбоорлорун ишке ашырууга бардык далалатыбызды жумшайбыз. Алардын бири – соттордун көз карандысыздыгы боюнча. Акыйкаттуулукка сот системасын өзгөртүү менен гана жетише алабыз. Ар бир келген бийлик “бизде сот эркиндиги” бар дейт. Бирок ал сөз жүзүндө гана, чынында бийликтегилер соттордун көз карандысыз болушун каалабайт, анткени өздөрүнө ылайыктуу чечим чыгартып туруулары керек. Карапайым элдин балдары кылмыш жасаса камалат, а бирок аткаминерлердин балдары кылмыш жасаса да мыйзам жоопкерчилигине тартылбайт, ал турмак бир күн да абакка отургузулбайт. Ошондуктан сотторду акыйкаттуулукка баштоонун бирден бир механизми – тандоону элдин колуна берүү. Жергиликтүү, райондук жана шаардык сотторду эл өзү шайлашы керек. Ал эми жогорку сотту парламент дайындайт. Президенттин сотторго байланышы болбошу керек. Ошондо ар бир сот чечим чыгараардын алдында элден чоочулайт, мыйзам негизинде акыйкат чечим чыгарууга ыктайт. Сот президент, министр, дагы башка бийликчилдерден эмес, бир гана элден, мыйзамдан коркушу керек”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:52

(Фото) “Мекенчил” Талас шаарында. К. Ташиев: “Алтын кендери мектеп куруп койсо ыраазы болуп отуруп калбай, тапканынын 30 пайызын мамлекетке беришин талап кылабыз!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Талас шаарында. Кыргызстан кен-байлыктарын өз кызыкчылыгына колдонуунун жолун билиши керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Тоо-кен байлыктары боюнча жаңы мыйзам кабыл алышыбыз керек. Инвесторлорду кууп чыгабыз, жол тосуп, ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылабыз демейдин кереги жок. Биз жөн гана парламентке барганда көпчүлүк депутаттар болуп бул жааттагы мыйзам кабыл алып, анын иштешин көзөмөлдөйбүз. Анын негизинде Кыргызстанда өндүрүлгөн кен байлыктардын 30 пайызы өлкөдө калат. Кыргызстан эки-үч жылда бутуна турат. Таластагы “Жерүй” алтын кени тууралуу да айтайын, мен инвесторлорду айыптай албайм. Алар бекер деле ала беришет. Мейли, кенди 100 миң гана долларга сатып алышыптыр, “Бакыбат Талас” деген фонд ачык аймакка жардам берип жатат. Бирок буга канааттанбашыбыз керек. Булар тапкан 100 сомунун 50 тыйынын гана бизге берип жатышат. Бир бала бакчаны оңдоду, бир мектепти курду, бир көчөгө асфальт төшөдү деп ыраазы болуп отура бербей, өндүрүлгөн продукциянын 30 пайызын талап кылышыбыз керек”, -деди Камчыбек Ташиев. “Мекенчил” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники