О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
2 октября 2020 г. 0:08

Шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт иштерине 557 миллион коротту

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт иштерине 557 миллион 52 миң сом сарпташты. Бул тууралуу Боршайком билдирет. Белгилей кетсек, Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. 25-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондунун чыгымы боюнча маалымат берди. «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт иштерин эң кымбат жүргүзүүдө. Партия 116 миллион 108 миң сом короткон. Андан кийинки орунда «Кыргызстан» 96 миллион 301 миң 939 сом. «Биримдик» —94 миллион 736 миң сом, «Ата-Мекен» — 46 миллион 791 миң сом, «Бир Бол» −43 миллион, «Замандаш» — 39 миллион, «Республика» — 36 миллион, «Мекенчил» − 13 миллион сом, «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын» — 10 миллион сом, Социал-демократтар — 13 миллион, «Ордо»- 9 миллион, «Бүтүн Кыргызстан» — 8 миллион, «Реформа» — 7,4 миллион сом коротту.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:09

«Шайлоого үч күн калганда». Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жаңы депутатын каттады — ал «Кыргызстан» партиясынын талапкери Султанбек Анарбаев. Ал буга чейин мандатын тапшырган Жаныбек Жоробаевдин ордуна келди. Анарбаев Жогорку Кеңешке парламенттик шайлоого үч күн калганда келди. Буга карабастан ал ыйгарым укугу токтогонго чейин бир катар артыкчылыктарга ээ болот. Мыйзамга ылайык , ал кызматтык турак жайга, жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларда бекер жүрүүгө жана байланыш каражаттарын акысыз пайдаланууга укуктуу. Ошондой эле, жаңы келген депутат пенсия курагына жетип, өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жана жеңилдиктерди алууга укуктуу. Буга чейин мандатын тапшырган Жоробаевдин ордуна учурда Москвада жүргөн журналист Кудрет Тайчабаров келүүсү керек болчу, бирок ал депутаттыктан баш тарткан . Тайчабаровдун айтымында, аны ар кандай шылтоолор менен Кыргызстанга кайтарышып, колго түшүрүүнү көздөп жатышат. Журналист чет өлкөгө «криминал тарабынан басым» болгондуктан чыгып кеткенин айтып келет. Буга чейин Тайчабаров «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мурдагы лидери, ишкер Айбек Осмоновго бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов тарабынан басым болгонун билдирген . Мындан улам Осмонов чет өлкөгө чыгууга аргасыз болгону да айтылган. Бирок Айбек Осмонов фейсбукта видео жүктөп , бул маалыматтарды төгүндөгөн. Тасма Бишкек шаарындагы Ата-Түрк паркында тартылган. Кийинчерээк журналист Тайчабаров аны ИИМдин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү «суракка чакырып жүргөнүн» билдирген. Ал эми ИИМден алардын өкүлчүлүгү журналистке көмөк көрсөтүү үчүн байланышканын, сурак кылуу максаты болбогонун билдиришкен. ТЕМА БОЮНЧА: Журналист Кудрет Тайчабаров: «Мекеним Кыргызстан» партиясын күч менен тартып алышкан

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:09

400 миңден ашуун кыргызстандык шайлоодо добуш бере албайт — МКК

Мамлекеттик каттоо кызматы (ММК) маалымдагандай , 437 миңден ашуун кыргызстандык 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоодо добуш бере албайт. МККнын маалыматы боюнча, 437 миң 384 жаран биометрикалык каттоодон өткөн эмес жана алар эски үлгүдөгү ID паспортторду колдонушат. Мыйзам боюнча, мындай жарандар шайлоодо добуш бере албайт. Биометрикалык маалыматтар жөнүндөгү мыйзам 2014-жылы кабыл алынган– анда Кыргызстандын жарандарынын бардыгына биометрикалык маалыматын тапшыруу милдеттендирилип, манжасынын издерин алышкан. Маалымат топтоону жарандарга документ берүүчү мамкаттоо кызматы ишке ашырган. 2015-жылдын апрель айында депутаттар шайлоо мыйзамына түзөтүү киргизүү сунушун кабыл алышкан. Ага ылайык, биометрикалык маалымат тапшырбаган жарандар презденттик жана парламенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов жана 2009-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Токтайым Үметалиева Конституциялык палатага доо арыз менен кайрылышкан. Укук коргоочулар бул мыйзамды «иштебейт» жана Конституциянын ченемдерине «каршы келет» деп билдиришкен. Токтакунов менен Үмөталиеванын доо арызы боюнча биринчи отурум 2015-жылдын 27-майында өтүп, анда парламенттин өкүлү Светлана Болжурова Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкуловадан доо арызды четке кагууну өтүнгөн. Сооронкулова арызды кароодо негизги баяндамачы болгон, ошондой эле арыз берүүчүлөрдүн тарабын карманган. Клара Сооронкулова доо арызды кароодон четтеп кеткенден кийин биометрика жөнүндөгү мыйзамды «легитимсиз» деп атаган. Бул билдирүүдөн улам парламенттин сот жана укук иштери боюнча комитети нааразычылыгын билдирип, Соттор кеңешине Сооронкулованын аракетине баа берүү талабын коюшкан. Парламент үч жолку добуш берүүдөн кийин гана Сооронкулованы Конституциялык палатанын судьясы кызматынан четтеткен. 2015-жылдын жай айларында Алмазбек Атамбаев биометрикалык маалымат тапшырбаган кыргызстандыктар шайлоого катыша албайт деп билдирүү жасаган. БШКнын маалыматына караганда, Кыргызстанда 3,5 млн шайлоочу катталган. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди. Ага 16 партия ат салышат. «Реформа» партиясынын лидери — Клара Сооронкулова.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:10

Шайлоодон кийин 1-6 класстын окуучулары мектепке барып окушат

Иллюстративдик сүрөт Өлкөнүн мектептеринде 1-6-класстардын окуучулары 6-октябрдан тарта мектепке барып окуп башташат. Бул тууралуу чечим 30-сентябрда республикалык штабдын отурумунда кабыл алынды. Ага ылайык, окуучулар, мугалимдер жана мектеп кызматкерлери санитардык-гигиеналык нормаларды сактоого тийиш. Алардын ден соолугу медкызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнүп, дене табы өлчөнүп турушу жана беткап тагуусу керек болот. Ошондой эле балдар аралыкты сактоо менен отургузулуп, колдорун бат-баттан жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынаары айтылат. Ал эми кызматкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар же жогу тууралуу анкета толтуруп турушат. «Мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Бирок бул иш-чарада пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат. Билим берүү жайларынын желдетүү тутумунун иштөөсүн жана класстык бөлмөлөрдө тыныгуу учурунда абанын алмашуусун камсыз кылуу боюнча иштер уюштурулмакчы», — деп жазылат штабдын маалыматында. Мектеп жамааты беткап, дезинфекциялоочу каражаттар жана дене табын өлчөөчү тепловизор менен кандайча камсыз кылынаары азырынча белгисиз. Мындан сырткары, мектептерде иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып, ата-энелердин жана башка кишилердин имаратка кирүүсүнө тыюу салынат. Эгер мектеп окуучуларыны жалпы саны 200гө чейин болсо алар кадимки режимде окушат. Ал эми алардын саны 350гө чейин болсо класстардын сабактарынын башталышынын убактысында айырма болуп, эгер алардын саны 500гө чейин болсо окуучулар смендик режимде окушат. «Ыңгайсыз» онлайн-окуу жана коронавирустун экинчи толкуну Буга чейин өкмөт күзүндө коронавирустун экинчи толкуну болот деген кооптонуудан улам жаңы окуу жылында биринчи класстын гана окуучуларынын мектепке барышына уруксат берилип, калгандары окуусун онлайн түрүндө улантып жаткан. Ата-энелер жана окуучулар онлайн-окутуу ыңгайсыз болуп жатканын айтып, нараазычылыктарын билдиришкен — алардын кээ бирлеринде интернет жана керектүү гаджеттер жок болуп, ал эми айрым ата-энелердин окутууга жөндөмү же убактысы болгон эмес. Ал эми окуучулардын саны аз 62 мектеп гана кадимки режимде иштеп баштаган. Кыргызстанда 2200дөн ашык мектеп бар, ал жакта миллиондон ашык окуучу билим алат.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:10

БШК парламенттик шайлоого кетчү чыгымдарды дээрлик 2 млн сомго көбөйттү

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөрүүгө кетчү чыгымдардын сметасын көбөйттү. Кошумча дээрлик 1 млн 860 миң сом Москвада дагы бир шайлоо участкасын уюштурууга сарпталат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады . Эми буга чейин аныкталган 447 млн 726 миң сомдун ордуна шайлоого 449 млн 583 миң сом коротулат. Москвада кошумча участок ачуу чечими 2020-жылдын 18-сентябрында кабыл алынган. Мындан тышкары, өлкө бийлиги парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн Түркиядан финансылык жардам сураган . Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдагандай , Түркия мониторинг жана добуш берүү үчүн автоматтык урналарды сатып алууга 100 миң доллар (дээрлик 8 млн сом) бөлүп берүүгө даяр. Ошондой эле Түркиянын бийлиги Кыргызстанга байкоочуларды жөнөтмөкчү. 2019-жылдын сентябрында өкмөт парламенттик шайлоо өткөрүүгө 1,2 млрд сом караштырган. Бирок пандемиядан улам бюджеттин бардык беренелери кыскартылып, Жогорку Кеңешке шайлоого 560 млн сом сарптоо пландалган. Кийинчерээк БШК чыгымдар 446,9 млн сомго чейин оптималдаштырылганын кабарлаган. Парламенттик шайлоо өлкөдө 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

Подробнее
2 октября 2020 г. 20:06

Алтынбек Сулайманов:

Алтынбек Сулайманов: "Эл уулу кылып тарбиялаган элимдин алдында башымды ийип таазим кылам!" “Бир Бол” бюллетенде №13

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:51

Шайлоо учурунда коомдук тартип милиция кызматкерлери тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынат

Шайлоо күнү шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкери карайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери 1-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. "Андан тышкары элдик кошуундар да иштейт. Шайлоого даярбыз. Ар бир атуул жарандык милдетин аткарып, добушун өзү тандаган партияга берет деп ишенем", - деди ал. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:20

Өзгөндө киши колдуу болгон жигиттин жакындары акыйкаттык талап кылат

30-сентябрь күнү Өзгөндө мушташтан каза тапкан Замирбек Ормон уулунун жакындары анын «Республика» партиясына үгүт жүргүзүп иштегенин ырасташты. Маркумдун тууганы (атасынын агасы) Чолпонбай Жумалиевдин «Азаттыкка» билдиришинче, ал үгүтчү болуп бир күн иштеген: «Анын өлүмүн Орусиядагы карындаштарыбыздан уктум. Кечээтен бери сөөктү жерге берип атабыз, эртеңден тартып киришебиз. Кайсы бала, эмне болгон, кандай экенин мыйзам чегинде чара колдонобуз. Бул жеке чатак болдубу, башка нерсе болдубу же саясий иш болдубу азырынча кабарыбыз жок». Жакындарынын айтуусунда Замирбек Ормон уулу жети-сегиз жеринен бычактан жараат алган. Интернетте тараган маалыматтарда шайлоого катышып жаткан эки партиянын эки үгүтчүсү пикир келишпестиктен улам мушташып кеткени кабарланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» чырдын шайлоого тиешеси жок экенин маалымдаган. Ал 29-сентябрдын түнү алкоголдук ичимдик ичкен эки адам пикир келишпестиктен улам уруша кетишкенин, жанындагылар ажыратып жетишкенче алардын бири экинчисин учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып жибергенин билдирген. Аширбаев бул иш боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын, шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилгенин кошумчалады. Милиция маркум «Портер» үлгүсүндөгү автоунаасын «Республика» партиясынын үгүтчүлөрүнө ижарага бергенин, кылмышка шектүү адамдын бир да партияга тиешеси жок экенин аныктаган. «Республика» партиясы 1-октябрда маалымат таратып, Өзгөндө өлтүрүлгөн Замир Ормон уулу партиянын тарапташы болгонун жазды. Партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арстан Туржановдун атынан таратылган кайрылууда бул кылмыш иши талаптагыдай иликтенбей, мамлекеттик компетенттүү органдар тарабынан үй-бүлөлүк кылмыш катары гана көрсөтүлүп жатканы белгиленген. Ошол эле күнү «Мекеним Кыргызстан» партиясы Ош облусунун Өзгөн районундагы кандуу окуяга тиешеси жок экенин айтып чыкты. Партиянын өкүлү Элнура Алканова «Азаттыкка» окуяга аралашкан кишилердин партия менен эч кандай байланышы жоктугун айтты. Партиянын аты бул окуяда аталышын «чагым» деди. 25 жаштагы Замирбек Ормон уулунун артында бир уулу жана жубайы калды. (DU/ZkO)

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:21

«Мекеним Кыргызстан» Өзгөндөгү окуяга тиешеси жок экенин билдирди

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Ош облусунун Өзгөн районундагы кандуу окуяга тиешеси жок экенин билдирди. Партиянын өкүлү Элнура Алканова «Азаттыкка» бул окуяга партиянын атын аралаштырууну «чагым» катары сыпаттады: «Биз өзүбүздүн үгүтчүлөр менен келишим түзгөнбүз. Расмий түрдө иштейбиз. Анын баары шайлоо фондунан төлөнгөн. Жергиликтүү штабдар менен байланышып, текшерүү жүргүздүк. Үгүтчүлөрдүн тизмесинен окуяга катышкан кишилерди таппадык». 29-сентябрда Өзгөндө эки кишинин мушташы адам өлүмү менен аяктаган. Интернетте тараган маалыматтарда шайлоого катышып жаткан эки партиянын эки үгүтчүсү пикир келишпестиктен улам мушташып кеткени кабарланган. Окуяда каза болгон адам «Республика», кылмышка шектүү «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчүсү деген кабар тараган. «Республика» партиясы 1-октябрда кайрылуу таратып, «үгүт иштери башталгандан бери өлкөнүн айрым аймактарында партиянын тарапташтарын моралдык жана физикалык кысымга алуу, сабоо жана өлтүрүү фактылары аныкталды» деп билдирген. Өзгөн районунда партиянын тарапкери Замир Ормон уулу өлтүрүлгөнүн, бул кылмыш иши талаптагыдай иликтенбей, тиешелүү органдар тарабынан үй-бүлөлүк кылмыш катары көрсөтүлөт деген кооптонуу бар экенин белгилеген. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» чырдын шайлоого тиешеси жок экенин маалымдаган. Кандуу окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. Кыргызстанда 120 орундуу парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия катышууда. (NT)

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:22

Жарышкан лидерлер, жарыгы өчкөн КТРК

Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) саясий партиялардын лидерлери таймашкан дебаттар уланууда. 30-сентябрда «Бир Бол», «Кыргызстан», «Мекен Ынтымагы», «Республика» жана «Ыйман Нуру» партияларынын ортосунда телетаймаш өттү. Партиялардын кириш сөзү «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаевдин ордуна келген талапкер Асел Атабекова «ар бир лидердин артында аял турат» деп, кириш сөзүн аялдар маселесине арнады: «Биздин артыбызда жеңил өнөр жайында эмгектенген аялдар турат. Биздин артыбызда майып балдарын багып жаткан энелер турат. Алар аялдардын күчүнө үмүт кылып жатышат». Ал эми «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев саясий күрөш ыплас ыкмалар менен коштолуп жатканын белгилеп, элди туура тандоого чакырса, «Мекен Ынтымагы» партиясынын жетекчиси Темирбек Асанбеков татыктууларга добуш берүүгө үндөдү. Жээнчороев: «Биздин калыс, адилеттүү элибиз бул шайлоодо укук коргой албаган мамлекеттик органдардан, «Раим миллиондон», бандиттерден коркпой туура чечим кабыл алат». Асанбеков: «Алгач партиялардын программасына, идеологиясына, экинчиден, ошол партиялардын тизмесине карагыла. Үчүнчүдөн, алардын баскан тарыхын карасаңар туура чечим чыгарасыңар». Ал эми «Бир Болдун» лидери Алтынбек Сулайманов партиясы 90% ашык жаңыланган курам менен баратканын белгилеп, эски системаны түп-тамырынан өзгөртөм деген дымагын ортого салды: «Ушул системанын курмандыгы болгон инсан катары, мен бүгүн жаңы жүздөр менен жаңы ийгиликтерди, элибизге жаңы жашоону тартуулайын деп келе жатам». «Ыйман Нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков кириш сөзүндө партия программасынын негизги багытын жамактап тааныштырды: «Биринчиси - банктарга элибизди тонотпойлу, экинчиси - ууру-кескилерди бийликке жолотпойлу, үчүнчүсү - кен байлыктарды сол чөнтөккө солотпойлу, төртүнчүсү - тышкы карыз беш миллиард долларга жакындады, ошондуктан мамлекеттин казынасын той-топурга, маанисиз нерсеге коротпойлу». Теледебат үч айлампадан турат. Алгач алып баруучулардын суроосу берилет, анан талапкерлер бири-бирине суроо узатып, аягында элге кайрылууга убакыт бөлүнөт. Модераторлордун өкмөт курамы, сот, коррупция тууралуу суроолоруна беш партия дээрлик бирдей эле жооп берди. Алар азыркы системаны кескин сындап, чакан өкмөт түзүп, айрым түзүмдөрдү кыскартып, өкмөт башчы болуп партияга байланыштуу фигура келип жоопкерчиликти алышы керек экенин белгилешти. Телетаймашта алгачкы кайчы пикирлер «Ыйман Нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков менен «Мекен Ынтымагы» партиясынын төрагасы Темирбек Асанбековдун ортосунда байкалды. Ыймандуулук тууралуу сүйлөгөн Кадырбековдун паракорлорду өлүм жазасы менен коркутуу жөнүндө сунушуна Асанбеков кескин каршы чыкты: «Коррупцияга малынган адамдарды атууга кетирсек, анда Кыргызстандын жарымы калбай калат. Мындай кызуу кандуулук менен жакшылыкка барбайбыз. «Ыймандуу» дейсиңер. Киши өлтүргөн бандиттердин арасында намаз окугандар, депутаттардын жума сайын намазга баргандары бар. Ыйман менен эле адилеттүүлүктү орното калбайсың. Адилеттүү сотту элдик таза шайлоо менен гана түптөй алабыз». Кадырбеков буга дароо жооп берди: «Элдик таза шайлоо барбы? Мына, шайлоого баратабыз. Элибиз да сатылып жатпайбы. Мен кээде «партиябызга добуш бергиле» деп эмес, «арамга алданбагыла, арам бир күнү башыңа балакет болуп келет» деп айтып жатам. Ыйманга шек келтирбегиле, чыныгы ыйман башка - анын сүрөтү башка». Талапкерлер бири-бирине сын-пикир аралаш суроо узатып, телетаймаш кызып келатканда КТРКда жарык өчүп, дебат бири нече мүнөткө үзгүлтүккө учурады. Кооз программа, кат-кат убада, өлкөнүн жаркын келечеги сөз болуп жаткан учурда жарыктын өчүп калганы социалдык тармактарда бир топ күлкүлүү билдирүүлөргө жем таштады. Дебаттын жүрүшүндө «Мекен Ынтымагын» баштап бараткан Темирбек Асанбеков буга чейин парламентте отурган «Бир Бол», «Кыргызстан» жана «Республика» партияларынын өкүлдөрүнө «Мурда эмнеге иштеген жоксуңар?» дегендей суроосун улам-улам кайталап турду. Асанбеков өлкөдө бардык тармактар кризиске батып бараткан учурда парламентте отурган үч партиянын кайра жарышка аттанганын сындады: «Урматтуу менин оппоненттерим, кайрадан парламентке жарышууга моралдык укугуңар барбы?» «Бир Болдун» жетекчиси Алтынбек Сулайманов өзүн өлкөдөгү абалды жакшыртууга күрөшкөн саясатчылардын катарына кошорун айтып, Асанбековго контр суроо таштады. Сулайманов: «Шайлоо башталганда пайда болуп, кайра беш жыл жоголосуз?» Асанбеков: «Өзүңөр айттыңар, «системага карыш чыктым» деп. Өзүмдү курмандыкка чалган системага кирип мен жинди эмесмин. Коомдун кызыкчылыгын коргой турган программаны жазып, элге ошонун маанисин жеткирүүгө аракет кылып келе жатам». Сулайманов: «Сиздин программаңызды эч жерден тапкан жокпуз». Асанбековдун суроосуна «Кыргызстан» партиясынын өкүлү Асел Атабекова жооп берип, мурдагы шайлоодо айтылган убадалар аткарылып жатканын билдирди: «Мурунку фракциянын 18 депутатынын 14ү кайрадан аттанып жатат. Бул, демек башка партиялардан айырмасы - команда бар дегенди билдирет». «Республиканын» лидери Мирлан Жээнчороев ​партиясы Жогорку Кеңешке келсе аны түптөгөн, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 600 миңдей добуш алган саясатчы Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка көрсөтөрүн жарыялады. Жээнчороев менен Сулайманов Бабановго байланыштуу суроонун айланасында бир топко талашып-тартышты. Сулайманов: «Лидериңиз «саясаттан кеттим» деп бир нече жолу айтты эле го?» Жээнчороев: «Ал Кыргызстандын азаматы, сурамжылоо болуп атат. Эл чакырып, коалицияга кирсек, сунуш кылсак артка кайтпайт го деп ойлойм. Ал Кыргызстан үчүн иштеп берет деп ойлойм. Мыкты азаматтардын бири». Сулайманов: «Мыктысына шек жок. Президенттик шайлоодо 600 миң добуш алгансыңар. Бирок, ошол 600 миң шайлоочунун укугун коргой албай сыртка чыгып кеткенин эл унута элек. Мен да унута элекмин». Жээнчороев: «Сиз унутуп калдыңыз, ахыбал кандай болгонун. Анткени ошол убакта президенттин шоопуру менен бекем позицияда болгонсуз». Мындан тышкары Жээнчороев дээрлик бардык телетаймаштарда сөз болуп келе жаткан, чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов жөнүндө маселени көтөрдү. Асанбеков: «Матраимов мырза көрүп жатат. Эгерде анын ар-намысы болсо талапкерлигин алып салмак. Анткени аябай резонанс болуп кетти. Мен анын ордунда болсом партияны жарыштан алып салмакмын». Сулайманов: «Ал партиянын ичинде жакшы жигиттер жок эмес. Мага алардын келечеги туңгуюк болуп жатат. Ал эми бул партиянын өмүрү кыска болот. Бул партиядагыларды алдыда оор күндөр күтүп турат». Кадырбеков: «Али Токтакунов маанилүү маалымат чыгарды. Ли Куан Юнун жакын досун жөн эле сөз ээрчиген. Ошону кабыл албай койгондо ал барып өзүн-өзү атып алган. Бизде аркасынан ушунча сөз ээрчиди, материалдар чыкты. Анан ошол адам партия менен шайлоого баратканы туура эмес. Буга жол бербеш керек болчу. Анан кантип бийликке элдин ишеними болот? Аны ар кимге, бизге жабыштырып атышат. Аныкы өзүнө кут болсун, мурдуна жыт болсун дейм». Убактысы бүтүп калгандыктан Матраимов боюнча суроого «Кыргызстан» партиясы жооп бере албай калды. Ошондой эле күндүн маанилүү темаларынын бири болгон шайлоочулардын форма №2 тизмеси боюнча «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев менен «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов бийликти сындашты. Жээнчоров: «Кечээ бир партиянын төрагасынын көпөстүк сөзүн уктум. «Кыргыз көчмөн эл болчу» деп». Сулайманов: «Бул бийликтин партиясы утту деген сөз. №2 форма боюнча элдин ичинде жакшы сөздөр көп эмес. Ал эми Мирлан деген ким? Ал жалданма лидер. Тапкан сөзү ошол». «Мекен Ынтымагы» партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков «Кыргызстан» партиясынын лидеринин дебатка келбей койгонун сындап өттү: «Лидерлик - бул жоопкерчилик. Өзүнүн оокатына эсирген «Кыргызстан» партиясынын жетекчиси келиши керек. Келбей койгону партиянын кадыр-баркын түшүрөт». Биз КТРКнын түз эфирде кеткен телетаймашында айтылган урунттуу учурларды гана тизмектедик. «Азаттык» айрым лидерлер айыптаган адамдарга микрофон берүүгө даяр. No media source currently available

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:22

Тажикстанда эл шайлоонун калыс өтөрүнө ишенбейт

Тажикстанда 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого элдин кызыгуусу байкалбайт. Жергиликтүү серепчилер муну талапкерлер ортосунда чыныгы саясий атаандаштыкка таянган күрөштүн жоктугу менен түшүндүрүп жатышат. Тажикстанда президенттик шайлоого эки жумадан аз убакыт калды. Ага беш талапкер катышууда. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарында президент Эмомали Рахмондун расмий иш-чаралары байма-бай көрсөтүлүп, азыркы президент-талапкер менен ат салыша турган башка төрт талапкердин шайлоочулар менен жолугушуулары үстүрт, кыска жаңылыктар аркылуу чагылдырылууда. Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы бардык шайлоо тилкелери даяр экенин, добуш берүүчүлөрдүн тизмелери такталганын билдирди. Бирок учурда мамлекеттик телеканалдарда үстөмдүк кылып жаткан шайлоо жөнүндөгү «жалындуу» сөздөр чыныгы кырдаалга дал келбейт. Анткени тажикстандык шайлоочулар президенттикке талапкерлер кимдер экенин, кандай убадаларды берип жатканын же программалары кандай болгонун билишпейт. «Ким жеңери белгилүү» Комрон - Тажикстандын Улуттук университетинин аспиранты. Ал октябрь айында боло турган президенттик шайлоодон кабардар бар экенин, бирок талапкерлердин программалары жөнүндө эч нерсе билбегенин айтты: «Эгерде Эмомали Рахмон алдыдагы шайлоого катышып жатса анда ким жеңери азыртан эле белгилүү. «Улут лидери» деп аталган адам шайлоодо утулуп калат дегенге ишенбейм. Калган талапкерлер шайлоого катышабыз деп жатат, бирок алардын катышуусу шайлоого таасирин тийгизбейт деп ойлойм». Тажикстандагы шайлоо алдындагы маанай кошуна Өзбекстанда өткөн акыркы президенттик шайлоо менен үндөшүп турат. Анда Өзбекстанда Ислам Каримов каза болгондон кийин анын милдетин аткарып калган Шавкат Мирзиёев президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Ошол кезде серепчилер негизги талапкер саналган Мирзиёевден башка талапкерлер жарышка саясий атаандаштык бар экенин көрсөтүү үчүн гана катышканын айтышкан. Дал ушундай пикирлер учурда Тажикстандагы президенттик шайлоонун айланасында да айтылууда.​ «Көргөзмө атаандаштык» Көз карандысыз серепчи Абдумалик Кодиров тажик бийлиги бул шайлоодо бардык жараяндар мыйзамдын ар бир тамгасына төп келерин баса белгиледи. «Чындыгында телеканалдар бизге шайлоо жөнүндө эмнелерди көрсөтсө, ошону менен гана чектелип жатабыз. Ар ким өзүнүн көйгөйү менен алек. Бул шайлоодон жаңы эч нерсе күтүлбөйт. Бардык талапкерлер бир нече жыл мурун эле белгилүү болушкан. Алар албетте шайлоодо атаандаштык бар экендигин дагы бир жолу көрсөтүүгө аракет кылышат». Абдумалик Кодировдун көз карашында 2013-жылы президенттик шайлоодо оппозициялык блоктон талапкер болгон Ойниxол Бобоназарованын катышканы шайлоо өнөктүгүн бир аз «жандандырган». Андан айырмаланып, быйылкы шайлоо өнөктүгүнүн сценарийи алдын ала даярдалган деп эсептейт талдоочу. Шайлоого солгун мамилени британиялык изилдөөчү Жон Хизершоу тажик элинин саясатташпаган, саясаттан, саясий темаларда сүйлөшүүдөн оолак эл экендиги менен түшүндүрөт. Мындай пикирин ал «Азаттык» радиосунун тажик кызматына берген маегинде билдирген. Ал эми президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр борборунун серепчиси Махди Собир элдин саясий активдүүлүгү шайлоого күчтүү талапкерлердин чыныгы саясий атаандаштык үчүн күрөшүнө көз каранды деп эсептейт. «Азыр 90-жылдардагыдай атаандаштык жок. Жарандык согуш, андан кийинки кыйынчылыктардан, оор турмуштан улам адамдарда мындай саясий окуяларга терс мамиле жаралды. Алар өз жашоосу менен алек болуп, күнүмдүк нан таап жегенге аракет кылып калышты. Чыныгы атаандаштык болгондо гана эл шайлоого кызыга баштайт. Бийлик алмашкыс болсо жарандардан саясий активдүүлүктү күтүүгө болбойт».​ «Жакшы жашоонун айынан шайлоо кызыктуу эмес» Президенттикке талапкер Абдухалим Гаффорзоданын шайлоо штабынын башчысы Наим Зариф «өлкөдө шайлоо алдындагы чыныгы атмосфера жок» деген көз карашка кошулбайт. Анын айтымында, мурунку президенттик шайлоо учурундагы кырдаалга салыштырмалуу азыр өлкөдөгү социалдык маселелердин дээрлик көпчүлүгү чечилгендиктен, эл мурдагыдай активдүү болбой калган. «Көпчүлүк өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө калк өз президентинин атын да билбейт. Бирок бул алардын сабатсыз экендигин билдирбейт. Мамлекет башчысы кандай гана адам болбосун, аларды коомдук жана саясий укуктары сакталары жана саясий окуялар тынчсыздандырат. Балким биздин мамлекетте болуп жаткан ошол эле окуяларга кызыгуунун төмөндөшү, өлкөдөгү жашоо деңгээлинин жогорулашына байланыштуу болсо керек», - деди Зариф. Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт, өлкө президенти жети жылдык мөөнөткө шайланат. Буга чейин Эмомали Рахмон Тажикстандын президенти болуп төрт ирет көпчүлүк добуш менен шайланган. ЕККУ баштаган демократиялык институттар тарабынан Тажикстандагы бир дагы президенттик шайлоо эркин жана демократиялык деп таанылган эмес.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:22

Азыркы кыргызстандык

90 жаштагы Токтокан Эдилбаева жана анын абышкасы Акмат Бейшенбаев коронавирусту жеңип чыкты. Алар өпкөсү кагынып, ооруканада эки жумадан ашык жатышкан. Бул ардагерлердин алгачкы жеңиши эмес. Бирге жашаган 71 жыл ичинде көп кыйынчылыктарга моюн сунушкан жок. Кыргызстанда жыл сайын 1-октябрда Карылардын эл аралык күнү белгиленет. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 1-октябрда Кыргызстандын калкынын сегиз процентин улгайган адамдар түзөрүн кабарлады. Мекеменин Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата жарыялаган маалыматына караганда, өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу жаштагылардын жалпы саны 513 миң адам. Бул сан үч жыл мурдагыга салыштырганда 66 миңге көп.

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:22

«Республика» партиясы тарапкерлерин кысымга алуу, сабоо, өлтүрүү фактылары аныкталганын билдирди

«Республика» партиясы 1-октябрда кайрылуу таратып, «үгүт иштери башталгандан бери өлкөнүн айрым аймактарында партиянын тарапташтарын моралдык жана физикалык кысымга алуу, сабоо жана өлтүрүү фактылары аныкталды» деп билдирди. Партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арстан Туржановдун атынан таратылган кайрылууда 2020-жылдын 29-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районунда партиянын тарапкери Замир Ормон уулу өлтүрүлгөнү айтылат. Анда Туржанов бул кылмыш иши талаптагыдай иликтенбей, мамлекеттик компетенттүү органдар тарабынан үй-бүлөлүк кылмыш катары гана көрсөтүлөт деген кооптонуу бар экенин белгилеген. 29-сентябрда Өзгөндө катталган эки кишинин мушташында бирөө каза болгон. Интернетте тараган маалыматтарда шайлоого катышып жаткан эки партиянын эки үгүтчүсү пикир келишпестиктен улам мушташып кеткени кабарланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» чырдын шайлоого тиешеси жок экенин маалымдаган. Ал 29-сентябрдын түнү алкоголдук ичимдик ичкен эки адам эски пикир келишпестигин эстеп уруша кетишкенин, жанындагылар ажыратып жетишкенче алардын бири экинчисин учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып жибергенин билдирген. Маалыматка караганда бул иш боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. Киши өлтүрүү боюнча шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. Аширбаев маркум «Портер» үлгүсүндөгү автоунаасын «Республика» партиясынын үгүтчүлөрүнө ижарага бергени аныкталганын, кылмышка шектүү адамдын бир да партияга тиешеси жок экенин кошумчалаган. Партия өз кайрылуусунда ошондой эле башка аймактарда да тарапкерлери сабалган, кысымга кабылган учурлар бар экенин белгилеп, Панфилов, Нарын райондорунан фактыларды келтирген. Кайрылууда партия ал фактыларга кылдат көзөмөл жүргүзүп, чара көрүүгө укук коргоо органдарын, Башкы прокуратураны, Борбордук шайлоо комиссиясын чакырган. Аталган тараптар кайрылууга комментарий бере элек. Кыргызстанда 120 орундуу парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия катышууда. (NT)

Подробнее
2 октября 2020 г. 19:24

Сиздин тандоо №4!

Сиздин тандоо №4! «Мекеним Кыргызстан» партиясы добуш сатып алуудагы провакациялык видео тууралуу билдирди ЖМКларда тарап жаткан “Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитатору Кара-Суу районунда добуштарды сатып алууда”, деген карандай калп. Бул көрүнуш атаандаштардын жасаган провокациялык иш-аракеттери. Жергиликтүү Ички иштер башкармалыгы жагдайлар тактала электен мурда эле "Мекеним Кыргызстан" партиясына белгисиз адамды бекитүүнү чечкен. “Мекеним Кыргызстан” партиясын атайын каралаган, чуулгандуу видеотасма боюнча өзүбүз териштирүү иштерин жүргүздүк. Жыйынтыгында видеодогу жаран “Мекеним Кыргызстан” партиясына эч кандай тиешеси жок болуп чыкты. Тактап айтканда, тасмадагы жаран өзү, же болбосо тууган-туушкандары дагы партиянын агитатору же мүчөсү болгон эмес. Андыктан “Мекеним Кыргызстан” партиясы бардык тараптан мындай өңүттөгү жалган жана чагымчыл маалыматтарды жарыялоодон мурун анын чоо-жайын, чын-төгүнүн текшерип чыгууга чакырабыз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы ар дайым таза жана шайлоодо технологияны жаман ниетте колдонбостон, жоопкерчилик менен мыйзамга ылайык иш жүргүзүп келген. Биз жасаган ишибизге жоопкерчилик алып, жасалган иштерге кепилдик беребиз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы ар бир кыргызстандыкка ийгилик каалайт! Сиздин тандоо №4. “Мекеним Кыргызстан” партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты! ** Партия «Мекеним Кыргызстан» №4: Видео о подкупе - грязная ложь и провокация! Сообщения в СМИ о том, что агитатор от партии «Мекеним Кыргызстан» подозревается в подкупе избирателей в одном из сел Кара-Сууйского района - грязная ложь и провокация со стороны определенных политических групп и конкурентов. Местное отделение внутренних дел еще до выяснения всех обстоятельств решило приписать неизвестное лицо к партии «Мекеним Кыргызстан». Мы провели собственное расследование по выяснению всех причин и обстоятельств появления данного скандального видео, направленного на очернённые партии «Мекеним Кыргызстан». Нам удалось выяснить, что лицо, которое фигурирует на видео не имеет никакого отношения к нашей партии. Ни он, ни его родственники не являются ни членами, ни агитаторами нашей партии. В очередной раз призываем все стороны прежде, чем обнародовать подобную лживую и провокационную информацию проверять ее достоверность. Партия «Мекеним Кыргызстан» всегда выступала за честные и конкурентные выборы без использования грязных технологий и в строгом соответствии с действующим законодательством. Мы гарантируем и берем полную ответственность за нашу работу

Подробнее
2 октября 2020 г. 0:23

Шайлоодон кийин тынч болушун каалайм! Боронов партияларга кайрылуу жасады

Өкмөт башчы Аравандагы окуяны кошпогондо үгүт иштери чагымчылдыкка алдырбай тынч өтүп жатканын белгиледи.БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Шайлоо күнү, 4-октябрда жана андан кийин да баары тынч болушун каалайм. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде партияларга кайрылып жатып билдирди. Сөзүнүн башында өкмөт башчы Аравандагы окуяны кошпогондо чагымчылдык иштерге алдырбай, үгүт иштерин тынч өткөрүүгө салым кошкону үчүн партияларга жана алардын тарапташтарына ыраазычылыгын айтты. Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу "Өкмөттүн милдети – элибиздин коопсуздугу, коомдук тартипти камсыз кылуу, шайлоону тынч өткөрүүгө шарт түзүү. 4-октябрдан кийин партиялар бири-бириңиздерге өз ара сый-урмат менен мамиле жасап, коомду дүрбөлөңгө салбай, шайлоонун жыйынтыгын таанууда саясий эрктүүлүктү көрсөтүүгө чакырам. Пандемиянын шарттарында баарыбыз коомубуздун дестабилдешүүсүнө жол бербешибиз керек", — деди Боронов. Ошондой эле ал шайлоону өткөрүүгө бардык структуралар даяр экенин белгиледи.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники