О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 14:23

Президент менен Премьер-министр кышка даярдык жана алдыдагы шайлоону талкуулашты

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.Маалыматка караганда, анда өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, күз-кыш мезгилине даярдык маселелери, ошондой эле парламенттик шайлоону өткөрүү маселелери талкууланды. Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүнүн жана күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында ооруканаларды куруу жана оңдоо иштери тездетилген темпте жүрүп жаткандыгын белгиледи. Өкмөт башчы ошондой эле коомдук транспортто, кафе жана ресторандарда санитардык талаптарды сактоо боюнча рейддерди өткөрүүнү айтып, көптөгөн ишкерлер белгиленген эрежелерди сактабай жаткандыгын кошумчалады. Президент коронавирустук инфекциянын экинчи толкуну болбойт деген кепилдик жок экендигин баса белгиледи. Ошондуктан, Сооронбай Жээнбеков аймактардагы ооруканалардын курулушунун жана реконструкциясынын аякташына, жаңы медициналык мекемелерди жабдууга, кошумча керебеттерди даярдоого жана дары-дармектердин запасы менен камсыз кылууга көңүл бурду. Парламенттик шайлоонун алдында мамлекет башчысы шайлоо участкаларынын талаптагыдай техникалык жана санитардык даярдыгын камсыз кылуу, шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтты. «Ишкердикти колдоо боюнча ишти күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Президент мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, салык процедураларын фискалдаштырууну активдештирүү боюнча ишти күчөтүүгө үндөдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Шайлоо 2020. Соттун жанында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери митингге чыкты

Сот имаратынын жанында митинг өтүп жатат, ал жерде «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКнын чечимине даттануусу каралууда.Катышуучулар административдик соттон Борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Кеңешке шайлоо партиясын каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарууну талап кылышууда. Митингчилерге соттун аймагына кирүүгө тыюу салынган: милиция кызматкерлери периметрди курчоого алышкан. Митингчилер тосмонун жанындагы тротуарды ээлеп алышты. Журналисттер имаратка өтө кыйынчылык менен кирип жатышат. Эскерте кетсек, БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоого каршы добуш беришкен. Экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу партия лидери Адахан Мадумаров тизмедеги буйрукту өзгөртүп,аны тизмеден чыгарып салды деген негизде БШКны «Бүтүн Кыргызстанга» каттоодон баш тартууну талап кылган.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Шайлоо 2020. ИИМ Кыргызстандагы бардык курал-жарак дүкөндөрүн жабуу чечимин кабыл алды

Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында курал саткан дүкөндөрдүн бардыгы жабык болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. «Шайлоо өнөктүгүнүн башталышына байланыштуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, парламенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти бузуунун алдын алуу жана өкмөттүн буга чейин чыккан токтомуна ылайык, милиция кызматкерлери аңчылык, кызматтык жана жарандык куралдардын ээлерин жана пайдалануу учруларын текшеришет», — деп айтылат билдирүүдө. … Көзөмөлдөө жана алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде коопсуздук органдарынын жана алардын филиалдарынын тиешелүү документтери толугу менен текшерилет, ошондой эле премиум, кызматтык, травматикалык, аңчылык куралдарынын ээлери текшерилип, сактоочу жайлар текшерилет. Бул чаралар ички иштер органдары тарабынан биринчи кезекте коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында кабыл алынып, адамдын, коомдун коопсуздугун, экономикалык коопсуздугун, мүлктү жана жаратылыш байлыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Сооронбай Жээнбеков: “ШАЙЛООДО ДОБУШ САТПАГЫЛА”

1-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Анда быйыл өтүүчү парламенттик шайлоо го даярдык талкууланды. Өлкө жетекчиси саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди үгүт маалында мыйзамды бузбоого чакырды. "Саясий күчтөрдүн аракеттери өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукка зыян келтирбеши керек. Өзүнүн жеке амбициясы үчүн коомдук коопсуздукту коркунучка туш кылууга жана кыргыз элин бөлүп-жарууга эч кимге жол берилбей турганын эстен чыгарбоо керек",- деди президент. Шайлоо чулардын добуштары үчүн күрөштү компроматтарды таратуу, булганыч технологияларды колдонуу менен эмес, программалардын атаандаштыгына негиздеп өткөрүүгө үндөдү. Добуш сатып алуу, сатуу фактыларына чара көрүлөрүн эскерткен президент: “Сиздердин акыл калчап, кыраакылык менен кабыл алган чечимиңиздер мамлекетибиздин келечегине түздөн-түз таасир этет. Мен жарандарыбызды добуш сатпоого чакырам” ,- деп кошумчалады. Ошондой эле БШКнын парламенттик шайлоо ну өткөрүүдөгү жоопкерчилигин эскертти. Айта кетсек, парламенттик шайлоо го карата үгүт иштери 4-сентябрда старт алып, шайлоо 4-октябрда өтөт. Жолдубек Качкынбаев

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Шайлоо-2020: Сот "Актив" партиясынын БШКнын үстүнөн берген доо арызын канааттандырган жок

Бишкек шаарынын административдик соту "Актив" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 3-сентябрдагы чечимин мыйзамсыз деп таануу жөнүндөгү арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Анда соттун чечими кабыл алынган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кире тургандыгы айтылган. "Чечим кабыл алынган күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде "Актив" партиясы Жогорку Сотко кассациялык даттануу берүү мүмкүнчүлүгү бар" , - деп айтылат маалыматта. БШК 3-сентябрда өзүнүн чечими менен "Актив" саясий партиясын каттоого берилген документтерди текшерүү учурунда төмөнкү мыйзам бузууларды аныктаган: 1) талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия өкүлчүлүктү эске алышы керек болгон талаптарга ылайык, "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 60-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын талаптары аткарылбаса: - бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайызынан ашпоосу керек, мында саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн аялдар менен эркектердин талапкерлердин тизмесиндеги ырааттуулук үч позициядан ашпоосу керек. 2) "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун талаптары аткарылбаса, анда Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документти берүү талаптары белгиленген. "Актив" партиясынын БШКнын үстүнөн берген доо арызы кечээ, 7-сентябрда Бишкектин административдик соту тарабынан каралган. 12:30 08-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Шайлоо-2020: Депутаттыкка аттанып жаткан кээ бир талапкерлер тизмеден чыкты. Алар кайсы партиянын өкүлдөрү? (тизме)

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоого аттанып жаткан партиялардын тизмесинде катталган кээ бир талапкерлерди андан чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, талапкерлер партиялар берген арызынын негизинде тизмеден алынган. "Ата Мекен" партиясы - Алымбеков Дастан Алымбекович; Социал-Демократтар - Окенов Эрмек Төлөгөнович; "Ыйман Нуру" партиясы - Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков, Алтынай Уранбекова. Маалыматта бул чечим “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 6-7-18-беренелеринин негизинде, партиялардын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алынганы айтылат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. 09:23 08-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Адахан Мадумаров соттук отурум алдында: "Кандай тапшырма болсо ошого жараша чечим болот"

Бүгүн, 7-сентябрда сотто "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы жазган арызы каралат. Отурумга келген партия лидери Адахан Мадумаров төмөнкүдөй оюн билдирди. "Кыргыз өлкөсүндө соттон кандай чечимди күтсө болот? Көңүлдөрүнө кандай туура болсо, кандай тапшырма болсо ошого жараша чечим болот да. Кыргыз соту кыргыздын мыйзамдарына карата чечим кабыл ала албайт да. Бирок эстерине келиш керек, бүгүн тагдыр менен ойной турган мезгил эмес. Биз БШКдан да күткөн эмеспиз да, башында каттады, андан соң буйрук берилип анан чечими өзгөрүлүп кетти. Биз укугубузду коргоо үчүн бардык мыйзамдуу жолдорго барабыз", - деди партиянын лидери. БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. 16:44 07-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

"Бүтүн Кыргызстан" шайлоого катышабы? Соттук имараттын алдына эл топтолду (фото)

Бүгүн, 7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы каралат. Учурда партиянын тарапташтары чогулууда. Келгендер колдоруна партиянын желегин кармап, биргеликте "Бүтүн Кыргызстан" партиясын колдоп кыйкырып жатышат. Митинг уланып жатат, коопсуздук милиция коргоодо. БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. 16:33 07-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
7 сентября 2020 г. 13:56

Алтынбек Сулайманов туулган айылына барып, элинен бата алды.

Алтынбек Сулайманов туулган айылына барып, элинен бата алды. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов туулган айылына барып, элинен бата алды. Ноокат районунун эли менен жолугушууга партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Шайырбек Маматокторов жана башка талапкерлер да барышкан. Партия лидери Алтынбек Сулайманов өзү туулуп өскөн Шанкол айылынын тургундарына колдоп келгендери үчүн ыраазычылык билдирди. Элеттиктер партия өкүлдөрүн жылуу маанай менен тосуп алышты. “Мен төрүнчү жолу алдыңыздарга келип, ак бата сурап жатам. Сиздерди уят кылбаганга аракет кылып келем. Кайсы гана бийлик менен иштебейин, кайсы топ менен жүрбөйүн, бир дагы жолу кошоматчылык кылган жокмун. Анткени мени ушундай тарбиялагансыздар! Жети жашымда атамдын көзү өткөндө, мага ушул жерде чогулган эл-журт, Сиздер тарбия бердиңиздер. Ата тарбиясын Сиздер, эне тарбиясын апам берди. Апам бүгүн көзү тирүү болгондо ушул жерде отурмак... Урматтуу элим, сиздерге кайрадан келип отурам, элим менен гана бийикмин”, -деди А. Сулайманов. Лидер өз сөзүндө партия катары эч жактан колдоо сурабагандыгын, эч кимдин жетегинде жүрбөгөндүгүн, бир гана элден колдоо күтөрүн баса белгиледи. Эске салсак, “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Ош облусунда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүшүүдө. #БирБол #Шанкол #Ош #Тазалан #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 13:59

Баткен аксакалдары БИРИМДИК партиясына ак батасын берди

Баткен аксакалдары БИРИМДИК партиясына ак батасын берди

Подробнее
7 сентября 2020 г. 17:16

Элдин элегинен өтүп, депутат болуп калсам, республика боюнча ооруканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздап, калкты жылына эки жолудан милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүүнү пландап жатам.

Элдин элегинен өтүп, депутат болуп калсам, республика боюнча ооруканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздап, калкты жылына эки жолудан милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүүнү пландап жатам.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 18:46

Жаштык менен тажрыйбанын айкалышы

Жаштык менен тажрыйбанын айкалышы

Подробнее
7 сентября 2020 г. 13:52

"Ата Мекен" командасы Ысык-Көл облусунун шайлоочулары менен жолугушууларын улантууда.

"Ата Мекен" командасы Ысык-Көл облусунун шайлоочулары менен жолугушууларын улантууда. Буга чейин Бөкөнбаев, Кызыл-Суу жана Жети Өгүз айылдарынын тургундары менен жолугушуулар болуп өттү. Бүгүн биз партиянын тарапташтары жана жергиликтүү лидерлери менен Караколдо, Ак-Сууда жана Зындан айылында болобуз. "Ата Мекен" партиясы ар бириңиздердин суроолоруңуздарга жооп берип, өлкөнүн күчтүү, акылдуу жана дымактуу лидерлеринин башын бириктирүүгө негиз болгон "Жаңы Дем" платформасын сунуш кылууга даяр! *** Команда Ата Мекен продолжает встречи с избирателями Иссык-Кульской области. Уже были проведены встречи с жителями сел Боконбаево, Кызыл-Суу и Джети Огуз. Сегодня мы планируем встретиться со сторонниками и местными лидерами партии в Караколе, Ак-Суу и с. Зындан. Партия "Ата Мекен" готова встретиться с каждым из вас, чтобы ответить на вопросы и представить платформу "Жаңы Дем", которая стала основой для объединения сильных, умных и амбициозных лидеров страны!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 13:55

Руслан Акматбек Ысык-Көлдүн тургундары менен алдыдагы пландары тууралуу ой бөлүштү

Руслан Акматбек Ысык-Көлдүн тургундары менен алдыдагы пландары тууралуу ой бөлүштү “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууда. Партиядан депутаттыкка талапкер Руслан Акматбек Ысык-Көл районундагы Кашат айылынын тургундарынын чакыруусу менен барды. Ал айыл тургундары жана Балыкчы шаарындагы партиянын тарапташтары менен жолугушуп, жергиликтүү эл менен өлкөнүн өнүгүү жолдорун талкуулады. Ошондой эле айыл аксакалдарынан бата алып, насаатын угуп, жаштардын талабын, каалоо тилектерин угуп келди. Руслан Акматбек өз сөзүндө: “Урматтуу элим, шайлоо үчүн эмес, тандоо үчүн келиңиздер. Партиянын катарында кимдер бар экенине, программасы кандай экенине өзгөчө көңүл буруңуздар. Учурда элибиз куру убадалардан тажады. Коомдун, бийликтин тазалануусун талап кылып, күтүп жатат. Парламенттен билимдүү, жаратман депутаттарды көргүсү келет. Биздин команда бул талаптарга толугу менен жооп берет” – деди. #БирБол #БизДаярбызСенчи #ЫсыкКөл #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 15:16

“Биз башка бирөөлөрдүн долбоору эмеспиз, биздин таянганыбыз - жалпы кыргыз эли”.

“Биз башка бирөөлөрдүн долбоору эмеспиз, биздин таянганыбыз - жалпы кыргыз эли”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Ноокат районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди. Айтымында, айрым партиялар кошомат кылып, Орусия, Түркия, Казакстанга чейин барып, сырттан колдоо издеп жүрүшөт. “Биз элибиздин колдоосуна гана ишенебиз, ошондуктан жеңишке жетебиз деген үмүтүбүз чоң!”- деди Алтынбек Сулайманов. Ошондой эле А.Сулайманов эски системадан арылуу керектигин билдирди. “Эмне үчүн алдыга жылбай жатабыз?” деген суроо туулат. Биз бул суроонун жообун тапканбыз жана ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Албетте, тоскоолдуктар көп, бул оор жол. Өзгөртүү, жаңылануу, жаңы заманды куруу оңой эмес экен. Мурдагы калыптанып калган эски системадан чыккысы келбегендер бизге тоскоол болуп жатышат. Тоскоолдуктарды жарып өтүп, ошолорду четке сүрүп чыгарыш керек. Ал үчүн билим, эрк жана каалоо керек. Бул үчөө тең бизде бар”, - деди лидер. Эске салсак, “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Шайырбек Маматокторов, Эсенбек Арзиев баштаган башка талапкерлер Ноокат районунун эли менен жолугушту. #БирБол #Ноокат #Сулайманов #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники