О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
3 октября 2020 г. 1:23

Сооронбай Жээнбеков шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 4-октябрында өтө турчу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештерим! 4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат. Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келди. Урматтуу мекендештерим, Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл. Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды. Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду. Шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулдук. Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик. Урматтуу саясий партиялардын лидерлери, талапкерлер! Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла. Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот. »Жыгылган күрөшкө тойбойт« дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз. Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы. Урматтуу мекендештерим, Шайлоо күнү биздин өлкөбүз эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болот. Бул күн биздин өлкө тарыхында жогорку саясий маданияттулуктун күнү катары калат деп үмүттөнөм. Шайлоону улуттук ар-намысыбызды, абийирибизди сактап өткөрөлү. Шайлоого аттанып, марага чейин жеткен 16 партиянын өкүлдөрү — элибиздин ичинен суурулуп чыккан мыкты уул-кыздарыбыз. Силер үчүн элдин амандыгынан, коомдун тынчтыгынан өткөн байлык жок деп билебиз. Баардыгыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! Урматтуу шайлоочулар, Кимге добуш беребиз — ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки. Эч ким кысым жасай албайт. Ар бир шайлоочунун добушу — өлкөнүн тагдырын чечет. Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт. Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү болду. Ошондуктан, 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели! Кадырлуу калайык-журтум! Элибизде „Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт“ деген накыл сөз бар. Элибиз саясий зиректик менен, „өзүм эмес, элим үчүн“ деген максатта чыккан талапкерлерди тандап, эртеңки шайлоодо жаңылбайт деп ишенебиз. Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм. Сүйүктүү Кыргызстанбызды Жараткан Кудайым Өзү колдоп, дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:23

Камактагы Равшан Жээнбековдун мугалимдерге, дарыгерлерге, укук коргоо орган кызматкерлерине кайрылуусу

Камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков шайлоо алдында мугалимдерге, дарыгерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылды. -30 жыл бою бардык президенттер тең шайлоо учурунда саясий алдамчылык менен алектенип, өздөрүнүн дежур талапкерлери менен партиялары үчүн өзгөчө ыңгайлуу шарттарды түзүп келишти. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да алардан эч айырмаланбайт, ал өзүнүн бийликчил партиялары “Форма №2” алдамчылыгы менен алектенип жатканын, добуштарды ачык эле жана уятсыздык менен сатып алып жатышканын, силерди, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин – мугалимдерди, дарыгерлерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин пайдалануу менен административдик ресурсту колдонуп жатышканын билбейт экен. Бийликчил партиялар көз каранды бюджетчилердин аярлуу абалын пайдалануу менен, аларга чындыкты ачык айткандарды көзөмөл астындагы кесиптик кошуундар аркылуу коркутуп, куугунтукка алууда. Бир дагы бийликчил партия өлкөбүз үчүн маанилүү маселелерди чечкен жок. Кыргызстан эң жакыр жана артта калган өлкө, а бийлик коррупциялашкан жана натыйжасыз бойдон калып келет. Үч жылдык башкаруусунда Сооронбай Жээнбеков менен анын жакындары өлкөнү чылгый социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык кризиске дагы терең батырышты. Эл аралык каржы институттарынан жана донорлордон ушул жылы алынган 700-800 млн доллар коротулуп, желип жок болду. Өлкө бюджети бош, бирок Сооронбай Жээнбеков менен анын командасы мамлекеттик карызды 5 млрд долларга чейин жеткиришти. Бийлик силерди татыктуу жумуш шарты жана маяна менен камсыздай алган жок жана камсыздай да албайт, анын ордуна өлкөдө болуп жаткан бетпактык жөнүндө ачык айткандарды куугунтуктоо менен алек. Силер баарыңар тең Сооронбай Жээнбеков жана анын бийликчил партиялары өлкөнү башкарууга жөндөмсүз экенин, силер эңсегендей келечекти кура албасын жана саясий кудуретсиз абалда экенин көөдөнүңөр менен сезип турганыңарга ишенем. Бийлик болгону убакытты созууда. Силерге мамлекеттик башкарууда жана оппозицияда 20 жылдык тажрыйбасы бар жаран жана саясатчы катары бийликтин саясий алдамчылыгынын куралы жана бөлүгү болбоо чакырыгы менен кайрылам. Кимди татыктуу жана көз карандысыз деп эсептесеңер, ошого добушуңарды бергиле, “чоң шефтерге” кызмат көрсөтпөгүлө. Силер өзүңөр, жакындарыңар үчүн, жаңы, демократиялык Кыргызстан үчүн көп нерсени чечип коё аласыңар, -деп кайрылды Равшан Жээнбеков. Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:23

Жээнбеков: Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла!

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. -Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек, -деди мамлекет башчы. Андан ары Президент мыйзам базасына токтолуп кетти: -Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды.Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду. Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик, -деп белгиледию Ошондой эле саясий партияларга кайрылып мындай деди: -Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот. “Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз., -деди Жээнбеков. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:23

no title

Ак үйдү самап. Шайлоо 2020дагы жаңы партиялар Быйылкы парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышууда. Алардын арасында алгачкы жолу катышып жаткан беш партия бар. Алар «Ыйман Нуру», «СДК» , «Ордо», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары. «Ыйман Нуру» Партиянын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов Кененирээк "Социал-демократтар" партиясы Атамбаевдин уулдары түптөгөн Кененирээк «ОРДО» Жаш партиялардын катарына кирет Кененирээк «Чоң Казат» Чуулгандуу билдирүүлөр менен таанылган Кененирээк "Реформа" Партиянын курамында көбүнчө жарандык активисттер бар Кененирээк Шайлоодон үмүт үзбөгөн партиялар «Мекен ынтымагы» Партия негизделгенден бери парламенттик шайлоолорду калтырбай катышып келет Кененирээк «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» Саясий уюм Боршайкомго 78 талапкердин тизмесин тапшырса, анын 35и жумушсуз. Кененирээк Материалга колдонулган сүрөттөр интернеттен алынды Бул материал ALDA-Европалык Жергиликтүү Демократия Ассоциациясынын жардамы менен Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда даярдалды. Материалдын мазмуну Европа Биримдигинин же ALDAнын көз карашын чагылдырбайт. Биз социалдык тармактарда Facebook Twitter Odnoklassniki Youtube Instagram Telegram

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:24

Фарид Ниязов: «Социал-демократы» — костяк СДПК Атамбаева плюс новые молодые лидеры гражданского общества

В связи с предстоящими 4 октября парламентскими выборами экс-руководитель аппарата президента Фарид Ниязов выступил с заявлением. Его полный текст приводим ниже: «Под флагом партии «Социал-демократы» (№9) на эти выборы идут честные профессионалы из числа сторонников Атамбаева. По сути это костяк партии «СДПК», люди, сохранившие свои честь и достоинство. Никто из нас ничего не разворовывал и никоим образом материально не разбогател за годы президентства Алмазбека Шаршеновича. А все коррупционеры, прилипалы и предатели давно переметнулись в лагерь братьев Жээнбековых. И слава Богу! Есть в «Социал-демократах» и молодые новые лидеры, блогеры и активисты , не имевшие ранее никакого отношения к СДПК. Они сами, без посторонней помощи, пробивают себе дорогу в жизнь, отличаются духом свободы и стремления к справедливости. Поэтому я призываю всех избирателей, моих родных и близких, друзей и земляков голосовать 4 октября 2020 года за партию «Социал-демократы» (№9 в избирательном бюллетене)! За 19 лет в оппозиции, семь лет работы во власти и три последних года под жестоким политическим преследованием мы обрели богатый опыт и решимость в проведении глубоких реформ. Партия «Социал-демократы» готова защищать интересы народа Кыргызстана в Жогорку Кенеше!» С уважением, Фарид Ниязов – политзаключенный, кандидат в депутаты Жогорку Кенеша от партии «Социал-демократы». Заказчик: Политическая партия “Социал-демократы”. Оплачено из избирательного фонда политической партии “Социал-демократы”. Уполномоченный по финансовым вопросам политической партии “Социал-демократы” Конурбаева Аида Азаматовна, регистрационное свидетельство № 40 ЦИК КР.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:25

№2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 000 кишиге жетти

Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 000ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова 17-сентябрда билдирди, деп жазат «Азаттык». 13-сентябрда бул көрсөткүч 253 миң, 8-сентябрда 188 миң болчу. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар №2 форма деген документ менен катталат. Оппозициячыл саясатчылар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул жол менен бийликчил партиялар адамдардын дарегин алмаштырып, добуш топтоонун амалын көрүп жатканын айтып келатышат. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. БШК добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 жарандын тизмесин тактады. Шайлоо тилкелеринин саны — 2474. Анын 44ү чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн башка өлкөлөрдө болот. №2 форма деп аталган документ 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап колдонула баштаган.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:25

“Бир Бол” партиясынын тарапташтары Нарында “Таза шайлоо” акциясын өткөрүштү

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Нарын шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Зарина Чекирбаева билдирди. Ал шаардыктардын иш-чарага активдүү катышканын белгиледи. “Үгүт кампаниясын тазалык акциясы менен жыйынтыктап жатабыз. Бирок бул чек эмес, алдыда тазалык иштерин уланта беребиз. Партиянын программасында калк жашаган аймактардагы жашылдандырылган аянттарды коргоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу, Кыргызстанды желим буюмдардан арылтуу: желим баштыктарды сатууга тыюу салуу, желим буюмдарды тапшырууну стимулдаштыруучу механизмдерди иштеп чыгуу каралган. Буюрса, шайлоодо ийгиликке жетишсек бул сунуштарды иш жүзүнө ашырууга аракет кылабыз”, – деди Зарина Чекирбаева. Иш-чара шаардагы “Жеңиш” эс алуу жайында уюштурулуп, ага 50дөн ашуун киши катышты. Келгендер сейил бактын аймагындагы таштандыларды тазалап чыгышты. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:25

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 4-октябрында өтө турчу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештерим! 4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат. Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келди. Урматтуу мекендештерим, Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл. Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды. Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду. Шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулдук. Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик. Урматтуу саясий партиялардын лидерлери, талапкерлер! Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла. Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот. »Жыгылган күрөшкө тойбойт« дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз. Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы. Урматтуу мекендештерим, Шайлоо күнү биздин өлкөбүз эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болот. Бул күн биздин өлкө тарыхында жогорку саясий маданияттулуктун күнү катары калат деп үмүттөнөм. Шайлоону улуттук ар-намысыбызды, абийирибизди сактап өткөрөлү. Шайлоого аттанып, марага чейин жеткен 16 партиянын өкүлдөрү — элибиздин ичинен суурулуп чыккан мыкты уул-кыздарыбыз. Силер үчүн элдин амандыгынан, коомдун тынчтыгынан өткөн байлык жок деп билебиз. Баардыгыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! Урматтуу шайлоочулар, Кимге добуш беребиз — ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки. Эч ким кысым жасай албайт. Ар бир шайлоочунун добушу — өлкөнүн тагдырын чечет. Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт. Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү болду. Ошондуктан, 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели! Кадырлуу калайык-журтум! Элибизде „Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт“ деген накыл сөз бар. Элибиз саясий зиректик менен, „өзүм эмес, элим үчүн“ деген максатта чыккан талапкерлерди тандап, эртеңки шайлоодо жаңылбайт деп ишенебиз. Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм. Сүйүктүү Кыргызстанбызды Жараткан Кудайым Өзү колдоп, дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:25

Мырза-Акедеги өлүмдүн шайлоого тиешеси жок. Досун өлтүрдү делген шектүү көрсөтмө берди (ВИДЕО)

30-сентябрда Ош облусунун Мырза-Аке айылындагы адам өлтүрүү фактысы боюнча окуя – эч кандай партияга же шайлоого тиешеси жок. Бул тууралуу Ош облустук милициясы “Элдик медиага” билдирди. “Адам өлүмүнөн саясат жасап өз кызыкчылыгы үчүн саясий боёк берүүнү токтотуңуздар“- деп кайрылат Ош ОИИБи. Буга чейин достордун ортосунда уруш чыгып, аягы 1995-жылы туулган баланын өлүмү менен аяктаганы маалымдалган. Бирок “Республика” партиясы маркум Ормон уулу Замир алардын тарапташы болгонун жарыялаган. Ал эми жергиликтүү басылмалардын биринде окуя шайлоого байланыштуу болгонун, анда эки партиянын үгүтчүлөрү 5000 сом үчүн чырдашып кеткенин жазган. Облустук милиция окуяга күбө болгон балдардын жана кылмышка шектүүнүн берген көрсөтмөсүн жарыялады. Анда жигиттер өлүмдүн себеби жеке талаштан келип чыкканын жана эч кандай шайлоого тиешеси жоктугун айтып беришти.

Подробнее
2 октября 2020 г. 18:03

Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин кыргыз элине кайрылуусу!

Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин кыргыз элине кайрылуусу! *** Обращение Текебаева Омурбека Чиркешовича к кыргызстанцам!

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:28

№4 Сиздин тандоо! Улан Сырдыбаев: Кайгы түшкөндө калкты аман алып калуу үчүн ар доордо баатырлар жаралат

Талас облусунан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка аттанганУлан Сырдыбаев Талас эли менен болгонжолугушуулары тууралуу билдирди. Урматтуу, мекендештер! Эл үчүн кызмат кылган "МекенимКыргызстан" саясий партиясынын үгүтиштеринин акыркы күндөрү. Тарыхжараткан Талас эли менен болгонжолугушууларыбыз айтылуу Манас айылынабарып токтоду. Үгүт кербени менен жүрүп, жети облустутүрө кыдырып, жергиликтүү элдер мененачык диалог өткөрүп, эл кайгысы, түйшөлткөн түрдүү көйгөйлөр менентааныштык. Эл башына кайгы түшкөндөкалкты аман алып калуу үчүн ар доордобаатырлар жаралат. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлери бүгүнкү күндүнбаатырлары болуп бере алат деп ишенимдүүайта алам. Күчтүү, экономикасы өнүккөн мамлекеткурууга, ар бир кыргызстандык үчүнтатыктуу жашоо шартын түзүп берүүгөболгон күчүбүздү жумшайбыз. Жаңытарыхтын жаратуучулар, жаңы баатырларкелди. Элибиздин, өлкөбүздүн эртеңи сиздинколуңузда, ошондуктан 4-октябрда 4-номерди тандаңыз! №4 “Мекеним Кыргызстан” – ар биркыргызстандыктын партиясы. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар биркыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлДжайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «МекенимКыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунунэсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: КыргызРеспубликасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:31

Хотите реальных перемен в стране? Голосуйте за БИРИМДИК №1

Выборы в парламент Кыргызстана уже послезавтра - в воскресенье 4 октября. Лидеры известны. Настроения людей, их приоритеты и выбор говорят о том, что кыргызстанцы хотят качественных перемен в государственном устройстве. Поддержите свой народ, выбирайте партию демократического социализма – евразийский выбор «БИРИМДИК» Только БИРИМДИК №1 сможет провести реальные эволюционные перемены, направленные на созидание, а не разрушение. Создавать, верить, действовать, вместе строить сильный, свободный, защищенный и процветающий Кыргызстан – таковы задачи БИРИМДИК №1. 4 октября, в это воскресенье, с 8.00 до 20.00 на избирательных участках страны вы выбираете свое будущее! И отвечать за этот выбор будет каждый – и тот, кто проголосовал, и кто решит уйти от ответственности. Перемены неизбежны, и мы должны сами решить, какими они будут в этот раз – разрушительными или созидательными. Выбор за вами! Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:32

Шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Россиянын Мамлекеттик Думасынын делегациясы Кыргызстанга келди

Константин Затулин жана Мамлекеттик Думанын КМШ иштери, Евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары баштаган Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын делегациясы Кыргызстанга Жогорку Кеңештин шайлоосуна эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн келди. Бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн институтунун басма сөз кызматы билдирди.“Мамлекеттик Думанын депутаттары буга чейин Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушкан. Алар республиканын парламентинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги, шайлоого катышкан саясий партиялар, ошондой эле Кыргызстандагы орус мекендештеринин уюмдарынын активисттери менен жолугушат. Шайлоо күнү, 4-октябрда, Мамлекеттик Думанын депутаттары КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен биргеликте добуш берүүгө байкоо жүргүзүүгө катышышат », — деп айтылат билдирүүдө.Делегация Кыргызстанда 2-октябрдан 5-октябрга чейин болот.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:32

Шайлоо участкаларына 3,5 миллион медициналык бет кап жеткирилди

3,5 миллион медициналык маска Кыргызстандын бардык шайлоо участкаларына жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, премьер-министр Кубатбек Боронов бардык шайлоо участкаларында санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталууга тийиш деди.«Шайлоо күнү аларга көптөгөн адамдар келет. Ошондуктан, бардык санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө маанилүү. БШКнын маалыматы боюнча, дезинфекциялоочу каражаттар жана медициналык бет кап шайлоочулардын санына жараша бардык шайлоо участкаларына жеткирилген. Эч кандай көйгөй жаралбашы керек », — деди Кубатбек Боронов.«Көпчүлүк шайлоо тилкелери мектептерде жайгашкандыгы баарыбызга маалым. Ушуну эске алып, окууларды 6-октябрдан баштап, башкача айтканда, шайлоодон бир күн өткөндөн кийин улантуу чечими кабыл алынды. 5-октябрда ар бир мектеп дезинфекцияланат. Биз балдарыбызды COVID-19дон сакташыбыз керек », — деп баса белгиледи премьер-министр.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:32

Шайлоо 2020. Шайлоо участкаларына 11,5 миң милиция кызматкери тартылды

11 500дөн ашуун милиция кызматкерлери Кыргызстандагы шайлоо участкаларында коомдук тартипти камсыз кылышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, 2-октябрдан 6-октябрга чейин ички иштер органдарынын бардык кызматкерлери кызматтын күчөтүлгөн түрүнө өтүштү. Бардык УШКлар күнү-түнү күзөттө турушат, бул үчүн ИИМдин кезмети жана иш графиги түзүлгөн.Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү бардык жеке коргонуу каражаттары: антисептиктер, маскалар жана кол каптар менен камсыз болушкандыгы белгиленди. Күн сайын аларга санитардык нормаларды сактоо боюнча көрсөтмөлөр берилип турат.Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда болот.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники