О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 0:59

“Бир Бол” партиясы “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүүдө

Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктоодо. Иш-чара Кыргызстандын баардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышып жатышат. “Таза шайлоо” акциясы Бишкектин четиндеги Чоң Чүй каналынын жээгинде өтүүдө. Иш-чарага партия лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Жодар Сайдилканов, Жоомарт Жолдошев, Эсен Момункулов, Айжан Чыныбаева, Акан Иманов, Екатерина Филаретова, Нурсултан Кубанов катышып жатат. Лидер Алтынбек Сулайманов партияны колдоп келгендерге ыраазычылык билдирип, мекендештерди шайлоого келип, татыктууларына добуш берүүгө чакырып өттү. “Үгүт иштерин тазалануу, жаңылануу менен баштаганбыз. Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз. Айланабыз гана эмес, мамлекеттик башкаруу системасынын тазаланышынан үмүтүбүз чоң. Элибизге жаркын жашоону “Бир Бол” гана тартуулай алат”, – деди А. Сулайманов. Акция жарандарды шайлоого катышып, таза жүздөрдү тандоого чакыруу максатын көздөйт. Ошондой эле партияларды шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде өткөрүүгө чакырат.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:00

Виктор Иванов, кандидат: Уважаемые жители города Кара-Балта и Жайылского района!...

Уважаемые жители города Кара-Балта и Жайылского района! Я, Виктор Иванов, кандидат в депутаты Жогорку Кенеша от города Кара-Балта и Жайылского района. Мне выпала огромная ответственность привнести в законодательный орган государства новые идеи и мысли, связанные с дальнейшим развитием нашей страны. Как профессиональный юрист, разбирающийся в тонкостях законотворческой деятельности, могу заверить вас, что вся моя работа будет направлена на благо нашего народа и государства. Так же готов взять на себя личную ответственность за то, что каждое ваше обращение ко мне, как к будущему депутату, не останется без должного внимания и практической поддержки с мой стороны. Я обращаюсь к вам, уважаемые избиратели! Окажите мне доверие и проголосуйте за меня, как кандидата от политической партии “Мекеним Кыргызстан”, на выборах в депутаты Жогорку Кенеша, которые состоятся 4 октября текущего года! С уважением, кандидат от политической партии “Мекеним Кыргызстан” Виктор Иванов Оплачено уполномоченным представителем по финансовым вопросам партии «Мекеним Кыргызстан» Джайчиевой Гульбарчин Эр Турсуновной из средств специального избирательного фонда политической партии «Мекеним Кыргызстан». Дата выхода 01.10.2020.

Подробнее
1 октября 2020 г. 19:46

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстандыктарга кайрылуусу!

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстандыктарга кайрылуусу! Бабанов "Республика" партиясын колдоп, алдыга жолду тандоого чакырды.

Подробнее
1 октября 2020 г. 19:47

Токмок шаары “Республиканы” колдоду!

Токмок шаары “Республиканы” колдоду! Эсенгул Исаков: Бүгүнкү күндө мамлекеттик бийлик, Өкмөт биринчи кезекте элди карашы керек

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:04

Канатбек Азиз: Cоцтармактарда “Мекеним Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодон четтетилди” деген маалымат калп

Учурда социалдык тармактарда партияларга болгон бири-бирин каралоо күч алды. Айрыкча чындыкка дал келбеген фейк маалыматтар басымдуулук кылууда. Алардын катарында №-4 тизмеден орун алган “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясы алдыңкы сапта турат. Социалдык тармакта тараган “Мекеним Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодон четтетилди” деген маалыматка жооп катары депутаттыкка талапкер Канат Азиз: --Cоцтармактарда белгисиз себептерден улам “Мекеним Кыргызстан” партиясы жакынкы эки-үч күндүн ичинде парламенттик шайлоодон четтетилди” деген туура эмес фейк маалыматтар тарап жатат. Мына ушул өңүттөгү арзан, натыйжасыз маалыматтар менен шайлоочулардын ишенимин жоготобуз дегендер көбөйдү. Жогорудагы маалыматтар туура эмес, чындыкка дал келбейт”, - деди ал. 4-октябрда 4-тизмеде турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:04

Шайлоого даярдык ойдогудай өтпөгөй жатат

Шайлоого даярдык ойдогудай өтпөгөнүн өкмөт мойнуна алды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингден премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.Партиялардын шайлоо процессине кийлигишпөөсүн өкмөт башчысы дагы бир жолу эске салды.«Жорук жана кылмыштар реестринде бир нече материалдар катталды. Баардык фактылар боюнча иликтөө жүрүп жатат. Кечээ Башкы прокуратура да маалымат берди. Дагы бир жолу эскертем: мыйзамга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катышып, админресурстарды пайдаланууга тыюу салынат», — деди ал.Кубатбек Бороновдун айтымында, Араван районунан тышкары башка аймактарда шайлоо тынч өтүп жатат.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:04

"Реформа" партиясынын атынан жөнөтүлгөн билдирүү боюнча БШКнын мүчөсү Башкы прокуратурага кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева "Реформа" партиясынын атынан келип жатат делген СМС билдирүүлөр боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Гүлнара Журабаева өзү тастыктады. "Мен Башкы прокуратурага БШКнын алдындагы ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык тобу аркылуу кайрылдым. Кимдир бирөөлөр "Реформанын" атынан билдирүү жөнөтүүнү уюштурушуптур. Буга карата Башкы прокуратура юридикалык баа берет деп ойлойм" , - дейт Журабаева. Ал эми "Реформа" партиясынын өкүлдөрү социалдык тармактагы баракчаларына: "Бул жалган маалымат жана провокация. Биз уюлдук телефондун операторлорунан тез арада иликтөө жүргүзүшүн талап кылабыз" , - деп жазышкан. Эске салсак, бүгүн уюлдук операторлордун абоненттерине "Реформа" партиясы ЛГБТлардын (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) укугун коргойт деген маанидеги билдирүүлөр келип жатканын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышкан. 21:03 01-10-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:05

“Кыргызстан” партиясы №15: Туура тандоо жаса!

4-октябрь күнү өтө турган парламенттик шайлоонун үгүт иштери аяктап калды. Үгүт өнөктүгү учурунда ар бир партия шайлоочуларга өзүнүн программаларын тааныштырып, өлкөнүн бардык аймагында эл менен жолугушууларды өткөрүп келишти. Эми ар бир шайлоочунун алдында мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо алган татыктуу партияларды тандоо милдети турат. Шайлоого аттанган татыктуу партиялардын бири - бул “Кыргызстан” саясий партиясы. Биз бүгүн “Кыргызстан” партиясынын артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беребиз. БИЗ туруктуу партиябыз 2015-жылы парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, парламентке келген 6 партиянын айрымдары бүгүнкү күндө чачырап кетишти. Ал эми айрым фракциялардын мүчөлөрү башка партиялардын тизмесине кирип парламентке келүүнү көздөшүүдө. 5 жыл мурун биринчи жолу парламентке келген “Кыргызстан” фракциясынын 18 депутатынын ичинен 14 депутат кайрадан партиянын катарында шайлоого аттанышты. Бул туруктуулуктун жакшы көрсөткүчү. Демек, “Кыргызстан” партиясы бүгүнкү партиялык системанын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошууда. БИЗДИН команда өндүрүш кызматкерлеринен жана тажрыйбалуу башкаруучулардан куралган “Кыргызстан” партиясы өлкө аймагында жүздөгөн ишкана куруп, экономиканын өнүгүшүнө зор салым кошкондугу менен айырмаланып турат. Партиянын катарында ишмердүүлүктүн ар кандай тармактарында ийгиликтерге жетишип, өлкө жарандарын миңдеген жумуш орундары менен камсыз кылган талапкерлер бар. Партиянын катарындагы ал талапкерлер KazGrain ун өндүрүүчү заводу, “Аю Фарм” фармацевтикалык заводу, жашылча өстүрүүчү күнөскана комплекси, “Алия” макарон азыктары, “Касиет” фабрикасы, “Tokmok Буллс”, “Эл сүт”, “Artezian”, “Golden Sun”, Kav&Kev сыяктуу ишканаларды уюштуруп, ишке киргизишти. Ошондой эле алдыда көптөгөн башка заводдор, компаниялар, фабрикалар, өнөр жай, курулуш компаниялары жана башкалар долбоорлонуп, курулуп, ишке киргизүүнүн алдында турат. БИЗ берген убадаларыбызды аткарабыз “Кыргызстан” партиясы 2020-жылдагы шайлоого “Эл үчүн” аттуу жаңы программасы менен баратат. Ага экономика, социалдык чөйрө, мамлекеттик башкаруу, маданият, билим берүү, тышкы саясат жана коопсуздук сыяктуу тармактарды реформалоо, өнүктүрүү кирет. Пландалган өзгөрүүлөр жөнөкөй жарандардын жашоосуна оң таасирин тийгизет. Партиянын 2015-жылдагы шайлоо алдындагы эң эсте калган убадаларынын бири жаңы төрөлгөн ымыркайга бир жолу төлөнүүчү 50 миң сом “сүйүнчү пул” төлөп берүү болгон. Бирок экономикадагы көйгөйлөр менен байланышкан бюджеттеги тартыштыктын айынан аны толук аткаруу мүмкүн болгон жок. Ошого карабастан, биздин партиянын аракети менен 2018-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ар бир төрөлгөн балага 4 миң сом төлөнө баштаган. “Кыргызстан” партиясы алдыдагы шайлоодо өз максатынан баш тартпайт. Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчүнүн өлчөмүн 50 миң сомго чейин жеткирет. БИЗ туруктуу элдик колдоого ээбиз 2010-жылы түптөлгөн “Кыргызстан” саясий партиясы 2015-жылы биринчи жолу парламенттик шайлоого катышып, 200 миңден ашык шайлоочунун добушуна ээ болгон. Анын 40 миңден ашыгы партиянын расмий мүчөсү. Андан кийин 2016-жылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо республикалык деңгээлде экинчи орунду ээлеген. Бул жылдан-жылга партияга болгон элдин ишеними жогорулап, партияга берген добуштарынын да саны өсүп жатканын далилдейт. Демек, “Кыргызстан” партиясы системалык түрдө партиянын түптөлүшү менен алектенип, ар бир райондо, айыл өкмөттө партиянын өкүлчүлүгү болгондой иш-аракеттерди алып барууда. “Кыргызстан” партиясы жөн гана шайлоо алдында пайда боло калган партиялардай болбой, байма-бай эл менен жакындан иштешип, жер-жерлерде тамырлашып, системалык түрдө ишин алып барууда. ӨКМӨТТҮ жетектөөгө биздин тажрыйбабыз жана эркибиз жетиштүү “Кыргызстан” саясий партиясы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына өткөн күндөн тартып жоопкерчиликтен качпай, өз милдетин так аткарып, мыйзам чыгаруу бийлигин жана көзөмөлдөөчү функцияларын өз ыйгарым укуктарынын чегинде аткарып келди. “Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү аткаруу бийлигинин жогорку кызматтарында, бир катар министрликтерге жана мамлекеттик комитеттерге жетекчи болуп, мамлекеттик башкарууга активдүү аралашып келишет. Тажырыйбалуу адамдардан турган “Кыргызстан” партиясы парламентке келсе, көпчүлүк коалициянын курамына кирип, өкмөттү түзүүгө жана жетектөөгө даяр. БИЗ бир идеянын алдына чогулган ынтымактуу партиябыз Акыркы 5 жыл ичинде башка партияларда же партиялардын Жогорку Кеңештеги фракцияларында бөлүнүп-жарылуу окуялары көп болду. Бир топ депутаттардын позициясы партия менен фракциянын максатына каршы келет делип таптакыр сыртка чыгарылган. “Кыргызстан” партиясында мындай көрүнүш болгон жок. Партиясынын мүчөлөрү бир максат жана идеянын алдында чогулушкан. БИЗ жеңишке умтулган партиябыз “Кыргызстан” партиясы өзүнүн так идеологиясы, уюштуруучулук негизи жана өзүнүн туруктуу элдик колдоосу бар алдыңкы саясий күч экендигин көрсөттү. Баардык жагын эске алганда, “Кыргызстан” партиясынын шайлоо жарышында алдыга чыгууга жана жеңишке жетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. *** Урматтуу шайлоочулар 4-октябрь күнү өтө турган шайлоонун жыйынтыгы менен өлкөбүздүн келечеги аныкталат. Андыктан, ар бириңиздер парламенттик шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыздар! Сиздер “Кыргызстан” партиясына добуш берүү менен мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекемдөө, өлкө экономикасын өнүктүрүү, жаңы ишканаларды түзүү, натыйжасыз чиновниктердин санын кыскартуу, коррупцияны жок кылуу сыяктуу максаттарыбызды ишке ашырууга салым кошосуздар. Андыктан өзүңүздүн добушуңузду жаратман “Кыргызстан” саясий партиясына бериңиздер! Кыргызстан партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы - жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы! Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 1.10.2020) 19:30 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:05

Экологиялык акция таза шайлоого чакырык

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан “Бир Бол” партиясы масштабдуу үгүт иштерин расмий жыйынтыктады. Саамалык экологиялык акция иретинде уюштурулуп “Таза шайлоо” урааны менен өттү. Ишембилик Бишкектин кире беришиндеги “Аска Таш” эстелигинен башталып, Чоң Чүй каналынын жээгинде уланды. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында өттү. Иш-чаранын максаты - өлкөнүн саясий күчтөрүн ыплас ыкмаларды колдонбостон таза шайлоо өткөрүүгө жана жарандарды акчага азгырылбай, татыктууларга добуш берүүгө чакырык таштоо болуп саналат. “Бир Бол” партиясы үгүт иштерин “Тазалан!” экологиялык акциясы менен баштап, айылдарды, шаарларды таштандыдан арылтканбыз. Бүгүн дагы үгүт ишин “Таза шайлоо” ишембилиги менен жыйынтыктап жатабыз. Биздин максат - айлана-чөйрөдөн баштап мамлекеттик башкаруу системасын тазалоо. 4-октябрдан кийин мамлекетибизде тазалануу болот. Биз бийликтен таза жана мыйзамдуу шайлоону талап кылабыз”, - деди “Бир Бол” партиясынын лидери А.Сулайманов. Алмамбет Шыкмаматов: “Кан алмашып, жаңы муун, күчтүү лидерлердин командасынын, заманбап деңгээлдеги саясатчылардын келишин мен тазалануу деп түшүнөм. Эл акчаны эмес, тазаларды жана мыктыларды тандайт деп ишенем”. Жоомарт Жолдошев: “Көчөлөрдү тазалоо менен биз символикалык түрдө жалпы системаны, мамлекеттик башкарууну, саясий чөйрөдөгү адамдарды тазалоого убакыт келди дегибиз келет”. Жодар Сайдилканов: “Тазалануу бийликтин бардык катмарына жетиши керек. Ошондо гана тоскоолдуктар жоюлуп, өлкөнүн өнүгүү импульсу жаралат”. Айжан Чыныбаева: “Алдыда жакшы долбоорлорубуз бар. “Таза шайлоо - таза жашоо” деген ураан менен үгүт иштерин жыйынтыктадык”. Эсен Момункулов: “Бүгүн таштандыларды кандай тазалап, жыйнасак, Жогорку Кеңешке барганда да таза иштеп берүүгө, эл үчүн иштеген мыйзамдарды демилгелөөгө даярбыз!”. Нурсултан Кубанов: “Саясий элитанын өзгөргөнү дүйнө жүзүндө нормалдуу көрүнүш. Коомчулук жаштарга суусап турганда биз барып, элдин ишенимин акташыбыз керек”. Чоң Чүй каналын чогултулган таштандылар иргелип, жарамдуусу кайра иштетүүгө, калдыктар таштанды полигонуна төгүлдү. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 18:56 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:05

Эсен Момункулов, "Бир Бол", №13: “Азыр айлананы таштандылардан кандай тазаласак, кийин да таза иштеп берүүгө даярбыз”

“Жаштар, жаңы күчтөр мамлекетибизди жемкорлуктан, аткезчиликтен, жаман көрүнүштөрдөн тазалайлы деген ниетте акция өткөрүүдөбүз". Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Эсен Момункулов “Таза шайлоо” экологиялык акциясында айтты. “Бүгүнкү иш-чарада айлананы таштандылардан кандай тазаласак, буюрса, Жогорку Кеңешке барып калсак таза иштеп берүүгө, элдин кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдарды демилгелөөгө даярбыз деген символикалык маанини камтыйт. Командабызда билимдүү, тажрыйбасы мол жаңы жүздөр көп, биз элге кызмат кылууга даярбыз”, - деди талапкер. Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктоодо. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышып жатышат. “Бир Бол” №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 18:01 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:05

«Замандаш» партиясы Сары-Өзөндө

«Замандаштын» кезектеги үгүт кербени Кеминде , Кара-Балтада, Кантта, Сокулукта уланды. Чүй облусунун тургундары менен жолугушууга Чынара Шейшекеева , Искендер Гаипкулов , Айсулуу Мамашова , Гүлнара Мамбетсеитова , Жакшылык Матанов жана Ильяс Суванов барышкан. Алар элге партиянын максаттарын айтып беришип, «Замандаш» партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери эмне үчүн бул партияны тандап алгандыктарын мындайча билдиришти. Искендер Гаипкулов: - Элдин арасында VI чакырылыштын депутаттарына карата ар кандай нааразычылыктар болуп жатат. Бул нерсенин баары эмнеден келип чыкты? Убагында ар кайсы партиялар көпөстөрдү, акчалуу адамдарды катарына мүчө кылып, алардын кесипкөйлүүлүгүнө карабай кошуп алгандыктан нааразычылыктарга дуушар болушту. «Замандаш» партиясы андай партияларга кирбейт! «Замандаш» кесипкөй адамдарга мол, айтылган программасын так аткара турган партия болуп эсептелинет. Ошондой эле Искендер Гаипкулов «Замандаш» партиясы башкалардан айырмаланып, талапкерлердин тизмеси дыкат текшерилип, ар бир талапкердин кесипкөйлүүлүгүнө жараша тандалгандыгын, илимге салымын кошкон инсандар партиянын тизмесине кошулгандыгын билдирди. Чынара Шейшекеева Кеминдин тургундарынан «Замандаш» элдик партия экендигин, партия түзүлгөндөн бери эл менен чогуу болуп келгендигин кошумчалады. - Биз силердин үнүңөрдү жеткизели деген үмүт менен шайлоого аттандык, «Замандаш» партиясы таза партия деп мен ачык айта алам, анткени жүзүбүз жарык. Кыргызстандыктардын чет жерде жүрүп кыйналгандарын көрүп, буга чейинки кылып келген аракеттерден да масштабдуу иштерди чечүү үчүн бара жатабыз . Айсулуу Мамашова "э лиме кызмат кылам деген адам кооз сөздөрдү, куру убадаларды бербей, айтканын аткарышы абзел. Мен «Замандашты» ушул сапатка төп келгендиги үчүн тандап алдым" деп баса белгиледи. Жакшылык Матанов мактанган партияны тандабаганын, пандемия учурунда ар бир ишин элге жарыялабаган партия «Замандаш» партиясы экендигин, партиянын лидери жолдо калган мекендештерди өз унаасын сатып, өз мекенине кайтарганы башкаларга үлгү болушу керектигин белгиледи. Жергиликтүү тургундар партиянын мигранттарга көрсөткөн колдоосу үчүн «Замандашты» колдой турганын билдиришти. Москва районунун Беловодск айылынын тургундары менен жолугушууда Гүлнара Мамбетсеитова саламаттыкты сактоо жаатындагы көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн «Замандашта» кесипкөй адамдар арбын экенин баса белгиледи. Ал: - Мен саламаттыкты сактоо министрлигинде 27 жылдан бери эмгектенип келем, менин оюмча, биздин партиядагы адамдардын өзүнүн коомдогу салмактуу орду бар, оор кырдаалдан чыгара турган инсандар «Замандаш» менен аттанышты. Парламентке биздин талапкерлер өлкөнү өзгөртүш үчүн бара жатат. Пандемия өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасы алсыз экенин көрсөттү. «Замандаш» партиясы өзгөчө жаштар менен бирге иштешип, мигранттарга жардам берип келет. Эл 5 жылда өлкөнүн тагдырына добушун берет, урматтуу элим, бардыгыңыздар кайдыгер карабастан шайлоого катышып, татыктуу партияга добуш бериңиздер - деди. Ильяс Суванов айлана-чөйрөнү коргоо «Замандаш» партиясынын программасынын маанилүү компоненттеринин бири экенин белгилеп, билим берүү системасында чоң реформаларды жасаш керектигин айтып өттү. Сары-Өзөндүн эли партияга ыраазычылыгын айтышып, «Замандашты» шайлоодо колдоп берерин билдиришти. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 1-октябрь, 2020-жыл. 17:52 01-10-2020

Подробнее
1 октября 2020 г. 12:53

“Кыргызстан” саясий партиясынан

Шайлоочулардын кайрылуулары жана суранычтары менен “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Таалайбек Масабировдун Жалал-Абад облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдөгү иш-аракеттери боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана коомдук фонддор менен биргеликте жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат.

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:05

Жодар Сайдилканов, "Бир Бол", №13: "Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек"

“Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Жодар Сайдилканов “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акциянын жүрүшүндө билдирди. Ал партиянын курамындагы жаңыланууларга токтолуп, команда тазалануу процессин шайлоодон мурда эле баштаганын айтты. “Партиянын курамы 97 пайызга жаңы жүздөр менен толукталды. Мурда саясатка эч качан аралашпаган таза, ак ниеттүү адистер чогулду. Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек. Биз жаңы деңгээлге таза чыгуу үчүн шайлоого аттандык. Тазалануу аракети Жогорку Кеңештин, аткаруу, сот бийлигинин бардык катмарына жетиши керек. Ошондо эл күткөн саясат жүрө баштайт”, - деди Ж.Сайдилканов. Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 17:27 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:05

Жоомарт Жолдошев, "Бир Бол" №13: “Эски системадан тазаланмайынча, келечекте жаркын жашоо болбойт”

“Эски системадан тазаланмайынча, келечектеги жаркын жашоону көрө албайбыз”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Жоомарт Жолдошев бүгүн, 1-октябрда Бишкектин четиндеги Чоң Чүй каналынын жээгин тазалоо учурунда айтты. “Жаштардын ою, пикири, каалоосу, үмүтү буга чейинки 30 жылдан бери келе жаткан эски системадан, анын ичиндеги курал катары колдонуп келишкен саясатчы, аткаминерлерден арылуу. Алардан тазаланмайынча келечектеги жакшы жашоону көрө албай калдык. Көчөлөрдү тазалоо менен биз символикалык түрдө жалпы системаны, мамлекеттик башкарууну, саясий чөйрөдөгү адамдары тазалоого убакыт келди деген белгини бергибиз келди. Алдыда жеңишке жетебиз, себеби биздин кылган ишибиздин багыты туура. Элге жакпаган системаны жок кылып, жакшылыкка алып барууну көздөп жатабыз”, - деди Жоомарт Жолдошев. Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктоодо. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышып жатышат. “Бир Бол” №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь. 16:50 01-10-2020

Подробнее
2 октября 2020 г. 1:06

Дамира Долоталиева: "Ишкерлердин укуктары тебеленбейт, алардын кызыкчылыктары корголот!"

Дамира Долоталиева «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер. Ал учурда Кыргызстандын кызмат көрсөтүү рыногунун Ассоциациясынын президенти. Талапкер айым биз менен болгон маегинде кичи жана орто бизнестин өнүгүшүнө кандай мыйзамдар керектиги ж.б. суроолорубузга жооп берди. - Эмне үчүн Жогорку Кеңешке барууну чечтиңиз, буга эмне түрткү болду? - Менин ишимдин, дегеле жашоомдун көп бөлүгү ишкерлердин таламын талашуу, алардын укугун коргоо менен коштолду. Он жылдан ашуун бул багытта иштеп келем. Бирок алгылыктуу жыйынтыктар үчүн менин ишмердүүлүгүм жетишерлик болбой жатат. Муну мен 2019-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңеш тарабынан Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканда өзгөчө сездим. Андагы патенттерди алып салуу, кассалык аппараттарды киргизүү сыяктуу түзөтүүлөр ишкерлердин кызыкчылыгына каршы келет. Патент деген эмне? Бул бизнес жүргүзүүнүн эң оңой түрү. Ошондо мен ишкерлерди коргоодо түрткүч болгон мүмкүнчүлүгүбүз жок экенин билдим. Мен “Дордой” профсоюзунун төрайымы болуп туруп, эл өкүлдөрүнө үнүм жетпеди. 2015-жылы эле парламентке барууну көздөгөм, мүдөөм – байып кетүү эмес, кичи жана орто бизнести коргоо эле. Биздин үнүбүз парламенттен угулушун кааладым. - Эмне үчүн «Кыргызстан» саясий партиясы менен Жогорку Кеңешке барууну туура көрдүңүз? - Бул партияда өндүрүшчүлөр көп. Сап башында да көп жылдар бою жумушчу орундарды камсыздап келген, саясий уюмдун негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов турат. Алардын бардыгы өздөрүнүн ишканаларын түптөп, жумушчу орундарын түзгөн салык төлөөчүлөр. Бизнестеги көйгөйлөрдү жакшы билишет. Эң башкысы, бул партия өнүгүүгө күчтүү негиз боло алган, өлкөнүн чыныгы күйөрманы. “Кыргызстан” партиясынын программасында да ишкерлердин кызыкчылыгын коргоого, салык мыйзамын өзгөртүүгө өзгөчө көңүл бурулгандыктан мен бул саясий партияны тандадым. - Сиз көп жылдан бери “Дордой” СБКнын ишкерлеринин профсоюзун жетектеп келесиз. Кайсы көйгөйлөрдү мыйзам менен чечсе болот айта аласызбы? - Пандемия маалында ишкерлердин укуктары тебеленди. Киргизилген өзгөчө абал проблемалардын баарын ачып, көрсөттү. Ишкерлер алсыз, калканчсыз, аянычтуу абалда экени билинди. Биз эки ай бою иштеген жокпуз. Кытай, Казакстан, Россия жана башка соода-сатык мамилелер бар өлкөлөр менен чек аралар жабылып, кандайдыр бир деңгээлде бизнестин кыйрашына алып келди. Көптөр зыян тартты. Кыргызстан 60 пайыз тигүүчү өлкө болуп саналгандыктан кийим фурнитурасынын баарын Кытайдан алып келет эмеспи, ал жактан товар келбей калды. Ишкерлердин кредиттери, чет өлкөлүк өнөктөштөрү алдында милдеттенмелери бар. Казакстандын чек арасы дагы деле жабык бойдон. Кичи жана орто бизнес коргоосуз калды. Өкмөт насыя төлөөнүн мөөнөтүн гана узартымыш болду. Мен профсоюз башчысы катары ММКлар аркылуу өкмөткө кайрылдым, 30 жылдан бери мамлекеттин бюджетин толтуруп келе жаткан ишкерлер азыр өкмөттүн колдоосуна муктаж болуп жатат, жок дегенде 3 айга салыктан эс алдырып “каникул” кылып койгулачы деп. Алар эч кимден эч нерсе сурабастан баарын өздөрү көтөрүп келишпедиби. Мен ишкерлер үчүн ыза болдум, атүгүл кайсы бир деңгээлде бизнеске коркунуч туулгандай болду. Ошондо мен мыйзам чыгарууга өзүбүз катышуубуз керектигин түшүндүм. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 1.10.2020) 16:37 01-10-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники