О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 0:53

Камчыбек Ташиев: "Ахматбек Келдибеков байларга кетти, мен жөнөкөй адамдар менен калдым"

Бишкек, "Саясат. kg". Келдибековдун моралдык да, юридикалык да укугу жок. “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалында түз эфирде болду. Ага көрүүчүдөн: “Ахматбек Келдибеков “Ата Журт” “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулду деген билдирүү тараткан. Анын партияны башка партияга кошууга укугу барбы?” – деген суроо берилди. “Моралдык да, юридикалык да укугу жок. “Ата Журт” партиясы эч кайсы партияга кошулган жок. Андай маселе талкууланган да эмес. Бирок кээ бир мүчөлөрү каалаган жагына кетти. Ахматбек Келдибеков экөөбүз теңтөрага элек, ал “Мекеним Кыргызстанга” байларга кетти, а мен жөнөкөй адамдар менен “Мекенчилде” калдым. “Ата Журт” турат, бирок анын колдоочулары “Мекенчил” менен деп ишенем”, - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:54

Мекенчил партиясынын билдирүүсү: Сонунбүбү Кадырованын партиянын тизмесинен чыгарылуусунун себеби

Бишкек, "Саясат. kg". «Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман» «Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман» дейт кыргызда. Ошол жат адам "Мекенчил" партиясындагы Сонунбүбү Кадырова болду. Шайлоого жетпей туруп, лидерибиз Камчыбек Ташиевди алайлыктардын вотсап группасына тири укмуш сөздөр менен жамандап, ушак иштерди жүргүздү. Көрсө, бул аял бийлик тарабынан "Мекенчил" партиясына тыңчылыкка жиберилген экен. Өзү бүгүнкү күндө деле КТРда иштейт. Биз, "Мекенчил" партиясы жаман ойлобостон, ар тармактын кесипкөй адамдары болсун деген ой менен тизмеге коштук эле. Кудай жалгап, депутаттыкка баргыча чейин өз жүзүн ачып алгандыгына байланыштуу лидерибиз Камчыбек Кыдыршаевич: "Мындай адамдардан эртерээк кутулбасак, парламентке барганда бизди сатып кетет. Мындай адамдарды буга чейин Садыр досум экөөбүз далай жолу көргөнбүз",- деп тизмеден чыгарып салды. Эми ар жерде жамандап жүрөт. Эмне дейбиз? «Күйгөн аял кошокчу» демекчи, эми эмне десе да жарашат эмеспи. Мекенчил партиясынын республикалык штабы

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:54

Камчыбек Ташиев: "Мамлекет жылдан жылга артка кетип, алсызданып баратат"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мындан чыгуунун бир жолу – элим, жерим деп, мекендин бүт түйшүгүн көтөрүүгө даяр турган инсандарга жол бериш керек". Саясий эмес, экономикалык люстрацияны жасаш керек. Мындай пикирин “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалындагы түз эфирде билдирди. “Мамлекеттеги менчиктештирүү учурунда көп байлык айрым адамдардын колунда калды. Эмнеге бир адам он-жыйырма завод менчиктештирген да, экинчи адам бир кирпич да ала алган жок? Мисалы, мен дагы мамлекеттер бир кирпич, бир сотых жер алган эмесмин. Менчиктештирүү коррупциялык схема менен ишке ашкан. Ошондуктан, коррупционер аткаминерлерди өлкөдөн тазаламайынча, эл байыбайт. Мамлекет азыркы абалында өлбө жаным, өлбө болуп сапарын улай берет. Жылдан жылга алсызданат. Беш-он жылда жакшы жашап калабыз деген үмүт болсо, мамлекет өргө кыбырап болсо да тырмышып жатса, мен түшүнөт элем, ошол убак келгиче чыдайт болчумун. Бирок андай эмес. Биз артка кетип жатабыз. Мындан чыгуунун бир жолу – элим, жерим деп, мекендин бүт түйшүгүн көтөрүүгө даяр турган инсандарга жол бериш керек. Алардын парламентке келишине өбөлгө болуу керек! Эл беш жылда бир келчү мүмкүнчүлүгүн жаңылбай пайдаланышы кажет”, - деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:54

(Фото) “Мекенчил” Жалал-Абадда. К.Ташиев: “Коррупционердин эки – үч миң сомунан жалпы эл тагдыры бийик!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Жалал-Абад шаарына барды. Кайсы партия добуш үчүн акча сунуштаса, ошол партияда коррупционерлер бар. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Араңарда бирөө кайсы бир партиянын сунган акчасын алып койгон болсо, дагы да кеч эмес. Шайлоодо кабинага киргенден кийин силерге эч ким көзөмөл жүргүзбөйт. Кимди тандайсыңар, кайсы партияга добушуңарды бересиңер – жалгыз гана өзүңөрдүн тандооңордо жана абийириңерде! Ала элек болсоңор – ал ниетиңерден кайткыла! Мамлекеттин, элдин тагдыры менен ойнобогула! Силердин добушуңарды акчага сатканыңар бир гана силерге залакасын тийгизбейт, үй-бүлөңөргө, балдарыңардын келечегине, жалпы эл тагдырына чабылган балта болот! Ниетибизди түздөйлү, мамлекетибиз алдыга жылсын, өнүгүп-өссүн, элдин жашоо-турмушу жакшырсын, чет жакта иштеген мигранттарыбыз кайтсын десек, туура тандоо жасайлы. Коррупционердин эки – үч миң сомунан жалпы эл тагдыры бийик! Ушуну унутпагыла!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:54

(Фото) "Мекенчил" Бек-Абадда. К.Ташиев: "Аманатыңарга кыянаттык кылбай, бийик көтөрүп ак кызматыбызды кылабыз!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Бек-Абад айылына барды. Мамлекетке зыян келтирбеген, ак кызматын арнаган партиялардын жүзү жарык, алар добуш сатып алууга аракеттенбейт. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Бек-Абад айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. "Мен силерге бир сом бербейм. Добушуңарды сатып алууга аракеттенбейм! Бирок бийлик берсеңер, силер үчүн жүрөгүмдү, акылымды, билимимди, эмгегимди берем! Ар бир добушуңар Алла Тааладан бизге берилген аманат! Бир добуш - бир өмүр, бир жашоо, тууганым! Кудай буйруса, аманатыңарга кыянаттык кылбайбыз! Аманатыңарды бийик көтөрүп ак кызмат кылып беребиз!" - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:54

Шайлоо күнү 10 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бардыгы даяр. Мындай маалыматты бүгүн, 1-октябрда өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Маалыматка ылайык, 54 аймактык шайлоо комиссиясында 2 миң 475 шайлоо участогу, анын ичинен 45и чет өлкөлөрдө түзүлүп, алардын толук кандуу иштөөсү үчүн материалдык-техникалык жактан жабдуу, толук камсыз кылуу иштери өз убагында уюштурулду. Мындан тышкары: – электр энергиясы, мобилдик байланыш, ошондой эле кошумча генераторлор менен камсыз кылуу маселеси чечилди; – шайлоо күнү иштей турган адистерге окуулар өткөрүлдү; – Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыгып бекитилген. Шайлоо тилкелери жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттар, бет каптар менен толук камсыздалды. – көз карандысыз жана саясий партиялардын байкоочулары үчүн шарттар түзүлдү; – шайлоо процессин 91 телеканал, 27 радио, 59 басма жана 77 интернет басылма чагылдырат. Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн бардык маалыматтар ачык; – шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздоо үчүн 10 миң милиция кызматкери тартылды. Алар 2020-жылдын 1-октябрынан 6-октябрына чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Мындан тышкары укук коргоо органдарына элдик кошуундар жардам берет; – 2020-жылдын 29-сентябрына карата республикалык бюджеттен шайлоого бөлүнгөн 723 миллион сомдун 478,1 миллион сому пайдаланылды. «Араван районундагы окуяны эске албаганда, шайлоо алдындагы үгүт иштери провокациялык жана чагымчылдык иштерге алдырбай, дээрлик тынч өттү», – деп Кубатбек Боронов. Булак: reporter.kg

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:54

"Мекенчил" Атабеков айыл өкмөтүндө. К.Ташиев: "Силердин добушуңардын баасы 2 миң сом эмес, беш миң, он миң да сом эмес! Силердин добушуңардын баасы ченегис! Анткени, ал - ишенич!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнө барышты. Ырыскыны берүүчү да, алуучу да, көбөйтүүчү жана азайтуучу Кудай. Коррупционерлердин 2-5 миңи элдин маселесин чечип жибербейт. Бул тууралуу "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнүн шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. "Силердин ырыскыңар коррупционерлердин добуш сатып алуу үчүн берген ыпылас акчасы менен көбөйүп кетпейт. Же ошол эки-үч-беш миң маселелериңерди чечип жибербейт. Таза жашооңорго, бала-чакаңардын бактылуу күлкүсү чыккан үйүңөргө арам акчаны аралаштырып эмне кыласыңар! Мен муну силерге осуят катары айтып жаткан жокмун, мен деле силердей адаммын. Бирок мамлекетти түрө кыдырып чыккан адам катары көргөн-билгеним менен бөлүшүп коюуну туура таптым. Силердин добушуңардын баасы 2 миң сом эмес, беш миң, он миң да сом эмес! Силердин добушуңардын баасы ченегис! Анткени, ал - ишенич! Ишеничти кантип соодалаганга, баасын бычканга болсун?! Мен биздин элдин арасында акылы тунук, көңүлү, ниети таза, "мен жана менин үй-бүлөм сатылбайт!" - деп катуу айткан, эл-журтту ойлогон адамдар көптүгүнө ишенем. Ошондуктан алдыңарга келип турам", - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:54

(Фото) "Мекенчил" Барпыда. К.Ташиев: "Эл-журт үчүн, мекеним үчүн жанымды берем деп эч ким жасалма айта албайт! Анткени, бул сөздөр жүрөктөн чыгышы керек!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Барпы айылына барды. Элге-журтка болгон каалоо, адал ниет жүрөктөн чыгышы керек. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Төбөй айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. "Элди сатып алам деген коррупционерлерди, ар бир келген бийликтин кошоматчыларын колдогондон көрө Садыр Жапаровдой мекенчил, көк жал жигитти колдогула! Адамдын кошоматчылыгы табиятынан болот. Кайсы бийлик келсе, ага жабышат, жанында жүрөт, чачпагын көтөрөт, мактаганга келгенде айтаарга сөзүн таппай да калат. Кечээ эле Атамбаевди мактап, президент кылабыз деп чуркагандар бүгүн кайда?! Башына кыйынчылык түшкөндө да чогуу болушпайбы?! Көрдүңөрбү, бул адамдын мүнөзүнөн, ички дүйнөсүнөн болот. Эл-журтту сүйүү, мекенчилдик сезимдер да ошондой. Эл-журт үчүн, мекеним үчүн жанымды берем деп эч ким жасалма айта албайт! Анткени, бул сөздөр жүрөктөн чыгышы керек! Кошоматчылар эч убакта минтип айта алышпайт. Алардын жаратылышы башка!" - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:54

Кайсы партия канча акча коротту?

Ѳмүрбек Бабановдун «Республика» партиясы буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу бир канча аз сумма сарптаптыр. Парламенттик шайлоого катышкан партиялар акыркы жумадагы үгүт иштерин жүргүзүшүп, шайлоо фондундагы каражаттарынын акыркы суммаларын чыгымдап жатышат. Партиялардын шайлоо фондуларынын суммасы алардын каржылык жактан дараметтерин билдирсе, үгүт иштерин канчалык деңгээлде жүргүзүп жаткандыгын алардын шайлоо фондундагы каражаттын сарпталгандыгы билдирбей койбойт. БШК тѳмѳндѳ партиялардын үгүт иштерине канча акча короткондугу боюнча маалыматты чыгарды. “Мекеним Кыргызстан” партиясы 9-июлдан 25-сентябрга чейин 118 млн. 128 миң сом топтогон болсо, анын 116 млн. 108 миң сомун сарптаган. Учурга карата “Биримдик” партиясы 94 млн., “Кыргызстан” - 96 млн., “Ата Мекен” - 46 млн., “Бир Бол” партиясы – 43 млн., “Замандаш” - 39 млн. “Республика” - 36 млн., “Мекенчил” - 13 млн., “Социал-Демократтар” партиясы – 13 млн., Ооган согушунун ардагерлеринин партиясы – 10 млн., “Ордо” партиясы – 9 млн., “Бүтүн Кыргызстан” - 8 млн., “Реформа” - 7 млн., “Ыйман нуру” - 7 млн., “Мекен Ынтымагы” - 7 млн., “Чоң казат” - 6 млн. сомду үгүт иштерине короткон. Жалпы болуп партиялар 569 млн. сом чогултушкан болсо, анын 557 млн. сому пайдаланылган. Кѳрүнүп тургандай, эң кѳп каражатты «Мекеним Кыргызстан» партиясы сарптаган. Бул аталган партиянын каржы жагынан зор экени боюнча айтылган сѳздѳрдү дагы бир жолу ырастайт. Ал эми Ѳмүрбек Бабановдун «Республика» партиясы буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу бир канча аз сумма сарптаптыр. Бул сыягы, Бабанов ѳзү шайлоого барбагандыктан, тѳгүлүп-чачылууну туура кѳрбѳгѳн окшойт. Бул албетте, саясий партиялардын расмий түрдѳ, БШКнын кѳзѳмѳлү астында короткон акчалары. Ал эми бейрасмий түрдѳ коротулган акчалар кыйла кѳптүк кылары айтпаса да түшүнүктүү. Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
1 октября 2020 г. 11:14

«Республика»

«Республика» шайлоодон жеңсе, премьерликке Бабанов сунушталат

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:55

Эл аралык байкоочулар байкоого даяр

Белгилүү болгондой, байкоочулардын кѳпчүлүгү КМШнын Миссиясынан келгендер. Алдыдагы шайлоого байланыштуу БШК 219 эл аралык байкоочуларды аккредитациядан ѳткѳрдү. Алар 31 мамлекеттен келишкен 24 эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү. Белгилүү болгондой, байкоочулардын кѳпчүлүгү КМШнын Миссиясынан келгендер. Алар – 88 адам, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан - 47, ОБСЕден – 35, ЖККУнун парламенттик асссамблеясынан – 10 адам. Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинен – 8, Германиянын элчилигинен – 4, Япониянын элчилигинен – 3, Ирандыкынан – 2. Булардан сырткары, Голландия, Франция, Израил, Монголия жана Пакистандан 1ден байкоочулар каттоого алынды. Ошондой эле Молдова, Украина, Россия, Казакстан, Азербайжан жана Румыния ѳлкѳлѳрүнүн БШКларынан келген байкоочулар да шайлоого байкоочулук кылышканы турат. БШК алдыда дагы 39 байкоочуга аккредитацияга бериле турганын маалымдады. Булак: "Майдан.kg" газетасы

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:55

"Мекенчил" Көк-Жаңгакта. К.Ташиев: "Бийликти мага эл берет, мен элиме ак кызматымды өтөп берем!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Көк-Жаңгак шаарына барды. Мамлекетке зыянын тийгизбей, бир ташына да кара санабагандар айланасына так өзүндөй адамдарды топтойт. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгак шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. "Бир да адам мени коррупционер деп айта албайт. Себеби бүт күчүмдү, акылымды, билимимди, ден соолугумду мамлекеттин келечеги үчүн арнап жүргөн жигитмин. Мамлекеттин бир ташына да зыян келтирген жокмун! Мындан ары да ушундай болот! Кудай буйруса, депутат болуп шайланып калсак, кызматыбызды азыркы калыбынан жазбай, адал жол менен улантабыз! Бийликке кошомат кылуунун кыныгын алгандар ал адатын кан-жанына сиңирип алышкан. Ким президент болсо артынан чуркайт, жагымпоздонот, кызмат сурайт. Кызмат берсе, "лам" деп ооз ачпай иштейт, элдин маселесине эмес, бийликтин көрсөтмөсүнө жүрөгүн төшөйт. Эл ырыскысына он манжасын тең салат, уурдайт, талап-тонойт. Мындай нерсе менин табиятыма туура келбейт! Кошоматтанып кызматка баргандан көрө эл арасында башты бийик көтөрүп жүргөнүм жакшы! Кудай буйруса, бийликти мага эл өзү берет, ошондо элиме ак кызмат өтөп берем!" - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:55

"Мекенчил" Көк-Жаңгакта. К.Ташиев: "Силерге кандай депутаттар керек?! Эл байлыгын тоногон, элдин эсебинен байыгандарбы же мамлекет үчүн жанымды берүүгө даярмын дегендерби?"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Көк-Жаңгак шаарына барды. Мамлекеттин тагдыры элдин колунда. Эл өзүнө кандай келечек кааласа ошондой тандоо жасайт. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгак шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. "Силерге кандай депутаттар керек?! Эл байлыгын тоногон, элдин эсебинен байыгандарбы же мамлекет үчүн жанымды берүүгө даярмын дегендерби? Тандагыла! Мамлекетти, ата-журтту сактап калуу силердин колуңарда! Коррупционерлерге өлкөдө мыйзам иштебегени жагат. Алдуу алсызды кордогон, мыйзамсыздык өкүм сүргөн чөйрөдө өздөрүн кубаттуу сезишет. Добушту акчага сатып алышып, жылып парламентке киришет да, бийликке кошомат кылып, чындыкка келгенде ооздорун жаап отуруп беришет. Өз бизнестерин өркүндөтүшөт, эл менен иш алышпайт! Силерге мына ушундай депутаттар керекпи же жөнөкөй жарандардын таламын талашып, мамлекетке ак кызмат кылгандарбы?! Тандагыла!" - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:55

Камила Талиева «Социал-демократтар» партиясынын тизмесинен чыкты

Камила Талиева «Социал-демократтар» партиясынын тизсмесинде 13-орунда турган. «Социал-демократтар» партиясы менен депутаттыкка бараткан Камила Талиева тизмеден чыкты. Бул тууралуу ал өзү билдирди. “Шайлоого катышуудан баш тарттым, элимдин келечеги үчүн кызмат кыла берем, мандаты жок эле”, — деп жазды Талиева. Камила Талиева «Социал-демократтар» партиясынын тизсмесинде 13-орунда турган. Булак: Элгезит

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:55

Майдан: “Шайлоодон үмүт барбы?” (Түз эфир)

4-октябрда кыргызстандыктар жогорку кенештин 7 чакырылыштын депутаттарын шайлайт. Шайлоого 16 партия катышып жатат. Үгүт иштери соңуна чыкты. Үгүт иштери аяктап жатат, акыркы бир жуманын ичинде оппозициячыл партияларга карата компроматтар чыкты.Буга чейин да бир катар партияларга карата добуш сатып алуулар болуп жатканы айтылган, ал эми форма 2нин тегерегинде кайчы кептер айтылып, бийликчил делген партиялар айыпталган болчу.Бүгүнкү “Шайлоодон үмүт барбы?” деген аталыштагы дебаттын катышуучулары:Дастан Бекешев – Жогорку Кеңештин депутаты; Калнур Ормушев – эксперт;Алмаз Тажибай – саясий серепчи;Азим Азимов – эксперт.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники