О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
3 октября 2020 г. 0:20

"Уверен, мы не ошибемся с выбором". Президент обратился к кыргызстанцам

Президент Сооронбай Жээнбеков выступил с обращением к кыргызстанцам в связи с предстоящими выборами депутатов в Жогорку Кенеш, которые состоятся 4 октября. Об этом сообщает отдел информационной политики аппарата главы государства. Kaktus.media публикует текст обращения: "Уважаемые соотечественники! 4 октября мы будем избирать депутатов в Жогорку Кенеш. Центральная избирательная комиссия, республиканский штаб при правительстве, местные избирательные комиссии выполняют свои обязанности в рамках законодательства. Агитационная кампания велась в условиях высокой политической конкуренции. Пришло время, когда голос каждого избирателя будет иметь решающее значение. Качественный состав будущего парламента окажет прямое влияние на развитие нашей страны в ближайшие пять лет. Поэтому каждый из нас обязательно должен воспользоваться своим правом выбора. Эти выборы должны быть справедливыми, отражающими свободное волеизъявление наших граждан. Для достижения данной цели были созданы все условия. За год до выборов была определена правовая база. Правила выборов были заранее известны политическим партиям и избирателям. Мы стремимся обеспечить справедливость выборов не только во время голосования и подведения итогов, но и на всех этапах выборного процесса. Мы ввели новые нормы в законодательство с целью профилактики нарушений закона, привлечения к ответственности за незаконные действия и предотвращения использования административного ресурса. Уважаемые лидеры политических партий, кандидаты! Для всех партий были созданы равные условия для проведения агитационной кампании. Не было никаких препятствий для выражения политических позиций и взглядов. Призываю вас не выходить за рамки избирательного законодательства. Не забывайте о том, что подкуп голосов преследуется по закону! В любой борьбе обязательно будут победившая и проигравшая стороны. Уверен, что проигравшие не пойдут на поводу своих личных амбиций и не станут провоцировать раскол в обществе, наносить вред миру и стабильности в стране. Не будем забывать, что будут приняты все решительные меры в рамках закона в отношении тех, чьи действия будут угрожать единству народа, межнациональному согласию, целостности нашего государства и верховенству закона. Дорогие соотечественники! В день выборов к нашей стране будет приковано внимание всего международного сообщества. Надеюсь, что этот день останется в истории нашей страны как день проявления высокой политической культуры. Давайте проведем выборы, не роняя нашей национальной чести и достоинства. Представители 16 партий, принявшие участие в выборной гонке и достигшие победы, - достойные сыновья и дочери нашего народа. Мы считаем, что для вас нет высшей ценности, чем благополучие людей и спокойствие в обществе. Для всех нас интересы страны превыше всего! Уважаемые избиратели! За кого мы отдадим свои голоса - это личное решение каждого, его личное волеизъявление. Никто не имеет права оказывать давление или навязывать свое мнение. Голос каждого избирателя решает судьбу страны. Определяет политическое, экономическое, социально-культурное направление развития государства. Программа и перспективные цели каждой партии, участвующей в выборах, ясны. Поэтому 4 октября каждый из нас должен сделать свой политический выбор! Дорогие мои сограждане! Уверен, что мы проявим политическую проницательность и не ошибемся с выбором, отдав свой голос за тех, кто будет служить не своим интересам, а интересам народа. Каждому из вас желаю крепкого здоровья, благополучия и успехов. Пусть Всевышний оберегает наш любимый Кыргызстан и на нашей благодатной земле всегда царит мир!"

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:27

БШК Аманкуловдун маселесин чече элек

«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун чуулгандуу билдирүүсү Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун күн тартибинен түшө элек. Коомчулукта айрымдар бийликчил партиянын талапкерине чара көрүлбөгөнүнө нааразы болуп жатышат. Бийликчил деп саналган «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов боюнча арызды Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) эки жумушчу тобу карап, аны шайлоодон четтетүү тууралуу талапты четке кагышты. 1-октябрдагы үгүт эрежелеринин сакталышы жана арыздар, ошондой эле жарандарга маалымат берүү боюнча жумушчу топтор Аманкуловго чара көрүүгө негиз жок деп табышты. Жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбеков чечимди мындай түшүндүрдү: «Ал жерде «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 28-беренесине таянып арыз берилген. Анда үгүт иштеринин эрежелери бузулганы айтылып жатат. Бирок үгүт иштери 4-сентябрда башталган. Ал эми Аманкуловдун видеосу февралда чыгып жатпайбы. 46-беренеде тизме бар. «Талапкер кайсы учурда четтетилет?» деген. Бир да беренеге туура келбей койду». Жумушчу топтун мүчөлөрү активисттердин арызын четке кагуу жана Аманкуловду талапкерлердин тизмесинде калтыруу боюнча БШКга эки сунуш берди. Боршайком маселени качан карай турганы белгисиз. Жарандык активисттер «Биримдик» партиясын жана анын лидери Марат Аманкуловду парламенттик шайлоо жарышынан четтетүү тууралуу 150 кишинин колу коюлган арызды БШКга 28-сентябрда беришкен. Активист Умай Арыкова Аманкуловду шайлоодон четтетүү керек деп эсептейт. «Талапкерлигин алыш керек болчу. Видео үгүт маалында чыкты. Ал Марат Аманкулов катары барган эмес. Ал өзү жарыялап жатат, «мен мындай партиянын лидеримин» деп. Алар партия катары үгүт иштерин ошондо эле баштап жаткан», - деди Арыкова. Арыкова ушундай эле арыз менен Башкы прокуратурага кайрылган. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Марат Аманкуловдун сөзүнө байланыштуу анын өзүнө чара көрүү боюнча арыз таштаган. Ал органдардан арыз боюнча кандай иш-аракеттер жүрүп жатканы боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бийликтин партиясы катары сыпатталып жаткан «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов - азыркы парламентте башкаруучу коалициядагы КСДП фракциясынын депутаты. Коомчулукта Аманкуловдун чуу жараткан билдирүүсү боюнча күч түзүмдөрү эч кандай реакция кылбаганына нааразы болгондор арбын. Алар көчөдө сөгүнгөн же социалдык тармактарда бийликти тамаша менен сындаган жарандарды атайын кызматтар суракка алып, айрымдарын камаган учурларды Аманкуловдун эгемендик тууралуу билдирүүсү менен салыштырып жатышат. Маселен, 2019-жылдын аягында «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасынын билдирүүлөрүнүн бирине жазылган пикир үчүн анын негиздөөчүсү Автандил Жоробеков атайын кызматтын тергөө абагына камалып чыккан. «Депутаттын оозунан мындай сөз чыкканы кылмышка барабар. Грузияда бир жолу орус депутаттары менен байланышкан окуяда өкмөт кызматтан кеткен. Жазык кодексинде кандай жаза бар экенин билбейм. Бирок муну чыкынчылык катары бааласа болот», - деди Жоробеков Аманкуловдун билдирүүсү тууралуу. Ал укук коргоо органдары бийликчил партиянын одоно мыйзам бузуусуна көз жуумп жатат деген пикирин кошумчалады. Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков добуш берүү күнүн утурлай билдирүү таратып, анда бардык партияларга бирдей шарт түзүлгөнүн айтты. Ал шайлоодо утулуп калган партияларды коомдун тынчтыгына доо кетирбөөгө чакырды: «Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла. Кандай гана күрөш болбосун, жеңген тарап менен бирге жеңилген тарап да болот. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» дегендей жеке дымагына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз». 26-сентябрда Интернетте «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган видеотасма тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген. Аманкуловдун бул сөзү коомчулукта кескин сынга кабылып, Бишкек, Ош, Каракол шаарларында нааразылык акциялары өткөн. Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасма тууралуу «атайын жасалган чагым» деп комментарий берген. Ал видео 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чарада тартылганын, анда айтканы контексттен бөлүнүп алынганын билдирген. Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул жолугушуу былтыр жыл аягында эмес, быйыл февраль айында өткөнү тууралуу маалымат турат. «Биримдик» партиясы менен шайлоого президенттин иниси Асылбек Жээнбеков да баратат. Бул партия үгүт маалында негизги ураандарынын бири катары «Евразиялык тандоо» деген сөздү колдонууда. Ошондой эле партияны баштап бараткан Акылбек Жамангулов КТРКдагы дебатта Кыргызстан СССРдин тушунда өнүккөнүн белгилеп, союзду даңктаган. No media source currently available

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:23

Трамп заразился коронавирусом и ушел на карантин

Президент США Дональд Трамп и его супруга Мелания сдали тест на коронавирус после того, как инфекцию обнаружили у советника президента Хоуп Хикс. Оба теста оказались положительными. «Мы немедленно уходим на карантин и начинаем процесс выздоровления. Мы пройдем через это вместе», – написал Трамп. До этого Хикс вместе с президентом была на Air Force One на первых президентских дебатах в Кливленде 29 сентября и на Marine One – на митинге в Миннесоте 30 сентября. В заявлении официального представителя Белого дома Джадда Дира говорится: «Президент очень серьезно относится к здоровью и безопасности себя и всех, кто поддерживает его и американский народ». В Белом доме уже были случаи заражения COVID-19. В мае коронавирус выявили у бывшей тогда пресс-секретарем вице-президента США Майкла Пенса Кэти Миллер, а в конце июля заразился также помощник президента США по нацбезопасности Роберт О'Брайен. Оба чиновника уже выздоровели и вернулись к работе. Трамп заболел в самый разгар предвыборной гонки. Выборы президента США состоятся 3 ноября.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:26

Өмүралиев: Түркияда эки жерде добуш берсе болот

Парламенттик шайлоого карата Түркияда эки шайлоо тилкеси ачылат. Анын бири Анкарадагы элчиликте болсо, экинчиси Стамбулдагы башкы консулдукта. 2017-жылы өткөн шайлоого салыштырмалуу бул жылы добуш берүүчүлөр эки жарым пайызга көбөйгөн. Дем алыштагы шайлоодо Түркиядан 1218 шайлоочу добуш бере алат. Түркиядагы коронавирус чектөөлөрү добуш берүүгө таасир этеби жана шайлоого даярдык кандай деген суроолорго Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жооп берген. - Кубанычбек мырза саламатсызбы? Дем алышта өтө турган парламенттик шайлоого карата Түркияда канча шайлоо тилкеси ачылат жана канча шайлоочу каттоодон өттү? - Түркияда эки шайлоо тилкеси бар. Бири Анкарадагы элчиликте, экинчиси Стамбул шаарындагы башкы консулдуктун имаратында. Дүйнөлүк тажрыйбада шайлоо тилкелери бир гана элчиликтин же консулдуктун имаратында болушу керек. Түркияда кыргызстандык жарандар Стамбул, Анкара, Измир, Бурса жана Анталия өңдүү ири шаарларда отурукташкан. Андыктан "Анталияда консулдук кызмат ачалы" деп Түркиянын макамдарына бир жыл мурда кайрылганбыз. Азыркыга чейин алгылыктуу жооп ала элекпиз. Буюрса жакын арада ачылат деген тилегибиз бар. Ал эми Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча Анкарадагы шайлоо тилкесинде шайлоочулардын саны 714 адам. Стамбулдагы башкы консулдукта 504 шайлоочу катталган. Анкарада добуш берүүчүлөрдүн саны мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу эки жарым эсе көбөйгөн. Тилекке каршы Стамбулда каттоодон өткөндөрдүн саны азайганын байкадык. Жыйынтыгында эки шайлоо тилкесинде жалпысынан 1218 шайлоочу бар. Алардын 2 миңге жакыны студенттер. Студенттердин 750сү мамлекеттик стипендия менен окуйт. Алар да шайлоо күнү келип активдүү катышат деген ойдобуз. - Кубанычбек мырза Түркияда шайлоого катыша турган кыргызстандыктардын маанайы кандай? - Бизге элчилике келген же телефон аркылуу байланышкан мекендештер шайлоого катышуу каалоосун билдирүүдө. Ошондой эле Түркиянын булуң-бурчунан шайлоого келебиз деген жарандар болду. Аларга автоунаа уюштуруп берели десек, мыйзамга каршы келет экен. Бирок социалдык тармактарга жана элчиликтин сайтына шайлоочулардын тизмеси илинген. Консулдук каттоого турган жана №2 форманы убагында толтурган ар бир жаран добуш берүүгө укуктуу. Ал эми коронавируска каршы чаралар боюнча жергиликтүү бийлик менен кошо иштелип чыккан алгоритмге жараша социалдык аралыкты сактоону, беткап кийүүнү жана антисептик колдонууну талап кылабыз. Ал эми толуктай кетчү нерсе, Түркиядагы шайлоо тилкелеринде комиссия мүчөлөрүнүн баары диаспора өкүлдөрүнөн турат. Ал жерде бир гана дипломат биометрика боюнча маалыматтарды текшерүү үчүн отурат. Калгандары өзүбүздүн мигранттар. Бул да менимче шайлоонун таза өтөрүнүн белгиси деп ойлойм. - Ал эми шайлоо күнү ар түрдүү терс жагдайларга карата алдын ала чаралар каралдыбы, балким тизмеде болбой калган кыргызстандыктар шайлоо тилкесине келсе кандай болот? - Акыркы суроодон баштасам. Эгерде элчиликтин же консулдуктун тизмесинде жок болсо анда ал жаран шайлоого катыша албайт. Буга мыйзам жол бербейт. Тизмеде тургандар өз аты-жөнүн биздин социалдык тармактардан же Боршайкомдун расмий сайтынан текшерип алса болот. Шайлоо күнүнө карата ишемби күнү бардык шаймандарды дагы бир жолу текшерүүдөн өткөрөбүз. Жарык өчүп калса деп генераторлорду жана башка аппараттарды даярдап койдук. Баары идеалдуу болбосо да шайлоого толугу менен даярбыз деп айтсам болот. Мен биздин жарандардан шайлоого катышкыла деп суранат элем.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:28

Ошто добушту акчага баалаган үгүтчү кармалды

Интернетте ыкчам тергөө тобу добуштарды сатып алуу үчүн адамдардын аты-жөнү жазылган конверттерге салынган ири өлчөмдөгү акчаны кармаган учур тартылган видео тасма тарады. Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында добуш сатып алуу фактысы катталганын ырастап, бирок буга катышы бар тараптын аттарын атай элек. Интернеттеги сайттар милициядагы булагына таянып, Кара-Сууда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчүсү добуш сатып алуу үчүн шектүү катары кармалганын жазып чыгышты. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү кармалган адамдын партияга тиешеси жок экенин айтып, муну чагым катары баалады. Милициянын ыкчам аракети Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кезмет бөлүмүнө 1-октябрь күнү кечки саат алты чамасында белгисиз бирөө чалып, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында кайсы бир партиянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундарга акча таратып жатканы тууралуу маалымат берген. Милициянын ыкчам тергөө тобу дароо айтылган дарекке барып, андагы добуш сатып алууга камдалган ири өлчөмдөгү акчаны табыш үчүн тинтүү жүрө турганын үйдүн кожоюнуна эскерткен. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев үйдүн ээси өз ыктыяры менен акчаны көргөзүп берип, анын каяктан алынып келгени тууралуу көрсөтмө бергенин билдирди: «Ыкчам тергөө тобу айтылган дарек боюнча барып, беш конвертке салынып, кимдерге берилиши керек экени көрсөтүлгөн акчаны аталган үйгө тапшырып кеткен окуянын үстүнөн чыккан. Үй ээсинин көрсөтмөсү боюнча акчаны партиялардын биринин үгүтчүсү таштап кеткен. Ал үйдүн ээси кармалып, сурак берүүдө. Ал эми аталган үгүтчүнүн ким экени аныкталып, суракка чакыртылды. Бирок кармала элек. Ошондой эле конверттерде аты жазылган адамдардын бардыгы тергөөгө чакыртылды. Азыркы кезде бул окуя боюнча Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча («Шайлоочуларды сатып алуу») сотко чейинки териштирүү иши башталды. Окуя боюнча азыр тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө иштери кечээ башталды. Бүгүн иликтөөнүн жыйынтыгы аяктап, аны кечинде Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыруу керек». Бирок милиция тергөө иши жүрүп, айыптоо корутундусу чыкканга чейин аталган акча каражаты кайсы партияга таандык экени жана ал партиянын кайсы талапкеринин шайлоо штабы аркылуу таратылганы ачык жарыяланбай турганын белгиледи. Мыйзам боюнча, шайлоого байланышкан иштер беш күн ичинде иликтенип, айыптоо корутундусу чыгып, тиешелүү чечим кабыл алыш үчүн материалдар Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырылат. Акыркы чечим БШКда БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул иш боюнча тыянак чыкса, партияны же болбосо талапкерди шайлоодон четтетүү маселеси карала турганын айтты: «Укук коргоо органдары бул ишке партиянын тиешеси бар же жок экени тууралуу бизге тез арада маалымат бериши керек. Эгерде ошол партиянын же талапкердин добуш сатып алууга катышы бар экени аныкталса, анда БШК карап чыгып, ошого карата тиешелүү партияны же талапкерди шайлоодон четтеткенге укугу бар. Териштирүү Жазык кодексинин алкагында эмес, шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын алкагында каралышы керек. Биз ошол аралыкта милициянын тыянагын карап чыгып, тиешелүү чечим чыгарышыбыз абзел». Ошол эле кезде «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү Канатбек Азиз облустук милиция азырынча партиянын атын атабай, бирок ырастап жаткан бул маалыматты четке какты. Анын айтымында, добуш сатып алуу үчүн шектүү катары кармалган жарандын тек-жайын тактаганда анын «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тиешелүү шайлоо штабында үгүтчү болуп иштегени аныкталган эмес. «Мекеним Кыргызстан»: бул - боло келген чагым Ошондуктан муну партияга каршы багытталган чагым катары баалаган Канатбек Азиз бул боюнча териштирүүнүн жыйынтыгын күтүп турууга чакырды: «Бизге ал кишинин эч кандай тиешеси жок. Муну биз чагым катары баалайбыз. Себеби, аталган адам биздин үгүтчү эмес экен. Андай адамды билбейбиз. Сураштырсак, биздин штабдарда андай адам иштебептир. Азыр өзүңөр байкап көрсөңөр, «Республика» партиясынын үгүтчүсү кармалганы тууралуу маалыматтар да туура эмес болуп чыгууда. Иликтөө жүргөндөн кийин биз дагы бул боюнча кайрылабыз. Ошондуктан биздин мамлекеттик органдар иликтеп чыксын. Териштирүүнүн жыйынтыгын күтө туралы. Шайлоолордо дайыма эле ушундай чагымдар болуп келген». Тергөө тобу тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин алкагында, Наримандагы аталган үйдөн сыртына адамдар менен көчөлөрдүн аты жазылган беш конверт алынган. Жалпы суммасы 313 миң сомду түзүп, кандай адамдар жооптуу экени жана каражаттын кайсы көчөлөргө багытталганы жазылган конверттерди ачып, акчаны санап, күбөлөрдүн тергөө амалдары жүргөн учурду чагылдырган видео тасма 2-сентябрга караган түнү Интернетке тараган. Добушун саткандар жазаланып, алгандарды иши кароодо Буга чейин Башкы прокуратура Ысык-Көл облусунун аймагында шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана сатуу фактылары катталып, сотко чейинки териштирүү башталганын жарыялаган. Башкы көзөмөл органы тараткан учкай маалымат боюнча, Тартип бузуу жөнүндө кодекстин «Шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алышы» беренесине ылайык, беш жаран жазаланган. Анын талаптары боюнча мындай жосун үчүн жаранга бир миң, ал эми юридикалык жакка беш миң сом айыппул салынат. Анда добуш сатып алуу үчүн акча берген партиянын же талапкердин жазаланганы көрсөтүлгөн эмес. Башкы прокуратуранын басма сөз борборунун өкүлү Эрмек Асанов акчаны алган менен берген тараптын иши өз-өзүнчө иликтенип жатканын айтты: «Шайлоочулардын добуш үчүн акчалай же материалдык баалуулуктарга ээ болушуна байланыштуу берене боюнча аны алган тарап жазаланып жатат. Акчаны берген тарап боюнча да өзүнчө сотко чейинки териштирүү иши ачылган. Ал боюнча да тергөө иши жүргүзүлүүдө. Эки тарап тең жоопкерчиликке тартылышы керек. Берген тараптын беренесиндеги жаза оор болгондуктан ал Жазык кодексинин негизинде жазаланат. Ал эми алган тараптын иши Тартип бузуу боюнча кодекстин негизинде каралды». Быйылкы 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого эки күн калды. Бирок буга чейин добуштарды сатып алуу же административдик ресурсту колдонуу боюнча ачыкка чыккан мыйзам бузуу фактыларын укук коргоо органдары карап чыгып, ал эми БШК кайсы бир талапкерди же же партияны шайлоодон четтете элек. No media source currently available

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:28

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоодо добуш бере албайт

Кыргызстанда 18 жаштан өткөн 4 081 410 жарандын 557 856сы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере албайт. Алар биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктан шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу 2-октябрдагы басма сөз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Шайлоо берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн, 2-октябрда түн жарымда токтотулат. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды, анын 35и чет мамлекеттерде. Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. (SE)

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:28

Шайлоо мыйзамын бузуу боюнча БШКга 86 арыз түштү

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобу 2-октябрда жыйынга чогулду. Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да кирген координациялык топтун жыйынында шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланышкан маселе талкууланды. Жыйында белгилүү болгондой, 1-октябрга караганда мыйзам бузууларга байланыштуу 86 кайрылуу БШКга түшүп, электрондук реестрге катталды. Анын кыркы Кылмыш кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочулардын добушун сатып алуу"), тогузу 195-берене ("Шайлоо документтерин бурмалоо"), бирөө 191-берене ("Шайлоо укугуна тоскоолдук кылуу") менен байланыштуу. Ал эми 27си Жоруктар кодексинин 87-1 беренеси ("Административдик ресурс колдонуу"), сегизи 44-берене ("Үгүт шартын бузуу"), бирөө Бузуулар кодексинин 119-беренеси менен катталган. 120 орундуу Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. (NT)

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:28

42 386 жаран №2 форма аркылуу шайлоо тилкесин алмаштырууга бир канча жолу арыз берген

4-октябрда өтчү парламенттик шайлоодо №2 форма аркылуу шайлоо тилкесин алмаштырууга 42 386 жаран бир канча жолу арыз берген. Бул тууралуу жума күнкү басма сөз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди: «496 239 жаран №2 форма аркылуу добуш берүүгө арыз берген. Алардын 32 504ү эки жолу, 5810у үч жолу, 1967си төрт жолу, 872си беш жолу, ал тургай үч адам 22 жолудан №2 форма аркылуу добуш берүүгө арыз берген. Биз бардыгын иргеп, кайра-кайра тапшыргандарды эсептен чыгарганда №2 форма аркылуу добуш берүүчүлөрдүн саны 441 010 адамды түздү», - деди Шайлдабекова. Аталган документ жарандарга башка шайлоо тилкесине каттоого туруп, добуш берүүсүнө шарт түзөт. Шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери №2 форманы бийликчил партиялардын добуш сатып алуусуна шарт түзүү деп баалап, БШКны андан баш тартууга чакырган. БШКнын акыркы эсебинде Кыргызстанда шайлоочулардын саны үч миллион 523 миң 554 адам болду. Бул көрсөткүч 2015-жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна салыштырмалуу 700 миң адамга көбөйдү. 2017-жылы президенттик жарышта шайлоочулардын саны үч миллиондон бир аз ашкан болчу. Бул ирет шайлоого биометрикалык маалымат тапшырбаган 557 856 жаран добуш берүүгө катыша албайт. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн, 2-октябрда түн жарымда токтотулат. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды, анын 35и чет мамлекеттерде. Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. Добуш берүүгө 18 жаштан өткөн, биометрикалык каттоого турган кыргызстандыктар укуктуу. (SE)

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:29

Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

Милиция эпидемиялык абалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык эрежелердин сакталышын дагы карайт.БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. 4-октябрь, парламенттик шайлоо күнү, 2 миңден ашык милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу Бишкек милициясынан кабарлашты. "Милиционерлер коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Ошондой эле эпидемиялык абалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык эрежелердин сакталышын карашат. Кандайдыр бир чагымчылдык көрүнүштөр болсо, мыйзам чегинде чара көрүлөт”, — деп айтылат билдирүүдө. Милиция COVID-19 илдетинин жайылып кетишин алдын алуу үчүн жарандарды бардык санитардык эрежелерди карманууга чакырат. Эске салсак, 4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Анда 16 саясий партия күч сынашат.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:30

Акназаров: шайлоого 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер аттанган

Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкар Акназаров шайлоону мыйзамдын алкагында өткөрүү үчүн тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын маалымдады.Радио Акназаров: шайлоого 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер аттанган 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер талапкер катары шайлоого аттанган. Булардын баары шайлоо аяктаганга чейин өз милдеттерин токтотушкан. Бул тууралуу Залкар Акназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, шайлоо процессине байланыштуу 28 арыз-даттануу келип түшкөн. Инжект: 437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер депутаттыкка талапкер катары катталган болсо, алар шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин милдеттерин убактылуу токтотуп турушу керек. Бул Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынан тышкары мамлекеттик саясий жана муниципалдык саясий кызматтарга дагы тиешелүү. Эгерде жетекчиси талапкер болгон мекемеде мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан жогору болсо, ал дагы милдетин убактылуу токтотуусу зарыл. Бул багытта БШКнын документтеринин негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер талапкер катары катталганы аныкталып, бирок булар мыйзамдын талаптарын так аткарган. Ошондой эле үгүт иштерине жана үгүт материалдарына 18 жашка толо электерди, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, байкоочуларды, диний ишмерлерди, чет элдик жарандарды жана уюмдарды аралаштыруу мыйзам бузуу болуп саналат", — деди Акназаров. Ал мыйзам боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер байкоочу, партиянын ишенимдүү жана ыйгарым укуктуу өкүлү боло албай турганын кошумчалады.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:30

Бюллетендеги сыя өчүп калабы? БШК менен чогуу жасалган эксперименттин видеосу

Соцтармакта шайлоочуларга сыясы өчүп калган калем саптарды берип коёт деп ишендирген видео тараган. Бирок БШК мындай маалыматты четке кагууда. Ошентсе да биз сыяны текшерүү үчүн шайлоо участогуна барып көрдүк.Шайлоо участокторунда эл добушту атайын капиллярдык калем саптардын жардамы менен берет, башкача айтканда, жөнөкөй калем колдонулбайт. Бул коомчулукту күмөн ойго түрттү. Борбордук шайлоо комиссиясы кадимки калем сап колдонгон учурда автоматтык түрдө эсептеген сканерде анын изи калып каларын айтты. Буга байланыштуу сканердин эсептөө бөлүгүн булгап албаш үчүн атайын калем колдонулат. Шайлоо алдында депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чийилип калгандар Алардын сыясы бюллетенде чындап эле өчүп калбай турганын өз көзүбүз менен көрүү үчүн БШК кызматкерлерин далилдеп берүүсүн өтүндүк. Адистер чакан эксперимент жасашты. Сыя оттун таасиринен да өчкөн жок. Жыйынтыгында сыя кагазда каларына ынандык. Эске салсак, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:30

Шайлоодон кийинки күнү 1-класстар окубай турганы айтылды

Премьер-министр Кубатбек Боронов дүйшөмбү күнү, 5-октябрда, ар бир мектепте, өзгөчө шайлоо участогу жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарыла турганын айткан.БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Шайлоодон кийинки күнү, 5-октябрда, 1-класстар окубайт. Ал күнү мектептердин бардыгы дезинфекцияланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жиберген билдирмеде жазылган. Аталган кабарды Билим берүү жана илим министрлигинен да тастыкташты. Топко бөлүнбөйт, сабактар толук өтүлөт. 1-6-класстын окуусу боюнча 6 суроого жооп Ага ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов дүйшөмбү күнү, 5-октябрда, ар бир мектепте, өзгөчө шайлоо участогу жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарыла турганын айткан. "Жалпыбызга маалым болгондой, көптөгөн шайлоо участоктору мектептерде жайгашкан. Муну эске алуу менен окуу процессин 6-октябрдан тарта, башкача айтканда, шайлоодон бир күн өткөндөн кийин жандандыруу чечими кабыл алынган", — деди Боронов. Белгилей кетсек, 1-класстар окуу жылы башталгандан тарта эле салттуу режимде билим алып жатышкан. Өкмөттүн андан кийинки чыгарган чечимине ылайык, 6-октябрдан баштап 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:30

Парламент деген эмне? Кандайча пайда болгон жана эмне үчүн зарыл?

Жогорку Кеңешке шайлоону утурлай Sputnik Кыргызстан редакциясы парламенттердин, анын ичинде биздин бул орган тууралуу кыскача маалымат топтоду. Бүйүр кызытарлык фактыларды да жыйнадык.4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо соңку эки айдан бери Кыргызстан калкынын көңүл чордонунда. Көпчүлүк көксөгөн 120 мандат үчүн 16 партия ат салышууда. Жогорку Кеңешке шайлоо чегинен аша алган, тагыраагы, жалпы добуш бергендердин санынан жети жана ар бир облустан 0,7 пайыздык босогодон өткөн партиялар келет. Ошондуктан Sputnik Кыргызстандын редакциясы депутат деген ким, парламенттин жаралыш тарыхы кандай жана мамлекетке эмне үчүн керектиги жөнүндө маалымат даярдады. Парламентке чейинки доор Элдик өкүлчүлүктөрдүн органдары тээ эзелтен боло келген. Албетте, өз дооруна жараша аталыштары да, аткарган функциялары да ар кыл болгон. Маселен, Байыркы Римде элдик жыйындын үч түрү иштеген. Алардын эң негизгиси — трибуттук комициялар. Алар мыйзам жазып, кабыл алышкан, бир катар аткаминерлерди, анын ичинде аскер кызматкерлерин шайлашкан. Соттук маселелер да ошолордун көзөмөлүндө болгон. Сенат да иштеген, ал мыйзам долбоорлорун алдын ала карап, андан кийин алар элдик жыйындын кароосуна коюлган. Аскердик, каржылык маселелер менен алектенип, тышкы саясатты тескеген. Башта Сенатка патрициялар гана кире алышкан, кийин плебейлерге да анын курамына кирүүгө уруксат беришкен. Бирок азыркы парламенттикиндей бир катар функцияларга ээ болгону менен Сенат элдик жыйын болгон эмес. Баштапкы Орто кылым доорунда мамлекеттерде негизги ролду элдик жыйындар аткарган. Мисалы, славяндарда алар вече деп аталган. Ага эркин үй-бүлөлөрдүн башчылары катышууга укуктуу эле. Эң күчтүү вече Новгород мамлекетине таандык болгон (иш жүзүндө республика), ал орган согуш жана тынчтык маселелерин да чечкен. Добуш сатып алгандар жазаланат! Жээнбеков элге, талапкерлерге кайрылды Мындай жыйындар Европанын башка өлкөлөрүндө да иштеген. Мисалы, Англиядагы Витенагемот диний өкүлдөрдөн жана ак сөөктөрдөн турган. Аталган орган падышага кеңеш берип, анын чечимдерин, анан да жаңы королду бекиткен. Тун парламент катары альтинг да (Исландия) эсептелет. Ал X кылымда түптөлгөн. Бардык бойдок (эрктүү) мырзалардын жыйыны сот жана мыйзам чыгаруучу функцияларды аткарган. Белгилей кетсек, Исландияда бийлик монархия жана борбордук өкмөттө эмес эле, ошол себептен альтингдин ролу абдан маанилүү болгон. Байыркы кыргыздарда кандай болгон? Элдин эркин билдирүү формаларынан болгон курултай жана элдик жыйындар адатта жылына бир ирет өткөрүлүп, аларда элдин күнүмдүк турмушундагы урунттуу, маанилүү маселелер талкууланган. Улуу кыргыз каганаты өкүм сүргөн чакта уруу башчыларынын тобунан турган аксакалдар кеңеши болгон. Ал консультативдик-кеңеш берүүчү органдын милдеттерин аткарган. Алгачкы парламент Көрүп турганыбыздай азыркы парламенттин түп үлгүлөрү бир топ. Бирок "парламент" деген аталыштагы тун жыйын Англияда түзүлгөн. Ал "parler" деген француз сөзүнөн алынган, анткени ошол убакта Англияда ак сөөктөрдүн баары французча сүйлөчү. XIII кылымдын башында барондор король Иоанн Iни (Жон Безземельный (Жерсиз)) Эркиндиктин улуу хартиясына кол коюуга милдеттендиришкен. Ага ылайык, король "королдуктун жалпы кеңешинин" макулдугусуз жаңы салык киргизе алган эмес. Анын уулу Генрих IIIтүн тушунда Симон де Монфор башында турган барондор парламент түзүп, дин өкүлдөрү жана жогорку ак сөөктөрдөн тышкары ар бир графтыктан экиден рыцарь жана ар бир ири калаадан экиден тургун кирген. Де Монфорду жеңген соң андан кийинки англиялык король Эдуард I жаңы салык жана субсидияларды алуу үчүн баары бир парламентти чакырууга аргасыз болгон. Кызгылт жана Ак розалардын кезегинде тактыга талапкерлер өз дооматтарын бекемдөөгө жана парламенттик актылардын тронун ээлөөнү чыңдап алууга умтулушкан. 437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби Парламенттер бөлөк өлкөлөрдө да болгон. Испанияда бул органдын милдетин кортестер, Францияда — Башкы штаттар аткарган. Башкы штаттар XIV кылымдын башында француз королу тарабынан Рим Папасы менен күрөш маалында кошумча колдоого ээ болуу үчүн куралган. Францияда штаттардан сырткары регионалдык парламенттер болгону да кызык, алардын ичинен эң таасирдүүсү париждик парламент эле. Бирок аталышына карабастан ал соттук орган болгон. Дагы бир кызыктуу фактыга таянсак, париждик парламенттеги орундар эркин сатылып келген. Ал эми анын мүчөсү ордун өз уулуна мураска өткөрүп бере алган. Ошону менен бирге эле жакшы арзандатуу болгон, алтымыштан бир бөлүгүн гана төлөп коюу керек болчу. Дагы бир ирет белгилесек, ал азыркы маанидеги парламент болгон эмес, маңызында ал соттук орган эле. Совет доорунан эгемен республикага чейинки кыргыз парламенттери 1938-жылдын 24-июнунда биринчи жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо өткөн. Советтер Союзунун убагында 12 чакырылыш иштеген. Акыркысы — айтылуу "легендарлуу парламент". Дал ошол чакырылыш Көз карандысыздык декларациясын кабыл алып, эгемен мамлекеттин тун президенти — Аскар Акаевди шайлаган. Совет маалында депутаттардын саны өзгөрүп турган. Алгачкы чакырылышта 284 киши болсо, кийин алардын саны 350гө жеткен. Анткен менен Жогорку совет туруктуу иштеген эмес. Жылына эки жолу жыйынга чогулуп, жумушчу кесиптердин өкүлдөрүнөн турган. Атап айтканда, чабан жана жумушчулар депутат болушкан. Албетте, сессиялар аралыгында Жогорку советтин Президиуму иштеген. Шайлоо-2020: талапкерлердин бир тобу партиясынан чыгып кетти. Соңку окуялар 1995-жылы көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында парламенттин биринчи чакырылышы шайланган (саналуу күндөрдөн кийин жетинчисин шайлайбыз). Алгачкы экөө эки палаталык болуп, Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынан турган. Калгандарынын баары бир палаталуу, ал эми төртүнчү чакырылыштан тарта Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен (ага дейре шайлоо округдар боюнча өткөн) шайлана баштаган. Депутаттардын саны өзгөрүлүп, биринчи чакырылышта 60, соңку экөөндө 120га чейин жеткен. Үч чакырылыш: легендарлуу парламент өзүн өзү таркатып, ал эми үчүнчү жана төртүнчүлөрү "жоогазын" жана апрель революцияларынан улам мөөнөтүнүн аягына чыккан эмес. Жогорку Кеңештин функциялары кандай? Ата мекендик парламенттин ыйгарым укуктары эбегейсиз. Төмөндө биз алардын эң маанилүүлөрүн санап өтөлү: мыйзамдарды кабыл алат, эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана жокко чыгарат; чек араларды өзгөртүү жөнүндө маселелерди чечет; республикалык бюджетти бекитет; амнистия боюнча актыларды чыгарат; премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн (КР Улуттук коопсуздук комитети жана Коргоо иштери боюнча комитет башчыларын) бекитет; өкмөттү отставкага кетире алат; башкы прокурорду, Улуттук банктын төрагасын жана Жогорку соттун судьяларын дайындоо жана кызматтан алуу Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана жүрөт; өзгөчө абал киргизип, бул маселе боюнча президенттин жарлыктарын бекитип же жокко чыгарат; согуш жана тынчтык, аскердик абал киргизүү, согуш абалын жарыялоо маселелерин чечет. Бул маселелер боюнча президенттин жарлыктарын бекитип же жокко чыгарат; Куралдуу күчтөрдү КР чегинен тыш пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маселелерди чечет; мамлекеттин мурдагы башчысын экс-президенттик макамынан ажыратып коё алат.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:30

Добуш сатып алгандар жазаланат! Жээнбеков элге, талапкерлерге кайрылды

Жээнбеков талапкерлерди жана партия лидерлерин чектен чыкпоого чакырып, элдин биримдигине, улуттун ынтымагына, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чара көрүлөрүн эскертти.БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоонун алдында кыргызстандыктарга жана талапкерлерге кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Мамлекет башчы бул шайлоо элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган шайлоо болуусу зарыл экендигин айтып, ага жетүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеген. Ошондой эле талапкерлерди жана партия лидерлерин чектен чыкпоого үндөп кеткен. "Добуш сатып алуу мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге жеңилген тарап да болот. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" дегендей, жеке амбицияга алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз. Элдин биримдигине, улуттун ынтымагына, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпагыла", — деп айтылат президенттин кайрылуусунда. Жээнбеков шайлоо күнү кыргызстандыктарды эч ким кысымга албай турганын айтып, туура тандоого чакырган. Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме "Шайлоо күнү өлкө эл аралык коомчулуктун көңүл чордонунда болот. Кимге добуш берет ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки. Эч ким кысым жасай албайт. Ар бир шайлоочунун добушу өлкөнүн тагдырын чечет. Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт. Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү болду. Ошондуктан 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели!", — деп жазылат өлкө башчынын кайрылуусунда. Эске салсак, 4-октябрь күнү Кыргызстанда парламенттин депутаттарын шайлоо болот.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:35

С.Жээнбеков: Эти выборы должны быть справедливыми, отражающими свободное волеизъявление наших граждан

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков выступил с обращением к кыргызстанцам в связи с предстоящими выборами депутатов в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики, которые состоятся 4 октября 2020 года. Ниже текст обращения Главы государства: «Уважаемые соотечественники! 4 октября мы будем избирать депутатов в Жогорку Кенеш. Центральная избирательная комиссия, Республиканский штаб при Правительстве, местные избирательные комиссии выполняют свои обязанности в рамках законодательства. Агитационная кампания велась в условиях высокой политической конкуренции. Пришло время, когда голос каждого избирателя будет иметь решающее значение. Качественный состав будущего парламента окажет прямое влияние на развитие нашей страны в ближайшие пять лет. Поэтому каждый из нас обязательно должен воспользоваться своим правом выбора. Эти выборы должны быть справедливыми, отражающими свободное волеизъявление наших граждан. Для достижения данной цели были созданы все условия. За год до выборов была определена правовая база. Правила выборов были заранее известны политическим партиям и избирателям. Мы стремимся обеспечить справедливость выборов не только во время голосования и подведения итогов, но и на всех этапах выборного процесса. Мы ввели новые нормы в законодательство с целью профилактики нарушений закона, привлечения к ответственности за незаконные действия и предотвращения использования административного ресурса. Уважаемые лидеры политических партий, кандидаты! Для всех партий были созданы равные условия для проведения агитационной кампании. Не было никаких препятствий для выражения политических позиций и взглядов. Призываю вас не выходить за рамки избирательного законодательства. Не забывайте о том, что подкуп голосов преследуется по закону! В любой борьбе обязательно будет победившая и проигравшая сторона. Уверен, что проигравшие не пойдут на поводу своих личных амбиций и не станут провоцировать раскол в обществе, наносить вред миру и стабильности в стране. Не будем забывать, что будут приняты все решительные меры в рамках закона в отношении тех, чьи действия будут угрожать единству народа, межнациональному согласию, целостности нашего государства и верховенству закона. Дорогие соотечественники! В день выборов к нашей стране будет приковано внимание всего международного сообщества. Надеюсь, что этот день останется в истории нашей страны как день проявления высокой политической культуры. Давайте проведем выборы, не роняя нашей национальной чести и достоинства. Представители 16 партий, принявшие участие в выборной гонке и достигшие победы, — достойные сыновья и дочери нашего народа. Мы считаем, что для вас нет высшей ценности, чем благополучие людей и спокойствие в обществе. Для всех нас интересы страны превыше всего! Уважаемые избиратели! За кого мы отдадим свои голоса — это личное решение каждого, его личное волеизъявление. Никто не имеет права оказывать давление или навязывать свое мнение. Голос каждого избирателя решает судьбу страны. Определяет политическое, экономическое, социально-культурное направление развития государства. Программа и перспективные цели каждой партии, участвующей в выборах, ясны. Поэтому 4 октября каждый из нас должен сделать свой политический выбор! Дорогие мои сограждане! Уверен, что мы проявим политическую проницательность и не ошибемся с выбором, отдав свой голос за тех, кто будет служить не своим интересам, а интересам народа. Каждому из вас желаю крепкого здоровья, благополучия и успехов. Пусть Всевышний оберегает наш любимый Кыргызстан и на нашей благодатной земле всегда царит мир!»

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники