О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 0:55

Боронов: Шайлоону таза өткөрүү үчүн өкмөт бардык аракетин жумшайт

Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процессин ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.“Шайлоочулардын тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген персоналдуу маалыматтардын негизинде түзүлдү. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тизмени тактап, шайлоочулардын саны 3 523 554 жаранды түздү. Учурдагы мыйзамдар боюнча № 2 форманы толтургандардан тышкары ар бир жаран катталган жери боюнча добуш берет. № 2 форма боюнча өзүнчө токтолгум келет, аны менен бир киши бир нече жолу добуш берсе болот экен деген ушак-айыңдар айтылууда. Автоматташтырылган система буга жол бербейт, анткени манжа изи гана идентификацияланбастан, адам жүзүн таануу дагы жүргүзүлөт. Бир киши бир эле жолу добуш бере алат. Башкача айтканда, автоматташтырылган биометрикалык система добуш берүүнүн экинчи аракетине бөгөт коет”, – деди Боронов.Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо алдындагы процесстерге кийлигишпөө керектигин эскертти.“Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, үгүт иштерине катышпоого жана административдик ресурсту пайдаланууга тыюу салынган. 2015-жылдагы шайлоодон кийин шайлоо мыйзамдарынын ичинде үгүт иштеринде административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларды добушун сатып алуу сыяктуу иштерге катуу санкциялар киргизилген. Мыйзам бузуу болгон жок дегенден алысмын, бирок өлкөдө абал тынч”, – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:55

Шайлоого карата коомдук коопсуздукту 10 миңден ашык милиция кызматкери карайт

Шайлоо күнү коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкери карайт. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.“Милиция кызматкерлери 1-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Ошондой эле элдик кошуундар да иштейт. Шайлоого даярбыз”, – деди Боронов

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:55

Шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом каралган

Шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом каралган. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди. Анын айтымында, 29-сентябрга карата шайлоо өткөрүүгө Борбордук шайлоо комиссиясына 478,1 млн сом которулган. “Шайлоо тилкелери жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттар, беткаптар менен толук камсыздалды. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыгып бекитилген. Учурда анын негизинде иштер жүргүзүлүп жатат”, – дейт ал.Боронов мындан сырткары, шайлоону 91 телеканал, 27 радио, 59 гезит-журнал жана 77 интернет басылмалары чагылдыра турганын кошумчалады.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:55

“Суранам, келечегибизди ойлоп койгулачы”. Ыйлаган кичинекей кыз шайлоочуларга кайрылды

Интернет айдыңында тараган жаш кыздын кайрылуусу коомчулуктун көңүлүн бурду. Анда кичинекей кыз жарандарга кайрылып, келечекти ойлого чакырып, көзүнө жаш алган.“Урматтуу ата-апалар жана шайлоочулар, эртеңдерден шайлоо болот. Силерден суранам, өзүңөрдүн келечегиңерди ойлобосоңор дагы биздин келечегибизди ойлоп койгулачы. Окуйлу десек китеп жок же телефон жок. Кыргызстанды сатпагыла жана сатылбагыла”, – дейт жаш кыз.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:55

Шайлоо учурунда коомдук тартипти кароого 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылды

Шайлоо күнү шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкери карайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери 1-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. «Андан тышкары элдик коншуундар да иштейт. Шайлоого даярбыз. Ар бир атуул жарандык милдетин аткарып, добушун өзү тандаган партияга берет деп ишенем», — деди ал.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:50

Шайлоо бюллетенинде биздин номер - 1️⃣3️⃣

Шайлоо бюллетенинде биздин номер - 1️⃣3️⃣ ⠀ Наш номер в избирательном бюллетене - 1️⃣3️⃣

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:55

Шайлоо учурунда коомдук тартипти 10 миңдей милиция камсыздайт

Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоо өткөрүүгө 29-сентябрга карата 478 млн сом которулган. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди. Анын айтымында, шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом каралган. Шайлоо тилкелери жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттар, беткаптар менен толук камсыздалды. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шайлоо учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо боюнча алгоритм иштелип чыккан. Парламенттик шайлоону 91 телеканал, 27 радио, 59 гезит-журнал жана 77 интернет басылмалары чагылдырат. Шайлоо күнү шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкери карайт. Милиция кызматкерлери 1-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Андан тышкары элдик кошуундар да иштейт.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:56

Зайнидин Курманов, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери: “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасы олуттуу”

Тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов социалдык тармактагы баракчасына партиялардын программалары боюнча көз карашын жарыялады. Профессор башка партиялардын арасынан “Мекеним Кыргызстанды” өзгөчө белгилеп, парламенттик жарыштын фаворити катары сыпаттады. –“Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды. Аталган партияны социалдык тармактарда тепкилебеген адам калган жок. Эринбей окуп чыгыңыздар. Бул социалдык-либералдык идеологияны камтыган максаты анык программа. Партиянын планы алдыдагы 5 жылдыкты гана эмес, андан аркы мезгилди да камтыган. “Мекеним Кыргызстан” партиясы өзүнүн убадаларын гана эмес, жаңы саясий багытты элге сунуштады. Эң башкысы чар жайыт, бири-бирине байланышы жок башкалардан уурдалган идеяларды алып чыккан жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы КМШ мамлекеттер арасында миңдеп саналган катардагы саны бар сапаты жок партия эмес, заманбап идеологиясы бар, жарандарга камкордук көргөн, алардын укугу, эркиндиги маанилүү болгон партия боло алды. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасында көз караштардын системасы орун алган, “жапайы капитализмдин” ордуна “социалдык капитализмди” курууга умтулган идеологиялык партия. Партиянын программасындагы адам укуктары, жарандык коомдун, бизнестин өнүгүүсү, калкты социалдык колдоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, башкаруу, аймактардын өнүгүүсү, экономикалык саясат жана башка адамзаттын маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жолдору дал ушул социалдык либерализм идеологиясынан келип чыккан. ЕАЭСтин алкагында Евразиялык интеграция маселесине чоң маани берилген. Анткени бизде башка цивилизациялык альтернатива жок. Европа биримдиги да НАФТА да бизди күтпөйт. Албетте Кытай, Иран, Афганистан, Пакистан же Индия менен интеграциялашуу маселесин карап көрсө болот. Бул партиянын талапкерлери Жогорку Кеңешке келип калса программасын ишке ашырууга киришүүсүн абдан каалайт элем. Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.м

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:56

“Жалалабатэлектр” ишканасы шайлоо участкаларында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

“Жалалабатэлектр” ААК ишканасы 4-октябрь күнү шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, компания облустагы 430 шайлоо тилкесин тейлейт. Ар бир участкага бирден электр монтер бөлүнүп, шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктаганча нөөмөттө турат. Мындан сырткары, ар бир көмөк чордондордо энергетиктер күзөттө болушат, ошондой эле район-шаарларда кошумча 53 мобилдүү тайпалар түзүлүп, ыкчам аракеттер жеринде көрүлөт. Жалпысынан шайлоо күнү “Жалалабатэлектр” ишканасынын 720 кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Эскерте кетсек, 4-октябрь КРнын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:56

«Республика» партиясы парламенттик шайлоодон жеңсе,премьерликке Бабанов сунушталат

Бул тууралуу партия лидери Мирлан Жээнчороев КТРКдагы дебат учурунда билдирди. “Ал премьер-министр болуп турганда өлкө боюнча 91 мектеп курулган, бир топ алгылыктуу иш алып барган, ИДП өскөн. 44 өлкө менен болгон виза алынып салынган”, бүгүнкү күндө Бабановдун рейтиги жогору – деп билдирди Мирлан Жеенчороев.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:59

БШК Сагынбек Абдрахмановдун арызын канааттандырган жок

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-сентябрдагы жыйынында Сагынбек Абдрахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады. Абдрахманов Боршайкомго жазган арызында КСДПнын алты мүчөсүнүн башка партиялардын тизмесинде шайлоого катышып жатканын мыйзамсыз деп эсептеген. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Элвира Сурабалдиева, Кожобек Рыспаев, Гүлкан Молдобекова, Анвар Артыков, Нурбек Касымбеков аталган. Буга байланыштуу арыздануучу БШКдан аталган саясатчыларды тизмесине киргизген «Мекеним Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Ата Мекен» партияларын өз каталарын жоюуга милдеттендирүүнү суранган. БШКнын жумушчу тобу аталган талапкерлер арыздарында бир учурда бир нече партиянын мүчөсү экени тууралуу далилдерди келтирбегендигин, мыйзам саясий партияларга башка партиянын мүчөлөрүн талапкер катары көрсөтүшүнө тыюу салбай турганын, бир адам бир партиянын гана тизмесинде болушу керек деген гана норма бар экенин билдирди. Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты 27-майдан бери Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Анвар Артыков жетектейт. Июль айында КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясынын аты аталган мүчөлөрүнүн үчөө Анвар Артыковдун атына партиядан чыгуу тууралуу арызын жазышкан. Сагынбек Абдырахманов жетектеген КСДП шайлоого катышуу ниетин билдирип, бирок талапкер катары катталган эмес. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 16 саясий партия катышууда.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:59

Кубатбек Боронов: Өкмөт шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт

Кыргыз Өкмөтү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процессин ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди. «Шайлоочулардын тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген персоналдуу маалыматтардын негизинде түзүлдү. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тизмени тактап, шайлоочулардын саны 3 523 554 жаранды түздү. Учурдагы мыйзамдар боюнча № 2 форманы толтургандардан тышкары ар бир жаран катталган жери боюнча добуш берет. № 2 форма боюнча өзүнчө токтолгум келет, аны менен бир киши бир нече жолу добуш берсе болот экен деген ушак-айыңдар айтылууда. Автоматташтырылган система буга жол бербейт, анткени манжа изи гана идентификацияланбастан, адам жүзүн таануу дагы жүргүзүлөт. Бир киши бир эле жолу добуш бере алат. Башкача айтканда, автоматташтырылган биометрикалык система добуш берүүнүн экинчи аракетине бөгөт коет», – деди Премьер-министр. Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо алдындагы процесстерге кийлигишпөө керектигин эскертти. «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, үгүт иштерине катышпоого жана административдик ресурсту пайдаланууга тыюу салынган. 2015-жылдагы шайлоодон кийин шайлоо мыйзамдарынын ичинде үгүт иштеринде административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларды добушун сатып алуу сыяктуу иштерге катуу санкциялар киргизилген. Мыйзам бузуу болгон жок дегенден алысмын, бирок өлкөдө абал тынч», – деп белгиледи Кубатбек Боронов. Премьер-министр эл аралык байкоочулардын ишинин алгачкы талдооруна токтолду. «144 байкоочу бар КМШнын байкоочулар миссиясынын аралык отчёту кечээ эле жарыяланды. Ага ылайык, азыркы шайлоо өнөктүгү айрым фактыларды эсепке албаганда тынч өтүп жаткандыгы белгиленди. Байкоочулар бийлик тараптан бардык саясий партияларга бирдей мамиле жасалганын өзгөчө белгилешти», – деди Кубатбек Боронов.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:59

Аял шайлоо дарегин 21 жолу өзгөрткөн

Шайлоонун алдында шайлоочу өзүнүн шайлоо дарегин 21 жолу өзгөрткөн. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Джурабаева билдирди. Анын айтымында, жаран шайлоо участогун өзгөрткөн №2 формадагы арыз берген. Бул www.tizme.gov.kg аркылуу жазылып алынган. Бирок, иш жүзүндө буга мыйзам тарабынан тыюу салынган эмес. Алдн ала маалыматта бардыгы болуп №2 форма боюнча шайлоочулардан 496 миң арыз берилген. Буга чейин Башкы прокуратура “Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамга ылайык, шайлоочулардын тизмесин түзүү жана аларды No2 форма боюнча каттоо шайлоо комиссияларынын өзгөчө компетенциясына кирерин жарыялаган. Жалпысынан шайлоого 3 миллион 523 миң 532 адам катыша алат.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:59

Башкы прокуратура партиядан акча алган шайлоочуларды жазалады

Саясий партиялардан акча алган беш шайлоочу жоопко тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме билдиргендей, алар Тартип бузуу жөнүндө кодекстин «Шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алышы» беренесинин негизинде жазаланды. Бул беренеге ылайык, катардагы жаранга бир миң, ал эми юридикалык жакка беш миң сом айыппул салынат. Бирок эгер мыйзам бузуу болгону тууралуу өз эрки менен айтып берсе жоопкерчиликтен бошотулат. Башкы прокуратура шайлоочулардын добушун сатып алуу тууралуу маалыматтар социалдык түйүндөргө жарыяланганын белгиледи. Башкы көзөмөл органы жалпысынан мындай иштер боюнча сегиз адам жоопко тартылганын маалымдады. Буга чейин Башкы прокуратура шайлоочулардын добушун сатып алуу жана документ жасалмалоо тууралуу маалыматтарга байланыштуу жалпысынан 83 материал иликтенип жатканын кабарлаган. Булак: “Азаттык”

Подробнее
1 октября 2020 г. 18:45

"Республика" саясий партиясынын Жаштар канаты

"Республика" саясий партиясынын Жаштар канаты, Бишкек шаарында "Келечек үчүн добуш бер!" аттуу жөө жүрүш жасады. __ Молодежное крыло политической партии "Республика" провело пеший марш «голосуй за будущее!» в городе Бишкек

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники