О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:13

Сыймык Бейшекеев: Баарына каршы добуш берем, келечекке кедергим тийбесин

Ал мындай аракетин азыркы партияларга ишенбестигин жана келечекке кедергисин тийгизгиси келбегендиги менен түшүндүргөн. Белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев парламенттик шайлоодо бюллетендеги “баарына каршы” графасын тандай турганын инстаграм баракчасына жазды. Ал мындай аракетин азыркы партияларга ишенбестигин жана келечекке кедергисин тийгизгиси келбегендиги менен түшүндүргөн. “Бүгүн эми 1 ай бою гүлдөтөбүз кыйратабыз, биз менен гана силердин келечек түптөлөт деген кесмелер ариясы айтылып, калп токуучу комбинаттар дүрүлдөп ишке кирди. Эгер жалдырап дагы деле алардын оозун карап башыбызды ийкей берсек анда иштин бүткөнү, шорго малынганыбыз болоор, ойлон кыргыз, ойгон эми, мен болсо бюллетендеги баарына каршы деген жерин тандадым, келечекке кедергим тийбесин. Шайлоо шайлоо шардана шайлоо болоор Шапар тепкен, ооз мурунду майлоо болоор Сунушталган долбоорлорун угуп турсаң Суусамырдай уч кыйырсыз жайлоо болоор Бүгүн туура чечим кылып ойлонбосок Бүктөп кайрып колу бутуң байлоо болоор”, – деп ыр менен жыйынтыктаган билдирүүсүн. Булак: reporter.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Адахан Мадумаров БШК менен соттошот

Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Адахан Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоодон четтетилишин «саясий чечим» деп сыпаттап, сотко кайрыларын айтты: «Колубузду кууштуруп отуруп калбайбыз, укуктук талаада күрөшүүгө даярбыз». Кечээ, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого каттабай койду. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок танаписте ал тымызын өзгөртүлгөнүн айтты. Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топ ал документти көрсөтө албады. Булак: Элгезит

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

БШК 15 партияга шайлоого катышууга уруксат берди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды.Алар – «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы».Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок.Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир жума бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди.Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок бул партия сотто БШКны утуп алган.БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү боюнча жыйындарын 2-3-сентябрда өткөрдү. 4-сентябрда партиялардын үгүт иштери башталат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берет

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттанып, бирок жыйындан кийин тизмеден алынган Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) сотко бере турганын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, арыз 4-сентябрда Бишкектин административдик сотуна берилет.«БШКнын менин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын үстүнөн жазган арызыма карата чыгарган чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылып жатам. 2-сентябрда БШК менин арызымды карап, «сотко кайрылсын» деген чечим чыгарды. Алар менин маселемди чечиштин ордуна сотко түртүп коюшту», – деди ал.«Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Бакир уулу партиянын отурумунан кийин талапкерликтен чыгып калганын билдирген. Ал «жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген» деп партия лидери Адахан Мадумаровду айыптап, Боршайкомдон жыйында кабыл алынган тизмени калыбына келтирүүсүн талап кылууну өтүнгөн.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Депутаттар үгүт иштерине байланыштуу шайлоого чейин тыныгуу алышты

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштей турган болду. Тиешелүү токтом парламенттин бүгүн, 3-сентябрда өткөн сессиясында кабыл алынды.2-октябрга чейин парламенттин жыйындарын токтото турууну спикер Дастанбек Жумабеков сунуштады. Ал муну азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттарынын көпчүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турганы менен түшүндүрдү. Жогорку Кеңештин трибунасын үгүт иштери үчүн колдонбоо үчүн жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү керек деп негиздеди. Депутаттар спикердин сунушун колдоду.Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кайсы партиялар шайлоого барарын 3-сентябрдан калбай жарыялоого тийиш.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Шайлоо-2020: Башкы прокуратура мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында штаб түздү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” №139 ПЖ Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун тескемеси менен прокуратура органдарын алдыда өтүүчү шайлоого даярдоого Башкы прокуратуранын Штабы түзүлгөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.Маалыматка ылайык, ушул сыяктуу штабдар республиканын аймактарындагы прокуратураларда да түзүлгөн.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир катар уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө жана бул туурасында облустук, шаардык жана райондук прокурорлорго да тийиштүү тапшырмалар берилген.“Азыркы учурда, прокурорлор тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-булактарындагы билдирүүлөргө жана жарыяларга мониторинг жүргүзүлүп, ошондой эле келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар мыйзам талаптарына ылайык каралууда.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 43-бер. 4-б. ылайык, прокуратура органдары аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөйт, ошондой эле административдик жана жазык жоопкерчилик каралган мыйзамдарга ылайык алардын иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды) карай тургандыгын маалымдайбыз”, – деп айтылат малыматта.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Орусиядагы кыргыздардын шайлоого катышуу маселеси талкууланат

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарына кайрылды. Анын «Фейсбук» баракчасындагы маалыматка караганда, 2-сентябрда Моква убактысы боюнча күндүзгү саат 15.00дө (Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18.00дө) чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн онлайн жолугушуусу өтөт. Анда Орусияда жүргөн кыргыз жарандары үчүн 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу маселе каралат. Жолугушууга катышууга кызыктар болгон жактар төмөнкү шилтеме аркылуу катталса болот: https://forms.gle/jTrk71BhTUf4CpfR7 https://undp.zoom.us/j/92837703941. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен, Орусиянын аймагында 11 шайлоо тилкеси бекитилген. Даректери: 1 жана 2. № 9001 жана № 9005 шайлоо тилкелери – КРнын Москва шаарындагы Элчилигинде; 3. № 9002 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсесинде; 4. № 9003 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы Элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсесинде; 5. № 9004 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсесинде; 6. № 9006 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсесинде; 7. № 9007 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесинде; 8. № 9009 шайлоо тилкеси — Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугунда; 9. № 9010 шайлоо тилкеси — Новосибирск шаарындагы КР Башкы консулдугунда; 10. № 9013шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы кеңсесинде; 11. № 9014 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Сургут шаарындагы кеңсесинде.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Шайлоо 2020:Соттун жанында «Кыргызстан» менен «Ата Мекендин» талапкерлери мушташты

Бишкекте Жогорку соттун имаратына “Кыргызстан” партиясынын миңге жакын тарапташтары келишти. Белгилей кетсек, бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегиясы БШКнын биринчи инстанциянын чечимине карата саясий бирикменин пайдасына берген арызын карашы керек эле. «Кыргызстан» жана «Ата Мекен» партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда жаңжал чыкты. Милиция чогулган партиялардын тарапташтарын таратты. Депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев тарапташтарына кайрылып, эмне үчүн келгендигин сурай баштады. «Кыргызстандын» өкүлдөрү андан кетүүнү суранган, бирок Токтогазиев баш тарткан. Натыйжада, чуулгандуу окуя жүз берип, милиция кийлигишти. Укук коргоо органдары талапкерге тартип үчүн жооптуу экендигин, демонстранттар чагым уюштурбашы керектигин түшүндүрүштү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Көрүүсүндө көйгөйү бар шайлоочуларга шарттар каралууда

4-октябрдагы шайлоодо ар бир шайлоо участогунда көрүүсү начар шайлоочулар үчүн атайын чоңойтуп көрсөтө турган лупалар болот. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Маалыматка ылайык, ШКУлар 2 миң 444 лупа алышат. Бул Френель линзасы менен жалпак лупалар ийкемдүү, соккуга туруштук бере алчу оптикалык пластиктен жасалып, алар үч эсе чоңойтуп көрсөтө алышат. Ошондой эле шайлоо 4 миң 888 участоктору көрүүсү начар шайлоочулар үчүн Брайль шрифти менен басылган бюллетендерди ошончо сандагы бюллетень үчүн трафареттерди да алышат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

42 партия шайлоо фондун ачты: каражаттардын кыймылы

БШКнын контролдук-текшерүү тобу маалымдагандай, 7-августка карата 42 саясий партия эки ыйгарым укуктуу банкта — РСК жана Айыл Банкта атайын эсеп ачып, шайлоо фондун түзүштү. 9 саясий партия 9-июлдан 7-августка чейинки мезгилде шайлоо фонддорунан каражаттын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. «Мекеним Кыргызстан» партиясы 3 миллион 35 миң сом алды. Партия 2 миллион 718 миң сом короткон. Социал-демократтар партиясынын эсебинде 1 миллион 703 миң сом бар. Саясий уюм 1 миллион 544 миң сом короткон. Жашылдар партиясында дагы 200 сом бар, алар коротулган эмес. «Бир Бол» партиясынын фондунда 9 миллион 676 миң сом бар. Чыгымдар 5 миллион 269 миң сомду түзгөн. Анын эсебинде «Республика» 800000 сом, анын ичинен партия 120,400 сом сарптады. «Биримдик» партиясынын квитанциялары — 200 миң, чыгымдары — 80 миң 25 сом. Чоң Казат 375 миң сом алган жана азырынча эч нерсе короткон жок. «Мекенчил» — 11,500 сом, чыгым 20 сомду түздү. «Ата Мекен» партиясынын эсебине — 1 миллион 999 миң сом. Эч кандай чыгымдар жок. «Реформага» 348 520 сом түшкөн. Партия азырынча эч нерсе короткон жок. «Кыргызстан» партиясынын эч кандай чыгымы жок. Кирешелер 10 миллион сомду түздү. Ордо кечесинде 200 миң сом бар. Кечеге — 195 миң 835 сом сарпталды. Эске салсак, үгүт иштери 4-сентябрда башталат. 20-августка чейин саясий уюмдар курултай өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Тизмелер квотанын талаптарына ылайык түзүлүшү керек. Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Ал 4-октябрда орун алат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

БШК менен партиялар таза шайлоо өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 4-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы менен партиялар ортосунда таза шайлоо өткөрүү боюнча меморандумга кол коюлду. Кол коюу аземине 15 партиянын өкүлдөрү келишти. БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн документ тапшырган 17 партиянын он бешин расмий каттады. «Бүтүн Кыргызстан» менен «Актив» партиясы шайлоодон четтетилди. «Актив» партиясын шайлоодон четтетүүгө күрөөгө акча каражатын койбогондугу негиз болду, ал эми «Бүтүн Кыргызстанды» съездде мыйзам бузган деген жүйөө менен каттоодон баш тартты. Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдындагы үгүт иштери башталды. Быйыл парламенттик шайлоого жалпы 44 саясий партия катышуу ниетин билдирген.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

БШК шайлоого катышууга 15 партияга уруксат берди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды. Алар – «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы». Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок. Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир жума бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди. Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок бул партия сотто БШКны утуп алган. БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү боюнча жыйындарын 2-3-сентябрда өткөрдү. 4-сентябрда партиялардын үгүт иштери башталат. 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. 21 жаштан өткөн кыргыз жарандары талапкер боло алышат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Нурзат Токтосунова “Биримдик” партиясынын катарында шайлоого аттанды

БШК талапкерлерди каттоо боюнча доументтерди кабыл алууну токтотту. 3-сентябрга чейин партиялар айрым бир өзгөрүүлөрдү киргизе алышат.Бул тууралуу Bars.media порталы билдирди Ал арада талапкерлердин тизмеси белгилүү боло баштады. Алсак, “Биримдик” партиясынын талапкерлер тизмеси ачыкталды. Белгилүү болгондой, алдыңкы ондуктан Акылбек Жамангуловду (“Мегаком” компаниясынын жетекчиси), Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Талас Бегалиевди, депутат Төрөбай Зулпукаров, депутат Евгения Строкова, депутат Аида Касмалиеванын ысымдарын жолуктурууга болот. Экс-спикер Асылбек Жээнбеков “Биримдиктин” тизмесинде 27-катарда. Ошондой эле, депутаттар Марат Аманкулов, Азамат Арапбаев, Улан Примов, Айбек Алтынбеков, Бакирдин Субанбековдордун жана башкалардын ысымдарын кезиктирүүгө болот. Буга катар, телеалпаруучу Нурзат Токтосунова “Биримдик” партиясынын катарында шайлоого аттанганы белгилүү болду. Ал тизмеде 76-катарда.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Ырчыга бай парламент болот деп күтсөк. Бек Борбиев да шайлоого барбай турганын айтты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев дагы шайлоого барбай тургандыгын айтты. Бул тууралуу ырчынын соц тармактагы баракчасына берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет. “Достор, мени жакын арада парламенттен көрө албайсыздар. Башка саясий көз караштагылар мага оз оюңарды таңуулагандан алыс болгула. Мен азыркы жарыштагы үч партияга гимн жазгам, жана жаза берем. Эгерде менден жакшы жазсаңар анда жаза бергиле, конкурсттук негизде тандап алышат. Шайлоодо бирөөнү күчкө салып добушун ала албайт, баары демократия жолунда, андыктан каалаган партияга добушуңузду бериңиз. А менин тандоом, бул менин тандоом, ага эч кимдин жологонго акысы жок”, – деп билдирүү калтырды ырчы Бек Борбиев. Буга чейин ырчынын “Мекеним Кыргызстан” партиясы өткөргөн съезд учурундагы сүрөтү жарыяланып, Бек Борбиев парламентке барат деген божомолдор айтылган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:17

Нурзат Токтосунова “Биримдик” партиясынын катарында шайлоого аттанды

БШК талапкерлерди каттоо боюнча доументтерди кабыл алууну токтотту. 3-сентябрга чейин партиялар айрым бир өзгөрүүлөрдү киргизе алышат.Бул тууралуу Bars.media порталы билдирди Ал арада талапкерлердин тизмеси белгилүү боло баштады. Алсак, “Биримдик” партиясынын талапкерлер тизмеси ачыкталды. Белгилүү болгондой, алдыңкы ондуктан Акылбек Жамангуловду (“Мегаком” компаниясынын жетекчиси), Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Талас Бегалиевди, депутат Төрөбай Зулпукаров, депутат Евгения Строкова, депутат Аида Касмалиеванын ысымдарын жолуктурууга болот. Экс-спикер Асылбек Жээнбеков “Биримдиктин” тизмесинде 27-катарда. Ошондой эле, депутаттар Марат Аманкулов, Азамат Арапбаев, Улан Примов, Айбек Алтынбеков, Бакирдин Субанбековдордун жана башкалардын ысымдарын кезиктирүүгө болот. Буга катар, телеалпаруучу Нурзат Токтосунова “Биримдик” партиясынын катарында шайлоого аттанганы белгилүү болду. Ал тизмеде 76-катарда.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники