О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:36

«Бүтүн Кыргызстан» соттон утуп чыкса, БШК партияны каттоого даяр

«Бүтүн Кыргызстан» соттон утуп чыкса БШК аны кайра каттоого даяр. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат каражаттарына билдирди. Маалыматка ылайык, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылууга толук укуктуу жана 25-сентябрга чейин, бюллетендер басылып чыкканга чейин аларда убакыт бар. Эгер алар соттон утуп чыкса, БШК партияны кайра каттап, алар шайлоого катышууга укук алат. Соттор шайлоо талаштары боюнча чечимдерди тездетилген тартипте-үч жумушчу күндүн ичинде чыгарат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

“Ата Мекендин” үгүт кербени Таласта старт алды

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын үгүт кербени Талас облусунан башталды. Партиянын Жанар Акаев баштаган өкүлдөрү менен жергиликтүү тарапташтары алгач “Манас-Ордого” зыярат кылып, куран түшүрдү. Андан соң шайлоочулар менен жолугушуу өттү. Архитектуралык комплекс гана эмес, улуу журттун мамлекеттүүлүгүнүн символу. “Ата Мекен” үчүн биримдик, мамлекеттин бүтүндүгү негизги баалуулук экенин Өмүрбек Текебаев 17-августта Бишкектеги “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөр аллеясында” өткөн партиянын кезектеги XIII курултайында баса белгилеген. Өлкөнүн мындан аркы тагдыры жаштардын колунда деген Өмүрбек Чиркешович “Дүйшөнкул Чотонов, Асия Сасыкбаева баш болгон партиянын аксакалдары парламенттик шайлоого катышпай” турганын жарыялаган. Шайлоого аттанган “Ата Мекендин” жаңыланган курамы, жаңы тарыхты жаратуучулар – Жанар Акаев, Эльдар Абакиров, Тилек Токтогазиев, Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко, Абдывахап Нурбаев жана башкалар. Алар алгач «Манас-Ордо» комплексинде жергиликтүү эл менен учурашып, андан соң ата-бабаларга багыштап куран окулду. Аксакалдар “алдыдагы шайлоо тынч өтүп, журтубуз эсен болсун, “Ата Мекендин” жолу ачык болсун” деп бата беришти. Андан соң атамекенчилер Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрдын алдында эл менен жолугушту. “Алдыдагы беш жыл биз үчүн чечүүчү боло тургандай. Капчыктуулар менен шылуундардын парламентинин бизге кереги жок! Бизге патриоттор менен профессионалдардан турган, чындык менен кошо маселени чечүү жолун айта турган эл өкүлдөрү керек. Эл үчүн иштеп, мамлекетти кризистин сазынан чыгара турган Өкмөттү күчтүү парламент гана түзө алат. Парламенттин сапаты сиздин добушуңуздан көз каранды. Мен бул ирет элибиз жаңылбайт, туура тандоо жасайт деп бекем ишенем. Урматтуу элим, арзыбаган акча үчүн өлкөнүн тагдырын садага чаппайлы! Кыргызстанга жаңы дем керек”, - деди Жанар Акаев элге кайрылуусунда. Талас эли атамекенчилерди жылуу маанайда кабыл алып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. «Кыргызстандын жаңы демин Жанар Акаев баштаган команда ача аларынан шегибиз жок. Уучубуз куру эмес, өлкөбүз өнүгөт», - деп аксакалдар алкоосун билдирди. Таластагы эки күндүк сапардын алкагында “Ата Мекен” партиясын түптөгөндөрдүн бири, ушул жылдын июль айында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Болот Шер-Нияздын туулган айылына зыярат, бир катар аймактарда жолугушуулар өткөрүлөт. Андан соң үгүт кербени өлкөнүн бардык дубандарын түрө кыдырат. Даярдаган: ЖЧК "Дүрбү", Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 44 Буйрутма: “Ата Мекен” ССП шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К. Кулжанова тарабынан төлөндү Чыгарылган күнү: 04.09.2020 ж.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

«Кыргызстан» партиясынын лидери Исаев элге ортон колун көргөздү…

БШК тиешелүү шарттарды бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарган эле. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон. «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган. 27-августта Бишкектин административдик соту партиянын пайдасына чечим чыгарды. View this post on Instagram // #фабула #ммк #сми #кабарлар #новости #КыргызРеспубликасы #Бишкек #Ош #Баткен #ЖалалАбад #Нарын #Талас #Чүй #ЫсыкКөл #видео #президент #премьер #министр #өкмөт #2020 #МынаСага #чимкирик #Эл #Ойлон #Ойгон A post shared by fabula.kg (@fabula.kg) on Aug 28, 2020 at 12:02am PDT Партия лидери Исаев соттон чыгып баратканда, ага топтолгон жарандар «позор» деп кыйкырып узатышты. Элдин назарынан калып, аброю түшкөнүнө арданган Исаев машинасына түшүп кетип жатып, элге ортон колун көрсөтүп кеткени боюнча сүрөттөр социалдык тармакта жарыяланып, ачуу сындар айтылды. Ырасында, өз элине жасаган мындай пас мамилеси, Исаевге эл эмес, мансап керектигин, жумурай журтуңду урганы жоктугун айгинеледи. Шайлоо болбой жатып, элди шылдыңдап, мазактап жатканы абдан жийиркеничтүү... Жыйынтыкты өзүн чыгарып ал элим...

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Сарэсеп. Исаевге ишенген элдин өз шору…

Учурда Жогорку Кеңештин шайлоосуна карата талапкерлер такталып, партиялар съезддерин өткөрүшүп, ач-кыйкырык, куу сүрөөн менен шайлоого баратышат. Биз партиялардын тизмесинде кимдер баратканын "2020-шайлоо" деген рубриканын алдында «Ким элең, кайда жөнөдүң» аттуу темада, талапкерлердин басып өткөн жолуна сарэсеп салып турабыз. Бул жолку каарманыбыз «Кыргызстан» партиясын жетектеп, алдыңкы он тизмеге «аштан-көчтөн» калгандарды тизип алып, шайлоонун шаңын чыгара турган болуп жаткан Канатбек Исаевдин ак-карасына азын-оолак токтолуп өтөлү. Исаевди интриганын атасын таанытаарын саясатчылар жакшы билишет. «Жеңден кончко куюлуп, суудан кургак чыгуу» жагынан алдына жан киши салбай турганын эчен ирээт айгинеледи десек жарашат. Буга анын «коррупция», «бийликти күч менен басып алуу» сыяктуу оор статьялар менен айыпталып камакка алынып, бирок камырдан кыл сууругандай жазадан кылы кыйшайбай кутулуп кеткени далил. Албетте, бул анын кыйындыгынын белгисиби же, жыланча терисин алмаштырганды мыкты өздөштүргөн кубулма касиетин чагылдырып турабы буга калк тараза… Мына, Исаев «бийликти күч менен басып алууга» шектелип кылмыш иши козголуп, 2017-жылы 30-сентябарда камакка алынып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна киргизилген. Башкы прокуратура Исаевге «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүп алган» деген кине койгон. Ал кезде президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов башкы атаандаш катары тирешип, шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан. Исаев Бабановдун тарапташы катары шайлоодо жеңилип калышса, шайлоонун жыйынтыктарын таанышпай, башаламандык уюштуруу аракетин көрүшмөк болгонун укук коргоо органдары жар салышкан. Башкача айтканда, Башкы прокуратура тараткан маалыматта: «УКМКнын материалдары бул адамдар жогоруда аты аталган талапкер шайлоодо жеңилип калса бийликти күч менен басып алууну максат кылып жатканын көрсөтүүдө. Алар пландалган акцияларды уюштуруу үчүн өз катарына кишилерди акчага тартып, шайлоо жыйынтыгы бурмаланды деген шылтоо менен массалык башаламандык жана куралдуу кагылышууларды уюштуруп, бийликти кулатууну көздөгөн", - деп айтылат. Ырасында, ошол кезде интернете "Канат Исаев даярдык үчүн миллион берип жатат", "Криминалдын бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү (Бабанов-президент, Исаев-спикер, Төрөбаев-премьер-министр)", "Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдады", «Канатбек Исаев передает миллион ОПГ для подготовки боевиков», деген аталыштагы видео тасмалар тараган. Ал видео тасмалар азыр да бар. Мына факты... Натыйжада, Канат Исаев «башаламандыктарды даярдоо» боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө изоляторунда дээрлик 10 ай отуруп, Бишкек шаардык соту тарабынан 2018-жылы 18-июлда үй камагына чыгарылды. Андан ары кылмыш иши "Бийликти басып алуу" беренеси боюнча иши кайра тергөөгө жөнөтүлүп, кимди-ким көрдү Быржыбайды там басыт болуп, Исаевдин пайдасына иштеди. Бул учурда Атамбаев менен Жээнбековдун мамилеси бузулуп, Жээнбековго Чүйдөн таяныч керек болуп жаткан кез эле. Кызыгы, мына ошол кезде Исаевге карата козголгон башка кылмыш иштери дагы кыскарып, токтотулуп күм-жам болду. Башкача айтканда, Канатбек Исаев 2010-жылы Токмокто муницпиалдык жерди мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча дагы бир кылмыш ишинин фигуранты болуп жаткан. Ал күнөөлүү деп табылып, 12 жылга кесилген, бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылы июнда депутатка карата тергөөнү мөөнөтү өтүп кеткендигинен улам токтоткон. Натыйжада, Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаев 2010-жылы Токмокто автобекет куруу үчүн «жалган тендер өткөзүп» мамлекетке миллион сомго жакын зыян келтирген. Ошондой эле, 700 миң сомго жалган келишимдерди түзгөн жана мыйзамсыз түрдө жатакананын имаратын сатып, мамлекетке эки миллион сомдон ашык зыян келтирилген деген негизде козголгон кылмыш иштери суу кечпей калды. Мына ушундай баскан изи мандемдүү Исаев «Кыргызстан» партиясын жетектеп Кыргызстанга гүл заман орнотчудай жеңин түрүп шымаланып шайлоого баратат. Демек, бул жолу жаңылсак элдин шору. Келээркиде «Кыргызстандын» катарында бараткан башка талапкерлердин жүзүн ачып беребиз…

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Кой терисин жамынган «Бир бол»…

Беш жыл бою мамлекетке бир тыйын пайда келтирбеген партиялар бул жолу дагы элдин көзүн жазгырып, алдыңкы тизмеге таза жаштарды кошкон болуп, «кой терисин жамынган карышкырдай» болушуп шайлоого бара жатышат. Мына, 2015-жылдагы парламенттик жарышта Алтынбек Сулаймановдун «Бир болу» асман чапчыган убадалары менен элди азгырып, Жогорку Кеңештин тɵрүн ээлеген “Бир бол” партиясы бир катар убадаларды кеңири берген. Тилекке каршы, эшеги суудан өткөн соң беш жыл аралыгында кугма башын тыгып ооз ачканга жарашкан жок. Алсак, «Бир Бол» партиясы “Илбирс секириги” деген абдан кооз программасын жарыялап, «Кыргызстанды кыска мɵɵнɵттɵ Түштүк Корея, Сингапур, Гонконг, Малайзия сыяктуу ɵнүккɵн ɵлкɵгɵ айлантабыз» дешкен. Ал кездеги шайлоодо 70 миң жумушчу орун түзүлөт, 5 жыл ичинде жумушсуздукту 3 эсе азайтабыз, ички дүң продукцияны 2 эсе кɵбɵйтɵбүз. Салыктын 8 түрүн 2ге чейин кыскартабыз, пенсиянын орто эсебин 2 эсе кɵтɵрɵбүз. Жакынкы үч жыл ичинде бюджет 3 эсе кɵбɵйүп, пенсия, жɵлɵк пул, айлыктар Казакстан, Орусияныкына теңелет, дефицит жок болот дегенди айтканда жомокто жашап калчудай болгонбуз. Тактап айтканда: -Мугалимдердин айлыгын 30 миң сомго кɵтɵрɵбүз -Милиция кызматкерлеринин айлыгын үч эсе кɵтɵрɵбүз -Бишкекте 2016-жылы таштандыны кайра иштетип чыгаруучу заводду курабыз -Борбор калаанын бюджетин 7ден 12 млрд сомго чейин жогорулатабыз -ГЭСтерди, завод-фабрикаларды курабыз, 70 миң жумуш ордун түзɵбүз министрликтердин санын 9га чейин кыскартабыз - Баткенди толугу менен газдаштырабыз - Калкка 7% тɵмɵн пайыздык чени менен кредиттерди беребиз - Айыл-чарба багытына 3%дык кредит беребиз… Аферисттер «лапшаны» ченебей илишкен экен. Чындыкты карайлычы, жумушсуздук азаймак турсун кɵбɵйдү. Ал эми салыктын бири да кыскарган жок. Киреше салыгы, пайда салыгы, нарк салыгы, аксиздик салык, жер казынасын пайдалануу, сатуу салыгы, жер жана мүлк салыктарын тɵлɵп жатат. Пенсия боюнча ооз ачышкан жок. Үч жыл эмес, беш жыл ɵттү. Бюджеттеги дефицит жоюлган жок. 2016-жылдын бюджети 20,9 миллиард сомдук тартыштык (дефицит) менен аяктаган. 2017-жылы бул кɵрсɵткүч 23 млрд сом болсо, 2018-жылы бюджеттеги тартыштык 20 млрддан ашкан. Пенсия, жɵлɵк пул, айлыктар Казакстан менен Орусияныкына караандаган жок.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Бийлик «Кыргызстан» партиясын курмандыкка чалып, Титаник сыяктуу сууга чөктүрөбү?

«Кыргызстан» партиясынын төрагасы Канат Исаев менен партиянын түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун ортосун кара мышык аралап, «эки кочкордун башы, бир казанда кайнабай» турган чагы. Экөө тең өздөрүн партия кожоюну катары санап, Жогорку Кеңешке депутат болчу талапкерлердин канчанчы тизмеде болушун өздөрүнчө түзүп, партияда эки тизме өкүм сүрүүдө. Талапкерлер кимиси канчанчы тизмеде экендиктерин билишпей баштары маң. Мындан улам, талапкерлер Исаевге же Абдыркеримовго ишенээрин билишпей , «Кыргызстан» партиясында ич ара ит-мышык болгондор арбын. Ал ортодо коомчулукта, бийлик атайын «Кыргызстан» партиясына Кудайдан жөө качкандарды топтоп, аламан шайлоодо жыдытууну көздөп жатканы кеңири сөз болууда. Бийликтин планы боюнча, Кожобек Рыспаев, Дастан Жумабеков, Динара Исаева сыяктуу элдин көңүлүн «ирээнжиткен» адамдарды топтоп, шайлоодо айсбергди сүзүп талкаланган Титаник сыяктуу чөктүрүүнү көздөөдө. Себеп дегенде, бийлик өзүнүн «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партияларын Жогорку Кеңешке алып өтүү үчүн «Кыргызстан» партиясын «курмандыкка чалууга аргасыз болууда. Демек, «Кыргызстан» партиясына ишенип шайлоого аттангандар ара жолдо ала салып, «иттен жок, же ит байлаган жиптен жок» этиң тургай табагыңды таап ал болоору билинип калды. Исаев ушунун баарын билип туруп, акча жасап калууга катуу далалат кылууда… Тизме жарыяланган соң, «Кыргызстан» партиясынын катарында кайсы шылуундар «кой терисин жамынып» баратканын, кимдердин кандай былыктары бардыгын тизмектеп жазып коомчулукка кабардар кылып турабыз…

Подробнее
4 сентября 2020 г. 20:59

С началом агитационной кампании

С началом агитационной кампании #КүчБиримдикте #Сила_в_Единстве #Биримдик

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

БИШКЕКТЕ «ТАЗА ШАЙЛОО ҮЧҮН» ДЕГЕН АКЦИЯ ӨТҮҮДӨ

Бишкек шаарында «Таза шайлоо ү ч ү н» деген аталышта тынчтык акциясы ө т ү п жатат. Аны «Баштан башта» кыймылы уюштурду. Кыймылдын лидери Улан Үсөйүн «Азаттыкка» билдиргендей, алар 4-октябрдагы парламенттик шайлоону таза уюштурууну бийликтен талап кылууда. 29-августта «Таза шайлоо үчүн» коалициясы түзүлүп, ага жарандык активисттер, коомдук уюмдар жана бир катар саясий партиялар кирген. Алар саясий өнөктүктө жарандык көзөмөлдүн зарылдыгын белгилешүүдө. www.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

ШАЙЛОО УЧУРУНДА ШАЙЛОО КАМПАНИЯЛАРЫНЫН КАРЖЫЛАНУУСУН ЧАГЫЛДЫРУУДАГЫ ЖМКнын РОЛУ

21-августта КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте “Шайлоо учурундагы шайлоо кампанияларынын каржылануусун чагылдыруудагы ЖМКнын ролу” деп аталган коомдук диалог өткөрдү. Бул иш-чара Кыргызстандагы ПРООНдун жардамы менен, КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгы боюнча билим берүү долбоорун ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү. Коомдук диалогдун башкы максаты – ЖМК жана Интернет-басылмалардын өкүлдөрү менен шайлоонун жыйынтыгынын ишенимдүү жана сапаттуу болушуна түздөн-түз жана бир топ таасир тийгизген шайлоо кампанияларынын каржылануусундагы маселелерди талкуулоо болду. Катышуучуларга КР БШК төрайымынын орун басары А. Бегматов, ПРООНдун шайлоону колдоо программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова жана “Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси А. Усупбекова кайрылышты. БШК төрайымынын орун басары А. Бегматов шайлоо процессиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана Интернет-басылмалардын ойной турган чоң ролу тууралуу айтып берди. “ЖМКлар шайлоочуларга аң-сезимдүү тандоого жардам беришет, шайлоо процессинин бардык кызыкдар тараптарынын ортосунда коммуникациялык функцияны аткарышат. Керек болсо ЖМК шайлоочуларга маалымат берип гана тим болбой, шайлоонун ачыктыгын, мыйзамдуулугун, жана аныктыгын да камсыз кыла алат”, – деди ал. ПРООНдун шайлоолорду колдоо боюнча программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова өз сөзүндө саясатта шайлоочу кандай тандоо жасай тургандыгына акча чоң роль ойной тургандыгын белгиледи. “ЖМК жана Интернет-басылмалар саясый партиялар кандай каржыланып жаткандыгы, алар каражатты эмнеге коротуп жаткандыгы боюнча обьективдүү жана калыс маалымат берип туруулары абдан маанилүү. Бул шайлоочуларга аларга шайлоо кампанияларын каржылоодо кандай ыкманы кабыл ала алуу же кабыл ала алышпай тургандыгы боюнча толук картинаны ачып билүүгө жана кайсы саясый күчтү колдоо керектигин аң-сезим менен тандоого жардам берет”, -деди Ю. Шипилова. “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору А. Усупбекова демократиялык укуктук коомду, күчтүү жарандык коом курууда, өткөрүлүп жаткан реформалардын ачык-айкындыгын камсыздоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң экендигин белгиледи. Өзгөрүүлөр тууралуу, өлкөдөгү бардык көйгөйлөр тууралуу ошондой эле чечүүнү талап кылган бардык маселелер боюнча маалыматтарды жарандар ЖМК аркылуу алып турушат деди. “Шайлоо кампанияларынын каржылануусун талкуулоо биздин өлкөдө жакында эле пайда болду. Катышуучулардын көпчүлүгү талапкерлердин шайлоо фонддорунун отчеттуулугу жана негизги концепциялары менен тааныш эмес. Ошондуктан бүгүнкү диалог саясый каржылоонун концепцияларын талкуулоо, бардык кызыкдар тараптар шайлоо кампанияларын каржылоонун негизги эрежелерин түшүнүүсү үчүн, шайлоо учурундагы талапкерлердин отчеттуулугунун так механизмдери бере турган ачык маалыматтар менен мониторинг кылуу билимин алса болот. Биздин журналисттик коомчулукта мамлекеттик саясатка жетүү жана жарандарга саясат жана акча тууралуу, каражаттын шайлоо жыйынтыгына таасири жөнүндө маалымат берүүдө мыкты мүмкүнчүлүктөр пайда болду”, – деди А. Усупбекова. Ошондуктан биринчи коомдук диалог ишке кирип, анын аркасы менен бардык журналисттер үчун тренингдер өтүп, ага ачык маалыматтар менен иштей билүү жөндөмдөрүнө ээ болууну каалагандар катышып, бул жарандарга партиялардын фонддорунун булактары, ал каражаттардын сарпталышы тууралуу маалымат берүүгө жардам берет. Спикерлер катышуучуларга айткан сөздөрүндө КР Жогорку Кеңешине шайлоону акыйкаттык менен чагылдыруудагы ЖМК ролу тууралуу, шайлоо кампаниясын каржылоо тууралуу, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун каржылануусунун ачыктыгы боюнча, шайлоону өткөрүүдө шайлоо фонддорунун каражаттарынын сарпталышынын түзүлүшү тууралуу кенен айтып беришити. Маалымат үчүн: Бардык ыкчам маалыматтарды, БШК жыйындары жана видеосабактарды төмөнкү ресурстардан алууга болот. Телеграм – ШАЙЛО2020 – https://t.me/joinchat/AAAAAEV_8i0N_XlH1Q-XJQ Инстаграм – tsik_kyrgyzstan – https://www.instagram.com/tsik_kyrgyzstan/ Youtube – Центризбирком КР – https://www.youtube.com/channel/UC4Hhg8dK8khbhuCO8JaBj6w Facebook – Центральная избирательная комиссия КР – https://www.facebook.com/shailoo.kg/ Одноклассники – https://ok.ru/profile/576521764242 КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Подробнее
4 сентября 2020 г. 20:56

«Биримдик» стартка чыкты: Эгерде биздин партия жеңишке жетсе, анда бүт өлкө жеңет.

«Биримдик» стартка чыкты: Эгерде биздин партия жеңишке жетсе, анда бүт өлкө жеңет. Кыргызстандагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясы расмий башталды! ⠀ Евразиялык тандоо «Биримдик» – Демократиялык социализм партиясы бүгүн, 4-сентябрда борбордук Жеңиш аянтында партиялаштар жана активисттер менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага партиянын лидерлери, анын жактоочулары, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан партиялаштары жана партиянын жаштар канатынын өкүлдөрү катышты. ⠀ Келечек муундардын жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн бергендерди эске салып, расмий салтанат Түбөлүк оттун жанына гүл коюу менен башталды. Кыргызстандын гимни жаңырды, андан кийин партиянын гимнин ырчы Ильяз Абдразаков аткарды. ⠀ Иш-чараны демократиялык социализм партиясынын лидери – Евразиялык тандоо «Биримдик» Марат Аманкулов ачты. Өз сөзүндө ал партиянын жактоочулары менен жылуу саламдашты жана партиянын идеологиясы менен башкы максаттары тууралуу айтып берди. Салтанаттуу сөздөр менен партиянын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров, кандидаттар Акылбек Жамангулов, Улугбек Кочкоров жана Галина Кетова чыгышты. ⠀ Бул жолугушууда «Биримдик» партиясынын лидерлери, жаштар, ишенимдүү жактоочулары сүйлөшкөн негизги темалар – партиянын баалуулуктары жана максаттары болду. Ошондой эле партиянын программасы да козголду. ⠀ Жолугушуу учурунда партиянын негизги приоритеттери аныкталды. Негизги маанилүү жагдай демократиялык баалуулуктар болуп саналган, өлкөдөгү терең өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу – бул өтө маанилүү багыт. ⠀ Мындан тышкары, евразиялык вектор – партиянын концепциясынын маанилүү бөлүгү. Жолугушууда Марат Аманкулов айткандай, «ички дүйнөбүздүн ичинде евразиялыктын руху терең отургандыгын, биз баарыбыз байкабай, сезбей койбойбуз. 1945-жылдагы Жеңиш – мына евразиялыктын квинтэссенциясы. Биздин чоң аталар этносторго, конфессияларга бөлүнүшкөн эмес, алар бизге келечек берүү үчүн биригишкен. Биз Кыргызстанга жаңы импульс берүү үчүн шайлоого, өлкөнүн парламентине барабыз. Биздин келечегибиздин образы – евразиялык тандоо. Жолу – демократиялык социализм». ⠀ Жолугушуу салтанаттуу, майрам атмосферасында өттү. Сүйлөп чыккандарды чын жүрөктөн кол чабуулар менен тосуп алып жана узатып жатышты. ⠀ Шайлоочуларды үгүттөө бир ай уланат жана добуш берүү күнүнө чейин бир сутка калганда аяктайт.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 18:36

Сары-Өзөн Чүйдөгү жолугушуу: “Биримдик” партиясы ата мекендик ишканаларды жаңы деңгээлге чыгарат

Сары-Өзөн Чүйдөгү жолугушуу: “Биримдик” партиясы ата мекендик ишканаларды жаңы деңгээлге чыгарат Бүгүн, 13-сентябрда Сары-Өзөн Чүй жергеси шайлоо ѳнѳктүгүнүн алкагында «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын лидерлери менен талапкерлери катышкан үгүт кербенин жылуу маанайда тосуп алды. Жаркыган аба ырайы менен жолугушууга келген жергиликтүү тургундардын маанайы шайкеш келип, жолугушуу кызуу маанайда өттү. Ар улуттун өкүлдөрүн өз койнуна батырган кучагы кең Чүйдүн эли алдыдагы шайлоого “Биримдик” партиясынын курамында эл намысына жараган уул-кыздарын аттантып жатышат. Алардын катарында “Биримдик” партиясынын талапкерлеринин тизмесин баштаган Акылбек Жамангулов, Бакирдин Субанбеков, Канат Жумагазиев, Пархат Тулендыбаев, Айнура Аскарова, Бакыт Жетигенов, Искендер Кадыркулов, Гюльшат Асылбаева, Курманбек Молдокулов, Абдумежит Юрсуров, Аида Исмаилова жана башкалар бар. Жолугушуунун жүрүшүндө, талапкерлер “Биримдик” партиясынын программасы жана идеологиясы тууралуу кеңири маалымат беришти. Партия лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров партиянын программасы, курамы тууралуу буларды айтты: “Биздин программа элди алдай турган программа эмес. Биз аны түзүп жатканда колубуздан келе турган, аткарууга мүмкүн болгон нерселерди камтыдык. Биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Мыйзам чыгаруу бийлиги сөзсүз иштеши керек. Кайсы партия келбесин ал элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштеп, кызматын кылышы керек. Биз талапкерлердин улутуна, динине, тилине караганыбыз жок. Биз анын аткарган иштерине көңүл бөлдүк. Биздин программа жана курамдын артыкчылыгы ушунда”. Ага улай сөз алган дагы бир талапкер, ЖКнын вице-спикери Аида Касымалиева шайлоочуларга: “Эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жыл эсибизде эмне менен калды? Аны баарыбыз көрүп, билип турабыз. Эми, биз өзүбүздү таанууга, умтулууга, өзгөрүүгө мезгил келип жетти. Биз бул мүмкүнчүлүктү түздүк жана сизге багыт беребиз. “Биримдик” партиясы саясат айдыңында жаңы идеологияны сунуштап жатат. Ал биздин үрп-адатыбызга, салт-санаабызга, нарк-насилибизге негизделген идеология” – деди. Улукбек Кочкоров ж.б. талапкерлер элге өз кайрылууларын жолдоп, алдыдагы шайлоо өлкө тагдырын чечүүчү мааниге ээ экендигин, бул шайлоо көп улуттуу кыргыз элинин ички биримдигин бекемдеп, алдыга ишенимдүү кадам таштоо менен өнүгүүгө өбөлгө түзө турганын бир ооздон баса белгилешти. “Биримдик” партиясынын эң жаш талапкерлеринин бири, мурдагы ЖК депутаты Акылбек Жамангулов Ысык-Атанын элинин ишенимине жана ак батасына ыраазычылык айтып, “Ысык-Ата району мен үчүн үлгү катары саналат, бул жерде “Абдыш-Ата”, Кант цемент заводу, “Аталык”, “Тойбосс”, “Кант Сүт” жана башка ири ишканалар бар. Бул компаниялар Кыргызстандын экономикасына үзүрлүү салымдарын кошуп келе жатат. Биз өлкөнүн бардык райондорундагы аталган компаниялар сыяктуу кичи жана орто бизнести колдоону, ошондой эле жаңы ишканаларды түзүү иштерин улантып, жылына 5% жеңилдетилген насыяларды берүү менен агросекторду өнүктүрүүнү колго алабыз. 2020-жылдын 4-октябрында өлкөбүздүн жакынкы жылдардагы тагдыры чечилет. Эгер сиз мекенибиздин гүлдөп-өсүшүн жана биримдигин чын жүрөктөн кааласаңыз, добушуңузду Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жолун билген, татыктуу партиялардан аттанган талапкерлерге бериңиз. Биз биримдик менен жеңебиз!” – деп билдирди. Ысык-Ата элинин кадырлуу аксакалы Сааданбек Молдокулов “Биримдик” партиясынан аттанып жаткан талапкерлерге ак батасын берип, жеңиш каалады. Жолугушуу партиянын тарапташтары жана талапкерлердин жалпы сүрөткө түшүүсү менен аяктады.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 21:50

Бир Бол

"Бир Бол" саясий партиясынын өкүлдөрү Кадамжай районундагы Чечме айылынын тургундары менен жолугушту

Подробнее
13 сентября 2020 г. 18:33

БИЗ ДАЯРБЫЗ! СЕНЧИ?

Биз жаш, билимдүү, күчтүү, жаратман лидерлерден түзүлгөн командабыз. Биз сөз менен эмес, иш менен далилдейбиз! БИЗ ДАЯРБЫЗ! СЕНЧИ?

Подробнее
13 сентября 2020 г. 18:38

Евразиялык тандоо бул кыргыз элинин келечегинин образы

Евразиялык тандоо бул кыргыз элинин келечегинин образы. Евразиялык тандоо бул кыргыз элинин келечегинин образы. Бул биздин кыялыбыз. Ал эми демократиялык социализм кыялыбызга карай жол.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:38

ШАЙЛООДО ӨРТ КОКУСТУКТАРЫНА ЖОЛ БЕРБӨӨ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Өлкөбүздө 4-октябрь Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болуп өтөт. Бул маанилүү өнөктүктү ийгиликтүү өткөрүүдө бардык коопсуздук маселелери менен бир катарда өрт коопсуздугу маселеси да орчундуу орунду ээлейт. Шайлоо учурунда өрт кокустуктарына жол бербөө үчүн кандай иш-чараларды аткаруу керек? Бул тууралуу Сузак райондук ӨКБнүн ӨӨжААБнын башчысы майор А.Осмоновдон жооп алдык. -Эң оболу, добуш берүү бөлмөлөрүн жайгаштырууда, экиден кем эмес сыртка алып чыгуучу эшиги бар бөлмөлөр тандап алынуусу талапка ылайык. Добуш берүүчү бөлмөлөр баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандар жана байланыш каражаттары менен камсыз кылынуусу зарыл. Шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде сутка бою нөөмөтчүлүк уюштуруу максатка ылайык. Добуш берүү бөлмөлөрүнүн электр жабдуулары адис аркылуу кароодон өткөрүлүп, зарылчылык туулса ремонт-оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл. Добуш берүү бөлмөлөрүндө тамак даярдоо же болбосо чай кайнатуу ж.б. чарбалык керектөөлөр үчүн электр жылыткыч приборлорун, газ жана ошондой эле ачык жалынды колдонууга тыюу салынат. Добуш берүү бөлмөлөрүндө тамактануу, эс алуу жана тамеки тартууга болбойт. Дагы бир айта кетчү орчундуу маселе – бул, эгерде кокусунан электр жарыгы өчүп калса, добуш берүү бөлмөлөрүн жарык кылуу үчүн шам, керосин жана солярка менен иштөөчү ломпаларды колдонууга мүмкүн эмес. Мындай учурда аккумулятордук батареялардын жардамы менен иштөөчү фонарларды гана колдонууга уруксат берилет. Добуш берүү бөлмөлөрү тез күйүп кетүү касиеттерге ээ заттардан таза болуусу керек. Эскерте кетебиз, райондук өрткө каршы кызматынын телефону «101-112» “Аймак”

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники