О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 2:36

Шайлоо 2020. Турсунбай Бакир уулу БШКга арызданды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн БШКга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, катта арыз ээси саясий уюмдун тизмесин каттоодон өткөрбөөнү талап кылат, анткени ал бурмаланган. Турсунбай Бакир уулу партиянын курултайында депутаттыкка талапкерлердин кезектеги тизмеси бекитилгенин, бирок бир күндөн кийин Адахан Мадумаров жана башка мандат талапкерлери — Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын убактылуу токтотконун Өмүрбек Суваналиевдин жана депутаттыкка талапкер Муратбек Малабаев — тизмени өзгөртүп, Турсунбай Бакир уулун 18-орундан 22-орунга жылдырып, андан кийин толугу менен чыгарып салган. «Бул шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат. Саясий ассоциациянын курултайында жашыруун добуш берүү менен бекитилген тизмени өзгөртүү мүмкүн эмес ”, — деп экс-парламент депутаты арызда көрсөткөн. Ал катка “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курултайынын протоколунун көчүрмөлөрүн, курултайда кабыл алынган тизменин баштапкы вариантын жана партиянын чогулушун видеотасма менен тиркейт. Эскерте кетсек, Турсунбай Бакир уулу сотко кайрыларын айткан. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин шайлоо мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин текшерет жана каттайт же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат. Текшерүү мыйзам менен бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун пайдалануу менен жүргүзүлөт. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн шайлоо COVID-19 пандемиясы учурунда өткөрүлөрүн түшүндүрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» дагы бир маек куруп, алдыдагы парламенттик шайлоо коронавирус пандемиясы учурунда эмне үчүн өтүп жаткандыгын түшүндүрдү.Мамлекет башчысынын айтымында, саясий чөйрөдө бул шайлоону азыркы шартта өткөрүүнүн кажети барбы же жокпу, кызуу талкууланды. Маалыматка караганда, туруктуу иштеген мыйзам чыгаруу органы жана аткаруу бийлиги керек. Алардын кандайча иштеши бул башка маселе, башка талкуунун предмети. “Мамлекетти өнүктүрүү, элдин күнүмдүк социалдык-экономикалык талаптарын аткаруу үчүн бийликтин бардык бутактары туруктуу иштеши керек. Бул мамлекеттин туруктуулугуна жана келечегине байланыштуу. Азыр өлкө шайлоо жараянынын жигердүү фазасына өтүп жатат деп айта алабыз. Демек, шайлоого катышууну көздөгөн саясатчыларга дагы чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Биздин саясатчылар муну унутпашы керек, өз жоопкерчилигин сезиши керек ”, — деди Сооронбай Жээнбеков. Сооронбай Жээнбековдун айтымында, өз укуктарын мыкты билген, бирок коом алдындагы милдетин такыр унуткан же билгиси келбегендер көп. Президент бардык партияларды саясий жоопкерчиликке, мекендештерин саясий жактан бышып жетилүүгө чакырды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Кыргызстандагы шайлоого эл аралык 50 байкоочу көз салат

БШКнын төрайымы Нуржан Шилдабекова КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Башкы катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиев менен жолугушуп, өлкөдө боло турган парламенттик шайлоону талкуулады.Нурбек Сатвалдиев узак мөөнөттүү мониторингдин алкагында негизинен КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин мүчөлөрү болгон эл аралык байкоочулар Кыргызстандын аймактарын кыдырып, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын иши менен таанышып, саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушаарын билдирди. Жалпысынан 50 байкоочу жиберилет. Алар Санкт-Петербург, Москва, Минск жана Баку шаарларындагы чет элдик участкалык шайлоо комиссияларынын ишине көз салышат.Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

Подробнее
4 сентября 2020 г. 20:35

Бүгүн Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери расмий түрдө башталды.

Бүгүн Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери расмий түрдө башталды. Биздин баштапкы чекит Талас шаары болуп, шайлоочулар менен биринчи жолугушуу болуп өттү. Колдоп, ишеним артканыңыздар үчүн баарыңыздарга рахмат! **** Сегодня официально началась агитационная кампания выборов в Жогорку Кенеш. Нашей отправной точкой стал г. Талас, где прошла первая встреча с избирателями. Благодарим всех за поддержку и веру в нас!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

БШК “КЫРГЫЗСТАН” ПАРТИЯСЫН ЖАРЫШТАН ЧЕТТЕТТИ

Парламенттик шайлоо нун алдында БШК “Кыргызстан” партиясын жарыштан четтетти. Бул шайлоо нун фаворити болот деп айтылып жаткан партиянын тизмеден күтүүсүз чийилиши учурдун талкуу жараткан окуясы болууда. 2 АДАМ ТАПШЫРГАН 1 ДОКУМЕНТ Мыйзамга ылайык, шайлоо го аттанган партиялар 24-август күнү саат 18:00гө чейин шайлоо күрөөсү жана талапкерлеринин тизмеси тууралуу документти Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек эле. 24-август күнү кечинде маалымат айдыңына “Кыргызстан” партиясы документ тапшыруудан кечигип калды” деген маалымат желдей тарады. Жарандык активисттер, айрым саясий партиялардын өкүлдөрү БШКдан расмий жооп талап кылышты. БШКнын партиядан келген документтерди каттаган журналында “Кыргызстан” партиясы тапшырган убакыт саат 17:59 деп жазылганын көрүүгө болот. Көпчүлүктө БШКга “Кыргызстандын” документтерин эркек киши алып келип, аталган журналга партиянын өкүлү деп аял кишинин фамилиясы жазылып калганы да суроо жаратты. “ЭРЕЖЕ БУЗУЛГАН” Эртеси 25-августта БШК аталган партиянын шайлоо го катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды. Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Кыргызстандын” документин БШКга алып келген адамда ишеним кат болбогонун айтат. “Мыйзамда документтерди партиянын атынан ишенимдүү өкүл тапшырат деп так жазылган. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн статусу абдан жогору, бул маанилүү жагдай” ,- деди төрайым. Партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Абилдиева ден соолугуна байланыштуу документтерди өзү алып келе албаганын айтууда. БШКнын айрым мүчөлөрү “Кыргызстандын” тапшырган документтери деле толук эмес экенин белгилешти. АЛДЫДА СОТТОШУУ КҮТҮҮДӨ 25-августта “Кыргызстан” партиясы билдирүү жасап, БШКнын чечимине макул эместигин билдирди. Партия лидери Канатбек Исаев “Кыргызстан” тарабынан мыйзамдын нормасын бузуу болбогонун айтат. “БШК бул чечим шайлоо нун жүрүшүнө канчалык деңгээлде таасир этерин эске алып, кайра чечим кабыл алышы керек. Бул добуштарды сатуу, чектен чыккан үгүт иштери сыяктуу аракеттер эмес. Бул техникалык ката, шайлоо процессине эч кандай таасир тийгизе албайт. Бул миңдеген шайлоо чулардын укугун тебелөө жана партияны тизмеден алып салуу аракети”, - деп билдирди. Исаев “БШКнын бул чечими айрым саясий партиялардын жана жеке адамдардын басымы астында кабыл алынды” деген пикирде. Партия бул окуя боюнча БШК менен соттошууга камынууда. 2015-жылкы шайлоо до 3-орунду алып, парламентке өткөн партиянын саясий тагдыры сот чечиминен көз каранды. Сот БШКнын чечимин туура деп тапса, партия быйылкы шайлоо го катышуу укугунан ажырайт. ШАЙЛОО ГО 15 ПАРТИЯ КАТЫШУУГА ДАЯР Быйылкы парламенттик шайлоо го катышууну көздөгөн 44 партиянын ичинен 15и калды. Бул тууралуу БШКнын маалыматында айтылат. Ар түрдүү себептерден 29 партия шайлоо го ат салышуудан четтетилди. 26-августка карата жарышка түшүүгө 15 партия даяр. Ал эми “Кыргызстан” партиясынын тагдыры БШКга документ тапшыруу иштери боюнча сот чечимине жараша белгилүү болот. Жарышка түшүүгө даяр партиялар: "Биримдик", "Бир бол", "Мекеним Кыргызстан", "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Ата Мекен", "Мекенчил", "Замандаш", "Социал-демократтар", "Реформа", "Чоң казат", "Ыйман нуру", "Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын партиясы", "Ордо" жана "Мекен ынтымагы". 3-сентябрга чейин БШК партиялардын талапкерлеринин тизмеси боюнча документтерди текшерип чыгат. 4-сентябрда үгүт кампаниясы старт алып, шайлоо 4-октябрь күнү өтөт. Жолдубек Качкынбаев politika@super.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ КИМДЕР БАРАТАТ?

4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоо го аттанган саясий партиялар талапкерлеринин тизмесин жарыялашты. Ким кайсы партия менен баратат? Жол баштап, элди ээрчите турган лидерлер кимдер? Келиңиз, үңүлүп көрөлү. “БИРИМДИКТИН” ТИЗГИНИ 32 ЖАШТАГЫ ЖИГИТТЕ Жаш, элге таанымал лидерлерди тизменин алдынкы сабына коюу – партиялар үчүн тренд болууда. “Биримдик” партиясын 32 жаштагы Акылбек Жамангулов баштап баратат. Жамангулов 2015-жылкы шайлоо до Жогорку Кеңешке “Республика-Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2017-жылдан бери “Мегаком” компаниясынын жетекчиси болуп иштеди. Жылдызы “жарк” деген учур 2019-жылга туш келет. Экс-премьер Мухамедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин аты аталган чуулгандуу окуяны коомчулукка ачыктап, элден жылуу пикирлерди уккан. Экинчи сапта экс-депутат, мурдагы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров баратат. Кочкоров 5-чакырылышта өзүн жакшы көрсөтүп, 3 жыл мурун президенттик жарышта да ат салышкан эле. “Мен 2017-жылы президенттикке талапкер катары сунуштаган идеяны “Биримдик” өз программасына негиз кылып алды” дейт Улукбек мырза. Алдынкы саптарда Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, учурда вице-спикер Аида Касымалиева, депутаттар Евгения Строкова, Марат Аманкулов, Айбек Алтынбеков жана Бакирдин Субанбеков, Ош шаардык кеңешинин вице-спикери Сухбатила Мирзаев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун кызы Нурзат Осмонова бар. Жаңы жүзчү десеңиз, ишкер Улан Бакасов, көк бөрү боюнча Кыргыз улуттук курамынын мурдагы жетекчиси, белгилүү балбан Канат Бегалиевдин агасы Талас Бегалиев тизмеде ондун бири. Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков да “Биримдиктин” тизмесинде экени айтылат, бирок маалымат расмий ырастала элек. ЖАҢЫ ЖҮЗДӨРҮ КӨП “БИР БОЛ” 2019-жылдын этегинде “Ата Мекенден” кеткен Алмамбет Шыкмаматов шайлоо го “Бир бол” партиясын баштап жөнөдү. Экинчи сапта юрист, партиянын съездинде гүлдүү байпагы менен талкууга түшкөн Жоомарт Жолдошев болсо, ондукту Алтынбек Сулайманов өзү жабат. Тизмеде депутат Дүйшөн Төрөкулов да бар. “Бир болдун” курамын учурда камакта жаткан Сапар Исаковдун премьер кезиндеги кеңешчилери “көркүнө” чыгарууда. Исаковдун экс-акыл кошчулары Гүлнура Төралиева 12-катарда, Эсен Момункулов 15-сапта талапкер. Партия дикторлорсуз өзүн ыңгайсыз сезет өңдүү. 2015-жылкы шайлоо до “Бир бол” диктор Лунара Мамытованы алдынкы катарда талапкер кылса, бул жолу топ 20га диктор Чынар Капарова кирди. Алдынкы жыйырмалыкта коомдук ишмерлер Руслан Акматбек, Советбек Рустамбек уулу, Нурсултан Кубанов, Мирбек Асангариев сыяктуу жаңы жүздөр басымдуулук кылса да, партия экс-депутат, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев өңдүү “эскилерден” дагы куру эмес. ЧЕЧЕНДЕР ЖОЛ БАШТАГАН “АТА МЕКЕН” “Ата Мекенди” быйылкы шайлоо го журналист-депутат Жанар Акаев баштап баратат. Партияны 30 жылдай жетектеген Өмүрбек Текебаев лидерликти Акаевге өткөрүп бердим деп жарыялады. Текебаев өзү шайлоо го катышпайт, Атамбаевдин тушунда башталган соттук иши аягына чыга элек. Тизмеде экинчи сапка ишкер Тилек Токтогазиев, үчүнчүгө уйкаштырып сүйлөөнүн устасы, 6-чакырылышта Алмазбек Атамбаевдин партиясынан депутат болгон Рыскелди Момбеков турду. Алдынкы ондукта парламент депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко, Абдывахаб Нурбаев, экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров, Эсептөө палатасынын аудитору Акылбек Түмөнбаев жана башкалар бар. “Ата Мекендин” улуу мууну “жаштарга жол бошоттук” деп шайлоо го катышпаганы менен, алардын жакындары жарышка түштү. Тизмеден “Ата Мекенди” түптөгөндөрдүн бири Дүйшөнкул Чотоновдун кызы Турсунбүбү Чотонованы, экс-спикер Абдыганы Эркебаевдин уулу Азат Эркебаевди , Садык Шернияздын бир тууганы Абылкасым Шерниязовду көрүүгө болот. ЖАШТАРГА БАСЫМ ЖАСАГАН “МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН” 2015-жылкы парламенттик шайлоо до “Өнүгүү-Прогрессти” жеңишке жеткиргендердин бири – вице-спикер Мирлан Бакиров “Мекеним Кыргызстан” партиясын жетектеди. 10 жылдык депутаттык тажрыйбага ээ Бакировдун саясий салмагы ушул шайлоо до сыналат. Алдынкы саптарда Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары Улан Садалиев, элчи Ибрагим Жунусов, белгилүү журналист Элнура Алканова, парламенттин 6-чакырылышынын депутаттары Марлен Маматалиев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов, Табалды Тиллаев, Гүлкан Молдобекова, Дене тарбия жана спорт агенттигинин мурдагы жетекчиси Канат Аманкулов, Бишкектин мурдагы вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев, Финансылык чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчиси Гүлмира Шакирова жана башкалар бар. Талкуу, кызыгуу жаратканы – “Ата Журт” партиясынын лидери, экс-спикер Ахматбек Келдибековдун “Мекеним Кыргызстанды” тандаганы болду. Келдибеков 14-катарда талапкер. Ал эми “Бирик” партиясынын лидери, жаш муун ишеним арткан Кылыч Исамамбетов, Өмүрбек Текебаевдин мурдагы юристи, Атамбаевдин тушунда “каардуу” мамлекеттик машинага каршы турган адвокат Канатбек Азиз алдынкы жыйырмалыкта жарышка аттанды. ИШКЕРЛЕРГЕ ИШЕНИМ АРТКАН “ЗАМАНДАШ” “Замандаштын” талапкерлеринин сап башына партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов турду. Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев 3-катарга, аталган партиянын түптөөчүсү, маркум Мухтар Өмүракуновдун жубайы Чынара Шейшекеева 4-катарга, парламенттин 6-чакырылышында “Республика-Ата Журт” партиясынан депутат Умбеталы Кыдыралиев 5-сапка, учурда парламентте “Ата Мекендин” депутаты болуп турган Айсулуу Мамашева 8-сапка жайгашты. Алдынкы ондуктагы 4 талапкер ишкерлик менен алектенгендер, коомчулукка таанымалы өлкөдөгү курулуш компаниялардын биринин жетекчиси Имамидин Ташов . “Замандаштын” катарынан мурдагы башкы-прокурор, 7-Апрель окуясынан кийин соттолуп жаза мөөнөтүн өтөп чыккан Эльмурза Сатыбалдиев да бар. P . S .: Калган партиялардын талапкерлери менен кийинки сандарда тааныштырабыз.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

АТАКТУУЛАР 1-КЛАССКА БАРГАНДА...

Атасын же апасын ээрчип, колуна гүл көтөрүп алып биринчи жолу мектеп босогосун аттаган толкундантчу көз ирмемдер... Азыр биз 1-сентябрды ушундай элестетебиз. Бирок улуу муундагы ага-эжелерибиздин эсинде мектеп босогосун аттаган алгачкы күн башкача сакталыптыр. Андагы сезимдер да, адамдар да башкача экен. Атактуулар менен бирге алардын 1-класска барган учурун эстедик. Назира Мамбетова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “БАЛДАРДЫ УРУП, ЫЙЛАТЫП КОЙЧУМУН” – Мен 1955-жылы мектеп босогосун аттадым. Ата-энем мал багып, жайлоодо элек. Жайлоодон келип гүлдүү көйнөк, анын үстүнөн чыптама, чүпүрөктөн тигилген гүлдүү баштык, кытайдын жылтыраган батинкесин кийип алып мектепке барганым эсимде. Чачым тармал болчу. Анысы аз келгенсип эркектердикиндей кыска кыркып салышкан. Мектепке мени байкем ээрчитип барган. Алып барды да, классымды көрсөтүп, “сен бул класска киресиң” деп койду. Өзү 2-класста окуйт эле, өзүнүн классына кетип калды. Мен тың, ачык, шайыр кыз болчумун. Таанысам да, тааныбасам да бардык адамдар менен сүйлөшүп кетер элем. Өтө тентек окуучу болдум. Балдарды уруп, ыйлатып койчумун. Муну классташтар азыр да эстеп күлүшөт. Классташтарыбыз менен 4 жыл мурун жолугушуп, мектепти аяктаганыбыздын 50 жылдыгын чогуу белгиледик. Айрымдары мени тааныбай калышыптыр. Бири мени көрүп “тың аял экен. Ушул кафенин кожойкеси окшойт” дептир (күлүп) . “Ал Назира” дешсе, таң калышыптыр. Мектептеги учур сонун болчу. Абдылда Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “БУТУМДУ ООРУТУП АЛЫП 1-СЕНТЯБРДА МЕКТЕПКЕ БАРБАЙ КАЛГАМ” – Мен Токтогулдагы Толук орто мектебинде окудум. Биринчи класска барарда биз жайлоодо болчубуз. Атам жылкычы болчу. 1-сентябрга жакын жайлоодо чуркап жүрүп, бутумду ташка уруп оорутуп алып мектепке барбай калгам. 2-3 күндөн кийин же бир жумадан кийин барсам керек. Мектепте тентек элем. Кыздардын чачын партага байлап, бир буюмун катып коюп, партадан партага секирип эле жүрчүмүн. Тентектикти мугалимдер жок кезде кылчубуз. Ал кезде агайды, эжейди укпай коюу деген жок болчу. Агайлардан токмок жечүбүз. Бирок аны үйгө айтып барсак, үстүнө дагы токмок жейт элек. Мугалимге каяша айтылчу эмес. Азыр бир нерсе болсо эле ата-эне кошо видеого тартып, интернетке чыгарып, мугалимдерди каргап-шилеп жатышпайбы. Дагы эсимде калганы – бизди “кол жазмаңар бузулат” деп азыркыдай кадимки калем сап менен эмес, сыя калем менен жаздырышчу. Калемди сыяга малып жазчубуз. Ойлоп көрсөм, тескерисинче, ошондон кол жазма бузулмак экен, такыр ыңгайсыз эле. Оозу-башыбыз, көйнөгүбүз сыя болуп эле жүрчүбүз. Анын бурап коймой оозу да жок. Оозуна кагаз тыгып алчубуз. Чуркаганда сыя төгүлүп калчу. Сабакты 4-класска чейин жакшы окудум. Андан кийин оюнга, башка нерселерге алаксып, сабакка көңүл бурбай калдым. Алина Жетигенова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АТАМ ЖОНУНА КӨТӨРҮП АЛЫП БАРГАН” – Мен 1972-жылы мектеп босогосун аттадым. 1-сентябрда атам (ред.: чоң атасы) жонуна көтөрүп алып мектепке алып барган. Атам мени минтип 3-класска чейин мектепке көтөрүп алып барып, көтөрүп алып келип жүрдү. Анда да атамды “чачыңды өстүрбөйсүңбү, чачыңдан кармап алат элем” деп урушчумун. Атам таз болчу. 3-класста кыздар шылдыңдаганда гана бул адатымды койдум. 1-класска барарда мага форма кийгизе албай убара болушкан. Ага чейин эркек балдар менен ойноп шым кийип жүрө берип, көйнөккө көнбөй калыптырмын. “Кийбейм” деп ыйлаган элем. Анда мектеп формасы күрөң, чатыраш көйнөктөр болчу. Мектепте жакшы окудум. Бирок эрке болчумун. Бирөө тийишсе, урушса атамды ээрчитип бара берчүмүн. Мугалимдер да “Алинага тийбегиле. Жанынан катуураак өтүп кетсең эле атасын ээрчитип келет” дешчү. Алгач Талас районундагы Арал айылында Дайыр Асанов атындагы орто мектепте, 5-классымдан баштап Бишкекке келип окудум. Бул жакта сабактар орусча болгондуктан жакшы окубай калдым. Кийин 10-классты Талас шаарынан аяктадым. Канча мектепте окусам да айылдагы классташтарым менен бир туугандай мамилени сактап калдык. Жолугуп турабыз. Мектеп мага аябай кызыктуу болчу. Күндө майрамга бараткандай маанай менен барчумун. Шайлоо бек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны: “БИЗДИ МЕКТЕПКЕ АТА-ЭНЕБИЗ ЭЭРЧИТИП БАРЧУ ЭМЕС” – 1957-жылы Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинин босогосун аттагам. Азыркыларды ата-энеси коштоп, колуна гүл көтөртүп алып барат эмеспи. Биздин учурда биринчи класска көчөдөгү балдарга кошулуп алып эле “окуйбуз” деп барчубуз. Мени да портфелимди колума карматып, көчөдөгү балдарга кошуп жиберишкен. Анда мончо жок. Үйдөн жуунтуп, чачымды алып, жаңы кийим кийгизип жөнөтүшкөн. Кийин ойноп жүрүп эле жылаңаяк мектепке кирип барган күндөрүбүз болду. Эстесем, анда сентябрь айында күн жылуу болчу. Жылаңаяк жүрө берчүбүз. Агайыбыз ат менен келип, атын мектептин жанына байлап койчу. Агайлардын урганы да, тилдегени да бар эле. Азыр биз ошону сагынабыз. Анда агай-эжейлердин кадыр-баркы бир укмуш болчу. Азыр мугалимдерди киши катары көрбөй жатабыз. Анда билимге деген талап катуу болчу да. Бир класстан көчпөй калса, окуучу ошол классты кайталап окучу. Азыр окуучулар сабакка телефон менен кирип жатышпайбы. Ошого да тыюу сала албаган кандай мамлекетпиз? Баары мектептен башталат, эң алгач мектепке көңүл бурулушу керек.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Мирбек Атабеков: “БИР ДАГЫ ПАРТИЯНЫН КУРАЛЫ ЭМЕСМИН”

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Кыргыз өлкөсүнүн Эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабеков депутаттыкка талапкер болот деген маалыматтар тараган. Буга байланыштуу Мирбек Атабеков өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу элге төмөнкүчө видео кайрылуу жасады: – “Мирбек Атабеков депутаттыкка талапкерлигин коюп жатат, депутаттыкты эмне кылат?” деген ар кандай талкуулар жүрүп жатат. Мен бир дагы партиянын тизмесинде жокмун. Саясатка кызыкпайм, өзүмдү келечекте саясатчы катары көрбөйм деп башынан эле айтып келем. Ошол эле позициядамын. Ал эми жалган маалыматтарды таратып, ой-пикир чубаштырган адамдарга рахмат. Демек, сиздер мени депутат катары көргүңүздөр келет экен. Кечирип коюңуздар, тилекке каршы, сиздердин үмүтүңүздөрдү актап депутат боло албайм. Мен бир гана элимдин, күйөрмандарымдын астында көз карандымын. Бир дагы партиянын куралы эмесмин. Мени каралап жаткандар SMM адамдарынан түзүлгөн, 1 адам 10 аккаунт ачып алган боттор. Ал эми жакында ырдап чыкканым тууралуу айта кетсем, мени партиянын иш-чарасына гимндин автору катары чакырышкан. Ырчылык милдетимди аткарып келдим. Бул шайлоо го байланыштуу бир дагы партиядан акча алган жокмун. Саясаттын оюндары ушунчалык начар, сасык экенине биринчи жолу күбө болуп жатам.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

“АТА ЖУРТ” ПАРТИЯСЫ ШАЙЛООГО “МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН” МЕНЕН БАРАТ

19-августта “Мекеним Кыргызстан” партиясынын съезди өттү. Жыйынга аталган партиянын туусу алдында шайлоо го аттанган “Ата Журт”, “Бирик” жана “Табылга” партияларынын лидерлери да катышты. “Мекеним Кыргызстандын” төрагасы Мирлан Бакиров Кыргызда демократиялык принциптер маанилүү экенин белгилеп, саясий партияларды ыплас жол менен эмес, программалык негизде күрөшүүгө чакырды. Расмий маалыматка таянсак, талапкерлердин тизмесин түзүүдө “Мекеним Кыргызстан” жаштарга басым жасады. Бакиров партиянын программасынын негизги максаты – өнүккөн базар экономикасы бар социалдык багыттагы мамлекет куруу жана өлкөнүн ар бир жаранынын жашоосун жакшыртуу экенин айтты. Айта кетсек, 18-августта Ахматбек Келдибеков башында турган “Ата Журт” партиясы “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулганы жарыяланды. “Ата Журт” партиясы 2010-жылкы парламенттик шайлоо до 1-орунду, 2015-жылкы шайлоо до “Республика” партиясы менен бирге 2-орунду ээлеген. Буга чейин “Мекеним Кыргызстан” партиясына “Бирик” жана “Табылга” партиялары да кошулган. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Айнура Салахидинова, ырчы: “АГАЙЛАРЫМ МЕНИН ЭСТРАДА ЫРЧЫСЫ БОЛГОНУМА КАПА”

Кыргыз эстрадасында чыгармачылыгы, өзү да бир калыпта жүргөн, эч кандай хайпка, чыр-чатакка аралашпаган ырчы кыз бар. Ал – Айнура Салахидинова. Ачык мүнөз ырчы жеке жашоосу, ырчылыгы, капалыгы, үмүтү менен бөлүштү. – Кандайсыз, Айнура айым? Элде тойлор боло баштады. Жашоо мурунку калыбына келе баштагандай сезилип жатабы? – Ооба, жай турмушка кайтып келе жаткандай болуп турабыз. Бул кубандырат. Бирок, тилекке каршы, көптөгөн оор жоготуулар болду. Ар бир үй-бүлөдө ооругандар болду, айрымдар жакын адамдарын жоготушту. Аларды эстегенде жашоо баары бир мурдагыдай болбой тургандай сезилип жатат. Анткени өтүп кеткен адамдардын орду толбойт. Көп өлүм катталып жаткан маалда мен да катуу депрессияга түштүм. Эч нерсе кылгым келбей, эч ким менен сүйлөшкүм келбей калды. Эл кыйын күнгө кабылганда үйдө тынч жата албай, колумдан келишинче кайрымдуулук иштерин жасадым. ГИВ оюнун өткөрүп, түшкөн каражатка керектүү дары-дармектерди Орусиядан алдырып, тараттык. Бооруң ооруй турган учур болду, муктаждар түндөп да, таң атпай да дары издеп үйгө чейин келип жатышты. Ошол учурда да ортодон пайда көргүсү келгендер чыкты. Клексан деген дары 31 миң сомго чейин сатылганын уктум. Ал 2800 рублдук дары экен. Мындан тышкары кошуналар менен бирге тамак жасап, врачтарга, бейтаптарга тараттык. – Азаматсыз! Чыгармачылык менен алек болууга убакыт болдубу? – Карантин учурунда эмес, ага чейин 3 клип тартканга жетиштим. Байкасам, былтыр бир гана клип тарткан экенмин. Быйыл клип тартууга көп көңүл бурам деген максат койгом. Ошол оюмду ишке ашырып жатам. Жаңы ырларга да күбө болосуздар. Чыгармачылык токтоп калган жок. Өз нугунда уланууда. – Чыгармачылыгыңыз дайыма бир калыпта. Ырларыңыздын стили, клиптериңиз окшош. Баарын өзгөртүп, такыр башкача имидж менен башка жанрдагы ырларды ырдап чыгып, башка бийиктиктерге чыккыңыз келген учур болобу? – Сулуулук салондорунан, дизайнерлерден “имиджиңизди өзгөртөлү” деген көп сунуш болот. Бирок такыр башка Айнура болуп алууга жан дүйнөм жол бербейт. Мен тескерисинче мындан ары чачымды да башка түскө боёбогон, кирпик чаптабаган, көп боёнбогон Айнура болууну чечтим. Тойлорго же эфирлерге барганда гана салонго барып боёном. Мен Искусство институтунун фольклор жана элдик музыка бөлүмүндө окугам. Мага билим берген агайларым эстрада жанрында ырдап жүргөнүмө капа болушат. Чоң өзгөрүү эмес, фольклорго жакын эстрадалык багытта жүргөнүм агайларыма ушундай таасир берип жатат. Рэп окуп же рок ырдап кетсем аларга катуу тийсе керек. Жолуккан жерден “комузду унутуп калдың” дешет. Өзүмдүн да жан дүйнөмдө фольклор жашайт. Мындан тышкары менин күйөрмандарымдын көпчүлүк пайызын улуу муундагы эже-байкелер түзөт. Алар дайыма “саксаңдаган ырларды ырдай көрбө, узун көйнөгүңдү чечпе ” деп турушат. Кайненем да ушул сөздү көп айтат. Кайненем биз баш кошордо уулуна “ырчынын эри көп болот, эмне кыласың?” деп каршы болгон экен. Бирок азыр мени колдойт. Ар бир маегимди окуп, кайсы эфирге барсам, баарын көрөт. “Кайсы жакка маекке барсаң мага айтып кой” деп калат. Айтпай койсом таарынат. Күйөрмандарымды сыйлайм. Имиджимди өзгөртүп же башка жанрда ырдоо оюма деле келбейт. – Амбициялуусузбу? – Бирөөдөн ашып кетейин, эң мыкты болоюн дебейм. Шүгүр кылам. Эл катарында өз ишимди кылып жүрө бергим келет. – Балдарыңыз тууралуу айтып бербейсизби? Социалдык тармактагы жеке баракчаңызда кызыңызга эзилип жазган билдирүүлөрүңүз көп... – Мен турмушка чыга электе эле кыз балага эзилип, кыздуу болгум келе берчү. Улуу кызым айына жетпей төрөлүп, 5 эле күн жашап чарчап калган. Ага арнап кийимдерди даярдап койгон элем, атын да атап койгонбуз. Ошондо депрессия болгом. Кудайга шүгүр, кайра 1 жылдан кийин уулум төрөлдү. Экинчи уулум төрөлөрдө кыз болсун деп күткөм. УЗИден бир канча жолу кыз көрүнгөн. Төрөткө жакындаганда УЗИ доплерге түшсөм, эркек дешти. Чынын айтайын, маанайым түшкөн. Бирок Кудайга ыраазымын, сонун уул берди. Андан кийин кыз да келди. Айкеним азыр үйдүн кичүүсү, таттуусу. Атасы менен кызы аябай жакын. Кээде мени карабай койсо кадимкидей кызганып кетем. Аман болушсун. – Инстаграмда үй-бүлөлүү аялдарга кеңештерди чыгарып каласыз. Ошол жакта “күйөөнүн алдында дайыма жасанып жүрүңүз” деген пункт бар экен. 3 балалуу айым катары айтсаңыз, дайыма жасанып жүрүүгө жетишсе болот бекен? – Ал кеңештер мага WhatsApp`тан келет, ошону жарыялап коём. Мактангандай болуп калбайын, бирок мага “кантип жетишесиң?” деп баары таң калышат. Үйгө, жумушума, балдарды караганга, баарына жетишем. Айрымдар “үй кызматчың барбы?” деп сурашат. Жок, өзүм эле кылам. Кээде сиңдилерим келип жардам беришет. – Ошол кеңештердин арасындагы “сүйүү бара-бара солгундайт дегенге ишенбегиле” деген сүйлөмгө да көзүм түштү. Ошондо сиздердин сүйүүңүздөр жыл санап күчөп жатабы же жубайлар бири-бирине жөн гана көнүп калышат бекен? – Жөн гана көнүп калуу болсо, анда ал адамды кызганбайсың деп ойлойм. Мен жолдошумду аябай кызганам. Бирок кызганганга такыр себеп жок. Азыр деле карыганыбызды билбей, бири-бирибизге эркелейбиз. Жаңы үйлөнгөндө “ашыгым, гүлүм” деп эркелетчү эле. Азыр антип эркелетпей калды. Кээде гана “жаным” дейт. Мен болсо баскан-турган сайын “жаным”, “мамалак” дей берем. Ал “чындап сүйгөн адам улам-улам “сүйөм, жаным” деп айтпайт. Антип айта берген жөн гана пиар” дейт. Мен болсо “аял киши кулагы менен сүйөт, айтып туруңуз” деп таарынам. Бирок телефонуна мени “айым” деп сактап алган. Мындай нерселер да жагымдуу. – Аял күчтүү болушу керекпи? – Аял акылдуу, ийкемдүү болушу керек экен. Көп жылдап өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдан жана тааныш, туугандардын мамилелеринен көрүп үйрөнгөнүм ушул. Апам бизге дайыма “ унчукпаган киши тоодой балээден кутулат. Унчукпагыла” деп айта берет. Ошол туура экен. Эркек киши үй-бүлөнүн башчысы да, ийилип коюш керек экен. Үйдө эркек күчтүү болушу керек. – Айрым учурда эркек дагы ийилиши керекпи? – Аял ийилип койсо, эркек аны ошончолук сыйлайт. Башында мен ийиле албай, уруштар, таарынычтар болчу. Жолдошумдун 5 ага-иниси, бир эжеси бар. Бир ирет мага “Айнура, менин жашоомдо эки ханыша бар. Алар – апам жана эжем. Ушул адамдардын сөздөрүн мыйзам деп кабыл алып, алардыкы туура эмес болсо да туура деп жашасаң, мен өмүр бою сени сыйлап, сага баш ийип өтөм” деди. Чын эле кайын журтту сыйлаш керек. Мен анын суранычын аткарып жатам. Ал да мени сыйлайт. Жолдошум азыр мен үчүн ушакташканга эң ыңгайлуу адам. Экөөбүз курбу кыздардай ушакташабыз. Ал укканды билет, ошонусу жагат. Мен негизи эле көп сүйлөйм. – Ошентсе да жолдошуңузда өзгөрткүңүз келген сапаттар болсо керек? – Мен жаштайымдан бою узун, ак жуумал, тамеки чекпеген, спорт менен машыккан түгөйгө туш болсом деп тиленчүмүн. Ошондой күйөө берди. Бир сапаты дайыма жинимди келтирет. Ал башка адамдардын көзүнчө болобу, өз арабызда болобу мен жасаган иштин жаман жагын айтып салат. Мисалы, тамагымды баары мактап жесе, “тузу бир аз көп болуп калыптыр” же “бир нерсе жетпей калыптыр” дейт. Ошон үчүн уруша берем. – Алдыдагы шайлоо тууралуу оюңуз кандай? – “ Шайлоо го барбайбыз, эч кимди шайлабайбыз” дегендер көп экен. Мен да шайлоо го катышпай койсомбу деп ойлонуп жатам. Анткени пандемияда эл кыйналганда жарытарлык колдоо көрсөткөн партиялар болгон жок. Ушул кыйын кырдаалда өлкөнүн келечегине ишенбей, чет мамлекетке кетип калуу тууралуу ойлонгон жаштар көбөйдү. Мени ошол маселе ойлондуруп жатат. Жаштарыбыз кетип калышса өлкөбүз эмне болот? Андан көрө ар бирибиз салым кошуп, өлкөнү өнүктүрсөк жакшы болмок. Бирок бир чети пандемия учурунда күйүп-бышып элге жардам берип чуркап жүргөн жаштарды көрүп ыраазы болдум, келечегибиз бар экен, уучубуз куру эмес экен. Буюрса, баары жакшы болот. – Ишенебиз. Маегиңизге рахмат!

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:39

Бүтүн Кыргызстан саясий партиясы - 8 - ✅

Ыйман - мыйзамдуулуктун жана тартиптин башаты " Бүтүн Кыргызстан саясий партиясы - 8 - ✅

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

ОБЛУСТАР ЖОЮЛУП, РАЙОНДОР БИРИКТИРИЛЕБИ?

Парламенттик шайлоо дон кийин өлкөдө аймактык-административдик реформа жасалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 8-августта радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Президент Жээнбеков мамлекеттик түзүмдө бири-биринин ишин кайталаган органдарды кыскартуу учурдун талабы деген пикирде. “Аймактык-административдик реформа тууралуу көп сөз болду. Бирок ар кандай себептерден улам жасалбай келди. Биз буга даярбыз. Парламенттик шайлоо дон кийин биз бул ишке киришебиз, реформа жасалат” ,- деди президент. Өлкөгө аймактык-административдик реформа зарыл, жергиликтүү бийликтин иши эффективдүү болбой жатат деген пикир көп жылдан бери айтылып келет. Ал реформанын алкагында облустарды жоюп, райондорду бири-бирине кошуп ирилештирүү керектиги да сунушталып жүргөн. Мисалы, экс-депутат Исмаил Исаков облус, район жана айыл өкмөттөрдү жоюп, ордуна 15тей аймактык орган түзүүнү сунуштап чыгып, демилге аягына жеткен эмес. Сооронбай Жээнбеков сөз кылып жаткан реформанын маңызы, аны ишке ашыруу жолдору боюнча азырынча коомчулукта маалымат жок.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШПАЙТ

"Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев быйылкы парламенттик шайлоо го катышпай турганын жарыялады. Бул тууралуу Төрөбаев 10-августта социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жазды. "Парламенттик шайлоого корой турган акчаны элге, медицина жана билим берүү тармактарына жумшайын деп чечтим. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы реформа жасаган, өзгөртүү алып келген парламент болоруна көзүм жетпейт. 5 жылдын ичинде кийинки парламенттик шайлоого, биз шайлоочунун оюн, ой жүгүртүүсүн, мамлекетке болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртүү боюнча иштерди алып барабыз. Ошондуктан бул шайлоого мен жеке өзүм катышпайм", - дейт Төрөбаев . Жогорку Кеңешке бир нече жолу депутат болгон, өз партиясын түптөп, 2010-2015-жылкы парламенттик шайлоо до жеңишке жетишкен саясатчынын жарышка аз калганда “ шайлоо го катышпайм ” дегени түрдүү пикирлерди жаратты. Коомчулукта Төрөбаев жарышка түшүүдөн өз каалоосу менен эмес, аргасыздыктан улам четтеди деген пикирлер басымдуулук кылууда. Ал саясатта эмес, бизнесте коомго пайдалуу болорун айтып колдогондор да бар.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Мухтар Атаналиев, ырчы: “АЗЫР ЫРДАП ЭМЕС, ЫЙЛАЙ ТУРГАН ЗАМАН”

Чыгармачыл адамдар башкача болушат. Тынбай өзүн-өзү издеген адамдын бири Мухтар Атаналиев деп ойлойм. Ырчы болду, тасма тартты, эми балдарга кыргыздын түпкүлүгүн үйрөтүү менен алек болуп жаткан экен. Руханий байлык, достук тууралуу көп темада маек курдук. Адатта биз каршыбыздагы адамдардан эмне жаңылык бар деп сурасак, бул жолу Мухтар агай суроо менен кайрылды. – Кандайсыңар, жакшы жүрөсүңөрбү, эмне өзгөрүүлөр бар? – Биз жакшы, мурункудай эле. Сизде эмне өзгөрүүлөр бар? – Менде өзгөрүүлөр көп (күлүп) . Эл менден “эмнеге ырдабай калдыңыз?” деп сурашат. Мен “азыр ырдап эмес, ыйлай турган заман” деп коём. 30 жылдан бери өлкөбүз эмгектеп, жакшы баса албаган баладай эле келе жатат. Анан кантип ырдайсың? Ар бир бешинчи кыргыз мигрант болуп кетти, чоңдорубуз бети тултуйтуп элди тоноп жатышат. Анан кантип шаңкылдап ырдай аласың? Ырчылыкты токтотконума 15 жылдай болду. Ырчылар же бул кесип жаман деген нерсе эмес. Тескерисинче, чыгармачыл чөйрөдө жүргөн инсандардын жүрөгү ачык, жакшы адамдар болушат. Болгону мен өзүм үчүн руханий нерсени издеп кеткем. Кийин тасма аркылуу элде болуп жаткан көйгөйдү берейин деп тасма тартып жүрдүм. Азыр балдарды тарбиялап жүрөм. Азыркы балдардын мекенге болгон сүйүүсү жоголуп бара жатат. Көзү ачыла электе “Япония мыкты, АКШ күчтүү, Кыргыз жери артта калган” дегенди угуп, көрүп, көкүрөгү ошол нерсе менен калыптанып жатат. Эртең боорун көтөрсө эле чет өлкөгө кеткиси келет. Ошондуктан өспүрүм балдар үчүн лагерь уюштуруп, кыргыздын түпкүлүгүн тааныштыруу менен алек болуп жүрөм. Аларга жаа атканды, атка мингенди үйрөтөбүз, ата-бабасы кандай баатыр болгонун айтып беребиз. Кыргыздын мыкты, түпкүлүгү бар, уюткулуу журт экенин азыртан айтып, мекенчил кылышыбыз керек. – Ырчылыкка чоң каалоо менен келишет эмеспи. Сизде кандай болгон? – Каалоом күч болсо 18 жашымдан эле ырчы болмокмун да. Мен ырчылыкка кийин келдим. Ал дагы каалоом күчтүү болгондон эмес, кокустуктардан улам болгон. Кичинемден эле ыр, обон жазып аткарып жүрчүмүн. Досторум “көп ыр жазып, ырдап жүрөсүң, сахнага ырдап чык” деп калышты. Бир ырдап көрүп элге жагып калдым, ошону менен ырчы болуп кеттим. Кыргызстанда мен барбаган айыл калган эмес. Азыр тамашалап “ырчылардан президент болушу керек, анткени элдин көйгөйүн, кайсы айылда эмне бар, эмне жок экенин билишет” деп калам. Кээде “жылдыз” деп калышса, “жөнгүлөчү, мен Мухтар элемин” деп айтчумун. Ырчылык менин адам болуп калыптанышыма, ак-караны айырмалап билишиме чоң мектеп болду. Ырчы болгонума эч өкүнбөйм. – Ырчылыкты жыйыштыргандан кийин өзүңүздү кайсы кесиптен таптыңыз? – Кичинемде “ким болосуң?” деген суроого “аксакал болом” деп жооп берчү элем. Мен аксакал болдум. Акылдашып кебимди уккандар бар. Кино тартуу менен деле өзүмдү көрсөткүм келген жок, ичимдеги жүрөгүм айтып жаткан ойду элге жеткирүүнүн бир жолу болду. Пайда деле көргөн жокмун. “Кантип адамдык миссиямды аткарып кетем?” деген ойдо эле жүрө берем. Азыр балдарды тарбиялап жатам. Эми бир ушу элди кор кылбай, мыкты багып кете турган чыгаан адамды издөө менен убарамын. Тарыхта деле ханды эл өзү көтөрүп келип шайлаган, ошондой адамды издеп жатам. Эмдиги президенттик шайлоо го чейин убакыт бар. Кыргыздын түпкүлүгүн жоготуп койдук, эми табыш керек. Табуу үчүн мыкты лидер керек. – Биз түпкүлүгүбүздү качан жоготуп койдук? – Орустар келип бийлигин жүргүзүп, идеологиясын таңуулаганда жоготтук. Ошондо башыбыз адашып калып, ушуга чейин өзүбүзгө келе албай жүрөбүз. Учурда баатыр деп тааныгандарыбыз ошол кезде кыргыздын келечегин сатып коюшкандар. Ал эми “басмачы” атка конуп элди сактап калабыз дешкендер чыныгы баатырлар болгон. – Сиздей адам менен жашоо келинчегиңизге кыйын болсо керек? – Кыйын. Мен азыр 50 жылдан кийин боло турган нерсе үчүн иш кылып жатам. Аны бардык аялдар түшүнө бербейт. Тиричилик, каражат, башка деген нерселер болот. Бирок жубайым мени түшүнөт. Өзүбүзгө жете турган каражатыбыз бар. Шүгүр кылып жашап, ошого бактылуубуз. Мен тасма тартып жүргөндө жанымдагы сумкамда 30-40 миң доллар болсо да эл катары маршруткада жүргөн күндөрүм болгон. Акчанын азы-көбү мени ойлондурбайт. Көп жолу банкрот деле болдум. Бул нерселер мени коркутпайт деле. Бир коркконум – мага Жараткан нааразы болуп калбашы керек. Менден иренжип калганынан ушунчалык корком. – Пандемиядан улам Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Чубак Жалилов сыяктуу залкарлардын көзү өтүп кетти. Бул адамдар менен тааныш белеңиз? – Ар бири менен жакын элем. Эң жакын адамдарындай эле күйдүм. Өзүмдү жоготуп койдум. Негизи дос өмүр бою коштоп жүрөт да. Эсептесем, концерт болобу, тасмама болобу досторумдан эле 200 миң доллардай жардам алыптырмын. Көп жерден колдошту, баарына ыраазымын. Элмирбек менен да жакшы мамиледе элем, ооруп жатканда жолугуп Токтогул Сатылганов тууралуу тасма тартып, маек алгам. Ал акынды Элмирбек билгендей эч ким билчү эмес. Ошо акыркы жолугушубуз болду. Чубак ажы ар бир киномдун сынчысы болчу. Даяр болгондо сөзсүз ага биринчи көрсөтүп, сынын укчу элем. Көргөндө да ичине кирип көрчү. “Үркүн” тасмамды көрсөтүп жатсам Манас айткан жеринде кошо обдулуп көргөнү эсимде. Жакындарынын жаны кандай кейисе, меники деле ошондой болду, өлүп-тирилгендей болдум. – Маркум Мухтар Өмүракунов жана коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек менен тайпалаш болгон экенсиз. Ошол күндөрдү эстеп бербейсизби... – Мухтар экөөбүз чогуу окуп, бир жатаканада жатчу элек. Экөөбүздүн атыбыз окшош, “Мухтар” дешсе “кайсынысы?” дешер эле. “Сарысы” десе, “экөө тең сары го” дешчү. Ошон үчүн мени “тармал Мухтар”, аны “түз Мухтар” деп коюшчу. Президент боло тургандай акылы, күчү, дарамети бар эле. Бирөөнүн иши чыкса, өзүнүкүн таштап салып ошол жакка жумшачу. Досум эрте кетти, мыкты инсан болчу. Мыктыбек болсо өзүнчө феномен. Жаңычыл, эч нерседен коркпойт. Окуп жүргөндө Мыктыбек Арстанбек, Бек Борбиев, Гүлнара Тойгонбаева болуп чогуу жүрчүбүз. Менин биринчи клиптеримди тарткан да Мыктыбек болгон. “Сен ырдай аласың, клиптериңди мен тартып берем” деп аэропортко алып барып өзүнүн кийимдерин кийгизип, ар башка образ кылып бир күндө 3 клип тартып берген. Мен ”эми кандай клип болот?” деп эле калдым. Укмуш тартыптыр. Эл мени ошол 3 клип менен тааныды. Андагы образым да өзүмө аябай жакты. Чыгармачылыгымда анын чоң салымы бар. Эгерде ошол клиптер элге жакпай калса, ырчы болбой калмак болушум керек. Анткени мамлекеттик чоң кызматка кеткени жаткам. Ырчылык образым жагып калып, аны таштап сахнага кеткем. Анан “Супер-Инфо” гезити дагы жүрөгүмө жакын. Анткени эң биринчи санына менин маегим чыккан эле. Ал кезде мен эл көңүлүндө турган кезим болсо керек. Ошондон бери эле маек берип келе жатам (күлүп). – Маегиңизге рахмат. Дүнүйөдөн колу бошоп, руханий байлык издегендер учурда аз. Иштериңиз ийгиликтүү болсун!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 2:36

Партиялардын шайлоо бюллетениндеги номерлери…

1.”Афганистандагы согуштун ардагерлеринин саясий партиясы жана башка жергиликтүү аскердик чыр-чатактардын катышуучулары”; 2.”Мекен Ынтымагы”; 3.Ата Мекен Социалисттик партиясы; 4.Мекенчил; 5.Бир Бол; 6.”Ыйман Нуру”; 7.”Замандаш”; 8.Чок Казат; 9.”РЕФОРМА”; 10.”Республика”; 11.”Социал-демократтар”; 12.”Демократиялык” Биримдик “партиясы (Биримдик)”; 13.”Мекеним Кыргызстан”; 14.”Ордо!; 15.”Кыргызстан”.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники