О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
3 октября 2020 г. 0:08

Тууганбек Чолпонбаев: «Мекеним Кыргызстан» партиясы эл ишенимин актайт

— Кайсы жерде өстүңүз, кайдан билим алдыңыз? — Түп районунун айылында эле өстүм. 8-класстан кийин спорт багытында билим алайын деп борборго келдим. Окууну аяктагандан кийин айылга келип, машыктыруучу болдум. Кийин бизнес менен алек болдум. Жер иштетем, мал кармайм. Кыскасы, кирешени мал чарбасынан жана айыл чарбасынан табам. — Эмне үчүн шаардык кеңеште депутат, лидер фракция болуп туруп, Түп районунан депутаттыкка талапкерлигиңизди коюп жатасыз? — 10 жылдан бери Түп районунан депутат жок. Айылда жүрөктү өйүгөн көйгөйлүү маселелер көп. Орчундуу маселелерди чечкенге көмөктөшөйүн, элимдин турмушунун жакшырышына салым кошоюн деген максатта «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттандым. Кудай буюруп депутат болуп калсам, эл үчүн ак дилден кызмат кылам. — Эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандап алдыңыз? -Биринчиден, «Мекеним Кыргызстан» жаңы партия. Экинчиден, бул партияда илимге, билимге сугарылган жаштар көп. Үчүнчүдөн, партиянын командасы күчтүү. Төртүнчүдөн, партиянын лидерлери «Исмаил Ата» фондун каржылап, кандай кырдаал болбосун карапайым элге көп көмөк көрсөтөт. Бешинчиден, акчаны эмес, мамлекетти жогору коюшат. Ошон үчүн ушул партияга токтолдум. — Депутат болуп калсаңыз кайсы маселенин алкагында иш кыласыз? — Боло электе аны кылам, муну кыйратам дегенден алысмын. Кудай буюруп депутат болуп калсам, Кыргызстандын өнүгүшүнө, мамлекетти кризистен чыгарууга, Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө болгон аракетимди жумшайм. Жолдорду оңдотуп, айылды көтөрүп, айыл чарбасын, мал чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче аракет кылам. — Бир нече сааттардан кийин үгүт иштери токтойт, калооңуз барбы? — Менин калоом биздин партияга ийгилик, Кудай колдосун! Элибиз аман, журтубуз тынч болсун. Жараткандын көзү бизге түз болсун! Урматтуу шайлоочулар, 4-октябрда 4-катардагы «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиз. Биз элдин ишеничин актап, чын дилибизден иштеп беребиз. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:27

Активист акциядан кийин аңдууга кабылды

Активист Улан Үсөйүн «Фейсбуктагы» баракчасынан белгисиз адамдар аңдып жүргөнүн жазып чыкты. Шайлоого катышып жаткан оппозициялык маанайдагы кээ бир талапкерлер да артынан түшүп алган адамдар жөнүндө айтып жатышат. Алардын божомолунда, аңдыгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери болушу мүмкүн. «​Артыбыздан түшүп алгандар көбөйдү» Жарандык активист Улан Үсөйүн 27-сентябрда «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун сөзүнө каршы уюштурулуп, бийликтин дарегине да сын айтылган «Кул болбо!» акциясынын башында турган. Улан Үсөйүндүн айтымында, митингден кийин эле артынан түшүп алган адамдарды байкай баштаган. Алар 1-октябрда Улан иштеген кеңсеге жана активист катышкан жолугушууга чейин келип кетишиптир. «Биз уюштурган «#REакция» акциясынан кийин да артымдан аңдыгандар болуп, кийин тынчып калышкан. Бийликчил «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловго каршы чыккандан бери баягылар кайда болду. Алгач телефон чалып, «УКМКдан болобуз, таанышалы» деп жатышкан. Андан кийин иштеген жериме келип, издеп кетишиптир. Видео камерадан карасам, медициналык беткап кийип алышыптыр. Алар өзүмө келишпейт. Бирок мени тааныган адамдарга «Уланды издеп жүрөбүз» дей беришет. Алар бул жолкусунда ушундай технология колдонуп жатышат». No media source currently available Улан Үсөйүн бул окуя боюнча күч түзүмдөрүнө кайрылган жок. Анткени эч кандай жыйынтык чыкпайт деген ойдо. Оппозициялык маанайдагы«Реформа» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Азият Жекшеев Нарын облусунан ак түстөгү машине эки күн артынан калбай жүргөнүн айтып берди. Анын маалыматына караганда, аңдып жүргөндөр «реформачылардын» ар бир кадамын видеого тартып жатышыптыр. «Шайлоочулар менен болгон ар бир жолугушуубузга бизди аңдыгандар келип турат, - деди ал. - Нарын шаарына барганда артыбыздан такыр калбай биз жайгашкан мейманканага чейин келишти. Ошол жердеги милицияда иштеген тааныштарыбыз бизди аңдып жүргөндөр УКМКнын кызматкерлери экенин айтып беришти. Ал эми Ат-Башы районунан бизге каршы чагым уюштурулду. Машинеден түшөрүбүз менен беш-алты жаш бала жана аялдар оозго алгыс сөздөрдү айтып, айылдан чыгып кетишибизди талап кылышты. Алар бизди «гейлердин партиясы» деп аташты. Булардын баары оппонент партиялар тарабынан уюштурулуп жатат деген ойдобуз». Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова да ушундай эле окуяга туш болгон билдирди. Анын айтымында, «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына байланыштуу иштер БШКда каралып жаткан учурда артынан калбай ээрчип алган адамды байкаган. «Тилекке каршы күч түзүмдөрү шайлоого байланыштуу окуяларга кош стандарт менен мамиле кылып жатышат. №2 форма боюнча чара көрүүнү талап кылып эле жатам. Бирок бул боюнча такыр жылыш болгон жок. Ошол эле учурда биздин жекече маалыматтар үчүнчү тараптардын колуна тийип калып жатат. 1-октябрда мен жана БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева экөөбүз УКМКнын кызматкерлерине Интернетке тарап жаткан чагымчыл маанайдагы видеолорго атайын кызматтын тиешеси бар экенин ачык айттык. БШКга келген УКМКнын өкүлү бул сөздөрүбүздү четке кагып койду». УКМК өз дарегине айтылып жаткан сын боюнча билдирүү тарата элек. Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков мекеменин сынга алынып жаткан кадамдарына мындай түшүндүрмө берди: «УКМК партиялардын мүчөлөрү же лидерлери элди терс тарапка үндөп, радикалдык кадамдарга барар-барбасын талдаш үчүн ушундай кадамга барат. Алар өз кызматкерлерин видео тартканга же укканга атайын жиберет. Анткени атайын кызмат өлкөдөгү коопсуздук үчүн жооптуу да. Ошол эле учурда аңдыгандардын баары эле УКМКнын кызматкерлери деген да туура эмес. Шайлоого катышып жаткан партиялар деле киши жалдап атаандаштарын аңдытып коюшу мүмкүн». Артур Медетбеков УКМК жашыруун иштердин жыйынтыгы менен чогулткан материалдарды үчүнчү тараптын же кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн колдонбошу керек экенин кошумчалады. Кара пиар жыттанган каттар же ээси белгисиз СМСтер 1-октябрда «MegaCom», «Beeline» жана «О» операторлорунун абоненттерине «Реформа» партиясынын атынан деп СМС келген. Ал жерде «Бишкектиктер, «Реформа» партиясы кумсалардын укугун коргоону жана сүрөөнү улантат» деп жазылган. Жарандык коом бул окуяга уюк байланыш операторлорунун тиешеси бар экенин айтып, аларды «жарандардын өздүк маалыматтарын таратып жатат» деп айыпташты. «Реформанын» лидери Клара Сооронкулова мамлекеттик компания «MegaCom» менен соттошууга даяр экенин билдирген. Ал эми БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева күч органдарына кайрылуу жибергенин айтты: «БШКдагы ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна кайрылгам. Алар Башкы прокуратурага маалымат жибергенин айтышты. Мындан тышкары биз менен иштешип жаткан прокурордун көзөмөлгө алышын айттым». «MegaCom», «Beeline» жана «О» операторлору бишкектиктерге келген СМСке тиешеси жок экенин расмий билдиришти. «MegaCom» компаниясынын расмий өкүлү Жыргалбек Өмүрканов чуу жараткан билдирүү «MegaCom» ишканасынын 32 абонентине келгенин айтты. Компаниянын адистери ар бир СМСти талдап, каяктан жиберилгенин аныктаганын кошумчалады: «СМСтер Кыргызстандын аймагынан жиберилгенде IP-дарек аркылуу эле таап алмакпыз. Ал билдирүүлөрдүн түбү Швейцарияга барып такаларын биздин техникалык адистер аныкташты. Кимдир-бирөө Швейцарияда жайгашкан, мессенжерлик кызмат көрсөтүүчү «Global Message Services» компаниясынын кызматын колдонуп биздин абоненттерге СМС жазган. Буга биздин тиешебиз жок». Ошондой эле «Instagram» социалдык тармагында Кыргызстанда популярдуу болгон «One Million Kyrgyz Stories» (OMKS) көңүл ачуу долбоорунун негизги аккаунту ачылбай турат. Бул долбоорду иштеткендерге тиешелүү болгон «Omks_kg», «omks_video» сыяктуу баракчалар да колдонуучулар үчүн жабык. Алып баруучу Нурсултан Майназаров 2-октябрда OMKSтин негиздөөчүлөрүнө тилектештик билдирип, алардын расмий билдирүүсүн бөлүштү. Анда негиздөөчүлөр «Instagram» сайтындагы көп талкуу жараткан билдирүү жарыяланган баракчалардын бири белгисиз адамдар тарабынан бузулганын, ушундан улам коопсуздук үчүн башка аккаунттарды да убактылуу иштетпей турууну чечишкенин билдирген. Ал баракча өздөрүнө кайтарылып берилгенин, аккаунттардын коопсуздук боюнча маселеси жарым-жартылай чечилгенин айтты. Бирок өзүнүн жана администраторлордун коопсуздугу суроо жаратып жатканын, «Телеграмдагы» баракчаларын да бузуу боюнча аракеттер болгонун кошумчалаган. «Omks_video» баракчасында акыркы жолу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы тууралуу видео жарыяланган.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:08

Осмон Турдумамбетов: «Мекеним Кыргызстан» элге берген убадасын аткарат

Урматтуу шайлоочулар! Урматтуу кетмен-төбөлүк жердештерим! Убакыт — учкан куш дегендей, шайлоо башталган күндөн, Кудайдын колдоосу менен, сиздердин ак пейилден жасаган мээнетиңиздер менен бүгүнкү күнгө да келдик. Шайлоо эрежесине ылайык, бүгүн бир нече сааттан кийин үгүт иштери токтойт. Үгүт өнөктүгүндө касиеттүү Кетмен-Төбө жергемди түрө кыдырып, шайлоочуларымдын ак тилектерин, асыл максаттарын угуп, ак батаңыздарды алдым. Сиздердин ак дилден жасаган колдооңуздар жүрөгүмдү жылытып, сүйүнүч тартууладыңыздар. Ар бир жолугушууда менин сөзүмө терең маани берип, кесиптик деңгээлимди баалап чын жүрөктөн добуш берели деген чакырыктарыңыздар мага дем берди. Ак сакалдуу аталар, ак элечек энелердин «атаңды көргөнбүз, атаңа тең уул бол» деген сөздөрү да мени шыктандырды. Жолугушуу мезгилинде сиздердин көздөрүңүздөрдөн жакшылыктын учкуну, илгери үмүт, аруу тилектердин илебин байкадым. Кудай буюрса, мен бардык күчүмдү, демимди, аракетимди Сиздерге арнайм деген ой жүрөгүмдө уялап турат. Намысты, абийирди туу тутуп, Сиздердин жүзүңүздөрдү жер каратпайм! Элим бар! Элден айланса болот! Мен сиздерге терең ишенем жана таазим кылам! Шайлоодогу үгүт иши аягына чыгып келе жатат. Шайлоо бүтөт. Ынтымак бүтпөсүн! Бар болуңуздар, элим! «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Осмон Турдумамбетов. «Мекеним Кыргызстан» партиясы ар бир кыргызстандыктарга ийгилик каалайт! Сиздин тандоо № 4. «Мекеним Кыргызстан» партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:08

№ 4 Сиздин тандоо! «Мекеним Кыргызстан» кыргыз элине ыраазылык билдирет

Урматтуу кыргызстандыктар! «Мекеним Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоого карата жеңишке жетелеген ишенимдүү жолду басып өттү. Бул аралыкта сиздерден реалдуу колдоону сездик, сиздер бизге күч-кубат, үмүт бердиңиздер. Биз сиздер менен бирге Кыргызстаныбызды чындап өзгөртүп, ар бирибиз үчүн ыңгайлуу жана жайлуу өлкөгө айланта аларыбызга ишенебиз. Эч ким идеалдуу эмес, бирок биздин оюбуз ак! Атаандаш саясий күчтөр менен саясатчылардын ар кандай жалаасы, кара пиары менен чагымына карабастан биз өлкөнү өнүктүрүп, социалдык багыттагы күчтүү мамлекет кура аларыбызды далилдедик. Шайлоо алдында биздин партия парламентке келсе бир канча айда эле жакшы жакка карай реалдуу өзгөрүүлөрдү көрө аларыңызга дагы бир жолу кепилдик беребиз. Биз кайталанма функциялардан арылган, эффективдүү иштеген өкмөттү түзөбүз. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөнү өнүктүрүү үчүн кайсы бир маселелерде көз караштары жана позициялары дал келбеген саясий күчтөр, саясатчылар менен да конструктивдүү диалогго жана кызматташууга даяр. Биз алдуу-алсыз, бай-кедей, акылдуу же башка деп бөлүнбөй, эгер максат-тилектерибиз дал келсе бирге иштешүүгө даярбыз. Бул — күчтүү, экономикасы өнүккөн мамлекет куруунун бирден-бир ишенимдүү жолу. Биз курулай убада берип, популисттик сөздөрдү айтпаганыбызды иш жүзүндө далилдейбиз. Кыргызстан буюрса региондо реформалардын локомотиви болушу керек. «Мекеним Кыргызстан» партиясы элибизге, ар бир үй-бүлөгө, ар бир жаранга бакубат жана бейпил жашоо каалайт. Элибиздин, өлкөбүздүн эртеңи сиздин колуңузда, ошондуктан 4-октябрда 4-номерди тандаңыз! Урматтоо менен, «Мекеним Кыргызстан» партиясы. «Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстан» партиясы ар бир кыргызстандыкка ийгилик каалайт! Сиздин тандоо № 4. «Мекеним Кыргызстан» партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:08

№ 4 Сиздин тандоо! Талас эли «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандайт!

Аймактардын экономикасын өнүктүрүү — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негизги багыттарынын бири. Бул тууралуу «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Тариэл Жоробеков билдирди. «Биздин партиянын негизги багыты — айыл чарбаны өнүктүрүү жана элеттеги элдин турмуш шартын жакшыртуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Эгерде биз алдыдагы шайлоодо жеңишке жетсек, анда төө буурчактын баасын көтөрүп, жергиликтүү калк жакшы киреше алышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Тариэл Жоробеков. Талас салыштырмалуу чакан шаар болгонуна карабастан, ал чоң атак-даңкка ээ. Анткени Талас байыркы баатыр бабабыз Манастын кичи мекени катары да белгилүү. Шаарга жакын жерде Манас атабыздын күмбөзү, «Манас Ордо» улуттук комплекси жайгашып, андан анча алыс эмес аймакта петроглифтер менен аскадагы сүрөт галереялары дагы бар. Мындан сырткары табияты да кооз. Ушундан улам партия өкүлдөрү Талас облусун туризмдин борборуна айлантууну пландап жатышат. Албетте, партиянын пландары ушуну менен эле токтоп калбайт. Анткени, программанын алкагында аймактардагы калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу да каралган. «Биздин максатыбыз — экономиканы өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртуу. Пандемия учурунда биз ынтымактуулугубузду жана мыктылыгыбызды көрсөтө алдык. Ага карабастан вирус тараган сайын, медицинабыз алсыз болуп, көптөгөн жакындарыбызды жоготтук. Бирок биринчи байлык ден соолук болгондуктан, партиянын программасында медицинага өзгөчө көңүл бурулуп, сапаттуу ооруканаларды куруу, дарыгерлердин айлык акыларын көтөрүү башкы максат болуп коюлду», — деп кошумчалады «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Улан Садыбаев. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:08

Шайлоо-2020. Жаңы жүздөр жана партиялар таянган талапкерлер

Шайлоого катышып жаткан 16 партиянын маалыматтарын анализдеп чыгып, 24.kg агентигинин дата бөлүмү ар бир саясый уюмдун өзгөчөлүгүн таап чыкты. Салыштыруу үчүн партиялардын жалпы тизмесин жана биринчи жыйырма орунга илинген талаапкерлерди алдык, анткени алардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгү жогору. Дисклеймер: Депуттыкка талапкерлер жөнүндө кызыктуу маалыматтарды таап чыгардык. Бул сиздерге тандоого жасоого жакшы жардам берет деген ойдобуз. Белгилей кетсек, добуш берерде партиянын программасына таянып чечим кабыл алуу керек. Шайлоо катышып жаткан партиялар боюнча маалыматты бул жерден окуй аласыздар. Дата-редакторлор: Кристина Шведа, Анастасия Валеева. Иллюстрация: Надежда Хабичевская. Материал «Интерньюс в Кыргызстан» уюмунун USAID, Дүйнөлүк банк, DFID жана IDEMдин колдоосунда ишке ашып жаткан дата-журналистика боюнча «Медиа-К» долбоорунун стипендиаттары тарабынан даярдалды. Программанын ментору — Анастасия Валеева. Материалдагы пикир жана бүтүм «Интерньюс» уюумунун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын билдирбейт.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:08

«Мекеним Кыргызстан» добуш сатып алуудагы провакациялык видео тууралуу билдирди

ЖМКларда тарап жаткан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын агитатору Кара-Суу районунда добуштарды сатып алууда«, деген карандай калп. Бул көрүнуш атаандаштардын жасаган провокациялык иш-аракеттери. Жергиликтүү Ички иштер башкармалыгы жагдайлар тактала электен мурда эле «Мекеним Кыргызстан» партиясына белгисиз адамды бекитүүнү чечкен. «Мекеним Кыргызстан» партиясын атайын каралаган, чуулгандуу видеотасма боюнча өзүбүз териштирүү иштерин жүргүздүк. Жыйынтыгында видеодогу жаран «Мекеним Кыргызстан» партиясына эч кандай тиешеси жок болуп чыкты. Тактап айтканда, тасмадагы жаран өзү, же болбосо тууган-туушкандары дагы партиянын агитатору же мүчөсү болгон эмес. Андыктан «Мекеним Кыргызстан» партиясы бардык тараптан мындай өңүттөгү жалган жана чагымчыл маалыматтарды жарыялоодон мурун анын чоо-жайын, чын-төгүнүн текшерип чыгууга чакырабыз. «Мекеним Кыргызстан» партиясы ар дайым таза жана шайлоодо технологияны жаман ниетте колдонбостон, жоопкерчилик менен мыйзамга ылайык иш жүргүзүп келген. Биз жасаган ишибизге жоопкерчилик алып, жасалган иштерге кепилдик беребиз. «Мекеним Кыргызстан» партиясы ар бир кыргызстандыкка ийгилик каалайт! Сиздин тандоо № 4. «Мекеним Кыргызстан» партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510- кабинет .

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:08

Виктор Иванов: «Мекеним Кыргызстан» өз убагы келгенде эл ишенимине ээ болот

Маектешибиз юстициянын полковниги Иванов Виктор Геннадьевич 1964-жылы 22-мартта Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Биринчи класстагы юстициянын кеңешчиси. Иванов Виктор эмгек жолун 1990-жылы Кара-Балта шаарына караштуу Калинин районунун прокуратурасына катардагы кызматкерликтен баштаган. Бир жылдан кийин прокурордун жардамчысы болгон. 6 жылдан кийин тергөө бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Тагыраагы, 1990-жылдан 2000-жылга чейин Калинин району, Жайыл району, Чүй облусунун прокуратурасы тармагында эмгектенип, прокурордун орун басарлык кызматына чейин жеткен. Андан кийин президенттин аппаратындагы консультант жана эксперт болуп 3 жыл иштеген. 2003-2004-жылдары Башкы прокуратурада эмгектенген. 2004-2005-жылдары Бишкек прокуратурасында, андан кийин Свердлов прокуратурасында жана транспорт прокуратурасында прокурор болуп иштеген. 2008-2009-жылдары шаардык прокуратурада бөлүм башчылык кызматты аркалап, кийин Ысык-Көл облустук прокуратурасында прокурор болгон. 2010-жылы Башкы прокурордун орун басары, 2011-жылы Аскер прокуратурасынын орун басар болгон. — Виктор Геннадьевич, Кудай буюруп, мандатка ээ болуп калсаңыз ишти эмнеден баштайсыз? — Ишти мыйзам жазуудан баштайм. Тагыраагы, чийеленишкен маселелерди чечүүнү жолго салган мыйзамдарды жазам. Ошондой эле бир канча мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизем. Анткени депутаттын эң негизги милдети мыйзам жазуу экенин билем. Буюрса, мыйзам жазууда камчы салдырбайм. Элимдин турмушун жеңилдеткен, эффективдүү иштөөгө шарт түзгөн мыйзамдарды жазам деген ниетим бар. — Прокуратура тармагында көп жыл эмгектенипсиз. Эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан» партиясына токтолдуңуз? — Мен партиянын программасын окуп мекендин жүгүн, элдин жүгүн көтөрөм, турмушун жеңилдетем деген аракет менен жазылган программа экенине ынандым. Ар бир тармак боюнча маселе көтөрүлүп, кайра аны чечүүнүн жолун сунуштагандарына ыраазы болдум. Команданын күчтүүлүгүн, санга эмес, сапатка маани бергенин көрүп ишеним пайда болду. Ойлонуп, толгонуп отуруп парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барайын деген чечим кабыл алдым. Урматтуу шайлоочулар, «Мекеним Кыргызстан» партиясы мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүн далилдейт. Берген убадаларын аткарат. Элдин үмүтүн актайт деп ишенем. Ошон үчүн саналуу күндөрдөн кийин тагдыр чечүүчү мүнөттө 4-номурдагы «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиз. Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. «Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:08

Трамп коронавирус жуктуруп алып, карантинге кетти

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус жуктуруп алды. Күн мурун анын жардамчысы Хоуп Хиксте COVID-19 аныкталып, Трамп менен жубайы Мелания тест тапшырышкан. Хикс 29-сентябрда президент менен Кливлендде өткөн дебаттарда, 30-сентябрда Миннесотадагы митингде чогуу болгон. Ак үйдүн расмий өкүлү Жад Дирдин билдирүүсүндө: «Президент өзүнүн жана айланасындагылардын ден соолугуна, коопсуздугуна олутуу мамиле кылат», — деп жазылган. Май айында АКШнын вице-президенти Майк Пенстин басма сөз катчысы Кэти Миллердин, июлдун аягында президенттин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Роберт О’Брайендин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Эки аткаминер тең айыгып, жумушка кайтышкан. Трамп АКШда шайлоо өнөктүгү кызып жаткан маалда ооруп калды. Өлкөдө президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:09

Кара-Суу «Мекеним Кыргызстанды» тандайт!

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын Ош облусундагы үгүт кербени Кара-Суу шаарында жыйынтыкталды. Партия талапкерлерин шайлоочулар жылуу тосуп алып, уюштуруучулардын санитардык талаптарды сактоо чакырыктарына карабай шаардык стадионго эл жыкжыйма толуп чыкты. Болжол менен жолугушууга беш миңден ашуун адам чогулду. Бул жерге Кара-Суу шаарынын эле эмес, ага жакын айыл өкмөттөрдүн эли да келди. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасындагы ар бир пункт кылдаттык менен иштелип чыккан. Тагыраагы, биз шайлоочуларга жөн гана куру сөздөрдү айтпай, реалдуу ишке аша турган программа менен тааныштырабыз. Биз саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жарандарыбызды социалдык жактан коргоо системасын реформалоого жетишүү үчүн талыкпай иштөөгө даярбыз. Приоритеттүү багыттардын бири — айыл чарбасын өнүктүрүү. Андан сырткары, биздин катарда өз ишин мыкты билген күчтүү адистер, прогрессивдүү жаштар, ар кандай улуттагы жана идеяга бай, жаратман адамдар бар, алар өлкөбүздү өнүктүрүүгө болгон күч аракеттерин жумшайт«, — деди партиянын төрагасы Мирлан Бакиров. Дагы бир талапкер Ибрагим Жунусов партия парламентке келсе жөлөк пул алуу маселесин жеңилдетерине токтолду: «Биздин программанын пункттарынын бири — калктын социалдык аялуу катмарына жардам берүү. Азыр Кыргызстанда ушул карапайым тургундарга жөлөк пул алуу укмуштуудай кыйын. Өкүнүчтүүсү жарандар мамлекеттен жардам алуу үчүн пара берүүгө аргасыз болушат. Ошол эле учурда, бардыгы эле системада болгон бюрократиялык тоскоолдуктардан чыгууга даяр эмес. Биз, «Мекеним Кыргызстан» партиясы, бул кырдаалдан чыгарып, өлкөбүздү жакшы жагына өзгөртүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз». Жолугушууда Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоосундагы жана өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн символу катары асманга чоң шар учурулду. Шайлоочулар жапырт «Мекеним Кыргызстан» партиясын колдоорун айтып жатышты. «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр элибиз аман болсун! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары , Турусбеков көчөсү, 109/1 , 510-кабинет.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:09

Сооронбай Жээнбеков жарандарды шайлоого катышып, тандоо жасоого чакырды

Президент Сооронбай Жээнбековдун пикиринде үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусунда айтылат. Өлкө башчысы ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келгендигин белгилейт. «Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл», — дейт ал. Сооронбай Жээнбековдун айтымында, бийлик шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулду. Президент партия лидерлерине шайлоодо утулуп калса, жеңилүүнү көтөрө билүүгө чакырды. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз Сооронбай Жээнбеков. «Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла. Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла.Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот», — деди Сооронбай Жээнбеков. Президент добуш берүү ар бир жарандын жеке чечими экенин белгилеп өттү. «Ар бир шайлоочунун добушу — өлкөнүн тагдырын чечет. Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт», — дейт ал.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:11

«Кашаң аттар шайлоого баратат». Бабанов кыргызстандыктарга кайрылды

«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов шайлоонун багыты кайда баратканын байкап, унчукпай коё албаганын белгилеп, кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасады . Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин ага басым болуп жатканын айтып, саясаттан кетерин билдирген болчу. Ал жаңы кайрылуусунда айрым тараптар учурда добуштарды сатып алуу боюнча болгон аракетти жасап жатканын белгилеген. «Шайлоонун кайсы багытта баратканын көрүп, кайрылууну чечтим. Унчукпай тура албадым. Жүрөгүмдү бир суроо өйкөп турат. 2 миң сомго жашоо оңолобу? Добушуңду 2 миң сомго сатып алган депутат сени ойлойбу? Сени коргойбу?» — деп суроо салат ал. Бабанов ошондой эле, Кыргызстан эгемен мамлекет болгонуна 29 жылдын жүзү болгонун, бирок бул жыл аралыгында көзгө көрүнө турган, оозго алынарлык бир иш жасалбаганын белгилеген. Ал мындай жыйынтык шайлоодо билимсиздер менен акчалуулар гана шайланып келгенинен улам болуп жатканына токтолгон. «Бүгүн шайлоо базарга айланды, “Ким канча берет экен”? деген суроо толуп кетти. Чындыкты 2 миң сомго, акчага сатып алса болобу? Жакшы жашоо абийир менен гана келет», — деди Бабанов. Ал ошондой эле, боло турчу шайлоого «кашаң аттар» башка аттарга жамынып алып бара жатканын белгиледи. «Негиз атың кашаң болсо аны союп, же башка кылып андан арыласың. Андыктан саясатка кашаң эмес, күлүк аттар келиш керек. Алар элдин канаты болушу керек», — деди ал. «Республика» партиясынын азыркы лидери Мирлан Жээнчороев КТКРда 30-сентябрда өткөн дебат учурунда эгер алардын партия шайлоодо утуп, коалиция түзүү укугу аларга берилсе, Өмүрбек Бабановду премьерликке көрсөтө турганын билдирди. Бабанов жана «Республика» «Республика» партиясы 2007-жылы түптөлгөн . 2010-жылы 5-июнда саясий бирикменин кезексиз жыйынында лидерликке бизнесмен Өмүрбек Бабанов шайланган. Ошол эле жылы күзүндө «Республика» парламентке өтүп, 23 мандат алган. Бабанов эки жолу өлкөнүн биринчи-вице-премьер-министри болуп дайындалып, ал эми 2011-жылдын декабрынан тарта сегиз ай премьер-министр болгон. 2017-жылы «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин койгон. Бабанов мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев шайлоо кампаниясы учурунда колдоосун көрсөткөн бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Бирок, президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен. Мындан кийин Бабанов саясаттан кетерин билдирип, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кийин ал ар кандай басылмаларга берген бир нече интервьюсунда, аны өлкөдөн чыгып кетүүгө Атамбаев менен Жээнбеков үй-бүлөсүн коркутуу менен мажбурлаганын айтып берген. Шайлоо алдындагы жарыш учурунда Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Саясатчынын айтымында, эгер ал Кыргызстандан кетсе ал иштер токтотулушу керек болгон. Бирок кылмыш иштер эмдигиче тергелүүдө. Бабанов 2017-жылдан тарта Москвада жашап, өлкөгө эки жылдан кийин гана кайтып келген. Ал убадасына туруп, азырынча саясатка кайтып келе элек. Бирок Бабанов парламенттик шайлоого чейин бир апта калганда Asia Mall соода борборунан алдында «Атак-даңк аллеясынын» ачылышында пайда болду. Эртеси күнү «Республиканын» фейсбуктагы расмий барагында Бабановдун партиянын «Өмүрбек Токтогулович, кош келдиңиз» деп жазылган баннеринин фонунда Руслан Казакбаев менен түшкөн сүрөтү жарык көрдү .

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:11

БШКнын жумушчу тобу «Биримдиктин» төрагасын шайлоодон четтетүү боюнча арызды канааттандырган жок

Elgezit басылмасы кабарлагандай , Боршайкомдун жумушчу тобу БШКга «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловду шайлоодон четтетүү боюнча арызды канааттандырбоону сунуштады. Аманкуловго карата арызды активист Умай Арыкова «бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга чакыруу» нормасы боюнча берген. Жумушчу топтун чечимине караганда, видео 2020-жылдын февралында тартылгандыктан, ал эми партиялардын үгүт кампаниялары 4-сентябрда башталгандыктан, Арыкованын арызы колдонулбайт. Буга чейин соцтармактарда «Биримдиктин» башчысы Марат Аманкулов 30 жылдык көз карандысыздыктан кийин Кыргызстанга «ойлонууга жана кайтууга мезгил жетти» деп айткан видеосу тараган. Аманкуловдун айткандары тартылган видео интернетте 26-сентябрда жарыяланып, коомдо терс резонанс жараткан. Видео жарыялангандан кийин Умай Арыкова жана башка активисттер Аманкуловдун сөздөрүнүн үстүнөн УКМКга жана Башкы прокуратурага даттанышкан. Ал арызга 50дөн ашык адам кол койгон. Ал эми «Биримдиктен» Аманкуловдун сөздөрү контексттен кесилип алынганын, анын билдирүүсүн шайлоо алдында каралоо үчүн колдонуп жатышканын билдирген . Бул шайлоодо «Биримдик» биринчи номер менен баратат жана аны «бийликчил» дешет, анткени партиянын талапкерлеринин тизмесинде президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков бар. ТЕМА БОЮНЧА: Бишкекте «Биримдиктин» төрагасы Аманкуловдун сөзүнө каршы акция өттү «Биримдик» фейсбуктагы барагына фейктердин активисттер тууралуу «чагымчыл» билдирүүлөрүн бөлүштү

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:13

ЦИК отказался снимать кандидата от партии "Биримдик" Марата Аманкулова с выборов

Центральная избирательная комиссия Кыргызстана отказала группе граждан в удовлетворении их заявления о снятии партии "Биримдик" и их лидера Марата Аманкулова с выборов в Жогорку Кенеш. Такое решение было принято сегодня, 2 октября, во время заседания ЦИК. Как сообщила член ЦИК Атыр Абдрахматова, только два члена Центризбиркома поддержали заявление 11 кыргызстанцев, которые просили снять партию "Биримдик" и их лидера Марата Аманкулова с предвыборной гонки за его высказывание о России: "Тридцать лет показали, что нам надо возвращаться. На свободе хорошо, а дома лучше". Отметим, что членами ЦИК было предложено направить материалы дела в Генпрокуратуру и ГКНБ для дачи юридической оценки высказываниями Марата Аманкулова. Но всего два человека поддержали эту инициативу. Напомним, в разгар агитационной кампании в Интернете начали распространять видео с фрагментом выступления лидера партии "Биримдик" Марата Аманкулова, в котором он говорит, что "30 лет нашей независимости показали, что пора уже одуматься и пора уже возвращаться... На территории евразийства суверенным может быть государство только объединенное. И для того чтобы мы, кыргызы, не потеряли субъектность, мы должны быть сейчас вместе и интегрироваться". Пользователи социальных сетей раскритиковали заявление Марата Аманкулова, расценив слова политика как угрозу независимости Кыргызстана. В самой партии отметили, что это провокация и слова выдернуты из контекста, напомнив, что "партия базируется на патриотической платформе и главными ценностями являются наша независимость, суверенитет, территориальная целостность и безусловный приоритет национальных интересов Кыргызстана".

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:27

Азаттык+

4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, кыргызстандыктар алдыдагы беш жылдагы келечегин аныктайт. Өлкөнүн тагдырын өзгөртө турган бул жолку шайлоо кандай маанайда өтөт? Жарандар добушун сатпай, шайлоонун таза өтүшүнө кантип салым кошо алат? Жаштар шайлоо алдындагы мыйзамсыз көрүнүштөр менен кантип күрөшүп жатат? Ал аракеттери жыйынтык береби? “Азаттык плюс” бул жолу жаштар менен жалпы коомчулукту ойго салган ушул суроолорго жооп издеди.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники