О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
3 октября 2020 г. 1:09

"Мекеним Кыргызстан"№4 – партия, которая заботится о пожилых

1 октября – Международный день пожилых людей. Он был учрежден ООН в 1990 году, соответственно, в этом году мир отмечает день пожилых людей в 30-ый раз. В этот день принято оказывать особое внимание представителям старшего поколения. "Для партии "Мекеним Кыргызстан" - каждый день в году – это день внимания и заботы о пожилых людях, наших бабушках и дедушках, наших родителях, старших товарищах, родственниках, соседях, - говорит кандидат в депутаты от партии "Мекеним Кыргызстан" Улан Садалиев. – Мы не раздаем пустых обещаний и не говорим, что завтра увеличим пенсии вдвое. Но мы обещаем, что сделаем все, чтобы экономика Кыргызстана совершила рывок. Будет экономический рост, будут увеличиваться и пенсии. И,поверьте, это не фантазии. Если правильно действовать, то добиться этого можно будет в самое ближайшее время.", - подчеркнул кандидат от "Мекеним Кыргызстан". Партия "Мекеним Кыргызстан" желает всем кыргызстанцам, особенно, вступившим в возраст мудрости и зрелости, здоровья и долголетия. Оплачено уполномоченным представителем по финансовым вопросам партии "Мекеним Кыргызстан Джайчиевой Гульбарчин Эр Турсуновной из средств специального избирательного фонда Политической партии "Мекеним Кыргызстан"

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:09

Кыргызстандыктар «Республиканы», “Алдыга жолду” колдойт!

«Республика» партиясы үгүт иштерин алып барып, кыргызстандыктарга мамлекеттеги олуттуу реформаларды өткөрүү багытындагы «Алдыга жол» программасын сунуштады. Жолугуулар Кыргызстандын жети облусунун бардык райондорунда өттү. Депутаттыкка талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуулары Ысык-Көл облусунан башталды . Партиянын лидери Мирлан Жеенчороев мамлекеттин өнүгүүсүн саясый реформалардан башташ керектигин айтып кетти: «Биз парламентте жүрүп да сиздер тарапта болгонубузга сыймыктанабыз. Бирок, басымдуу бөлүгү эки жүздүү, кошоматчы болуп калды. Алар санды көбөйтүп, сапаты жок болуп, элге иштебей, бир ууч адамдарга кызмат кылуу менен алектенди. Ошол себептен биз программада депутаттардын санын 120дан 75ге кыскартабыз деп айтып жатабыз. Биз дагы бир жобо киргизип жатабыз, ага ылайык, эгерде татыктуу эл өкүлү боло албаса, эл ага нааразы болсо 10 миң кол топтоо менен депутатты кайра артка чакыртып алсаңар болот. Ошондо иштебеген “кнопка баскыч” депутаттары жумуштан алып салса болот», — деди «Респулика» партиясынын лидери Нарындыктар менен жолугушууда сөз алган «Республика» партиясынан депутаттыкка талапкер, журналист Тынчтык Алтымышев болсо элдин көңүлүн учурдагы өлкөнүн экономикалык абалына бурду: «Өлкө азыр кызыл чекте турат. Бюджетте акча жок. Пандемияга деп донорлор берген каражаттарды өкмөт пенсия, жөлөк пулдарга таратып коюп отурат. 500 миллион доллар жиги жок кетти. Сыртка карызыбыз 5 миллиард доллардан ашты. Чукул арада жасалган реформаларды жон терибиз менен сезгидей бололу. Алдыга жолду тандайлы! Артка жол — коркунучтуу. Биз мамлекеттүүлүктү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Тандоодон жаңылбаңыздар! «Республика» номер 14, «Алдыга жолду тандаңыздар», — деди Тынчтык Алтымышев. Баткен облусунун чек арасында аткезчилик, паракорчулук ээ-жаа бербей өнүгүп жатат, дал ушул себептен «Республика» партиясы коррупцияга ачык-айкын күрөш жарыя кылганын жергиликтүү тургундарга Назарали Арипов айтты: «Кыргызстандын чек арасы коррупциянын борбору болуп калды! Ар бир жүк ташыган унаалардан алына турган мамлекеттик салык пара болуп жеке тараптардын чөнтөгүнө түшүп жатат. Биз коррупционерлер, бандиттер, уурулар менен ачык күрөшүүбүз керек. Азыр кээ бир партиялар жарандарды Кадамжайдан Ошко алып барып форма-2 менен каттап жатат. Бул эмне дегендик? Мындай ыплас ыкмалар менен шайлоону өткөрө турган болсок, мамлекетибиз туңгуюкка такалат. Элдин добушун сатып алам деген – мамлекетти жок кылам дегенге барабар!», — деди Арипов. Ош облусунун Араван, Алай, Өзгөн райондорунун жана Ош шаарынын тургундары менен жолугушууларында «Республика» партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Казакбаев партия өлкөдөгү экономикалык, саясый жоопкерчиликти толук мойнуна алууга даяр экенин билдирди: «Эски саясатчылар убада берсе ишенбегиле! Алардын колунан келсе, Кыргызстан эчак гүлдөп-өнүкмөк! Биз ар бир жараныбыздын жашоосун өзгөртүүгө жоопкерчиликти алганга даярбыз. Буга чейин берген сөзүбүздү силердин колдооңор менен ишке ашырдык. Бул жолу да реалдуу реформаларды камтыган “Алдыга жол” программасы менен баратабыз. Коррупцияны жалгыз президент же укук коргоо органдары жеңе албайт. Андыктан, биз өзүбүздүн ичибизде, жүрөгүбүздө, акылыбызда реформа жасашыбыз керек. «Республика» партиясынын мамлекеттин келечеги үчүн кызмат кыла турган программасы даяр», — деди Руслан Казакбаев. Базар-Коргон, Сузак, Аксы, Ноокен райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары “Республика” партиясынын программасы менен таанышып, кызуу колдоого алышууда. «Республикадан» депутаттыкка талапкер Акпарали Калматов партиялар беш жыл сайын убада берип, пара менен шайланганын эске салды: «Азыркы учурда эң ыплас шайлоо болуп жатат деп ойлойм. Анткени, мугалимдерди, дарыгерлерди, бюджеттик кызматкерлерди коркутуп, бизге шайлагыла деп мажбурлап жаткан партиялар бар. Кээ бири элдин добушун сатып алып жатышат. Алар айылдарга барып мекемелердин чатырларын оңдоп, майда –чүйдө иштерди аткарып добуштарды чогултуп жүрөт. Бирок , ушундан айылдыктардын жашоосу толугу менен оңолобу? Ошондуктан, шайлоо күнү өлкөнү өнүктүрүүгө дарамети жете турган «Республиканы» колдоп бергиле деп суранам», — деп талапкер жыйынтыктады. Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата райондорунун жана Талас шаарынан тургундары «Республика» партиясын кубануу менен тосуп алышты. Депутаттыкка талапкер Кенжебек Бокоев шайлоодо добуштарды сатып алгандардын ниети бузук экенин айтып, аларды ачыкка чыгарууну сунуштады: «Республика» партиясы туура жолдо! Биздин «Алдыга жол» – чыныгы программа! Эч ким бизди пара алды деп айта албайт, анткени, биздин депутаттарыбыз Жогорку Кеңешке байлык үчүн барган эмес. Азыркы учурда Талас облусунун айылдарында форма-2 менен башка айылдардын тургундарын тизмеге киргизип жаткан учурлар бар. Акча тараткандарды четке кагып, шайлоодон кийин алардын атын ачыкка чыгарышыбыз керек. Келечекти көздөй «Республика» партиясы менен бирге кадам таштап, мамлекеттеги оор абалды оңдоого салым кошкула», — деп Кенжебек Бокоев элди чакырык жасады. Чүй облусунун эли менен жолугушууда депутаттыкка талапкер Эсенгул Исаков «Республика» партиясы олуттуу реформаны ишке ашырганга күчү жетет деп ишендирди: «Силердин колдооңор менен мамлекеттин келечегин куруп, эгемендүүлүгүн сактаганга «Республика» партиясынын күчү, кайраты, сабаттулугу,эрки жетет деп ишенем. Программада асмандагы айды убада кылбай, жашообузду жакшы жакка реалдуу өзгөртө турган кадамдар жазылган. Азыр акчалуулар бир айылдын элин бөлүп, мушташтырып жатат. Силердин чогулганыңар бул акча үчүн эмес, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабай, «Республика» үчүн деп келгениңерди ди билдирет», — деп талапкер жыйынтыктады. Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:09

Өмүрбек Бабанов: Ойлон, КЫРГЫЗСТАНДЫГЫМ!

Өмүрбек Бабанов кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда ал парламенттик шайлоонун мамлекеттин келечеги үчүн, элдин эртеңки жашоосу үчүн, жаш муундун келечеги үчүн өтө маанилүү экендигин белгиледи. Өз кайрылуусунда Өмүрбек Бабанов кыргызстандыктарды арам акчага сатылбай, чын жүрөктөн тандап, олуттуу реформаларды сунуштаган «Алдыга жол» программасын колдоп, №14 «Республика» партиясына добуш берүүгө чакырды. Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:11

Шайлоо алдында депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чийилип калгандар

Жогорку Кеңешке 16 саясий партия аттанды. Алардын курамындагы депутаттыкка талапкерлердин ичинен тизмеден ар кандай себептерден улам 56 талапкер четтетилген. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтында жазылган. Башында БШК 2 032 талапкерди каттаган. Тизмеден чийилип калган талапкерлердин тизмеси: "Социал-демократтар" Талиева Камилла Абдуразаковна; Маматбуваев Бахадир Сайдуллаевич; Самиева Машхура Шавкатовна; Заитов Мамир Моминжанович; Саитова Минавархан Аттакуровна; Токомбаев Райымбек Замирбекович; Жунушалиев Рустам Рахманович; Абдиев Тилек Таштанбекович; Окенов Эрмек Төлөгөнович. "Бүтүн Кыргызстан" Мусаев Люшер Лажалович; Мамытов Нурлан Мамбетжанович; Абдысатаров Айтбек Абдысатарович. "Афганистан согушунун ардагерлери партиясы" Насирдинова Зарипахон Авазовна. "Мекенчил" Кадырова Сонунбү Эргешовна; Азамат Аспек уулу; Озокеев Айбек Канаталиевич; Мамытов Бабуржан Маматкаримович; Акматов Рысали Султаналиевич; "Кыргызстан" Назаров Айтмамат Кошоевич; Токторов Алмазбек Сатиевич; "Республика" Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевич; Муратова Жанар Эркинбековна; Алманбет Нурал уулу; Алиев Самат Шайырбекович. "Замандаш" Кыбраев Муратбек Анаркулович. "Мекеним Кыргызстан" Жаныкулов Хамракул Жаныкулович; Мамытова Лунара Улукбековна; Ахметова Малика Ялкуновна; Калиева Сайкал Асангуловна; Шакирова Алина Кубанычбековна; Таирова Гүлжамал Эркебаевна; Абдукадырова Мадина Абытовна; Айтыева Сабина Рустамовна; Касымова Бермет Данияровна; Иманалиев Данир Белекович. "Ыйман нуру" Молдоярова Дамира Батыркуловна; Муратбек кызы Айпери; Абдрасулов Мухаммед Жеңишбаевич; Турдукожоев Кубанычбек Асанбекович; Кожобаев Руслан Курманбекович; Эргешов Ильичбек Салыевич; Сарыев Нияз Артыкбаевич; Турдукулов Молдожаш Култаевич; Пазылов Шумкар Кайрыллаевич; Заирбеков Жаныбек Мирланович; Уранбекова Алтынай Уранбековна; Юлбасаров Фархат Бахтиярович; Кененбаева Нурбүбү Саадашевна. "Чоң казат" Султангазиева Анаркүл Аскарбековна; Собирова Саида Иброхимовна; Ажымамбетов Актан Айылчиевич; Асаналиев Ганы Бекбоевич; Володина Марьяна Юрьевна; Итибаев Кайрат Жаныбекович. "Ата Мекен" Аман Төлөгөн уулу; Алымбеков Дастан Алымбекович. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:11

Шайлоодон кийинки күнү 1-класстар окубай турганы маалым болду

Шайлоодон кийинки күнү, 5-октябрда, 1-класстар окубайт. Ал күнү мектептердин бардыгы дезинфекцияланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жиберген билдирмеде жазылган. Аталган кабарды Билим берүү жана илим министрлигинен да тастыкташты. Ага ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов дүйшөмбү күнү, 5-октябрда, ар бир мектепте, өзгөчө шайлоо участогу жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарыла турганын айткан. "Жалпыбызга маалым болгондой, көптөгөн шайлоо участоктору мектептерде жайгашкан. Муну эске алуу менен окуу процессин 6-октябрдан тарта, башкача айтканда, шайлоодон бир күн өткөндөн кийин жандандыруу чечими кабыл алынган", — деди Боронов. Белгилей кетсек, 1-класстар окуу жылы башталгандан тарта эле салттуу режимде билим алып жатышкан. Өкмөттүн андан кийинки чыгарган чечимине ылайык, 6-октябрдан баштап 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
2 октября 2020 г. 18:13

Руслан Казакбаевдин Кыргыз элине кайрылуусу!

Руслан Казакбаевдин Кыргыз элине кайрылуусу!

Подробнее
2 октября 2020 г. 14:35

Шаршенбек Абдыкеримов

Шаршенбек Абдыкеримовдун эл аралык аренада кыргыз спортуна кошкон жеке салымы

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:11

Генпрокуратура шайлоочулардын добушун сатып алуудагы кылмыш иштери жөнүндө билдирди

Добуштарды сатып алуу, үгүттөө үчүн кордук көрсөтүү жана коркутуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маселен, Оштогу Черемушки кичи районундагы “Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү добуштарды сатып алуу максатында жашоочуларга 10 кап көмүр таркатып бергендиги тартылган видео Интернетте тараган. Бул факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (“Добуш сатып алуу”) менен катталган. Мындан тышкары, социалдык тармактарда Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы Б.У.Д.нын видео кайрылуусу жарыяланды. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Бакасовдун өкүлдөрү (“Биримдик” партиясынан) айылдардын биринде ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн акча сунуштаган. Буга жооп катары, алар алдыдагы шайлоодо 300 добуш сурап, аванс катары 300 миң сом которушту. Мындан тышкары, социалдык тармактарда Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы Б.У.Д.нын видео кайрылуусу жарыяланды. Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Бакасовдун өкүлдөрү айылдардын биринде ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн акча сунушташканын билдирди. Мунун ордуна алар алдыдагы шайлоодо 300 добуш топтоп берүүсүн сурап, аванс катары 300 миң сом беришкен. Бул факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (“Добуш сатып алуу”) менен катталган. Ошондой эле, Өзгөн райондук прокуратурасына Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси А.А.дан арыз келип түшкөн. Анын айтымында, Алтын-Булак айыл аймагынын башчысы Т.С. кол алдындагы кызматкерлерди жана мектеп мугалимдерин “Мекенчил” партиясына добуш берүүгө үндөгөн. Бул факт КЖБРге Кылмыш кодексинин 87-1 беренеси (“(Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча катталган. Мындан тышкары, Жалал-Абад прокуратурасы тарабынан милиция кызматкери Ф.К.нын партиялардын бирине үгүт жүргүзгөндүгү үчүн И.Г. аттуу жаранды коркуткан фактысы боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренеси (“Кызмат абалынан аша чабуу”) менен катталган. Тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:11

БШК: "№2 формасы боюнча туура эмес даректе катталган шайлоочулардан кечирим сурайбыз"

Бүгүн, 2-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова пресс-конференцияда шайлоочуну №2 формасы боюнча каттоодо туура эмес участкаларга туш болуп калган жөнүндө арыздар көп түшкөнүн айтты. Анын айтымы боюнча, №2 формасы боюнча бир эле адам 20 жолудан ашык арыз берген учурлар катталган. “Шайлоо комиссияларына чоң жүк түштү, балким мындай учурлар болгон. Туура эмес даректе катталган шайлоочулардан кечирим сурайбыз” – деди төрайым. Шайлоочу катталган жеринен эмес, башка жерден добуш бергиси келсе, анда №2 форма боюнча арыз берет. 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 441 010 шайлоочу №2 формасы менен шайлайт. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:11

Шайлоо-2020: Шайлоочуларга эскертме!

Бул жолку шайлоодо аймактык шайлоо тилкелеринде жаңы эрежелер сакталышы керек. Шайлоо тилкелериндеги жарандардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы жол-жоболорду иштеп чыккан. Аларды билип алыңыз. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды санитардык эрежелерди так сактоого чакырат. Шайлоо тилкесиндеги алгачкы кадам Кире бериште дене табын текшерүү иштери байланышсыз уюштурулат. Аймактык шайлоо комиссиясынын бардык мүчѳлѳрү жана шайлоочулар бет кап, кол кап менен камсыз болот. Атайын чийилген кѳрсѳткүчтѳр добуш берүүгѳ катышып жаткандардын байланышсыз кыймылын камсыз кылууга жана добуш берүүчү жайдын сыртында да жана ичинде да 1,5-2 метрлик аралыкты сактоого кѳмѳктѳшѳт. Шайлоо күнү шайлоо тилкесинде жасалуучу иштер - Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын контактсыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү. - Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемчени уюштурууну камсыз кылуу. - Шайлоочулардын колдорун санитайзер менен же добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат жайгаштыруу. - Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарын шайлоо участогунун кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакатты жайгаштыруусу. - Шайлоо участогунун кире беришинде добуш берүүгѳ катышкандардын бекитилген кирип чыгуу схемасынын болушу. - Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогунун аймагында жана добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде аралык белгилерин (чийимдерин) камсыз кылуу. - Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык аралыктарды жана бет каптарды тагынуунун милдеттүү режимин сактоо жѳнүндѳ шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. - Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга жеке коргоо каражаттарын (бир жолку бет каптарды жана кол каптарды) акысыз берүү. Шайлоочу кантип добуш берет? - Шайлоо участогунда шайлоочу УШКнын мүчѳсүнѳ Кыргыз Республикасынын жараны экенин тастыктаган паспортун кѳрсѳтѳт; - Манжаларынын белгилери боюнча идентификациялоодон ѳтүүдѳ шайлоочу кол кабын чечип, колдорун антисептик каражаттары менен тазалап идентификациялоодон ѳтѳт жана идентификациялоодон ѳткѳндѳн кийин колун кайра тазалап, кол кабын киет; - Бетинин биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон ѳткѳндѳ шайлоочу бет кабын убактылуу алып коюп, идентификациялоо бүткѳндѳн кийин кайра киет; - Ар бир шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосуна чейин жана андан кийин идентификациялоо боюнча жабдуу дезинфекцияланат; - Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептѳѳчү урналар ар бир 60 мүнѳттѳ эки иреттен кем эмес дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланат; - Оорунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн ѳзүнчѳ кабина болууга тийиш; - Добуш берүүнүн жүрүшүндѳ, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго кол коюуда участкалык шайлоо комиссиясынын ар бир мүчѳсү ѳзүнүн калемин колдонууга тийиш. - Добуш берүү үчүн үкѳктѳрдү ачардан мурда алардын үстүнкү бети антисептик каражаттар менен тазаланат. БШК оорунун белгилери бар же бейтап менен байланышта болгон жарандар 4-октябрда шайлоо тилкесинде добуш бере турган болсо, саат 18:00дон кийин барууну сунуш кылынат. Шайлоочунун эсине - УШК мүчѳлѳрүнүн бардык талаптарын жана кѳрсѳтмѳлѳрүн сактаңыз; - Шайлоочу добуш берүү үчүн орун-жайга кирерде дене табы текшерилип, колу тазалангандан кийин УШК тарабынан берилген бет кап жана кол каптарды кийиши керек; - Идентификациялоодон ѳтпөгөн учурда бет кап жана кол каптарды чечпеңиз; - Добуш берүү жайынан сырткары жана анын ичинде 1,5-2 метр аралыкты сактоо зарыл; - Шайлоо участогуна үй-бүлѳсү менен бирге барбай, кезектешип баруу сунушталат; - Шайлоо тилкесине бара жатанда жаш балдарды ээрчитпеңиз. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:11

Ар бир шайлоо тилкесинде негизги жана кошумча автоматтык эсептөөчү куту болот

Ар бир шайлоо тилкесинде негизги жана кошумча автоматтык эсептөөчү куту бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинен 45и чет мамлекеттерде ачылган. "Шайлоо тилкелери тиешелүү жабдуулар менен камсыздалды. Ал жерде эки жабдык колдонулат: бири биометрикалык идентификациядан өткөрүүчү жабдык жана автоматтык эсептөөчү куту. Бизде 5 миң 700 автоматтык эсептөөчү куту бар. Конституциялык мыйзамга ылайык ар бир шайлоо тилкесинде негизги жана кошумча автоматтык эсептөөчү куту болушу керек", - деди ал. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

Жарандар бардык партияларды шайлоодон кийин тартипти сактоого чакырды

Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында коомдук ишмерлер, ишкерлер жана маданият өкүлдөрү бардык партияларды шайлоодон кийин тартипти сактоого чакырды. УКМКнын генерал-майору Артур Медетбековдун айтымында, шайлоо өнөктүгүндөгү көптөгөн мыйзам бузуулар жана айрым саясий лидерлердин билдирүүлөрү шайлоодон кийин башаламандыкка алып калышы мүмкүн. "Туруктуулукка чакырабыз. Коомдук-саясий абал тынч болушу керек. Сиздер жакшы билгендей бир ай ичинде кылмыштуу элементтерди колдонуу, добуш сатып алуу аракеттери менен канча мыйзам бузуулар болгон. Бир нече күн мурун Өзгөн районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Мындан тышкары, 500 миңге жакын адамга №2 форма аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Экинчиден, шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлери шайлоочулар менен болгон жолугушууларда көбүнчө радикалдарга жакын пикирлерин жана чакырыктарын айтып жатканын жакшы билесиздер", - деди Медетбеков. Медетбеков белгилегендей, көптөгөн адамдар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, митингдерге чыгышы мүмкүн. "Бүгүн жарандардан туруктуу мамлекетте тынч жашоону сурануу үчүн чогулдук. Инвесторлор туруктуу, коопсуз мамлекетке гана келишет жана туруктуу мамлекет гана андан ары өнүгө алат. Биз 2005 жана 2010-жылдары туруксуздуктун айынан өлкө артка кеткен учурду баштан кечирдик. Андыктан, келечекте мындай каталарды кетирбөө үчүн сабак алышыбыз керек", - деди ал. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышууда. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

Кара-Көл шаары: “Таза шайлоо” акциясы эң жакшы демилге болду”

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Темирбек Ажыкулов билдирди. Анын айтымында, тазалануу алгач ички дүйнөдөн, көз караштан, ой жүгүртүүдөн башталат. “Бир Бол” партиясынын курамы жаңыланганын тазалык аркылуу элге жеткирүү керек. “Биз тазалануу иш-чарасын шаар ичинде жүргүзгөн жокпуз. Себеби, Кара-Көл шаарынын кире беришиндеги чоң жолдун эки жээги таштандыга толуп кеткен. Ал жакка эч ким көңүл бурган эмес. Ошол себептен тазалыкты чоң жолдо жүргүздүк. Жолдун жээгинде жашаган жергиликтүү калк мындай ишке сүйүнүп, өзүлөрүнө жакын аймакты биз өзүбүз эле тазалайбыз деп жардам беришти. Тургундар ыраазычылыгын билдиришип, жакшы демилге көтөрүпсүздөр деп сүйүнүштү”, -деди Темирбек Ажыкулов. Иш-чарага 60тан ашык адам катышып, 10 чакырым жерди тазалашкан. Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти. “Бир Бол”, №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2 - октябрь, 2020-жыл.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

3 жаран №2 формасы менен шайлоо участогун 22 жолу алмаштырган

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн №2 формасы менен кыргызстандык 496 миң 239 жаран арыз меенн кайрылган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 2-октябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, 42 миң 386 жаран №2 формасы боюнча эки же андан көп жолу арыз менен кайрылган. Алардын ичинен: - 32 миң 500 жаран эки жолу арыз менен кайрылган; - 1967 жаран төрт жолу арыз менен кайрылган; - 872 жаран 5 жолу арыз менен кайрылган; - 3 жаран 22 жолу арыз менен кайрылган. Шайлоочулардын соңку тизмесине 3 млн 523 миң 554 адам кирди. Шайлоочу каттоодо турган жерине бара албагандыгына байланыштуу башка жерде добуш берүү үчүн шайлоо участогуна №2 формасы менен кайрылат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:12

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар шайлоодо добуш бере албайт

Кыргызстанда 18 жаштан өткөн 4 081 410 жарандын 557 856сы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере албайт. Алар биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктан шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу 2-октябрдагы басма сөз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Шайлоо берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн, 2-октябрда түн жарымда токтотулат. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды, анын 35и чет мамлекеттерде. Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. Булак: NazarNews.kg

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники