О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 21:24

Чынара Капарова:

Чынара Капарова: “Мен өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошууга даярмын! Сизчи?” 11 жашында музейдин директору болгон. Ат-Башыдагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектептин алдындагы музейге жетекчи болуп дайындалып, меймандарга музейдеги экспонаттарды тааныштыруу, алардын абалына жана сакталышына жооптуу эле. "Музейдин директору Чынара Капарова кытайлык меймандарды кабыл алды" деген макала аны бүткүл районго таанымал кылган. Кыргыз телесине 21 жашында келип, 30 жылдан бери экрандын жүзү. Диктор эле эмес, редакторлук да милдетти аткарып келет. Улуттук университетте, «Манас» университетинде, Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде окутуучу-тренер. Телеберүү боюнча илимий макалалардын автору. #БирБол #Тазалан #БизДаярбызСизчи #БиздинТалапкер #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
8 сентября 2020 г. 21:27

Жоомарт Жолдошев:

Жоомарт Жолдошев: “Мен элдин кызыкчылыгына иштеген Мыйзамдарды жазууга даярмын! Сизчи?” Жоомарт 38 жашта, 6 баланын атасы. Балдарын кичинесинен эркин ой жүгүртүүгө үндөп келет. Өзү аскердик тартипте чоңойгон. Атасы Өрт өчүрүү кызматында, ал эми апасы милиция тутумунда эмгектенген. Үй-бүлөлүк салтты бузбай мектепти бүткөндө Куралдуу күчтөрүнүн катарында аскердик милдетин өтөгөн. 11-класста сынактан жеңип, Американын Талса шаарында окуган. Белгилүү “Салам, Нью-Йорк!” тасмасы Жоомарт Жолдошевдин океандын ары жагындагы баштан өткөргөн тагдырын баяндайт. 2018-жылы Улуу Британиядагы Королева Мариянын Лондон университетинде салыштырмалуу жана эл аралык талаштарды чечүү багытындагы укук боюнча магистр даражасын алган. “Jomart & Co” эл аралык юридикалык компаниясынын негиздөөчүсү жана мүдүрү. Компаниянын Лондондо жана башка өлкөдө өкүлчүлүктөрү бар. Жаш юристтердин башын бириктирген «Кыргызстандын юридикалык коомчулугу» жана илимий багыттагы «Бишкек эл аралык жана салыштырмалуу укук борборунун» негиздөөчүсү. Бишкек эл аралык бейтарап сотунун төрагасы. #БирБол #Тазалан #БизДаярбызСизчи #БиздинТалапкер #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
8 сентября 2020 г. 21:33

Урматтуу шайлоочулар, 9-сентябрда, саат 22:15 те ЭЛТР каналынын түз эфиринде "Ыйман Нуру" партиясынан талапкерлер, Шумкарбек Адылбек уулу, Динара Ашимова жана Михаил Халитов партиянын программасы, көз караштары жана пландары менен көрүүчүлөргө бөлүшөт.

Урматтуу шайлоочулар, 9-сентябрда, саат 22:15 те ЭЛТР каналынын түз эфиринде "Ыйман Нуру" партиясынан талапкерлер, Шумкарбек Адылбек уулу, Динара Ашимова жана Михаил Халитов партиянын программасы, көз караштары жана пландары менен көрүүчүлөргө бөлүшөт. Эфирге кошулуңуз! . Уважаемые избиратели, 9 сентября в 22:15 на канале ЭЛТР в прямом эфире выступят кандидаты от партии «Ыйман Нуру», Шумкарбек Адылбек уулу, Динара Ашимова и Михаил Халитов, где поделятся со зрителями программой партии, их взглядами и планами. . Присоединяйтесь к эфиру

Подробнее
8 сентября 2020 г. 21:44

Чынар Капарова:

Чынар Капарова: “Депутат –элдин жүгүн көтөрө турган, элге кулдай кызмат кыла турган кызматкер” “Депутат – бул эл өкүлү, элдин жүгүн көтөрө турган, элге кулдай кызмат кыла турган кызматкер. Тилекке каршы, алар эл үчүн иштебей, бийлик башындагы адамдардын буйрутмасын аткарып жатат. Ага эл күбө болуп, “кылыктарынан” тажап, күлкүгө айлантып, шылдың кылып бүтүштү”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарова Нарын облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Чынар Капарова эл депутат катары жаңы, жаратман жүздөрдү көргүсү келерин кошумчалады. “Эл азыр жаш, ошол эле учурда тажрыйбалуу жаңы жүздөрдү көргүсү келет. Азыркы учур билимдүү жана замапбап кесипкөйлөрдү талап кылат. Коом, илим саат сайын, керек болсо мүнөт сайын өзгөрүүдө. Тил билбегендер элчи, тамга тааныбагандар башкаруучу. Эл тажады”, -деди ал. Мындан сырткары, Чынар Капарова элди туура тандоо жасоого чакырды. “Билимсиз адамдардын бийликке келишине ким жол берди? Албетте, элдин добушу. “Эл сатылды, эл оңоло элек” деп элге асылгандарга “элден айлангыла” демекчимин. Элдин турмушун оорлотуп, аларды жакырчылыкка кептеп коюп, элди күнөөлөөнүн кереги жок. Элибиз бар, мамлекетибиз бар. Элибиз бул жолу алданбайт. Анткени эл көрдү, билди. Эл жаңыланууну талап кылып жатат”, -деди Ч.Капарова. #БирБол #Нарын #Тазалан #БизДаярбызСизчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
8 сентября 2020 г. 21:55

“Депутат –элдин жүгүн көтөрө турган, элге кулдай кызмат кыла турган кызматкер”

Чынар Капарова: “Депутат –элдин жүгүн көтөрө турган, элге кулдай кызмат кыла турган кызматкер” “Депутат – бул эл өкүлү, элдин жүгүн көтөрө турган, элге кулдай кызмат кыла турган кызматкер. Тилекке каршы, алар эл үчүн иштебей, бийлик башындагы адамдардын буйрутмасын аткарып жатат. Ага эл күбө болуп, “кылыктарынан” тажап, күлкүгө айлантып, шылдың кылып бүтүштү”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарова Нарын облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Чынар Капарова эл депутат катары жаңы, жаратман жүздөрдү көргүсү келерин кошумчалады. “Эл азыр жаш, ошол эле учурда тажрыйбалуу жаңы жүздөрдү көргүсү келет. Азыркы учур билимдүү жана замапбап кесипкөйлөрдү талап кылат. Коом, илим саат сайын, керек болсо мүнөт сайын өзгөрүүдө. Тил билбегендер элчи, тамга тааныбагандар башкаруучу. Эл тажады”, -деди ал. Мындан сырткары, Чынар Капарова элди туура тандоо жасоого чакырды. “Билимсиз адамдардын бийликке келишине ким жол берди? Албетте, элдин добушу. “Эл сатылды, эл оңоло элек” деп элге асылгандарга “элден айлангыла” демекчимин. Элдин турмушун оорлотуп, аларды жакырчылыкка кептеп коюп, элди күнөөлөөнүн кереги жок. Элибиз бар, мамлекетибиз бар. Элибиз бул жолу алданбайт. Анткени эл көрдү, билди. Эл жаңыланууну талап кылып жатат”, -деди Ч.Капарова.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 23:12

Нурсултан Кубанов:

Нурсултан Кубанов: “Сапатсыз билим – кыйраган мамлекет!” Бүгүн, 8-сентябрда “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту. “Бир Бол” партиясынын эң жаш талапкери Нурсултан Кубанов ушул кезге чейин өзгөрүүсүз келе жаткан билим берүү тармагына жаңыланууну алып келүү керектигин билдирди. “29 жылдан бери Кыргызстандагы билим берүү системасы эч кандай өзгөргөн жок. Азыркы учурда биздин билим берүү тармагыбыз ыйлагыдай акыбалда турат. Ошого байланыштуу биз чечкиндүү кадамдарды, конкреттүү реформаларды жасоонун үстүнөн иштеп келе жатабыз. Кыргызстандын азыркы абалы да билим берүү тармагынан көз каранды. Кайсы гана тармакты карабайлы бүт тармакта бизде кризис. Эмнеге кризис? Анткени, бизде билим берүү системасы эски. Ошондуктан ушул шайлоодо элибиз туура чечим кабыл алып, кесипкөй, билимдүү талапкерди колдошубуз керек”, -деди Нурсултан Кубанов. Иш чарага “Бир Бол” партиясынын мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Нурсултан Кубанов, Чынар Капарова катышты. #БирБол #Нарын #Тазалан #БизДаярбызСизчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:42

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын тарыхын билесизби?

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылдын 2-ноябрында түзүлүп, кыска аралыктын ичинде өзүн саясий аренада тааныта алды. Тактап айтканда, 2016-жылы бир канча шаардык кеңештердин шайлоосуна катышып, алардын ичинен Ош жана Бишкек шаарларында ийгиликке жеткен. Шаардык кеңештерден мандатка ээ болгон депутаттар өз милдеттерин үзүрлүү аткарып, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүү сыяктуу ар кандай тармактарда жакшы жыйынтык көрсөтө алышты. 2020-жылдын 2-июнунда өткөн кезектеги съездде «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери болуп Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров шайланды. Төраганын орун басарлык кызматына Канатбек Азиздин талапкерлиги жактырылды. Партиянын жаңыланган саясий кеңешинин курамына депутаттар Каныбек Иманалиев менен Марлен Маматалиевдер киришти. Бул башкаруучу органдын дасыккан, тажрыйбалуу саясатчылар менен толукталганынан кабар берет. Эки эл өкүлү тең парламенттин мүчөсү катары активдүүлүгүн көргөзүп, кыргыз элинин тарыхый баалуулуктарын сактоого, элдин руханий азыктарын байытууга жана жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган көптөгөн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, аларды ишке ашыра алышты. Алдыдагы шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы жаңыланган курам менен барууга белсенип турат. Мындан сырткары партия мүчөлөрү Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого ат салышат. «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиздер. "«Мекеним Кыргызстан» партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:43

Оштогу шайлоо участогуна баннери илингени үчүн «Биримдикке» эскертме берилди

БШКнын үгүт иштери боюнча жумушчу тобу «Биримдик» партиясына №5247 шайлоо участогуна анын баннери илингени үчүн эскертме берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Комиссиянын басма сөз катчысы Асел Сулайманованын айтымында, учурда баннер ким тарабынан илингенин партия тактап жатат. «Үгүт иштери боюнча жумушчу топ партияга эскертүү эмес эскертме берип, баннерди алып салууга буйрук берди», — деди ал. Буга чейин 8-сентябрда соцтармактарда Ош шаарындагы Пушкин мектебинин дарбазасында «Биримдик» партиясынын баннери илинип турган сүрөтү тараган — аталган мектеп Кара-Суу районунун аймагындагы №5247 шайлоо участогу экени маалым болгон. Сүрөт, видеону жүктөгөн «Реформа» партиясынын талапкери Мирбек Маматкасымов мамлекеттик объектилерге баннер жайгаштыруу мүмкүн эмес экенин айткан. Ал эми анын постуна БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул мыйзам бузуу экенин айтып комментарий калтырган , Маматкасымовго комиссияга арыз жиберүүнү сунуштаган. «Биринчиден бул эреже бузуу же провокация. Буга чейинки шайлоолордо да адашпасам БШК ушул сыяктуу маселени карап, эреже бузуу деп тапкан»,— деп жазган Абдрахматова. Ошондой эле ал, БШКнын Кара-Суу районундагы атайын өкүлүнө мындай көрүнүш болбошу үчүн башка мамлекеттик объектилерди да текшерип чыгуусу үчүн маалымат жеткиргенин кошумчалаган. Кийинчерээк баннер алынып, аталган партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев баннерди ким илгени аныкталаарын убадалаган . «Биримдик» коомчулукта бийликчил партия деп аталып келет. Президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек бул партия менен шайлоого аттанган. Ошондой эле, аталган партиянын катарында учурдагы бир нече депутаттар бар.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:51

Мадумаров: Соттун чечими саясий эмес, мыйзамдык чечим болду

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы доо арызын канааттандырган сот чечимин партиянын лидери Адахан Мадумаров «мыйзамдык чечим» деп атады. Ал «Азаттыктын» кабарчысынын: «Сиздин оюңузча, сотко бийлик аралаштыбы же жокпу?» деген суроосуна: «Бул ишке бийлик аралашып же аралашпаганы тууралуу айта албайм. Бирок Бишкектин административдик сотунун биздин доо арызды канааттандырган чечими мыйзамдуу чечим болгонун баса белгилеп айта алам», - деп жооп берди. Бишкектин административдик соту бүгүн, 9-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы берген доо арызын карады. Судья Анар Эгембердиева БШКнын партияны каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарды. БШК 3-сентябрдагы жыйынында «талапкерлерин аныктоодо эреже бузган» деп таап, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. (TSh/ZKo)

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:51

Тажикстан эгемендик күнүн пандемия шартында белгилеп жатат

Тажикстан бүгүн эгемендиктин 29 жылдыгын белгилеп жатат. Пандемияга байланыштуу иш-чаралар мурдагыдай масштабда уюштурулган жок. Жыл сайын 9-сентябрда концерт, оюн-зоок өткөрүлчү. Бирок өткөн жумада бийлик коомдук саламаттыкты коргош үчүн андай иш-чаралар уюштурулбай турганын билдирген. Тажикстан бийлиги өлкөдө коронавирус инфекциясы тараганын акыркылардан болуп моюнга алган. Шейшембиге карата COVID-19га чалдыккандар расмий статистикага караганда 8 860 болду, 70 киши илдеттен каза тапты. «Азаттыктын» тажик кызматы июнь айында өз алдынча иликтөө жүргүзүп, өлгөндөр мындан көп болушу мүмкүн, арасында ондогон дарыгерлер менен медайымдар бар деген жыйынтыкка келген. 1994-жылдан бери бийликте турган мамлекет башчы Эмомали Рахмон 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкер болуп көргөзүлдү. Кошуна өлкөдөгү буга чейинки бир да шайлоо Батыштын байкоочулары тарабынан эркин же калыс деп таанылган эмес.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:51

Помпео: Беларус аткаминерлерине каршы санкция даярдалууда

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Беларустун расмий адамдарына каршы жаңы санкция даярдап жатканын билдирди. «Кошмо Штаттар өнөктөштөр менен бирге Беларустагы адам укуктарын бузууга жана репрессияларга тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу максатында санкцияларды караштырууда», деп айтылат 8-сентябрдагы билдирүүдө. Мамкатчы Вашингтон беларус бийлигинин оппозиция өкүлү Мария Колесниковага каршы аракеттерге тынчсызданганын айтып, анын эрдигин белгиледи. Тышкы саясий мекеменин жетекчиси ошондой эле беларус бийлигин өз элине каршы зомбулукту токтотууга, кармалгандардын бардыгын коё берүүгө жана беларус коомунун өкүлдөрү менен диалог баштоого чакырды. Билдирүүдө 6-сентябрда чак түштө тынч акцияга чыккандардын уруп-сабалганы, жүздөгөн кишинин кармалганы өзгөчө белгиленген. Шейшембиде оппозиция лидерлеринин бири Колесникова Украина менен чек арада кармалганы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, ал депортацияланышына жол бербөө максатында паспортун айрып салган. Митинг, демонстрациялар Беларуста 9-августтагы шайлоодон кийин башталып, бир айдан бери тынбай жүрүп жатат. Көчөгө чыккандар өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени расмий жарыяланган шайлоо бурмаланган деп эсептешет. Көптөгөн катышуучулар кармалып, күч органдарынын зомбулугуна туш болууда. Ал ортодо Лукашенко орус медиага берген интервьюсунда бийликте «балким көбүрөк отуруп койгонун» моюнга алып, ошол эле учурда кызматынан кетпей турганын айтты.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:03

Партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Ким канчанчы болуп жазылат?

Эске салсак, парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып жатат. Бүгүн "Бүтүн Кыргызстан" партиясы соттон утуп, шайлоого катышуу укугун алды.БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясында партиялардын бюллетендеги номерин бекитүү үчүн чүчү кулак кармашты. Тактап айтканда, саясий партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Алар: "Биримдик" — 1; "Мекенчил" — 2; "Ыйман нуру" — 3; "Мекеним Кыргызстан" — 4; "Реформа" — 5; "Ата Мекен" — 6; "Замандаш" — 7; "Бүтүн Кыргызстан" — 8; "Cоциал-демократтар" — 9; "Мекен ынтымагы" — 10; "Афганистан согушунун ардагерлери" — 11; "Ордо"— 12; "Бир бол" — 13; "Республика" — 14; "Кыргызстан" — 15; "Чоң казат" — 16.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:03

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы соттон утуп, шайлоого катышмай болду

Партиянын даттануусун бүгүн Бишкек шаардык административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева карады.БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын доо арызын карап, шайлоого катышууга уруксат берди. Партиянын даттануусу 7-сентябрда Бишкек шаардык административдик сотунда каралып, тараптар "Бүтүн Кыргызстанды" жарыштан четтетүүгө "макул" жана "каршы" добуш берген БШКнын мүчөлөрүн күбө катары чакырууну суранышкан. Буга байланыштуу сот отуруму бүгүнкүгө жылдырылган болчу. Жараянга судья Анар Эгембердиева төрайымдык кылды. Күбө катары БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Алмаз Асаналиев, "Бүтүн Кыргызстандын" съездине катышкан БШКнын өкүлү Тагай Абдысатаров көрсөтмө берди. Сот партия курултайда жашыруун талапкерлерди көрсөтүү боюнча добуш берүүдө мыйзам бузуу катталган жок деп тапты. Бул учурда сот имаратынын алдына партиянын жүздөгөн тарапташы келип "Акыйкат чечим", "Шайлоого катышсын" деп кыйкырып турушту. "Бүтүн Кыргызстан" жана лидери Мадумаровдун жолу болбогон учурлары Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясын каттоодон баш тарткан. Буга партиянын курултайда түзгөн талапкерлердин тизмеси менен БШКга жиберген тизме дал келбей турганын жүйө келтирген. Мындан сырткары, талапкерлерди көрсөтүү үчүн добуш берүүдө эреже бузуулар катталганын айткан. Буга макул болбогон "Бүтүн Кыргызстан" партиясы БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранып сотко кайрылган.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:03

Шаршеналы уулу: эреже бузган партия 300 миң сомго чейин айып тартышы мүмкүн

БШКнын шайлоочуларды маалымдоо жана үгүт иштеринин эрежелери боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Адилет Шаршеналы уулу шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт учурунда санитардык эрежелерди сактоого милдеттүү экенин айтты.Радио Шаршеналы уулу: эреже бузган партия 300 миң сомго чейин айып тартышы мүмкүн Жазык кодекси боюнча, үгүт иштерин өткөрүп жаткан тарапка санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузса 260-300 миң сомго чейин айып пул салуу же 2,5 жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ал эми Жоруктар кодексинде 30-60 миң сомго чейин айып пул же бир жылга чейин ээлеген кызматынан бошотуу, болбосо белгилүү бир иштер менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Бул тууралуу Адилет Шаршеналы уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Парламенттик шайлоо: БШК эл аралык 25 байкоочуну каттады Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштерин жүргүзүп жаткан партиялардын өкүлдөрүн чакырып, санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертүү берди. "4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого үгүт иштери башталды. БШК менен Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү пандемия шартына байланыштуу үгүт иштерин өткөрүү боюнча алгоритм иштеп чыккан. Ага жараша эл көп чогулган жерде ошол жыйналышты уюштуруп жаткан талапкер же партия элдин дене табын текшерип, колдоруна санитайзер сээп, ар бир келген адамды бир жолку колдонуучу бет кап менен камсыз кылып, аралыкты сактоо менен белгиленген сандан көп адамды чогултпай өткөрүүсү зарыл эле. Учурда, тилекке каршы, бул эрежелер сакталбай жатканына күбө болуудабыз. Андыктан 8-сентябрь күнү биз шайлоого катышып жаткан партиялардын өкүлдөрүн чакырып, эскертүү бердик. Мындан ары да аталган талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде чара көрүлөт", — деди Шаршеналы уулу. Ал шайлоочуларга дистанттык түрдө маалымат жеткирүү максатында https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/ порталы иштелип чыкканын кошумчалады.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:04

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы БШКны соттон утуп алды

Бүгүн, Бишкек административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы жазган арызын канааттандырды. Эске салсак, аталган партия 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушу менен парламенттик шайлоодон четтетилип калган. Мындай чечимге нааразы болгон партия сотко арыз менен кайрылган. Бир нече саатка созулган Бишкек административдик соту БШКнын чечимин мыйзамсыз деп жокко чыгарды.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники