О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 1:25

С. Жээнбеков: КСДПнын азыркы акыбалы жүрөгүмдү оорутат

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны өтүп жатат. Сооронбай Жээнбеков журналисттердин берген суроолоруна жооп берип жатып,2020-жылдагы парламенттик шайлоолор мыйзам чегинде жана ачык өтүшү үчүн баардык күчүн жумшай тургандыгын билдирди. -Кийинки жыл абдан саясатташкан жыл болот, айрым саясатчылар упай топтоого аракет кылышат, кимдир-бирөөлөрү ыплас оюндарын баштайт. Бул эмитеден эле байкалууда. Мен дагы өз ишимди бир партиядан баштагам, ушу КСДПнын ысык-суугунда, эң оор мезгилинде башында турган мүчөсүмүн, жетекчилеринин биримин. Бир кездеги ийгиликтүү, күчтүү партиянын азыркы акыбалын көрүп менин дагы ичим күйүп, жүрөгүм ооруп жатат. Президент болгондон кийин бул партиядан мүчөлүгүмдү убактылуу токтоттум. Эмне үчүн дегенде баардык партияларга бирдей шарт түзүшүм керек. - деди ал. Мындан тышкары ал шайлоодогу босого чеги боюнча суроого токтолуп, бул маселе парламент тарабынан чечилерин белгиледи. Эске салсак, мурда депутаттар парламенттик шайлоодо босого чегин 9% жогорулатуу демилгесин көтөрүшкөн. Азыр Жогорку Кеңеште шайлоо босого чегин 5% төмөндөтүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

Шайлоо-2020: Саясий партиялар 6 айга чейин каттоодон өтүүгө тийиш

Кезектеги парламенттик шайлоого катышуу үчүн саясий партиялар мыйзам боюнча берилген убакта каттоодон өтүүгө тийиш. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди. Берилген маалымат боюнча, "Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Ушуга байланыштуу Конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык "Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор президент тарабынан добуш берүү күнүнө 100 календардык күн калгандан эрте эмес жана 90 календардык күн калгандан кеч эмес дайындалат. Учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын биринчи жекшемби күнү добуш берүү күнү болуп саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Добуш берүүнүн натыйжасында ал ыйгарым укуктуу курамда шайланган күн Жогорку Кеңештин шайланган күнү болуп саналары" белгиленет. Мыйзамдын ушул жоболорунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалышы мүмкүн. Ал эми аны дайындоо жөнүндө чечим 2020-жылдын 26-июну менен 6-июлдун аралыгындагы мезгилде кабыл алынат. Ушуга байланыштуу саясий партиялар парламенттик шайлоого катышуу үчүн мыйзам менен берилген шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө каттоодон же кайра каттоодон өтүүгө тийиш. Конституциялык мыйзамдын 60-беренесине ылайык "Аткаруу бийлигинин саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (Юстиция министрлиги – эск.) каттоодон өткөн саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары расмий жарыялануучу булактарга тизмени жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет". Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:58

"Бүтүн Кыргызстан" жөнүндө юрист: "Алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу ачыкка чыгып жатат"

Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн каттоосунан баш тартты. Белгилүү ата мекендик юрист Икрамидин Айткулов саясий бирикменин айланасындагы кырдаал жөнүндө ушинтип айтты. "Мен БШК партиянын ички ишине" кирип кеткендиктен ", анын ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетти деп эсептейм, бул иш жүзүндө жана учурдагы мыйзамдарга ылайык, ага тиешеси жок болушу керек", - деп түшүндүрдү ал Фейсбуктагы баракчасында. Адвокат конгресс тарабынан бекитилген жана БШКга тапшырылган талапкерлердин тизмеси өзүм билемдик менен өзгөртүлгөндүгүнө көңүл бурду. "Эгер андай болсо, анда иш жүзүндө партия лидеринин жана башка бир катар жооптуу адамдардын кызматтык абалын бурмалоо жана кыянаттык менен пайдалануу бар", - деди Айткулов. "Бул фактыга БШК эмес, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө милдеттүү болгон тергөө органдары тарабынан процесстик баа берилиши керек, эгерде негиздер болсо, ишти сотко өткөрүп берүү керек". Адвокат кылмыш үчүн конкреттүү адамдар гана жооп бериши керек жана соттун өкүмү менен гана жооп бериши керек деп баса белгиледи. Ошондой эле, депутаттыкка талапкерлерди партиянын тизмесинен мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен гана чыгарып салууга болот, эгерде шайлоо ошол убакка чейин өтүп, кылмышкерлер парламентке өтсө, анда гана аларды депутаттык мандатынан ажыратууга туура келет, деп улантты ал. "Партиянын лидери болсо дагы, конкреттүү адам тарабынан жасалган кылмыш үчүн жалпы партия жооп бербеши керек", - деди Айткулов. "Эгер азыр сот БШКнын чечимин тастыктап," Бүтүн Кыргызстанды "шайлоо жарышынан четтетсе, анда биз шайлоонун легалдаштырылышы ар дайым чоң шек жаратат деп божомолдосок болот." Эскерте кетсек, 2020-жылдын 3-сентябрында Vesti.kg сайты БШКнын жумушчу тобу шайлоого катышуу үчүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоодон баш тарткандыгын билдирген. Себептердин бири - берилген документтердин тизмесине кирген талапкерлердин тизмеси курултайда көрсөтүлгөндөн айырмаланып турганы болгон. Бир күн мурун Бишкек шаардык сотунун имаратынын жанында партиянын тарапкерлеринин нааразычылык акциясы болуп өттү. Шайлоо жарышына катышууну 300гө жакын адам талап кылды. Сүрөт www

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

Алтынбек Сулайманов: «Бир Бол» шайлоого кесипкөй, билимдүү жана таза жаштар менен бара жатат

Кыргызстан тазаланууга жана таза инсандарга муктаж. Биз алдыдагы парламенттик шайлоого кесипкөй, заманбап билимге ээ болгон таза жаштар менен аттанып жатабыз. Бул туурасында “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Тазалан!” экологиялык акциясында билдирди. “Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Биз иштин көзүн билген, жаратман жаңы жүздөрдү бириктире алдык. Биз өзгөрүүгө жана өзгөртүүгө даярбыз!” – деди А. Сулайманов. Аталган акция партиянын шайлоо алдындагы үгүт иштеринин бащталышына арналган. Экологиялык саамалык Бишкектин четиндеги Боз-Бөлтөк тоосундагы желексаптын аймагында өттү. Иш-чарага талапкерлер, партиянын мүчөлөрү жана тарапташтары катышты. “Биздин команда “Бир Бол” саясий партиянын жаңыланган жаңы командасы. Биздин максатыбыз жана ниетибиз мамлекеттик башкарууда, сот системасында, жалпы элибизге тиешелүү ар бир тармактарды ириген-чириген , коррупционер, уурулардан тазаланып, өлкөбүздүн жаркын келечегине аттанып жатабыз” – деп билдирди “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жоомарт Жолдошев. “Кыргызстаныбыз үчүн эң маанилүүсү – бул тазалык! Өлкөбүз таза болсо туризм, экология жана экономика өнүгөт. Биз туура жолду баштап, балдарга үлгү көрсөтүшүбүз керек. Биздин жакшы иштерибиз балдарыбызга таалим-тарбия болот. Бүткүл кыргызстандыктарды жаратман иштердин башында турууга чакырат элем” – деди “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айжан Чыныбаева. “Тазалан!” акциясынын жыйынтыгында 300 кг таштанды чогултулду. Иргелген калдыктар кайра иштетүүгө жиберилип, калганы таштанды полигонуна төгүлдү. Эске салсак, бүгүн, 2020-жылдын 4-сентябрында парламенттик шайлоого үгүт кампаниясы расмий түрдө башталды. Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү 4-октябрда өтөт. Ага 15 партия ат салышууда. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 4-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

Партиялар кайсы номер менен шайлоого бара тургандыгы анык болду

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого кабыл алынган партиялардын бюллетенде кайсы номер менен бара тургандыгын чечти. Кара кагаз кармоого 15 партия катышкан. Шайлоо бюллетендериндеги саясий бирикмелердин тизмеси төмөнкүдөй болот: 1.»Афганистандагы согуштун ардагерлеринин саясий партиясы жана башка жергиликтүү аскердик чыр-чатактардын катышуучулары»; 2.»Мекен Ынтымагы»; 3.Ата Мекен Социалисттик партиясы; 4.Мекенчил; 5.Бир Бол; 6.»Ыйман Нуру»; 7.»Замандаш»; 8.Чок Казат; 9.»РЕФОРМА»; 10.»Республика»; 11.»Социал-демократтар»; 12.»Демократиялык» Биримдик «партиясы (Биримдик)»; 13.»Мекеним Кыргызстан»; 14.»Ордо!; 15.»Кыргызстан». Бул партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына 1 миң 957 талапкерди көрсөтүштү, анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына жалпы 1 миң 912 талапкер катталды. 1 миң 912 талапкердин ичинен 618 же 32,32% аялдар

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясын эрежени бузгандыгына байланыштуу шайлоого катышуу тизмесинен алып салды

3-сентябрда Борбордук Шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоо катышуудан алып салды. Себеби, Адахан Мадумаров партиянын шайлоого бара турган тизмесин түзүүдө мыйзамсыз кадамдарга барган. Россиянын аймагында жүргөн адамдардын документин башка адамдар толтуруп, кол тамгасын жасап тапшырган. БШКнын комиссиясы бир топ мыйзам бузууларды аныктап чыкты. ШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп калганын айтты. Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топтун өкүлү Акылбек Эшимов партияга байланыштуу буга чейинки чырдын жагдайларынан улам ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи, бирок Абдрахматова сураган документ көрсөтүлгөн жок. Партиянын жыйынга катышып отурган өкүлү чечимге нааразылыгын билдирди. Ал эми шайлоого ат салышууга 15 партия укук алды. Алардын катарында «Кыргызстан» партиясы дагы бар. Сүрөт www

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

Муфтият имамдардын шайлоо иштерине аралашуусуна тыюу салды

Мусулмандар дин башкармалыгы атайын токтом менен дин ишмерлеринин, имамдардын шайлоо иштерине аралашуусуна тыюу салды. Бул боюнча муфтият маалымат таратты. Муфтият бул жаатта айрыкча ордо калааны катуу көзөмөлгө алмакчы. «Дин кызматкерлери саясатка аралашып, үгүт ишин жүргүзө албайт. Бул тууралуу Муфтияттын атайын так буйругу бар. Ошондуктан биз өз милдетибизди так аткаралы. Элибиздин, жерибиздин ынтымагын, бекемдигин жана саламаттыгын сурап Жараткандан дуа кылалы. Шайлоодо жарандык милдетибизди аткарып, эң негизгиси үгүт иштерине аралашпайлы» – деп айтылат маалыматта. Токтомго ылайык мечиттерде, медреселерде шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле дин ишмерлери, имамдар да саясий абалга кийлигишип, кайсы бир партиянын жана талапкерлердин пайдасына иштөөсүнө уруксат жок. Атабаевдин айтымында, муфтият буга катуу көзөмөл кылат. Дин кызматкерлери саясатка аралашып, үгүт иштерин жүргүзө албай турганын 2-сентябрда Бишкектин казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов да жыйында эскерткен. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мечиттерде жума намазга тыюу салынып, август айынын акыркы жумасынан тартып гана уруксат берилген. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоого үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталат. Азырынча шайлоого талапкер катары төрт партия расмий катталды. Борбордук шайлоо комиссиясы дагы 13 партиянын арызын кароодо.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

50 эл аралык байкоочу шайлоонун ишине көз салышат

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги Парламенттер аралык Ассамблеясынын Башкы катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиев менен жолугушуп, өлкөдө боло турган парламенттик шайлоону талкуулады. Нурбек Сатвалдиев узак мөөнөттүү мониторингдин алкагында негизинен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн парламенттеринин мүчөлөрү болгон эл аралык байкоочулар Кыргызстандын аймактарын кыдырып, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын иши менен таанышып, саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушаарын билдирди. Жалпысынан 50 байкоочу жиберилет. Алар Санкт-Петербург, Москва, Минск жана Баку шаарларындагы чет элдик участкалык шайлоо комиссияларынын ишине көз салышат. Эске салсак, 2015-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын 32 адамы Жогорку Кеңештеги шайлоону байкаган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

Азимбек Бекназаров: “Шайлоого чыныгы мекенчилдер аттанган жок”

Урматтуу президент , чыныгы улут лидери, мамлекет башчысы, мамлекеттин атын алып жүргөн улуттун кызыкчылыгы үчүн бир улутчул-мекенчил партияны ар дайым парламентте алып жүрөт. Бул дүйнөлүк практика. Мисалы, Россияда эмне үчүн Путин Жириновскийди парламентте кармап жүрөт? Анткени, анын оозу менен орустардын кызыкчылыгы корголот, башкалар кодуланат. Сиз дагы коомчулукта айтылып жаткан үч партияныздын бирин улутчулдардан түзсөңүз, сизге эле аброй болмок. И.Раззаковго окшогон, улутчул адамдардан түзүлгөн партиялар гана, сырткы саясый күчтөргө каршы туруп, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, салтуу мусулманчылыгын, маданиятын, тарыхын, жер-суусунун бүтүндүгүн, кен-байлыктарын, мамлекеттин эгемен, көз карандысыздыгын бир бүтүн саясый идеологияга бириктири,п сырттан каржыланган партиялардан, саткын президент, депутат, өкмөттөн, үй-бүлөлүк партиялардан коргоп, улуттук кадрлардын, мекенчилердин көбөйүшүнө таасир бермек. Улуттук, укуктук Кыргызстан ушундай бир бүтүн улуттук идеаларга бириктирилүүгө муктаж. Мисалы жалаң төш Баяс Туралга окшогон улутчул илимпоз, окмуштуулардан, Аалыга окшогон акындардан, Абыкеевге окшогон жазуучулардан, Айбек Мырзага окшогон мекенчил жаштардан, Анаркулов, Назаралиевге окшогон журналисттерден, Кошалиевге окшогон курултайчылардан, кыргыздын желегин желбиретип дүйнөлүк спорт, маданий иш чараларда көтөрүшүп жүрүшкөн уул-кыздарыбыздан кантип бир партия чыгарса болбосун?! Андайлар жүздөп саналат, мына элдин башына түшкөн таажы апаатында кимдер ыктыярчылар болушту, чыныгы мекенчилдер гана ..,- деп Азимбек Бекназаров билдирди.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

БШК шайлоого катыша турган партияларды аныктады

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-сентябрда шайлоого катыша турган партиялардын тизмесин каттоо боюнча жыйын өткөрүп, “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”, “Замандаш”, “Бир Бол”, жана “Ата Мекен” саясий партияларынын тизмесин каттоодон өткөргөн эле. Бүгүн, 3-сентябрь БШКнын жыйыны уланып, төмөндөгү партиялардын тизмеси расмий түрдө каттоодон өттү: "Мекен Ынтымагы”, “Мекенчил”, “Ыйман Нуру” , “Чоң Казат”, “Реформа”, “Республика”, “Социал-демократтар”, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Ордо”, “Кыргызстан”. Маалым болгондой, БШК “Актив” жана “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын тизмесин каттоодон баш тартты. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ал эми шайлоо алдындагы үгүттөө иштери 4-сентябрда башталмакчы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

"Шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес": Дагы бир саясий партия шайлоо жарышынан четтетилет

Парламенттик шайлоого катышуудан дагы бир саясий партия четтетилет. Бул тууралуу “Медиа центр” маалымат агенттигине БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков билдирди. Анын айтымында, учурда «Актив» саясий партиясын четтетүү маселеси каралууда. Анткени партия БШКга каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерди өткөргөн, бирок мөөнөткө чейин (24-август) 5 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес. Ал эми саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо күрөөсү төлөнгөндүгүн, тиешелүү документтер БШКга жакынкы аралыкта берилерин билдиришкен. Бул маселелер БШКнын бүгүнкү отурумунда талкууланмакчы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду . Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду. Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:34

Алмамбет Шыкмаматов: Өлкөдө пандемияга байланыштуу өкүнүчтүү окуяларга тиешеси барлар сөзсүз жазаланышы керек

“Пандемия биздин саламаттыкты сактоо системабыз канчалык деңгээлде талкаланып калганын көрсөттү. Биздин мамлекеттин саламаттыкты сактоо тармагында көптөгөн жылдар бою колдонуп келген ыкмасы толугу менен эскирген”. Бул тууралуу Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов билдирди. “Саламаттыкты сактоо системасы учурда инерцияга гана байланып турат. Ошондой эле пандемия биздин өлкөдө кадрдык саясаттын кыйраганын көрсөттү. Карапайым калк оор күндөрдө кыйынчылык менен өздөрү күрөшүп, адамдар өлүп жатканда чиновниктер да, мамлекеттик аппарат дагы жоопкерчиликсиз экенин, кесипкөй эместигин жана алсыздыгын көрсөттү. Буга жооптуу чиновниктер бул убакта ички структуралык териштирүүлөр менен алек болуп, эл аралык жардамдарды ысырап кылып жатышты”,- деп белгиледи ал. А.Шыкмаматов ошондой эле пандемиянын кесепеттерине байланыштуу болуп жаткан окуяларга тиешеси барлардын баарын жазалоо керектигин белгиледи. “Биз объективдүү, калыс комиссия түзүп, ушул тармактагы бардык көйгөйлөрдү табышыбыз керек. Тиешелүү жетекчилер даярдыктарды көрүп, адам өмүрлөрүн сактоонун ордуна башка иштер менен алек болушту”,- деди А. Шыкмаматов. Жыйынтыгында “Бир Бол” партиясынын талапкери жана көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчы приоритеттүү милдеттерди белгилеп өттү. «Күчтүү жана катаал чаралар менен гана биз мамлекеттик аппараттын бардык тармактарында болуп жаткан башаламандыкты токтото алабыз. Ал үчүн бизге парламентте ар-намысты, абийирди бардык нерседен жогору койгон эрктүү жаңы күчтөр керек. “Бир Болдун” жаңы лидерлери эч качан бийликтеги саясий топтордун жолун жолдошпойт, алардын туруктуу ички ишенимдери бар. Бул ишенимдерин алар таза абийир менен коргоого даяр»,- деди «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов. Эске салсак, бүгүн 6-сентябрда “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Ош шаарында шайлоочулары менен жолугушту. Иш-чара «Киргизия» кинотеатрында өттү. Жолугушуунун алдында талапкерлер жана партиянын жергиликтүү активдери Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде болушуп, зыярат кылып, куран окушту. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 6-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:34

БШК: 15 партиядан депутаттыкка 1912 талапкер катталды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 15 саясий партияга 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга уруксат берди. Бул тууралуу БШК нын маалымат кызматынан билдиришти. Он беш партиядан депутаттыкка жалпы 1 миң 957 талапкерди көрсөтүлдү. Анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды. Жалпысынан 1 миң 912 талапкер катталган. 1 миң 912 талапкердин ичинен 618 же 32,32 пайызын аялдар түзөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:34

Салык кызматы партияларды салыктарды убагында төлөөгө чакырды

Мамлекеттик салык кызматы шайлоого катышып жаткан саясий партияларды, аларга кызмат көрсөткөн компанияларды, үгүт иштери менен алектенген адамдарды салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөөгө чакырды. “ Шайлоо учурунда партиялар үгүтчүлөрдү, компанияларды жана башка бир катар адистерди жалдашат. Ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу үчүн массалык маалымат каражаттарын колдонушат. Буга байланыштуу бардык саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүк мезгилинде партиялардын ишине тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш. Алар үгүтчүлөр, адистер, шайлоо штабдарынын кызматкерлери жана башкалар ”, – деп айтылат маалыматта. Үгүт мезгилинде саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак такталары, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники