О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
9 сентября 2020 г. 0:36

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы 7-сентябрда, саат 16.30да Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу партиянын лидери Адахан Мадумаров 6-сентябрда Бишкекте онлайн басма сөз жыйынында билдирди. «Биз үч күндөн бери Кыргызстандагы эң мыкты деген адистер, адвокаттар менен талкуулап отуруп, бир да жерден «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттабай коюуга мүмкүнчүлүк тапкан жокпуз. Конституция боюнча да, Шайлоо кодексинде да эч кандай сөз жок. Эч кандай себеп жок. Партиянын тегерегинде түзүлгөн кырдаалга БШК гана күнөөлүү»,- деди Мадумаров. БШК Адахан Мадумаровдун мындай билдирүүсүнө комментарий бере элек. Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон. Кыргызстанда парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда. Эгер 2017-жылы шайлоо тилкелеринин 27% гана пандустар орнотулса, ал эми ушул жылдын сентябрь айынын башталышына карата добуш берүү участкаларынын 65% ушул шайман менен жабдылды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүү үчүн тиешелүү жабдууларды орнотуу иштери улантылууда. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө көзөмөлүндө. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда Брайль тамгалары бар атайын тактачаларды жана жардам чакыруу баскычтарын орнотуу жумуштары жүрүп жатат. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын материалдык-техникалык база, Интернет жана байланыш менен камсыз кылуу боюнча иштери күчөтүлдү.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

Шайлоо өткөрүүдө өлкөдөгү эпидемиологиялык коопсуздукту сактоого өзгөчө көңүл бурулат

15-сентябрга чейин Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча план иштеп чыгып, бекитиши керек. Бул туурасында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жыйынында айтты. Ал өлкө аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын белгиледи. Штабдын отурумунда ошондой эле эл аралык байкоочулар боюнча маселе дагы каралды. «Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», - деди Акрам Мадумаров. Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

БШК "Реформа" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Реформа" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмү билдирди. Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, "Реформа" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесин каттады.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:41

А.Шыкмаматов: “Коррупционерлер мамлекетти башкарууну көздөөдө”

“Жемкорлор жазаланмак турсун, мамлекетти башкаруу дымагы менен шайлоого келе жатышат. Алар бүтүндөй шайлоочуларды, ал эле эмес партия, партия лидерлерин сатып алууда”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Ат-Башы эли менен жолугушуу учурунда билдирди. “Мен билем, калк арасында анализдүү ойлонуп, көз карандысыз чечим чыгарган жарандар көппүз. Уурулардын бийликке келе турган жолдорун бууп, жакын да жолотпойбуз!” - деди Шыкмаматов. Анын айтымында, добушту сатып алгандар 5 жылда миллионерге айланса, аз акчага алдангандар эки эсе жарды болушат. “Реформа катуу жүргөн Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия өлкөлөрүндө мыйзам жана темирдей тартип күч болгон. Мисалы, Грузияда эки жылдын ичинде мыйзамдагы уурулар, 300дөн ашык сот, 250дөй прокурор, жүздөгөн бажычылар камалып, темирдей тартип орноп, мыйзамдын жогорку күчү камсыз болгон. Мына ошондой мамлекетте гана реформа жүрүп, экономика өнүгүп, мамлекет байыйт. Эл бакубат жашайт!”. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 8-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:42

Шайлоо: “Баарына каршы” элдик кыймылы түзүлдү

“Баарына каршы” элдик кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу ”Кырк Чоро” коомдук бирикмесинин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев “Элдик медиага” билдирди. Анын айтымында, аталган кыймылга буга чейин соцтармактарда өзүнүн пикирин билдирип келген жарандар, коомдук ишмерлер, ар кандай уюмдун жетекчилери кошулду. “Биздин максатыбыз 4-октябрда шайлоо күнү элге барына каршы үгүт насаат иштерин жүргүзүү. ”Кырк Чоро” коомдук бирикмеси буга чейин бардык партиялар сыяктуу эле өз аракетибизди БШКга билдиргенбиз. Ал жактан жол-жобосу мыйзамда көрсөтүлгөндүгү боюнча жооп алып, ошого жараша аракеттерди кылып жатабыз. Барына каршы чыкканыбыздын себеби, VI чакырылыштагы 120 депутаттын 62си учурда шансы бар партиялардын тизмесинде талапкерлигин коюп, кайра эле ошолор шайлоого аттанышты. 5 жыл мурун элге айткан сөздөрүн кайра эле кайталап айтып жатышат. Элди акча менен сатып алуу аракеттери болуп атат. Биз ушулардын барын көрүп туруп элге “барына каршы” үгүт иштерин жүргүзөлү деп чечтик”,- дейт Көчөрбаев. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:43

"Мекенчил" Жети-Өгүздө. К. Ташиев: Кыргызстанда өндүрүлгөн кен байлыктардын 30 пайызы өлкөгө калышы керек!

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Жети-Өгүзгө барды. Кыргызстанда жыл сайын 25 тонна алтын өндүрүлөт, ал эми Улуттук банкта болгону 4 тонна алтын запасы бар. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-сентябрда Жети-Өгүз районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Кумтөрдө” 18 тонна алтын өндүрүлсө, анын 2 гана тоннасы Кыргызстанга айлык, социалдык төлөмдөр катары калат экен. Калганынын баарын сыртка чыгарып кетишет. Кыргызстанда жалпысынан жылына 25 тонна алтын өндүрүлсө, Улуттук банкта болгону алтындын 4 тонна запасы турат. Эмнеге мамлекетибизде өндүрүлгөн өзүбүздүн кен байлыгыбызга ээлик кыла албайбыз? Эмнеге алтындын баарын сыртка ташууга мүмкүнчүлүк берип койдук?! Биз мамлекетте өндүрүлгөн ар бир кен байлыктын 30 пайызын мамлекетке таза киреше катары калтырабыз. Дагы 30 пайызы социалдык төлөмдөргө коротулсун, 40 пайызын инвестор алсын. Бирок 30 пайызы мамлекеттин энчисине сөзсүз түрдө калышы керек!” - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:43

Шайлоо-2020: Эл аралык 25 байкоочу катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого карата эл аралык байкоочуларды каттоону баштады. Боршайкомдун маалыматына караганда, 7-сентябрдагы отурумда эл аралык уюмдардын 25 байкоочусу расмий каттоого алынды. Алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан (ДИАУБ), бешөө Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен (КМШ), экөө Молдованын Боршайкомунан катталды. Ал эми жергиликтүү байкоочулар, 8-сентябрга карата маалыматка караганда, тогуз коомдук уюмдан катталды. Алар: «Жалпы иш», «Таза Шайлоо», «Билоу», «Майыптарга юридикалык жардам берүү», «Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо комитети», «Мир – свет культуры», «Эгль», «Келечекке жол» жана «Кыргызстандын юридикалык коому» уюмдары.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:43

Шайлоо-2020: Эл аралык 25 байкоочу катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого карата эл аралык байкоочуларды каттоону баштады. Боршайкомдун маалыматына караганда, 7-сентябрдагы отурумда эл аралык уюмдардын 25 байкоочусу расмий каттоого алынды. Алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан (ДИАУБ), бешөө Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен (КМШ), экөө Молдованын Боршайкомунан катталды. Ал эми жергиликтүү байкоочулар, 8-сентябрга карата маалыматка караганда, тогуз коомдук уюмдан катталды. Алар: «Жалпы иш», «Таза Шайлоо», «Билоу», «Майыптарга юридикалык жардам берүү», «Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо комитети», «Мир – свет культуры», «Эгль», «Келечекке жол» жана «Кыргызстандын юридикалык коому» уюмдары. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:46

ШАЙЛОО-2020: ЭЛ АРАЛЫК 25 БАЙКООЧУ КАТТАЛДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого карата эл аралык байкоочуларды каттоону баштады. Боршайкомдун маалыматына караганда, 7-сентябрдагы отурумда эл аралык уюмдардын 25 байкоочусу расмий каттоого алынды. Алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан (ДИАУБ), бешөө Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен (КМШ), экөө Молдованын Боршайкомунан катталды. Ал эми жергиликтүү байкоочулар, 8-сентябрга карата маалыматка караганда, тогуз коомдук уюмдан катталды. Алар: «Жалпы иш», «Таза Шайлоо», «Билоу», «Майыптарга юридикалык жардам берүү», «Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо комитети», «Мир – свет культуры», «Эгль», «Келечекке жол» жана «Кыргызстандын юридикалык коому» уюмдары. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. WWW.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:46

Жаныбек Исаев: "Биз алдыдагы 5 жылга чоң, бирок аткарыла турган максаттарды койдук"

Элдин сүймөнчүлүгүнө айланып, чоң колдоосуна татыган айтылуу “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Жаныбек Исаев баштаган партиянын мүчөлөрү жана жаштар канаты, партияны колдогон бир топ талапкерлер Нарын облусунун Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу өткөрүштү. Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда эл арасынан суурулуп чыккан талапкер Жаныбек Исаев “Кыргызстан” партиясынын шайлоого бара жатканынын максаты бул өлкө экономикасын өнүктүрүүдө көптөгөн жетишкендиктерге жетип, кыргыз элинин өнүгүшү үчүн талыкпай иштеп, ата-бабалардын аманатын аткарып, келечек муундардын жашоо деңгээлин жакшыртууну каалай турганын айтты. “Кыргызстандын эли өнүгүү үчүн чексиз потенциалга ээ. Бирок эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда миңдеген мамлекеттик программалар жана иш-аракеттер, пландар кабыл алынган. Тилекке каршы, ал программалардын бардыгы толугу менен аткарылбагандыгын, кээ бир пункттары акылга сыйбас, кээ бирлери ишке ашпай турган, башкалары биздин өлкөгө ылайыксыз болуп, башка мамлекеттерден көчүрүлгөндүгүн унутпашыбыз керек. Өлкөнүн акыркы жылдардагы басып өткөн жолун кайрадан карап чыгууга мезгил келди”,- деди ал. Ошондой эле партиянын татыктуу талапкери Ат-Башы районунун элине партиянын “Эл үчүн” деген программасын айтып берип жатып, партия куру убадалардан алыс болуп, алдыдагы 5 жылга амбициялуу, бирок аткарыла турган милдеттерди койгонун белгиледи. “Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү Ат-Башы районунун эли менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө партиянын жаштар канаты жөө жүрүш өткөрдү. Андан соң кыргыздын тарыхында эң чоң орду бар, ыйык жер болгон Чеч-Дөбө мазарына барышып, ата-бабалардын арбагына багыштап куран окутушту. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 18:24 08-09-2020

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:27

Кыргызстандын өнүгүшү эң маанилүү ресурс – адамды өнүктүрүүгө негизделген!

Кыргызстандын өнүгүшү эң маанилүү ресурс – адамды өнүктүрүүгө негизделген! Бул максатка жетүү үчүн, өлкөнүн тарыхында “Элдик мыйзамдар” деген ат менен кала турган демилгелер иштелип чыкты! Алар эл үчүн жана Кыргызстандын ар бир жараны үчүн иштелип чыккан! Партия республиканын жарандарын угат жана ар бир жарандын жыргалчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алат! Партия төмөнкү багыттар боюнча жигердүү реформаларды жүргүзүү үчүн түпкү кадамдарды сунуш кылат: экономика, социалдык чөйрө, мамлекеттик башкаруу, эл аралык саясат жана коопсуздук. Ар бир жаран жана бардык адамдар үчүн кризиске каршы 20 мыйзам! Фундаменталдык реформалар үчүн, ири, реалдуу жана алдыңкы долбоорлор үчүн 20 мыйзам! "ЭЛ ҮЧҮН" программасы турмуштун эң маанилүү чөйрөлөрүн камтыйт жана орто жана узак мөөнөттүү мезгилге республиканын негизги багыттары боюнча өнүгүү стратегиясын сунуштай алат жана Программаны жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүдөй максаттарды белгилейт (артыкчылыктуу, бирок өз ара көзкарандылыкта), алар биринчи кезектеги партиялык мыйзам долбоорлорунун / демилгелеринин 5 пакетинде таризделген: • Экономика саясатка караганда маанилүү; • Социалдык чөйрө - ар бир үй-бүлөдөгү жыргалчылык; • Маданият жана билим - бул элдин баалуулугу; • Натыйжалуу эл аралык саясат; • Коопсуздук жана мыйзамдын үстөмдүгү; Партиянын максаты – ар бир жарандын жыргалчылыгына негизделген күчтүү жана туруктуу мамлекет! Элдин жыргалчылыгы - бул бүтүндөй мамлекеттин жыргалчылыгы!

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:32

Улукбек Кочкоров: “Биримдиктин” өлкөнү өнүктүрүү багытында так программасы, максаттары бар

Улукбек Кочкоров: “Биримдиктин” өлкөнү өнүктүрүү багытында так программасы, максаттары бар «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынан өлкөнү өнүктүрүү багытында так программасы, максаттары бар. Мындай пикирин аталган партиядан шайлоого аттанган Улукбек Кочкоров Баткендин эли менен болгон жолугушуусунда айтты. Ал ѳз сѳзүндѳ бийлик, ѳкмѳт кылат деп эле отура бербестен, ар бир жаран колунан келген иш-аракеттерди кылып, ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсүнѳ салымын кошушу керектигин белгиледи. “Бийликке сын айтып,​ четте карап турганыбыз болбойт. Биз бардык кемчиликтерибизди анализдедик, кандай кылганыбызда​ өлкөбүздүн жашоосу жакшы нукка бурулат? – деген суроого жооп издедик. Биздин партиянын так программасы, ѳлкѳнү ѳнүгүү багытында багыты, максаттары бар. Бизге программалык максаттарды жүзѳгѳ ашыруу үчүн​ сиздердин колдооңуздар керек. Ошон үчүн алдыдагы шайлоодо «Биримдик» партиясына добушуңуздарды берип, ѳлкѳбүздүн жаркын келечегин тандоого чакырам», — деди Улукбек Кочкоров. Жолугушууда партиянын дагы бир талапкери Мамыржан Рахимов да сѳз сүйлѳп, шайлоочуларды колдоого чакырып ѳттү. Ал жаш,​ идеяга бай партия​ Кыргызстандын​ экономикалык,​ социалдык жактан өнүгүүсүнө, Баткен облусунун элинин турмуш шартын жакшыртууга ѳз салымын кошоруна ишендирип кетти. Рахимовдун белгилѳѳсүндѳ, «Биримдик» партиясынын ѳлкѳнүн аймактарын ѳнүктүрүү багытында реалдуу программасы бар. Андан кийин партияны, талапкерлерди колдоо сѳздѳрү менен аймактын акскалдары, аттуу-баштуу инсандары сөз сүйлөдү. Алар “Биримдиктен” шайлоого аттанып жаткандардын буга чейинки эл үчүн кылган эмгектерин айтышып, мындан ары да эл үчүн кѳптѳгѳн иштерди кыла беришерине тилектерин билдиришти. Партияга, талапкерлерге жеңиш каалашып, ак баталарын беришти.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 21:21

Рамис Мамбеталиев:

Рамис Мамбеталиев: “Мен кен иштетүүчү ишканалардын кызматкерлеринин укуктарын коргоого даярмын! Сизчи?” Таластын кулуну Рамис Мамбеталиев физика-математика багытындагы лицейди аяктаган. Окуучу кезинде информатика боюнча райондук жана облустук деңгээлде олимпиадада башкы орундарды эч кимге берген эмес. Кесиби – инженер-геолог. Эмгек жолун “Кумтөрдөн” баштап, кыска убакытта кызматтагы жетишкендиктери жана жоопкерчиликтүү иши үчүн бөлүм башчылыгына дайындалган. Андан соң аталган ишкананын Профсоюз уюмунун төрагасы болгон. “Кумтөрдөгү” кызматкерлердин укуктарын коргоп, таламын талашып чыккан алгачкы кызматкер катары таанымал. #БирБол #Тазалан #БизДаярбызСизчи #БиздинТалапкер #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
8 сентября 2020 г. 21:22

Мирбек Асангариев:

Мирбек Асангариев: “Мен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүп берүүгө даярмын. Сизчи?” Мирбек 19 жашка чыккыча кадимкидей эле басып жүрчү, кикбокс боюнча дүйнө чемпионунда машыгып, ИИМ академиясынын студенти эле. Үйүнө кирген уурулардын огунан алган жаракаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгүн чектегени менен, кыялдарынын орундалуусуна чек койгон жок. Кыргызстандын социалдык ишкерлер ассоциациясын түзүп, ушул кезге чейин 2000 жаш лидерди даярдап, 100дөн ашык социалдык стартаптарды ишке ашырган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды жумуш орундары менен камсыздаган «Бишкек мебель» социалдык ишканасын ачып, биринчи инклюзивдүү «Bridges» мейманканасын негиздеген. #БирБол #Тазалан #БизДаярбызСизчи #БиздинТалапкер #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники