О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 19:33

Республика №14

Москва району "Алдыга жолду" тандады! Московский район выбрал «Путь Вперёд!» Республика №14✅

Подробнее
2 октября 2020 г. 23:16

"Республика" партиясынын Жаштар канаты, Бишкек шаарында "Добушуңду сатпа, алдыга жолду танда!" аттуу акциясын өткөрүштү.

"Республика" партиясынын Жаштар канаты, Бишкек шаарында "Добушуңду сатпа, алдыга жолду танда!" аттуу акциясын өткөрүштү. Молодежное крыло партии "Республика" провело в Бишкеке акцию под названием "Не продавай свой голос, выбирай путь вперёд!".

Подробнее
2 октября 2020 г. 23:00

Биз бардык кыйынчылыктарды жеңип, укуктук талаада күрөш жүргүздүк.

Биз бардык кыйынчылыктарды жеңип, укуктук талаада күрөш жүргүздүк. Жаратман инсандардан куралган биздин команда жер-жерлердеги ар бир шайлоочубуз менен жолугуп чыктык. Туруктуу экономика, туруктуу өнүүгү үчүн "Кыргызстан" партиясын танда!

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:00

Выборы-2020. Президент призвал привлекать на госслужбу молодых кандидатов

Президент Сооронбай Жээнбеков в интервью «Биринчи радио» отметил, что в каждой партии есть талантливая, способная молодежь, которая проявляет себя во время дебатов и встреч с избирателями. Глава государства считает, что необходимо привлекать на госслужбу и ту молодежь, которая проявила себя во время предвыборной агитации, даже если партия проиграла выборы. «Я обратил внимание на списки партий и отметил, что все они постарались включить в первую десятку и двадцатку лучших кандидатов. Нам следует привлечь их к государственной службе. Особенно — молодежь. Даст бог, после выборов, каким бы не сформировался Жогорку Кенеш, необходимо поднимать этот вопрос и привлекать этих молодых людей. Я вижу, кто из них всем своим сердцем радеет за свою страну, готов верой и правдой служить ей», — сказал Сооронбай Жээнбеков. Моя цель — привлечь их на госслужбу, чтобы они могли реализовать себя и внести свой вклад в развитие нашей страны. Мы будем приглашать молодежь из числа партий, которые проиграют выборы. Сооронбай Жээнбеков

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:03

Голосуйте за «Биримдик» № 1. Будьте с первыми!

Сегодня, завершая нашу агитационную кампанию, мы благодарим вас за вашу поддержку, за веру в нас! Сейчас, накануне дня, в который определяется судьба всей страны, мы уверены, что вы сделаете правильный выбор! Спасибо вам за ваши отклики, за напутствия и пожелания удачи. Общение с народом, обмен мнениями показали нам, что мы на правильном пути. Наш путь — это правда, солидарность и единство исторической судьбы. Мы не свернем с пути! За критику и острые вопросы — тоже спасибо. Указывая на слабые места, вы помогаете нам стать лучше. В ходе кампании было много необоснованных обвинений, клеветы и даже попыток снять с дистанции. За это мы тоже благодарим наших соперников, ведь, выдерживая натиск, сохраняя при этом достоинство и честь, мы стали только сильнее и сплоченнее. В «Биримдике» № 1 собралась уникальная команда. В наших рядах и опытные государственники, и молодые амбициозные ребята, и предприниматели, педагоги, врачи, фермеры, творческие люди со всех регионов нашей страны! Наша команда — это наше огромное преимущество, наша гордость. В «Биримдике» собрались лучшие из лучших, профессиональные и грамотные специалисты в своих сферах. Акылбек Жамангулов, лидер нашего списка, специалист в области цифровизации, Улукбек Кочкоров, разработавший схему, позволяющую перезапустить экономику и поднять доходы всех кыргызстанцев, сильный политик Торобай Зулпукаров, наш председатель Марат Аманкулов, который знает и умеет решать городские проблемы и много других. Уверены, что в таком составе мы сможем все! Мы просим вас поддержать нас в это воскресенье и обещаем, что будем вместе с вами отрабатывать каждый пункт нашей программы. Если вам дорого будущее ваших детей, если вы хотите жить в мирном и защищенном Кыргызстане, если вам близка дружба народов, но при этом все еще остаются сомнения, то задумайтесь о том, что наши предки погибали ради свободы и сохранения нашего государства, ради возможности голосовать. Используйте эту возможность! Приходите на участки в это воскресенье, 4 октября с 8.00 до 20.00. Поддержите первых! И помните — выбор всегда за вами! *** Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» ( « Единство » ) уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:06

Көчмө добуш берүүгө кошулган күмөндүү адам

3-октябрда үгүт иштери токтотулуп, шайлоо участкасына бара албай турган 29010 адамдын добушун көчмө урна аркылуу чогултуу башталган. Бишкек шаарындагы №1007 шайлоо участкасынын мүчөлөрүн бир күн бою белгисиз жаран коштоп жүргөн.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:07

Акыйкатчы дене табы жогору кишилердин добуш берүүсүн чектеген алгоритмге каршы чыкты

Кыргызстандын Акыйкатчы институту дене табы көтөрүлгөн адамдар парламенттик шайлоодо добуш бере албайт деген алгоритмге каршы чыкты. Акыйкатчы Токон Мамытовдун айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуш берүү боюнча мындай алгоритми шайлоочулардын конституциялык укугун чектейт. Ал алгоритм жарыяланган күндөн тартып БШКга кат жазганын, бирок жооп албаганын айтты. Акыркы жолу акыйкатчы 3-октябрда да БШКга кат жолдогон. “Акыйкатчы институту 12-сентябрда БШКнын шайлоодогу санитардык гигиеналык талаптар боюнча алгоритми чыкканда эле ушул маселени дароо көтөргөнбүз. Дене табы көтөрүлгөн шайлоочулар добуш берүүдөн четтетилгенине каршы болуп, БШКга алар үчүн атайын кабиналарды уюштуруусу зарылдыгын белгилеп кат жөнөткөнбүз. Катыбыз али жоопсуз турат. Эми шайлоого аз калганда кайра эле ушундай көрсөтмө чыгып жатат”. Боршайком парламенттик шайлоо маалындагы санитардык талаптар тууралуу 7-сентябрда атайын алгоритм иштеп чыккан. Ага ылайык, шайлоо күнү дене табы жогору болгон атуулдар добуш берүүгө киргизилбейт. Муну шайлоо участокторунда медициналык адистер көзөмөлгө алат. Мындай эрежеге БШКнын айрым мүчөлөрү да макул эмес экенин билдиришкен. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, шайлоого келгендерди текшерүү үчүн 5728 медициналык кызматкер бекитилген. Алар шайлоо участкаларында нөөмөт менен иштеп, келгендердин дене табын текшерип турушат. Андан тышкары дары-дармек, ооруканаларда кошумча керебеттер, кызыл зоналар даярдалган. Добушканаларга беткап кийбей келгендер үчүн кошумча антисептик, беткап, кол каптар даярдалганы кабарланды. Алгоритм боюнча ар бир добушкана тез-тез дезинфекцияланып турушу керек. 4-октябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо коронавирус пандемиясынын шартында өткөнү жатат. Шайлоого 16 партия ат салышууда. (BCh/NT)

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:07

Тумоологон жарандар добуш бере албайт

Парламенттик шайлоо маалында санитардык-гигиеналык талаптар тууралуу 7-сентябрда атайын алгоритм иштелип чыккан. Ага ылайык, шайлоо күнү дене табы көтөрүлгөн атуулдар добуш берүүгө киргизилбейт. БШКнын айрым мүчөлөрү жана омбудсмен мындай алгоритмге макул эмес. Коронавирус жугузуп алган же оорунун белгилери бар адамдар 2-октябрда шайлоо участкасына арыз менен кайрылып, 3-октябрда үйүнөн, көчмө шайлоо урнасына добуш бере алары айтылган. Мындай арыз менен канча адам кайрылып, добуш бере турганы азырынча беймаалым. Жогорку Кеңештин депутаттарын пандемия шартында кантип шайлоо керек? Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев суроого мындай жооп узатты. «Шайлоого келгендерди текшерүүгө 5728 медициналык кызматкер бекитилген. Алар шайлоо участкаларында нөөмөт менен иштеп, келгендердин дене табын текшерип турат. Андан тышкары дары-дармек, ооруканаларда кошумча керебеттер, кызыл зоналар даярдалды. Добуш берүүгө келген адамдын дене табы жогору болсо, анда ал шайлоо участкасына киргизилбейт. Аны ошол жерден текшерип, абалына жараша амбулатордук дарылануу үчүн үйүнө же ооруканага жиберебиз». Мыйзам бузулат Мындан тышкары шайлоо участкасына келгендер үчүн кошумча антисептик, беткап, кол каптар даярдалды. Добуш берүүчү участок улам-улам дезинфекцияланып турууга тийиш экени айтылууда. Ал эми дене табы жогору адамдардын добуш бере албай калышына байланыштуу алгоритмде жазылган эрежелерге Акыйкатчы институту каршы чыккан. Омбудсмен Токон Мамытов Борбордук шайлоо комиссиясынын добуш берүү алгоритми жарыялангандан кийин бир нече ирет шайлоочулардын конституциялык укугу бузуларын эскертип, БШКга кат жазганы менен жоопсуз калып жатканын, акыркы катты 3-октябрда жөнөткөнүн билдирди. «Акыйкатчы институту 12-сентябрда БШКнын шайлоодогу санитардык гигиеналык талаптары боюнча алгоритми чыкканда эле ушул маселени дароо көтөргөнбүз. Дене табы жогору шайлоочулардын добуш берүүдөн четтетилгенине каршы болуп, БШКга алар үчүн атайын кабиналарды уюштуруу зарыл экенин белгилеп кат жөнөткөнбүз. Катыбыз жоопсуз турат. Щайлоого аз калганда кайра эле ушундай көрсөтмө чыгып жатат. Бүгүн да мунун мыйзамсыз экенин эскертип кат жибердик». Журналисттер жана коомдук активисттер буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын пандемия шартында шайлоону уюштуруу жана добуш берүүчүлөрдүн тазалыгы, гигиенасын текшерүү боюнча алгоритминдеги айрым маселелерге макул болбой, мыйзамды сактоону талап кылып келген. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова атайын өзүнчө чатырларды тигүүнү же кабиналарды уюштурууну мурда да талап кылышканын айтты: «Дене табы жогору болгон адамдарды шайлоого катыштырбоо тууралуу маселе мыйзамда каралган эмес. Бул мыйзамда каралган берене болушу керек эле. Мыйзамда каралбагандан кийин азыр БШКнын кайсы бир мүчөсү же толук курамы менен шайлоочулардын укугун чектей албайт. Муну мыйзам бузуу, одоно мыйзам бузуу деп атасак болот. Мындан сырткары, жайында шайлоо боюнча жоболор иштелип жатканда ушул маселенин айынан мен өкмөткө бир нече ирет кайрылгам. Бул маселени чечип алалы деп төрайымга сунуштасам, четке кагып койгон. Өкмөткө үч-төрт жолу талап жөнөткөм. Ошол бойдон жооп бербей коюшту. Пандемия шартында шайлоо кандай өтөт? Дене табы жогоруларды кандай кылабыз? Өзүнчө чатыр тигип коелу деп айткандарымды эч кимиси укпай койду». Бир айлык үгүт өнөктүгү маалында санитардык нормалардын бузулушу боюнча атайын иликтөө иштери ачылган эмес. Ал эми БШКнын алгоритмине ылайык, 4-октябрда шайлоочулар 1,5 метр аралыкты сактап, беткап кийип добуш бере алат. Ал арада Кыргызстанда 3-октябрга карата коронавирус 128 адамдан жаңы аныкталды, бир киши каза болду. Март айынан бери өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47184 ​кишиге жетти. Алардын 43 278и сакайып, 1066сы жашоо менен кош айтышты.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:07

Президент добуш сатуу көйгөйү ойлонтуп жатканын билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоодо аны ойлондурган маселе - добуш сатуу көйгөйү болуп жатканын айтып, жарандарды мыйзам бузбоого чакырды. Бул тууралуу 3-октябрда "Биринчи радиого" берген кезектеги интервьюсунда билдирди. "Өзүнүн, балдарынын келечегин, мамлекеттин келечегин ойлогон адам добуш сатпайт. Бул мамлекеттин келечегине, балдарынын келечегине, өзүнүн келечегине балта чабууга барабар",- деди Жээнбеков. Ошондой эле президенттик администрациянын шайлоого даярдык көрүү жараянына аралашканы минималдык даражада болгонун жана өкмөт көз карандысыз түрдө иш алып барганын белгиледи. Кыргызстанда жарандык коом жана шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери бийликчил партиялардын өкүлдөрү элге акча таратып, добуш топтоо аракетин көрүп жатканын бир канча ирет айтышкан. Парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия ат салышат. (SE)

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:07

БШКга 360тан ашуун адам чалып мыйзам бузуулар тууралуу айтты

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам байланыш номуруна 3-октябрда 360тан ашуун адам чалып, мыйзам бузуулар тууралуу эскертти. Андан тышкары, добуш сатып алуу, административдик ресурска каршы укук коргоо органдары менен биргеликте иштеген ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу топко ушул эле күнү алты арыз түшкөн. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова "Азаттыкка" билдирди. Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия ат салышууда. 3-октябрда эртең менен саат сегизде үгүт иштери токтотулган. Бул күнү партиялар жана талапкерлерге үгүт жүргүзүүсүнө тыюу салынат. Ушул күнү шайлоо участкасына бара албай турган 29010 адамдын добушун көчмө урна аркылуу чогултуу башталды. Бул жараян эртең менен саат сегизден кечки сегизге чейин уланат. "Шайлоо тилкесинен тышкары жайдагы добуш берүү" эрежесине ылайык, үйдөн, ооруканадан же ишканадан чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар шайлоого үч күн калганга чейин участкалык шайлоо комиссияларына арыз менен кайрылышы керек. Алар улгайган кишилер, майыптар, оорулуулар же үзгүлтүксүз өндүрүштө иштеген кызматкерлер. (SE)

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:07

Ошто адамдар бир үйгө добуш берүүгө чогулганы айтылган окуя боюнча БШК укук коргоо органдарына кайрылды

Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде адамдар тобу менен барып, добуш берүүгө чогулганы тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдырахматова "Азаттык" радиосуна билдирди. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, тергөө тобу айтылган дарекке барганда ал үйдө той өтүп жатканы аныкталган. Бирок T-Media басылмасы жарыялаган ыкчам видеодо эл чогулган үйдө добуш берүүчү урна коюлганын, милиция кызматкери карап турганын көрүүгө болот. Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия ат салышууда. Жекшембиде үгүт иштери токтотулуп, шайлоо участкасына бара албай турган 29010 адамдын добушун көчмө урна аркылуу чогултуу башталган. Бул жараян эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин уланат. "Шайлоо тилкесинен тышкары жайдагы добуш берүү" эрежесине ылайык, үйдөн, ооруканадан же ишканадан чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар шайлоого үч күн калганга чейин участкалык шайлоо комиссияларына арыз менен кайрылышы керек. Алар: улгайган кишилер, майыптар, оорулуулар же үзгүлтүксүз өндүрүштө иштеген кызматкерлер. (SA\DU)

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:07

Дональд Трамп президенттик милдетин ооруканада уланта берет

2-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Мериленд штатындагы Уолтер Рид улуттук медицина борборуна тик учак менен жеткирилди. Буга чейин Трамп жана анын жубайы Мелания Трамп короновариуска чалдыкканы тууралуу маалымат тараган. Ак үйдүн маалымат кызматы президент медициналык адистердин кеңеши менен "алдын алуу чарасынан" улам ооруканага жаткырылганын билдирди. Трамп ооруканада бир нече күн болот деп пландалган. "Вашингтон пост" Ак үйдөгү эки расмий адамга шилтеме берип, Трамптын өпкөсүнүн кагынышы орточо даражада экенин, жөтөлүп жана мурду бүтүп жатканын жазды. Трамптын айласында жүргөндөрдүн ичинен коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Бул болсо жогорку бийликтин чөйрөсүндө жугуштуу илдет тарап кетпесин деген кооптонууну пайда кылып жатат. АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Ага Дональд Трамп жана Жо Байден ат салышууда. Коронавирус менен ооруган жана көз жумган адамдардын саны жагынан АКШ дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Жон Хопкинс университетинин эсебинде, Кошмо Штаттарда өпкөсү сезгенип ооругандар жети миллион кишиден ашып, 208 миңге чукул бейтап көз жумду.

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:07

Добуш берүү күнү өкмөт үйүндө ишеним телефону иштейт

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоо күнү өкмөт үйүндө телефон борбору тынымсыз иштейт. Расмий маалыматка ылайык, call-борборго шайлоочулар шайлоо эрежелеринин жана санитардык нормалардын бузулушуна байланыштуу маселелерде телефон чалып, кабарлашса болот. Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11. Факс: (0312) 66 61 97. «Кыргызтелекомдун» Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан чалуу акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык акы алынат. 16 партия ат салышып жаткан шайлоо 4-октябрда өтөт. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде. БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. (SE)

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:07

3-октябрда көчмө урна аркылуу шайлоого катышууга 29010 адам арыз берди

Парламенттик шайлоодо добуш берүү тилкесине бара албай турган 29010 адам катталды. Алардын добушу 3-октябрда эртең менен саат сегизден кечки сегизге чейин көчмө урна аркылуу топтолот. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдиргендей, бул жараян өлкө аймагындагы 1834 шайлоо тилкесинде жүргүзүлөт. Шайлоо комиссияларынын ишине байкоочулар жана журналисттер күбө боло алат. "Шайлоо тилкесинен тышкары жайдагы добуш берүү" эрежесине ылайык, үйдөн, ооруканадан же ишканадан чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар шайлоого үч күн калганга чейин участкалык шайлоо комиссияларына арыз менен кайрылышы керек. Алар: улгайган кишилер, майыптар, оорулуулар же үзгүлтүксүз өндүрүштө иштеген кызматкерлер. 16 партия ат салышып жаткан шайлоо 4-октябрда өтөт. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде. БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын такталган саны - 3 523 554. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. (SE)

Подробнее
4 октября 2020 г. 0:10

Мыйзам бузуулар болсо чалгыла! Добуш берүү күнү өкмөттө call-борбор иштейт

Call-борборго шайлоочулар комиссия мүчөлөрү жана байкоочулар гигиеналык-санитардык эрежелерди сактабаса жана башка мыйзам бузуулар байкалса чалса болот.БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Шайлоо күнү өкмөт үйүндө call-борбор иштей турганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Чалууларды тейлеген кызмат шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү үчүн иш алып барат. "Добуш берүү күнү өкмөт үйүндө парламенттик шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо республикалык штабдын call-борбору иштейт. Шайлоочулар электр жарыгы же интернет жок болсо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар гигиеналык-санитардык эрежелерди сактабаса жана башка мыйзам бузуулар байкалса ишеним телефондоруна чалса болот", — деп айтылат маалыматта. Ишеним телефондорунун номери төмөнкүдөй: (0312) 66 28 58; (0312) 62 51 19; (0312) 66 28 51; (0312) 96 14 54; (0312) 96 03 11; факс (0312) 66 61 97. Шайлоодон кийин тынч болушун каалайм! Боронов партияларга кайрылуу жасады Билдирмеде айтылгандай, бул номурларга чалуулар "Кыргызтелеком" ААКтын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактар менен уюлдук операторлордон тарифтерге ылайык жүргүзүлөт. Парламенттик шайлоо эртең, 4-октябрда, өтөт. Бүгүн өлкө аймагында шайлоонун алдындагы жымжырттык күнү. Добуш берүүнүн алдындагы 24 сааттын ичинде талапкерлер үгүт иштерин жасабайт.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники