О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 1:54

Бишкекте «Таза шайлоо үчүн» деген акция өтүүдө

Бишкек шаарында «Таза шайлоо үчүн» деген аталышта тынчтык акциясы өтүп жатат. Аны «Баштан башта» кыймылы уюштурду. Кыймылдын лидери Улан Үсөйүн «Азаттыкка» билдиргендей, алар 4-октябрдагы парламенттик шайлоону таза уюштурууну бийликтен талап кылууда. 29-августта «Таза шайлоо үчүн» коалициясы түзүлүп, ага жарандык активисттер, коомдук уюмдар жана бир катар саясий партиялар кирген. Алар саясий өнөктүктө жарандык көзөмөлдүн зарылдыгын белгилешүүдө.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:43

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоого байланыштуу 2-октябрга чейин тарашты

Жаңы эле жайкы каникулдан келген Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан тарта 2-октябрга чейин жыйындарга чогулбай турган болушту. Алар бул убакыт аралыгында шайлоочулар менен жолугат. Буга чейин төрага Дастан Жумабеков шайлоонун үгүт иштери 4-сентябрда тарта башталарын айтып, көпчүлүк депутаттар кайрадан шайлоого аттанып жатканын эске салып, алар Жогорку Кеңештин трибунасын үгүттөө үчүн колдонушу мүмкүн экенин белгилеген. Мындан улам Жумабеков шайлоого чейин жыйын өткөрбөй турууну сунуштаган . Жогорку Кеңеш буга байланыштуу токтом кабыл алды. Токтомду 79 депутат колдоп, бир депутат каршы болду. Жыйындын соңунда Жумабеков кечиктирилбестен кабыл алынышы керек болгон мыйзам долбоорлоруна добуш берилгенин билдирип, депутаттарга эл менен ийгиликтүү жолугуп келүүнү каалады. «Токтомду кабыл алып бердик, шайлоочулар менен жакшы жолугуп келиңиздер. Ийгилик каалайм, элде тынчтык, токчулук болуп, шайлоо жакшы өтсүн», — деген каалоосун айтты. Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ал эми 4-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат. Азыркы чакырылыштын жарымынан көбү Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан талапкерлигин коюуда. Ошол эле маалда, быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу үгүт маалында стадионго элди чогултуп, концерт менен коштолгон иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Ошондой эле, республикалык штаб дагы деле санитардык-гигиеналык нормаларды сактоого чакырууда.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:43

Сот «Кыргызстан» партиясынын шайлоого катышуу укугун калыбына келтирди

Бишкек административдик соту «Кыргызстан» партиясынын арызын 27-августта карап чыгып канааттандырды. Сот буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы партияны парламенттик шайлоодон четтетүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. «Бүгүн Бишкек шаардык административдик соту адилеттүү жана мыйзамга туура келген чечим чыгарды. Биз ачык айтабыз, биздин мамлекетибиз укуктук жана адам укуктарын сыйлаган өлкөлөрдүн бири», — деди «Кыргызстан» партиясынын талапкери, депутат Талант Мамытов. Соттун чечими жарыялангандан тарта күчүнө кирди, ал эми БШКнын Жогорку сотко даттанууга укугу бар. «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы ызы-чуу 24-августта «Реформа», «Бир бол» жана «Ата Мекен» партиясынан шайлоого аттанган айрым талапкерлер жана жарандык активисттер БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин саат 18:00дөн кийин кабыл алды деген жүйөө менен мекеменин имаратынын алдына чогулушкан. Алар мыйзам бузган кайсы гана партия болбосун аны шайлоодон чететтүүнү талап кылган . Беш партия - «Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Реформа» жана «Чоң Казат» «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы иштер боюнча президентке кайрылды. Алар бул факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштоону суранышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августтагы жыйынында «Кыргызстан» партиясына документтерин кайтарып берүү чечимин кабыл алган. Ага чейин БШКнын жумушчу тобу партиянын документтерин расмий бекитилген өкүлдөн башка киши тапшырганына байланыштуу аны кайтарып берүүнү сунуштаган. Бирок «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечими менен макул болбой сотко кайрылган. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну пландаштырган партиялардын акыркы документтерин кабыл алды жана аларды карап чыгып, 4-сентябрга чейин каттайт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:53

COVID-19: Дүйнөдө оору жуккан эң чоң көрсөткүч катталды

«Азаттык» радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап, андан коргонуу жолдору тууралуу да материалдарды даярдап келе жатат. 6-сентябрь, жекшемби, саат 11:00го карата маалымат: Бир сутка ичинде COVID-19 UO7.1 жана пневмония UO7.2 катталган жаңы учур 87ни түздү. Өлгөндөрдүн жалпы саны - 1 061. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 44 403кө жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 39 826​. 5-сентябрда 4 медициналык кызматкерге коронавирус жуккан учур катталды. Ошону менен пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алгандардын жалпы саны 3145ке жетти, алардын ичинен 2 533 медкызматкер айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 70тен ашты. Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:53

Саясий репрессияларга каршы комитети партияларды «Бүтүн Кыргызстанга» тилектештик билдирүүгө чакырды

Кыргызстандагы Саясий репрессияларга каршы күрөш комитети 6-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турган партияларга жана жарандарга кайрылды. Комитет Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) катоосунан өтпөй калган «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына тилектештик билдирүүгө чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө каттоодо кош стандарттуулукка жол берилгени айтылат. Шайлоо эркин өтүп, анын жыйынтыгы мыйзамдуу деп табылышы үчүн саясий жарыш атаандаштыкта өтүшү керек экендиги, антпесе элдин нааразылыгы күчөп, Беларустагыдай каршылыкка айланып кетиши мүмкүн экени белгиленген. Кайрылууда Боршайком бийликтин таасиринен чыга албай, тандап чарап көрүп жатканы тынчсыздандырып турганы, бул жагдай аталган орган өз алдынча чечим чыгара албайт деп айтууга негиз болуп бергени кошумчаланган. Уюмдун кайрылуусунда коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтин шайлоого кийлигишүүсүнө, административдик ресурс колдонулушуна жана добуш сатып алууга жол бербеш үчүн жарандык көзөмөлдү күчөтүшү керек экени айтылган. БШК 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турганын маалымдаган. Кыргызстанда алтынчы чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды. (NT)

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

Мадумаров менен Шайлдабекова Баткендеги шайлоо участкаларын кыдырды

Мадумаров Баткендин чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүү маселесине жерине барып текшерди. Аны менен бирге БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова шайлоого болгон даярдыктарды текшерип, аткарылып жаткан иштерди жеринен көрдү. Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого болгон даярдыкка көз салды. Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыкты текшерди. Вице-премьер Акрам Мадумаров Баткен облусуна баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Андан кийин Мадумаров ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышкан. «Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоо туурасында айтты. Облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи», — деп айтылат маалыматта. Мадумаров андан сырткары Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышкан.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:53

Ала-Букада «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери нааразылык билдиришти

Ала-Букада 5-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине нааразылык билдиришти. Бул тууралуу маалымат аталган партиянын өкүлдөрүнөн алынды. Ага ылайык, партиянын Ала-Бука районунун борборундагы штабына Чаткал районунан да тарапкерлер келишти. Чогулгандар соттон партияны каттоо боюнча оң чечим чыгарууну талап кылышты. БШК 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турганын маалымдаган. Кыргызстанда алтынчы чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды. (NT)

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:04

Шайлоо-2020: БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтети

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуусуна тыюу салды. Мындай чечим бүгүн 3-сентябрда БШКда өткөн жыйындан кийин чыкты. Жыйында БШКнын көпчүлүк мүчөсү “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуусуна каршы добуш беришти. БШКнын 9 мүчөсү аталган партияны жарыштан четтетүү чечимин кабыл алса, 2 мүчөсү каршы добуш берди. Жыйынтыгында БШКнын иш тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесин каттоодон өткөрбөөнү туура көрүштү. Партиянын съездиндеги катталган тизме менен БШКга тапшырган талапкерлердин тизмесинде айырмачылыктар болгону мындай чечим чыгарууга түрткү болгонун БШКнын мүчөсү Медина Кутбердиева билдирди. Эске салсак, буга чейин экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу БШКдан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесин каттоодон баш тартууну талап кылган. Анын айтымында партиянын лидери Адахан Мадумаров тизменин катарын өзгөртүп, андан Турсунбай Бакир уулун алып салган. Бирок, БШК Бакир уулунун суранычын канааттандырбай ага сотко кайрылып, партиянын ичиндеги пикир келишпестиктерди сот аркылуу чечишип алууну сунуштаган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

Вице-премьер Баткен облусунун шайлоого даярдыгын текшерди. Сүрөт

Мадумаров Баткендин чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүү маселесине көбүрөөк көңүл бурган.БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыкты текшерди. Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыкты текшерди © Фото / пресс-служба правительства КР Бул максат менен вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусуна баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти © Фото / пресс-служба правительства КР 1 / 2 © Фото / пресс-служба правительства КР Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыкты текшерди Бул максат менен вице-премьер Акрам Мадумаров Баткен облусуна баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде тыюу салынган 10 учур. Тизме Андан кийин Мадумаров ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышкан. "Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоо туурасында айтты. Облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи", — деп айтылат маалыматта. Мадумаров андан сырткары Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышкан.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

Үгүт иштерин баштагандар салык төлөөнү унутпагыла. Салыкчылардын эскертүүсү

Шайлоо алдындагы үгүт ишине катышкан бардык тараптардын мыйзамдын сакталышы боюнча салык органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынары эскертилди.БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардан тарта аталган процесске катышкандарды салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз мөөнөтүндө жана толугу менен төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирүү таратты. Шайлоо учурунда партиялар үгүтчүлөрдү жана башка адистерди, компанияларды же фирмаларды жалдашат. Ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу жана жайгаштыруу үчүн ЖМКларды колдонушат. "Буга байланыштуу парламенттик шайлоого катышып жаткан бардык саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктө ишке тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш. Алар үгүтчүлөр, адистер, шайлоо штабдарынын кызматкерлери жана дагы башка тараптар", — деп айтылган маалыматта. Үгүт кампаниясы учурунда саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак такталары, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү экени эскертилген. Шайлоо: Россиядагы мекендештер 11 жерден добуш бере алат. Тизме "Шайлоо алдындагы үгүт ишине катышкан бардык саясий партиялар, компаниялар, уюмдар жана жеке адамдардын төлөмдөр боюнча мыйзамды сактоосу салык органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынарын Салык кызматы эскертет", — деп айтылган билдирүүдө. Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 4-сентябрдан тарта, Жогорку Кеңешке аттанган партиялардын үгүт иштери башталды . Ал эми парламенттик шайлоо бир айдан кийин, тагыраагы, 4-октябрда өтмөкчү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

Депутат Тынчтык Шайназаров БШКга мүчө болду

Тынчтык Шайназаров буга чейин БШК мүчөлүгүнөн чыккан Назарали Ариповдун ордуна келди.БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган Шайназаровдун талапкерлигин Жогорку Кеңеш бүгүн, 3-сентябрдагы отурумда карады. Жыйынтыгында 81 депутат колдоп, 4 депутат каршы болду. Мандат алган 7 депутат парламентте ант берип, кызматына киришти Тынчтык Шайназаров буга чейин БШК мүчөлүгүнөн чыккан Назарали Ариповдун ордуна келди. Арипов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкер катары катышарын билдирип, өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

Жогорку сот "Кыргызстан" партиясынын пайдасына чечим чыгарды

"Кыргызстан" партиясы Шаардык административдик сотунан утуп алгандан кийин БШК Жогорку сотко даттанган.БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жогорку сот "Кыргызстан" партиясынын пайдасына чечим чыгарды. Сот отуруму саат 16.00дө башталып, жараянга Жогорку соттун мурдагы төрайымы, судья Айнаш Токбаева жетекчилик кылды. Бул учурда сот имаратынын алдында "Кыргызстан" партиясынын тарапташтары жана таза шайлоо өтүүсүн талап кылган жарандык активисттер менен саясий партиялардын өкүлдөрү эки тарап болуп топтолуп турушту. Бир тарабы "Кыргызстан" деп, экинчи жагы "Сот, сатылба!" деп кыйкырып жатты. "Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы чуусу Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августта "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого катышуудан четтеткен. Буга документти БШКга "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени негиз болгон. Боршайкомдун мүчөлөрү мыйзамда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү өзү алып келип, каттоо журналына кол коюшу керектигин белгилейт. Ал эми аталган партиянын өкүлү Эльвира Абелдинова жагдайды өзү ооруп калганы менен түшүндүргөн. Жактоочу: БШК "Кыргызстан" партиясынын документин кабыл алган эмес Партиянын жетекчилери мындай чечимге макул болбой Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. 27-августта ишти караган судья Чолпон Досмамбетова БШКнын чечимин жокко чыгарып, "Кыргызстандын" пайдасына чечип берген. Андан соң БШКнын юристтери Жогорку сотко даттанып, "Кыргызстан" партиясын жарыштан четтеткен чечимин күчүндө калтырууну сураган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

Жогорку сот "Кыргызстан" партиясынын ишин карап жатат. Сыртта эл чогулду

"Кыргызстан" партиясы Шаардык административдик сотунан утуп алгандан кийин БШК Жогорку сотко даттанган.БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жогорку сот "Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык арызын карап жатат. Сот отуруму саат 16.00дө башталды. Жараянга Жогорку соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева жетекчилик кылууда. Жогорку сот "Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык арызын карап жатат. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Сот отуруму саат 16.00дө башталды. Жараянга Жогорку соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева жетекчилик кылууда. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Бул учурда сот имаратынын алдында "Кыргызстан" партиясынын тарапташтары жана таза шайлоо өтүүсүн талап кылган жарандык активисттер менен саясий партиялардын өкүлдөрү эки тарап болуп топтолуп турушат. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августта "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого катышуудан четтеткен. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Буга документти БШКга "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени негиз болгон. © Sputnik / Табылды Кадырбеков Боршайкомдун мүчөлөрү мыйзамда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү өзү алып келип, каттоо журналына кол коюшу керектигин белгилейт. Ал эми аталган партиянын өкүлү Эльвира Абелдинова жагдайды өзү ооруп калганы менен түшүндүргөн. © Sputnik / Табылды Кадырбеков 1 / 6 © Sputnik / Табылды Кадырбеков Жогорку сот "Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык арызын карап жатат. Бул учурда сот имаратынын алдында "Кыргызстан" партиясынын тарапташтары жана таза шайлоо өтүүсүн талап кылган жарандык активисттер менен саясий партиялардын өкүлдөрү эки тарап болуп топтолуп турушат. "Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы чуусу Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августта "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого катышуудан четтеткен. Буга документти БШКга "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени негиз болгон. Боршайкомдун мүчөлөрү мыйзамда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү өзү алып келип, каттоо журналына кол коюшу керектигин белгилейт. Ал эми аталган партиянын өкүлү Эльвира Абелдинова жагдайды өзү ооруп калганы менен түшүндүргөн. Жактоочу: БШК "Кыргызстан" партиясынын документин кабыл алган эмес Партиянын жетекчилери мындай чечимге макул болбой Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. 27-августта ишти караган судья Чолпон Досмамбетова БШКнын чечимин жокко чыгарып, "Кыргызстандын" пайдасына чечип берген . Андан соң БШКнын юристтери Жогорку сотко даттанып , "Кыргызстан" партиясын жарыштан четтеткен чечимин күчүндө калтырууну сураган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Эмне талкууланып жатат

Жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустагы өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери катышууда.БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустагы өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери катышууда. Жээнбеков шайлоого аттанган саясатчыларды жоопкерчиликти унутпоого чакырды Жыйында 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар талкууланып жатат. Учурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматтары угулуп жатканы кошумчаланды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:59

15-сентябрга чейин шайлоодо вирус жуктуруп албоо боюнча план иштелип чыгат

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрүп, шайлоо комиссияларына шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөктөштү. Бул тууралуу министрликтин Маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты. Вице-премьер-министр белгилегендей, буга чейин Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болгон. Анда шайлоого даярдыктар талкууланды. Чечим кабыл алынып, ага ылайык, 10-сентябрга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгып, бекитилиши керек. “2020-жылдын 15-сентябрына чейин БШК, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кыргызстандыктардын, шайлоо органдарынын кызматкерлеринин жана шайлоо процессине катышкан башка адамдардын коронавирус инфекциясы жана пневмония илдетинин жугушун алдын алуу планын иштеп чыгуу жана бекитүү керек. Муну менен катар шайлоо күнү шайлоо участкаларына барууда, добуш берүү күнү тийиштүү эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу керек ”, - деп баса белгиледи Акрам Мадумаров.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники