О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 13:51

Ак ийилет бирок сынбайт.

Ак ийилет бирок сынбайт.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:06

А.Шыкмаматов: “Биз ар бир кадамыбыз үчүн акыретте жооп берерибизди унутпашыбыз керек”

“ Эки жүздүүлөрдүн бет кабы чечилип, абийири кете баштады. Шайлоого аз калган сайын, саясаттагы тымызын оюндар күч алды”. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда, “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов Жумгал районуна караштуу Кызарт айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, “Бир Бол” партиясынын 98 пайызын билими, эрки жана духу бар жаштар түзөт. Сот системасын, аткаруу бийлигин тазалап, күчтүү парламент түзүү үчүн жаңы муундун, эрктүү лидерлердин командасы келиши керек. Бүгүнкү күндө коом тазаланууну, жаңыланууну эңсеп, күтүп жатат. “Элибиз 30 жылдан бери күткөн бакубат жашоо, адилеттүү коом, таза бийликке жете албай жатат. Коом мөңкүрөп, чөгүп бара жатат. Бул туңгуюктан бир гана таза шайлоо аркылуу чыга алабыз. Ошондуктан кыргызым, өз абийириңе тете болгон добушуңду сатпа! Ар бир кадамыбыз үчүн биз акыретте жооп берээрибизди унутпашыбыз керек”, – деди Алмамбет Шыкмаматов. “Бир Бол”, №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2-октябрь, 2020-жыл.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:06

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаевдин кыргызстандыктарга кайрылуусу

Бүгүн парламенттик шайлоого үгүттөө иштери аяктайт. Эми ар бир жарандын алдында шайлоого катышуу жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо турган татыктуу партияга добуш берүү милдети турат. Ушул маанилүү күндүн алдында жалпы шайлоочуларга кайрылууну туура көрдүм. Урматтуу шайлоочулар! Шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы аягына чыгайын деп калды. Баарыңыздарга 4-октябрда өлкөбүздө өтө турган парламенттик шайлоого катышып, добуш бериңиздер деп баарыңыздарга кайрылам. Шайлоонун жыйынтыгы менен мамлекеттин келечеги аныкталат. Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына кимдер келет? Коалициялык көпчүлүктү кайсы партиялар курап, аткаруу бийлиги кантип түзүлөт? Өкмөттү ким башкарат жана курамы кандай болот? Экономика өнүгүп, элдин жашоо турмушу оңолобу? Мунун баары алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы менен белгилүү болот. Ошондуктан, бардыгы элдин колунда. Менин добушум эмнени чечмек эле деп, кайдыгер мамиле жасап, жердешим, таанышым жана тууганым суранды эле деп добуш берип койбойлу! Чыныгы татыктуу партияны жүрөгүңүздөр менен тандап, татыктууларга шарт түзүп берүү менен, өлкөнүн жаңы тарых барактарын бирге ачалы. Урматтуу мекендештер! Дүйнө жүзүн каптаган пандемия биздин мамлекетти да чоң сыноого туш кылды. Бирок, апаат менен күрөшүүдө элибиздин биримдигине жана сабырдуулгуна баарыбыз күбө болдук. Азыр баарыбыздын алдыбызда солгундап калган ишкердик чөйрөнү калыбына келтирүү, өлкөнүн экономикасын көтөрүү жана элдин жашоо турмушун көтөрүү милдети турат. Ошондуктан саясат менен ашкере алектенүүнү азайтып, экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүгө болгон күчүбүздү жумшообуз керек. «Кыргызстан» партиясынын курамында саясий, коомдук ишмерлерден тартып, экономиканын реалдуу секторунун бир катар көрүнүктүү өкүлдөрү бар. Алар жумуш орундарынын кантип түзүлгөндүгүн жана социалдык-жоопкерчиликтүү ишкердиктин негизин жакшы билишет. Бул – экономикалык кризисти коштогон пандемия шартында өзгөчө маанилүү. Биз, ар бир жарандын жыргалчылыгына негизделген күчтүү жана туруктуу мамлекеттин калыптанышын каалайбыз! Элдин жыргалчылыгы – бул бүтүндөй мамлекеттин жыргалчылыгы! Коомдун биримдиги, ынтымагы жок өлкөнүн өнүгүшү мүмкүн эмес. Өлкөнүн келечеги жана элдин жыргалчылыгы негизги баалуулук болуш керек. Урматтуу замандаштар! Биз зарыл болгон реформаларды жасап, өлкөнү кризистен алып чыгуу үчүн сиздердин колдооңуздарга жана ишеним мандатыңыздарга муктажбыз. «Кыргызстан» партиясы ар бир адамдын бакубат жашоосу үчүн эмгектенет! Эгерде биздин партияга ишеним артсаңыздар, өзүбүз иштеп чыккан “Эл үчүн” программабызды толугу менен ишке ашырууга жол ачылат. Биз ар бир мекендешибизди колдойбуз жана коргойбуз. Эл алдында жоопкерчиликти моюнубузга алып, койгон максаттарыбызды аягына чыгарабыз. Сиздер биздин партияга добуш берүү менен мыйзамдуулук жана адилеттүүлүктү бекемдөө, өлкө экономикасын өнүктүрүү, жаңы ишканаларды түзүү, натыйжасыз аткаминерлердин санын кыскартуу, коррупцияны жок кылуу сыяктуу максаттарыбызды ишке ашырууга салым кошуңуздар. Андыктан 4-октябрь күнү шайлоо участогуна келип, өзүңүздүн добушуңузду жаратман «Кыргызстан» саясий партиясына бериңиздер! «Кыргызстан» партиясы №15 – куру убадалардын эмес, реалдуу иштердин партиясы. Бакубаттуу Кыргызстанды ийгиликтүү адамдар менен куралы! Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 2.10.2020)

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:06

Алтынбек Сулайманов: “Бүгүнкү тандоо эртеңки келечекти аныктайт. “Бир Бол” №13” Урматтуу мекендештер!

Элдин башкы талабы бийликке, өкмөткө жана парламентке элдин бакубат жашоосу үчүн иштеп бере ала турган адистерди алып келүү болду. Бул талапка “Бир Бол” партиясы биринчилерден болуп көңүл бурганын билесиздер. Шайлоо алдындагы тизмени түзүп жатканда заман талабына ылайык ойлоно алган, чечимдерди ыкчам кабыл алууга жөндөмдүү, өз тармагынын кесипкөй адиси болгон, бизнестеги ыңгайлуулукту, кызмат көрсөтүүдөгү ийкемдүүлүктү көрүп, өзүнө сиңирген тажрыйбалуу жаш күчтөрдү, жаңы жүздөрдү алып келдик. “Мурунку көчтүн адашканын, кийинки көч билет” демекчи, азыр жаштардын талабы, көз караштары жана маселени чечүү жолдору, биздеги салттуу ыкмалардан кыйла айырмаланып турат. Мындай өзгөчөлүк “Бир Болдун” жаңы командасында так жана даана билинип турат. Биздин команда жүрөгүндө жалы бар, эл дегенде күйүп-жанган эрктүү жигиттерден, өнүгүү жолуна гумандуу, эркин барууга умтулган кыздарыбыздан турат. Бийликти толугу менен иштин көзүн билген адистер менен жаңыртуу, инновациядан негиз алып өнүгүү, эл алдында президентти, депутаттарды жоопкер кылуу биз үчүн принципиалдуу болуп саналат. Биздин партиянын максаты – бийликтин бардык бутактарына профессионал адистерди алып келүү. Биз социалдык-экономикалык өнүгүүнүн натыйжалуу программасын киргизип, аны жүзөгө ашырууну көздөп жатабыз. Ошондой эле губернаторлорду жоюп, бийликти жер-жерлерге берип, элге партияны эле эмес, партиядагы өзү каалаган талапкерди шайлоо укугун беребиз. Ошондо бийлик менен элдин ортосундагы ажырым жоюлат. Биз өзүбүз үчүн бир катар милдеттерди алдык. Биздин башкы милдетибиз медицина кызматкерлеринин, окутуучулардын жана мугалимдердин айлык акысын эки эсе жогорулатуу. Ошондой эле, экономикада чакан жана орто бизнестин үлүшүн 70%га чейин жеткирүү, мамлекеттик аппаратка сарпталган чыгымдарды 70%га кыскартууну өз милдетибиз деп билебиз. Билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү үчүн таптакыр жаңыча көз караш менен бара жатабыз. Жаңыча чечимдер маданият тармагында да болот деп айта алабыз. Маданий элитаны жандандыруу жана колдоо максатыбыз бар. Кымбаттуу мекендештер! Шайлоого мына ушунай бийик максаттар, аруу тилектер менен бара жатабыз. Биз шайлоо эмес тандоо кылалы. Анткени бүгүнкү тандоо эртеңки келечекти аныктайт. Келиңиздер, жаркын келечекке чогу баралы! Бул максаттарды ишке ашырууга биз даярбыз! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2-октябрь, 2020-жыл.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:07

БИРИМДИК №1. 2,5 млн. шайлоочу менен жолуктук, бүт өлкө бизди колдоду, Жеңиш биз тарапта!

«Биримдик» демократиялык социализм-евразиялык тандоо партиясынын командасы үгүт кампанияга чегерилген бир айдын ичинде Кыргызстандын бардык облустарында, шаарларында жана айылдарында шайлоочулар менен беш миӊден ашуун жолугушууларды өткөрүштү. Бардыгы үгүт кампаниясынын жүрүшүндө «Биримдик» партиясы бүткүл өлкө боюнча 2,5 млн.дон ашык шайлоочулар менен жолугушту. «Биримдик» партиясынын талапкерлери менен лидерлери Төрөбай Зулпукаров, Акылбек Жамангулов, Аида Касымалиева, Улукбек Кочкоров жана башка партиянын талапкерлери жолугушуулардын жүрүшүндө ар бир кыргызстандыктын оюн угуп, аларды кызыктырган маселелерге жооп берип, «Биримдик» партиясынын идеологиясы жана пландары туурасында жана аларды чечүүнүн жолдорун айтып беришти. Жалпылап айтканда «Биримдик» партиясынын үгүт кербенинин жүрүшү учурунда өлкөнүн эӊ эле алыскы аймактарына чейин барышып, партиянын программасы менен идеологиясын Кыргызстандын ар бир тургунуна чейин жеткирүүгө жетишишти. Баарлашып, пикир алмашып, элдин суроо-талаптарын угуп, алардын колдоосуна ээ болушту. «Биримдик» демократиялык социализм жана евразиялык тандоо партиясынын үгүт кербени 4-сентябрда өлкө боюнча жүрүшүн Бишкек жана Ош шаарларынан баштаганын эсиӊиздерге салабыз. Үгүт кампаниясынын башталганына арналган расмий иш-чара өлкөнүн түндүк жана түштүк борборлорунда-Бишкектин Жеӊиш аянтында, Ош шаарындагы ыйык Сулайман-Тоодо өткөрүлгөн. №1 БИРИМДИКТИ колдоо менен Сиздер өз элиӊиздерди колдогон болосуздар. Жекшембиде 4-октябрда 8.00дөн 20.00гө чейин шайлоо участкаларына келип тизменин башындагы №1-БИРИМДИК партиясына добуш бериӊиздер. Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 2.10.2020.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:07

Жарандар бардык партияларды шайлоодон кийин тартипти сактоого чакырды

Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында коомдук ишмерлер, ишкерлер жана маданият өкүлдөрү бардык партияларды шайлоодон кийин тартипти сактоого чакырды. УКМКнын генерал-майору Артур Медетбековдун айтымында, шайлоо өнөктүгүндөгү көптөгөн мыйзам бузуулар жана айрым саясий лидерлердин билдирүүлөрү шайлоодон кийин башаламандыкка алып калышы мүмкүн. “Туруктуулукка чакырабыз. Коомдук-саясий абал тынч болушу керек. Сиздер жакшы билгендей бир ай ичинде кылмыштуу элементтерди колдонуу, добуш сатып алуу аракеттери менен канча мыйзам бузуулар болгон. Бир нече күн мурун Өзгөн районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Мындан тышкары, 500 миңге жакын адамга №2 форма аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Экинчиден, шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлери шайлоочулар менен болгон жолугушууларда көбүнчө радикалдарга жакын пикирлерин жана чакырыктарын айтып жатканын жакшы билесиздер”, – деди Медетбеков. Медетбеков белгилегендей, көптөгөн адамдар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, митингдерге чыгышы мүмкүн. “Бүгүн жарандардан туруктуу мамлекетте тынч жашоону сурануу үчүн чогулдук. Инвесторлор туруктуу, коопсуз мамлекетке гана келишет жана туруктуу мамлекет гана андан ары өнүгө алат. Биз 2005 жана 2010-жылдары туруксуздуктун айынан өлкө артка кеткен учурду баштан кечирдик. Андыктан, келечекте мындай каталарды кетирбөө үчүн сабак алышыбыз керек”, – деди ал. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышууда. - Advertisement -

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:07

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган 557,8 миң жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген эмес

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган 557 миң 856 адам шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын 1-августуна карата Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 586,6 миңге жетет. “Алардын ичинен 18 жана жана андан улуу куракта болуп, паспорту бар жарандардын саны 4 млн 81,4 миң адамды түзөт. Ошол эле учурда конституциялык мыйзамга ылайык шайлоочулардын тизмесине биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар тизмеге киргизилет. Учурда алардын саны 3 млн 523 миң 554 адамды түзөт. Биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек болуп, шайлоочулардын тизмесине киргизилбеген жарандардын саны 557 миң 856ны түздү”, – деди ал. - Advertisement -

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:07

Шайлоого катышуу үчүн 16 миң 152 жаран электрондук арыз жазган – БШК төрайымы

Шайлоого катышуу үчүн 16 миң 152 жаран электрондук арыз жазган. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 16-июлунан тарта шайлоочуларга электрондук кабинети аркылуу арыз менен кайрылуусуна шарт түзүлгөн. “16 миңдин ичинен №1 форма боюнча 20, №2 форма боюнча 16 миң 132 жаран электрондук арыз менен кайрылган. Электрондук арыздарды 3 жолу бир жаран, 2 жолу 151, ал эми бир жолу 16 миң адам берген. Эң алгачкы арыз 7-августта келип түшкөн”, – дейт ал. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышууда. - Advertisement -

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:07

Боронов: Бардык шайлоо участокторунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдер сакталышы керек

Бардык шайлоо участокторунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдер сакталышы керек. Бул туурасында КР Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде билдирди. «Шайлоо күнү шайлоо участокторуна көп сандагы адамдар келет. Ошондуктан жарандар тарабынан бардык санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын көзөмөлгө алуу керек. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымдагандай, бардык участокторго шайлоочулардын санына жараша дезинфекциялык каражаттар жана медициналык бет каптар жеткирилген. Жалпысынан 3,5 млн медициналык бет кап жеткирилген. Шайлоочу, же шайлоо комиссиянын мүчөсү болсун, ар бири санитардык талаптарды аткаруусу керек. Ошондой эле дезинфекциялык каражаттар боюнча маселе жаралбашы тийиш», – деди Кубатбек Боронов. Өкмөт башчы эскерткендей, шайлоодон бир күн өткөн соң, кенже класстардын окуучулары үчүн окуу процесси жандандырылат. «Жалпыбызга маалым болгондой, көптөгөн шайлоо участоктору мектептерде жайгашкан. Муну эске алуу менен, окуу процессин 6-октябрдан тарта, башкача айтканда, шайлоодон бир күн өткөндөн кийин жандандыруу чечими кабыл алынган. 5-октябрда ар бир мектепте, өзгөчө, шайлоо участогу жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарылат. Биз балдарды COVID-19 илдетинен коргошубуз керек», – деп белгиледи Премьер-министр. Кубатбек Боронов билдиргендей, бардык жалпы билим берүү окуу жайлары Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритм боюнча иш алып баруусу зарыл. - Advertisement -

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:07

Сооронбай Жээнбеков шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 4-октябрында өтө турчу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештерим! 4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат. Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келди. Урматтуу мекендештерим, Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл. Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды. Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду. Шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулдук. Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик. Урматтуу саясий партиялардын лидерлери, талапкерлер! Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла. Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот. »Жыгылган күрөшкө тойбойт« дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз. Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы. Урматтуу мекендештерим, Шайлоо күнү биздин өлкөбүз эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болот. Бул күн биздин өлкө тарыхында жогорку саясий маданияттулуктун күнү катары калат деп үмүттөнөм. Шайлоону улуттук ар-намысыбызды, абийирибизди сактап өткөрөлү. Шайлоого аттанып, марага чейин жеткен 16 партиянын өкүлдөрү — элибиздин ичинен суурулуп чыккан мыкты уул-кыздарыбыз. Силер үчүн элдин амандыгынан, коомдун тынчтыгынан өткөн байлык жок деп билебиз. Баардыгыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! Урматтуу шайлоочулар, Кимге добуш беребиз — ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки. Эч ким кысым жасай албайт. Ар бир шайлоочунун добушу — өлкөнүн тагдырын чечет. Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт. Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү болду. Ошондуктан, 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели! Кадырлуу калайык-журтум! Элибизде „Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт“ деген накыл сөз бар. Элибиз саясий зиректик менен, „өзүм эмес, элим үчүн“ деген максатта чыккан талапкерлерди тандап, эртеңки шайлоодо жаңылбайт деп ишенебиз. Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм. Сүйүктүү Кыргызстанбызды Жараткан Кудайым Өзү колдоп, дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!» - Advertisement -

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:08

Биримдик №1: Реалии требуют реформы государственного управления!

"Наша партия продолжит курс по проведению административно-территориальной реформы в целях образования компактной, эффективно организованной устойчивой системы территориального управления с соответствующим объемом компетенций. Текущие реалии требуют реформы системы государственного управления и самоуправления на региональном и местном уровнях для формирования системного подхода и единой общегосударственной политики по комплексному развитию регионов. Оптимизация административно-территориального устройства позволит нам добиться: - устранения дублирования в структуре государственного и муниципального управления; - повышения эффективности деятельности органов МСУ, МГА; - усиления потенциалов регионов посредством укрупнения территориальных единиц; - исключения лишних бюрократических звеньев; - конкретизацию и расшифровку вопросов местного и регионального значения; - разграничения функций и полномочий государственных органов и органов МСУ, уточнения списка делегированных государственных полномочий, четкая регламентация механизма взаимодействия органов МСУ и государственных органов и др.; - обеспечения доступности государственных и муниципальных услуг для населения; - реформы государственного сектора" - сказал кандидат от партии демократического социализма – евразийский выбор "Биримдик" Турдуназир Бекбоев. Он объяснил, что : "Такая реформа государственного сектора - реформа системы управления государственными финансами; это антикоррупционная реформа; реформа системы государственной службы; реформа государственного администрирования; реформа государственного управления в электроэнергетической отрасли; реформа государственного управления в горнодобывающей отрасли; модернизация социальной политики", - сказал Бекбоев. Ключевым звеном в системе государственного управления, по словам кандидата, являются профессиональные кадры. "Считаем крайне необходимым создать законодательные и другие механизмы по подготовке и отбору профессиональных кадров и широко использовать прозрачный механизм социального лифта, когда назначение на должность подтверждается прохождением обучения, тестирования, практической работой и чистотой морального облика", - говорит он. Первым шагом в совершенствовании прохождения на государственную службу уже введена новая конкурсная система отбора кадров. Так, в государственные и муниципальные органы теперь будут направляться только один кандидат, набравший наибольшее количество баллов. Для этого процесс конкурсного отбора максимально цифровизирован. В целях исключения человеческого фактора все этапы прохождения конкурса автоматизированы. Здесь же будет продолжена политика привлечения молодёжи в ряды государственных служащих. Новое веяние имеет особую роль в развитии нашей страны. Поскольку будущее за молодежью, необходимо верить и ценить их прогрессивную силу". Карьерный рост чиновников, как обратил внимание Турдуназир Бекбоев, в обязательном порядке должен сопровождаться последовательным прохождением всех должностных степеней иерархии государственной службы с обязательным соблюдением профессиональной преемственности. По мнению Бекбоева, необходимо принять закон о стратегическом планировании и закон об ответственности должностных лиц всех ветвей власти и руководителей государственных предприятий. Важно постоянно расширять и внедрять новые формы взаимодействия и общения между властью и обществом с учетом новых технологий. Власть и народ не должны быть разделены, мы должны научиться слушать и слышать друг друга, выстроить систему оперативной обратной связи между обществом и государством, работать на общие цели. Оплачено из избирательного фонда политической партии "Демократическая партия "Биримдик" (Единство)" уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:08

Партия "Мекеним Кыргызстан" №4: с нами 1500000!

За время агитационной кампании партия "Мекеним Кыргызстан" провела свыше 1500 встреч с избирателями. На организованные мероприятия пришли свыше 2 миллионов людей, из них 1,5 миллиона кыргызстанцев готовы поддержать партию "Мекеним Кыргызстан". Об этом сообщили в политорганизации. "На встречах люди, в основном отмечали нашу программ. Особенно кыргызстанцы поддерживают сокращение количества депутатов в два раза" – сказал представитель партии "Мекеним Кыргызстан" Партия "Мекеним Кыргызстан" №4 выражает всем кыргызстанцам благодарность за их поддержку! Спасибо! Оплачено уполномоченным представителем по финансовым вопросам партии "Мекеним Кыргызстан Джайчиевой Гульбарчин Эр Турсуновной из средств специального избирательного фонда Политической партии "Мекеним Кыргызстан"

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:08

Жээнбеков: Эти выборы должны быть справедливыми!

Президент Сооронбай Жээнбеков: Эти выборы должны быть справедливыми, отражающими свободное волеизъявление наших граждан Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков выступил с обращением к кыргызстанцам в связи с предстоящими выборами депутатов в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики, которые состоятся 4 октября 2020 года. Ниже текст обращения Главы государства: " Уважаемые соотечественники! 4 октября мы будем избирать депутатов в Жогорку Кенеш. Центральная избирательная комиссия, Республиканский штаб при Правительстве, местные избирательные комиссии выполняют свои обязанности в рамках законодательства. Агитационная кампания велась в условиях высокой политической конкуренции. Пришло время, когда голос каждого избирателя будет иметь решающее значение. Качественный состав будущего парламента окажет прямое влияние на развитие нашей страны в ближайшие пять лет. Поэтому каждый из нас обязательно должен воспользоваться своим правом выбора. Эти выборы должны быть справедливыми, отражающими свободное волеизъявление наших граждан. Для достижения данной цели были созданы все условия. За год до выборов была определена правовая база. Правила выборов были заранее известны политическим партиям и избирателям. Мы стремимся обеспечить справедливость выборов не только во время голосования и подведения итогов, но и на всех этапах выборного процесса. Мы ввели новые нормы в законодательство с целью профилактики нарушений закона, привлечения к ответственности за незаконные действия и предотвращения использования административного ресурса. Уважаемые лидеры политических партий, кандидаты! Для всех партий были созданы равные условия для проведения агитационной кампании. Не было никаких препятствий для выражения политических позиций и взглядов. Призываю вас не выходить за рамки избирательного законодательства. Не забывайте о том, что подкуп голосов преследуется по закону! В любой борьбе обязательно будет победившая и проигравшая сторона. Уверен, что проигравшие не пойдут на поводу своих личных амбиций и не станут провоцировать раскол в обществе, наносить вред миру и стабильности в стране. Не будем забывать, что будут приняты все решительные меры в рамках закона в отношении тех, чьи действия будут угрожать единству народа, межнациональному согласию, целостности нашего государства и верховенству закона. Дорогие соотечественники! В день выборов к нашей стране будет приковано внимание всего международного сообщества. Надеюсь, что этот день останется в истории нашей страны как день проявления высокой политической культуры. Давайте проведем выборы, не роняя нашей национальной чести и достоинства. Представители 16 партий, принявшие участие в выборной гонке и достигшие победы, - достойные сыновья и дочери нашего народа. Мы считаем, что для вас нет высшей ценности, чем благополучие людей и спокойствие в обществе. Для всех нас интересы страны превыше всего! Уважаемые избиратели! За кого мы отдадим свои голоса - это личное решение каждого, его личное волеизъявление. Никто не имеет права оказывать давление или навязывать свое мнение. Голос каждого избирателя решает судьбу страны. Определяет политическое, экономическое, социально-культурное направление развития государства. Программа и перспективные цели каждой партии, участвующей в выборах, ясны. Поэтому 4 октября каждый из нас должен сделать свой политический выбор! Дорогие мои сограждане! Уверен, что мы проявим политическую проницательность и не ошибемся с выбором, отдав свой голос за тех, кто будет служить не своим интересам, а интересам народа. Каждому из вас желаю крепкого здоровья, благополучия и успехов. Пусть Всевышний оберегает наш любимый Кыргызстан и на нашей благодатной земле всегда царит мир!"

Подробнее
2 октября 2020 г. 15:19

Обращение к членам ЦИК Кыргызской Республики

Обращение к членам ЦИК Кыргызской Республики Право избирать и быть избранным является неотъемлемым правом каждого гражданина Кыргызской Республики, закрепленным в Конституции. Институт свободных, справедливых и демократических выборов – это то, что привело все нынешние развитые страны к процветанию. Он позволяет обществу избегать социальных потрясений, незаконной смены власти и двигаться по пути прогресса. Именно манипуляции с выборами и искажение воли народа были основными причинами двух революций в стране. Избирательный процесс в Кыргызстане прошел много стадий своего развития. От массовых фальсификаций и каруселей нам удалось избавиться внедрением новых технологий. Однако на сегодня не устранена главная угроза для легитимности выборов – подкуп голосов избирателей, который с каждыми выборами становится все более циничным, изощренным и масштабным. В Кыргызстане отдельными политическими силами создана целая индустрия по покупке голосов, где крутятся миллиарды сомов, заняты тысячи людей, а самое страшное, что все это делается на коррупционные деньги олигархов и воров. На выборах Жогорку Кенеша 2020 года масштаб покупки голосов вышел на невиданный доселе уровень. В стране не осталось ни одного человека, который об этом не знает, который бы не был куплен или не знал людей, продавших свои голоса. Но ЦИК закрывает на это глаза и не видит, что выборы превращаются в фарс. Полмиллиона избирателей сменили свой избирательный адрес, такого не было никогда в истории. Это разъедает моральные устои общества, вызывает полное неверие в результаты выборов, как реального волеизъявления граждан, разрушает сам институт выборов. Если не поставить заслон этому явлению, это неизбежно приведет к насильственной смене власти. Именно ЦИК должен контролировать прозрачность и справедливость выборов в стране. Остановить покупку голосов невозможно никакими штрафами и предупреждениями. Только создав прецедент снятия партий и кандидатов за покупку голосов, можно вернуть доверие граждан к избирательному процессу, восстановить легитимность выборов и предотвратить дальнейшее ухудшение ситуации. Будущее страны в ваших руках. Партии Биримдик, Кыргызстан, Мекеним Кыргызстан и Республика были уличены в покупке голосов избирателей. Прямо сегодня также были вскрыты факты покупки голосов отдельными политическими партиями. Заведены уголовные дела. Партия Реформа требует от ЦИК рассмотреть все эти ФАКТЫ на экстренном заседании и снять замешанные в подкупе голосов партии с избирательной гонки. Политическая партия Реформа

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:09

БИРИМДИК №1 поддерживает молодежь, а молодежь поддерживает БИРИМДИК №1

Кажется, что никому и никогда не удавалось раньше вовлечь столько молодых людей в процесс принятия политических решений. Молодые кыргызстанцы массово собрались на выборы 4 октября. В это воскресенье на избирательных участках они выберут свое будущее, которое сами же и будут строить. Хочешь получать высоконкурентное образование? Не искать заработков вдали от Родины и родных, а реализовывать свои мечты в своей стране? Хочешь приносить пользу своим близким и развивать Кыргызстан? БИРИМДИК №1 открывает тебе двери. Присоединяйся к нашей команде молодых, амбициозных и перспективных. Вместе мы сможем все! Важно - даже если тебе всего 18 и ты впервые получил свое право голосовать – это право полноценное. Как полноценна и ответственность, которую придется нести, если кто-то другой за тебя решит, как тебе жить. Выбирая будущее 4 октября – выбирайте правильно. Поддерживая БИРИМДИК №1, вы поддерживаете нашу молодежь! Оплачено из избирательного фонда политической партии "Демократическая партия "Биримдик" (Единство)" уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники