О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 2:12

Владимир Путин А.Атамбаевге: “Сиз биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жакшыртууга көп эмгек сиңирдиңиз”

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-февралда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өлкөгө расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда Мамлекет башчысы Россия Президенти менен жылуу учурашып, эки тараптуу кыргыз-россиялык мамилелер маселелерин талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө абдан кубанычтуу экенин белгиледи. «Анын үстүнө быйыл 19-ноябрда бизде өлкөбүздүн жаңы Президентин шайлоо болоорун билесиз, жана мен эмитен жыйынтыктарды чыгара баштадым. Сиз менен бирге Кыргызстан менен Россия ортосундагы мамилелерди туура нукка кайтарганыбызга кубанам, ал гана эмес, биздин мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрө алдык. Өткөнү да, болочогу да бир болуп эсептелген эки өлкө үчүн татыктуу деңгээлге жеткире алдык. Бир тууган элдердин ортосундагы мамилелердин деңгээлине көтөрө алдык. Сизди Кыргызстанда көргөнүмө кубанычтуумун», - деди Алмазбек Атамбаев. Өз кезегинде Россия Президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди. «Чынында эле Сиз биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер ыкчам өнүгүп, сапаты жакшырышы үчүн көп эмгек сиңирдиңиз. Бүгүн бизде бардык багыттар боюнча кенен-кесир сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кыргызстан биз үчүн абдан маанилүү өнөктөш бойдон калууда жана соода-экономикалык чөйрөдө Россия биринчи орунду ээлерин белгилөө биз үчүн жагымдуу», - деди Владимир Путин. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россия мамилелеринин бүтүндөй комплекси, ар кайсы чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Салайдин Авазов: “Айрым партиялар бийликти гана ойлоп, элди унутушту”

Бишкек, 10-март /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларынын депутаттары эл үчүн, шаар үчүн эмес, өздөрүнүн саясий гана кызыкчылыктарын ойлоп, шаарга кыйынчылык түзүп жатышат. Мындай пикирин шаар мэри Салайдин Авазов журналисттерге ачык билдирди. Анын айтымында, бүгүн 10-мартта болуучу депутаттардын шаардык кеңешинин сессия жогорудагы аталган фракциялардын депутаттарынын сессияга келбей коюшунан улам болбой калды. Буга чейин да эки-үч жолу сессия ушундай эле себеп менен болбой калган. “Депутаттар шайланарда элге көп убадаларды беришкен, силер үчүн, шаар үчүн иштейбиз дешкен. Бирок, мандат алышкан соң, дароо өздөрүнүн кууш саясий амбициясына өтүштү. Аларга шаардын мэринин жана шаар кеңешинин төрагасынын, муниципалдык кызматтардын креслосу гана керек экен. Азыр бизде тезинен ишке ашырылуучу көп долбоорлор шаар бюджети бекитилбеген себептүү токтоп турат. Мисалы, Ленин – Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги 22 миллион сомдук жер астынан өткөөл жасоо долбоору тезинен башталышы керек эле, аргасыз токтоп турабыз. Андан башка да бир нече миллиард сомдук долбоорлор бекитилсе, биз быйыл эле түз инвестицияларды алып келмекпиз”, - дейт ал. Эскерте кетсек, шаардык кеңешке болуп өткөн шайлоолордо “Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Республика – Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП партиялары мандатка ээ болушкан. Адегенде “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары “Биримдик” көпчүлүк коалициясын түзүп, кийин ал ыдырап кеткен. Андан соң, КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары 18 добуш менен “Ынтымак” көпчүлүк коалициясын түзүштү. Бирок, коалициядагы депутаттардын добушу 21ге жетпеген себептүү шаардык кеңештин төрагасын, шаар мэрин шайлоого мүмкүн болбой жатат. Ал эми жалпысынан шаардык кеңеште 31 депутаттык мандат бар.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:13

Жогорку сотко жаңы дайындалган судья Турсунгүл Чаргинова өз милдетин аткарууга киришти

Бишкек, 17-март /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 17-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы дайындалган судьясын соттук коллегияга шайлоо тууралуу КР Жогорку сотунун Пленуму болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Пленумда Жогорку соттун судьяларынын бир добушу менен Чаргинова Турсунгүл Толепековна Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын мүчөсү болуп шайланды. Эске салсак, 2017-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Президент тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына талапкер Турсунгүл Чаргинованы жактырган. Отурумда парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынып, Т. Чаргинова парламентте ант берген.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Экс-депутат: 9% босого чеги кеп эмес! Бул үчүн болгону 135 миң добуш керек

Жогорку Кеңешке өтүү үчүн 9 пайыздык босого чегин ылдыйлатуу боюнча талашып-тартышууга эч кандай негиз жок. Анткени сөз партиялар үчүн олуттуу цифраны жаратпаган 135 миң шайлоочунун добушун алуу жөнүндө жүрүп жатат. Бул тууралуу VB.KG редакциясына экс-депутат Бакыт Керимбеков билдирди. Анын айтымында, муну жөнөкөй эле арифметика эсеби менен далилдесе болот. -Мурда, мен депутат болуп турган кезде, отчет шйлоочулардын тизмеси аркылуу берилчү. Бүгүнкү күндө мындай норма жок. Азыр отчет шайлоого добуш бергендердин саны боюнча алынат. Бизде баардыгы 3 млн шайлоочулар катталган, 9% эски эреже боюнча 270 миң шайлоочуну түзмөк. Бирок бүгүн отчет шайлоодо добуш бергендердин саны менен алынгандыктан, шайлоого тизмедеги шайлоочулардын жарымы эле келерин эске алганыбызда, башка цифра чыгат. Тактап айтканда 1,5 млн шайлоочунун 9% болгону 135 миң шайлоочуну түзүп калат. Бул сумма партиялар үчүн кеп эмес! Азыр акчанын жардамы менен мындан да көп добушту сатып алууга болот, - деди Керимбеков. Элдик депутаттар баардык мыйзамдарды өздөрү үчүн жазып алышкан, ошондуктан аларды 9 цифрасы эч тынчсыздандырбайт, деген ишеничте экс-депутат. -Мурда бизде 50% деген барьер бар эле, ага ылайык шайлоого шайлоочулардын жарымы келбей плюс 1 добуш, анда шайлоо өтпөй калды деп эсептелчү. Бүгүн андай норма жок, канча эл келсе да шайлоо өттү болуп эсептелет, - деп кошумчалады ал. Эске салсак, Жогорку Кеңешке өтүш үчүн 7% босого чекти 9 % көтөрүп өзгөртүү 2017-жылы кабыл алынган.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Ахматбек Келдибеков Садыр Жапаров жөнүндө: Кудайга койдум! (видео)

Бүгүнкү күндө соцтармактарда кайрадан Садыр Жапаровдун "Саясаттагы 10 жыл" китебин талкуулай башташты. Автор бул китебинде ачык эле айрым бир саясатчыларды жемкор жана арамза катары күнөөлөп жазган. Мисалы, автор өз китебинде Эмилбек Каптагаевди Ысык-Көлдүн биосфера аймагын жетектеп турганда коорупциялык схемаларды түзүп миллиондогон сомдорду сол чөнтөккө салгандыгын жазган. Ал эми Каптагаев кийин ММКда Жапаровдун сөздөрүн "ушак жана жалган" катары атаган. Жапаров өзүнүн "Ата Журттагы" партиялаштары жөнүндө, атап айтканда, мурда сот жообуна тартылган экс-спикер Ахматбек Келдибековду 2010-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда, "казак дос" деген бирөө берген партиянын акчаларын өзүнө ыйгарып алгандыгы тууралуу да жазган. VB.KG редакциясы бул маселе боюнча түшүндүрмө берүүсү үчүн, экс-спикер Ахматбек Келдибековдун өзүнө кайрылганында, өзү жөнүндө Жапаровдун китебинде жазгандарынын кайсынысы чын жана кайсынысы жалган экендигин ачыктады. Экс-спикердин айтымында, ал бул китепти толугу менен окуган эмес, бирок, мурдагы партиялашынын ал жөнүндө эмне деп жазганын билет. -Анын жазганынын кайсынысы чын жана жалган экендигин Садыр Жапаров гана эмес, калгандарынын баары билет. Анда жазылгандардын баары жалган жана мен аны түшүндүрүп отургум да келбейт. Ал эмне максатты көздөгөнү мага түшүнүксүз, - деди ал. Экс-спикер Ахматбек Келдибековдун Садыр Жапаров жөнүндөгү маегин толугу менен VB.KG редакциясынын репортажынан көрүүгө болот.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Профсоюздардын төрагасы Асанакунов "калп эле оорумуш болуп" жүрөбү?

Кыргызстандын профсоюздар Федерациясынын төрагасы Асанакунов ооруканада дарыланып жатышы керек эле, анын ордуна эс алып кафешкаларда отурат. Мындай элдик жаңылыкты VB.KG редакциясына окурман жазып жиберген. -Азыркы убакта Асанакунов Кыргызстандын профсоюздар Федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү менен жолуккандан качып жүрөт. Анткени бул кеңеште Федерациянын төрагасын кайрадан шайлоо маселеси каралмак. Асанакунов муну билип алып "калп эле оорумуш болуп", Жогорку Кеңеште мыйзамдын үчүнчү окуудан өтүшүн создуктурууда. Бул фотосүрөттө анын борборубуздагы кафелердин биринде отурганы тартылган", - деп жазган ал.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Активисттер: Ар бир башкаруучу өз иши үчүн жооп берүүгө тийиш

Бишкекте жарандык активисттер митингге чогулуп, бир нече талаптарды коюшту. Ошону менен бирге алар Кыргызстандын президентинен коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү жана бир мандаттык шайлоону кайра киргизүүнү талап кылышты. Бул иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, "Элет көйгөйү" КУ төрагасы Марипа Алыйкулованын айтымында, алар президенттин коррупция менен күрөшүн колдошот. -Биз, жарандык активисттер, президент менен бирге коорупция менен өз күрөшүбүздү баштадык. Азыркы кезде биздин шайлоо жана шайлануу боюнча конституциялык укугубузду кайтарып берүүнү талап кылабыз, - деди ал. Сиздин конституциялык укугуңуз кайсы жеринен бузулду деп эсептейсиз? -Мисалы, биз мурда бир мандаттык шайлоодо шайланган депутатка кайрылып жана андан биздин укуктарыбызды коргоосун талап кыла алсак, ал эми азыр мындай мүмкүндүктөн ажыраганбыз. Сиз бир мандаттуу шайлоону кайра киргизүүнү каалайсызбы? Албетте, биз ошону каалайбыз. Анткени байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым тереңдеп кетти, эгер бул процессти токтотпосо, биз мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Биз ата-бабаларыбыздын мурасын келечектеги тукумдарыбызга өткөрүп беришибиз керек, эгер мамлекеттүүлүгүгүбүздү жоготуп ала турган болсок, эмнени бермекчибиз. Анда эмне үчүн аянтка чыккан жоксуз? -Биз аянтка чыгууну каалаганбыз, бирок, бюрократиялык бут-тосмойлор кимди болсо да акылынан ажыраткыдай. Айтыңызчы, сиздин оюңузча, президенттин өзү коррупция боюнча жоопкерчилик тартышы керекпи? -Күрөштү ал баштабадыбы, демек жоопкерчиликти тартат. Жөнөкөй эл ага жардам берет. Мурдагы төрт президенттин баардыгы бирдей ката кетиришти. Ишке жоопкерчиликсиз мамиле жасагандар эртеби-кечпи жооп бериши керек. Ар бир башкаруучу өз иши үчүн жооп берет. Ошондуктан бул президнт да элдин эркине каршы бара турган болсо, ага да жоп берүүгө туура келет. Иш-чараны VB.KG репортажынан көрсөңөр болот.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:24

Азимбек Бекназаров президенттике талапкерлигин койду

БШКга Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу жараны, 1956-жылдын 5-ноябрда туулган, жеке адвокат — Бекназаров Азимбек Анаркуловичден арыз келип түштү. 2017-жылдын 17-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 25 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров ). -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партия көрсөткөн. (Т.Сариев — «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков-«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы).

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:24

«Ата Мекен»: Текебаевдин документтери БШКга тапшырылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышат. 18-июнда Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү шайлоого тиешелүү документтерин Боршайкомго тапшырды. Бул тууралуу анын ишенимдүү өкүлү,: «Биз, Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү президенттикке талапкерлерден алдын ала алынуучу документтерди Боршайкомго тапшырдык. Мурда «Ата Мекен» партиясы Текебаевди президенттикке талапкер кылып көрсөткөн. Ошентсе да, Өмүрбек Чиркешовичтин жеке чечими менен ал Баш мыйзамдагы укугун пайдаланып, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого катышмакчы», – деп «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Канатбек Азиз «Азаттык» радиосуна билдирди. Канатбек Азиздин айтуусунда, БШК Өмүрбек Текебаевдин документтерин алганы тууралуу кагаз жүзүндө бекемдешкен. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда чет мамлекеттен кайтып келе жатканда кармалып, камакка алынган. Ага «Мегаком» ишканасына байланыштуу коррупцияга аралашкан деген айып тагылган. 26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалуу. Текебаевдин үстүнөн соттук териштирүү Биринчи Май райондук сотунда жүрүүдө. Кыргызстанда президентик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Буга байланыштуу БШК 15-июндан тарта президенттикке ат салышууну каалаган жеке адамдарга жана саясий партиялар талапкерлерин сунуштоого расмий уруксат берген. Бул жараян 1-августка чейин улантылат. 10-сентябрга чейин талапкерлердин так тизмеси аныкталат.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:24

БШК референдум өткөнүн расмий жарыялады

Кыргызстанда конституциялык референдум өткөнү расмий жарыяланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкө боюнча референдумда 1 миллион 190 миң 752 адам же жалпы шайлоочулардын (2 миллион 851 миң 952 кишинин) 42,28% добуш берген. Жалпысынан 79,63% же 948 миң 185 шайлоочу Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдоп, 15,55% же 185 миң киши каршы болгон. Бюллтендердин 4,8% жараксыз деп табылган. Референдумга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, судьялардын ыйгарым укуктарына жана жарандардын укуктары менен эркиндигине байланышкан Конституцияга 26 өзгөртүү киргизүү маселеси алынып чыккан. 2016-жылдын 11-декабрында өлкөнүн 22 шаардык, 389 айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөн.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:25

КМШ ПААнын байкоочулар миссиясы өткөн шайлоолор менен референдумга жогору баа берди

Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү бүгү Жогорку Кеӊеште маалымат жыйын өткөрүп, 11-декабрдагы жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоолор менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жогорку деӊгээлде өткөнүн билдирди. КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын координатору, Армениянын Улуттук жыйынынын (парламентинин) төрагасынын орун басары Эдуард Шармазанв, Азербейжандын Милли Мажилисинин Саламаттык сактоо комитетинин төрагасынын орун басары Муса Гулиев, Тажикстандын Оли Мажилисинин Номаяндоган МажилисининЭнергетика, өнөр жай, курулуш жана коммуникациялар комитетинин мүчөсү Абдуназар Хисрав, КМШ ПАА Кеӊешинин башкы катчысынын орун басары Айк Чилингардян Кыргызстанда болгон төрт күндүн ичинде Жогорку Кеӊештин жана Өкмөттүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги, референдум боюнча «Макул» жана «Каршы» топтору менен бир катар жолугушууларды өткөрүшкөнүн белгилешти. Ошондой эл, КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарында, Чүй облусунда өткөн шайлоолор менен референдумдун жүрүшүнө байкоо жүргүзүшкөнү белгилүү болду. «Электрондук добуш берүү усулу адам факторунун шайлоо жүрүмүнө аралашуусун кыйла чектейт. Шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү деп тартынбай эле айта алабыз», — дейт ал. Маалымат жыйындын катышуучулары электрондук добуш берүү менен шайлоочулардын добуш сатып алуусу боюнча жоопкерчилик чараларын катаалдаштырууга багытталган мыйзам долбоору башка өлкөлөрдүн да көӊүл буруусуна арзый турганын белгилешти.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:29

АЛЕКСАНДР ЛУКАШЕНКО 6-ЖОЛУ БЕЛАРУСЬ ПРЕЗИДЕНТИ БОЛУП ШАЙЛАНДЫ

9-августта Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБдеги өнөктөшү Беларуста кезектеги президенттик шайлоо өттү. Ага өлкөнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко баштаган 5 талапкер катышып, Лукашенко жеңип чыкты. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 10-августта добуш берүүгө шайлоо чулардын 84,23 пайызы катышканын, анын 80,23 пайызы Лукашенко үчүн добуш бергенин жарыялады. Лукашенконун башкы атаандашы делген Светлана Тихановская 9,90 пайыз добуш алса, калгандары 2 пайызга жетпеген добуш алышты. Александр Лукашенкону кайра президенттикке шайланышы менен биринчилерден болуп Орусия, Кытай, Казакстан жана Кыргызстандын өлкө жетекчилери куттукташты. Беларустагы бул жолку шайлоо ызы-чуу менен коштолууда. Шайлоо нун жыйынтыгына макул эмес миңдеген жарандар Минсктин борбордук бөлүгүнө топтолуп, ызы-чууну басууга күч кызматкерлери тартылды. Чогулгандарды күчтөп таратууда каза болгондор, жаракат алгандар болду. Минск шаарында абал турукташа элек. Айта кетсек, Александр Лукашенко Беларусь өлкөсүн 1994-жылдан бери башкарып келе жатат. Ал “Европанын акыркы диктатору” деп да аталып жүрөт.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:30

“ШООПУР” КАЙМАНА АТТУУ ИКРАМЖАН ИЛМИЯНОВ ЖАТАК АБАККА КОТОРУЛДУ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, мурдагы айдоочусу, учурунда Ак үйдөгү “серый кардинал” аталып да жүргөн Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулду. Мындай чечимди 21-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды. Ал жазасынын калган мөөнөтүн №47 абактан эмес, Чүйдүн Молдовановка айылындагы №26 жатак абакта өтөмөкчү. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Илмияновдун жатак абакка которулганы тууралуу буларды билдирди: “19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, Илмияновдун жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскарткан. Мындан тышкары эки мунапыс колдонулган. 21-июлда ЖАМКнын атайын комиссиясынын чечими менен ал жатак абакка которулган”. Эскерте кетсек, Икрамжан Илмиянов Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 2017-жылкы президенттик шайлоо до “Дизель комплект” деген компаниядан сый акы жана демөөрчүлүк үчүн 150 миң доллар алган деп айыпталып, 2019-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылган. Ага 160 миң сом айып салынып, үй мүлкүн конфискациялоо чечими чыккан. Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча күнөөлүү деп табылган. Илмияновго иштеген мунапыс, жаза мөөнөтүн кыскартуу өңдүү процедуралар абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровго карата иштебей келе жатат. Кошумчалай кетсек, Икрамжан Илмиянов 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жардамчысы, 2011-2012-жылдары президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, 2012-жылдын октябрынан 2015-жылдын апрелине чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматтарын аркалаган. 2015-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштеген. 2017-жылы Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп эмгектенген.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:30

БИР БҮРКҮМ. 31-ИЮЛЬ КУРМАН АЙТ...

20-июлдан тарта абитуриенттерди ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу башталды. БШК быйыл парламенттик шайлоо го кетчү чыгымды 446 миллион 900 миң сом деп бекитти. Өлкөдө 22-июлга карата коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин саны 2478ди түздү. Курман айт майрамы быйыл 31-июлда белгиленет, көп элди чогултуучу Айт намазы окулары же окулбай турганы чечиле элек. Бишкек мэриясы: “Шаарда убактылуу стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда”. 22-июлда Стамбулдан Бишкекке 341 Кыргыз жараны кайтып келди. Билим берүү жана илим министрлиги: “Сентябрда мектептер кадимкидей иштей баштайт деген маалымат жалган”. Сузак районунда 15 жашар кыз бир тууган агасынан көз жарды. Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев COVID-19 илдетинен көз жумду. Саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууган агасы Каныбек Ташиев дүйнө салды. Чек ара кызматкери, өзү иштеген мекемедеги коррупциялык иштер тууралуу айтып чыккан Талант Аланов 21-июлда жүрөк оорусунан каза болду. 21-июлда Кара-Суу районунда 13 жаштагы өспүрүм жигитке чагылган тийип, ал каза болду. Ушул жылдын 6 айында республикалык бюджетке салык жана бажы төлөмдөрү пландагыдан 14 миллиард сомго аз түштү. Өкмөт: "Ооруканаларды кышка даярдоону күчөтүү керек". Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйүндө Cоvid-19 илдетине чалдыккан 55 эне дарыланууда.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика

Алдыдагы парламенттик шайлоого аттангандардын эң кичүүсү 21 жашта болсо, аксакалы 80ди таяп калгандар. Талапкерлердин жаш курагы тууралуу жана башка кызыктуу маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан ала аласыздар.Sputnik Кыргызстандын кабарчылары Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарыялаган тизмеге талдоо жүргүзүп, партиядагы талапкерлердин орточо жаш курагын эсептеп чыкты. Ага ылайык, " Бир Бол " эң жаш партия экени белгилүү болду, анын талапкерлеринин орточо курагы 37 жашты түзөт. Артында "Реформа" менен "Ата Мекен" турат. Булардын орто жашын эсептегенде 38-39 жашты көрсөттү. Баары 21де. Жогорку Кеңешке аттанган эң жаш 10 талапкердин билими, иштеген жери Андан кийинки партиялардын "жашы чоңоюп" кете берет. "Социал-демократтардын" орточо курагы 46 жаш. Ал эми "Мекен ынтымагы", "Кыргызстан" жана "Биримдик" партияларынан депутат болууга ниеттенип жаткандардын орточо курагы 45 жашты түзөт. Партиялардын жарымынан көбүндө жок дегенде бирден 21 жаштагы талапкери бар. Ошол эле учурда "Мекен ынтымагы" партиясынын тизмеси менен 80 жаштагы киши ат салышууда. Баса, редакция кайсы партия катарына бекерпоздорду көбүрөөк чогултканы туурасында да инфографика жасады .

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники