О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
4 сентября 2020 г. 21:05

"Боз үй кыргыз эли үчүн көчүп-конууга ыңгайлуу ата-бабалардан сакталып калган жөн эле үй эмес.

"Боз үй кыргыз эли үчүн көчүп-конууга ыңгайлуу ата-бабалардан сакталып калган жөн эле үй эмес. Боз үй – өткөн менен келечектин байланышы, боз үй – өлкөнүн биримдигинин символу. Бул боз үй тигүү жөрөлгөсүн аткаруу менен биз элибизди түндүк-түштүккө, айылдык-шаардыкка, кокту-колотко бөлүнүүсүн токтотууга чакырабыз! Келгиле, мындан ары маданий жана улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү, баалуулуктарыбызды сактайлы! Биздин саясий партия нөлүнчү чакырымды тандадык. Себеби – бардык карама-каршылыктарды жана талаш-тартыштарды, өз ара таарынышууларды жана шектенүүнү жок кылгыбыз келгенинде! Эң башкысы Ала-Тообуздун асманы дайым ачык, багытыбыз байсалдуу болсун, “Мекеним Кыргызстан!”- деп символизм тууралуу партиянын биринчи үгүт иш-чарасында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров түшүндүрмө берди.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:13

"Бир бол" партиясы "Тазалан" деген экология акциясын баштады

Бүгүн “Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын “Тазалан!” экологиялык акциясы менен баштады. Тазалык акциясынын жыйынтыгында 300 кг таштанды чогултулду. Иргелгендер кайра иштетүүгө жиберилип, калганы таштанды полигонуна төгүлдү.

Подробнее
6 сентября 2020 г. 20:37

«Ата Мекен» партиясынын элге кайрылуусу Урматтуу мекендештер!

«Ата Мекен» партиясынын элге кайрылуусу Урматтуу мекендештер! 2020-жыл бир гана Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө үчүн өзгөчө болду. Коронавирус пандемиясы жана аны ээрчий келген экономикалык кризис, өлкөбүздүн талылуу жерлерин ачык-айкын көрсөтүп койду. Жаңы кыйынчылыктар менен коркунучтарга бет келген Кыргыз Республикасы, же алдыга чоң секирик жасап, өнүгүү жолуна түшөт. Же болбосо дүйнөлүк рейтингдин эң акырына барып кептелет. Курамы жаңыланган “Ата Мекен” партиясы шайлоого “Жаңы Дем аталышындагы” манифест менен барат. Биздин команда өлкө өзгөрүп, жашоочулары эптеп күн кечирген эмес, ар бир күндү жыргап, маңыздуу жашаган өлкөгө айланаарына бекем ишенет. Акчалуу же мансаптуу тууган уругу барлардын сөзү чоң болгон эмес, ар бир киши тең укуктуу мамлекет болоорунан шегибиз жок. Кыргызстан өнүгүүнүн улам жаңы чекитин таап, алдыга умтулууга тийиш. “Ата Мекен” командасынын саясий эрки бекем. Жалпы журттун кыялын орундатууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Жакынкы күндөрдө, биз “Жаңы Дем” манифестин презентациялайбыз. Ал эми бүгүндөн тартып ММК аркылуу негизги жоболор менен тааныштыра баштайбыз. Шайлоо алдындагы манифесттин энергетикасы сиздерди кайдыгер калтырбай, добуш берүүдө “Ата Мекенди” тандоого шык берет деп ишенебиз. Кыргызстан алдыга озуп, жаңыланууга тийиш! ⠀ * ⠀ Слово к народу партии «Ата Мекен» ⠀ Уважаемые соотечественники! ⠀ 2020 год стал особенным не только для Кыргызстана, но и для всего мира. Пандемия коронавируса и последовавший за ней экономический кризис остро обозначили проблемные зоны нашей страны. Оказавшись перед лицом новых вызовов и угроз Кыргызская Республика может сделать либо мощный рывок вперед, либо окончательно скатиться на периферию мировых рейтингов. Обновленная команда «Ата Мекен» идет на выборы с манифестом «Жаны Дем». Команда «Ата Мекен» уверена, что наша страна может стать другой, может стать страной, где люди не выживают, а живут полноценной и качественной жизнью. Страной равных возможностей абсолютно для всех, а не только для тех, у кого есть деньги и родственники со связями. Страной, которая постоянно ищет и находит новые точки для своего развития. У команды «Ата Мекен» есть политическая воля и мы знаем, что нужно делать, чтобы наша общая мечта стала реальностью. ⠀ В самое ближайшее время мы проведем презентацию манифеста «Жаны Дем», но с сегодняшнего дня начнем знакомить Вас через СМИ и социальные сети с его основными положениями. ⠀ Уверены, что идеи и энергетика нашего предвыборного манифеста не разочарует наших сторонников и станет основанием поддержать на выборах «Ата Мекен» для тех, кто еще не определился. У Кыргызстана должен быть прорыв, должно открыться новое дыхание!

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:17

"Ыйман Нуру" партиясынын төрагасы Нуржигит Кадырбековдун шайлоочуларына кайрылуусу. . Обращение к избирателям председателя партии "Ыйман Нуру" Нуржигита Кадырбекова

"Ыйман Нуру" партиясынын төрагасы Нуржигит Кадырбековдун шайлоочуларына кайрылуусу. . Обращение к избирателям председателя партии "Ыйман Нуру" Нуржигита Кадырбекова

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:18

Бүгүн "Ыйман Нуру" партиясы "Ата-Бейит" мемориалында шайлоо алдындагы стартты алды.

Бүгүн "Ыйман Нуру" партиясы "Ата-Бейит" мемориалында шайлоо алдындагы стартты алды. 🙏🏻 Биз Кыргызстандын келечеги үчүн кам көрүп, ата-бабаларыбыздын элесин сыйлайбыз, "Ыйман Нуру"🇰🇬 . Сегодня партия "Ыйман Нуру" взяла предвыборный старт на мемориале "Ата-Бейит". 🙏🏻Чтим память предков, с заботой о будущем Кыргызстана, "Ыйман Нуру"🇰🇬

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:22

Ыйман Нуру адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын лидери Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович

Ыйман Нуру адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын лидери Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович https://www.youtube.com/watch?v=hWLsxfgjn1M

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:01

Начало агитационной кампании "Ата мекен"

Бүгүн Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери расмий түрдө башталды. Биздин баштапкы чекит Талас шаары болуп, шайлоочулар менен биринчи жолугушуу болуп өттү. Колдоп, ишеним артканыңыздар үчүн баарыңыздарга рахмат!

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:30

"Боз үй кыргыз эли үчүн көчүп-конууга ыңгайлуу ата-бабалардан сакталып калган жөн эле үй эмес.

"Боз үй кыргыз эли үчүн көчүп-конууга ыңгайлуу ата-бабалардан сакталып калган жөн эле үй эмес. Боз үй – өткөн менен келечектин байланышы, боз үй – өлкөнүн биримдигинин символу. Бул боз үй тигүү жөрөлгөсүн аткаруу менен биз элибизди түндүк-түштүккө, айылдык-шаардыкка, кокту-колотко бөлүнүүсүн токтотууга чакырабыз! Келгиле, мындан ары маданий жана улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү, баалуулуктарыбызды сактайлы! Биздин саясий партия нөлүнчү чакырымды тандадык. Себеби – бардык карама-каршылыктарды жана талаш-тартыштарды, өз ара таарынышууларды жана шектенүүнү жок кылгыбыз келгенинде! Эң башкысы Ала-Тообуздун асманы дайым ачык, багытыбыз байсалдуу болсун, “Мекеним Кыргызстан!”- деп символизм тууралуу партиянын биринчи үгүт иш-чарасында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров түшүндүрмө берди.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:31

Бир гана багыт бар - Алдыга! Бир гана жол бар - Ийгилик! Биздин жол - Алдыга карай жол!

Бир гана багыт бар - Алдыга! Бир гана жол бар - Ийгилик! Биздин жол - Алдыга карай жол!

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:57

"Замандаш" партиясы үгүт кампаниясынын биринчи күнүн тоолуу Нарын облусунан баштады

"Замандаш" партиясы үгүт кампаниясынын биринчи күнүн тоолуу Нарын облусунан баштады. Эң алгач Жеңиш Молдокматов баштаган партия өкүлдөрү ыйык Чеч-Төбө мазарына барып, куран окушту. Андан соң 13 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген "Замандаштын" негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун үйүнө барып, ал жерде куран окулду.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 18:51

Замандаш

Сегодня партия "Замандаш провела пресс конференцию, на которой кандидаты партии ответили на острые вопросы журналистов и гостей мероприятия.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:34

Алдыда реформалар! Алдыда чоң өзгөрүүлөр!

Алдыда реформалар! Алдыда чоң өзгөрүүлөр! Бүгүн элибизге Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы "Алдыга жол" атуу программабызды презентацияладык. Биздин жол - Алдыга жол! __ Впереди реформы! Впереди большие перемены! Сегодня обществу была представлена наша предвыборная программа под названием "Путь вперед". Наш путь – Путь вперед!

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:35

"Республика" партиясынын шайлоодогу программасынын презентациясы

"Республика" партиясынын шайлоодогу программасынын презентациясы

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:37

Камчыбек Ташиев: Акча сунуштагандарга элдин, журттун, мамлекеттин кереги жок

Камчыбек Ташиев: Акча сунуштагандарга элдин, журттун, мамлекеттин кереги жок Кыргызстан жыл өткөн сайын коррупцияга белчесинен батып баратканын “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев шайлоочулар менен жолугушууда белгиледи. “Мекенчилдин” лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-сентябрда абактагы саясий туткун Садыр Жапаровдун кичи мекени Ысык-Көл районуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылынын тургундары менен жолугушту. “Мурда мынчалык эмес эле, шайлоолордо катарына беш-алты ууруларды кошуп алган бийликтин бир партиясы чыкчу. Ал партияга бюджеттин көзүн караган кызматкерлерди мажбурлап добуш бердиртип, өтүп кетишчү. Бүгүнкү күндө андан да оор кырдаал жаралды. Себеби, катарында мамлекеттик кызматтарда иштеп, топтолуп коррупцияга жол берген үч-төрт партия чыгып, элдин башын айлантууда. Мурда эл бир партия менен күрөшсө, азыр үч-төрт партия менен күрөшкөнгө аргасыз. Элдин айласы калбай калды”, - деди Камчыбек Ташиев. Лидер элди мындай партиялардын куру убадаларына алданып, добушун акчага алмаштыруудан баш тартууга жана мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү орду бар партияларга басым жасоого чакырды. “Акча сунуштагандарга элдин, журттун, мамлекеттин кереги жок. Тапканын чет өлкөгө алып чыгышат, ал жактан үй алышат, башка кылышат. Же Кыргызстандын кен байлыгын сатып алып, тоону чукуйт. Ошентип дагы бир беш жыл жыргайт дагы, бир айлык маянасын элге тарката коюп кайрадан парламентке барып алат. Муну эл-журтка жеткириш керек”, - деди Камчыбек Ташиев. Ал коррупциялык иштерге таза саясатчыларды тартуу аракеттери жүрөөрүн, муну менен чындыкты айткандардын катарын азайтууну каалашарын белгиледи. “Кээде мени да сазга тартып кеткилери келет. Мени жана башка мага окшогон чындыкты айтуучуларды тартып кетишсе, баарыбыз унчукпай калсак эмне болот? Эгер мени тартып кетишсе, минтип коррупция тууралуу айта алмак эмесмин. Чындыктан качып, сылап-сыйпап сүйлөр, силердин көңүлүңөрдү көтөрүп коюп, “мени шайлагыла”, -деп кете бермекмин”, - деди “Мекенчил” партиясынын лидери. Камчыбек Ташиев: “Садыр Жапаровду мыйзам чегинде эркиндикке чыгарып, мамлекеттик кызматка алып келебиз!” Кыргызстандын мекенчил, мамлекеттик деңгээлде ойлонгон жана коррупцияга аралашпаган таза уул-кыздары азайып баратат. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев бүгүн абактагы саясий туткун Садыр Жапаровдун кичи мекенинин шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. Ташиев ак жерден айыпталып абакта жаткан Садыр Жапаров маселесине токтолду. “Ниети, колу таза уулдарыңардын бири – Садыр Жапаров. Садырдын Кең-Суу айылынан чыкканына сыймыктанышыңар керек. Садыр үчүн жалпы Кыргызстан тынчсызданат. Баткендин Кулунду айылына барып калсам, жергиликтүү тургундар: “Садыр Жапаров качан чыгат? Аны кантип чыгарышыбыз керек? Эмнеге аны мынчалык кыйнап жатышат? Эмне күнөөсү бар? Бийлик андан коркуп жаткандай, бир билгени бар го, абактан чыгарса кайсы бир иштерине тоскоолдук жаратат го”, - деп жашы-карысы дебей кабатырланып сурашты. Мына, балаңардын кадыр-баркы”, - деди Камчыбек Ташиев. Ал “Мекенчил” партиясынын парламенттик шайлоого баруудагы башкы максаттарынын бири – Садыр Жапаровду мыйзам чегинде эркиндикке чыгарып, соттуулугун жоюп, мамлекеттик кызматка алып келүү экенин белгиледи. “Садыр Жапаровду чыгарып алабыз деген карапайым эл көп кыйналды. Кандай жолдон басып өткөнүңөр белгилүү. Ошондуктан, Садырды абактан чыгарып алуунун бир жолу калды. Парламентке көпчүлүк болуп барып, өкмөттү түзүп, чириген саясий системаны алмаштыруу зарыл”, - деди ал.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:38

Улуу максаттарыбызга Жараткан өзү жар болсун!

Улуу максаттарыбызга Жараткан өзү жар болсун! Пусть Всевышний дарует нам успех в претворении наших великих целей

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники