О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 0:46

“Биримдик” №1. Партия улуттук кызыкчылыктарды баарынан жогору коет!

“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы Кыргызстандагы бүгүнкү абалды эске алуу менен жарандардын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылуучу башкы максаттарын программасында камтыды. Кыргызстанда акыркы отуз жыл ичинде жеке менчик, эркин ЖМК, бийликти шайлоо, саясий атаандаштык, рынок экономикасы пайда болду. Мунун баарын сактап калууга тийишпиз, бирок ошол эле мезгилде өлкөдөгү кырдаалдын учурдагы реалдуу абалы менен да эсептешүү зарыл. Партия мыйзам чыгаруу деңгээлинде мамлекет өзүнө төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик алуусуна бардык күч-аракетин жумшайт: • дени сак жана билимдүү коомду калыптандырууга; • социалдык багыттагы реформалардын негизиндеги коомдук прогресске жетишүүгө; • улут аралык достукту чыңдоого; • өлкөнүн дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышын илгерилетүүгө – башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен улуттук кызыкчылыктарга шайкеш тыгыз, иштиктүү өз ара кызматташууга; • элдин башкаруу принциптерин орнотууга, б. а. саясий жана коомдук турмушту калктын кеңири катмарына багыттоого жана эл-журтту экономикалык, саясий, социалдык турмуштун ар түрдүү чөйрөлөрүнө тартууга. “Биримдик” партиясы шайлоодон өтүп калса дал ушул принциптерге бекем карманып, ишке ашырууга өз салымын кошот. ***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:46

“Бир Бол” партиясы “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүүдө

Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктоодо. Иш-чара Кыргызстандын баардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышып жатышат. “Таза шайлоо” акциясы Бишкектин четиндеги Чоң Чүй каналынын жээгинде өтүүдө. Иш-чарага партия лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Жодар Сайдилканов, Жоомарт Жолдошев, Эсен Момункулов, Айжан Чыныбаева, Акан Иманов, Екатерина Филаретова, Нурсултан Кубанов катышып жатат. Лидер Алтынбек Сулайманов партияны колдоп келгендерге ыраазычылык билдирип, мекендештерди шайлоого келип, татыктууларына добуш берүүгө чакырып өттү. “Үгүт иштерин тазалануу, жаңылануу менен баштаганбыз. Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз. Айланабыз гана эмес, мамлекеттик башкаруу системасынын тазаланышынан үмүтүбүз чоң. Элибизге жаркын жашоону “Бир Бол” гана тартуулай алат”, - деди А. Сулайманов. Акция жарандарды шайлоого катышып, таза жүздөрдү тандоого чакыруу максатын көздөйт. Ошондой эле партияларды шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде өткөрүүгө чакырат. ***“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:48

Аксакалы Оша благословили партию «Кыргызстан»

Лидер политической партии «Кыргызстан» Канатбек Исаев, а также кандидаты в депутаты Жогорку Кенеша Жыргалбек Саматов, Нурбек Алимбеков, Нурлан Сулайманов, Салайдин Айдаров, Мирлан Акматбеков, Кубанычбек Нурматов и Ахрор Иминов встретились с жителями города Ош. Выступая перед собравшимися Ахрор Иминов сообщил, что он один из молодых кандидатов партии. « Мы баллотируемся в парламент только с хорошими намерениями. Наша партия будет стараться оправдать доверие граждан и вносить вклад в развитие страны. Мы хотим, чтобы наши дети жили в развивающемся государстве, получали хорошее образование на Родине, работали здесь, занимались спортом… Члены нашей партии будут направлять свои опыт, знания и энергию для построения достойного будущего наших граждан. Мы будем служить народу! Я вам обещаю », – обратился он к избирателям. По словам кандидата, его решение войти в состав партии «Кыргызстан» и баллотироваться в парламент связано с целью реализовать в республике проект «Комфортная жизнь». « Сегодня страну можно изменить, применяя информационные технологии. У меня есть своя IТ-компания, я знаю эту сферу. Мы с молодежью будем развивать это направление. Будет также составлен рейтинг каждого депутата парламента, где будут отражены его дела, инициированные законопроекты », – сказал Иминов и попросил жителей Оша принять участие в выборах. « Обязательно надо прийти на избирательный участок и сделать свой выбор. Выборы – это не просто галочка на бюллетене, это ваш вклад в ваше будущее, в будущее наших потомков », – заявил кандидат. В свою очередь Кубанычбек Нурматов напомнил, что в выборах 2020 года участие принимают 16 партий, в 2015 году их было 14. « На прошлых выборах участие приняли 14 партий. Представители каждой из них приехали к вам сюда и много чего пообещали. Они обещали увеличить пенсии, заработные платы, вернуть мигрантов на Родину. Но никто из них не сказал, каким образом они намерены добиваться этого. Пока мы не начнем развивать экономику, строить предприятия, этого не случиться. «Кыргызстан» – единственная партия, члены которой строят заводы и фабрики, пополняют бюджет, создают рабочие места. Мы сумеем внести изменения в жизни граждан !», – сказал кандидат. Другие кандидаты Мирлан Акматбеков, Макен Асанов и Жыргалбек Саматов, также остановившись на программе партии «Эл учун», отметили стремление членов партии работать на народ и призвали избирателей принять участие в выборах. В завершение встречи аксакалы города пожелали партии успехов и благословили ее на победу на выборах. Партия «Кыргызстан» № 15: Благополучие народа — благополучие всего государства! Заказчик: политическая партия "Кыргызстан". Оплачено из избирательного фонда партии "Кыргызстан" уполномоченным по финансовым вопросам Шамшидин уулу Разаком (свид. №94 от 06.08.2020 г.)

Подробнее
2 октября 2020 г. 12:10

Эми саналуу күндөр эмес

Эми саналуу күндөр эмес, саналуу сааттар калды! Туугандар туура тандоо жасап, 5 октябрьда жаңыланган Кыргызстанда ойгонолу! Терең урматтоо менен Мирбек Мияров!

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:48

“Таза шайлоо” акциясында 130 мүшөк таштанды тазаланды, – видео

“Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү бүгүн, 1-октябрда үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктады. Иш-чара Кыргызстандын баардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты. “Бир Болдун” башкы штабы “Таза шайлоо” акциясын Бишкек шаарынын Эл аралык “Манас” аэропорту тарабындагы кире беришинде өткөрүшүп, ал жердеги сейил бакты жана Чоң Чүй каналынын жээгин тазалашты. Ал жерден баш аягы 130 мүшөк таштанды чыгарылды.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:48

Экологиялык акция таза шайлоого чакырык

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан “Бир Бол” партиясы масштабдуу үгүт иштерин расмий жыйынтыктады. Саамалык экологиялык акция ирээтинде уюштурулуп “Таза шайлоо” урааны менен өттү. Ишембилик Бишкектин кире беришиндеги “Аска Таш” эстелигинен башталып, Чоң Чүй каналынын жээгинде уланды. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында өттү. Иш-чаранын максаты – өлкөнүн саясий күчтөрүн ыпылас ыкмаларды колдонбостон таза шайлоо өткөрүүгө жана жарандарды акчага азгырылбай, татыктууларга добуш берүүгө чакырык таштоо болуп саналат. “Бир Бол” партиясы үгүт иштерин “Тазалан!” экологиялык акциясы менен баштап, айылдарды, шаарларды таштандыдан арылтканбыз. Бүгүн дагы үгүт ишин “Таза шайлоо” ишембилиги менен жыйынтыктап жатабыз. Биздин максат – айлана-чөйрөдөн баштап мамлекеттик башкаруу системасын тазалоо. 4-октябрдан кийин мамлекетибизде тазалануу болот. Биз бийликтен таза жана мыйзамдуу шайлоону талап кылабыз”, – деди “Бир Бол” партиясынын лидери А. Сулайманов. -Алмамбет Шыкмаматов: “Кан алмашып, жаңы муун, күчтүү лидерлердин командасынын, заманбап деңгээлдеги саясатчылардын келишин мен тазалануу деп түшүнөм. Эл акчаны эмес тазаларды жана мыктыларды тандайт деп ишенем”. -Жоомарт Жолдошев: “Көчөлөрдү тазалоо менен биз символикалык түрдө жалпы системаны, мамлекеттик башкарууну, саясий чөйрөдөгү адамдары тазалоого убакыт келди дегибиз келет”. – Жодар Сайдилканов: “Тазалануу бийликтин бардык катмарына жетиши керек. Ошондо гана тоскоолдуктар жоюлуп, өлкөнүн өнүгүү импульсу жаралат”. -Айжан Чыныбаева: “Алдыда жакшы долбоорлорубуз бар. “Таза шайлоо- таза жашоо” деген ураан менен үгүт иштерин жыйынтыктадык”. – Эсен Момункулов: “Бүгүн таштандыларды кандай тазалап, жыйнасак, Жогорку Кеңешке барганда да таза иштеп берүүгө, эл үчүн иштеген Мыйзамдарды демилгелөөгө даярбыз!”. -Нурсултан Кубанов: “Саясий элитанын өзгөргөнү дүйнө жүзүндө нормалдуу көрүнүш. Коомчулук жаштарга суусап турганда биз барып, элдин ишенимин акташыбыз керек”. Чоң Чүй каналын чогултулган таштандылар иргелип, жарамдуусу кайра иштетүүгө, калдыктар таштанды полигонуна төгүлдү.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:48

Шайлоо күнү 10 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бардыгы даяр. Мындай маалыматты бүгүн, 1-октябрда өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Маалыматка ылайык, 54 аймактык шайлоо комиссиясында 2 миң 475 шайлоо участогу, анын ичинен 45и чет өлкөлөрдө түзүлүп, алардын толук кандуу иштөөсү үчүн материалдык-техникалык жактан жабдуу, толук камсыз кылуу иштери өз убагында уюштурулду. Мындан тышкары: – электр энергиясы, мобилдик байланыш, ошондой эле кошумча генераторлор менен камсыз кылуу маселеси чечилди; – шайлоо күнү иштей турган адистерге окуулар өткөрүлдү; – Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыгып бекитилген. Шайлоо тилкелери жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттар, бет каптар менен толук камсыздалды. – көз карандысыз жана саясий партиялардын байкоочулары үчүн шарттар түзүлдү; – шайлоо процессин 91 телеканал, 27 радио, 59 басма жана 77 интернет басылма чагылдырат. Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн бардык маалыматтар ачык; – шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздоо үчүн 10 миң милиция кызматкери тартылды. Алар 2020-жылдын 1-октябрынан 6-октябрына чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Мындан тышкары укук коргоо органдарына элдик кошуундар жардам берет; – 2020-жылдын 29-сентябрына карата республикалык бюджеттен шайлоого бөлүнгөн 723 миллион сомдун 478,1 миллион сому пайдаланылды. «Араван районундагы окуяны эске албаганда, шайлоо алдындагы үгүт иштери провокациялык жана чагымчылдык иштерге алдырбай, дээрлик тынч өттү», – деп Кубатбек Боронов.

Подробнее
1 октября 2020 г. 13:36

Республика №14

Кемин районунун кеменгер эли Алдыга жолду тандады! Республика №14

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:48

Парламенттик шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом бөлүнгөн

Шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, ушул эле каражаттын ичинен 29-сентябрь күнү Борбордук шайлоо комиссиясына 478, 1 млн сом которулган. «Убакыттан пайдаланып, шайлоого аттангандарды, шайлоочуларды, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди шайлоо маалында бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууга чакырып кетет элем. Ар бир жарандын ден соолугу – биз үчүн баарынан кымбат», — деп айтты Боронов. Эске сала кетсек, 21-сентябрда шайлоо фондуна келип түшкөн жалпы каражаттын суммасы 544 млн 979 миң 341 сомду түзгөн. Саясий партияларга 514 млн 920 миң сом бөлүнгөн, анын ичинен 80 млн сом шайлоо күрөөсүн төөлө үчүн жумшалган. 381 млн 950 миң 149 сом — шайлоого чейинки үгүт иштерине жумшалган.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:49

Нурбек Алимбеков, “Кыргызстан” №15: “Биз элге жардам берүү үчүн Жогорку Кеңешке аттандык”

“ Биз Жогорку Кеңешке келсек элдин кызыкчылыгына шайкеш келе турган мыйзамдарды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз”. Бул тууралуу “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Алимбеков Ош шаарында өткөн эл менен жолугушуу учурунда айтты. “Мен сиздерге ишенем. Шайлоо күнү бюллетенди алып добуш берүүчү бөлмөгө киргенде “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деген биздин девизди туу тутуп, “Кыргызстан” партиясына добуш бересиздер деп ишенем. Өлкөнүн ар бир аймагында элине эмгеги сиңген, татыктуу талапкерлерибиз бар. Биз элибизге жардам берели деп Жогорку Кеңешке баратабыз. Калың элдин алдында баарыңыздарга сөз беребиз. Биз Жогорку Кеңешке келсек элдин кызыкчылыгына шайкеш келе турган мыйзамдарды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз”, – деди Алимбеков. Нурбек Алимбеков андан ары партиянын “Эл үчүн” деген программасына токтолуп, андагы айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча камтылган маанилүү бөлүк тууралуу элге маалымат берди. “Программабызда камтып кеткендей, биз дыйкандарды ыктыярдуу кооперативдерге бириктирип, жаңы технологияларды колдонууга үйрөтөбүз. Аларга төмөнкү пайыз менен насыя берип, өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын изилдөөгө, алар менен алака түзүп иштөөгө үйрөтөбүз. Ошондой эле биз Айыл-чарба министрлигинин ишин эффективдүү аткаруусун талап кылып, айыл-чарбанын башкаруу системасына реформа жасайбыз”, – деди Алимбеков. Ош шаарында өткөн эл менен жолугушууга “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов, Нурлан Сулайманов, Салайдин Айдаров, Мирлан Акматбеков, Кубанычбек Нурматов, Ахрор Иминов жана Макен Асанов ж.б. партиянын мүчөлөрү катышты. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 30.09.2020) 1-октябрь, 2020-жыл.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:49

Алтынбек Сулайманов: “Бийликтен таза шайлоону талап кылабыз” – сүрөттөр

“Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Таза шайлоо” аттуу тазалык акциясынын жүрүшүндө билдирди. “Бир Бол” партиясы үгүт иштерин “Тазалан” экологиялык акциясы менен баштап, айылдарды, шаарларды таштандыдан тазалаганбыз. Бүгүн дагы үгүт ишин “Таза шайлоо” экологиялык иш-чарасы менен жыйынтыктап жатабыз. Бир гана айлана-чөйрөнү эмес, мамлекеттик башкаруу системасын тазалоо – биздин негизги максатыбыз”,- деди партия лидери. Ошондой эле А.Сулайманов эски системадан арылуу учур талабы экенин кошумчалады. “Биз буюрса, шайлоодон өтүп келсек, эски системаны өзгөртөбүз. 4-октябрдан кийин мамлекетибизде тазалануу болот. Өлкөнү жаңылануу күтүп жатат. Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз. Мыйзамдуу шайлоону талап кылабыз. Биз эл көксөгөн таза жашоону курууга даярбыз”,-деди Алтынбек Сулайманов. Белгилей кетсек, Чоң Чүй каналынын жээгиндеги тазалык акциясына “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Жодар Сайдилканов, Жоомарт Жолдошев, Эсен Момункулов, Айжан Чыныбаева, Акан Иманов, Екатерина Филаретова, Нурсултан Кубанов катышып жатат. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:49

Ошто шайлоо өткөрүү боюнча бир канча тапшырмалар берилди

Бүгүн, 1-октябрда Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэри, штабдын төрагасынын орун басары Саибжан Турдуев, аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, штабдын мүчөлөрү катышышты. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, негизги маселе катары шайлоо тилкелеринин даярдыгы, санитардык талаптардын жана коопсуздуктун сакталышы тууралуу сөз болду. Саибжан Турдуев ар бир саясий партияга бирдей шарт түзүлгөнүн, шайлоо участкалары шайлоо өткөрүүгө даяр экендигин билдирди. Жыйындын жүрүшүндө бир канча маалыматтар айтылып, тапшырмалар берилди. “Энергетика жана телекоммуникация системаларынын үзгүлтүксүз иштеши камсыздалсын. Бардык шайлоо участкаларында кошумча генераторлор коюлушу шарт. Шайлоо күнү шайлоо участогуна киргизүү учурунда жарандардын социалдык аралыкты сактоо боюнча милиция кызматкерлери такай иш алып барып, шайлоо участкаларында эпидемиологиялык көзөмөл болсун”, – деди биринчи вице-мэр. - Advertisement -

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:49

Кубатбек Боронов: “Шайлоого жалпы даярдыктар аягына чыкты”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессин ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди. «Шайлоочулардын тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген персоналдуу маалыматтардын негизинде түзүлдү. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тизмени тактап, шайлоочулардын саны 3 523 554 жаранды түздү. Учурдагы мыйзамдар боюнча № 2 форманы толтургандардан тышкары ар бир жаран катталган жери боюнча добуш берет. № 2 форма боюнча өзүнчө токтолгум келет, аны менен бир киши бир нече жолу добуш берсе болот экен деген ушак-айыңдар айтылууда. Автоматташтырылган система буга жол бербейт, анткени манжа изи гана идентификацияланбастан, адам жүзүн таануу дагы жүргүзүлөт. Бир киши бир эле жолу добуш бере алат. Башкача айтканда, автоматташтырылган биометрикалык система добуш берүүнүн экинчи аракетине бөгөт коет», – деди Премьер-министр. Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо алдындагы процесстерге кийлигишпөө керектигин эскертти. «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, үгүт иштерине катышпоого жана административдик ресурсту пайдаланууга тыюу салынган. 2015-жылдагы шайлоодон кийин шайлоо мыйзамдарынын ичинде үгүт иштеринде административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларды добушун сатып алуу сыяктуу иштерге катуу санкциялар киргизилген. Мыйзам бузуу болгон жок дегенден алысмын, бирок өлкөдө абал тынч», – деп белгиледи Кубатбек Боронов. Премьер-министр эл аралык байкоочулардын ишинин алгачкы талдооруна токтолду. «144 байкоочу бар КМШнын байкоочулар миссиясынын аралык отчёту кечээ эле жарыяланды. Ага ылайык, азыркы шайлоо өнөктүгү айрым фактыларды эсепке албаганда тынч өтүп жаткандыгы белгиленди. Байкоочулар бийлик тараптан бардык саясий партияларга бирдей мамиле жасалганын өзгөчө белгилешти», – деди Кубатбек Боронов. - Advertisement -

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:49

Алтынбек Сулайманов: “Бийликтен таза шайлоону талап кылабыз”

“Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Таза шайлоо” аттуу тазалык акциясынын жүрүшүндө билдирди. “Бир Бол” партиясы үгүт иштерин “Тазалан” экологиялык акциясы менен баштап, айылдарды, шаарларды таштандыдан тазалаганбыз. Бүгүн дагы үгүт ишин “Таза шайлоо” экологиялык иш-чарасы менен жыйынтыктап жатабыз. Бир гана айлана-чөйрөнү эмес, мамлекеттик башкаруу системасын тазалоо – биздин негизги максатыбыз”,-деди партия лидери. Ошондой эле А.Сулайманов эски системадан арылуу учур талабы экенин кошумчалады. “Биз буюрса, шайлоодон өтүп келсек, эски системаны өзгөртөбүз. 4-октябрдан кийин мамлекетибизде тазалануу болот. Өлкөнү жаңылануу күтүп жатат. Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз. Мыйзамдуу шайлоону талап кылабыз. Биз эл көксөгөн таза жашоону курууга даярбыз”,-деди Алтынбек Сулайманов. Белгилей кетсек, Чоң Чүй каналынын жээгиндеги тазалык акциясына “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Жодар Сайдилканов, Жоомарт Жолдошев, Эсен Момункулов, Айжан Чыныбаева, Акан Иманов, Екатерина Филаретова, Нурсултан Кубанов катышып жатат. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл. - Advertisement -

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:49

“Бир Бол” партиясы “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүүдө

Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктоодо. Иш-чара Кыргызстандын баардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышып жатышат. “Таза шайлоо” акциясы Бишкектин четиндеги Чоң Чүй каналынын жээгинде өтүүдө. Иш-чарага партия лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Жодар Сайдилканов, Жоомарт Жолдошев, Эсен Момункулов, Айжан Чыныбаева, Акан Иманов, Екатерина Филаретова, Нурсултан Кубанов катышып жатат. Лидер Алтынбек Сулайманов партияны колдоп келгендерге ыраазычылык билдирип, мекендештерди шайлоого келип, татыктууларына добуш берүүгө чакырып өттү. “Үгүт иштерин тазалануу, жаңылануу менен баштаганбыз. Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз. Айланабыз гана эмес, мамлекеттик башкаруу системасынын тазаланышынан үмүтүбүз чоң. Элибизге жаркын жашоону “Бир Бол” гана тартуулай алат”, – деди А. Сулайманов. Акция жарандарды шайлоого катышып, таза жүздөрдү тандоого чакыруу максатын көздөйт. Ошондой эле партияларды шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде өткөрүүгө чакырат. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл. - Advertisement -

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники