О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 1:53

"Мекенчил" Тоңдо. Жумабай Садыбакасов: Парламентке Ташиев менен Жапаровдой мекенчил, жаштарга элге-жерге болгон сүйүүсү менен күч берген депутаттар барышын каалаймын

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Тоң районуна барды. "Мекенчил" саясий партиясынын Тоң районундагы шайлоочулар менен жолугушуусунан кийин райондун тургуну Жумабай Садыбакасов Камчыбек Ташиев тууралуу пикирин төмөнкүдөй билдирди: -Мен Камчыбек Ташиевдин элге келип жолугушканына абдан ыраазы болдум. Аны чыныгы мекенчил инсан деп эсептейм. Баткенде өткөндө чек арада тажиктер менен болгон ызы-чууда бир дагы бийликтен басып барып ал-акыбалын сурап койгон жок. Ташиев ошол жакка барып, 85 жаштагы абышка менен байбичеге үй салып берди. Бирок аны азыр айтып мактанган жок. Элдин баары ушундай мекенчил, жаштарды туура жолго салып, эл-жерге болгон сүйүүсү менен күч бере турган депутаттардын парламентке барышын кааласа керек. Садыр Жапаров экөө элге кызмат кылып беришсин деген ниетим бар. Садыр Жапаровдун абакта жатканына ичим ачышат. Чындыкты сүйлөп, чындык үчүн күрөшүп жатканда абакка камап койгону баарыбызга оор болду.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:53

Шайлоого катышчу партиялардын бюллетендеги катары аныкталды

9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын бюлеттендеги катарын аныктады. Чүчүкулак жолу менен жүргөн номур ыйгаруу төмөнкүдөй болду: 1) «Биримдик» 2) «Мекенчил» 3) «Ыйман Нуру» 4) «Мекеним Кыргызстан» 5) «Реформа» 6) «Ата Мекен» 7) «Замандаш» 8) «Бүтүн Кыргызстан» 9) «Социал-демократтар» 10) «Мекен Ынтымагы» 11) «Афган согушунун ардагерлери» 12) «Ордо» 13) «Бир Бол» 14) «Республика» 15) «Кыргызстан» 16) «Чоң Казат» Эскерте кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Шайлоо – 2020: Чүчүкулак кармоо аркылуу партиялардын катар номерлери аныкталды – тизме

Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги катар номерлерин аныкташ үчүн чүчүкулак кармоо орун алды. Чүчүкулак кармоонун жыйынтыгында партиялардын катар номерлери аныкталды. 1. «Биримдик»; 2. «Мекенчил»; 3. «Ыйман нуру» 4. «Мекеним Кыргызстан»; 5. «Реформа»; 6. «Ата Мекен»; 7. «Замандаш»; 8. «Бутун Кыргызстан»; 9. «Социал-демократы»; 10. «Мекен ынтымагы»; 11. Партия ветеранов Афганистана; 12. «Ордо»; 13. «Бир Бол»; 14. «Республика»; 15. «Кыргызстан»; 16. «Чон казат». Шайлоо бюллетенине жазылчу партиялардын катары чүчүкулак аркылуу аныкталат, алардан тышкары «Баарына каршы» деген графа болот. 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлооо 4-октябрда өтөт. Акипресс

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Өзү таза болбогон Арабаев таза шайлоо жөнүндө ой жүгүртүп жатат

Таза шайлоо өткөрүү темасы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун астында абдан талкууланчу темага айланат. Бул максатта “Азаттык” радиосу юридика илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы башчысы Чолпонкул Арабаевди чакырган экен. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Арабаев шайлоону таза өткөрүү жана башка жогорку материя жөнүндө философиялык ой толгоолорун айтып берген. Бирок таза иш алпаруу тууралуу кимдер гана сөз кылбайт? Эгер Арабаевдин биографиясын карап көрсө, анын колу деле мындай таза иштерден алыс экен. Ал 90-жылдары Аскар Акаевдин учурунда, мамлекет башчысынын администрациясында юридикалык бөлүмдүн башчысы болгон. Ошондо дал ушул Арабаев жийиркеничтүү, таза эмес шайлоолорду өткөрүүнүн негиздерин мыйзамдарга киргизген. Бакиевдин учурунда “май көл-сүт көл” орун болуп саналган Мамлекеттик кадр кызматында директор болуп иштеген. “Арабаев, Юстиция министринин орун басары болуп турганда бир топ ууру-кески, акмактарды түрмөдөн бошотууга жардам берген” деп айтышат аны тааныгандар. Улуттук илимдер академиясын башкарып иштеп турганда академиянын гаражын менчиктештирүүгө абдан кызыкдар болгон экен. Дегеле Арабаевди дасыккан паракор деп аташат. КРСУда студенттерди окууга өткөрүүдө акча жасаганы, анын башчылыгында юридикалык факультет баары пара менен чечилген факультетке айланып, окутуучулар студенттерден уялбай-этпей эле пара алып калышканы айтылат. Андыктан, таза шайлоо жөнүндө башкалар айтышса дагы, Чолпонкул Арабаев айтпай эле койсо.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Адахан Мадумаров: “Сот биздин сөзүбүздү далилдеди”

Бишкек шаардык административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын канааттандыргандан кийин партиянын лидери Адахан Мадумаров журналисттерге бул окуяны комментарийледи: -Биз ушул кезге чейин айтып келген Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарынан чыгып кетти, саясий иштер менен алек болуп, мыйзамды карабай калды деген сөзүбүздү азыр сот толугу менен далилдеди, мойнуна коюп берди, -деди Мадумаров. Ал ошондой эле колдоочуларына ыраазылык билдирди: -Мен сырттагы биздин колдоочуларга, Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда, Россияда иштеп жүргөн кыргыздарга терең таазим этип, ыраазычылык билдирем. Суу ичпей,тамак жебей 9-10 саат туруунун өзү Кыргызстан жарандарынын конституциялык укугун кайра колуна алуу ышкы күчтүү экенин, элдин үнү каалаган жерге жеткире ала турганын далилдегени үчүн мен терең ыраазычылык билдирем. Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрылган. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Сот "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын доо арызын канааттандырды

Бүгүн, 9-августта, Бишкек шаардык административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын БШКнын шайлоого каттабай койгон чечими боюнча доосун канааттандырды. Бишкек шаарынын административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева сот чечими менен тааныштырды. -"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылсын. БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын». Эми "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлерин БШК шайлоого каттоо чечимин күтүү керек. Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрылган . Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан. Сүрөт: "ПолитКлиника" медиасы.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Баш прокуратура: Шайлоого байланыштуу 22 мыйзам бузуу катталган

Шайлоого даярдануу мезгилинде жалпысынан республика боюнча кылмыштар жана жоруктар реестрине 22 материал катталып, ички иштер органдары тарабынан каралууда. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Баш прокуратура жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторингде негизинен шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 195-бер.) , административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 87-1-бер.) , шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-бер.) жана шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 42-3-бер.) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлгөнөн белгиледи. Башкы прокуратура ошондой эле кимдерге үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынарын атап кетти: Алар: -мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер; - мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар; - атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар; -шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү; -байкоочулар: -эл аралык байкоочулар; -диний ишмерлер; - кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү: - 18 жашка чыга элек адамдар: - чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар; - жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт. Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө; же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынгандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Башкы прокуратура шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынарын эскертти.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:57

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотто шайлоого катышуу укугун алды

9-сентябрда Бишкектин административдик сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралды. Административдик соттун чечими менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоого катышуу укугун алды. Аталган партиянын жүздөгөн тарапкерлери соттун алдында “акыйкат чечим “Бүтүн Кыргызстанга”- деген ураандар менен күнү бою акыйкат чечим күтүп турду. Адахан Мадумаров соттун чечимине коментарий берип жатып: “Сыртта бир канча саттан бери тамак ичпей, суу ичпей “Бүтүн Кыргызстандын” тагдырына кайдыгер карабай акыр-аягына чейин биз менен бирге турган тарапташтарыбызга терең таазим этип ыраазычылыгымды билдирем. Сот акыйкат чечим кабыл алды”-деди. Эске сала кетсек, БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:57

Шайлоо-2020. Жалпы 221 талапкерге карата иш козголгон

БШК саясий партиялардан катталган талапкерлердин бардыгын текшерип бүттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат. Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 1641 адамда мыйзам боюнча эч кандай көйгөй болгон эмес, дагы 221 адамдын соттолгону же алынып салынган, же кандайдыр бир себептер менен иш сотко жетпей жабылган. Дагы 50 талапкердин сот чечими болгон эмес. БШК бул боюнча Жогорку Соттон маалымат сураган: беш талапкер Кылмыш кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылган (соттуулукка алып келбейт). 26 адам акталган же иш кыскартылган, дагы 19унда иш каралып жатат же эч кандай чечим жок. Эскерте кетсек, мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу жоюлбаган адам президенттикке, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

Шайлоо 2020. Сот Турсунбай Бакир уулунун өтүнүчүн канааттандырган жок

Бишкек административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын шайлоого катышуу үчүн саясий уюмду каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимине даттануусун кароону улантууда. Судья Анара Эгембердиева БШКнын чечими жумушчу топтун мурунку эл депутаттын арызы боюнча чечиминин негизинде, ал эми арыздын өзүн канааттандыруу мүмкүн эмес деп түшүндүрүп, баш тартты. Мындан тышкары, соттун чечими Турсунбай Бакир уулунун партиянын тизмесине калыбына келтирилишине эч кандай таасирин тийгизбейт. Эскерте кетсек, БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстанды” каттоого каршы добуш беришкен. Мурунку акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу саясий бирикменин лидери Адахан Мадумаров тизмедеги буйрукту өзгөртүп, экс-эл өкүлүн тизмеден чыгарган деген негизде Борбордук шайлоо комиссиясынан “Бүтүн Кыргызстан” партиясына каттоодон баш тартууну талап кылган.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:12

Өлкөбүз үчүн маанилүү күн келе жатат. Ушундай оор кырдаалда, эл үчүн чын жүрөктөн иштеп бере турган уул-кыздар керек.

Өлкөбүз үчүн маанилүү күн келе жатат. Ушундай оор кырдаалда, эл үчүн чын жүрөктөн иштеп бере турган уул-кыздар керек. Соттордогу башаламандыктарды токтотуп, адилеттүүлүктү орноткон, элге иш бере турган, эл үчүн күйгөн, ар бир жаранга тегиз мамиле кылган, сөз эркиндигин туу туткан, чындыкты коркпой бетке айткан, эскирген системаны талкалаш үчүн эрки жана духу күчтүү адамдар керек. Силердин колуңардан келеби? Анын баарына даярсыңарбы? БИЗ ДАЯРБЫЗ!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

Номурлары аныкталды: Шайлоого аттанган партиялар бүгүн түнү чүчү кулак алышты

Бүгүн, 9-сентябрда саат 23:00дөн өтүп Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салыша турган партиялар чүчү кулак алышты. Бул чүчү кулак алардын шайлоодогу катар номурун аныктайт. БШКнын жумушчу тобу партиялардын катталган убактысына ылайык, партия өкүлдөрүн чакырышып алар бирден чыгып сандар жазылган шарчаларды алышты. Ага ылайык: №1 "Биримдик" №2 "Мекенчил" №3 "Ыйман нуру" №4 "Мекеним Кыргызстан" №5 "Реформа" №6 "Ата Мекен" №7 "Замандаш" №8 "Бүтүн Кыргызстан" №9 "Социал-Демократ" №10 "Мекен Ынтымагы" №11 "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" №12 "Ордо" №13 "Бир Бол" №14 "Республика" №15 "Кыргызстан" №16 "Чоң Казат". 23:47 09-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын тарыхын билесизби?

“Мекеним Кыргызстан” партиясы 2015-жылдын 2-ноябрында түзүлүп, кыска аралыктын ичинде өзүн саясий аренада тааныта алды. Тактап айтканда, 2016-жылы бир канча шаардык кеңештердин шайлоосуна катышып, алардын ичинен Ош жана Бишкек шаарларында ийгиликке жеткен. Шаардык кеңештерден мандатка ээ болгон депутаттар өз милдеттерин үзүрлүү аткарып, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүү сыяктуу ар кандай тармактарда жакшы жыйынтык көрсөтө алышты. 2020-жылдын 2-июнунда өткөн кезектеги съездде “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери болуп Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров шайланды. Төраганын орун басарлык кызматына Канатбек Азиздин талапкерлиги жактырылды. Партиянын жаңыланган саясий кеңешинин курамына депутаттар Каныбек Иманалиев менен Марлен Маматалиев киришти. Бул башкаруучу органдын дасыккан, тажрыйбалуу саясатчылар менен толукталганынан кабар берет. Эки эл өкүлү тең парламенттин мүчөсү катары активдүүлүгүн көргөзүп, кыргыз элинин тарыхый баалуулуктарын сактоого, элдин руханий азыктарын байытууга жана жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган көптөгөн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, аларды ишке ашыра алышты. Алдыдагы шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы жаңыланган курам менен барууга белсенип турат. Мындан сырткары партия мүчөлөрү Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого ат салышат. “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер. “Мекеним Кыргызстан” партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 16:33 09-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралууда. Учурда сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралып жатат. Учурда сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти. Сотто Анар Эгембердиева төрайымдык кылып жатат. 7-сентябрда сот бүгүнкү күнгө жылдырылган. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылган. 15:00 09-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

"Кыргызстан" партиясы: "Ахрор Иминовдун Кадыржан Батыровго эч кандай тиешеси жок"

Интернетке "Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Ахрор Иминов Кадыржан Батыровдун тууганы деген маалымат тараган болчу. Бүгүн, 9-сентябрда "Кыргызстан" партиясынын басма сөз кызматынан социалдык тармактарга тарап жаткан бул билдирүүлөр чындыкка дал келбей тургандыгын билдиришти. "Ахрор Иминов Кадыржан Батыров менен туугандык же башка байланышта болгон эмес. Партиянын кадырын кетирүү үчүн талапкерди каралоо өнөктүгү жүрүп жатат. “Кыргызстан” партиясынын айрым оппоненттери мындай жол менен чынчыл күрөш жүргүзө албай тургандыгын далилдешүүдө", - деп билдиришти "Кыргызстан" партиясынан. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 11:00 09-09-2020 Автор: Азат Бейшенбеков

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники