О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 1:37

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө 722,9 млн сом сарпталат

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүүгө 722,9 млн сом сарпталат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу” мыйзамына ылайык шайлоо комиссияларынын чыгымдары үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнөт. “Ага ылайык 4-октябрдагы шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясына 722,9 млн сом каралып, учурда эч кандай каржылык маселелер жок”, – деди ал.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

«Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип дароо референдум өткөрүп, депутаттардын санын кыскартат

 Элибиз – эң башкы байлыгыбыз! Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү; Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого киришет. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

Шайлоо-2020. 15 партиядан депутаттыкка 1 миң 912 талапкер катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышууга 15 партияны өткөрдү. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, башында аталган партиялар көрсөткөн талапкерлердин саны 1 миң 957 болгон. Алардын ичинен 45и өз арыздарына ылайык тизмеден чыгарылган. Жыйынтыгында депутаттыкка 1 миң 912 талапкер катталган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

Салык кызматы шайлоого аттанган партияларды салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөөгө чакырат

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларды, ошондой эле партияларга кызмат көрсөтүүчү компанияларды жана шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартылган адамдарды салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз мөөнөтүндө жана толугу менен төлөөгө чакырат. Шайлоо учурунда партиялар үгүтчүлөрдү жана башка бир катар адистерди жана компанияларды же фирмаларды жалдашат, ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу жана жайгаштыруу үчүн массалык-маалымат каражаттарын колдонушат. Буга байланыштуу парламенттик шайлоого катышып жаткан бардык саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүк мезгилинде партиялардын ишине тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш. Алар үгүтчүлөр, адистер жана шайлоо штабдарынын кызматкерлери жана башкалар. Үгүт мезгилинде саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак такталары, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү. Шайлоо алдындагы үгүт ишине катышкан бардык саясий партиялар, компаниялар жана башка уюмдар жана жеке адамдар салык мыйзамдарынын сакталышына карата салык органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынаарын Салык кызматы эскертет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

“Биримдик” шайлоодогу үгүт иштерин салтанаттуу баштады

Бүгүн 4-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоонун расмий үгүт кампаниясы башталганына байланыштуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы үгүт иштерин салтанаттуу түрдѳ баштады. Иш-чара Бишкектин Жеңиш аянтында ѳтүп, ага партиянын лидерлери, партиянын аймактардагы мүчѳлѳрү, тарапташтары, партиянын жаштар канатынын ѳкүлдѳрү катышты. Иш-чара алгач партиянын лидерлеринин келечек муундар үчүн ѳмүрлѳрүн беришкен аталардын элестерине таазим кылышып, ѳчпѳс отко гүлчамбарларды коюусу менен башталды. Андан соң «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын гимни ырчы Ильяз Абдразаковдун аткаруусунда жаңырды. Иш-чараны «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын лидери Марат Аманкулов ачты. Ал ѳз сѳзүндѳ партия демократиялык социализм идеологиясын сунуштап атканын белгилеп, ѳлкѳбүздүн келечеги евразиялык интеграцияда экенине токтолду. Алдыдагы шайлоодо «Биримдик» партиясын колдоого алууга чакырып ѳттү. Андан кийин сѳз алып сүйлѳгѳн партиянын лидеринин орун басары, ЖК депутаты Тѳрѳбай Зулпукаров партиянын максаттарына, эл үчүн кыла турган иштерине токтолуп ѳттү. Евразиялык тандоо идеясы келечекте Кыргызстанды ѳсүп-ѳнүгүүгѳ алып бара турганын айтты. «Биримдик» менен бирге болобуз! Келечек, туруктуулук – бул «Биримдик» – деп сѳзүн жыйынтыктады. Ошондой эле партиянын тизмесин баштап баратышкан талапкерлер Акылбек Жаманкулов, Улукбек Кочкоров, Галина Кетовалар сѳз сүйлѳп, партиянын максатына, алдыдагы кыла турган иштерине токтолушту. Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов менен легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев ѳздѳрүнүн баталарын беришип, алдыдагы шайлоодо «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясына жеңиш каалашты. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:37

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоодон четтетилди

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. 3-сентябрдагы жыйында ушундай чечим кабыл алынып, буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп калганын айтты. Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топтун өкүлү Акылбек Эшимов партияга байланыштуу буга чейинки чырдын жагдайларынан улам ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи, бирок Абдрахматова сураган документ көрсөтүлгөн жок. Партиянын жыйынга катышып отурган өкүлү чечимге нааразылыгын билдирди. Буга чейин бул партиядагы талапкерлерге байланыштуу талаш келип чыккан. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Турсунбай Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирип, партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү мыйзам бузулбаганын айтышкан. 2-сентябрда БШКнын жумушчу тобу ушул маселеде жыйынга чогулуп, партиянын ички ишин сотто чечип алууну сунуш кылган. Жыйынга Мадумаров да, Бакир уулу да катышкан. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:44

«Республика» партиясы парламенттик шайлоого карата кызуу даярдыкта.

Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында коомдук кабылдамалар ачылып, толук кандуу иш-аракеттер журуп жатат. Айрым саясый бирикмелер менен суйлошуулор журуп, ошол эле убакта партия жанылануу багытында бир нече кадамдарга барды. «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороевдин айтымында, партиянын саясый кенешинин курамынан Жыргалбек Турускулов, Марлен Маматалиев, ал эми партиянын курамынан Табылды Тиллаев, Бактыбек Раимкулов жана Тариел Жоробековдор чыгарылгандыгы маалым болду. Айрым маалыматтарга караганда, алар келе жаткан шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан ат салыша турган болушкан.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:44

Шайлоо алдында стадионго эл чогултууга тыйуу салынат

Быйыл парламенттик шайлоонун үгүт маалында көп сандаган элди чогулткан иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Бул тууралуу 3-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты: «Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Конституциялык мыйзамга ылайык, стадиондордо өтүүчү концерттерге жана спорттук иш-чараларга тыюу салынган». Шайлдабекованын айтымында, август-сентябрь айларында шайлоо өнөктүгүнүн эң активдүү стадиясы өтөт. Августта талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана каттоо болуп, сентябрда үгүт иштери жүрөт. БШК коронавирус боюнча абалга байланыштуу элдин саламаттыгын коргоо максатында тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чаралар көрүлөрүнө убада берүүдө. 3-июлда президент парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Азыркы, VI чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өткөн.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:44

БШК шайлоону эпидемияга карабастан өткөрүүнүн себебин түшүндүрдү

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) быйыл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эпидемияга карабастан өткөрүү тууралуу чечиминин себебин түшүндүрдү. 3-июлда комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып шайлоону өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин айтты: «Албетте, азыркы кырдаал жөнөкөй эмес. Көптөгөн адамдар коронавирус пандемиясынан улам кооптонуп жатышат. Конституцияда жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамда «шайлоо милдеттүү түрдө жана мөөнөттүү негизде өтүп турушу керек» деп жазылган. Бул талаптарды сактоо — ар бир мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнүн маанилүү шарты. Бул эл аралык стандарт. Өлкө шайлоону өз маалында өткөрүүгө умтулушу — демократиялык мамлекеттин маанилүү белгиси». Шайлдабекова азыркы шартта шайлоону элдин саламаттыгын коргоп жана шайлоочулардын да, талапкерлердин да шайлоо укуктарын толук камсыз кылып өткөрүү милдети коюлганын кошумчалады. 3-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Быйыл коронавирус эпидемиясынан улам жарыяланган өзгөчө кырдаалга байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтпөй калган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары эки шайлоону чогуу өткөрүүнү сунуш кылышкан. БШК билдиргендей, бул өнөктүк качан өтөрү белгисиз. Азыркы тапта Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга чалдыккандар көбөйүүдө. Социалдык түйүндөрдө эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү туура эмес деген пикирлер айтылып жатат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:44

В словах кандидата в депутаты нашли признаки призыва к беспорядкам

В публикации кандидата в депутаты Шайлообека Атазова нашли признаки призыва к массовым беспорядкам. Об этом сообщили в УВД города Оша. К такому выводу пришли эксперты. «Факт высказываний Шайлообека Атазова зарегистрирован в ЕРПП по статье «Массовые беспорядки». Кроме того, милиция проверяет информацию, что в Оше люди другого кандидата — Азамата Арапбаева — собирают у бизнесменов паспорта», — сообщили редакции. Ранее Шайлообек Атазов написал на своей странице в социальной сети Facebook пост о том, что кандидат от другой партии — Азамат Арапбаев якобы давит на руководителей предприятий. Кандидата в депутаты допросили в милиции и провели с ним профилактическую беседу на предмет недопустимости провокаций.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:48

Айдарбек Максутов: "Тизмеден өзүн таппай калган байкуш шайлоочу…үй ичиң менен мен айтканды шайлайсың деп зордукталган мугалимдер..."

Эгемен өлкөбүздүн тарыхында ар бир шайлоо өткөн сайын мамлекеттин тамырына балта чабылып келет. Муну саясий олку – солкулукка алып келген кээ бир өткөн эски шайлоолор эске салып турат. Соңку тарыхта туңгуч (ал да качкын, атаганат) ажобуз коррупция жетинчи кабатка жетти деп ачуу айкырган соң, коррупционерлердин ичкенин ирим, жегенин желим кылам деп, айбаты арстандай болуп, көзү жалынга толуп турган ошол кезде президенттикке ат салышкан Өмүке кечээгиде Жанарга жоргосун мингизип, батасын берип турганда түбөлүк оппозициянын күнү батып бараткандай сезилип кетти мага... Чынында, чоң калибрдеги саясатчы саясаттан жадап, таймаут алдыбы же жаштарды байкап көрөлү дедиби, муну убакыт көрсөтөт. Кандай болсо да, Өмүкесиз ЖоКенин шорпосунун тузу кем болору анык. Жанар да ЖоКеге бир жеткирсе Өмүкенин жоргосу жеткирерин жүрөгү менен баамдады окшойт. Акыйкат үчүн, админресурстун азуусуна балта чабайын деген Жанарды макамсыз калган ажо админресурстун айбаты менен алып келип, ананыраак Жанар позициясын тапкан соң, анабу балашканын бактысын ачкан ким эле деп опузалаганы саясатта ата – бала мамилеси балмуздак жеп бүткөн сымал таттуу жана кыска экенин эске салып койгум келип турат. Ийгилик каалап кетким келет Жанарга, баштагы «балашканын» балтыры толуп, карт тарыхы бар партиянын жылдызын жандырганы аттанып отурат. Кайран Докем кайгыргандай, мурдуна пок сүйкөлгөн кыргыз не деген шайтан оюндарды башынан өткөргөн жок…Акаев доорунда Ата-Мекендин добушун коммунисттерге өткөрүп берүү... Бүтүн Кыргызстанды мандатсыз калтырган Сариевдин шайлоону башкарганы (шайлоонун аягында шайлоочулардын саны ашып кетти бейм эле, ошол Бүтүндүн бактысы бүгүн да ачылбай турат)… карусельдер…обончулар…ящиктеп оттуу суу таркатуу…тизмеден өзүн таппай калган байкуш шайлоочу…үй ичиң менен мен айтканды шайлайсың деп зордукталган мугалимдер (бул категория дагы деле аялуу)… Деги эмнени гана баштан кечирбедик. Мына эми, кезеги келип, шаардык кеңеш шайланбай шайыбыз ооп, пандемияда парламентти шайлаганы турабыз. Тизмеге баш бага келсең, тааныш жүздөр…бул тизмеде жок болсо, тигил тизмеден табасың...тамтыгы кеткени бар, татыктуусу бар, шымы айрылганы бар, эки сөздү кошо албаганы бар, сөздүн устасы бар...катасыз жаза албаганы жүрөт, сабаттуу тыңы жүрөт, үндөбөстөр жүрөт, элине кызмат кылган азаматтар жүрөт, кечээги кокуйда коңулга качып кеткендер жүрөт…кыскасы, кой аксагы менен миң дегендей… Мени кубандырганы, жаңыдан билек түрүп келаткан таза ысымдар да бар экени! Бир нерсе анык, бу сапар да капчыгы калың партияларда шанс жогору. Бул капиталисттик системанын маң – мыйзамы. Болгону байлар таза байышы керек, бирөөнүн мурдуна пок сүйкөбөй, өзүнүн пешене тери менен. Андайлар да жок эмес, азыраак. Себеби, шайлоо кампаниясы шайды оодарчу каражатты талап кылат. Өзү билбей калып кээ бири айтмакчы, депутат болуп калгандар карызын каруусу, кнопкасы менен кайтарат. Таза шайлоону күтүү азыркы шартта, мүмкүн, бул баёолуктур... Форма 2 - эсти оодарчу фактор. Баарынаа каршы добуш берүү бул акылсыздыкпы же аргасыздыкпы?.. Менимче, ушул системадан баш тарта албасак, анда кийинки беш жылда ирилешип 5 эле партия калса, тизмелер сапаттуу болмок. Шайлоого чыгым аз кетмек. Эми, партиянын платформасын тизмедеги төртөө эле билет десек, аша чапкандык болбос, калганы "по пути" поюзга учкашкандар, тиги вагондон чыгып, бул вагонго өткөндөр... ак футболкасын чече калып көгүн кийе калгандар. Тизмеден тизмеге секирүү закон ченемдүү көрүнүш болсо да, биздеги картина парттүзүлүштүн кризиси экенин көпчүлүгүбүз моюнга албай келүүдөбүз. Ашыкча саясатташып кеткен алсыз өлкөлөрдө шайлоочунун сатылып кетүү ыктымалдыгы жогору экени айтпаса да түшүнүктүү. Айтор, утуп келген партиялар өз катарын тазалаганга эрки жетсе, оңолуу болуп кететтир. Шайлоо күз менен келип калды. Шогураак башталган шайлоодо баарына ийгилик каалайлы, бирок бирин тандайлы. Сүйүү - биздики! Айдарбек Максутов Булак: NazarNews.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:47

"Мекеним Кыргызстан" шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүп, депутаттардын санын кыскартат

Элибиз – эң башкы байлыгыбыз! Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. "Мекеним Кыргызстан" партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: - Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; - Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; - Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; - Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү; - Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. "Мекеним Кыргызстан" ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан "Мекеним Кыргызстан" шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого киришет. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:47

Турат Мадылбеков, экс-депутат: “Ар кандай мүнөздөгү адамдардын биригүүсү, эптеп шайлоого барсам дегенди билдирет”

Ар кайсы багыттагы, ар кандай мүнөздөгү адамдар бири-бирине кошулуп атканын эптеп мен депутаттыкка барсам дегендин накта белгиси деп билсе болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Турат Мадылбеков NazarNews маалымат агенттигине билдирди. “Шайлоо процесси баштала элек жатып, чыр менен бүтө турган болуп калды. Карап көрө турган болсок, 2015-жылга караганда 2020-жылдын айырмасы чоң. Мына ушул 5 жыл аралыгында саясий партиялардын, лидерлердин пиринцивтеринин өзгөрүшүн байкадык. Ар кайсы багыттагы, ар кандай мүнөздөгүлөр бири-бирине кошулуп атканын эптеп мен депутаттыкка барсам дегендин накта белгиси деп билсе болот. Муну эч ким айта албайт, ушундай суроону койсо алар да жооп бере албайт. Ар кандай пиринцивтеги, ар кандай мүнөздөгү адамдардын биригиши, бүгүн бирөө менен сүйлөшүп, кайра 15-20 күндөн кийин башка партия менен сүйлөшкөнү туура эмес. Кыргыз элинин ичи чыкпаган мурунку VI чакырылыштын депутаттары же болбосо шайлоого катыша элек жарандар дагы элге башкача бир мүнөздө болгону же болбосо, негативдүү жагынан көрсөткөн адамдар да жүрөт. Барган сайын Жогорку Кеңешке кылмыштуу топтун жакындары барып атат. Бул дагы партиянын лидерлеринин чоркок ойлору. Бир-эки шайлоодон кийин кылмыштуу топтун өкүлдөрү келип мамлекетти башкарат дегенди билдирет. Азырынча ким өтөрүн айта албайм, шайлоодон кийин көрөбүз", - деди Мадылбеков. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:48

Шайлоо участкаларына пандустар орнотулууда

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Эгер 2017-жылы шайлоо тилкелеринин 27% гана пандустар орнотулса, ал эми ушул жылдын сентябрь айынын башталышына карата добуш берүү участкаларынын 65% ушул шайман менен жабдылды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүү үчүн тиешелүү жабдууларды орнотуу иштери улантылууда. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө көзөмөлүндө. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда Брайль тамгалары бар атайын тактачаларды жана жардам чакыруу баскычтарын орнотуу жумуштары жүрүп жатат. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын материалдык-техникалык база, Интернет жана байланыш менен камсыз кылуу боюнча иштери күчөтүлдү. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:48

Жаратман “Кыргызстан” саясий партиясы шайлоого аттанды

“Кыргызстан” партиясы ар дайым өнүктүрүүгө жана натыйжага умтулат! Биздин командага экономиканын реалдуу секторунун бир топ көрүнүктүү өкүлдөрү, ири өнөр жай ишмерлери, бардык деңгээлдеги ишкерлер кирет, алар жумуш орундарынын кантип түзүлүүнү жана социалдык-жоопкерчиликтүү ишкердиктин функцияларын билишет, бул COVID-19 эпидемиясы жана аны менен кошо экономикалык кризис шартында өзгөчө маанилүү. Ар бир адамдын жыргалчылыгы – Кыргызстандын жыргалчылыгы! Биздин максат: Ар бир жарандын жыргалчылыгына негизделген күчтүү жана туруктуу мамлекет! Элдин бейпилдиги - бул бүт мамлекеттин бейпилдиги! Кыргызстандын өнүгүшү эң маанилүү ресурс - адамды өнүктүрүүгө негизделет! Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер! Алдыдагы шайлоодо сиз элдин кызыкчылыгын коргоого татыктуу, Кыргызстан үчүн кам көргөн жана жеке кызыкчылыктарын мамлекеттик кызыкчылыктардан жогору койбогон адамдарды шайлоо менен республиканын тарыхынын жүрүшүн өзгөртө аласыз! «Кыргызстан» партиясынын командасы экономиканын реалдуу секторунун бир катар көрүнүктүү өкүлдөрүнөн, ири өндүрүш кызматкерлеринен, бардык деңгээлдеги ишкерлерден турат, алар жумушчу орундар кандайча түзүлүп жаткандыгын жана социалдык жактан жооптуу бизнес кандайча иштээрин билишет. Баарыбыз биргеликте алдыга кадам таштай турган мезгил келди, алдыга умтулуу жана ар тараптуу кыймыл керек деген коомдук суроо-талап бышып жетилди! “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разактын буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 4-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан баатыр көчөсү 4а

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники