О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
3 октября 2020 г. 1:12

Шайлоо мыйзамын бузуу боюнча БШКга 86 арыз түштү

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобу 2-октябрда жыйынга чогулду. Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да кирген координациялык топтун жыйынында шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланышкан маселе талкууланды. Жыйында белгилүү болгондой, 1-октябрга караганда мыйзам бузууларга байланыштуу 86 кайрылуу БШКга түшүп, электрондук реестрге катталды. Анын кыркы Кылмыш кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочулардын добушун сатып алуу"), тогузу 195-берене ("Шайлоо документтерин бурмалоо"), бирөө 191-берене ("Шайлоо укугуна тоскоолдук кылуу") менен байланыштуу. Ал эми 27си Жоруктар кодексинин 87-1 беренеси ("Административдик ресурс колдонуу"), сегизи 44-берене ("Үгүт шартын бузуу"), бирөө Бузуулар кодексинин 119-беренеси менен катталган. Белгилей кетсек, 120 орундуу Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
2 октября 2020 г. 17:29

Максат Дамир уулу

Максат Дамир уулу: Я хочу вложить себя и весь свой опыт в развитие Кыргызстана! Для этого я вступил в ряды партии "Республика".

Подробнее
2 октября 2020 г. 20:35

Өмүрбек Бабанов

Өмүрбек Бабанов: Эң чоң байлыгыбыз – Эгемендүүлүгүбүз! Ойлоно турган, өзгөрө турган убакыт келди!

Подробнее
2 октября 2020 г. 20:36

РЕСПУБЛИКА №14

РЕСПУБЛИКА №14✅ ЧҮЙ ОБЛУСУ "АЛДЫГА" ЖОЛДУ ТАНДАДЫ! ______ ЧУЙСКАЯ ОБЛАСТЬ ВЫБИРАЕТ "ПУТЬ ВПЕРЕД"!

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

“Бир Бол”, №13. “Таза шайлоо” акциясы Араванда

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Ош облусунун Араван районунда “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Мурат Көчөбаев билдирди. “Биз табиятты таштандыдан арылтууну Араван районунун Араван-Сай айылында жайгашкан базардан баштадык. Базардын айланасы таштандыга бат эле толуп кетет. Бирок, райондук экотехинспекция тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, жергиликтүү калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. Бүгүнкү иш-чара элге сабак болушу керек. Райондо тазалык акциясын өткөрүү менен жергиликтүү калкка дагы түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. “Ар бирибиз таза болсок, коом дагы таза болот. Таштанды ыргытканың, өлкөгө зыян келтиргениң” деп айтып жатабыз. Буюрса, шайлоо бүткөндөн кийин дагы тазалык ишембилик өткөрүп турабыз”, - деди Мурат Көчөбаев. Иш-чарага 100гө жакын киши катышты. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты. “Бир Бол”, №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2 - октябрь, 2020-жыл.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

Талас шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясы өттү. Бир Бол, №13

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Талас шаарындагы үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” экологиялык акциясы менен жыйынтыкташты. Алар Талас токоюнун жээктерин, коомдук жайлардагы таштандыларды тазалашты. “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Рамис Мамбеталиев ар бир жаран тазаланууну өзүнөн баштоосу керектигин айтты. “Таза шайлоо” акциясынын негизги максаты - шайлоочуларды акчага сатылбай, татыктуусун тандап добуш берүүгө чакыруу. Муну менен бирге айланабызды тазалап, жан дүйнөбүздү аруулантып, келечектен көптү үмүттөндүргөн татыктууларын тандоого учур келди”, - деди талапкер. Ал тазалык иштерине байланыштуу партиянын программасында тиричилик калдыктарын чогултуу жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводдордун курулушу үчүн шарттарды түзүү каралганын кошумчалады. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты. “Бир Бол”, №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2 - октябрь, 2020-жыл.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

БШК шайлоо күнү 2 саат сайын маалымат берип турган пресс-борбор уюштурат

Шайлоо күнү, 4-октябрда Кыргызстандын шайлоо тутумунун негизги принциптерин – ачык-айкындуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу үчүн БШК пресс-борбордун ишин уюштурат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет. Алардын айтымында, ар бир 2 саат сайын спикерлер шайлоо процесстеринин жүрүшү, анын ичинде шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө коомчулукка маалымат берип турушат. Белгилей кетсек, 4-октябрда өтө турган шайлоого 16 партия катышат. Ал эми шайлоочулардын саны 3 миллион 523 миң 554. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

“Бир Бол” партиясынын тарапташтары Нарында “Таза шайлоо” акциясын өткөрүштү

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Нарын шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Зарина Чекирбаева билдирди. Ал шаардыктардын иш-чарага активдүү катышканын белгиледи. “Үгүт кампаниясын тазалык акциясы менен жыйынтыктап жатабыз. Бирок бул чек эмес, алдыда тазалык иштерин уланта беребиз. Партиянын программасында калк жашаган аймактардагы жашылдандырылган аянттарды коргоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу, Кыргызстанды желим буюмдардан арылтуу: желим баштыктарды сатууга тыюу салуу, желим буюмдарды тапшырууну стимулдаштыруучу механизмдерди иштеп чыгуу каралган. Буюрса, шайлоодо ийгиликке жетишсек бул сунуштарды иш жүзүнө ашырууга аракет кылабыз”, - деди Зарина Чекирбаева. Иш-чара шаардагы “Жеңиш” эс алуу жайында уюштурулуп, ага 50дөн ашуун киши катышты. Келгендер сейил бактын аймагындагы таштандыларды тазалап чыгышты. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти. “Бир Бол”, №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2- октябрь, 2020-жыл

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:13

Сооронбай Жээнбеков шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 4-октябрында өтө турчу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештерим! 4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат. Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келди. Урматтуу мекендештерим, Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл. Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды. Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду. Шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулдук. Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик. Урматтуу саясий партиялардын лидерлери, талапкерлер! Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла. Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот. »Жыгылган күрөшкө тойбойт« дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз. Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы. Урматтуу мекендештерим, Шайлоо күнү биздин өлкөбүз эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болот. Бул күн биздин өлкө тарыхында жогорку саясий маданияттулуктун күнү катары калат деп үмүттөнөм. Шайлоону улуттук ар-намысыбызды, абийирибизди сактап өткөрөлү. Шайлоого аттанып, марага чейин жеткен 16 партиянын өкүлдөрү — элибиздин ичинен суурулуп чыккан мыкты уул-кыздарыбыз. Силер үчүн элдин амандыгынан, коомдун тынчтыгынан өткөн байлык жок деп билебиз. Баардыгыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! Урматтуу шайлоочулар, Кимге добуш беребиз — ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки. Эч ким кысым жасай албайт. Ар бир шайлоочунун добушу — өлкөнүн тагдырын чечет. Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт. Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү болду. Ошондуктан, 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели! Кадырлуу калайык-журтум! Элибизде „Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт“ деген накыл сөз бар. Элибиз саясий зиректик менен, „өзүм эмес, элим үчүн“ деген максатта чыккан талапкерлерди тандап, эртеңки шайлоодо жаңылбайт деп ишенебиз. Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм. Сүйүктүү Кыргызстанбызды Жараткан Кудайым Өзү колдоп, дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!» Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:13

Мадумаров встретился с главой миссии наблюдателей от СНГ на парламентских выборах Гуминским

Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Акрам Мадумаров провел встречу с главой миссии наблюдателей от СНГ на выборах депутатов Жогорку Кенеша, первым заместителем председателя Исполнительного комитета СНГ Виктором Гуминским. Об этом сообщает пресс-служба правительства. Вице-премьер-министр отметил, что несмотря на определенные трудности, делегация миссии наблюдателей от СНГ прибыла в Кыргызскую Республику для мониторинга выборного процесса в Жогорку Кенеш, и выразил благодарность членам миссии наблюдателей. «В текущем году наблюдение за ходом избирательного процесса также осуществляют представители Бюро по демократическим институтам и правам человека ОБСЕ, Совета сотрудничества тюркоязычных государств, Организации Договора о коллективной безопасности, Парламентской ассамблеи тюркоязычных государств, Шанхайской организации сотрудничества и других международных организаций. Вместе с тем широкий охват миссией территории Кыргызской Республики и работа членов миссии практически во всех областях Кыргызской Республики еще раз свидетельствуют об открытости кыргызской стороны для международных наблюдателей и стремлении кыргызской стороны в обеспечении прозрачных и демократических выборов», - сказал он. Мадумаров продолжил, что в Кыргызской Республике выборный процесс проходит с применением цифровых технологий: составление списков избирателей и их идентификация на основе биометрических данных и автоматический подсчет голосов избирателей с использованием автоматически считывающих урн. «Правительством Кыргызской Республики будут предприняты все необходимые меры для обеспечения прозрачности и открытости предстоящих выборов», - подчеркнул он. Вице-премьер-министр пожелал дальнейших успехов представителям миссии наблюдателей от СНГ, добавив, что для Кыргызской Республики является важным максимальное использование диалоговой площадки СНГ и его институтов для дальнейшего развития многопланового сотрудничества, последовательного углубления интеграционных процессов на пространстве Содружества.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:14

Жээнбеков обратился к кыргызстанцам в связи с предстоящими выборами в Жогорку Кенеш

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков выступил с обращением к кыргызстанцам в связи с предстоящими выборами депутатов в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики, которые состоятся 4 октября 2020 года. Пресс-служба главы государства распространила текст обращения президента. "Центральная избирательная комиссия, Республиканский штаб при правительстве, местные избирательные комиссии выполняют свои обязанности в рамках законодательства. Агитационная кампания велась в условиях высокой политической конкуренции. Пришло время, когда голос каждого избирателя будет иметь решающее значение. Качественный состав будущего парламента окажет прямое влияние на развитие нашей страны в ближайшие пять лет. Поэтому каждый из нас обязательно должен воспользоваться своим правом выбора. Эти выборы должны быть справедливыми, отражающими свободное волеизъявление наших граждан. Для достижения данной цели были созданы все условия. За год до выборов была определена правовая база. Правила выборов были заранее известны политическим партиям и избирателям. Мы стремимся обеспечить справедливость выборов не только во время голосования и подведения итогов, но и на всех этапах выборного процесса. Мы ввели новые нормы в законодательство с целью профилактики нарушений закона, привлечения к ответственности за незаконные действия и предотвращения использования административного ресурса. Уважаемые лидеры политических партий, кандидаты! Для всех партий были созданы равные условия для проведения агитационной кампании. Не было никаких препятствий для выражения политических позиций и взглядов. Призываю вас не выходить за рамки избирательного законодательства. Не забывайте о том, что подкуп голосов преследуется по закону! В любой борьбе обязательно будет победившая и проигравшая сторона. Уверен, что проигравшие не пойдут на поводу своих личных амбиций и не станут провоцировать раскол в обществе, наносить вред миру и стабильности в стране. Не будем забывать, что будут приняты все решительные меры в рамках закона в отношении тех, чьи действия будут угрожать единству народа, межнациональному согласию, целостности нашего государства и верховенству закона. Дорогие соотечественники! В день выборов к нашей стране будет приковано внимание всего международного сообщества. Надеюсь, что этот день останется в истории нашей страны как день проявления высокой политической культуры. Давайте проведем выборы, не роняя нашей национальной чести и достоинства. Представители 16 партий, принявшие участие в выборной гонке и достигшие победы, — достойные сыновья и дочери нашего народа. Мы считаем, что для вас нет высшей ценности, чем благополучие людей и спокойствие в обществе. Для всех нас интересы страны превыше всего! Уважаемые избиратели! За кого мы отдадим свои голоса — это личное решение каждого, его личное волеизъявление. Никто не имеет права оказывать давление или навязывать свое мнение. Голос каждого избирателя решает судьбу страны. Определяет политическое, экономическое, социально-культурное направление развития государства. Программа и перспективные цели каждой партии, участвующей в выборах, ясны. Поэтому 4 октября каждый из нас должен сделать свой политический выбор! Уверен, что мы проявим политическую проницательность и не ошибемся с выбором, отдав свой голос за тех, кто будет служить не своим интересам, а интересам народа", - говорится в обращении.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:18

Реалдуу убадаларды берсеңер боло…

Аталган партия “балага сүйүнчү” жѳлѳк пулдун ѳлчѳмүн 4 миң сомдон 50 миң сомго жеткиребиз деп ишендиришүүдѳ. Шайлоочулардын добуштарын алып, жеңишке жетишип, мандаттарды алууу үчүн саясий партиялар эмне деген гана убадаларды беришпейт. Реалдуу эмес, жомоктогудай убадаларды берүү жагынан “Кыргызстан” партиясы алдына башкаларды ѳткѳрбѳй жатат. Аталган партия “балага сүйүнчү” жѳлѳк пулдун ѳлчѳмүн 4 миң сомдон 50 миң сомго жеткиребиз деп ишендиришүүдѳ. Сыягы, чын эле 50 миң сомго жеткиришерине шайлоочулар эмес, ѳздѳрү катуу ишенип алышкан окшойт. Болбосо, мындай убадаларды байма бай беришмек эмес. Бирок бул реалдуулуктан алыс, ишке ашпас убада экендиги акыл эси ордунда адамга айтпаса да түшүнүктүү. 4 миң сомдук жѳлѳк пул бюджеттен эптеп-септеп берилип жатканда, кайдагы 50 миң сом? Тилекке каршы, партиялар, талапкерлер шайлоочулар алдында эч кандай жоопкерчиликтерин сезбей калышты. Эптеп эле мандатка жетишсек, калганын кѳрѳ жатарбыз деген мамилеге ѳтүп алышты. Ал эми маалымат үчүн айта кетсек, “балага сүйүнчү” долбоору ишке ашырылгандан баштап мамлекеттен 326 671 адам “балага сүйүнчү” жѳлѳк пулдарды алышкан. 2018-жылдын башынан 2020-жылдын 1-сентябрына чейин бул багытта республикалык бюджеттен 1 млрд. 459 млн. 995 миң сом бѳлүнгѳн. Арыздар менен кайрылышпагандыктары үчүн 90 миң 617 ата-энелер “балага сүйүнчү” алышкан эмес. Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:18

Баарына каршы эмес, тандаганыңа добуш бер!

Эл арасында көп талаш-тартыштарды жараткан №2-формада добуш берүү болду. Шайлоо кампаниясы акыркы стадиясына атаандаштыкта ачык, таза кирүүдѳ Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин ушул жылдын 1-сентябрында өткөрүлгөн чакан курамдагы жыйынында “Шайлоолордун таза өтүшү - өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты. Буга баарыбыз жоопкербиз. Шайлоонун ачык өтүүсү камсыздалат жана кепилдик берилет деп Президент катары мен буга чейин айтып келгем. Айтканымды аткарып келе жатам жана аткарам. Президент катары мамлекеттин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, эл биримдигин, тынчтыгын сактоо - менин негизги милдетим. Ошондуктан саясый партияларды, алардын жактоочуларын, командаларын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуу аракеттеринен алыс болууга чакырам”, - деген. Добуш берүүгө эки күн гана калды. Жалпысынан үч айга созулган марафон акыркы стадиясына кирди. Бул сөздөр аркылуу биз эки күндүн ичинде чектен чыккан окуялар болбойт, добуш берүү жана алардын жыйынтыктарын чыгаруу ачык, таза, өтөт деген үмүт-ишенимди билдиргибиз келет. Ал эми буга чейинкилердин негизинде Президент убада кылгандарын аткарды деп ишенимдүү айтсак болот. Өзгөчө шайлоо алдындагы үгүт жана жарнама иштери ачык, таза өттү. Тилекке каршы, айрым жерлерде тартип бузуулар болду, иш болгон жерде кемчилик да болот, ал белгилүү деңгээлде мыйзам ченемдүү көрүнүш, аптекадагы фильтрленген суудай таза шайлоону уга да, көрө да элекпиз. Локалдык айрым тартип бузуулар, чатактар өлкөдөгү жалпы шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө терс таасирин тийгизбеди, тийгизе да алмак эмес. Анткени, бирин-экин мүчүлүштүктөр болгон менен бардык партияларга бирдей шарттар түзүлүп, реалдуу саясый атаандаштыкта процесстердин бардыгы ачык, таза, калыс өткөрүлүп жатканда, айрым кемчиликтер жалпы процесске терс таасирин тийгизе албайт. Ачыктыкка, тазалыкка баарынан мурда мамлекет башчысы кызыкдар Кыргызстандын жаңы тарыхындагы буга чейинки шайлоолордон келип чыккан жаңжалдар баардыгыбызга, биринчи кезекте мурдагылардын кемчиликтерин кайталабаганга аракеттенип, мүмкүн болушунча ачык, таза иштеп жаткан мамлекет башчысына сабак болду. Үй-бүлөлүк, кландык формадагы башкарууну орноткусу, өз бийлигин кеңейткиси же узарткысы келбеген мамлекет башчысына андай ашыкча “дөөлөттөрдүн” тыйынча да кереги жок. Канча партия парламентке келсе деле президентке жетишерлик өбөк, жөлөк болорлук саясый күчтөр болорун бөркүбүздөй эсептесек болот. Андай шартта ашыкча күйпөлөктөнүп, өз беделине жана өлкөдөгү саясый туруктуулукка доо кетирип, анысы аз келгенсип ар кимдерге жаман көрүнгөндун кандай зарылчылыгы бар? Айрымдар Боршайлоокомдун иши, бир катар чечимдери боюнча терс пикирлерди айтышууда. Биз канча анын ишин сындабайлы, анын курамы ар кандай саясый күчтөрдөн түзүлгөндүгүн, демек, ал белгилүү деңгээлде коомдун күзгүсү экендигин, ошондуктан анын чечимдерин сыйлоонун зарылдыгын көңүлдөн чыгарбообуз керек. БШКнын курамын президент же өкмөт дайындаган эмес, аны парламент шайлаган. Шайлоо участкаларынын иштерин уюштуруп, шайлоочулардын тизмелерин түзүүдө, атаандаш партияларга үгүт иштерин жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүүдө, талаш маселелерин чечүүдө БШК негизинен демилгелүү иштеди, кесипкөйлүгүн көрсөтө алды. Шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрү мамлекеттик ЖМКларда элге өз программаларын тааныштыруу менен чектелбестен президенттин, өкмөттүн иштерин каалашынча сындашты. Алардын араларында бийликтегилерге негизсиз асылып, реалдуулуктан таптакыр алыстап кеткен убадаларды бергендери да көп болду. Бирок, эмне дейбиз, шайлоо деген белгилүү деңгээлде жарменке базарга окшош, ар ким өз “товарын” апендинин кызындай мактап, даңктап, атаандаштардыкын ачык, жабык, түз, кыйыр түрлөрдө жерге чапканга аракет кылат экен. Аны шайлоочулар эң сонун түшүнүшөт, ошондуктан бирөө-жарымдар атаандаштарын жана бийликтегилерди сындагандан, өз “товарын” мактап-даңктагандан ашыкча кетип калса, андай көрүнүштөргө чычалап, теригүүнүн деле кереги жок. Түшүнүү менен мамиле жасоо керек. Сындары, мактангандары да мыйзам чектеринен чыкпаса болду. Тилекке каршы, бул шайлоо кампаниясында атаандаштарды каралап, жамандап, ылай менен шыбоо өзгөчө кучтүү болгондугун ачык айтуу керек. Айрым партиялар шыбамайдын батыштан келген жаңы технологияларын, түрлөрүн жана формаларын ашыгы менен колдонушту. Айрым партиялардын штабдарындагы ондогон жалданма жазмакерлер атаандаштары жөнүндө троллдорду, фейктерди, дагы башка нерселерди күргүштөтө даярдап, социалдык түйүндөргө, ЖМКларга чыгарып турушту. Алар канчалык деңгээлде максаттарына жеткендиги жөнүндө айта албайбыз, аны шайлоонун жыйынтыктары көрсөтөт, бирок аны элдин көпчүлүгү тез эле түшүнүп, көңүл бурбай, маани бербей калгандыгы да чындык. Жоболоңдуу №2 форма кийинки шайлоодо жоголобу? Эл арасында көп талаш-тартыштарды жараткан №2-формада добуш берүү болду. Ал негизинен ички мигранттарды, командировкага чыга тургандарды, аскер кызматкерлерин шайлоого катыштыруу үчүн киргизилген. №2-форманын өзүндө мыйзамга ылайык келбеген нерсе жок, ал туура форма. Бирок, кандай жаңылык киргизилбесин андан жылчык таап, оз кызыкчылыктарына ыңгайлаштырып алганга маш болгон саясый партиялардагы шылуундар өздөрүнө ыктагандарды бир жерге топтоп добуш бердиртүүгө пайдаланып кетишкендери гана көпчүлүктү иренжитүүдө. Анда партиялардагы шылуундардын гана эмес, андай шарттарга макул болушкан шайлоочулардын өздөрүндө да күнөө бардыгын ачык эле айтуу керек. №2-форманы биротоло жоюп салганга болбойт, анда жогоруда аталгандай категориялардагы шайлоочулардын укуктары бузулат, алар Конституциялык укуктарынан пайдалануудан сырткары калышат. №2-форманы жойгон күндө деле баары бир анын башка вариантын же формасын киргизгенге аргасыз болобуз. Биз мында; кеп №2-формада эместигин, маселе шайлоочунун өзүнүн тандоосунда экендигин гана айткыбыз келет. Туз эле айтканда, шайлоочу кабинага өзү жалгыз кирет, өзү каалаганга гана добуш берет. Эч ким аны колун бурап, эркине каршы добуш бердире албайт. Эгерде шайлоочу кайсыл партияга мурдатан сатылып, алдын ала ошого гана добуш берүүнү чечсе, аны эч ким өзгөртө албайт. Ал кайсыл жерга барса деле баары бир өзү алдын ала тандаганга же кайсыл бир кызыкчылыктар менен макулдугун берип койгонго гана добуш берет. Ошондуктан өзүбүздүн күнөөлөрүбуздү жансыз формага оодара салган туура эмес. “Баарына каршы” ич күйдүлүк Бул шайлоо процессинен сырткары калганга итатайлары тутулуп, ичтери тандырдагы тезектей күйгөн айрым саясатчылар 4-октябрда баардык талапкер партияларга каршы добуш берүүгө чакырышууда. Бул: “бизге эч нерсе тийбеген соң, башкалар да албасын” деген эле абысындардын кызганычтарындай примитивдүү ич күйдүлүк. Ал эч качан ишке ашпайт. Биринчиден, бардык партияларды жаман көргөндөр жөн эле шайлоого барышпайт. Экинчиден, жыдыган 3-4 саясатчы сөрөй чакырык кылып койсо эле аларды ээрчип кете бере турган аңкоолор жок. Эмне дебейли, кандай сындарды айтпайлы, парттизмедегилер - Кыргызстандын азыркы иргелген, төбөлөрү көрүнгөн инсандары. Алардын араларында татыктуулары да аз эмес. Алар биз айткан ич күйдүлөрдөн кай жагынан албайлы, он эсе өйдө. Ошондуктан бирин-экин ич күйдүлөрдүн тилдерине кирбестен 4-октябрда шайлоо участкаларына барып, тандагандарыбыз үчүн добуш берүүбүз керек. Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:16

Камчыбек Ташиев: “44 оорукана кенен курула турган акчага бир оорукана кура алышпады”

Бишкек, "Саясат. kg". Лидерлер дебатында. Коронавирустун сыяктуу коркунучтарга алдын ала даярданып, заманбап шарттагы ооруканаларды куруу зарыл. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев КТРКдагы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлеринин дебатында билдирди. “Аймактардагы элге конкреттүү жардам берүү керек. Бишкекте отуруп алып программа түзүп, аткарылбаган программалар үчүн акча жей бербестен, учурдун талабына жооп бере турган заманбап ооруканаларды курууну көбөйтүү зарыл. Илдет менен күрөшүүгө сырттан келген 600 миллион долларга 44 районго бардык шарты менен ооруканаларды куруп коюуга мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Бирок аны пайдаланбадык. Эми элдин саламаттыгынын коопсуздугун биринчи орунга коюп, конкреттүү иштерди жасоо керек”, - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:16

Камчыбек Ташиев: “2010-жылы Ош коогалаңынын запкысы кете электе кабыл алынган Конституцияда жоопкерчилик жок”

Бишкек, "Саясат. kg". Лидерлер дебатында. Эмнеге өлкөдө бийлигинде жоопкерчиликсиздик жок? КТРКдагы парламенттик жарышка аттанган саясий партиялардын лидердеринин дебатында Камчыбек Ташиев 2010-жылдын июнь айында Ош коогалаңынын запкысы кете элек чакта шашылыш өзгөртүлгөн Башмыйзамды туураламайынча жоопкерчиликсиздик улана берээрин белгиледи. “Конституция жоопкерчилиги жок Конституция болуп калган. Эртең парламентке бара турган партиялардын үчөө биригип коалиция түзүшү керек болуп калса, мамлекеттик кызматтарды бөлүп алышат да, жоопкерчиликти дагы да эч ким албайт. Себеби Конституция ушуга багытталып калган. Эгерде 2010-жылы Ош коогалаңы болуп, эл айласын таппай турган чакта кабыл алынган Башмыйзам менен кетсек, дагы да бул маселени чече албайбыз. Бир партия көпчүлүк мандат менен, мисалы “Мекенчил” 65 мандат менен парламентке келсе, анда өкмөтту өзүбүз түзүп, жоопкерчиликти да өзүбүз ала алабыз. Андай болбосо, бир нече партиядан куралган коалиция жоопкерчиликсиздиктин башаты болуп берет”, - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники