О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 1:48

Акрам Мадумаров Шайлоо боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүгө жана шайлоону өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Вице-премьер-министр белгилегендей, бир нече күн мурда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны болду, анда парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси каралды. «Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», - деди Акрам Мадумаров. Ал дагы бир маанилүү жагдайды белгиледи, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча план иштеп чыгып, бекитүү керектигин айтып, шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын кошумчалады. Штабдын отурумунда ошондой эле эл аралык байкоочулар боюнча маселе дагы каралды. Муну менен катар шектүү жана айыпталуучу катары камакта жаткан адамдарга тиешелүү документтерди берүү боюнча баяндама жасалды. Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:54

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоолордун таза өтүшү — өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты

«Шайлоолордун таза өтүшү — өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты. Буга баарыбыз жоопкербиз. Шайлоонун ачык өтүүсү камсыздалат жана кепилдик берилет деп Президент катары мен буга чейин айтып келгем. Айтканымды аткарып келе жатам жана аткарам. Президент катары мамлекеттин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, эл биримдигин, тынчтыгын сактоо — менин негизги милдетим. Ошондуктан саясий партияларды, алардын жактоочуларын, командалардын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуу аракеттеринен алыс болууга чакырам», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы кезектеги отурумунда. Мамлекет башчысы биздин коом ачык экенин, жарандык коом көзөмөлдөөчү позициясын активдүү билдирип, мыйзамсыз аракеттерге өз баасын бере аларын белгиледи. «Парламентке аттанган партияларды тандоо укугу — элде. Элибиз чоң жоопкерчилик менен алдыдагы тарыхый мүмкүнчүлүктү туура пайдаланат деп ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы коомдун тынчтыгын бузууга, жарандардын тандоосуна каршы аракеттер болуусуна жол берилбеш керектигин өзгөчө белгиледи. «Шайлоону элдин жашоосуна бүлүк салбай, мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей өткөрүүгө милдеттүбүз. Саясий күчтөрдүн элди бөлүүгө, коомдогу тынчтыкты, жарандардын укугун бузууга жол берилбестигин дагы бир жолу эскертем», — деп баса белгиледи Президент. Ал кандай гана күрөш, таймашуу болбосун, жеңилген тарап болорун, шайлоого аттанган саясатчылар амбицияны ары таштап, утулуп калса элди толкутуп, туура эмес жолдорго түртпөстөн, өз аброюн жоготпой, татыктуу жеңилгенди да билиши керектигин кошумчалады. «Жеңилүү ызасына алдырып, тарапташтарды көтөрүп, көчөгө алып чыккан эски көрүнүштөрдү таштайлы. Жарандарды ыплас саясий оюндарга тартпайлы. Анткени, дал ушундай тескери аракеттер кандай гана өлкө болбосун, артка тартат. Биздин өлкөнү да аксатат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Ал саясий партиялар элдин келечегин, балдардын келечегин ойлоп, туура жыйынтык чыгарганды үйрөнүшү керектигин дагы бир ирет белгиледи. «Мекендештериме дагы бир жолу, „өлкөдөн өткөн дөөлөт жок“ экендигин эске салып, баарыңыздарды жоопкерчиликке чакырам», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:54

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат Эгер 2017-жылы шайлоо тилкелеринин 27% гана пандустар орнотулса, ал эми ушул жылдын сентябрь айынын башталышына карата добуш берүү участкаларынын 65% ушул шайман менен жабдылды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүү үчүн тиешелүү жабдууларды орнотуу иштери улантылууда. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө көзөмөлүндө. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда Брайль тамгалары бар атайын тактачаларды жана жардам чакыруу баскычтарын орнотуу жумуштары жүрүп жатат. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын материалдык-техникалык база, Интернет жана байланыш менен камсыз кылуу боюнча иштери күчөтүлдү.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 22:35

Урматтуу «Кыргызстан» партиясынын шайлоочулары жана тарапташтары!

Урматтуу «Кыргызстан» партиясынын шайлоочулары жана тарапташтары! Сиздерди шайлоо кампаниясынын расмий башталышы менен куттуктайм! Жаркын келечекти көздөй бирге аттаналы! _____________________________________________ Уважаемые избиратели и сторонники партии «Кыргызстан»! Поздравляю вас с официальным началом предвыборной кампании! Вместе к светлому будущему!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:54

Коопсуздук кеңешинин жыйынында парламенттик шайлоого даярдыктарды көрүү маселеси каралууда

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти. Жыйында 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралууда. Коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматтары угулууда.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:09

БАТКЕНДЕ ЖОГОКУ КЕҢЕШ ШАЙЛООСУНА КАРАТА ОБЛУСТУК ОТУРУМ ӨТКӨРҮЛДҮ

БАТКЕН. Баткен облусунда алдыдагы Жогорку Кеңеш шайлоосуна карата даярдык боюнча облустук отурум он лайн формасында ө тк ө р ү лд ү . Бул иш-чараны Кыргыз Ө км ө т ү н ү н Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Ө к ү л ү н ү н биринчи орун басары Жаркынбек Макс ү тов алып барды. Он лайн жыйыны маалында район, шаарлардагы шайлоо комиссияларынын ишмерд үү л ү г ү , алардын шайлоого даярдыгы туурасында маалыматтар берилди. Ө з кезегинде Жаркынбек Макс ү тов айрым аймактык шайлоо тилкелеринде болгон текшер үү маалында аныкталган кемчиликтерди чукул арада жоюу боюнча тийишт үү жетекчилерге тапшырма дагы берди. Мындан тышкары жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти туруктуу сактоо, таажы илдетине байланыштуу жарандардын, шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин саламаттыгы ү ч ү н санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту толук кандуу камсыз кылуу, шайлоочулардын тизмесин тактоо, шайлоо тилкелерин тынымсыз дезинфекциялоо жумуштарын ж ү рг үзүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын ишмерд үү л ү г ү тууралуу Баткен медиа борборунан, ү налгы, гезиттерден жана социалдык тармактардан он лайн маалымат берилип, т ү ш ү нд ү р үү иштери ж ү рг ү з ү л ү ш ү керектигин дагы эскертти. Айтмакчы, ушул тапта Баткен облусунда 289 518 шайлоочу, 215 шайлоо тилкеси бар. Мунун 15 шайлоо тилкеси жаёы ачылды. Алишер ТОКСОНБАЕВ

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:09

Шайлоо-2020: «Биримдик» шайлоонун үгүт ишин салтанаттуу баштады!

Бүгүн 4-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоонун расмий үгүт кампаниясы башталганына байланыштуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы үгүт иштерин салтанаттуу түрдѳ баштады. Иш-чара Бишкектин Жеңиш аянтында ѳтүп, ага партиянын лидерлери, партиянын аймактардагы мүчѳлѳрү, тарапташтары, партиянын жаштар канатынын ѳкүлдѳрү катышты. Иш-чара алгач партиянын лидерлеринин келечек муундар үчүн ѳмүрлѳрүн беришкен аталардын элестерине таазим кылышып, ѳчпѳс отко гүлчамбарларды коюусу менен башталды. Андан соң «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын гимни ырчы Ильяз Абдразаковдун аткаруусунда жаңырды. Иш-чараны «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын лидери Марат Аманкулов ачты. Ал ѳз сѳзүндѳ партия демократиялык социализм идеологиясын сунуштап атканын белгилеп, ѳлкѳбүздүн келечеги евразиялык интеграцияда экенине токтолду. Алдыдагы шайлоодо «Биримдик» партиясын колдоого алууга чакырып ѳттү. Андан кийин сѳз алып сүйлѳгѳн партиянын лидеринин орун басары, ЖК депутаты Тѳрѳбай Зулпукаров партиянын максаттарына, эл үчүн кыла турган иштерине токтолуп ѳттү. Евразиялык тандоо идеясы келечекте Кыргызстанды ѳсүп-ѳнүгүүгѳ алып бара турганын айтты. «Биримдик» менен бирге болобуз! Келечек, туруктуулук – бул «Биримдик» – деп сѳзүн жыйынтыктады. Ошондой эле партиянын тизмесин баштап баратышкан талапкерлер Акылбек Жаманкулов, Улукбек Кочкоров, Галина Кетовалар сѳз сүйлѳп, партиянын максатына, алдыдагы кыла турган иштерине токтолушту. Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов менен легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев ѳздѳрүнүн баталарын беришип, алдыдагы шайлоодо «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясына жеңиш каалашты. default default default default default «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:09

Саакашвили Грузияга кайтып, парламенттик шайлоого катышарын айтты

Грузиянын мурунку президенти Михаил Саакашвили өз өлкөсүнө кайтып, парламенттик шайлоого катышарын билдирди. Ал видео кайрылуусунда учурда жашап жаткан Украинаны «экинчи үйүм» деп атап, украин калкына ыраазычылык айтты. Азыркы тапта Украинанын улуттук кеңешинин реформалар боюнча аткаруу комитетин жетектеп турган Саакашвили өз мекени Грузияга кайтууну көздөп жатат. Ал Грузияда жакында боло турган парламенттик шайлоого катышат. «Мен Украинаны студенттик кезден бери эле жакшы көрөм. Эң оор учурда да мени ушул өлкө кучагына алып, мен кандай болсом, ошондой кабыл алды. Мен бул нерсени өтө баалайм», — деген Саакашвили. Саясатчынын айтымында, ал Украинада жашаган 7 жыл аралыгында дайыма Грузиядагы жаңылыктарга көз салып турган. «Мен Грузиянын президенти болуп турганда өтө көп жакшы иштерди жасадым. Бирок кетирген кемчиликтерим да көп болду. Мен 7 жылдан бери сырттан байкоо салып, ошол кетирген кемчиликтерди оңдоо үчүн тажрыйба топтодум. Мындан улам Грузияга кайтып барып, кетирген каталарымды оңдоого аракет кылам», — деп кошумчалаган грузиялык саясатчы. Ал эми учурда Украинада ээлеп турган кызмат орду эмне боло турганы жөнүндө эч кандай комментарий бере элек. Эске салсак, Саакашвили 2013-жылы өз өлкөсү Грузияда кылмыш иши козголгонуна байланыштуу, Украинага барган. Ал украин жарандыгын алып, мурунку украин президенти Порошенконун тушунда Одесса облусунун губернатору болгон. Кийинчерээк досу жана университетте чогуу окуган тайпалашы Порошенко менен пикир келишпестиктерден улам АКШга кеткен. Порошенко аны украин жарандыгынан ажыраткан. Ал эми Украинанын учурдагы президенти Владимир Зеленский бийликке келген соң, Саакашвилиге украин жарандыгын кайра берип, аны өлкөнү өнүктүрүү боюнча реформа комитетинин жетекчиси кылып дайындаган.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 16:20

"Замандаш" партиясынын үгүт кампаниясынын 2-күнү ыйык Ош шаарында уланууда.

"Замандаш" партиясынын үгүт кампаниясынын 2-күнү ыйык Ош шаарында уланууда. На второй день команда партии “Замандаш”отправилась в город Ош.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

“Мекенчил” Нарында! Ташиев: “Чоңдордун балдарын армияда кызмат өтөсүн деп мажбурлайбыз”

Бишкек, "Саясат. kg". К. Ташиев: Муну мамлекеттин эң биринчи приоритети катары кабыл алышыбыз зарыл. “Мекенчил” партиясы чек ара маселесин чечүүнү өкмөттүн алдына негизги приоритет катары коёт. Бул тууралуу саясий партиянын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-сентябрдагы Нарын эли менен жолугушуу учурунда билдирди. “Барган сайын жер тилкелеринин баасы кымбаттап барат. Мындан улам, биз чек араны негизги маселелеринин бири катары көтөрүшүбүз керек. Мамлекетибиздин кайсы жери болбосун, бир метр жерди, керек болсо, бир ташын да башкаларга бербегендей болушубуз шарт. Муну мамлекеттин эң биринчи приоритети катары кабыл алышыбыз зарыл. Ошондой эле, Коргоо министрлигин кайрадан түзүшүбүз керек, ден-соолугу таза балдарды армияга милдеттүү жөнөтүшүбүз шарт. Мындан тышкары мамлекеттик кызматка кирип, ант берген ар бир жогорку кызматкердин балдарын сөзсүз түрдө армияда кызмат өтөөсүнө милдеттендиришибиз керек. Булар кимдер? Алар соттор, депутаттар, министрлер, президент, премьер-министрлер. Өкмөт башчынын баласы жөнөкөй жарандардын балдарындай аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөсүн. Мыйзам менен аларды ушуга мажбурлашыбыз керек. Кээ бир атка минерлер бала чакасынын кызмат өтөп жүргөнүн айтышат, бирок, алардын балдары үйлөрүндө эле жаткан болушат. Бул эч кимге жашыруун эмес”,- деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

“Мекенчил” Ак-Талаада. К. Ташиев: "Мекенчил" добуш сатып албайт, парламентке элдин таза, адал тандоосу менен барабыз!

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ак-Талаа районуна барды. Добуш сатууда – кайсы бир партия менен эмес, өз тагдырыбыз, келечегибиз менен соодалашып жатканыбызды түшүнүшүбүз керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 6-сентябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди. “Сабатсыз парламент деп какшап жүрөсүздөр. Андай депутаттар кайрадан келбеш үчүн кылдат тандоо жасаш керек. Бүгүн тигил же бул партиядан алган акчаңар эртең балдарыбыздын, мамлекеттин кендирин кесе турганын билип турабыз. Улуу аалымыбыз, маркум Чубак ажы да айткан, катуу айткан, ачуу айткан, бирок кыргызга жетсин деп айткан. “Добуш сатып алган акча - арам”, - деген. Ал акчага балдарыңарга алып берген тамак-ашыңар, кийим-кечегиңер арам деген. “Мекенчил” партиясы добуш сатып албайт. Бир добуш берсеңер да таза, адал добуш беришиңерди суранабыз. Парламентке барсак, ар бириңердин чын жүрөгүңөр менен берген таза добушуңар менен барууну каалайбыз”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

“Мекенчил” Ат-Башыда. Камчыбек Ташиев: 2010-жылы кабыл алынган Конституция мамлекетте жоопкерчиликсиз органдарды пайда кылды

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ат-Башы районуна барды. Конституцияда бекитилген мамлекеттик башкаруу жоопкерчиликсиз органдарды пайда кылды. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ат-Башы районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. Ал белгилегендей, Конституцияны алмаштырып, мамлекеттик башкарууну бир жактуу кылуу зарыл. “2020-жылга чейин Конституция өзгөртүлбөйт деп бекитилген. 2020-жыл да келди. Он жыл аралыгында 2010-жылы кабыл алган, учурда иштеп жаткан Конституция туура эместиги далилденди. Бири парламенттин, бири өкмөттүн, бири президенттин оозун караган жоопкерчиликсиз органдар пайда болду. Ошондуктан, Баш мыйзамды өзгөртүүгө барып, бир жактуу башкарууну киргизүү керек. Бир гана мамлекет деген орган болушу шарт. Ал орган жарандардын жашоо-турмушун жакшыртып, өлкөнү өнүктүрүүнү гана жолго койбостон, коррупционерлерди, мамлекеттин байлыгын талап-жегендерди бүгүнкүдөй тайраңдатпай, жоопкерчиликке тартууну да колго алуусу зарыл. Коррупцияга баткан адамдар токтобойт, алар өмүр бою тоношот, көздөрү топуракка толмойун, көкүрөктөрү тойбойт. Эмнеге элим-жерим, акыйкаттык деген адамдар түрмөдө отуруп, а мамлекетти тоногондор бийликте жүрүшү керек?” – деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Парламентке аттангандардын 1912 талапкердин 618и аялдар болду

Катталган 1912 талапкердин 618и аялдар. Бул жалпы талапкерлердин 32,32% түзөт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлануучу 1912 талапкерди каттады. Алар 15 саясий партиянын тизмеси менен сунушталган. БШКнын маалыматына караганда, жалпысынан саясий партиялар 1957 талапкерди сунуш кылган. Мунун ичинен 45 талапкер жарышка түшүүдөн өз каалоосу менен баш тартты. Катталган 1912 талапкердин 618и аялдар. Бул жалпы талапкерлердин 32,32% түзөт. 1. «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» партиясы 78 талапкер көрсөттү. Анын ичинде 45и эркек, 33ү аял. 2. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан 150 талапкер катталды. Анын 101и эркек, 48и аял. 3. «Ата Мекен» социалисттик партиясы 150 талапкер көрсөткөн. 100ү эркек, 50сү аял. 4. «Мекенчил» партиясынан 92 эркек, 44 аял талапкер катталды. 5. «Бир Бол» саясий партиясынан 108 талапкер катталды. Анын 108и эркек, 68и аял. 6. «Ыйман Нуру» партиясынан 101 талапкер катталса, анын 31и аялдар. 7. “Замандаш” саясий партиясынан жалпы 156 талапкер катталды, алардын 49у аялдар. 8. «Чоң Казат» партиясынан 81 талапкер катталды, 24ү аялдар. 9. «Реформа» саясий партиясынан 84 талапкер көрсөтүлгөн, 29у аялдар. 10. «Республика» саясий партиясынан 116 талапкердин ичинен 50сү аялдар. 11. «Социал-демократтар» партиясы 101 талапкер сунуш кылган, алардын 34ү аялдар. 12. «Биримдик» демократиялык партиясы 200 талапкер көрсөткөн, алардын 60ы аялдар. 13. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы да 200 талапкер сунуш кылган. Алардын 60ы аялдар. 14. «Ордо» саясий партиясынан 101 талапкер көрсөтүлсө, 32си аялдар. 15. «Кыргызстан» саясий партиясынан 102 талапкер, 34ү аялдар. Булак: Элгезит

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Шайлоо 2020: Бишкек прокуратурасы административдик кысым болгонун аныктады

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын №12 аймактык башкармалыгынын башчысы Темир Касымов шайлоо алдында административдик басым кылган деп аныктады. Касымовдун үстүнөн "Реформа" саясий партиясы ал өзү жетекчилик кылган аймакта "Биримдик" саясий партиясынын пайдасына үгүт жүргүзгөн деп айыптап, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылган. БШК "Реформанын" дооматын прокуратурага жолдогон. Прокуратура иликтөөдө чогулган материалдарды Жоруктар кодексинин 87-беренеси ("Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу") боюнча бирдиктүү реестрге каттады. Учурда иш Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилип, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-октябрь күнү шайлоого 15 саясий партияны талапкер кылып каттады. 4-сентябрдан тарта шайлоого талапкер партиялар үгүт иштерин баштады. Булак: Азаттык

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:13

Шайлоо - 2020. Парламенттеги орун үчүн 15 партия күрөшөт

Шайлоого утурлай кирбей калган эки саясий бирикме БШКнын чечимине бүгүн түшкө чейин даттана алышат Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери расмий башталат. Кечээ БШК партиянын тизмесин каттай турган акыркы күн болду. Натыйжада, шайлоо алдындагы жарышка 15 партия катышат: Биримдик, Мекеним Кыргызстан, Социал-демократтар, Ата Мекен, Замандаш, Бир Бол, Афганистан согушунун ардагерлеринин саясий партиясы жана башка жергиликтүү тургундар аскердик согушка катышкандар ​​"," Мекенчил "," Ордо "," Республика "," Мекен Ынтымагы "," Ыйман Нуру "," Кыргызстан "," Чоң Казат "," Реформа ". Ошол эле учурда БШК Vesti.kg сайтына шайлоого киргизилбеген “Бүтүн Кыргызстан” жана “Актив” партиялары түшкө чейин комиссиянын чечимине даттанууга убакыт бар экендигин билдирди. "Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы, бүгүн саат 12: 30да өтө турган чүчүкулак башталганга чейин даттана алышат", - деп билдиришти комиссиядан. Булак: vesti.kg

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники