О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:38

ШАЙЛОО ФОНДДОРУНА ТҮШҮП ЖАТКАН КАРАЖАТТАР БИР ГАНА УЛУТТУК ВАЛЮТАДА КАБЫЛ АЛЫНЫШЫ КЕРЕК

Саясый партиялардын алардын шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддору боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы ченемдердин талаптары жөнүндө маалымат “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, “ Шайлоо фонддорун түзгөн бардык акча каражаттары банктык же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен саясый партия, талапкер тарабынан ачылат . Шайлоо фонддоруна түшүп жаткан каражаттар бир гана улуттук валютада кабыл алынышы керек . Көрсөтүлгөн эсептерге кирешелер кошулуп эсептелбейт жана төлөнбөйт” деп көрсөтүлгөн. Жогорку берененин 6-бөлүгүндө “Банктык же башка мекемелердин тизмеси, ачуунун тартиби, көрсөтүлгөн эсептерди жүргүзүү, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча отчеттуулугу жана эсеби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан банктык же башка мекемелер менен макулдашуу аркылуу ишке ашырылат” деп көрсөтүлгөн. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катыша турган саясый партиялар үчүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлдагы №127-токтому менен, ААК “Айыл Банк” жана ААК “РСК Банк” шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банктык мекемелер катары аныкталган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, “Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана алардын кызматтагы адамдары ушул Конституция жана мыйзамдар аркылуу аныкталган ыйгарым укуктардан чыга алышпайт”. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөгү Жобонун ченемдеринде, саясый партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүүсү үчүн банктык мекемеде мультивалюттук эсепти ачууга БШКнын уруксат берүүсү боюнча ыйгарым укуктары эске алынбайт . “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 3-бөлүгүнүн онунчу абзацына ылайык, “Анонимдүү… сый акыларга тыюу салынат (анонимдүү сый акы берүүчү катары төмөнкү маалыматтардын бирин көрсөтпөгөн жаран эсептелет: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттогу маалыматтарын, ошондой эле ал өзү жөнүндө туура эмес маалыматтарды билдирсе) . Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык, “..Саясый партиянын, талапкердин атайын эсебине каражаттын түшүүсү жана сарпталышы тууралуу маалымат, персоналдуу маалыматтар жана банктын жашыруун сыры жөнүндөгү мыйзамды эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга жатат. Бул үчүн аны БШКнын расмий сайтында жарыялоо боюнча сый акы төккөн адамдын макулдугун алуу талап кылынат, мындай жагдай “Персоналдуу мүнөздөгү маалыматтар жөнүндөгү”КР мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүндө жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” КР мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүндө эске алынган. КР БШКнын көзөмөлдөө-ревизиондук тобуна “РСК Банктын” жана “Айыл Банктын” берген маалыматтары боюнча, Кыргыз Республикасынын убактылуу чет өлкөлөрдө жүргөн же жашаган жарандары тарабынан саясый партиянын шайлоо фонддоруна өз эрки менен сый акы жасоону каалагандарга мыйзам тарабынан эч кандай тоскоолдук жок. Алар банктын транзиттик эсебин акча каражаттарын чет элдик валютада которуу, аларды андан ары конвертациялоо жана саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине улуттук валютада которуу үчүн колдоно алышат. Ошол эле учурда мындай которууну анонимдүү деп эсептебеш үчүн, “төлөмдүн дайындамасында” өз фамилиясын, атын жана атасынын атын, туулган жылын, жашаган жеринин дарегин (каттоосун), ID паспорттун/жалпы жарандык паспорттун сериясын жана номерин, ошондой эле аларды БШКнын сайтында персоналдуу маалыматтарды жана банктык жашыруун сыр жөнүндөгү мыйзамды эске алуу менен, расмий жарыялоого уруксат берген макулдугун көрсөтүү зарыл. КР БШКнын көзөмөлдөө-ревизиондук тобунун чечими менен, саясый партияларга сый акы бере турган жарандар менен маалыматтык – түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Кыргыз Республикасындагы саясый партиялардын шайлоо фонддорун түзүү боюнча мыйзам талаптары жөнүндө, шайлоо алдындагы кампанияны каржылоонун максаты – шайлоо процессинин финансылык ачык-айкындык принциптерин сактоо экендигин жеткирүү сунуш кылынды. Саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлөө боюнча ыйгарым укуктуу банктардын өздөрүнүн расмий сайттарына саясый партиялардын шайлоо фонддоруна сый акы бергиси келген жарандар үчүн маалыматтарды жайгаштыруу, саясый партиялардын атайын эсептерине өз эрки менен акча каражаттарын которуунун процедуралары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен саясый партиялардын шайлоо фонддорун түзүү боюнча жана шайлоо процессинин финансылык ачык-айкындык принциптерин сактоо менен иш алып баруу сунуш кылынды. КР БШКнын Көзөмөлдөө-ревизиондук тобу

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

Алмамбет Шыкмаматов: “Өлкөдө пандемияга байланыштуу өкүнүчтүү окуяларга тиешеси барлар сөзсүз жазаланышы керек”

"Пандемия биздин саламаттыкты сактоо системабыз канчалык деңгээлде талкаланып калганын көрсөттү. Биздин мамлекеттин саламаттыкты сактоо тармагында көптөгөн жылдар бою колдонуп келген ыкмасы толугу менен эскирген ". Бул тууралуу Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов билдирди. “ Саламаттыкты сактоо системасы учурда инерцияга гана байланып турат. Ошондой эле пандемия биздин өлкөдө кадрдык саясаттын кыйраганын көрсөттү. Карапайым калк оор күндөрдө кыйынчылык менен өздөрү күрөшүп, адамдар өлүп жатканда чиновниктер да, мамлекеттик аппарат дагы жоопкерчиликсиз экенин, кесипкөй эместигин жана алсыздыгын көрсөттү. Буга жооптуу чиновниктер бул убакта ички структуралык териштирүүлөр менен алек болуп, эл аралык жардамдарды ысырап кылып жатышты” , - деп белгиледи ал. А.Шыкмаматов ошондой эле пандемиянын кесепеттерине байланыштуу болуп жаткан окуяларга тиешеси барлардын баарын жазалоо керектигин белгиледи. "Биз объективдүү, калыс комиссия түзүп, ушул тармактагы бардык көйгөйлөрдү табышыбыз керек. Тиешелүү жетекчилер даярдыктарды көрүп, адам өмүрлөрүн сактоонун ордуна башка иштер менен алек болушту", - деди А. Шыкмаматов. Жыйынтыгында “Бир Бол” партиясынын талапкери жана көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчы приоритеттүү милдеттерди белгилеп өттү. "Күчтүү жана катаал чаралар менен гана биз мамлекеттик аппараттын бардык тармактарында болуп жаткан башаламандыкты токтото алабыз. Ал үчүн бизге парламентте ар-намысты, абийирди бардык нерседен жогору койгон эрктүү жаңы күчтөр керек. "Бир Болдун" жаңы лидерлери эч качан бийликтеги саясий топтордун жолун жолдошпойт, алардын туруктуу ички ишенимдери бар. Бул ишенимдерин алар таза абийир менен коргоого даяр" , - деди «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов. Эске салсак, бүгүн 6-сентябрда "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкерлер Ош шаарында шайлоочулары менен жолугушту. Иш-чара "Киргизия" кинотеатрында өттү. Жолугушуунун алдында талапкерлер жана партиянын жергиликтүү активдери Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде болушуп, зыярат кылып, куран окушту. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 5-сентябрь, 2020-жыл. 21:17 06-09-2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

"Мекеним Кыргызстан" шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүп, депутаттардын санын кыскартат

Элибиз – эң башкы байлыгыбыз! Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. "Мекеним Кыргызстан" партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: - Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; - Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; - Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; - Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү; - Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. "Мекеним Кыргызстан" ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан "Мекеним Кыргызстан" шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого киришет. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 16:22 06-09-2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

Гүлмира Шакирова, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер: "Саламаттыкты сактоо тармагын көтөрүү зарыл. Пандемия байлыгың да, бийлигиң да жаныңа аралжы боло албастыгын көрсөттү"

- Гүлмира айым, алгач өзүңүздүн башталгыч кызмат жолдоруңуз тууралуу айтып берсеңиз... - Мен буга чейин көп эле жооптуу кызматтарда иштедим. Жогорку окуу жайда сабак бердим, ар кандай эл аралык долбоорлордо жетекчи болдум. Негизинен аткаруу бийлигинде көбүрөөк иштедим. Бир жолу да эскертүү же дарегиме жогору жактан сын уккан жокмун. Кайсы тармакка жөнөтсө кыйылбастан кызмат кылдым. - Эмне үчүн " Мекеним Кыргызстан" партиясы н тандап алдыңыз? - "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен шайлоого эле эмес, буюрса, чоң саясатка багыт койдум десем болот. Анткени элдин ишенимине ээ болуп, эл өкүлү болуу чоң жоопкерчилик. Мен абдан ойлонуп, анан ушул партияны тандадым. Биринчиден, бул партиянын элге жакындыгы, элдин көйгөйүн чечүүнү колго алганы, жакындан жардам берип, кыйын мезгилде кылчактабастан кол сунган, калктын кызыкчылыгын биринчи орунга койгон программасы жакты. Экинчиден, ушул партияга кызыккандар колдогондор арбын экенин сездим. Үчүнчүдөн, мен сыяктуу эле "Мекеним Кыргызстан" партиясы дагы алгачкы жолу парламентке ат салышып элдин элегинен өтүп жатат. Кээ бир партияларга окшоп айтканы менен жасаганы дал келбей, элди тажатып, көңүлүн калтыра элек. Бир сөз менен айтканда, жыдый элек. Ошондуктан мен да саясий кадамды жаңы партия менен баштайын деген чечимге келдим. - Кудай колдоп парламентке келип калсаңыз кандай долбоорлорду ишке ашырасыз? - Кудайым буюруп, парламентке келип калсам, ар кандай тоскоолдуктардын негизинде ишке ашпай жүргөн эки эл аралык долбоорумду ишке ашыруунун аракетин көрөм. Биринчиси, калкты сапаттуу дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча бирдиктүү электрондук база түзүү. Экинчиси, түрктөрдүн дары-дармектер боюнча агентствосу 5 миллион долларлык медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди бизге бекер берүүгө макул болгон. Буюрса, жакында алып келип, калктын саламаттыгын чыңдоого салым кошом. - Элдин элегинен өтүп, депутат болуп калса ңыз шайлоочуларыңызга кандай пландар бар? - Элдин элегинен өтүп, депутат болуп калсам, республика боюнча ооруканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздап, калкты жылына эки жолудан милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүүнү пландап жатам. Антпесек ааламды каптаган апаатта көйгөйдүн баары алаканга салгандай ачыкка чыгып калды. Мындан ары медицинага мындай мамиле кылууга жол жок экени сокурга дагы көрүндү. Чындыгында медицина көз жаздымда калганына баарыбыз күбө болдук. - Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдетинен кийин кандай ойлор сизди туңгуюкка жетеледи? - Пандемиядан Кудайым колдоп аман-эсен чыгып алалы. Бирок ушундай айттырбай келген апаатка даяр болуу керектигин, жашоодо өмүрдөн, ден соолуктан кымбат эч нерсе жок экенин айгинеледи. Байлыгың да, бийлигиң да жаныңа аралжы боло албастыгын, адамдар бири-бирине кымбат экенин, жоготуу оор болорун билип, бири-бирибизге аяр мамиле кылып, сак болууну үйрөндүк. Буюрса, элди түйшөлткөн бардык маселени чогуу чечип, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошобуз деген ниеттемин. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасы кагаз бетинде эмес, иш жүзүнө ашат деген ишеничтемин. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 16:09 06-09-2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасында коронавирус пандемиясынан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштары. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди. Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризиси байкалууда. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүнү каалайбыз жана даярбыз. Себеби "Мекеним Кыргызстан" – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. "Мекеним Кыргызстан" партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. Кыргыз элин кандай негизги көйгөйлөр түйшөлтүп жатканына биз дайыма абай салып турабыз. "Мекеним Кыргызстандын" командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар. "Мекеним Кыргызстан" партиясы нын максаты : Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу; Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу. Приоритеттери : Жеке эркиндик; Экономикалык эркиндик; Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу; Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик; Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. Принциптери: Улуттук кызыкчылыктарга приоритет; Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык; Либералдык-плюралисттик башкаруу; Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик; Рационализм жана прагматизм; Бардар эл жана бакубат өлкө. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан "Мекеним Кыргызстан" партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 14:43 06-09-2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы БШКны сотко берди

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берди. Маалыматты партиянын басма сөз кызматынан ырасташты. Ошондой эле бул боюнча партиянын лидери Адахан Мадумаров маалымат жыйында кеңири айтарын кошумчалашты. Азырынча маалымат жыйын качан болору белгисиз. 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, анда БШКнын жумушчу тобу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин түзүүдө катачылык кеткендиги үчүн каттоодон баш тартуу сунушун берген. БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдогон. Буга чейин экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган. Анда Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген талапкерлердин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан. 2-сентябрда БШКнын жыйынында эск-депутаттын арызы каралып, ал канааттандырылган эмес. 18:37 05-09-2020 Автор: Бактыгүл Момбекова

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

"Ааламга кеткен жол айылдан башталат"

“Ааламга кеткен жол айылдан башталат” демекчи, айыл жергесинен ааламга аты чыккан улуу инсандар, мекен үчүн опол тоодой эмгек кылган не бир таланттуу адамдар чыккан эмеспи. “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов баштаган партиянын татыктуу талапкерлери 4-сентябрь күнү алыскы Ак-Талаа районуна барышты. Кыргыз элинин колдоосуна татыган эң таза, жаратман партиянын лидери Жеңиш Өмүргазиевич дал ушул айтылуу Ак-Талаа районунун кулуну экенин жалпы эл жакшы билет. Демек, “Замандашчылар” бул алыскы райондон үгүт иштерин баштап жатканы бекеринен эмес. Ак-Талаанын эли өз уулу Жеңиш мырза баштаган талапкерлерди абдан жылуу кабыл алып, кучак жайып тосуп алышты. Бул райондун бир топ жаштары “Замандашчыларды” ат минип коштоп жүрүштү. Жеңиш мырза 9 жашында айрылган атасынын кабырына барып, арбагына таазим кылып, куран окуду. Чынында Ак-Талаа эли үчүн “Замандаш” партиясынын үгүт иштери дал ушул райондон башталганы абдан кубанычтуу жана тарыхый окуя болуп калды десек жаңылышпайбыз. Биринчиден, бул партияны 2015-жылдан бери ушул даражага жеткирип, аброюн көтөргөн Жеңиш Молдокматов ак-талаалыктардын эле эмес, бүткүл кыргыз элинин сыймыктанган уулу. Экинчиден борбор шаарыбыздан алыс жайгашкан бул райондон бир топ жылдан бери бир да адам Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлана элек. Ушундан улам, ансыз да шарты катаал Ак-Талаа районунун көйгөйлөрү чечилбей көз жаздымда калып келет. Мына ошондуктан, ак-талаалыктар Жеңиш мырзадай камчыга сап уулун Жогорку Кеңештен көрүүнү көптөн бери эңсеп келишкен. “Замандаштын” лидерлери Жеңиш Молдокматов, партия негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун жубайы Чынара Шейшекеева, Умбеталы Кыдыралиев, Айсулуу Мамашова жана башка талапкерлер калың эл менен жолугушуп, партиянын программасын айтып беришип, элдин көйгөйүн угушту. Жеңиш Молдокматов сөз кезегинде буларга токтолду: - Мухтар Өмүракунов партияны түзүп жатып, сыртта жүргөн өзүнүн боордошторун көрүп, “мекениме жардамым тийсе экен” деп тилек кылды эле. Өзгөчө пандемиянын айынан мамлекетти өнүктүрүү боюнча, мыкты реформалар жасалышы керектигин ачык көрүндү. Биздин карыялар да өнүккөн мамлекеттердин карыяларындай, эл-жер кыдырып, саякаттап, татыктуу карылыкты өткөрүшү керек. Өлкөбүздө дүйнөлүк стандартка жооп бере турган мектептер курулушу керек. Биздин катарда кесипкөй, професионалдуу мугалимден баштап генералдарга чейинки өз ишин мыкты билишкен талапкерлер бар. Шайлоо деген күрөш, бул шайлоодо жеңишке жетебиз деген максатта шайлоого аттанып жатышат. «Замандаш» он жылдап кылган эмгеги жана тарыхы бар таза партия, биз куру убадаларды бербейбиз. Биз берген убадаларыбызды толук аткарабыз. Мамлекетибиздин өнүгүүсүнө биз салым кошпосок, ким салым кошот? Урматтуу элим, добушуңарды акчага сатпагыла! Сиздердин добуш жалпы элибиздин келечеги. Келечегибизди 2-3 миң сомго баалап, соодалашпаңыздар. Чынында мамлекетибиздин келечеги сиздердин колуңуздарда. Ар дайым биримдикте болуп, өлкөбүздү бирге өнүктүрөлү, урматтуу асыл элим! Жеңиш мырза баштаган талапкерлер райондогу ар кандай көйгөйлөрдү чечүү жолдорун райондун тургундары менен бирге талкууга алышты. Аткаруучу: "Замандаш" саясий партиясынын маалыматтык штабы. Дареги: Бишкек шаары, Жал кичи району 23, 28. Кардар: "Замандаш" саясий партиясы. Нускасы: 3. 2020-жылдын 4-сентябрында өндүрүлгөн. "Замандаш" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Гүлнара Буларбековна тарабынан төлөнгөн (Күбөлүк №97, 10.08.2020-жыл). 18:02 05-09-2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

Кылыч Исамамбетов, "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: "Алдыбызда азыраак уктап, көбүрөөк иштей турган күндөр турат"

- Саламатсызбы Кылыч мырза. Алдыда чоң саясий маарага аттанып жатасыз, сиздин пландарыңыз өзгөргөндөй болуп кетти. Чечимдердин өзгөрүлүшүнө өзүңүз себеп болдуңузбу? - "Бирик" партиясы алдыдагы шайлоого өз алдынча катышууга ниеттенген. Бирок бардык оң жана терс тараптарын салмактап чыгып, башка партия менен альянста шайлоого баруусу туура болот деген бирдиктүү чечимге келген. «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин биз Жогорку Кеңештин шайлоосуна «Мекеним Кыргызстан» партиясынын туусунун алдында баралы деген чечим кабыл алдык. - “ Биз – чоң окуялардын жана майда кишилердин доорунда жашап жатабыз ” дегендей кылдыңыз, кандайча? - Ооба, биз – чоң окуялардын жана майда кишилердин доорунда жашап жатабыз. Дүйнөдөгү элдерден айырмалап турган жалгыз нерсебиз – КЫРГЫЗ экендигибиз. Кыргыз экендигибиздин далилдөөчүсү эң башкысы тил, анан каада-салттарыбыз. Байыркы улуу элдин урпагы катары мен эмнеден уялам? Туш тараптан агылып кирген түркүн агымдар, чоочун идеологиялар кичинекей бейиштей жерибизди, анын ичинде жашаган улуу элибизди каалашынча пайдаланып, кул мүнөз кылып, элдик уулдарды бири-бирине тукуруп жатканынан уялам. Кыргызда "кечээкиге караганда жакшымын" деген жакшы сөз бар. Биз өзүбүздү өзүбүз сооротуп отуруп, эгемендүүлүк алган 30 жылды өткөрдүк. - "Азия арстандары" аталып келген Азия мамлекеттерге көзөмөл салып, тажрыйба алып келдиңиз. Биз менен айырмачылыгы кандай экен же алар менен бизди “кыялкеч” кыргыздар менен салыштырса болобу? - Мен дагы индустриалдашкан жана азыркы учурда "Азия арстандары" аталып келген Азия мамлекеттеринин тажрыйбалары тууралуу көп окуп, көрүп жана изилдеп келдим. Гонконг, Сингапур, Түштүк Корея, Тайвань өз жолунун башында биздеги сыяктуу эле көрүнүштөргө кириптер болуп турушкан. Бирок алар алдыга чыга алышты. Биз болсо бир орунда айланчыктап жүрөбүз. Биз абдан көп кыялданабыз, бирок аракетибиз чабал. Уктап турсак эле өлкөбүз Сингапур болуп калбайт. Алдыбызда азыраак уктап, көбүрөөк иштей турган күндөр турат. Эгерде өлкө ичинде кимдир-бирөө кыйналып жашап жатса, анда калганыбыз кантип жакшы жашап жатабыз деп айта алабыз. - Негизи Кыргызстанда мыйзамдардан баш айланып, тактыктын таразы сынып калгандай. Дегеле мыйзамдарды өзгөртүүнүн зарылчылыгы барбы? - Мен чечкиндүү, координалдуу реформалар үчүн умтулам, өзгөчө экономика, санарип технологиялар тармагында. Мыйзамдарды түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Өнөктөш өлкөнүн президенти Путин мырза "СССРди ойлобогон кишинин жүрөгү жок, СССР кайра болсун деген кишинин мээси жок" деп таасын айткан. Андыктан элибизди коммунизм, социализм өңдүү куру кыялдарга эмес, жаңыланууга үндөгөнүбүз туура болот. Таажы вирусунун пандемиясы, тагыраак айтканда карантин учуру санариптештирүү – бул келечек эмес, азыркы учурдун талабы экенин айгинелеп койду. Бул багытта "Мекеним Кыргызстан" партиясы өзүнүн шайлоо алдындагы программасына басым жасап жаткан либералдуу мамиле кылуу – ал мамлекет үчүн заманбап жана зарыл нерсе болууда. - Алдыдагы жарышта сиз тандаган "Мекеним Кыргызстан" партиясы шайлоочуларына берген убадасын убагында аткара алабы? - Шайлоо кампаниясына күчтүү командалар катышат. Демек, биз тандаган "Мекеним Кыргызстан" партиясы шайлоо жарышында алдыга озуп чыккан партиялардын бири болууга толук кубаты жетет деп эсептейм. Саналуу күндөрдөн соң шайлоого үгүт иштери башталат. Мен бардык партияларды бири-бирибизге душман болбоого чакырат элем. “Сокурдун тилегени эки көз” дегендей, баарыбыздын ой-тилегибиз бир – бул Кыргыз өлкөсүн өстүрүп, өнүктүрүү. Бирок кантип? Салижан Жигитов агабыз айткандай, “кыргызга чукуганга чыбыктын кереги жок, сөөмөйү жетиштүү”. Сөөмөйүбүздү жумуп, ичибизден бузулуп, ыркырашып, бирибиз позиция, бирибиз оппозиция деп элдин башын айлантпайлы, кыргыздын улуу, эркиндикти туу туткан эл экенин эсибизден чыгарбайлы. Бүгүн, азыр, ушул жерден таза баракка тарых жазып, өсүп-өнүгүүнүн жолуна түшөлү. Эртең кеч болуп калат. Бизде бир гана менен бар – ал Кыргыз өлкөсү. Биз качан гана гүлдөгөн өлкө курганда, урпактарыбызга талыкпай эмгектенгенибиз тууралуу айтып беребиз. - " Мекеним Кыргызстан" партиясы чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улай алабы? - Туура, кыргыз буту баспаган жер калбады. Дүйнө жүзүнө чачылдык. Демек, биз бул шайлоодо күчтүү адамдар менен күчтүү парламентти курабыз. Күчтүү парламент күчтүү өлкө болот. Чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улайбыз. Мына ошондо ар бирибиз менин МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН, мен Кыргыз өлкөсүнүн жаранымын деп сыймыктанабыз! Сөзүмдү мекенин сүйгөн кытайлык кыргыздын төрт сап ыры менен аяктасам. Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз, Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз. Чөп болдук жер тандабай өсө берген, Булуттай аалам кездик, чачылдык биз. Кырылып бара жатып тирилдик биз, Бөлүнүп бара жатып бириктик биз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 17:40 05-09-2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

"Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлеринин толук тизмеси

"Кыргызстан" саясий партиясынын 19-августта өткөн VII курултайында парламенттик шайлоого ат салыша турган талапкерлердин тизмеси жашыруун добуш аркылуу бектилген. Анын жыйынтыгы менен "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесине 102 адам кирген. Алар тажрыйбалуу саясатчылар жана ар кайсы тармакта ийгилик жараткан көрүнүктүү адамдар. Тизмеде мыйзамда көрсөтүлгөндөй, гендердик жана улуттар аралык баланс сакталып, талапкерлердин 15 пайызын жаштар түзгөн. "Кыргызстан" саясий партиясынын атынан шайлоого аттанган талапкерлердин толук тизмеси: Исаев Канатбек Кедейканович Мамытов Талант Турдумаматович Алимбеков Нурбек Каарыевич Кулматова Наталья Анатольевна Турсунбаев Азизбек Атакозуевич Чойбеков Руслан Нуркалиевич Жумабеков Дастанбек Артисбекович Султанбекова Чолпон Аалыевна Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович Төлөнөв Данияр Эрмекович Иминов Ахрор Хикматиллаевич Байтерекова Майрамкүл Анарбековна Айдаров Салайдин Абдираевич Исмаилов Алтынбек Бердибекович Масабиров Таалайбек Айтмаматович Дөлөталиева Дамира Темирбековна Асанов Макен Тойчубекович Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич Малабаев Аргынбек Жумабекович Ибраимова Атыркүл Нурматов Кубанычбек Советович Байбакбаев Экмат Журукпаевич Виндиза Якуб Рамзаевич Кемелбекова Зухра Ахматжановна Сарыбаев Алмаз Айылчиевич Төрөмаматов Жусубали Кыргызбаевич Икрамов Тазабек Икрамович Атабекова Асель Мамышовна Исаев Жаныбек Базаркулович Эргешов Алмазбек Манасбекович Кенекеев Дайыр Атагулович Ниязалиева Дамира Абаскановна Маркабаев Эрмек Карасаевич Абдылдаев Кадырбек Жалалович Саматов Жыргалбек Алимбаевич Молдоева Жибек Эдилбековна Досалиев Акуналы Атамырзаевич Жаманаков Талант Жаманакович Иманкулов Эркин Токтаалиевич Казакбаева Асель Саматбековна Жунусалиев Рамис Майрамбекович Исмаилов Каныбек Арзибекович Токторов Алмазбек Сатиевич Маратова Наргиза Маратовна Жунушев Жолдошбек Маликович Жакыпов Мирлан Мустафаевич Аматбеков Мирлан Толонбаевич Уметова Эльмира Мухамедиловна Нургазиев Эрмек Белекович Молдошев Руслан Алдашевич Махмануров Абдухолик Абдулхаевич Матибраимова Венера Райымкуловна Таштемиров Садыр Таштемирович Токтогулов Алмаз Анварбекович Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Адылова Сабина Набиевна Райымбеков Алмаз Болотбекович Назаров Айтмамат Кошоевич Мырзаканов Кубан Нуржанович Качкынбаева Касиет Болотовна Сартбаев Канатбек Рыскелдиевич Бошкоев Жусуп Бейшекадырович Эдигеев Жеңишбек Кубанычбекович Абдыкеримова Айзада Базаркуловна Илимбек Кубанычбек уулу Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич Орозбаев Мирлан Кубатбекович Элайым Мирлан кызы Абдырахманов Марс Рысбекович Суеркулов Жээнбек Усенбекович Алымжанов Айбек Орозбекович Исаева Жамиля Кубанычбековна Нааматбеков Тилек Нааматбекович Жумаев Алтынбек Токтомуратович Идрисов Сталбек Мажинович Султаналиева Айзада Темирбековна Каныбеков Кубанычбек Каныбекович Иманкулов Талай Маданбекович Матишов Туратбек Чолпонбаевич Алияскарова Сыпаткан Изабаев Умар Даирович Кумаш уулу Кылыч Мамыралиев Айбек Абасканович Бейшенбекова Гулмира Абдырашитовна Абдразаков Баястан Кыдыкович Сапаров Улан Бектурович Касымбаев Талантбек Ажимжанович Исаева Асылбубу Абдыкеримова Харьковская Ольга Владимировна Барсукова Юлия Анатольевна Асанбаев Кубан Орунбекович Исаева Чынаркул Бейшенбековна Лысенко Лариса Николаевна Парпиева Дилноз Шукуровна Домаев Виктор Владимирович Исаева Салтанат Мурзабековна Тургунбекова Арина Канатбековна Сануева Гулясар Исаевна Кубанычбеков Алишер Кубанычбекович Иманкулова Асылкан Сааматовна Садовникова Валерия Викторовна Енгалычева Асель Алфредовна “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 4-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 17:00 05-09-2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

Таабалды Тиллаев, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер: "Чек ара маселеси татаал бойдон калууда"

- Таабалды мырза, эмне себептен “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандап алдыңыз? - “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы көбүрөөк көңүлүмө жакын болду. Социалдык көйгөйлөр, элдин жагдайын оңдоо дагы бир топ жакшы программалар бар. Менин башкы максатым да элдин жашоо деңгээлин көтөрүү, жаштардын билим алуусуна шарт түзүү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жетишерлик көңүл бурулбай жатат. Анан да эң башкысы – чек ара маселеси. Ал эми бүгүнкү жагдайда башкы ролду эл чечет. Ошондуктан талапкерлердин буга чейинки жасаган иши, элге кылган кызматын эске алуу менен эл бир аз тыйынга сатылбай, туура чечим кабылдайт деген ойдомун. «Мекеним Кыргызстандын» курамында жаштар жана тажрыйбалуу инсандар бар. Мен өзүмдү ушул курамда көрдүм. - Сиз туулуп өскөн Баткен жергесинде чек ара маселеси чечилбей келет, жергиликтүү тургун катары чырга байланган чек ара маселеси тууралуу кандай ойдосуз? - Өзүңөр күбө болгондой, бизде чек ара маселеси татаал бойдон калууда. Дал чек арада чыккан чырдан көптөгөн көйгөйлөр бар экенин көрдүк. Биз ар бир маселени Жогорку Кеңеште да көтөрүп чыкмайынча чечилбей турганына күбө болдук. Мен ошол Баткендин, чек арага чектеш Лейлек элинин кулуну катары, башка улуттар менен жанаша жашоо, алар менен болгон мамиле, жер талашка ичинен аралашып, көрүп-билген адам катары элимдин кең келечеги үчүн дал чек ара маселесин көп ирет көтөрүүмдүн да себеби бар. Лейлекте чынында жашоо татаалыраак. Биз кичинекей кезде тамеки айдап, тамекиге иштечүбүз. Анын жыты эле кишинин башын оорутат. Түйшүгү көп тамекини жерге отургузгандан баштап, аны өткөрүп берүүгө чейин тынбай эмгек кыласың. Түн ичинде отуруп, тамекинин жалбырактарынын өзөгүнөн жип өткөрүп тизип, күндүзү сугарып карап өстүрчүбүз. Ошол бала кезимде элдин турмушун, кыйналганын көрүп көп ойлончумун. Көп ирет суу талашып согушкан күндөр болду. - Алгачкы саясатка аралашкан мезгилдерди эске салган учурларыңыз болобу? - Мектепти бүтүп, шаарга келип, 1995-жылы экспедитор, Бишкек шаарындагы "Датка" ЖЧКсынын менеджери болуп иштедим. 1999-2000-жылдары “Сапат” соода үйүнүн башкы директорунун орун басары да болдум. Ошентип жогорку билимди 2005-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча алдым. Буйрук экен, 2015-жылы «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынан депутат болдум. - Депутат болгон сырттан караганда оңой-олтой кызмат көрүнгөнү менен бир топ көйгөйлөр бар. Депутат болгондон кийин шайлоочулар ар кандай маселелер менен кайрылышат. Негизи эле депутат эмне жумуш аткарат? - Депутаттык 5 жылдык мөөнөттүн ичинде ар кандай сөздөр айтылды, кара пиарлар, каралоолор болду. Ошого карабастан алга карай умтулуп, элдин көйгөйүн чечкенге, элдин үнүн өкмөткө жеткиргенге аракет кылдым. 34 мыйзам долбооруна демилгечи катары чыктым. 10 000 ашуун шайлоочуларды кабыл алып, алардын кайрылуулары менен таанышып чыгып тиешелүү чара көрүлдү. Аймактарды кыдырып, 30дан ашуун ар кандай маселелер боюнча шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдүм. Эми шайлоочулар менен кандай иштегениме эл баа берсин. Жасалган иштер тууралуу айтып отурууну туура көрбөйм. Жалпысынан кайрылган ар бир шайлоочунун маселеси менен иштегенге туура келет. Тилекке каршы, бардык эле маселени чечип берүүгө депутаттык ыйгарым укуктар жетишсиз. Айрыкча аткаруу бийлигине тиешелүү маселелер эл өкүлүнөн көз каранды болбойт. Шайлоочу муну да эске алышы зарыл. Депутаттын милдети – элдин жашоо турмушун жакшыртуучу мыйзамдарды жазып, демилгелеп, анын аткарылышын көзөмөлдөө болуп эсептелет. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 15:59 05-09-2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

"Биримдик" ѳлкѳнүн түштүк аймагындагы үгүт ишин старт берди!

Бүгүн, 5-сентябрда "Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо" саясий партиясы ѳлкѳнүн түштүк аймагындагы үгүт иштерине старт берди. Партиянын иш-чарасы Оштун символуна айланган касиеттүү Сулайман-Тоонун астында ѳтүп, ага партиянын лидерлери, мүчѳлѳрү, жаштар канатынын ѳкүлдѳрү жана Ош шаарынын тургундары катышты. Иш-чараны партиянын лидери Марат Аманкулов ачып, партиянын идеологиясы, максаты тууралуу айтып берди. Партиянын алдыда кыла турган иштери жѳнүндѳ маалымат берди. "Биримдиктин" тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров партиянын алган багыты, программалык максаттары, Евразиялык тандоо идеологиясын сунуштап жатканын айтып, 4-октябрдагы добуш берүү күнүндѳ колдоого алууга чакырып ѳттү. Партиянын шайлоо тизмесин баштап бараткан Улукбек Кочкоров да сѳз сүйлѳп, ѳлкѳдѳгү кѳйгѳйлѳрдү чечүүдѳгү партиянын багыттарын, сунуштарын айтты. Партия шайлоодо жеңишке жетишсе, экономикалык, социалдык, элдин турмушун оңдоо багытында конкреттүү кандай иштерди кыларына токтолду. "Биримдик" саясий партиясынан талапкер, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева ѳз сѳзүндѳ биригүүгѳ, сѳздѳн ишке ѳтүүгѳ убакыт келгенин айтты. "Биз баштаган иштер тарыхый ѳзгѳрүүлѳрдүн башаты болоруна ишенем! Биз биримдик, ынтымак менен баарына жетишебиз! Эмне үчүн "Биримдик"? Себеби бизге биригүүгѳ мезгил келди! Сѳздѳн ишке ѳтүүгѳ мезгил келди!", - деди. Мындан сырткары партиянын Жогорку Кеңешке талапкери Субхатилло Мирзаев , жаш активист Медербек Абдыманапов , эмгектин ардагери, коомдук ишмер Сайракан Юсупова сѳз сүйлѳшүп, партияга алдыдагы шайлоодо жеңишке жетишин каалап ѳтүштү. Андан кийин Ош шаарынын аксакалы, легендарлуу парламенттин депутаты Балтагул Нурумбетов "Биримдик" партиясындагыларды ѳлкѳ үчүн кызмат кылууга чакырып, ак батасын берип, шайлоодо ийгилик каалады. Иш-чара "Биримдик" партиясынын гимни ырчы Ильяз Абдразаковдун аткаруусу менен жыйынтыкталды. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы" саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 15:52 05-09-2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

"Бир Бол" партиясы аймактардагы үгүт иштерин Таластан баштады

"Бир Бол" саясий партиясы аймактарга болгон үгүт иштерин Манас атабыз жердеген Талас облусунан баштады. Партия лидери Алтынбек Сулайманов , "Бир Бол" партиясынан талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов , Чынар Капарова, Рамис Мамбеталиев жана башка партиянын мүчөлөрү алгачкы күнү Манас атанын күмбөзүн зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран окушту. Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту. "Шайлоого партиялардын атын жамынган алдамчылар, куру убада бергендер келе жатат». Азыр элдин маанайы суз. Коом 30 жылдан бери жаңыча көз караштагы, эл аралык деңгээлде ойлонгон жаштарды күтүп жатат. Андыктан биздин партия 95 пайыз жаңыланып, кулдук уруп элдин арасына чыктык", - деди Алмамбет Шыкмаматов. Ал эми "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов эл менен жолугуу маалында башкаруу системасын түп тамыры менен өзгөртүү керектигин баса белгиледи. Айтымында, эл партияга эмес, талапкерге гана добуш бериш керек. "Мисалы, бир үкөктүн ичинде чиригени, курттаганы да болот. Аларды иргеп чыгуу зарыл. Бизге карапайым элдин көйгөйүн жон териси менен сезе турган депутат керек", – деди Сулайманов. Эл өкүлдөрүн Талас элинин өзгөчө тосуп алышы - "Бир Бол" партиясынын бул аймакта колдоочулары арбын экенин көрсөтүп турат. Аталган облустан белгилүү ишкер, жаш лидер Рамис Мамбеталиев "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкерлигин коюп жатат. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 5-сентябрь, 2020-жыл. 15:03 05-09-2020

Подробнее
4 сентября 2020 г. 20:53

Бүгүн, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Бир Бол” партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоого алды.

Бүгүн, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Бир Бол” партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоого алды. Белгилей кетсек, буга чейин “Бир Бол” партиясы БШКга тиешелүү документтерди өз учурунда жана кынтыксыз тапшырган. #БирБол #шайлоо2020 #Тазалан #БизДаярбыз #БШК

Подробнее
4 сентября 2020 г. 20:44

Жарык келечек тандайм десең, жаштар бөлүнбөгүлө, кел бир бол!

Жарык келечек тандайм десең, жаштар бөлүнбөгүлө, кел бир бол! #БирБол #Тазалан #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
4 сентября 2020 г. 21:03

"Мекеним Кыргызстан" партиясы – ООБА!

"Мекеним Кыргызстан" партиясы – ООБА!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники