О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 0:59

Интернет булактарына жарыяланган шайлоого байланыштуу билдирүүлөр көзөмөлдөнөт

Башкы прокуратура жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет булактарына жарыяланган шайлоого байланыштуу билдирүүлөрдү көзөмөлгө алат. Мындай чечим 1-сентябрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул максатта баардык аймактык прокуратураларда атайын штабдар түзүлдү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:59

Акрам Мадумаров Шайлоо боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүгө жана шайлоону өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Вице-премьер-министр белгилегендей, бир нече күн мурда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны болду, анда парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси каралды. «Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», - деди Акрам Мадумаров. Ал дагы бир маанилүү жагдайды белгиледи, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча план иштеп чыгып, бекитүү керектигин айтып, шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын кошумчалады. Штабдын отурумунда ошондой эле эл аралык байкоочулар боюнча маселе дагы каралды. Муну менен катар шектүү жана айыпталуучу катары камакта жаткан адамдарга тиешелүү документтерди берүү боюнча баяндама жасалды. Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:59

Сагынбек Абдрахманов БШКдан айрым депутаттарды шайлоого өткөрбөөнү талап кылды

Алмазбек Атамбаевдин партиясынан бөлүнүп чыккан КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахманов Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүү жазып, анда БШКдан "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан социал-демократтар" саясий партияларын депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги каталарды оңдоону же аларды четтетүүнү милдеттендирүүнү талап кылды. 1.Иса Өмүркулов ("Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер). 2.Эльвира Сурабалдиева ("Ата-Мекенден" талапкер). 3.Кожобек Рыспаев. 4. Гүлкан Молдобекова ("Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер). 5. Анвар Артыков (Социал-демократтар партиясынан талапкер). 6. Нурбек Касымбеков (Социал-демократтар партиясынан талапкер). Абдрахманов өзүнүн кайрылуусунда талапкерлерди саясий партиялар көрсөтө алат жана ал көрсөткөн талапкерлер башка партиянын мүчөсү боло албайт деп жазат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:59

Шайлоо - 2020. «Кыргызстан» партиясы дагы эле БШКга документтерин тапшыра элек

«Кыргызстан» партиясы дагы эле БШКга документтерин тапшыра элек. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Руслан Изреков маалымдоо каражаттарына билдирди. Анын пикиринде, партиянын материалдарын кабыл алуу же кабыл албоо боюнча бул маселе — бүгүн жумушчу топтун жабык отурумунда каралат, андан кийин суроо БШК мүчөлөрүнүн жыйынында көтөрүлмөкчү. Буга чейин Жогорку сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырып, БШКнын кассациялык даттануусун канааттандырган эмес. Шайлоо комиссиясынын юристтери түшүндүрмө беришкендей, сот БШКны партиянын документтерин кабыл алып, аны кайрадан шайлоо кампаниясынын катышуучусу катары кароону милдеттендирген жок. Партия тарапташтары документ тапшыруу убактысынан кечикти деп, БШК "Кыргызстан" партиясынын документтерин кабыл алуудан баш тартышы мүмкүн деп эсептешет. Эске салсак, «Кыргызстан» партиясы документ тапшырууда белгиленген убакыттан кечигип калган. Ал эми партия лидери Канат Исаевдин пикиринде, алар документ тапшырууга жетишишкен, "кичинекей кагаздын" кесепетинен улам то скоолдуктар болгон. Аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен жарыштан четтетилген, бирок Канат Исаев шайлоо комиссиясынын чечимине каршы чыгуу үчүн сотко кайрылган. Сот "Кыргызстан" партиясынын пайдасына чечим чыгарган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:02

Президент Алмазбек Атамбаев «Евроньюс» телеканалына интервью берди

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-февралда Бельгия Королдугуна жумушчу сапарынын алкагында «Евроньюс» телеканалына интервью берди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Интервьюнун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстанда ар кайсы чөйрөлөрдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупцияга каршы күрөш, терроризмге бөгөт коюу, диний кырдаал, өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге катышуусу тууралуу кеп салды. Андан тышкары Алмазбек Атамбаев журналисттердин быйыл боло турган президенттик шайлоолор, Кыргызстандын чет жердик өнөктөр, анын ичинде Европа Биримдиги менен мамилелеринин абалы жана келечеги тууралу суроолоруна жооп берди.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:31

Прокуратура шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйт

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын, шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт. Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө; же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынгандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында, Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурстарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген. Жалпысынан республика боюнча КЖБРге 22 материал катталып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык караштуулугу боюнча ички иштер органдары тарабынан каралууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторинг көрсөткөндөй көпчүлүк учурда, шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 195-бер.), административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 87-1-бер.), шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-бер.) жана шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 42-3-бер.) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлүүдө. Кыргыз Республиканын Башкы прокуратурасы шайлоо процессинин катышуучуларына, прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө максатында жана мыйзам бузуучулуктарга жол бергендерди мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрө тургандыгын маалымдайт. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
11 сентября 2020 г. 20:26

Баарыбыздын мүмкүнчүлүк чектелген

Баарыбыздын мүмкүнчүлүк чектелген Ар бир партия калктын ар түрдүү катмары менен жолугуп, өз программысы менен тааныштырууга милдеттүү! ⠀ 🔺Ар бир жаран дагы шайлоого катышууга укуктуу! ⠀

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:02

Ильхам Алиев өзүнүн жубайын республиканын биринчи вице-президенти кылып дайындады

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев өлкөнүн биринчи айымы Мехрибан Алиеваны республиканын биринчи вице-президенти кылып дайындады. Бул тууралуу шейшембиде мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Азербайжандын конституциясына ылайык, эгер мамлекет башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга жөндөмсүз болсо, анда биринчи вице-президент мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын өзүнө алат. “Азербайжандын Президенти Илхам Алиев шейшембиде өлкөнүн биринчи айымы Мехрибан Ариф гызын өлкөнүн биринчи вице-президенти кылып дайындоо тууралуу буйрукка кол койду”,-деп билдирген басма сөз кызматы. Азербайжандын жарандары өткөн жылы 26-сентябрда конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга добуш беришкен. Башмыйзамга киргизилген толуктоолордо президенттин ыйгарым укуктуу мөөнөтүн 5 жылдан 7 жылга узартуу, вице-президент кызматын киргизүү, андан тышкары мамлекет башчысы кызматына жана депутаттыкка талапкерлер үчүн жаш-курактык чектөөнү алуу каралган. Референдум өттү деп таанылган, анткени ага шайлоочулардын 25%дан ашыгы катышкан. Еxit pollдун маалыматы боюнча, Азербайжандын конституциясына сунушталган бардык өзгөртүүлөрдү шайлоочулардын 88,5%ы колдогон. Булак: Риа Новости

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:04

Акрам Мадумаров парламенттик шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Вице-премьер-министр иш сапардын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларына барды. Андан соң Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышты. Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоонун, облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Акрам Мадумаров ошондой эле Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышты.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:04

Шайлоо участкаларына пандустар орнотулуп жатат

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2017-жылы шайлоо тилкелеринин 27 пайызына гана пандустар орнотулса, ал эми ушул жылдын сентябрь айынын башталышына карата добуш берүү участкаларынын 65 пайызы ушул шайман менен жабдылды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүү үчүн тиешелүү жабдууларды орнотуу иштери улантылууда. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө көзөмөлүндө. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда Брайль тамгалары бар атайын тактачаларды жана жардам чакыруу баскычтарын орнотуу жумуштары жүрүп жатат. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын материалдык-техникалык база, Интернет жана байланыш менен камсыз кылуу боюнча иштери күчөтүлдү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:04

Акрам Мадумаров Шайлоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүгө жана шайлоону өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Вице-премьер-министр белгилегендей, бир нече күн мурда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны болду, анда парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси каралды. «Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», – деди Акрам Мадумаров. Ал дагы бир маанилүү жагдайды белгиледи, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча план иштеп чыгып, бекитүү керектигин айтып, шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын кошумчалады. Штабдын отурумунда ошондой эле эл аралык байкоочулар боюнча маселе дагы каралды. Муну менен катар шектүү жана айыпталуучу катары камакта жаткан адамдарга тиешелүү документтерди берүү боюнча баяндама жасалды. Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:04

Прокурорлор шайлоо алдында ЖМКга, интернет-булактарына чыккан билдирүүлөргө мониторинг жүргүзөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” №139 ПЖ Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун тескемеси менен прокуратура органдарын алдыда өтүүчү шайлоого даярдоого Башкы прокуратуранын штабы түзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ошол эле учурда, ушул сыяктуу штабдар республиканын аймактарындагы прокуратураларда да түзүлгөн. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир катар уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө жана бул туурасында облустук, шаардык жана райондук прокурорлорго да тийиштүү тапшырмалар берилген. Азыркы учурда, прокурорлор тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-булактарындагы билдирүүлөргө жана жарыяларга мониторинг жүргүзүлүп, ошондой эле келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар мыйзам талаптарына ылайык каралууда. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 43-бер. 4-б. ылайык, прокуратура органдары аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөйт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган алардын иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды) карай тургандыгын маалымдайбыз.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:04

1000 эле сомго сатылышканбы? БГУдагы шайлоо участогунда адамдарды массалык каттоо орун алганы айтылууда (ВИДЕО)

Бишкектеги 1046 шайлоо участогунда (БГУ) шайлоочуларды массалык түрдө каттоо болгону айтылууда. Бул тууралуу, Беспредел KG фейсбук баракчасында маалымдалды. “Адамдарды автобустар менен алып келип, алардын ордуна үгүттөөчүлөр форма 2ни толтуртуп, добуш берүүчү жайларын алмаштырып жатышат” деп айтылат маалыматта. Шайлоочуларга 1000 сомдон берилгени божомолдонууда. Эске салсак, Нарындын Чет-Нура айылында да добуш сатып алуу фактысы катталганы тууралуу маалыматтар чыгып, ал боюнча кылмыш иш козголгон. В УИК 1046 (БГУ) идёт массовая регистрация избирателей. Людей привозят собирают паспорта и вместо них агитаторы заполняют формы 2 и меняют место голосования. Избирателям пишут дают по 1000 сом. Опубликовано БеспределKG Вторник, 25 августа 2020 г.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 22:03

Чындык, бир гана чындык Кыргызстанды сактап калат! Правда и только правда спасет Кыргызстан!

Чындык, бир гана чындык Кыргызстанды сактап калат! Правда и только правда спасет Кыргызстан!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:19

Кыргызстандагы шайлоочулардын жалпы саны айтылды

Кыргызстанда 3 млн 451,4 миң шайлоочу бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдиргенин kabar.kg жазды. Анын айтымында 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоого караганда быйыл шайлоочулардын саны 667,7 миңге көбөйгөн. Тизмелер tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылып, шайлоо тилкелерине илинген. Жарандар аталган порталга кирип, өзүнүн тизмесин тактап алса болот. Орусияда жүргөн кыргызстандыктар үчүн 11 шайлоо участкасы ачылат

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники