О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 14:11

Акрам Мадумаров парламенттик шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Вице-премьер-министр иш сапардын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларына барды. Андан соң Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышты. Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоонун, облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Акрам Мадумаров ошондой эле Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышты.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:13

Вице-премьер Баткен облусунун шайлоого даярдыгын текшерди

Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыкты текшерди. Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыкты текшерди Бул максат менен вице-премьер Акрам Мадумаров Баткен облусуна баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Андан кийин Мадумаров ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышкан. “Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоо туурасында айтты. Облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи”, — деп айтылат маалыматта. Мадумаров андан сырткары Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышкан.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

“Актив” партиясы шайлоодон четтетилди. Сот чечим чыгарды

7-сентябрда Бишкек административдик соту “Актив” партиясынын ишин карады. Буга чейин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) чечими менен “Актив” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартылган. “Актив” саясий партиясы шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документти тапшырган жок, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби мыйзамда каралган эмес”, – деп чечим чыгарган БШК. БШКнын чечими менен макул болбой, “Актив” саясий партиясы 2020-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Административдик сотуна арыз менен кайрылган. Аталган соттун 7-сентябрындагы чечими менен “Актив” партиясынын БШКнын 2020-жылдын 3-сентябрындагы мыйзамсыз чечимин таануу жөнүндө арызы четке кагылды. Булак: reporter.kg

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

“Мекенчил” Ананьеводо. К. Ташиев: "Талапкерлер партияларга жашынбай, өз алдынча шайлана турган бир мандаттуу системаны орнотобуз"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ананьево айылына барды. 120 депутат Кыргызстан үчүн көптүк кылат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “120 депутат биздин өлкө үчүн көп. Бизге 75 депутат жетиштүү деп ойлойбуз. Биз буйруса, 75 депутаттан турган парламентти түзөбүз. Парламентти түзүү системасын өзгөртөбүз. Эл өкүлдөрү бир мандаттуу округдан шайланып келиши керек. Анда, депутаттар азыркыдай партияга жашынып келип шайланып калышпайт. Элине, жерине кызмат өтөгөндөрбү же коррупционер болобу, эл өкүлү болом дегендин баары алдыңарга келип сүйлөп анан депутат болушу шарт. Алыс жакта жатып алып, акчасын берип коюп, парламентке келип алмай адатты токтотушубуз керек”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
10 сентября 2020 г. 11:47

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева Чүй облусуна караштуу Сокулук районун ар тараптан өнүктүрүү боюнча долбоорлорду демилгелеп чыккан жалгыз талапкер. Ал учурда Сокулук районунун эли менен жолугушууларды өткөрүүдө

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

Равшан Жээнбеков: «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоого катыштырбай коюу шайлоочулардын укугун чектейт

Бийлик «Бүтүн Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бериши керек Абакта отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков «Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого катышпаса шайлоочулардын тандоосу жасалма түрдө чектелип калат деп эсептейт. Саясатчынын мындай пикирин камтыган билдирүү 7-сентябрда социалдык түйүндөр аркылуу тарады. Билдирүүдө саясатчы «бийлик «Бүтүн Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бериши керек» экенин, «бул партия 10 жылдан бери реалдуу оппозицияда болуп келе жатканын» жана «парламентке шайланууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар» экенин белгиледи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) партиянын тизмесиндеги каталарга таянганы орунсуз экенин, мындай кемчиликтер башка көптөгөн, өзгөчө бийликчил партияларда бар экенин эске салды. Жээнбеков өз кайрылуусунда ««Бүтүн Кыргызстан» партиясын Жогорку Кеңешке шайлоого катыштырбай коюу менен «Ак үй» нааразы маанайдагы потенциалды көчөгө багыттап жатат жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна шарт түзүүдө» деген оюн билдирди. БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 15 саясий партия ат салышууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкер болгон партиялардын бири - «Социал-демократтар» партиясынын тизмесинде бар. Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоону шылтоо кылып өлкөдө кырдаалды курчуткусу келген күчтөр бар экенин айтып, аларга чара көрүлө турганын 5-сентябрда эскерткен. Булак: Азаттык

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

ИИМ: Шайлоого карата ок атуучу курал сатылган дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү токтойт

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү башталганына байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында жарандардын колундагы бардык курал-жарактардын түрлөрүн текшерүүгө алат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарда сакталган жана колдонулуп жүргөн курал-жарактарды, алардын сакталышын жана ага тиешелүү документтерин толугу менен текшерүүгө алышат. Текшерүү куралдарды колдонууну көзөмөлдөөгө жана курал ээсинин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталат. Текшерүүгө ала турган курал-жарактардын катарына бардык жеке күзөт кайтаруу агенттиктери, алардын филиалдары жана аларда иштеген кызматкерлер, сый белекке берилген курал-жарактар, жарандардагы травматикалык жана өзүн өзү коргоого ала турган курал-жарактар жана ошондой эле мергенчилерге аңчылык кылууга берилген курал жарактар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга курал-жарактарды сатууга жана сатып алууга байланыштуу уруксаат берилүүчү документтер да убактылуу токтотулат.Текшерүү, көзөмөлгө алуу чаралардын жүрүшүндө жакынкы арада республикабыздын аймагында курал-жарактарды сатуу менен алектенген ишканалар менен дүкөндөрдүн да ишмердүүлүгү убактылуу токтотулмакчы. Өлкөбүздүн аймагында жарандардын колундагы курал жарактарды текшерүүнүн максаты жарандардын өмүрү менен ден соолугун, менчигин коргоого, коомдук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылууга, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоого, кылмыштуулукка жана куралдын мыйзамсыз жайылтылышына каршы ички иштер органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын бири катары эсептелет жана ал коомдук тартипти толук көзөмөлгө алууга жана чыңдоого багытталат.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Президент: Шайлоо таза эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга үндөгөндөр бар

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-сентябрда «Биринчи радиого» берген маегинде парламенттик шайлоого катышуу үчүн бардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлгөнүн, парламентке кайсы партия жеңип келсе да, иштешүүгө даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда, шайлоо таза эмес өтөт деген ойду элге сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар экенин, алар элди көчөгө чыкканга үндөп жатканын айтты. Эски адат менен шайлоону шылтоо кылып тынчтыкты буза албаса да, кырдаалды чайпап жибергиси келгендерди сындады. «Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар да бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз. Президент катары мен тараптан, президенттин Аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз», — дейт мамлекет башчы. Президент жарандарды добушун сатууга эч ким мажбурлабай турганын, таза шайлоо өткөрүү милдети бир гана мамлекеттик бийликтин колунда эмес, ар бир шайлоочунун колунда экенин айтты. Ал шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн президент катары өз милдетин толук аткарып жатканын белгилеп, буга мисал катары, шайлоо мыйзамдары өз убагында оңдолуп, кемчиликтери жоюлганын айтты. «Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын арызын карайт

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Шайлоо-2020: БШК 25 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) 7-сентябрдагы жыйынында 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын 25 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрүү токтомун кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет. Аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулардын тизмеси; № п/п Байкоочу өкүл болгон эл аралык уюм Аты-жөнү Өлкө Ээлеген кызматы ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу(БДИПЧ) ХачикянНайра Армения Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Шулянкова Ирина Беларусь Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Неквиндова Маркета Чехия Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ НемецЯн Чехия Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ БангХанна Дания Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ТалиуриЛела Грузия Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Рахимбеков Нурул Казакстан Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Бедрицкий Александр Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Богданова Кристина Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ДроноваВарвара Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ Перевозчиков Всеволод Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ХеюмНиколас Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ЯкобссонЭва Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ПрадешВарчело Максимо Хуан Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ВарфусМарио Швейцария Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ГамбониниМоника Швейцария Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ МерриллАнна АКШ Узак мөөнөттүү байкоочу ДИАУБ ВилегасДаниэл АКШ Узак мөөнөттүү байкоочу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Миссиясы Гуминский Виктор Александрович Беларусь Республикасы Миссиянын башчысы, КМШ АК төрагасынын биринчи орун басары КМШ КулебаОлег Викторович Беларусь Республикасы Штаб жетекчиси, КМШ АК Кеңешчиси КМШ Варганов Денис Александрович Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси КМШ Кремская Ольга Витальевна Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси КМШ Юркевич Павел Сергеевич Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси Молдова РеспубликасынынБорбордук шайлоо комиссиясы Роско Мария Молдова Республикасы Молдова БШКнын Шайлоо окутуу борборунун башкы адиси Молдова Республикасынын БШК МаковейВиорика Молдова Республикасы Молдова БШКнын Шайлоо окутуу борборунун башкы адиси

Подробнее
10 сентября 2020 г. 12:29

Алмамбет Шыкмаматовдун @shykmamatov

#БиздинКандидат Алмамбет Шыкмаматовдун @shykmamatov : Жемкорлор жазаланмак турсун, мамлекетти башкаруу дымагы менен шайлоого келе жатышат. Алар бүтүндөй шайлоочуларды, ал эле эмес партия, партия лидерлерин сатып алууда.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Курсан Асанов: “Бүтүн Кыргызстан” бул элдик партия, парламенттик шайлоого сөзсүз катышышы керек”

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин административдик сотунда БШКнын буга чейинки чечимине каршы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын доо арызы каралганы турат. Административдик соттун имаратынын алдына “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташары чогулуп, партиянын шайлоого катышуусун талап кылып жатышат. Милиция кызматкерлери партиянын тарапташтарын жана ММКнын өкүлдөрүн соттун имаратына киргизбей жатышат. Бир аз убакыттан кийин журналисттерге соттун имаратына кирүүгө мүмкүнчүлүк беришти.“Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен депутаттыкка аттанып жаткан ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов БШКнын чечимин мыйзамсыз деп эсептей турганын белгиледи.“Бир адамдын арызы менен партиянын мүчөлөрүнүн, 200-300 миңдеген тарапташтардын укугун тебеледи. Себеби, БШКнын мүчөлөрү ыйгарым укуктарын аша чапкандык менен пайдаланышты” – деп билдирди Курсан Асанов.Ал сот акыйкат чечим чыгара турганына ишене турганын айтты.“БШК өзүнүн чечими менен шайлоонун таза өтүшүнө бүдөмүк ойлорду салып койду. Элдин көпчүлүгүн нааразы кылып койду. Себеби, “Бүтүн Кыргызстанды” бир гана колдоочулары эмес, башка партиялардын колдоочулары да колдоп жатат. “Бүтүн Кыргызстан” бул элдик партия, шайлоого сөзсүз катышышы керек. Бүгүнкү сот акыйкат чечим чыгарат деген ишеничтемин” – деди Курсан Асанов.Белгилей кетсек, БШК өткөн аптада “Бүтүн Кыргызстан” партиясын парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тарткан. Буга аталган партиянын курултай өткөрүүдөгү эреже бузуулары жана курултайда бекитилген тизме менен БШКга өткөргөн тизменин эки башка чыкканы негиз болгон. Булак: KyrgyzToday.kg

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

«Кыргызстан» партиясы шайлоо алдында «ЭЛ ҮЧҮН» программасын сунуш кылат

Кыргызстандын өнүгүшү эң маанилүү ресурс – адамды өнүктүрүүгө негизделген! Бул максатка жетүү үчүн, өлкөнүн тарыхында “Элдик мыйзамдар” деген ат менен кала турган демилгелер иштелип чыкты! Алар эл үчүн жана Кыргызстандын ар бир жараны үчүн иштелип чыккан! Партия республиканын жарандарын угат жана ар бир жарандын жыргалчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алат! Партия төмөнкү багыттар боюнча жигердүү реформаларды жүргүзүү үчүн түпкү кадамдарды сунуш кылат: экономика, социалдык чөйрө, мамлекеттик башкаруу, эл аралык саясат жана коопсуздук. Ар бир жаран жана бардык адамдар үчүн кризиске каршы 20 мыйзам! Фундаменталдык реформалар үчүн, ири, реалдуу жана алдыңкы долбоорлор үчүн 20 мыйзам! «ЭЛ ҮЧҮН» программасы турмуштун эң маанилүү чөйрөлөрүн камтыйт жана орто жана узак мөөнөттүү мезгилге республиканын негизги багыттары боюнча өнүгүү стратегиясын сунуштай алат жана Программаны жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүдөй максаттарды белгилейт (артыкчылыктуу, бирок өз ара көзкарандылыкта), алар биринчи кезектеги партиялык мыйзам долбоорлорунун / демилгелеринин 5 пакетинде таризделген: • Экономика саясатка караганда маанилүү • Социалдык чөйрө — ар бир үй-бүлөдөгү жыргалчылык • Маданият жана билим — бул элдин баалуулугу • Натыйжалуу эл аралык саясат • Коопсуздук жана мыйзамдын үстөмдүгү Партиянын максаты – ар бир жарандын жыргалчылыгына негизделген күчтүү жана туруктуу мамлекет! Элдин жыргалчылыгы — бул бүтүндөй мамлекеттин жыргалчылыгы! “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 7-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Шайлоо өнөктүгү учурунда курал-жарактарды берүү токтотулуп, текшерүүгө алынат

Шайлоо өнөктүгү учурунда коопсуздукту сактоо үчүн жарандарга курал-жарак берүү токтотулуп, текшерүүгө алынат. Бул тууралуу ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлады. Ага ылайык, жарандардагы курал-жарактардын сакталышы жана ага тиешелүү документтер текшерүүгө алынып, курал ээсинин жоопкерчилиги күчөтүлөт. Мындан тышкары сый белекке берилген курал-жарактар, жарандардагы травматикалык жана мергенчилерге аңчылык кылууга берилген куралдар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга курал-жарактарды сатууга жана сатып алууга берилүүчү документтерге да убактылуу тыюу салынат. Бул чара Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу коомдук тартипти сактоо үчүн кабыл алынды.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:19

«Кыргызстан» партиясы Бишкектин административдик сотуна арыз берди

«Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берди. Партиянын мүчөсү Талант Мамытов арыз 26-августта жазылганын «Азаттык» радиосуна билдирди. «Мыйзам боюнча иш үч күндүн ичинде каралышы керек», — деди Мамытов. Ал арада партиянын лидери Канатбек Исаев шайлоо штабындагы кызматкерлерге кайрылып, жумушту уланта берүүгө буйрук берди. Анын кайрылуусу «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды. Исаев сот БШКнын чечимин жокко чыгарарына ишенерин, партия шайлоого сөзсүз катышарын айтты. БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок «Кыргызстан» партиясы шарттарды бузган деген негиз менен анын документтери 25-августта артка кайтарылган.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 21:19

Канча?

Канча? Эгемендик менен эртеңкинин баасы канча? Тарых менен тагдырдын наркы канча? Абийир менен намыстын баркы канча? Билесизби, бул сиздин добушуңуздун баасы. Бул мен көргөн жана сен көргөн чындык. Бул шайлоо өлкөнү өзгөртүүгө тийиш! Добушуңду сатпа, Мекениңди сакта!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники