О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
11 сентября 2020 г. 1:35

COVID-19: Бишкектеги ооруканаларда 245 бош орун бар

Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 19-августта саат 08:00гө карата Бишкек шаарындагы стационарлардагы бош орундар тууралуу маалымат берди. Стационарлардагы бош орундар: — Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы – 148 орун; — №2 төрөт үйү– 45; — Улуттук госпиталь – 8; — Улуттук хирургия борбору – 4; — Улуттук кардиология жана терапия борбору – 24; — Улуттук фтизиатрия борбору – 16.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:08

Мирлан Калыбеков:

Мирлан Калыбеков: “Тоодой түйшүк тартып мал баккандардын эмгеги акталбай калууда” “Нарын облусу мал киндиктүү, жайыты кенен, берекелүү жер. Ошентсе да бул өрөөндө малдын наркы төмөн, ал эми малдын териси жана жүнү иштетилбейт”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Калыбеков Ат-Башы районунун эли менен болгон жолугушууда билдирди. Айтымында, кайра иштетүүчү ишканалар жок болгондуктан малдын териси, жүнү өрттөлүп кетет. Мындан улам тоодой түйшүк тартып мал баккандардын эмгеги акталбай калууда. “Бул көйгөйдү чечүү үчүн малдын этин, терисин, жүнүн кайра иштетүүчү ишканаларды салууга инвестиция тартуу Өкмөттүн приоритети болушу керек!”-деди Мирлан Калыбеков. Эске салсак, “Бир Бол” партиясынын мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Чынар Капарова, Нурсултан Кубанов жана Мирлан Калыбеков баштаган башка талапкерлер Ат-Башы районунун эли менен жолугушту.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:17

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Акан Иманов үгүт иштерин өзү туулуп өскөн Ысык-Ата районунда жүргүзүүдө.

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Акан Иманов үгүт иштерин өзү туулуп өскөн Ысык-Ата районунда жүргүзүүдө. Ал Сын-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Бириккен, Совет айылдарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Анда элеттиктерди кызыктырган маселе – айыл-чарба багытында сөз болду. “Элеттиктердин бакубатчылыгы, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү мамлекеттин приоритеттүү багыты болушу керек. Дыйкандардын өнүмдөрүн кабыл алуучу жана кайра иштетүүчү ишканаларды ачып, мамлекеттик сатып алууну жөнгө салуу менен элеттиктердин негизги көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле, дыйкандарга үрөн жана жер семирткич жагынан колдоо көрсөтүү – элеттиктердин ишин илгерилетет”, - деди А. Иманов. Ал көп жылдар бою колдонулбай жаткан, асылдуулугу төмөн жерлерди узак мөөнөттүү ижарага берүү үчүн тийиштүү мыйзамды даярдоо керектигин кошумчалады. Эске салсак, Сын-Таш айыл өкмөтүндө көп улуттун өкүлдөрү жашайт.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:18

Зарина Чекирбаева:

Зарина Чекирбаева: “Мен Кыргызстанга инвестиция тартууга даярмын! Сизчи?” Көбү бишкектик деп ойлогон менен, Зарина бийик тоолуу Нарында туулуп-өскөн. Музыкалык мектепте баян классын аяктаган. Жакшы ырдайт. Облус боюнча биринчилерден болуп сынактан АКШга билим алууга өткөн 3 окуучунун бири. БААУда студенттик өкмөттүн негиздөөчүсү. 1-курста студенттер менен биргеликте 5000 долларлык долбоорду утуп алышып, Бишкек боюнча таштанды челектерин орнотушкан. Ишкер айым. Американын Кыргызстандагы соода палатасынын аткаруучу директору. Орто Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн ишкерлерин АКШдагы Кремний өрөөнүнө (Силиконовая долина) кызматтык сапарларын уюштуруучу жалгыз уюмдун негиздөөчүсү. Бизнес өкүлдөрүн Facebook, Google, Amazon сымал ири технологиялык корпорацияларга алып барып турат. Ошондой эле Кыргызстанда биринчилерден болуп “Made in KG” эл аралык жарманкесин өткөргөн.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:20

30 жыл мурда бирдиктүү кубаттуу мамлекетке кирген өлкөлөр менен биздин жалпы тарыхыбыз евразия духу менен бириккен.

30 жыл мурда бирдиктүү кубаттуу мамлекетке кирген өлкөлөр менен биздин жалпы тарыхыбыз евразия духу менен бириккен. ⠀ Жакшы кызматташтык мурастарды сактоо – туура жол. Ыймандуу коңшулук – биздин аймактын өркүндөөсүнө жетүү шарты. Жана геосаясий коомчулуктун эң жүрөгүндө – Кыргызстан, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолу даярдалган мекенибиз. Өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызды унутпай, кызматташтыктын жаңы векторун түзүп жатабыз! ⠀ «Биримдик» партиясы – бул сиздин туура чечимиңиз.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:23

Жаштар өзгөрүүлөр үчүн 👍 Республика үчүн

Жаштар өзгөрүүлөр үчүн 👍 Республика үчүн __ Бизди колдосоңуз, личкабызга кайрылсаңыздар болот

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:25

Алишер Козуев "Мекеним Кыргызстан" партиясынын атынан чыккан жаш талапкер.

Алишер Козуев "Мекеним Кыргызстан" партиясынын атынан чыккан жаш талапкер. 37 жашта болсо да көп жетишкендиктерге жетип, 5 баланын атасы болду. Айыл чарба тармагында, логистика жана соода-сатык жаатында бизнестерин ачып, ийгиликтүү иштеп жатат. Ал өзүн спортчу катары да калыптандырды. "Мекеним Кыргызстан" партиясы дүйнө таанымы кенен, кайсы бир тармакта ийгилик жаратып жаткан жаштарга басым жасайт. "Мекеним Кыргызстан" - ар бир кыргызстандыктын партиясы. *** Алишер Козуев, молодой кандидат от партии «Мекеним Кыргызстан». В свои 37 лет, Алишер добился многого. Стал отцом 5 детей. Создал успешный аграрный, логистический и торговый бизнес. Реализовал себя, как спортсмен. Партия «Мекеним Кыргызстан» делает ставку на молодых успешных людей с широкими прогрессивными взглядами. Партия «Мекеним Кыргызстан» - партия каждого кыргызстанца.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:24

Аваз Акимов: Мен жаркын келечек үчүн "Республика" партиясын тандайм

Аваз Акимов: Мен жаркын келечек үчүн "Республика" партиясын тандайм "Республика" партиясы добуш алууда геометриялык прогрессия менен келе жатат. 2010 - жылы : 200 миңден ашуун добуш. 2015 - жылы : 300 миңден ашуун добуш. 2017 - жылы : 600 миңден ашуун добуш 2020 - жылы Кудай буюрса, 1 миллион добуш алабыз) Биздин катарга кошулуңуз. Биздин жол - Алдыга жол!

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:28

Урматтуу достор

Урматтуу достор, Силердин колдооңор аркылуу "Реформа" партиясы шайлоого катышып жатат🙏 Жөнөкөй жарандар 5 миллион сом чогултуп берди 🇰🇬 Көпөстөрдүн жана коррупционерлердин партиясы менен күрөшүүгө алар да кайдыгер караган жок. Ар бир жаран өзүн эркин сезе алган бакубат өлкөнү куруу биздин максат. Жеңишке жетүү үчүн ар бир шайлоочуга үнүбүз жетиш керек🔈 Ал үчүн кайрадан сизге кайрылып жатабыз. Кыргыз эли кыйынчылык башына түшкөндө жалпы максат үчүн бириге аларын көргөздү. Элибиз ар бир коррупционер жана уурудан күчтүү. Эгемен жана бай өлкөнү курууга убакыт келди. Баарыбыз бир бул жеңишке жетебиз. ⠀ Сиз каалаган суммаңызды которо аласыз. 20, 50, 100 сом. Сиздин бөлүшкөнүңүз да чоң жардам

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:17

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлери ЕККУнун Кыргызстандагы шайлоо жараянына байкоо салчу миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлери ЕККУнун Кыргызстандагы шайлоо жараянына байкоо салчу миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Партия төрагасы Мирлан Бакиров "Мекеним Кыргызстан" ар дайым таза шайлоо өтүүсүн колдоп келгенин белгиледи: "Биз шайлоо мыйзам чегинде, таза жана акыйкат өтүүсүн каалайбыз. Съездде эле атаандаштарыбызды добуш сатып алуу, административдик ресурс, бири-бирин каралоо сыяктуу ыкмаларды колдонбой, ачык-айкын, таза шайлоо өткөрүүгө чакырганбыз. Бул мыйзамда так көрсөтүлгөн *** Руководство избирательной кампании партии "Мекеним Кыргызстан" встретилось с представителями миссии ОБСЕ, которые будут следить за ходом выборов в стране. Председатель партии Мирлан Бакиров отметил, что "Мекеним Кыргызстан" всегда выступал за проведение честных выборов: "Мы за демократические выборы, мы за прозрачность, мы за законность. Начиная с проведения съезда, мы всегда призываем наших оппонентов бороться открыто, прозрачно, не использовать грязные технологии, мы против подкупа, мы против административного ресурса. У нас в законодательстве все четко прописано".

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:31

Нарын - "Алдыга жолду" тандады✅

Нарын - "Алдыга жолду" тандады✅ "Республика" партиясынан чыккан жаш талапкер, жеке ишкер Илгиз Сарылдык уулу Нарын облусунун тургундары менен жолугушууну улантууда. Илгиз Сарылдык уулу жумуш орундарын көбөйтүү боюнча башка мүмкүндөргө токтоп жеңилдетилген насыялар, салыктар системасын өзгөртүү, бизнести курууга жеңил шарттарды түзүү маселесин басмалады. «Беш салыктын ордуна бир гана салык калтырабыз! Азыркы татаал Салык Кодексин жоёбуз. Салык канчалык жөнөкөй болсо, ошончолук көп жумуш орундары түзүлөт. Көмүскө экономика жоюлат. Коррупция жоголот», – деген ойлору менен бөлүштү Илгиз Сарылдык уулу. Нарындын тургундары, ак батасын беришип, жаш талапкерибизди коллоого алышып, "Алдыга жол" программасын колдой турганын билдиришти.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 19:05

Ордо №12

Урматтуу мекендештер, бүгүн саат 20:00дө, КТРК телерадиокомпаниясынын түз эфиринде боло турган Жаштар теледебатын өткөрүп жибербеңиздер! Туура танда! Ордо №12

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:06

Минскидеги нааразылык акциясында 200гө жакын адам кармалды

6-сентябрда президент Александр Лукашенкого каршы «Биримдик маршына» чыгып, кармалган 200 чамалуу адамдын тизмесин «Весна» укук коргоо борбору сайтына жайгаштырды. Тизме улам жаңыланууда. Беларус Ички иштер министрлиги болсо 100дөн ашуун адам кармалганын билдирди. Укук коргоочулар жана журналисттер Беларустун Гродно, Брест, Баранович, Могилёв, Витебск шаарларында демонстранттар кармалганын маалымдашты. Tut.By басылмасы күбөлөрдүн маалыматына таянып, Гроднодо полиция демонстранттарга күч колдонгонун жазып чыкты. Минскиде кармоо учурунда бир адамды «Тез жардам» алып кеткен. «Интерфакс» агенттиги трактор заводуна жакын жерде полиция менен кагылышуудан соң «Тез жардамга» бир нече киши кайрылганын билдирди. Кармалгандардын арасында оппозициялык Координациялык кеңештин мүчөсү Ольга Павлова, «Экодом» компаниясынын башчысы Ирина Сухий жана «Радио Рацыянын» журналисти Артём Сизинцов бар. Журналисттердин эсебинде, Минскиде 6-сентябрда нааразылык акциясына 100 миңге жакын киши чыкты. «Голос» кыймылы 119 миң адам чыкканын билдирди. Беларуста соңку президенттик шайлоодо азыркы президент Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыяланган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес жана жарандарды тынч нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн. Ошондон бери Минск баштаган бир катар шаарларда миңдеген адам Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жапырт каршылык акцияларына чыгып жатат.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Балбак Түлөбаев көл жергесинде саясий партиялар берип жаткан убадаларды "космоско" теңеди

Ысык-Көл жергесине Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп барган Балбак Түлөбаев парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын жергиликтүү калкка берип жаткан убадаларын космоско теңеген. Ал мындай пикирин өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Балбак Түлөбаев 2018-жылдан бери Бишкек шаардык мэриясынын Аппарат жетекчиси кызматында эмгектенип жүрүп, быйыл жай айында көл жергесине Ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалган. Ал социалдык тармактарда активдүү отургандыктан, көпчүлүк жарандын кайрылуусун түз кабыл алып, тийиштүү жоопторду жазып турат.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Президент Алмазбек Атамбаев Ивета Григуле башчылык кылган Европарламенттин өкүлчүлүгүн кабыл алды

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-февралда Европа парламентинин Борбор Азия өлкөлөрү жана Монголия менен кызматташуу боюнча өкүлчүлүгүнүн Төрайымы Ивета Григуле башында турган Европарламенттин өкүлчүлүгүн кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда өз ара аракеттешүүнүн негизги багыттары боюнча Кыргызстан менен Европа Бирлиги ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын маселелери талкууланды. Эл аралык жана регионалдык олуттуу маселелер боюнча пикирлер айтылды, саясий жана экономикалык реформалар, ошондой эле кийинки жылдары Кыргызстанда ишке ашырылган демократиялык өзгөрүүлөр, анын ичинде референдумда кабыл алынган Конституцияга оңдоолор талкууланды. Ошондой эле жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа Бирлигинин Институттарына баруу менен Белгияга жана Германияга жакында болгон сапарынын жыйынтыктары талкууланды. Президент европалык лидерлердин толук түшүнүүсүн жана колдоосун тапкандыгын белгиледи жана европалык өнөктөштөр менен мындан ары кызматташуу активдеше турганына ишеним билдирди. Андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев Европарламент өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрү менен быйыл боло турган президенттик шайлоолорго даярдыкты талкуулады. Мамлекет башчысы Кыргызстанда шайлоолор таза жана ачык өтүп жатканын, алардын жыйынтыктары жарандардын жана шайлоо процессинин катышуучуларынын шектенүүсүн туудурбай турганын баса белгиледи. Ивета Григуле Европарламент өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрүнүн атынан европалык баалуулуктарды жактаган өлкө Президенти менен жолугушууга мүмкүнчүлүк үчүн чын ниеттен ыраазычылык билдирди.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники