О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
1 октября 2020 г. 13:48

«Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкө элине ыраазычылык билдирет

«Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкө элине ыраазычылык билдирет Урматтуу кыргызстандыктар! “Мекеним Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоого карата жеңишке жетелеген ишенимдүү жолду басып өттү. Бул аралыкта сиздерден реалдуу колдоону сездик, сиздер бизге күч-кубат, үмүт бердиңиздер. Биз сиздер менен бирге Кыргызстаныбызды чындап өзгөртүп, ар бирибиз үчүн ыңгайлуу жана жайлуу өлкөгө айланта аларыбызга ишенебиз. Эч ким идеалдуу эмес, бирок биздин оюбуз ак! Атаандаш саясий күчтөр менен саясатчылардын ар кандай жалаасы, кара пиары менен чагымына карабастан биз өлкөнү өнүктүрүп, социалдык багыттагы күчтүү мамлекет кура аларыбызды далилдедик. Шайлоо алдында биздин партия парламентке келсе бир канча айда эле жакшы жакка карай реалдуу өзгөрүүлөрдү көрө аларыңыздарга дагы бир жолу кепилдик беребиз. Биз кайталанма функциялардан арылган, эффективдүү иштеген өкмөттү түзөбүз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы өлкөнү өнүктүрүү үчүн кайсы бир маселелерде көз караштары жана позициялары дал келбеген саясий күчтөр, саясатчылар менен да конструктивдүү диалогго жана кызматташууга даяр. Биз алдуу-алсыз, бай-кедей, акылдуу же башка деп бөлүнбөй, эгер максат-тилектерибиз дал келсе бирге иштешүүгө даярбыз. Бул – күчтүү, экономикасы өнүккөн мамлекет куруунун бирден-бир ишенимдүү жолу. Биз курулай убада берип, популисттик сөздөрдү айтпаганыбызды иш жүзүндө далилдейбиз. Кыргызстан, буюрса, региондо реформалардын локомотиви болушу керек. “Мекеним Кыргызстан” партиясы элибизге, ар бир үй-бүлөгө, ар бир жаранга бакубат жана бейпил жашоо каалайт. Элибиздин, өлкөбүздүн эртеңи сиздин колуңузда, ошондуктан 4-октябрда 4-номерди тандаңыз! Урматтоо менен “Мекеним Кыргызстан” партиясы. №4 “Мекеним Кыргызстан” – ар бир кыргызстандыктын партиясы.

Подробнее
1 октября 2020 г. 15:50

"Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы! 4-октябрда 4-номерди тандаңыз!

Свердлов районунун шайлоочулары күндүн сууктугуна карабастан "Мекеним Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңешке аттанган талапкерлерди жылуу тосуп алышты. Иш-чарага миңге жакын адам келди. Катышуучулар актуалдуу суроолорду берип, талапкерлер менен бирге талкуулашты. Шайлоочуларга партиянын программасы көңүлдөрүнө толду. Саясий бирикменин катарында перспективдүү, амбициялуу жаштар көп экендиги үчүн "Мекеним Кыргызстан" партиясын колдошорун, анткени бул жаш саясатчылар депутат болсо жаркын келечек куруп берерине ишеним чоң экенин билдирип өтүштү. "Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы! 4-октябрда 4-номерди тандаңыз!

Подробнее
1 октября 2020 г. 15:51

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүт кербени Ош шаарына барды.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын үгүт кербени Ош шаарына барды. *** Агитационный караван партии "Мекеним Кыргызстан" прибыл в город Ош.

Подробнее
1 октября 2020 г. 15:52

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлеринин Ош шаарында болгон жолугушуусунан фоторепортаж.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлеринин Ош шаарында болгон жолугушуусунан фоторепортаж. *** Фоторепортаж со встречи кандидатов партии «Мекеним Кыргызстан» с жителями города Ош.

Подробнее
1 октября 2020 г. 16:03

"Ыйман Нуру" - шайлоо бюллетенинде N3.

Өлкөбүзгө жаркын келечек тартуулоо ар бирибиздин колубузда ✊🏻"Ыйман Нуру" саясий партиясын колдоо менен биз Кыргызстанды эркин, күчтүү, жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу мамлекетке айланта алабыз! "Ыйман Нуру" - шайлоо бюллетенинде N3.

Подробнее
1 октября 2020 г. 19:04

"Ыйман Нуру" адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы үчүн добуш бериңиз - шайлоо бюллетенинде №3

Мыйзамдуулук, бийликтин толук ачыктыгы жана адилеттүүлүгү гана элдин ишенимин кайтарып, коомдун ынтымагын жана биримдигин камсыз кылат. Элге жакын болуп, элдин үнүн угуу - эң башкы максатыбыз! "Ыйман Нуру" адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы үчүн добуш бериңиз - шайлоо бюллетенинде №3

Подробнее
1 октября 2020 г. 19:06

"Ыйман Нуру" партиясынын өз ишин мыкты билген адистери менен биргеликте жаркын келечекке жол ачыңыз!

"Тапканыбыз адалдан болсун. Биздин чөнтөгүбүздө 1 тыйыныбыз калбаса да, "таасирдүү" адамдардын 1 тыйынын да албайбыз". Жаңы доордун, экономикалык жана коомдук чоң өзгөрүштөрдүн башталышы жана жаңылануунун башаты бизди күтүп турат. "Ыйман Нуру" партиясынын өз ишин мыкты билген адистери менен биргеликте жаркын келечекке жол ачыңыз!

Подробнее
2 октября 2020 г. 11:45

Мирбек Мияров

"Шайлоо 5 жылда бир келген шанс! Менин кыялымдагы парламент жаңы, таза инсандардан турган парламент болуш керек! Урматтуу шайлоочу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба! Кыргызстандын келечеги үчүн жүрөгүң менен добуш бер!" Мирбек Мияров

Подробнее
1 октября 2020 г. 19:54

Кара-Суу “Мекеним Кыргызстанды” тандайт

Кара-Суу “Мекеним Кыргызстанды” тандайт "Мекеним Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы үгүт кербени Кара-Суу шаарында жыйынтыкталды. Партия талапкерлерин шайлоочулар жылуу тосуп алып, уюштуруучулардын санитардык талаптарды сактоо чакырыктарына карабай шаардык стадионго эл жыкжыйма толуп чыкты. Болжол менен жолугушууга беш миңден ашуун адам чогулду. Бул жерге Кара-Суу шаарынын эле эмес, ага жакын айыл өкмөттөрдүн эли да келди. “Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасындагы ар бир пункт кылдаттык менен иштелип чыккан. Тагыраагы, биз шайлоочуларга жөн гана куру сөздөрдү айтпай, реалдуу ишке аша турган программа менен тааныштырабыз. Биз саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жарандарыбызды социалдык жактан коргоо системасын реформалоого жетишүү үчүн талыкпай иштөөгө даярбыз. Приоритеттүү багыттардын бири - айыл чарбасын өнүктүрүү. Андан сырткары, биздин катарда өз ишин мыкты билген күчтүү адистер, прогрессивдүү жаштар, ар кандай улуттагы жана идеяга бай, жаратман адамдар бар, алар өлкөбүздү өнүктүрүүгө болгон күч аракеттерин жумшайт”, - деди партиянын төрагасы Мирлан Бакиров. Дагы бир талапкер Ибрагим Жунусов партия парламентке келсе жөлөк пул алуу маселесин жеңилдетерине токтолду: «Биздин программанын пункттарынын бири - калктын социалдык аялуу катмарына жардам берүү. Азыр Кыргызстанда ушул карапайым тургундарга жөлөк пул алуу укмуштуудай кыйын. Өкүнүчтүүсү жарандар мамлекеттен жардам алуу үчүн пара берүүгө аргасыз болушат. Ошол эле учурда, бардыгы эле системада болгон бюрократиялык тоскоолдуктардан чыгууга даяр эмес. Биз, “Мекеним Кыргызстан” партиясы, бул кырдаалдан чыгарып, өлкөбүздү жакшы жагына өзгөртүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз». Жолугушууда Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоосундагы жана өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн символу катары асманга чоң шар учурулду. Шайлоочулар жапырт “Мекеним Кыргызстан” партиясын колдоорун айтып жатыщты.

Подробнее
1 октября 2020 г. 19:55

"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы №4

Партияны колдоп келген шайлоочулар сүрөттөн байкалгандай абдан көп болду. Талапкерлер программаларды айтып, алдыда жасалуучу иштер туурасында ой бөлүштү. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы №4

Подробнее
1 октября 2020 г. 20:00

"Мекеним Кыргызстан" партиясы чоң масштабдагы жолугушуу уюштурду.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы чоң масштабдагы жолугушуу уюштурду. "Мекеним Кыргызстан" партиясы аймактарды кыдыруу боюнча үгүт кербенин жыйынтыктады. Акыркы фиништик жолугушуу Кара-Суу шаарында өттү. Ош облусунун эли талапкерлерди кубаттап, жылуу тосуп алышты. Аларды колдоо үчүн беш миңден ашык жаран чогулду. Уюштуруу комитетинин санитардык нормаларды сактоо тууралуу чакырыктарына карабастан эл талапкерлери менен көрүшүштү. Стадионго жергиликтүү тургундар эле эмес, жакынкы айыл өкмөттөн да келишти. Парламенттин жаңы чакырылышына үмүттөр чоң экенин билдирип, ал чакырылышка "Мекеним Кыргызстан" партиясы кошуларына ишеним артышты.

Подробнее
1 октября 2020 г. 20:37

Узген выбирает партию Мекеним Кыргызстан.

Узген выбирает партию Мекеним Кыргызстан. Партию победителя! За партию «Мекеним Кыргызстан», № 4 в избирательном бюллетене. «Мекеним Кыргызстан» - это партия каждого кыргызстанца. И это не просто предвыборный лозунг. Это наша философия. Партия «Мекеним Кыргызстан» открыта для диалога со всеми, кто настроен на конструктив во благо развития страны, во благо народа Кыргызстана.

Подробнее
1 октября 2020 г. 15:01

Эл аралык карылар күнү менен!

Эл аралык карылар күнү менен!🙏🏻 Жашоо тууралуу көптөгөн нерсени билген, көптү айтып, үйрөтө алган адамдарды куттуктайбыз. Ак түстөгү бубак чачтары алардын жашын гана эмес, чексиз акылмандыгынан, баа жеткис тажрыйбасынан жана улуу билимдүү экенинен кабар берет. 🤲🏻Сиздерге ден-соолук, тынчтык, бакыт жана камкордукка толгон узак жана бактылуу жылдарды каалайбыз. Сиздердин жаш курагыңыздарга карабастан, жан дүйнөңүз ар дайым жаш жана энергиялуу бойдон кала беришин тилейбиз. . С Международным днем пожилых людей!🙏🏻 Поздравляем людей, которые очень многое знают об этой жизни. Людей, которые могут многое рассказать и многому научить. Людей, чьи благородные седины означают не только возраст, но и безграничную мудрость, бесценный опыт и большие познания. 🤲🏻Желаем вам бесконечно долгих и счастливых лет, наполненных здоровьем, покоем, счастьем и заботой. Желаем, чтобы, несмотря на возраст, ваша душа всегда оставалась молодой и энергичной.

Подробнее
1 октября 2020 г. 15:02

Мекенчил кызыбыз Чынара Мамажакыпова

Мекенчил кызыбыз Чынара Мамажакыпова чоң жарышка аттанды Байыртадан кыргыз элинин жашоосун өзгөрткөн, мекенчил, кеменгер, баатыр Курманжан даткага окшогон улутунун учугун улаган, караңгыдан жол тапкан энелерибиз өткөн. “Ыйман-нуру” партиясынын атынан талапкерлигин койуп, чоң жарышка аттанган кыргыздын мекенчил кызы Чынара Мамажакыпова тууралуу бүгүн кеп козгогубуз келип турат. Көптөгөн мыкты сапаттардын ээси, тигүүчүлүк тармакта ийгиликтерди жаратып “Чики” брендин негиздеп, мода үйүн ачып, кыргыз өндүрүшүнө өз чыйырын салып, көптөгөн кыз-келиндерге насаатчы болуп, умтулууга үндөгөн асылзат айым. Бир эки курдай Чынара айым менен маек куруп талыбаган эмгекчилдигине, фантазиясы кенен идеяга бай көрөңгөлүү үзүлгөндүн учугун улай турган мыкты сапаттарга ээ экендигин байкадым. Куйдай буйруса Чынара айым жогорку кеңешке келсе кыргыз элинин айрыкча өндүрүш, тигүүчүлүк тармагынын өсүп өнүгүшүнө чоң салым кошуп, мекенчилдик сезими менен эл турмушу онолуусуна көп салым кошооруна ишеним чоң. Чынара Мамажакыпова биз колдоп ала турган чыныгы мекенчил кыргыз кызы. Чоң жарышта ийгиликтерге жетишиңе тилектешпиз.

Подробнее
1 октября 2020 г. 11:15

Баткен облусу “Республиканы” колдоду!

Баткен облусу “Республиканы” колдоду! “Республика” партиясынын талапкерлери Баткен облусун түрө кыдырып, жасала турган реформаларды, партиянын программасын элге кенен тааныштырышты. Өз кезегинде жергиликтүү эл өз сунуштарын айтып, батасын беришип, шайлоодо колдоорун билдиришти.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники