О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
4 сентября 2020 г. 20:51

БИР БОЛ, ЭЛИМ!

БИР БОЛ, ЭЛИМ! Сөзү, обону: Ислам Сатаров 1. Эркибиз бар эрөөлдөрдө курчуган, Ээ-жаа бербей эт жүрөктү булкуган. Билимдүүлөр биригүүчү кез келди, Улуу элдин үмүт арткан журтунан. 2. Ынтымактын өрнөк кылып башатын, Ыйык Мекен кылымдарга жашасын! Токтото албайт бизди чектер, тардыктар, Ток пейилдүү элдин алсак батасын! Кайырма: Бир бол! Бир бол! Улуу жолго кадам койгон сапарда, Бир бол! Бир бол! Максат коюп кошул биздин катарга! Бир бол! 3. Жаштар келди колдоп-коштоп бир бирин, Билсин элдер кыраандардын кимдигин. Өрнөк болуп арттан келген урпакка, Өнүгүүчү мезгил болсун күн бүгүн! 4. Тоскоолдуктар тоссо дагы ар жактан, Тоодой максат койдук жолдон тайбастан. Чынжырларын жулуп акыр жалгандын, Чындык гана жеңип чыгат кармаштан. #БирБол #БизДаярбызСенчи #Тазалан #Шайлоо2020 #Выборы2020 Воспроизвести сейчас -3:47 Дополнительные визуальные настройки Запустить «Все в одном окне»Нажмите для увеличения Включить оповещения Возобновить видео Подробнее birbol.kg

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:05

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы үгүт кампаниясын нөлдүк чакырымдан баштоону чечти. Тактап айтканда, бүгүн Бишкектин так ортосунда жайгашкан эски почтамт Кыргызстандагы жол аралыгын ченөөдөгү башкы чекит болуп эсептелди.

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы үгүт кампаниясын нөлдүк чакырымдан баштоону чечти. Тактап айтканда, бүгүн Бишкектин так ортосунда жайгашкан эски почтамт Кыргызстандагы жол аралыгын ченөөдөгү башкы чекит болуп эсептелди. Так ошол жерге боз үй тигилип, расмий түрдө үгүт кампаниясына старт берүү үчүн Кыргызстандын бардык аймактарынан талапкерлер келип катышты. Талапкерлердин баары кыргыздын салтын улап, ак сакалдуу атадан бата алышты. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясын баштаган топ чечкиндүү түрдө жакшы жакка өзгөрүүнү каалап, "Биз жеңебиз! Биз менен эл жеңишке жетет!" деген ураан менен парламенттик шайлоого карай багыт алышты. “Мекеним Кыргызстан” партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты болсун! *** Мы решили начать свою агитационную кампанию с нулевого километра. Это точка отсчета дорожных расстояний в Кыргызстане, расположенная в центре Бишкека на месте старого почтамта. Именно к ней, кандидаты со всех областей Кыргызстана прибыли в столицу, чтобы дать официальный старт избирательной кампании. Символичным стал сбор юрты, ведь главный посыл партии - это созидание и надежность. Команда «Мекеним Кыргызстан» решительно настроена на изменения к лучшему. Победа будет за нами! С нами народ!

Подробнее
5 сентября 2020 г. 13:18

Бир Бол" саясий партиясынын эң жаш талапкери Нурсултан Кубанов:

“Бир Бол” партиясында өз ишин мыкты билген кесипкөйлөр, тажрыйбасы мол адистер топтолгон. Буга чейин жалпы команда менен бирге пландарды, программаларды талкуулаганбыз. Баарыбыздын максатыбыз, идеяларыбыз бир”

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:16

Экөө жалпы баалуулуктарды тутунушат жана эң жогорку эки сапатка ээ.

🙏🏻Экөө жалпы баалуулуктарды тутунушат жана эң жогорку эки сапатка ээ. Ал- жогорку адеп-ахлактык, тубаса лидерлик. Экөө бири-бирине эриш-аркак. Бири-бирине жардамчы☝🏻 Экономиканын абалы дагы адамдардын ички баалуулуктарынын чагылышы. Экөөнү тандаганыңыз- экономиканын өсүшүн тандаганыңыз! . 🙏🏻Они исповедуют общие ценности и сочетают в себе два незыблемых качества - высокую нравственность и прирожденное лидерство, непоколебимое достоинство☝🏻 Они являются помощниками друг другу, ведь состояние экономики - это отражение внутренних ценностей людей.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:30

Республика”: Президент институту жок болот!

Республика”: Президент институту жок болот! Кыргызстанда акыркы төңкөрүштөргө президенттик бийлик себеп болгон. Ошондуктан, келе жаткан парламенттик шайлоодо “Республика” партиясы президенттик институт....

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:32

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы үгүт кампаниясын нөлдүк чакырымдан баштоону чечти.

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы үгүт кампаниясын нөлдүк чакырымдан баштоону чечти. Тактап айтканда, бүгүн Бишкектин так ортосунда жайгашкан эски почтамт Кыргызстандагы жол аралыгын ченөөдөгү башкы чекит болуп эсептелди. Так ошол жерге боз үй тигилип, расмий түрдө үгүт кампаниясына старт берүү үчүн Кыргызстандын бардык аймактарынан талапкерлер келип катышты. Талапкерлердин баары кыргыздын салтын улап, ак сакалдуу атадан бата алышты. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясын баштаган топ чечкиндүү түрдө жакшы жакка өзгөрүүнү каалап, "Биз жеңебиз! Биз менен эл жеңишке жетет!" деген ураан менен парламенттик шайлоого карай багыт алышты. “Мекеним Кыргызстан” партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты болсун!

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:33

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы Мирлан Бакировдун эгемендик майрамы менен кутттуктоосу:

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы Мирлан Бакировдун эгемендик майрамы менен кутттуктоосу: Урматтуу элим, мекендештер, баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул күн биз үчүн, эркин элибиз үчүн өзгөчө улуу күн, улуу майрам. Эгемендик — биздин башкы байлыгыбыз, ал мамлекеттүүлүктүн жана өнүгүүнүн өзөгү. “Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизге гүлдөгөн өсүп-өнүгүү жана жаркын келечек, ар бир жаранга чың ден соолук, бардар турмуш, мекенге болгон чексиз сүйүү жана өз өлкөсү менен дайыма сыймыктанып жүрүүнү каалайт. Биз биргеликте эгемендигибизди чыңдап, өркүндөп-өсүү жолуна өлкөбүздү чогуу алып өтөбүз. Эгемен күнүң кут болсун, касиеттүү Мекеним — Кыргызстан!

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:41

Адамдарга кантип жашоону үйрөтүүнүн кереги жок - ийгиликке жетүүнү үйрөтүү керек!

Адамдарга кантип жашоону үйрөтүүнүн кереги жок - ийгиликке жетүүнү үйрөтүү керек! “Ыйман Нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Балыкчы шаарында шайлоочулар менен алгачкы жолугушуусун өткөрдү. Лидерди шаар тургундары жылуу тосуп алышты. Балыкчы шаарына аталган партиядан жаш, чыгармачыл жана буга чейин мамлекеттик түзүмдө иштеп тажрыйба топтогон инсан Аскарбек Күрүчбеков өз талапкерлигин көрсөтөт. Аскарбек өз районунда кадыр-баркы бар жигит. Жолугушуу учурунда Нуржигит Кадырбеков шайлоочуларга акча менен эмес, жүрөк менен добуш берүүгө чакырды. «Жүрөктөрдө ЫЙМАН НУРУ жаркырап, сүйүктүү өлкөбүздү өнүктүрүүчү кадамдарды жана аракеттерди жасайлы. Ушул шайлоо - жакшылыкка карай улуу өзгөрүүнүн өзөгү болсо экен». ӨЗГӨРҮҮ ӨЗҮБҮЗДӨН БАШТАЛАТ!

Подробнее
4 сентября 2020 г. 22:59

Бүгүн “Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын “Тазалан!” экологиялык акциясы менен баштады.

Бүгүн “Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын “Тазалан!” экологиялык акциясы менен баштады. Иш-чара Бишкектин четинде жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосундагы желексаптын жанында өттү. ⠀ Акцияга талапкерлер, партиянын мүчөлөрү жана тарапташтары катышты. Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов ишембиликке келгендерди шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын ачылышы менен куттуктап, талапкерлерге ийгилик каалады. ⠀ “Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Биз кесипкөй, заманбап билимге ээ болгон таза жаштар менен аттанып жатабыз. Өлкөбүз тазаланууга, таза инсандарга муктаж. Биз иштин көзүн билген, жаратман жаңы жүздөрдү бириктире алдык. Биз өзгөрүүгө жана өзгөртүүгө даярбыз!” - деп билдирди “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов. ⠀ “Бир Болдун” тизмесин шайлоого баштап бара жаткан Алмамбет Шыкмаматов жаңыланган команда бүгүн тазалык жана жаңылануу үчүн күрөшкө аттанып жатканын белгиледи. ⠀ “Биз бийликтин бардык бутактарында жаңылануу жана тазалануу үчүн күрөшөбүз. Биздин команда таза, жаратман жана тилектерибиз бийик, сезимдерибиз аруу мекендештерибизден турат. Коомдун бардык катмарында тазаланууга муктаж жагдайлар бар. Бүгүнкү иш-чарабыз тазалануу менен жаңылануунун башаты. Биз жеңебиз”, - деди А. Шыкмаматов. ⠀ “Мекенибиздин символу болгон мамлекеттик туубузду ар дайым таза тутушубуз керек. Адатта биз жоопкерчиликти расмий органдардан күтөбүз. Биз азыр ыктыярдуу түрдө келип тазалык иш-чарасын өткөргөнүбүз, өлкөбүз үчүн жоопкерчиликти ыктыярдуу түрдө өзүбүзгө алганыбыз дегенди билдирет”, - деди “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Руслан Акматбек. ⠀ Тазалык акциясынын жыйынтыгында 300 кг таштанды чогултулду. Иргелгендер кайра иштетүүгө жиберилип, калганы таштанды полигонуна төгүлдү. ⠀ #БирБол #Тазалан #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
4 сентября 2020 г. 23:02

БИР БОЛ, ЭЛИМ!

БИР БОЛ, ЭЛИМ! Сөзү, обону: Ислам Сатаров 1. Эркибиз бар эрөөлдөрдө курчуган, Ээ-жаа бербей эт жүрөктү булкуган. Билимдүүлөр биригүүчү кез келди, Улуу элдин үмүт арткан журтунан. 2. Ынтымактын өрнөк кылып башатын, Ыйык Мекен кылымдарга жашасын! Токтото албайт бизди чектер, тардыктар, Ток пейилдүү элдин алсак батасын! Кайырма: Бир бол! Бир бол! Улуу жолго кадам койгон сапарда, Бир бол! Бир бол! Максат коюп кошул биздин катарга! Бир бол! 3. Жаштар келди колдоп-коштоп бир бирин, Билсин элдер кыраандардын кимдигин. Өрнөк болуп арттан келген урпакка, Өнүгүүчү мезгил болсун күн бүгүн! 4. Тоскоолдуктар тоссо дагы ар жактан, Тоодой максат койдук жолдон тайбастан. Чынжырларын жулуп акыр жалгандын, Чындык гана жеңип чыгат кармаштан. #БирБол #БизДаярбызСенчи #Тазалан #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
4 сентября 2020 г. 23:04

Кыргызстандагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясы расмий башталды

Кыргызстандагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясы расмий башталды! ⠀ Евразиялык тандоо «Биримдик» – Демократиялык социализм партиясы бүгүн, 4-сентябрда борбордук Жеңиш аянтында партиялаштар жана активисттер менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага партиянын лидерлери, анын жактоочулары, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан партиялаштары жана партиянын жаштар канатынын өкүлдөрү катышты. ⠀ Келечек муундардын жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн бергендерди эске салып, расмий салтанат Түбөлүк оттун жанына гүл коюу менен башталды. Кыргызстандын гимни жаңырды, андан кийин партиянын гимнин ырчы Ильяз Абдразаков аткарды. ⠀ Иш-чараны демократиялык социализм партиясынын лидери – Евразиялык тандоо «Биримдик» Марат Аманкулов ачты. Өз сөзүндө ал партиянын жактоочулары менен жылуу саламдашты жана партиянын идеологиясы менен башкы максаттары тууралуу айтып берди. Салтанаттуу сөздөр менен партиянын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров, кандидаттар Акылбек Жамангулов, Улугбек Кочкоров жана Галина Кетова чыгышты. Бул жолугушууда «Биримдик» партиясынын лидерлери, жаштар, ишенимдүү жактоочулары сүйлөшкөн негизги темалар – партиянын баалуулуктары жана максаттары болду. Ошондой эле партиянын программасы да козголду. ⠀ Мындан тышкары, евразиялык вектор – партиянын концепциясынын маанилүү бөлүгү. Жолугушууда Марат Аманкулов айткандай, «ички дүйнөбүздүн ичинде евразиялыктын руху терең отургандыгын, биз баарыбыз байкабай, сезбей койбойбуз. 1945-жылдагы Жеңиш – мына евразиялыктын квинтэссенциясы. Биздин чоң аталар этносторго, конфессияларга бөлүнүшкөн эмес, алар бизге келечек берүү үчүн биригишкен. Биз Кыргызстанга жаңы импульс берүү үчүн шайлоого, өлкөнүн парламентине барабыз. Биздин келечегибиздин образы – евразиялык тандоо. Жолу – демократиялык социализм». ⠀ Жолугушуу салтанаттуу, майрам атмосферасында өттү. Сүйлөп чыккандарды чын жүрөктөн кол чабуулар менен тосуп алып жана узатып жатышты. Шайлоочуларды үгүттөө бир ай уланат жана добуш берүү күнүнө чейин бир сутка калганда аяктайт

Подробнее
5 сентября 2020 г. 12:44

Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болдум.

Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болдум. Бул аралыкта шайлоочуларымдын суроо-талабын толук аткарууга мүмкүн болбоду. Бирок керектүү мыйзамдарды кабыл алуу менен көптөгөн маселелерди чечүүгө, жашообузду жакшы жакка өзгөртүүгө болорун түшүндүм. Депутаттык ишмердүүлүгүмдө калктын жашоосун жакшыртууну көздөгөн онго жакын мыйзамдарды демилгелеп чыктым. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын платформасы, программасы шайлоочуларымдын сунуштарын аткаруудагы менин приоритеттериме туура келди, аларды санап өтсөм: 1. Улуттар аралык ырашкерлик өлкөнүн стабилдүү түрдө өсүшүнө негиз болот. 2. Бийликти толугу менен децентрализациялоо. Мамлекеттик аппаратты кыскартуудан үнөмдөлгөн каражатты жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын колдоого жумшоо. 3. Экономикалык моделди өзгөртүү, реалдуу секторду өнүктүрүүгө басым жасалган эркин экономиканы түзүү. 4. ЕАЭБдеги өлкөбүздүн кызыкчылыгын натыйжалуу коргоо жана активдештирүү, жергиликтүү ишкерлерди коргоо менен Кыргызстандын позициясын күчөтүү. 5. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында санариптештирүү процессин ишке ашыруу. IT жаатын болушунча либералдаштыруу. Мыйзам чыгаруу жаатына текшерүү жүргүзүү менен кемчиликтерди жоюу жана буларды IT тармагы аркылуу көзөмөлдөө.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 18:38

«Бир Бол» партиясы аймактарга болгон үгүт иштерин Таластан баштады

«Бир Бол» партиясы аймактарга болгон үгүт иштерин Таластан баштады «Бир Бол» саясий партиясы аймактарга болгон үгүт иштерин Манас атабыз жердеген Талас облусунан баштады. Партия лидери Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» партиясынан талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Чынар Капарова, Рамис Мамбеталиев жана башка партиянын мүчөлөрү алгачкы күнү Манас атанын күмбөзүн зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран окушту. Ошондой эле, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту. Эл өкүлдөрүн Талас элинин өзгөчө тосуп алышы - «Бир Бол» партиясынын бул аймакта колдоочулары арбын экенин көрсөтүп турат.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 20:52

“Ата Мекен” шайлоого жаңыланган курам менен барат.

“Ата Мекен” шайлоого жаңыланган курам менен барат. Эми Кыргызстандын тарыхындагы “аксакал” партиянын башында Жанар Акаев, курамында Тилек Токтогазиев, Рыскелди Момбеков, Эльдар Абакиров, Наталья Никитенко, Эльвира Сурабалдиева, Абдывахап Нурбаев ж.б. бар. ⠀ Партия үгүт компаниясын Талас областынан баштады. Мындай маанилүү кадам үчүн Таластын тандалышы дагы бекеринен эмес. “Ата Мекендин” алгачкы кышын кынагандардын бири, партиялашыбыз Болот Шердин элеси эскерилди. Андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, адилет шайлоо үчүн күрөшүүгө убада бердик. ⠀ ** ⠀ На выборы "Ата Мекен" идет обновленным составом. Теперь новую страницу истории одной из старейших партий Кыргызстана олицетворяют Жанар Акаев, Тилек Токтогазиев, Рыскелди Момбеков, Эльдар Абакиров, Наталья Никитенко, Эльвира Сурабалдиева, Абдывахап Нурбаев и другие. ⠀ Партия не случайно начала свои встречи с Таласской области, где почтили память нашего учителя, товарища и со-партийца Болота Шера, а после встретились с избирателями, которые взяли с нас обещание вести честную гонку на выборах.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 21:40

Таластыктар Жанар Акаевге ак боз ат мингизип, “Ата Мекенге” ак батасын беришти.

Таластыктар Жанар Акаевге ак боз ат мингизип, “Ата Мекенге” ак батасын беришти. “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү Талас облусунун тургундары менен жолугушууларды улантууда. Бүгүн “атамекенчилер” улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени – Шекер айылында болушту. Талапкерлер эл менен баарлашып, шайлоо алдындагы программасын тааныштырып, өлкөдөгү кырдаал тууралуу пикир алышышты. “Партиялар көп нерсени убада кылышат, бирок кийин аткарганы аз. “Ата Мекен” колунан келбей турган нерсени убада кылбайт. Ооба, биз олигархтардын, капчыктуулардын жана коррупционерлердин партиясы эмеспиз. Биздин катарыбызда “чимкириктер” жок, бирок жаңы жүздөр көп. Бизде чынчылдык, тазалык жана элге кызмат кылууга чоң каалоо бар. Биз шайлоочуларга дайыма эл менен бирге болобуз деп убада беребиз”, - деди Жанар Акаев. Жолугушууга келгендер лидердин бул сөзүн кол чабуулар менен кубатташты.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники