О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
3 октября 2020 г. 1:17

Беш жыл наалыбай тургандай добуш бере алабызбы?

Өз тагдырыбызды чечүүчү кадам жасай турган учур өтө жакын калды. Туптуура эки күндөн кийин өлкө тагдырын, өз тагдырыбызды кимдердин колуна ишенип тапшыра турганыбыз белгилүү болот. Акча жеңеби, алдамчылык жеңеби же абийир, ар-намыс жана өлкө кызыкчылыгы жеңеби? Бир айга созулган үгүт иштери бизге бир чечимге токтолушубуз үчүн жетишээрлик эле убакыт болду. Кайсыл партияда кандай деңгээлдеги талапкерлер бар экенин жалпы жонунан биле алдык. «Коррупцияны жоебуз» деп өздөрүнүн топтогон байлыктары шек жараткандар сүйлөдү. Мурда жана учурда да криминалдык чөйрө менен байланышы барлар «мыйзамдуулукту орнотобуз» деди. «Мамлекетти өнүктүрө ала турган, ишенимдүү программасы, багыты бар жападан жалгыз партия – бул биздики» дегени менен өз партиясынын идеологиясын билбегендерди көрдүк. «2000 сомго алданбагыла, добушуңарды сатпагыла» деп лидерлери сүйлөп жатса, партиясынын жер-жерлердеги штабдарынын өкүлдөрү конверт-конвертке бөлүп акча таратып жаткандарды билдик. Эгерде үгүт иши дагы бир айга узартылса, анда бул партиялардын эч кандай жашыруун сыры калбай калчудай. Ушул жагы деле жетиштүү. Саясат өзү көп жүздүү. Ырасын айтканда, биздин өлкөдө саясат ушундай кабылданып калган. Телеканалдардан, радиолордон, басылмалардан, социалдык түйүндөрдөн «Таза коомду курабыз. 29 жыл коррупционер, ууруларга алданып келдик. Эми ага жол бербейбиз» деген жалындуу сөздөр айтылып жатат. Бирок, ошол сөздөрдү айтып жаткандар кимдер экенин көрүп туруп маанайың чөгөт. Кантип коррупционер жана ууру коррупция, уурулук менен күрөшөт эле? Дагы бир жагдайды айта кетели, кайсыл бир партияга 100% кепилдик берилген ишеним менен токтолуу да кыйын болуп турат. «Ушул мыкты саясатчы, таза, билимдүү, маданияттуу» деп бааланган талапкерлердин катарында мурда-кийин кылмыш иштерине шектелгендер, мамлекеттик кызматтарда туруп байыгандар, криминалдык чөйрөдөн чыккандар да болуп калды. Ошентип сен өзүң ишенген, шайлагың келген талапкерди тандасаң, аны менен кошо парламентке коррупционер, ууру жана криминалды кошо тандап койгону турасың. Бул жолку элдин тандоосуна жаралып турган тоскоолдук ушул болуп калды. Добуш сатып алуу аракеттери көбүнесе борбордон алыскы аймактарда жасалып жатканы эмнени түшүндүрөт? Парламентке жутунуп турган партиялардын талапкерлери да кайсыл жактан добуш сатып алуу ыңгайлуу экенин түшүнүп турат. Борбордо, чоңураак шаарларда жашагандарга салыштырмалуу алыскы аймактардын жашоочуларынын жашоо-шарты албетте оорураак. Демек, алар үчүн 2000-3000 сом дагы чоңураак акчадай сезилиши мүмкүн. Анан дагы элибиздин «акчасын алгандан кийин карыз болбой добушту берип коелу» деген ак көңүлдүгү бар. Бул фактор дагы жаңы чакырылыштагы парламент акчалуулардан куралып калышына алып келет. Анан беш жыл бою наалып жашайбыз. Биздин элге тиешелүү дагы бир «оору» - «Биздин жердин кулуну» деген түшүнүк. Азыр айрым талапкерлер өздөрүнүн кичи мекенине барып алып «Биздин облустун жигиттерин тигил жактагылар сындырып коелу деп жатышат. Башка жактарды билбейм, бирок мен өзүмдүн жердештеримден 100% добуш алам деп ишенип турам» деген үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. «Өзүбүздүн жердеш да» деп шайлап алып деле кайра беш жыл бою наалый турганыбыз мындай убакта эстен чыгат. «Тигил жактагылар» деп бөлүп сүйлөп жаткан талапкер эч качан мамлекеттин бүтүндүгү тууралуу ойлонбой турганын элес албайбыз. Кандай тандоо кылсаңыз да, эрк жалгыз өзүңүздүн колуңузда мекендеш. Эң негизгиси беш жыл наалыбай тургандай тандоо жасаңыз. Эгерде 2000 сомго шайласаңыз, анда ошол акчага беш жыл жашаганды үйрөнүңүз. Андан көбүн үмүт этиштин кереги жок. Себеби, сиздин деңгээлиңиз, сиздин каалооңуз ошол 2000 сом болду. Жердешим эле деп шайласаңыз, анда ага да беш жыл наалыбай жашаңыз. Себеби, жердешиңиз сизден добушуңузду сурап жатканда беш жыл бою сизди жана үй-бүлөңүздү багам деген убада берген жок. Тандоо өз колуңузда. Канатбек АСКАРОВ Булак: media-center.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:17

Кундуз Сулайманов, “Мекенчил” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: “Ач курсак тоюнат, жыртык бүтөлөт. Добушту берерде ойлонолу, Мекендештер!”

Эл эң биринчи Садыр Жапаровду чыгаргыла деп жатат. - Кундуз мырза, “Мекенчил” партиясынын программасын жайылтуу иши ийгиликтүү жүрүп жатабы? - Ар бир шайлоочу менен бетме-бет жолугушуп, үгүт иштерин кызуу жүргүзүп жатабыз. “Бийлик – элге, уурулар – түрмөгө!” деген чакырык менен баратабыз. Элге эң алды программанын карыздан кутулуу демилгеси абдан жагып жатат. Анткени, биздин карызыбыз 5 миллиардга чукулдап калды. Аны төлөө мөөнөтү да эми башталат. Бул биздин өлкө үчүн абдан оор. Мындан улам ар бир жараныбызды ушул маселе түпөйүл кылып жатканын үгүт ишинде байкадык. Биздин программада бул так көрсөтүлгөн. “Кумтөрдү” улутташтыруу менен чечебиз. Баары билгендей, бул маселени биздин лидерлерибиздин бири Садыр Жапаров 2013-жылы көтөргөн. Ошондон бери азап тартып, бийликтин кордугун көрүп келатат. Мындан сырткары, энергетикадагы коррупциялык системаны сындырып, ортомчу компаниялардын баарын мамлекетке өткөрүү идеясы элди ынандырууда. Биздин Токтогул өрөөнүндө компенсацияны жогорулатуу маселеси да кызуу талкууланды. ГЭС салынганда 32 миң сугат жер суу астында калган. Ар бир гектарынан бери дегенде 50 миң сомдон пайда көргөндө эле, миллиондогон акча түшмөк. Ошол эске алынышы керек. - “Мандат аларыңар менен эң алды мына ушуну жасагыла”,- деп эл кайсы орчундуу маселени айтууда? - Эл эң биринчи Садыр Жапаровду чыгаргыла деп жатат. Бул эң туура, биздин да эң негизги максатыбыз ушул. Анткени, ал адилетсиздиктин азабын тартып, бир нече жылдан бери түрмөдө жатат. Аны элдин баары билет. Келечек муун жакшы жашасын деп башын канжыгага байлаган да. Садырды толугу менен актатып, өзүнүн деңгээли төп келген кызматты берип, алынын-күчүнүн барында иштетип калышыбыз керек. Мисалы, 2013-жылдары Садыр айткандын баары азыр төп чыгып жатат. Чек ара көйгөйү жараларын, «Кумтөрдө» катастрофа болорун билдирген. “Келечекте миллиондогон каражатты сарптасак да экологияны калыбына келтире албайбыз”, - деп какшаган. Элдин байлыгын кайтарам деп чыркырап жүргөнү, добушка койгондо депутаттар тескери кеткени, жыйынды токтотуп кийинкиге калтырганы ж.б. баары элге видеолор менен жетип жатат. Биз да бетме -бет келип айтып, түшүндүрүп жатабыз. - Өлкөнүн аймагында административдик ресурс колдонулуп жатканы боюнча сөздөр арбын, мугалимдер менен врачтарды кыйнап жатканы айтылууда. Сиздер жакта кандай? - Бул жакта деле кыйнап жатат, эл ичинде сөз бар. Биздики чакан айылдар болгондуктан тез эле жетет. Мисалы, «шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, Акүй тараптан Койчубаев Чыныбай деген келип күчкө салып жатканы боюнча сөздөр тарады. Ушундай иштерди тыйса жакшы болмок. Болбосо бизди ушул административдик ресурс кыйнап койгону калды. Ал эми акча тараткандар башкача ыкманы колдонуп жатышат. Чоң үй-бүлөлөргө жана туугандарга сөзү өтөр кишилерди кармап, үгүтчү кылып жалдап коюшкан. Мыйзамдуу түрдө ошону менен эсептешип жатышат. Булар негизи шайлоого 1 күн калганда түнү менен иштейт. Биз ыйманга, абийирге чакырабыз. Ар бир адамдын добушу баа жеткис байлык. Бүгүн добушуңду миң сомго сатсаң, эртең ал жүз миң, миллион сом болуп башкага кетиши мүмкүн. Келечек муундун тагдырына балта чабышың ыктымал. Сенин добушуң менен кен байлыктар, кыргыздын керемет жерлери бөтөн колго өтүшү мүмкүн. Демек, ар бир кыргызстандык терең ойлонушу кажет. Бизге өлкөнүн бүтүндүгү керек. Ач курсак тоюнат, жыртык бүтөлөт, ал эми мамлекеттин табылышы кыйын. Добушту берерде ойлонолу, Мекендештер! Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:17

Рамиз Кайымов, “Мекенчил” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: “Мамлекеттин келечегин ойлосоңор, №2 “Мекенчил” партиясына добуш бергиле!”

“Мекенчил” партиясынын программасы элдин көңүлүнө толуп жатат. - Рамиз мырза, үгүт иши ийгиликтүү жүрүп жатабы, тоскоолдуктар жокпу? - Учурда үгүт иштерин жүргүзүп жатабыз, «Мекенчил» партиясына карата элдин маанайы абдан жакшы. Ар бир айыл, ар бир көчөгө киргенге аракет кылуудабыз. Барган жерде «Мекенчил» партиясынын лидерлерине, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиргендер көп. Жалпы журт жапа тырмак колдой турганын айтып жатышат. Буга чейин айрым жерлерде «Мекенчил» партиясына бут тосуулар болуп, тоскоолдук жараткан фактылар катталды. Мисалы, Исфана шаарында, Кара-Суу районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан терс көрүнүштөр орун алды. Биз жакта андай жок. Болбойт деген ишенимдебиз. - “Мекенчил” партиясына карата элдин маанайы кандай? - “Мекенчил” партиясынын программасы элдин көңүлүнө толуп жатат. Атай кетсем, бир топтон бери депутаттардын санынын көптүгү элдин жүрөгүн өйүтүп келген. Биз кыскартуу маселесин көтөрүп жатабыз. Мындан сырткары, биздин программада өлүм жазасын киргизүү бар. Эң негизги көйгөйдүн бири болгондуктан бул дагы колдоо таап жатат. - Бул оор жаза ошондо кимдерге киргизилиши мүмкүн? - Эң биринчи мамлекеттин, элдин акысын жеген коррупционерлерге кирет. Ошондой эле көпчүлүктүн көңүлүнө көк таштай тийген бачабаздарга колдонулат. Муну так жазганбыз. Мындан сырткары, “бажы тармагын көзөмөлдөп, уурулукту жоебуз” деген ураан менен чыгып жатабыз. Мунун баары элдин көңүлүнө төп келүүдө. Бул программалардын баары аткарыларына дагы эл толугу менен ишенип жатат. Анткени, партиянын башында турган лидерлер элдин сынынан өткөн инсандар эмеспи. Буга чейинки тарыхта ким экенин, кандай иштерди жасай аларын, эң башкысы элге, мекенге чын дилден күйөрүн тастыкташкан. Эл алкап жатат. Анткени, жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин маселесин көтөрүп, “Кумтөр” мамлекетке кайтсын деген Садыр Жапаров адилетсиз түрдө соттолгон. Экинчи лидерибиз Камчыбек Ташиев бийликте жок болсо да, мандатка ээ болбосо дагы элдин ишин жасап келген. Мындан улам биз барган жерлерде эл жакшы кабыл алып, лидерлерге ыраазчылык билдиришти. Биз башкаларга окшоп чай менен чакырган жокпуз. Же ар бир айылга акчанын күчүнө салып 20-30дан үгүтчүнү тыгып коюп, “Ар бириң экиден адам жетелеп келесиң”,- деген жокпуз. Биз барган жерде эл өз ыктыяры менен чогулуп, жакшы колдоп жатышат. - Программанын дагы кайсы багыттары элди ынандырууда? - Бийликти бир колго өткөрүп, жоопкерчиликти жалгыз кишиден сурайлы деген демилгебиз да элге абдан жакты. Буга чейинки системада эки баштуу башкаруу болуп, жоопкерчилик кимде болгону аныкталбай келди. Эми референдумга салып, элдин тандоосуна коюшубуз керек. Эл президенттик башкаруу десе өкмөттүн башын кыйып, “Жок, бизге парламенттик башкаруу керек”, - десе, анда президентти жоюшубуз шарт. Антпесек азыркы башкарууда таптакыр жоопкерчилик жоголду. Пандемия башталып коронавирус кирип келгенде өкмөт башчыбыз отставкага кетип калды. Парламенттеги депутаттар 200 миң сомдон акчаны чөнтөгүнө салып өргүүгө чыгып кетти. Эл өзү калбадыбы. Мындан улам биздин «Мекенчил» партиясы жоопкерчиликти бирөөгө жүктөп, бийликти жалгыз колго тапшырышыбыз керек деген демилгени көтөрдүк. Эртең бирөөдөн сурап алышыбыз керек эмеспи. - Элди кабатыр кылган дагы кандай көйгөй бар экен? - Элди чек ара маселеси абдан кабатыр кылып жатканын байкадык. “Биздин чек ара кулачтап кичирейип келатат, кандай чара колдоносуңар?” - деп сурашууда. Биздин программада бир карыш жерди да бербейбиз деп жазганбыз. Чек аранын такталбай жатышына контрабандисттер көбүрөөк кызыкдарбы деп шекшип жатабыз. Алар бизнеси токтоп калбашы үчүн тоскоолдук жаратып жатышы толук мүмкүн. Биз парламентке келсек бул маселени чечебиз. Бизге бул жат эмес. Баары билет, Камчыбек Кыдыршаевич депутат болбосо да, өкмөттө иштебесе дагы мекенчилдик сезими менен чек арага барып, элдин духун көтөрүп, абалын сурап турду. Аны айрым ичи тарлар башкача жооруп жүрөт. Биздин элдин салтында кабар алып, абалын суроо да чоң эрдикке кирет. «Ооруну сураса, айыкканга тете» деп айтылган. Үйү өрттөлгөн үй-бүлөгө жардамын берип, оорун колдон, жеңилин жерден алганын бүт эл көрдү. 120 депутат маселесин чечмек турсун, барып сурап койгонго жараган жок. Алар артын карашат. Чек арага барсам, эртең шайлоодо бийликчил партияга кире албай калам деп чочулашты. Керек болсо үй-бүлөсү ошол жакта жашаган, ошол аймактан чыккан депутаттар бар, алар да барган жок. - Акча таратмайлар барбы? - Элдин арасында сөз жүрүп жатат. “Тигил партия мынчадан берет экен, же бул партия келип жарымын аванс катары берип кетти”, - дегендер болуп жатат. Добушту акчага сатып алгандар эртең акыйкаттуулукту айтпайт, депутаттын айлыгы 35 миңдин тегереги, ошону алам деп миллиарддаган сомду бекерге чачпайт, булар керек болсо мамлекетти да сатат деп какшап жатабыз. Биз бир сом бербедик, бийликке адал жол менен барабыз. Айтор, азыр акча менен адилеттүүлүктүн күрөшү жүрүп жатат. Форма №2 деген балакет бүт баарынын кендирин кескени калды. Элге акча менен адилеттүлүктүн тандоосун койдук. Мамлекеттин тагдырына, элибиздин келечегине кайдыгер карасаңар абийириңерди акчага саткыла, адилеттүүлүктү, өлкөнүн келечегин ойлосоңор добушуңарды бизге бергиле деп жатабыз. Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:18

(Фото) “Мекенчил” №2 Ак-Босогодо. К.Ташиев: “Бүгүнкү тандоо - эртеңки келечек!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ак-Босого жаңы конушуна барды. Эл – жер үчүн жасаган кайрымдуулук иштерди шайлоодо добуш алууга пайдаланбаш керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Мечит курдуңбу, Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн болсун. Көчөгө шагыл төктүрдүңбү - элдин батасын ал. “Мен муну жасадым” деп өз элиңе колко кылып, “эми мага добуш бер!”- деп демиткен туура эмес. Милдет кылсам мага жарашат болчу, нечен жылдан бери мечиттерди, көпүрөлөрдү курдуруп, жол салдырып келатам. Кайрымдуулук иштери башка, ал эми шайлоо мамлекеттин тагдырын чеччү жараян. Депутат болчу адамдын билими барбы, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүп, маселелерди мамлекеттик деңгээлде чече алабы – карагыла, талдагыла, тандагыла! Даяр докладды окуй албаган, эки ооз сөздү кошуп сүйлөй албаган депутаттарды да көрдүк. Ошондой сабатсыз парламенттин келишине тоскоолдук кылуу, бир гана силердин колуңарда, урматтуу шайлоочулар! Бүгүнкү тандоо - эртеңки келечек”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:18

№2 “Мекенчил” партиясын Жалал-Абад жапырт колдойт – фоторепортаж

Бишкек, “Саясат.kg”. Кечээ, Жалал-Абад шаарына “Мекенчил” партиясынын үгүт кербени барды. Жалал-Абад эли “Мекенчил” саясий партиясынын лидерлерин кантип тосуп алгандыгы бул сүрөттөрдөн даана көрүнүп турат. Мекенчил бол, “Мекенчилди колдо! “Мекенчилдин” номери – 2! "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:19

“Мекенчил” партиясы: “Эл чындыкты билиш керек!”

Бишкек, “Саясат. kg ”. “Мекенчил” партиясынын республикалык штабынын билдирүүсү Соцтармактарда тележурналист Сонунбүбү Кадырованын “Мекенчил” партиясы тууралуу чуулгандуу видеокайрылуусу таркатылды. “Мекенчил” саясий партиясынын Борбордук штабы төмөнкүдөй билдирүү жасады: Урматтуу мекендештер! Сонунбүбү Кадырованын “Мекенчил” партиясы тууралуу таркатып жаткан сөздөрү башынан-аягына дейре калп экендигин ачык айтып коюуну чечтик. Бул Сонунбүбү Кадырова “Мекенчил” партиясында 32-тизмеде талапкер болчу. Үгүт иштери башталганда лидерибиз Камчыбек Кыдыршаевичке келип, “мага акча бер, Алайга барып иштеп келейин”- дейт. “Кайдагы акчаны берем? Республикалык штабды араң каржылап жатам, өз каражатың менен иштеп кел, башка партиялар талапкерлеринен беш жүз миң долларга чейин талап кылып жатышат, сен бир тыйын бербей депутаттыкка бара жатасың, уялбайсыңбы”- деп кууп чыгат. Ошондон баштап ар кайсы ватсап группаларга, интернетке Камчыбек Кыдыршаевичти жамандап жүрөт. Ишенбегиле. Мындай саткын адамдарды Камчыбек менен Садыр 2010-жылы көрүшкөн. Парламентке барса сатат. Ошол үчүн азырынча кеч болуп кете электе кутулалы деп чыгарып салышты. Садыр Жапаров менен Камчыбек Кыдыршаевич 15 жылдан бери үй-бүлөлүк достор. 2017-жылдан бери “Садыр досумду чыгарып алам”- деп тынбай аракетин жасап келе жатат. Муну Садыр Жапаров өзү, үй-бүлөсү, бир-туугандары жакшы билишет. Бирок Камчыбек Ташиев азырынча бийлиги жок, жөнөкөй эле биз окшогон катардагы адам. Колунда бийлиги жок болгондон кийин чыгарышы кыйын экен да. Эми Кудай буюрса парламентке барса минимум депутат же премьер-министр болот. Сөзсүз чыгарып алат. Эч кам санабаңыздар. Бүгүн кечки саат 20:00дө КТР телеканалына Камчыбек Кыдыршаевич түз эфирге чыгат. Баардык чындыкты өз оозунан угасыздар.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:19

(Видео) Нургазы Анаркулов:​​​​​​​ “Сонунбүбү Кадырованын максаты – Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди уруштуруу болгон!”

Н.Анаркулов: " С.Кадырова, көрсө, атайын кимдир-бирөөлөрдүн тукуругу менен биздин арабызга кошулуп, ичтен талкаламак экен!" Бишкек, “Саясат.kg”. Соцтармактарда тележурналист Сонунбүбү Кадырованын “Мекенчил” партиясы тууралуу чуулгандуу видеокайрылуусу таркатылды. Анын чоо-жайы тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын Борбордук штабынын жетекчиси Нургазы Анаркуловго кайрылдык. - Нургазы мырза, С.Кадырова эмне себептен үгүт иштеринин акыркы күнүндө “Мекенчилге” тескери агитация кылып жатат? Ал сиздерге кантип келип кошулуп калды эле? Ал башынан “Мекенчилде” жүргөнүн айтып жатат, эми ошол партияны, С.Жапаровду сиздер колдонуп аткандай түс бериптир го? - Ачыгын айтканда, бул аялдын таптакыр бети жок экен. Тележурналист болгон үчүн кооз сүйлөйт, бирок, кошокчу аялдан айырмасы деле болбой калды. Ал канчалык бүгүн жанын сабап, өзүн апапакай көргөзгүсү келбесин, анын жалган сөзүнө эч ким ишенбейт! “Мекенчилде” түптөлгөндөн бери жүргөн эр-азамат, уул-кыздардан сурасаңар болот, бу Сонунбүбү айымдын жыты да жок болчу. Шайлоого катышмакчы боло калганда эле биздин арабызда пайда болуп, “мен Садыр Жапаровду колдойм”- деп, жалындуу, кооз сөздөрдү сүйлөгөндө байкабай, бал тилине алданып калган экенбиз. Көрсө, атайын кимдир-бирөөлөрдүн тукуругу менен биздин арабызга кошулуп, ичтен талкаламак экен. Муну акыркы кезде байкап калдык, анткени, ал ватсап группаларга катталып, биздин лидер Камчыбек Ташиевди ачыктан-ачык жамандап, элди экиге бөлүп, “ишенбегиле, Садырды пайдаланып таштап кетет, тизмеге саткындарды, коррупционерлерди кошуп алыптыр, ошондуктан “баарына каршы” добуш бергиле”- деп тескери үгүт жүргүзгөн. Кытмыр ою өз убагында ачылды. Максаты – эзелки эки дос Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди уруштуруу болгон. Ошондуктан биз ал аялды дароо катарыбыздан чыгардык. Эң туура чечим болду! - “К.Ташиев мени “Марлен Маматалиевди жаманда”- деп буйрук берген”, “Тизмеге саткын коррупционерлерди кошуп алды”- деген айыбына кандай жооп бересиз? - Биздин лидер менен Сонунбүбү Кадырованын сүйлөшүүсүндө мен да бар болчумун. Кадырова келип алып, К.Ташиевден “менин баскан-турганыма акчам жок, Алайга барышым керек, агитаторлорго айлык беришим керек”- деп акча сураган. Ошондо Камчыбек Кыдыршаевич айткан: “Биз минтип эч кимге акча бере албайбыз, анткени, арабызда коррупционерлер жок, элимдин мекенчилдик духу бар, көзү ачылып калды деген ишеним менен бара жатабыз. Талапкерлер өз күчүнүн жетишинче иштеп жатат. Ишеним артып, тизмеге киргизген соң, добуш камсыз кылууга милдеттүүсүз”- деп айткан. Бирок, Сонунбүбү Кадырова бул сүйлөшүүдөн кийин иштебей, Бишкекте жатып алды. Камчыбек Ташиевдин жолугушуусунан кийин да атайын провокация кылган. Ал аракети ишке ашпай калгандан кийин, жогоруда айткандай, Садыр Нуркожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичти уруштуруу максатында ватсап группаларда чагым кыла баштады. “Мен Алайга жолугушуу уюштурдум”- дейт. Жанын жебесин. Алайдагы жолугушууну партиябыздын Саясий кеңешинин мүчөсү Медербек Сатиев, талапкерлер Курманкул Зулушев менен Адинай Марипова уюштурган. Эл билет. Бирок ошого карабастан, чагымга жол бергенине карабай, лидерибиз Сонунбүбү Кадырованы кечирип, ал жөнүндө жакыш сөздөрдү айткан эле. Бул да ал айымды токтоткон жок, шпиондук милдетин улантты. Натыйжада тизмеден чыгарууга аргасыз болдук... Ал эми Марлен Маматалиев боюнча эч кандай көрсөтмө берген эмес. Мен кепилдик бере алам! Муну да атайын чагым кылыш үчүн ойдон чыгарып, айтып жатат. Тизме боюнча баары ачык. Карап көрүңүздөр, биздин команда жалаң жаш, тажрыйбалуу жана таза адамдардан куралган. Арабызда бир да элге жамандык тийгизген адам жок. С.Жапаров менен К.Ташиевдин максаты – элдин турмушун жакшыртуу, “Кумтөрдү” элге кайтаруу.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:19

Бюллетендеги шайлоочунун добушун өчүрүп, өзгөртүп салса болобу? Камчыбек Ташиев жооп берди

Бишкек, "Саясат. kg". "Мага окшогон эл үчүн күйгөн ак жүрөктүүлөр мамлекетибизде көп деп ойлойм жана алар менен бирге жеңишке жетээрибизге ишенем!" “Бюллетендеги шайлоочунун добушун өчүрүп, өздөрү каалаган партияга чымчыкча коюп койсо болот турбайбы? Биз “Мекенчилге” добуш берсек, добушубуз бурмаланып кетпейби?” – деген суроо берилди Камчыбек Ташиевге “Регион” телеканалынын түз эфиринде. “Ар кандай маселе болушу мүмкүн. Мурдагы шайлоолордо махинация күч болчу. Азыркыда болбойт деп үмүттөнөм. Бирок шайлоочуларга айтаарым добуш берүүгө баратканда жаныңарга бир ручка салып алгылачы. Ошону менен добуш бергиле. Байкоочулардан суранам жана талап кылам, бизге махинациянын кереги жок, бирөөнүн добушун тартып алууну каалабайбыз, эл бизге канча ишенсе, ошончо гана добуш алышыбыз керек. Урматтуу апалар, аталар. Силер бизге күчтүү мамлекетти өткөрүп бердиңер, а биз аны алдыга алып кете албай жатабыз. Алсырап баратабыз. Ар бир жараныбыз бирөөнүн күчүгү болуп чуркабастан, элдин кырааны болуп туруп берсе экен. Биз ар бир жарандын колуна ручка карматып, бизге добуш бер деп мажбурлай албайбыз. Баары жүрөгүнөн болушу керек. Менин сөздөрүм да жүрөгүмдөн чыгып жатат. Мага окшогон эл үчүн күйгөн ак жүрөктүүлөр мамлекетибизде көп деп ойлойм жана алар менен бирге жеңишке жетээрибизге ишенем!” – деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:19

Камчыбек Ташиев: "Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө келген 600 миллион доллар эмнеге коротулду? Жок дегенде бир оорукана курулган жок!"

Бишкек, "Саясат. kg". Өкмөт башчы илдет күчөп турган маалда менин иштегим келбей жатат деди да арызын жазып кетип калды. Эмне деген жоопкерчиликсиздик? “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалында түз эфирде болду. Ага көрүүчүдөн: “Пандемия маалында бийлик элди талаага таштады. Экинчи толкун ноябрь айында болот деген маалыматтан эл чоочулап турат. Сиз парламентке келип каласаңыз, элди дары-дармек менен камсыз кыла аласызбы?” – деген суроо берилди. “Бул өтө чоң маселе. Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга сырттан 600 миллион доллар келген. Бул өтө чоң сумма. Чоң ооруканаларды куруп койсо болмок. 600 миллион долларга 100 оорукана куруп салмакпыз. Кана, ошол ооруканалар? Бир да оорукана курулбады. Себеби, акчалар туура эмес пайдаланылды. Жакында мурдагы саламаттыкты сактоо министри камакка алынды, так ушул акчанын айынан. Эмнеге биз мындайбыз? Жоопкерчиликсиздиктин айынан эл катуу кыйналды, бир жарым миңден ашуун адам каза болду. Жүз миңдеген адам ооруду, миллиондогон адам ар кандай жардамга муктаж болду. Өкмөт башчы илдет күчөп турган маалда менин иштегим келбей жатат деди да арызын жазып кетип калды. Эмне деген жоопкерчиликсиздик?! 3 жыл иштеп, 2 айга чыдабай калдыбы?! Бүт жардамдарды иреттештирип, күнү-түнү уктабай, башкаларды да уктатпай, эл үчүн каруусуз казык кылып иштесе болот эле го?! Ошондо балким, көп адамдын өмүрү сакталып калмак. Менин да бир тууган агам 58 жашында ушул илдеттен кайтыш болду. Өкмөт туура, жоопкерчиликтүү иштегенде агам аман калат беле деген ой бар менде. Ушундай ой каза тапкан бир жарым миңдей кыргызстандыктын жакындарынын ар биринде кудум ушундай ой болуп атпайбы. Ошол күндөрдү эстен чыгарбай, элди алдап кеткендерди 2-3 миң сому үчүн же бийликтин камчысынан коркуп шайлап албагыла! Эл үчүн иштеген балдарды шайлагылачы! Бул өзүңөргө эле керек го! “Мекенчил” партиясы көп мандат алып партияга барып калсак, күнү-түнү иштеп, маселелерди чечебиз, жок акчаны табабыз, барын үнөмдүү, максаттуу пайдаланабыз. Коррупционерлердин колуна чабабыз”, - деп жооп берди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

Күндүн ыргагы: Шайлоо алдында президент элге кайрылды. Партия үгүтчүлөрү добуш сатып алууга киришти…

ДОБУШ САТУУ-КЫЛМЫШ Кыргызстанда шайлоочуларды сатып алгандарга, ошол эле кезде добушун саткандарга да жаза каралган. Саналуу күндөн кийин Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Соцтармактын колдонуучулары “добушуңду сатып алам” дегендер чыгып жатканын жазышууда. ЖЭЭНБЕКОВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫПрезидент Сооронбай Жээнбековдун пикиринде үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусунда айтылат.КАРА-СУУДА ҮГҮТЧҮ КАРМАЛДЫКара-Суу районуна караштуу Нариман айылында шайлоого аттанган партиялардын биринин агитатору деген адам 313 миң сом акча менен кармалганы тууралуу маалымат тарады.Ош облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы билдиргендей, акча таратууга шектелген жарандын жанынан беш конвертке бөлүнгөн акча жана аны кимдерге таратуу керек экендиги жазылган тизме табылган.КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛКыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Маалыматка ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 154ү айыкты. Каза болгондор катталган жок. Өкмөттөгү онлайн брифингде маалымат берген саламаттык сактоо министринин орун басары  Нурболот Үсөнбаев  Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы эле курч болуп турганын айтты.КАРАНТИНДЕН КИЙИН ЖАНДАНГАН АБА КАТТАМДАРУчурда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары, Россия менен аба каттамын жандандырган. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.АГАСЫ ИНИСИН  ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨЫсык-Ата районунун тургуну бир тууганын өлтүрдү деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.Маалыматка ылайык, 2-октябрда  Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аталган аймактагы үйлөрдүн биринде кишинин жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу жерине барганда, үйдүн ичинде бир нече жолу бычак менен жаракат алган 39 жаштагы жарандын жансыз денеси табылгандыгы маалым болгон.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарым миллион жаран шайлоодо добуш бере албайт

Кыргызстанда 557миң 856 жаран 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере албайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди. Шайлдабекованын айтымында, алар биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктан шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок.“Өлкөдө 18 жаштан өткөн 4 081 410 жарандын 557 856сы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере албайт”,-деди БШКнын төрайымы. Кошумчалай кетсек, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн, 2-октябрда аяктайт.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

Ачык айт: Шайлоо-2020: «Добуш сатуу – кылмыш» (Түз эфир)

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Бүгүн үгүт иштеринин акыркы күнү. Ачык айтсак үгүт иштери деле болгон жок. Партиялардын даярдыгы начар болгондугу билинди. Бирок, баары эле добуштарды үгүт менен эмес, башка жол менен алууну көздөп жаткандай.“Ачык айт” программасында “Шайлоо-2020: «Добуш сатуу – кылмыш» деген тема талкууланат. Талкуунун катышуучулары: Айнура Усупбаева «Жарандык платформа» коомдук уюмунун жетекчиси жана Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин депутаты.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

БШК: 2475 шайлоо участогу ачылды, анын 44ү чет өлкөдө

Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн жалпы 2475 шайлоо участогу ачылды, анын 44ү чет өлкөдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди. “Шайлоо участокторунда жабдыктардын эки түрү колдонулат, алар биометрикалык идентификациядан өтүү, автоматтык эсептөөчү урналар. Шайлдабекованын айтымында, бул жабдыктардын кошумча запасы да коюлат”,-деди Шайлдабекова. Кошумчалай кетсек, 2-октябрь шайлоого карата үгүт жүргүзүүнүн акыркы күнү. Мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда, 3-октябрда саат 08:00дө токтойт. Дал ушул сааттардан тарта үгүт иштери токтотулуп, “жымжырттык күнү” болот.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

Шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду

Алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн 3 миллион 523 миң 554 кыргызстандык катталды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары туурасындагы маалымат жыйыны учурунда билдирди. “Шайлоочулардын тизмеси 3 миллион 523 миң 554тү түзөт. Бул 24-сентябрга карата көрсөткүч. 4-сентябрга карата 3 миллион 465 миң 415 болчу”, – деди Шайлдабекова.Белгилей кетсек, быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:20

Соңку жаңылыктар: Коронавирус кайрадан күчөп баштады. Жээнбеков шайлоо алдында элге кайрылуу жасады

КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ 215 УЧУРУ КАТТАЛДЫКоронавирус жуккан 16 адам өтө оор абалда реанимацияда жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.Анын айтымында, илдетке кабылган жарандардын 10у канааттандырарлык абалда.“667 адам орточо оор, 194ү оор жана 16 адам өтө оор абалда реанимацияда жатат. Өлкөнүн түштүк аймагына коронавирус менен күрөшүүгө профессор, докторлор барып, сунуштарын айтууда. Ошондой эле ал жакта саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев да иш алып барууда”, – дейт ал.Белгилей кетсек, 2-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 215 жаңы учур катталып, илдетке кабылгандардын жалпы саны 47 миң 56ны түзөт. Алардын ичинен 43 миң 137 киши айыгып чыкты, 1 миң 65 адам каза болду.ЖЭЭНБЕКОВ ШАЙЛОО БОЮНЧА КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫПрезидент Сооронбай Жээнбековдун пикиринде үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусунда айтылат.Өлкө башчысы ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келгендигин белгилейт.«Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл», — дейт ал.Сооронбай Жээнбековдун айтымында, бийлик шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулду. Президент партия лидерлерине шайлоодо утулуп калса, жеңилүүнү көтөрө билүүгө чакырды.АТАМБАЕВДИН СОТТУК ОТУРУМУ ЖЫЛДЫБишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча бүгүн, 2-октябрга белгиленген жараян болгон жок. Сот мамлекеттик адвокаттын өтүнүчү менен 7-октябрга жылды. Райондук соттун катчылыгы бул тууралуу айыпталуучуларга жана алардын адвокаттарына 1-октябрдын кечинде кабарлаган. Бул күнкү сот отурумуна Алмазбек Атамбаев өз каалоосуна ылайык катышаары мурда кабарланган.“Адатта, баарыбызды сотко чогултуп, камактагыларды да алып келип, андан кийин гана мындай чечим жарыяланчу. Азыр мамлекеттик адвокаттын өтүнүчүнүн себеби бизге маалым эмес”, деп жазат айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева өзүнүн фейсбуктагы баракчасына.Кой-Таш окуясы боюнча 30-сентябрдагы териштирүүдө адвокат Сергей Слесарев айыпталгандардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди келерки жараянга алып келүү тууралуу өтүнүч берип, ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков аны канааттандырган.  Быйыл 1-июндагы жараянда сот «Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып бүткөнгө чейин Атамбаев сот отурумдарына катышпайт» деген чечим чыгарган.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники