О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 17:26

2 ОКТЯБРЯ в 19:00 на TV1KG_Телеканал

2 ОКТЯБРЯ в 19:00 на TV1KG_Телеканал Тема: ШАЙЛОО 2020 ⠀ Гости: Зарина Чекирбаева, кандидат в депутаты ЖК от ПП «Бир Бол»; Екатерина Филаретова, кандидат в депутаты ЖК от ПП «Бир Бол»; Канатбек Исаев, лидер ПП «Кыргызстан», кандидат в депутаты ЖК КР; Эльнура Алканова, кандидат от ПП «Мекеним Кыргызстан»; Дежурный по вечеру: Максим Полетаев; Генеральный̆ партнер: Icon Development. Вопросы во время эфира на whatsap и telegram: 0708 312 312.

Подробнее
2 октября 2020 г. 16:26

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Азизбек Турсунбаев тууралуу фактыларды сунуштайбыз:

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Азизбек Турсунбаев тууралуу фактыларды сунуштайбыз: 1. Үй-бүлөлү, үч кыз эки уулдун атасы; 2. Мектепте окуп жүргөндө волейбол менен баскетбол оюндарын аябай кызыгып ойногон; 3. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында окуп жүргөндө, университеттин волейбол боюнча курама командасында ойногон; 4. Азыркы учурда күн сайын эртең менен чуркап, бассейнге барып, сууда сүүзүнү жактырат; 5. Адамдардагы баалаган сапаты – чынчылдык, боорукердик, адамгерчилик; 6. Адамдардагы жаман көргөн сапаты – алдамчылык, эки жүздүүлүк, жалкоолук; 7. Бош убактысында багбанчылык, мергенчилик менен алектенгенди, балык кармаганды жакшы көрөт; 8. Шыктандырган жана суктандырган инсаны – өзүнүн залкар жердеши Балтагулов Төрөгелди; 9. Элдик эпосторго, санжырага, кыргыз элинин тарыхына аябай кызыгат; 10. Альфред Теннисондун “Улисс” аттуу ырынан алынган: “Күрөшүү жана издөө, табуу жана багынбоо,” - деген цитатаны жактырат; 11. Жалал-Абад областынын губернатору болуп турганда сууну сактоого өзгөчө көңүл буруп, 13-14 миллиард кубометрден ашпаган Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 18 миллиард кубометрден ашып кеткен. Суу сактагычтын жалпы көлөмү 19 миллиард кубометрди түзөт; 12. Китеп окуганды жакшы көрөт. Жактырган чыгармасы – Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы; 13. Бильярд оюнуна кызыгат. Ар кандай бильярддык мелдештерге катышып, байгелүү орундарды утуп алган; 14. Жакшы көргөн тамагы – палоо. Өзү дагы мыкты жасайт; 15. Эки жогорку билимге ээ болгон. Биринчи кесиби врач-стоматолог, экинчиси юрист. ______________ В рамках рубрики #НашКандидат представляем вашему вниманию факты об Азизбеке Турсунбаеве: 1. В школе играл в волейбол и баскетбол. 2. Во время учебы в Кыргызской государственной медицинской академии им. И. Ахунбаева играл в волейбольной команде академии. 3. Бегает каждое утро и плавает в бассейне. 4. Качества, которые ценит в людях - честность, доброта и человечность. 5. Не приемлет ложь, лицемерие и лень. 6. В свободное время увлекается садоводством, охотой и рыбалкой. 7. Личность, которая вдохновляет и впечатляет - его земляк, государственный и политический деятель Торогельди Балтагулов. 8. Глубоко интересуется народными эпосами, генеалогией, историей кыргызского народа. 9. Любимая цитата: «Бороться и искать, найти и не сдаваться» из стихотворения «Улисс» Альфреда Теннисона. 10. Женат, воспитывает 3 дочерей и 2 сыновей. 11. Во время своего пребывания на посту губернатора Джалал-Абадской области уделял особое внимание водосбережению, благодаря чему объем воды в Токтогульском водохранилище увеличился на 5 млрд кубометров. 12. Любит читать книги. Любимое произведение - роман Тологона Касымбекова «Сломанный меч» («Сынган кылыч»). 13. Участвовал в различных соревнованиях по бильярду и занимал призовые места. 14. Любимое блюдо – плов. Сам его хорошо готовит. 15. Имеет два высших образования. Первая профессия - стоматолог, вторая - юрист.

Подробнее
2 октября 2020 г. 13:12

Канатбек Исаев, «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери.

«Мен мекенимди сүйөм жана анын бакубат өлкө болуусуна салым кошсом дейм. Келечегибиз болгон жаштар жогорку сапаттуу билим алуусун, ошол билими, жумушундагы ийгилиги менен мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуусун каалайм. Үй-бүлө куруп, өз турак-жайына ээ болуусун каалайм. Мындай шарт алардын башка өлкөгө жакшы жашоо издеп кетпестен, өз жеринде калуусуна өбөлгө түзөт». Канатбек Исаев, «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери.

Подробнее
2 октября 2020 г. 18:59

Урматтуу кыргызстандыктар

"Ата Мекен" партиясынын атынан бизге көрсөткөн ишенимиңер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Жаңы программабыз жана жаңы мүчөлөрүбүз менен тааныштырып Кыргызстандын ар бир районуна барууга аракет кылдык. 4-октябрь - өлкө үчүн тарыхый күн. Анткени Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына кандай депутаттар келет тандайсыз! Ондогон партия, ондогон идеология и жүздөгөн талапкер. Бирок сан эмес, сапатка маани беришибиз керек. Өз ишин билген жоопкерчиликтүү адистер гана Жогрку Кеңеште эл өкүлү болушу керек. Ошондуктан, шайлоо күнү №6 "Ата Мекен" партиясын колдоого чакырабыз. Бизди тандасаңыз өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти алып, системага каршы тургууга даяр команда келет! АТА МЕКЕН — №6! **** Уважаемые кыргызстанцы, Партия «Ата Мекен» благодарит каждого из вас за доверие! Мы были практически в каждом районе страны, где представили программу и новый состав. 4 октября — наступит важный день в истории страны. В этот день мы изберем новый парламент, качество состава которого будет зависеть только от вас! Есть много партий, много идеологий и множество кандидатов. Цифра не имеет значения, значение имеет качество. Только профессионалы своего дела и настоящие представители своего народа должны представлять вас в Жогорку Кенеше. Мы призываем всех прийти на выборы и поддержать «Ата Мекен» под №6. Поддержав нас, вы выберете состав, который готов взять ответственность за будущее страны и не побоится пойти против системы! АТА МЕКЕН — №6!

Подробнее
2 октября 2020 г. 21:00

Татыктууларды танда! "Ата Мекенге" №6 добуш бер!

Татыктууларды танда! "Ата Мекенге" №6 добуш бер! *** Выбери достойных представителей народа! Выбирай "Ата Мекен" — №6!

Подробнее
2 октября 2020 г. 22:30

Бир гана "Ата Мекен" — шайлоо бюллетенинде №6!

Бир гана "Ата Мекен" — шайлоо бюллетенинде №6! *** Только "Ата Мекен" — №6 в избирательном бюллетене!

Подробнее
2 октября 2020 г. 19:12

"Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо" партиясы Баткен шаарынын эли менен жолугушуу ѳткѳрдү.

"Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо" партиясы Баткен шаарынын эли менен жолугушуу ѳткѳрдү. Партиянын тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров "Биримдиктин" жаралыш тарыхына токтолуп, элдин кызыкчылыгын баарынан жогору койгон партия экенин белгиледи. Кээ бир партиялардай бир лидердин атына байлангандан айырмаланып бир лидердин үстѳмдүгүндѳ калбаган, ѳзүнүн идеологиясы бар партия экенин айтты. Ал элдин нарк-насилин, улуттук баалуулуктарды, ыйманын, дилин сактоону кѳздѳгѳн идеология. Ошондой эле Төрөбай Зулпукаров Баткендин кулуну, талапкер Улукбек Кочкоровдун социалдык ѳнүктүрүү министри катары реформалык чоң иштерди кылып, жарандарды социалдык жактан коргоо багытында зор ийгиликтерге жетишкенине токтолуп, анын келечекте Баткенге, кыргыз элине Исхак Разаковдой кызмат кыларын билдирди. "Биримдиктин" программасынын реалдуулугу, ишке ашырыла тургандыгы менен айырмаланган, элдин жашоосун жакшыртууну кѳздѳгѳн программа экенин айтып, эл ишеним артса, программада белгиленгендердин баары жүзѳгѳ ашарына ишендирип ѳттү. Талапкер Улукбек Кочкоров буга чейинки парламенттик шайлоолордо колдоп, ишеним артканы үчүн Баткендин элине ыраазычылыгын билдирип, министр кезиндеги аткарылган иштери боюнча маалымат берди. Анын айтымында, министрликтеги максатсыз жумшалган акчаларды туура багыттоо, коррупциялык схемаларды жоюу аркылуу жѳлѳк пул алчулардын катарына 100 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳр кошулган. Оңго, солго кеткен миллиарддаган сомдордун эсебинен майып балдарын караган энелерге пенсия чектѳѳгѳ мүмкүн болду. Эми алардын балдарын баккан жылдары эмгек стажы катары эсептелип, келечекте пенсия ала башташат. Партиянын дагы бир талапкери Мамыржан Рахимов ѳз сѳзүндѳ биримдикчилердин колдоосу менен Баткенде миң жумуш орундуу текстиль фабрикасы, 250 жумуш орундуу ѳрүктү кайра иштетүүчү ишкана курулуп жатканы боюнча маалымат берди. "Биримдик" партиясы парламентке барса, буга окшогон кѳптѳгѳн долбоорлор ишке ашырыларын айтып, добуш берүүгѳ чакырды. Баткен шаарынын кадырлуу аксакалы Туйгун Жолдошев биримдикчилерге шайлоодо ийгилик, ак жол, жеңиш каалап, ѳзүнүн ак батасын берди.

Подробнее
2 октября 2020 г. 19:13

Күч Биримдикте

Бүгүн үгүт иштеринин акыркы күнү. Бир ай бою бардык партиялар өз программалары менен тааныштырып эл ишенимине кирүү аракетин көрүштү. Айрым партиялар мыйзамга каршы келген жана элдин кабыл алуусуна жат иштер менен алектенип жатты. 30 күнгө созулган үгут иштеринде жалгыз гана Биримдикчилер жана анын командасы туура багыт менен иш жасап, калк ишенимине кире алды. Биримдиктин келечеги кең, өрүшү жайык болсун деген тилек айталы. Күч Биримдикте

Подробнее
2 октября 2020 г. 20:14

Жеңиш Биримдик менен

Борбор калаадагы Жеңиш" аянтында “Биримдик” саясий партиясынын үгүт иштеринин аяктоо аземи ѳттү. Ага партиянын төрагасы Марат Аманкулов, орун басары Төрөбай Зулпукаров жана аймактардан келген партиялаштар, жаштар канатынын өкүлдөрү жана чакырылган коноктор катышышты. Жеңиш Биримдик менен

Подробнее
2 октября 2020 г. 20:19

Жеңиш аянтында “Биримдик” саясий партиясынын үгүт иштеринин аяктоо аземинде Төрөбай Зулпукаров:

Жеңиш аянтында “Биримдик” саясий партиясынын үгүт иштеринин аяктоо аземинде Төрөбай Зулпукаров: “Үгүт ѳнѳктүгүндѳ Кыргызстанды түрө кыдырып чыгып, партиябыздын идеологиясын, максатын, жалпы эл кабыл алганын байкадык. Бизди, жүздөгөн, миңдеген, миллиондогон кыргызстандыктар колдоду. “Биримдик” өз тизмесинде жалпы улуттун башын бириктирди, татыктуу кадрларды жыйнады, ошондуктан бизди жалпы кыргызстандыктар колдойт деген чоң үмүтүбүз бар

Подробнее
2 октября 2020 г. 20:25

«Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкө элине ыраазычылык билдирет

«Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкө элине ыраазычылык билдирет Урматтуу кыргызстандыктар! “Мекеним Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоого карата жеңишке жетелеген ишенимдүү жолду басып өттү. Бул аралыкта сиздерден реалдуу колдоону сездик, сиздер бизге күч-кубат, үмүт бердиңиздер. Биз сиздер менен бирге Кыргызстаныбызды чындап өзгөртүп, ар бирибиз үчүн ыңгайлуу жана жайлуу өлкөгө айланта аларыбызга ишенебиз. Эч ким идеалдуу эмес, бирок биздин оюбуз ак! Атаандаш саясий күчтөр менен саясатчылардын ар кандай жалаасы, кара пиары менен чагымына карабастан биз өлкөнү өнүктүрүп, социалдык багыттагы күчтүү мамлекет кура аларыбызды далилдедик. Шайлоо алдында биздин партия парламентке келсе бир канча айда эле жакшы жакка карай реалдуу өзгөрүүлөрдү көрө аларыңыздарга дагы бир жолу кепилдик беребиз. Биз кайталанма функциялардан арылган, эффективдүү иштеген өкмөттү түзөбүз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы өлкөнү өнүктүрүү үчүн кайсы бир маселелерде көз караштары жана позициялары дал келбеген саясий күчтөр, саясатчылар менен да конструктивдүү диалогго жана кызматташууга даяр. Биз алдуу-алсыз, бай-кедей, акылдуу же башка деп бөлүнбөй, эгер максат-тилектерибиз дал келсе бирге иштешүүгө даярбыз. Бул – күчтүү, экономикасы өнүккөн мамлекет куруунун бирден-бир ишенимдүү жолу. Биз курулай убада берип, популисттик сөздөрдү айтпаганыбызды иш жүзүндө далилдейбиз. Кыргызстан, буюрса, региондо реформалардын локомотиви болушу керек. “Мекеним Кыргызстан” партиясы элибизге, ар бир үй-бүлөгө, ар бир жаранга бакубат жана бейпил жашоо каалайт. Элибиздин, өлкөбүздүн эртеңи сиздин колуңузда, ошондуктан 4-октябрда туура тандоо жасаңыз! Урматтоо менен “Мекеним Кыргызстан” партиясы. №4 “Мекеним Кыргызстан” – ар бир кыргызстандыктын партиясы.

Подробнее
2 октября 2020 г. 19:34

"Алдыга жолду

Жалпы Кыргызстандыктар "Алдыга жолду" тандады! "Республика" №14

Подробнее
2 октября 2020 г. 20:37

Атайбек Асанбеков

Атайбек Асанбеков: “Республика” партиясы жаштарга арналган программасы менен өзгөчөлөнүп турат.

Подробнее
2 октября 2020 г. 21:39

Өмүрбек Бабанов

Өмүрбек Бабанов: Ар бир мамлекет жетишкендиги менен мактанат. Добушубузду сатуу менен мактанашыбыз керекпи? Ойлончу учур келди!

Подробнее
2 октября 2020 г. 23:00

Кымбаттуу энелер, эже-сиңдилер

Биз керемет өлкөдө жашайбыз. Биз өзүбүз, балдарыбыз Кыргызстанда төрөлдүк, балдарыбыз чоңоюп жатат жана биз бул жактан эч жакка кетпейбиз. Бугун өлкөбүз коркунучта, жарга такалып турат. Бир жагынан криминал бийликке умтулуп жатат. Кээ бир партиялардын тизмесинен УКТ (уюшкан кылмыш топторунан) чыккан талапкерлер көрүнүп жатат. Экинчи жагынан, өлкөну бүгүнкү акыбалга алып келген эски депутаттар Жогорку Кеңешке келгени жатат. Бул абалды өзгөртүү биздин мүмкүнчүлүгүбүз ар бир 5 жылда гана бар. Биз, Кыргызстандын эли, балдарыбыз кандай өлкөдө жашай турганын чече алабыз. Кандай чөйрөдө балдарыбыз чоңоет. Үйлөрүбүздүн астында балдар аянтчалары болобу, мектепте тыгылышып, 1 класста 50 бала окуган класста окуйбу же, 25 тен ашпаган бала бир класстабы, балдарыбыз жакшы жана заманбап мектепте окуй алабы, сыртта коопсуз жүрө алабы, мектепте жакшы тамак жей алабы, билим ала алабы? Биздин жарандар Кыргызстанда эле жумуш таап, миграцияга кетүүгө мажбур болбой, балдары менен бирге журүүгө шарт түзүлөбү? Ажырашкан уй-бүлөдөгү балдар үчүн! Алимент бул балдардын акчасы. Энелер балдарына татыктуу алимент ала алабы? Аны оңой, проблемасы жок ала алабы? Биздин аялдар жана балдарыбыз зордук-зомбулуктан корголгон коомдо жашай алабы? Педофилдерди камабай, сот залынан бошотуп жиберүү токтотулабы? Ушунун баарын мен жана сиз, ар бирибиз, 4 октябрда чечебиз. Ошон үчүн шайлоого катышыныз, дос таанышка айтыныз. Реформа деген жаны жана прогрессивдүү партияны шайлаңыз.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники