О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 1:06

Алмамбет Шыкмаматов: “Тазалануу бүгүн бизге аба менен суудай керек”

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акциянын жүрүшүндө тазалануу аба менен суудай керек болуп жатканын айтты. “Сот системасын, аткаруу бийлигин, парламентти тазалаш керек. Коом тазаланууну, жаңыланууну эңсеп, күтүп, тилеп жатат. Жаңы муундун, күчтүү лидерлер командасынын, заманбап деңгээлдеги саясатчылардын келгенин мен тазалануу деп түшүнөм. Буюрса, эл бир силкинип, бир булкунуп акчага жана башка кызыкчылыктарга эмес, тазаларды, мыктыларды тандайт деп ишенем”, - деди Алмамбет Шыкмаматов. Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 15:50 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

"Биримдик" №1 жоопкерчиликтүү жана туура социалдык саясат үчүн!

"Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо" партиясы социалдык саясат улуттук кызыкчылыктарга шайкеш келүүсү керек деп эсептейт. "Биримдик" партиясынын ишениминде адам ресурстарын жетиштүү деңгээлде колдоого албай, ѳнүктүрбѳй туруп, экономикалык ѳсүштү камсыз кылуу мүмкүн эмес. Партиянын программасында: "Адамдык жана социалдык капитал – бул экономиканы ѳнүктүрүүнүн негизги фактору, ал эми ѳнүккѳн экономика – адамдык жана социалдык капиталды ѳнүктүрүүгѳ жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет", - деп айтылат. "Биримдик" партиясы жакырчылыкты жоюу үчүн кѳйгѳйдү комплекстүү карап, аны акырындап толук жоюуга багытталган саясатты иштеп чыгып, аны ырааттуу түрдѳ ишке ашыруу зарыл деп эсептейт. Партиянын программалык документинде: "Социалдык чѳйрѳдѳгү улуттук кызыкчылыктарга келтирилген коркунучтарды алдын алып, социалдык теңсиздикти жоюуга бардык мүмкүнчүлүктѳр бар» деп айтылат. «Башкысы – бул мамлекет тарабынан социалдык саясаттын так ишке ашырылуусу. Ал социалдык саясат эң ириде калктын акчалай кирешесин ѳстүрүүгѳ багытталган болушу керек". Бул чѳйрѳдѳгү эң башкы милдет - социалдык адилеттүүлүк принциптерин камсыз кылуу болуп эсептелет; элди толук жумуш менен камсыз кылуу; ѳздѳрүнѳ байланышпаган себептерден улам убактылуу жумушсуз калган жарандарга жѳлѳк пулдарды берүү, жѳлѳк пул жашоого керектүү минимумдан тѳмѳн болбошу зарыл; жарандардын адилеттүү эмгек акыга болгон укуктарын камсыз кылуу; алгачкы керектѳѳлѳрдү сатып алууга жетерлик эмгек акылардын минималдуу ѳлчѳмүн аныктоо; социалдык камкордукка алуунун даректүү системасын ѳнүктүрүү, биринчи кезекте жетим балдарга, майыптарга, жалгыз бой, кары адамдарга, кѳп балалуу үй-бүлѳлѳргѳ, кызматтык милдетин аткарууда жабыркагандарга, социалдык турак-жай программасын ѳнүктүрүү; эне жана баланы коргоо социалдык программасын жүзѳгѳ ашыруу; үй-бүлѳ институтун бекемдѳѳ программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу; жаштардын билим алуусуна, жумуш менен камсыз болуусуна, физикалык жана руханий саламаттыгына кам кѳрүү. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл. Разаков 4. 14:51 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

"Биримдик" №1. Сот процесстеринин ачык-айкындыгын камсыздап, судьялардын жеке жоопкерчилигин киргизебиз

"Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы Кыргызстандагы демократиялык коомдун өнүгүүсүнүн эң маанилүү институту болгон сот системасы бүгүн көп суроолорду жаратып, кеңири көңүл бурууну талап кылууда деп эсептейт. Партия төмөнкү кечиктирилгис чараларды кабыл алуу зарылдыгын айтат: • сот системасын реформалоодон кийин өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү; • судьялардын жеке жоопкерчилигин киргизүү; • сот процесстеринин жана алардын чечимдеринин ачык-айкын болуусун киргизүү; • судьялардын жана сот процесстеринин реалдуу көз карандысыздыгын камсыз кылуу; • тергөө жана сот органдары тарабынан кетирилген тартип бузуулардын жоопкерчилигин күчөтүү; • тергөө этабында кысым жасоонун негизги куралы катары тийиштүү кылмыштар үчүн бөгөт чарасын тандоо процедурасын реформалоо; Муну менен катар “Биримдик” партиясы Кыргызстанда адилеттүү фемида системасы орносо, жарандардын сотко болгон ишеними жогорулайт деп эсептейт. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл. Разаков 4. 12:36 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

“Мекеним Кыргызстан” партиясы эмгек мигранттарын мекенине кайтарууну көздөйт! №4 сиздин тандоо!

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусов эмгек мигранттарын кантип өлкөгө кайтаруу керек экендигин айтты. “Мекеним Кыргызстан” партиясы эмгек мигранттарын мекенине кайтарууну көздөйт. Учурда Орусия менен кошуна Казакстанда эле миллиондон ашуун мекендештерибиз иштейт. Аларды мекенине кайтаруу үчүн, албетте, маянасы жакшы жумуш орундарын түзүү зарыл. Аталган партиянын шайлоо алдындагы программасында дал ушул маселени чечүү жолдору да каралган. Кыргызстанда акыркы 10-15 жылдан бери жумуш издеп сыртка агылгандардын агымы күч. Өлкөдө жумуш жоктугунан, болсо да айлык акысы аздыгынан улам жыл сайын жүздөгөн адамдар, негизинен жумушка жарамдуу жарандарыбыз бактысын башка өлкөлөрдөн издеп кетүүдө. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер, буга чейин Түркия менен Өзбекстанда элчилик кызматтарда иштеп келдим. Эң башкысы миграция маселесинде алгач мигранттардын келечегин ойлоо зарыл. Алсак, мигранттардын киреше салыгы мамлекеттин казынасына келип түшө турган долбоор иштеп чыгып, кошуна мамлекеттер менен келишим түзүү керек. Ошондо гана кыргыз мигранттары келечекте татыктуу пенсия ала алат. Мындай келишим буга чейин Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн”, - деди “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусов. Эске сала кетсек, “Мекеним Кыргызстан” партиясы шайлоо алдындагы программасында мигранттардын маселесин караган. Мекендин кадыры алыстан билинет - Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланды. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды. Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы зарыл. Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт: - Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу; - Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта – «Мекен Карт» берүү; - Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетүү; - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын – мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү . Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 1-октябрь. 12:26 01-10-2020

Подробнее
1 октября 2020 г. 13:54

Баткендин эли “Кыргызстан” партиясын колдойт.

Баткендин эли “Кыргызстан” партиясын колдойт. Партия лидери Канатбек Исаев өрүк зарлуу Баткен облусуна барды. Исфана жана Сүлүктү шаарларында өткөн жолугушууга жергиликтүүлөр активдүү катышып, көйгөйлөрүн айтышты. Аларды түйшөлткөн маселер кийинки материалда камтылган.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

“Биримдик” №1. Партия улуттук кызыкчылыктарды баарынан жогору коёт!

“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы Кыргызстандагы бүгүнкү абалды эске алуу менен жарандардын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылуучу башкы максаттарын программасында камтыды. Кыргызстанда акыркы отуз жыл ичинде жеке менчик, эркин ЖМК, бийликти шайлоо, саясий атаандаштык, рынок экономикасы пайда болду. Мунун баарын сактап калууга тийишпиз, бирок ошол эле мезгилде өлкөдөгү кырдаалдын учурдагы реалдуу абалы менен да эсептешүү зарыл. Партия мыйзам чыгаруу деңгээлинде мамлекет өзүнө төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик алуусуна бардык күч-аракетин жумшайт: • дени сак жана билимдүү коомду калыптандырууга; • социалдык багыттагы реформалардын негизиндеги коомдук прогресске жетишүүгө; • улут аралык достукту чыңдоого; • өлкөнүн дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышын илгерилетүүгө – башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен улуттук кызыкчылыктарга шайкеш тыгыз, иштиктүү өз ара кызматташууга; • элдин башкаруу принциптерин орнотууга, б. а. саясий жана коомдук турмушту калктын кеңири катмарына багыттоого жана эл-журтту экономикалык, саясий, социалдык турмуштун ар түрдүү чөйрөлөрүнө тартууга. “Биримдик” партиясы шайлоодон өтүп калса дал ушул принциптерге бекем карманып, ишке ашырууга өз салымын кошот. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл. Разаков 4. 12:11 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

Нурбек Алимбеков, "Кыргызстан" №15: "Биз элге жардам берүү үчүн Жогорку Кеңешке аттандык"

“ Биз Жогорку Кеңешке келсек элдин кызыкчылыгына шайкеш келе турган мыйзамдарды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз”. Бул тууралуу “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапке Нурбек Алимбеков Ош шаарында өткөн эл менен жолугушуу учурунда айтты. “Мен сиздерге ишенем. Шайлоо күнү бюллетенди алып добуш берүүчү бөлмөгө киргенде “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деген биздин девизди туу тутуп, “Кыргызстан” партиясына добуш бересиздер деп ишенем. Өлкөнүн ар бир аймагында элине эмгеги сиңген, татыктуу талапкерлерибиз бар. Биз элибизге жардам берели деп Жогорку Кеңешке баратабыз. Калың элдин алдында баарыңыздарга сөз беребиз. Биз Жогорку Кеңешке келсек элдин кызыкчылыгына шайкеш келе турган мыйзамдарды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз”, – деди Алимбеков. Нурбек Алимбеков андан ары партиянын “Эл үчүн” деген программасына токтолуп, андагы айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча камтылган маанилүү бөлүк тууралуу элге маалымат берди. “Программабызда камтып кеткендей, биз дыйкандарды ыктыярдуу кооперативдерге бириктирип, жаңы технологияларды колдонууга үйрөтөбүз. Аларга төмөнкү пайыз менен насыя берип, өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын изилдөөгө, алар менен алака түзүп иштөөгө үйрөтөбүз. Ошондой эле биз Айыл-чарба министрлигинин ишин эффективдүү аткаруусун талап кылып, айыл-чарбанын башкаруу системасына реформа жасайбыз”, – деди Алимбеков. Ош шаарында өткөн эл менен жолугушууга "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов , Нурлан Сулайманов , Салайдин Айдаров , Мирлан Акматбеков , Кубанычбек Нурматов , Ахрор Иминов жана Макен Асанов ж.б. партиянын мүчөлөрү катышты. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 1.10.2020) 12:09 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

Алтынбек Сулайманов: “Бийликтен таза шайлоону талап кылабыз”

“Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Таза шайлоо” аттуу тазалык акциясынын жүрүшүндө билдирди. “Бир Бол” партиясы үгүт иштерин “Тазалан” экологиялык акциясы менен баштап, айылдарды, шаарларды таштандыдан тазалаганбыз. Бүгүн дагы үгүт ишин “Таза шайлоо” экологиялык иш-чарасы менен жыйынтыктап жатабыз. Бир гана айлана-чөйрөнү эмес, мамлекеттик башкаруу системасын тазалоо - биздин негизги максатыбыз”, - деди партия лидери. Ошондой эле Сулайманов эски системадан арылуу учур талабы экенин кошумчалады. “Биз буюрса, шайлоодон өтүп келсек, эски системаны өзгөртөбүз. 4-октябрдан кийин мамлекетибизде тазалануу болот. Өлкөнү жаңылануу күтүп жатат. Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз. Мыйзамдуу шайлоону талап кылабыз. Биз эл көксөгөн таза жашоону курууга даярбыз”, - деди Алтынбек Сулайманов. Белгилей кетсек, Чоң Чүй каналынын жээгиндеги тазалык акциясына “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Жодар Сайдилканов, Жоомарт Жолдошев, Эсен Момункулов, Айжан Чыныбаева, Акан Иманов, Екатерина Филаретова, Нурсултан Кубанов катышып жатат. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 11:45 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

№4 "Мекеним Кыргызстан" партиясы – карыларга кам көргөн партия

1-октябрь – Улгайган адамдардын эл аралык күнү. Ал БУУ тарабынан 1990-жылы негизделип, ошондон бери белгиленип келет. Тактап айтканда, быйыл бүткүл дүйнө жүзү бул күндү отузунчу жолу белгилөөдө. Акыркы жылдары Кыргызстанда да бул күнү улуу муундагы адамдарга өзгөчө көңүл буруу салтка айланып калды. "Мекеним Кыргызстан партиясы жыл сайын бул күнү улгайган адамдарга – чоң ата, чоң энелерибизге, ата-энелерибизге, туугандарыбыздын, кошуна-колоңдорубуздун арасындагы кары кишилерге өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылат. Биз аларды ушул күнү гана эстебей, дайыма көңүл буруп турушубуз керек. Бирок биз эртең эле пенсияны эки эсе көтөрө коёбуз деген куру убадаларды бербейбиз. Биз Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшоону убада кылабыз. Экономика өссө ошондо пенсия да көбөйөт. Бул кыял эмес, эгер туура иш жүргүзсөк мындай абалга аз эле убакытта жетсек болот" , - дейт "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкери Улан Садалиев . "Мекеним Кыргызстан" партиясы бардык кыргызстандыктарга, өзгөчө акылман курактагы жарандарыбызга сак-саламаттык, бак-дөөлөттүү карылык жана узун өмүр каалайт. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 11:31 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

Толкунбек Исаков: "Жөнөкөй жарандарга жашоо ыңгайлуу болуш үчүн мен өзүмдүн турмуштук тажрыйбамды, акылымды, өлкөдөгү жашоону жакшыртуу үчүн болгон потенциалды колдонгум келет"

Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө 180 миңден ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Алардын көпчүлүгү шаарды кыдырмак турсун, өз үйлөрүнөн чыга албай жатышат. Айрымдары гана активдүү жашоо образын жүргүзүшөт, алар өз укуктарын коргошот. Ошолордун бири Толкунбек Исаков . Бала кезинде ал көзү көрбөй калган, бирок бул ага Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктап, андан кийин кандидаттык диссертациясын коргоого тоскоол болгон эмес. Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери ал Кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын коргоп, бүткүл өлкө боюнча майыптардын укугун коргоп келет. Бүгүнкү күндө Исаков Майыптардын укугун коргоо комитетин жетектейт. Мындан тышкары ал спорт менен машыгат, Армрестлинг федерациясынын вице-президенти. Эки жылдын ичинде Азия чемпиондугунда төрт алтын медалды жеңип алды. Маектеринин биринде Толкунбек Исаков коомдук иш-аракеттер менен алектенип, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоп жатып, алардын жашоосун жакшыртууга багытталган ар кандай маселелерди көтөрүп чыккандыгын белгилеген. "Мен шайлоого "Мекеним Кыргызстан" менен бара жатам, анткени бул жаш саясий уюм. Бул жерге негизинен жаңы жүздөр, жаңы күчтөр, чыныгы кесипкөйлөр чогулушту. Партиядагы команда мамлекеттин саясий жана экономикалык турмушуна олуттуу салым кошо алат, республикабызды өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрөт деп ишенем. Жөнөкөй жарандарга жашоо ыңгайлуу болуш үчүн мен өзүмдүн турмуштук тажрыйбамды, акылымды, өлкөдөгү жашоону жакшыртуу үчүн болгон потенциалды колдонгум келет", - деп айткан ал. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 10:51 01-10-2020

Подробнее
1 октября 2020 г. 20:02

5 кесиптин ээси Муктарбек Зулпукаров "Замандаш" партиясынан ЖК депутаттыгына талапкер

"Өлкөнү, бизнести кризистен алып чыгуунун көп жолдору ишке ашпай турат. Мандат алып, ЖКга барсак ушул багытты колго алууга даярмын" 5 кесиптин ээси Муктарбек Зулпукаров "Замандаш" партиясынан ЖК депутаттыгына талапкер

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

"Бир Бол" партиясы "Таза шайлоо" экологиялык акциясын өткөрүүдө

Бүгүн, 1-октябрда "Бир Бол" саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын "Таза шайлоо" аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктоодо. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышып жатышат. "Таза шайлоо" акциясы Бишкектин четиндеги Чоң Чүй каналынын жээгинде өтүүдө. Иш-чарага партия лидери Алтынбек Сулайманов , талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов , Жоодар Сайдилканов , Жоомарт Жолдошев , Эсен Момункулов , Айжан Чыныбаева , Акан Иманов , Екатерина Филаретова , Нурсултан Кубанов катышып жатат. Лидер Алтынбек Сулайманов партияны колдоп келгендерге ыраазычылык билдирип, мекендештерди шайлоого келип, татыктууларына добуш берүүгө чакырып өттү. "Үгүт иштерин тазалануу, жаңылануу менен баштаганбыз. Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз. Айланабыз гана эмес, мамлекеттик башкаруу системасынын тазаланышынан үмүтүбүз чоң. Элибизге жаркын жашоону “Бир Бол” гана тартуулай алат”, - деди Алтынбек Сулайманов. Акция жарандарды шайлоого катышып, таза жүздөрдү тандоого чакыруу максатын көздөйт. Ошондой эле партияларды шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде өткөрүүгө чакырат. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 10:34 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

"Мекеним Кыргызстан" №4! Сандан сапатка! Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу зарыл

Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. Андыктан «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; – Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; – Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; – Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү экендигин “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Амантуров белгиледи. “Кыргызстанга 120 депутат өтө көптүк кылат. Биз сандан сапатка өтүшүбүз керек жана кыргыз элине пайдалуу, ыңгайлуу мыйзамдарды жазуу зарыл”, - дейт “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов . – Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу зарыл. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Алсак, депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса, дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого кирише тургандыгын билдирди. 4-октябрда 4-орунда турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 09:44 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

Белгилүү саясатчы Бөдөш Мамырова, "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер

Кыргызстанга белгилүү коомдук жана депутаттык ишмердүүлүгүндө Бөдөш Мамырова аялдардын бизнес жана саясий чөйрөгө аралашуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө багытталган мыйзамдарды демилгелеп, Жогорку Кеңешке алып чыккандыгы менен элдин эсинде кала алды. Так ушул кыргыздын чыгаан айымы Бөдөш Мамырова учурда “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка аттанып, саясатка кайрадан кадам таштады. Бөдөш Мамырова калктын аярлуу катмарын колдоого багытталган көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө арналган мыйзамдарды кабыл алууда жигердүү иштеди. Ошол эле учурда Бөдөш Мамырова “Аял укугун коргоо” деген туунун алдында Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдарга берилген каражаттар максатсыз жумшалып жаткандыгын сындап, мындай иш-аракеттер келечекте үй-бүлө институтуна да кедергисин тийгизерин көп жолу айткан саналуу гана депутаттардын бири болгон. ММКга берген көптөгөн маектеринде “Аялдардын укугу” демиш болуп, түпкү стратегиялык максаты такыр башка күчтөр бар экендигин ашкерелеген, бул жааттагы көптөгөн актуалдуу маселелерди ачык айткан. Бөдөш Мамырова аялдардын укугун алга сүрөгөн мындай уюмдардын либералдуу идеологиясы салттуу маданиятты карманган коомго өөн көрүнүш экендигин көп жолу айтып чыккандыгы эсибизде. Эгер айрым бейөкмөтчүлөрдүн жетеги менен кыргыз коому кете берсе көптөгөн үй-бүлөдө конфликттер жараларын, аялдардын укугу жана гендер маселелерин калктын жалпы жашоо шартын жакшыртуу жолу менен гана чечүүгө болорун баса белгилеген. Аялдар маселеси менен иштеген коомдук уюмдардын баарын эле бир беткей сындай бербей, аялдарды кесиптик өнөр-ыктарга үйрөтүүгө багытталган иштер менен алектенгенин колдоого алган. Ошону менен бирге Бөдөш Мамырова Кыргызстандагы аялдардын зордук-зомбулукка учурашына каршы экендигин айтып, бул көрүнүштөргө бөгөт болчу иш-чаралар кээде гана өткөрүлүп калбастан, зомбулукка каршы күрөш укук коргоо органдары жана жарандык коомдун эриш-аркак аракети менен дайыма туруктуу жүргүзүлүүсүн талап кылып, чындыкты чыркыратып айтып келген. 4-октябрда 4-орунда турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 09:18 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:07

Канатбек Азиз, депутаттыкка талапкер: "Cоцтармактарда "Мекеним Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоодон четтетилди" деген маалымат калп"

Учурда социалдык тармактарда партияларга болгон бири-бирин каралоо күч алды. Айрыкча чындыкка дал келбеген фейк маалыматтар басымдуулук кылууда. Алардын катарында №4 тизмеден орун алган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы алдыңкы сапта турат. Социалдык тармакта тараган “Мекеним Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодон четтетилди” деген маалыматка жооп катары депутаттыкка талапкер Канатбек Азиз : "Cоцтармактарда белгисиз себептерден улам “Мекеним Кыргызстан” партиясы жакынкы эки-үч күндүн ичинде парламенттик шайлоодон четтетилди” деген туура эмес фейк маалыматтар тарап жатат. Мына ушул өңүттөгү арзан, натыйжасыз маалыматтар менен шайлоочулардын ишенимин жоготобуз дегендер көбөйдү. Жогорудагы маалыматтар туура эмес, чындыкка дал келбейт”, - деди. 4-октябрда 4-тизмеде турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 09:02 01-10-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники