БШК “Бир Бол” партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоого алды Бүгүн, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Бир Бол” партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоого алды. ⠀ Белгилей кетсек, буга чейин “Бир Бол” партиясы БШКга тиешелүү документтерди өз учурунда жана кынтыксыз тапшырган. ⠀ #БирБол #Бирэлбиркүч #Тазалан #Шайлоо2020 #БизДаярбыз
ПодробнееДостор, силердин колдооңор менен биз расмий каттоодон өттүк! Шайлоого катышабыз 🙌 Эми реформага жасаганга мүмкүнчүлүк болот 🔥 Элибиздин, ар бирибиздин жана ушул сөздү окуп жаткандын ишенимине татыктуу боло алабыз. Биздин колубуздан келет!!! Друзья, благодаря вашей поддержке мы официально зарегистрированы и будем участвовать на выборах! Теперь есть шанс на позитивные реформы 🔥 Мы верим, что сила у народа, сила у вас, у каждого, кто читает эти строки. У нас все получится! #реформакерек #шайлоо2020 #выборы2020 #кыргызстан
ПодробнееАраван районунда жыйналган элдин алдынан, мигрант болуп жүрүп каза болгон кыздын сөөгүн алып келген учурду эстегенимде, элдин да, өзүмдүн да көзүмө жаш толду.
ПодробнееБүгүнкү Кыргызстан — алсыз бийлик, кембагал эл, алкымы чоң аткаминер, башаламан коом. Сабырыбыз түгөнүп, элибиз өзгөрүүнү эңсеп турат. Бизди чоң күрөш күтөт, бул абийир менен акчанын күрөшү. Бул күрөштө байлык эмес, чындык жеңет. Бизге «Жаңы дем» керек. Биз, бир муштумдай бириктик. Өлкөнүн өнүгүүсү өз колубузда.
Подробнее"Боз үй кыргыз эли үчүн көчүп-конууга ыңгайлуу ата-бабалардан сакталып калган жөн эле үй эмес. Боз үй – өткөн менен келечектин байланышы, боз үй – өлкөнүн биримдигинин символу. Бул боз үй тигүү жөрөлгөсүн аткаруу менен биз элибизди түндүк-түштүккө, айылдык-шаардыкка, кокту-колотко бөлүнүүсүн токтотууга чакырабыз! Келгиле, мындан ары маданий жана улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү, баалуулуктарыбызды сактайлы! Биздин саясий партия нөлүнчү чакырымды тандадык. Себеби – бардык карама-каршылыктарды жана талаш-тартыштарды, өз ара таарынышууларды жана шектенүүнү жок кылгыбыз келгенинде! Эң башкысы Ала-Тообуздун асманы дайым ачык, багытыбыз байсалдуу болсун, “Мекеним Кыргызстан!”- деп символизм тууралуу партиянын биринчи үгүт иш-чарасында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров түшүндүрмө берди.
Подробнее"Мекеним Кыргызстан" - ар бир кыргызстандыктын партиясы. "Мекеним Кыргызстан" - ар бир кыргызстандыктын партиясы. Депутаттыкка талакерлер ойлорун тазартып, жакшыга үмүт кылып ыйык Сулайман-Тоого чыгуу менен үгүт ишин баштады.
ПодробнееТимур Саралаев: «Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстандын өндүрүш, соода-сатык жана бизнес тармактарына абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү алып келет".
Подробнее"Ыйман Нуру" саясий партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Кочкор районунун тургундары менен жолугушту. Калктын көйгөйлөрү жана Кочкор районун өнүктүрүү жолдору талкууланды. Лидер политической партии "Ыйман Нуру" Нуржигит Кадырбеков встретился с жителями Кочкорского района. Обсудили проблемы населения и планы развития Кочкорского района. Ыймандуу бийлик - берекелүү жашоо!
Подробнее"Республика" партиясы олуттуу реформаларды сунуштайт! "Республика”: Президент институту жок болот! “Республика”: Болгону 75 депутат болот! “Республика”: 16 эмес, 7 гана министр! “Республика”: УКМКны жоёбуз! Айылчарба насыялары 5% чейин! Мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин! Беш салыктын ордуна бир салык!
Подробнее"Кыргызстан" партиясы расмий түрдө шайлоо кампаниясына "старт" берди. Жалпы жыйындан алынган көз ирмемдер.
ПодробнееЗамандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов өзүнүн командасы менен биргеликте Нарын облусунун Ак-Талаа районунда болду. Шайлоочулар менен жолугушуу ийгиликтүү өттү!
ПодробнееНарын облусунун тургундары "Замандаш" партиясынын командасын жылуу тосуп алышты.
Подробнее«Бир Бол» саясий партиясы аймактарга болгон үгүт иштерин Манас атабыз жердеген Талас облусунан баштады. Партия лидери Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» партиясынан талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Чынар Капарова, Рамис Мамбеталиев жана башка партиянын мүчөлөрү алгачкы күнү Манас атанын күмбөзүн зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран окушту. Ошондой эле, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту. Эл өкүлдөрүн Талас элинин өзгөчө тосуп алышы - «Бир Бол» партиясынын бул аймакта колдоочулары арбын экенин көрсөтүп турат. Аталган облустан белгилүү ишкер, жаш лидер Рамис Мамбеталиев «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкерлигин коюп жатат.
Подробнее"Кыргызстан" партиясы расмий түрдө шайлоо кампаниясына "старт" берди. Жалпы жыйындан алынган көз ирмемдер. ________________________ Партия "Кыргызстан" официально дала "старт" предвыборной кампании. Фоторепортаж с мероприятия.
Подробнее"Бир Бол" саясий партиясынын "Тазалан" экологиялык акциясы Ош шаарында да өттү. "Биз айлана-чөйрөнү эле эмес, саясатты да тазалайбыз."
Подробнее