О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:24

БУУ Өнүктүрүү программасы БШКга 2550 планшет берди

БУУ Өнүктүрүү программасы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 2550 планшет берди. Аны парламенттик шайлоодо участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү маалыматтарды ыкчам алмашуу максатында колдонушат. БШК планшеттер менен мониторлор Кыргызстандын аймагындагы 2420 шайлоо участкаларына жеткирилерин билдирди. Шайлоонун жол-жобосу атайын программа жана тиркемелер түрүндө планшеттерге түшүрүлөт. 2020-2021-жылдарда Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо программасы Япониянын, Германиянын, Швейцариянын каржылык колдоосунда БУУ Өнүктүрүү программасы тарабынан ишке ашырылууда.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:07

Биздин жүрөктөрдө - Кыргызстан, биздин оюбузда - улуу пландар, сиздердин колуңуздарда өлкөбүздүн келечеги.

Биздин жүрөктөрдө - Кыргызстан, биздин оюбузда - улуу пландар, 🙏🏻 сиздердин колуңуздарда өлкөбүздүн келечеги. Ыймандуу бийлик - берекелүү жашоо! В наших сердцах - Кыргызстан, в наших умах - великие планы, 🙏🏻 в ваших руках будущее нашей страны. Ыймандуу бийлик - берекелүү жашоо!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

Сот БШКны Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПны каттоого милдеттендирди

Бишкектин административдик соту Сагынбек Абдрахманов башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн жазган арызын карап, канааттандырган чечим кабыл алды. Бул тууралуу Сагынбек Абдрахмановдун өзүнө таянып, «Азаттык» жазды. Анын айтымында, БШК эми КСДПны кайра катташы керек. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов маалыматты ырастап, соттун чечимин алгандан кийин алар өз чечими тууралуу кабар беришерин билдирди. 13-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Абдрахманов жетектеген «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» (КСДП) саясий партиясынын парламенттик шайлоого карата өкүлдөрүн каттоодон баш тарткан. 13-июлдагы отурумунда КСДПнын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахмановду көрсөткөн тараптын жана бул партиянын лидери деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тааныган тараптын арыздары каралган. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, эки тараптын соттук териштирүүлөрү аягына чыга элек болгондуктан, бул партиядан өкүлдөрдү каттабай туруу тууралуу чечим 13-июлдагы отурумда кабыл алынган. Ошондон кийин Сагынбек Абдрахманов сотко арыз жазган болчу. Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келди. Бул кызматты ал быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген. Атамбаев баштаган бир топ адамдар Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, соттолууда. Кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирди. БШК азыр алардын документтерин текшерип, ошонун жыйынтыгына жараша ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алып жатат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

Жыл башынан бери Токмокто 7 миңге жакын адам каттоого турган

Чүй облусунун үч аймагында шайлоо алдында адамдарды жапырт каттоого байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка караганда, быйыл жыл башынан бери Токмок шаарында 6 745 адам каттоого турду. Текшерүүнүн натыйжасында алардын айрымдары үй ээсинин макулдугусуз, тиешелүү документтери жок эле туруктуу катталганы, кээ бир даректер боюнча 150дөн ашык адам каттоого алынганы аныкталды. Жергиликтүү каттоо кызматынын айрым кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды. Ушул эле берене менен эки миңдей адамды Токмок шаарына каттаган Кемин жана Аламүдүн райондорунун паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине карата тергөө жүргүзүлө баштады.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:24

Боршайком: аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин жана курамын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрүлөт

2018-жылдын 14-февралында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында саясий партияларынын өкүлдөрүнөн аймактык шайлоо комиссиясына каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган боюнча чүчүкулак өткөрүлөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Аймактык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө түзүлөт. «Аймактык шайлоо комиссиясы тийиштүү комиссиясынын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Эгерде саясий партиядан аймактык шайлоо комиссиясынын каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган учурда, анда тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрөт. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын курамына кирбеген саясий партиялардын өкүлдөрү, саясий партиялардан шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда, бош орунду ээлөө үчүн саясий партиялардын резервин түзөт», – делет билдирүүдө.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:38

Жакшылык Матанов

Жакшылык Матанов: "Замандаш" партиясы шайлоо алдында гана пайда боло калган жок. Аны элибиз жакшы билет

Подробнее
4 сентября 2020 г. 20:32

Бүгүнкү Кыргызстан — алсыз бийлик, кембагал эл, алкымы чоң аткаминер, башаламан коом.

Бүгүнкү Кыргызстан — алсыз бийлик, кембагал эл, алкымы чоң аткаминер, башаламан коом. Сабырыбыз түгөнүп, элибиз өзгөрүүнү эңсеп турат. Бизди чоң күрөш күтөт, бул абийир менен акчанын күрөшү. Бул күрөштө байлык эмес, чындык жеңет. Бизге «Жаңы дем» керек. Биз, бир муштумдай бириктик. Өлкөнүн өнүгүүсү өз колубузда.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

Мадумаров парламенттик шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Вице-премьер-министр иш сапардын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларына барды. Андан соң Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышты. Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоонун, облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Акрам Мадумаров ошондой эле Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышты.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

Акрам Мадумаров Шайлоо боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүгө жана шайлоону өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Вице-премьер-министр белгилегендей, бир нече күн мурда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны болду, анда парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси каралды. «Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», – деди Акрам Мадумаров. Ал дагы бир маанилүү жагдайды белгиледи, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча план иштеп чыгып, бекитүү керектигин айтып, шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын кошумчалады. Штабдын отурумунда ошондой эле эл аралык байкоочулар боюнча маселе дагы каралды. Муну менен катар шектүү жана айыпталуучу катары камакта жаткан адамдарга тиешелүү документтерди берүү боюнча баяндама жасалды. Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берди

“ЭрК” партиясынын депутаттыгына талапкер жана лидери Турсунбай Бакир уулу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын айынан БШКга каршы доо арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрылды. Анын пикири боюнча, ал алдыдагы шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги ордунан мыйзамсыз ажыратылган. Анын айтымында, тизме бурмаланып, 19-августта партиянын курултайында кабыл алынган тизмеге туура келбейт. Бакир уулу БШКга арыз менен кайрылып, анда партиянын каттоосунан баш тартпоо жана сотко арыз жазуу чечими кабыл алынган, анткени БШК партиянын ички ишине кийлигишүүгө укугу жок. Саясатчы партия менен соттошууну көздөбөйт, арыздануучу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жараксыз деп гана таанууну каалайт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

Мага “Элита”, “япониялык тамеки чеккич” деген кара пиар жүрдү. Кожобек Рыспаев шайлоого катышпайт

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев 2020-жылдагы шайлоого катышпай турганын билдирди. Ал 10 жылдык депутаттык ишмердүүүлүгүндө ар кандай кара пиар сындарга кабылганын айтты. Мындан ары үй-бүлөсүнө көңүл буруп, чыгармачылык жана ишкерлик менен алек болорун белгиледи. “Депутаттык мөөнөттө мени ээрчиген кара пиар, ыплас сөздөргө туруштук берип түшүнүү менен кабыл алдым. Бурмаланып кеткен маалыматтарга, көбүртүп-жабыртып айткан адамдарга өзүмдүн чындыгымды айтып келдим. Дагы да чындыкты айтам. “Элита”, “япониялык тамеки чеккич”, “көп медал алган Жуков” сыяктуу кара пиар кампаниялар мага каршы ачык эле жүрүп жатты. Буларды азыр да кайталашат. Дагы да жарыялашат. Мынча кызыктуу талкууларды көрүп кээде күлкүм келет. Айрым адамдардын фантазиясы абдан катуу иштейт экен. Чыгармачылыгыңарга таазим. Бирок мунун баарын менин жакындарым калп экенин билет, түпкү чыныгы маңызы кандай болгонун билет. Айрым адамдар үчүн бул катуу эле тиет. Мейли…

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:31

Дагы эки партия шайлоого катышуудан баш тартты

“Нур” жана “Тартип-Порядок” саясый партиялары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-августтагы жыйынында партиянын билдирүүсүн карап, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен аны эске алуу чечимин кабыл алды. “Тартип-Порядок” жана “Нур” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын катталуу күбөлүктөрү жараксыз деп таанылды.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:50

Алдыда реформалар!

Алдыда реформалар! Алдыда чоң өзгөрүүлөр! Бүгүн элибизге Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы "Алдыга жол" атуу программабызды презентацияладык. Биздин жол - Алдыга жол

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Акрам Мадумаров​ парламенттик шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын​ вице-премьер-министри Акрам Мадумаров​ Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты.​Вице-премьер-министр иш сапардын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларына барды.​Андан соң Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышты.Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоонун, облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.Акрам Мадумаров ошондой эле Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышты.​

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Шайлоо 2020. Эки депутат мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын депутаты Абылкайыр Осмонбекович Узакбаевдин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка таянсак, ал өз каалоосу менен мандатын тапшырып берди. “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын депутаты Кубанычбек Советович Нурматовдун да депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотту.Кубанычбек Нурматовдун ордуна Улугбек Чирмашович Садиковго мандат берилди. Ал эми Абылкайыр Узакбаевдин мандаты Уланбек Чекишович Исмаиловго өттү. Экөөнө тең депутаттык төш белги жана кызматтык күбөлүк берилди.Буга чейин депутаттар Зиядин Жамалдинов, Данияр Толонов, Жунус уулу Алтынбек да мандатын тапшырган.Өлкөдө 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрда башталып, 2-октябрда аяктайт.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники