О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 0:38

Жогорку сот «Кыргызстан» партиясынын документтерин кайтаруу мыйзамсыз деп тапты

Жогорку сот «Кыргызстан» партиясынын документтерин кайтаруу мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу чечим кечээ кабыл алынды. Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырып, Боршайкомдун арызын канааттандырган жок. Эми партиянын документтери кабыл алынышы керек. Эскерте кетсек, БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин кайтарып берип, шайлоодон четтеткен. Биринчи инстанциядагы сот шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп тапкан. БШКга Бишкек шаардык соттун чечимине даттанып Жогорку сотко кайрылган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоодо добуш сатып алуу аракеттерине чара көрүлөт

Сооронбай Жээнбеков бардык саясий партияларды жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди үгүт иш-чараларында мыйзамды так сактоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн Коопсуздук Кеңешинин чакан курамдагы кезектеги отурумунда билдирди. Ал талапкерлерге шайлоо өнөктүгүндө коомдук-саясий туруктуулукка залал келтирбөө зарылдыгын эскертти. «Өзүнүн жеке амбициясы үчүн коомдук коопсуздукту коркунучка туш кылууга жана Кыргызстандын элин бөлүп-жарууга эч кимге жол берилбей турганын эстен чыгарбоо керек», — деди ал. Президент үгүт кампаниясын өз ара сыйлоо атмосферасында өткөрүп, шайлоочулардын добуштары үчүн күрөштү — компроматтарды таратуу, «булганыч» технологияларды колдонууга эмес, программалардын атаандаштыгына негиздеп өткөрүүгө чакырды. Ал шайлоо мыйзамдарын бузууга, шайлоочулардын добушун сатып алуу фактыларына карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады. Ошону менен бирге партиялар үгүт иш-чараларын жарандарыбыздын ден-соолугуна коркунуч жаратпастан өткөрүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи. Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларга кайрылып, парламенттин тагдыры, шайлоочунун эркинен, алардын кыраакы тандоосунан көз каранды экендигин белгиледи. «Сиздердин акыл калчап, кыраакылык менен кабыл алган чечимиңер мамлекетибиздин келечегине түздөн-түз таасир этет. Мен жарандарыбызды добуштарын сатпоого чакырам», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы. Ал ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү менен байланышкан бардык маселелерди БШК жеке көзөмөлүнө алуусу керектигин белгиледи. «Бардык аймактык шайлоо участкалары жана шайлоо комиссиялары үзгүлтүксүз иштөө үчүн өз учурунда даярдалуусу жана техникалык жактан жабдылуусу керек. Парламенттик шайлоо максималдуу түрдө демократиялуу, ачык-айкын өтүүгө тийиш, анын жыйынтыктарына эч ким шектенбеши керек», — деди президент.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:38

Ырчы Бек Борбиев үгүт иштерин мөөнөтүнөн эрте баштаганы үчүн айып төлөйт

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу ырчы Бек Борбиевди шайлоо кампаниясын бузду деп тапты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет. Алардын айтымында, ырчы Бузуулар кодексинин 44-беренеси боюнча күнөөлүү. Ага 7,5 миң сом айып салынды. Белгилей кетсек, ырчы социалдык тармакта «Мекеним Кыргызстан» аталышындагы ырды жайгаштырган. Анын айтымында, ырды өз калоосу менен жазып, аткарды. Роликте саясый уюмдун логотиби колдонулду. Белгилей кетсек, үгүттөө расмий түрдө 40-сентябрда башталат. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:43

Спикер шайлоо алдында Жогорку Кеңештин депутаттарын бир айга таратууну сунуштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков шайлоого чейин калган бир айлык мөөнөттүү эл менен жолугууга арноо боюнча сунуштар келип жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди. 4-сентябрдан тарта парламенттик шайлоонун үгүт иштери расмий түрдө башталат. «Сунуштар келип түшүп жатат, эгер каршы болбосуңуздар 4-сентябрдан 4-октябрга чейин эл менен жолугушууну чечип алсак. Анткени азыркы депутаттардын арасында шайлоого катыша турган көптөгөн талапкерлер бар. Ошондой эле, парламентте отурбаган партиялар дагы бар. Бардыгына тең, тегиз болсун деген сунуштар түшүп жатат», — деди Жумабеков. Төрага өз сөзүндө үгүт иштери башталганда азыркы парламентте депутат, шайлоого катыша турчу партиянын тизмесинде талапкер болгон айрым эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин трибунасын агитация жүргүзүү үчүн колдонушу ыктымал деп чочулады. «Практикада болуп келген, шайлоо убактысы келгенде сентябрь айында Жогорку Кеңеш эл менен, шайлоочулар менен жолугуу иретинде чыгып кетишчү. Каршылык болбосо токтом долбоорун күн тартибине киргизип алалы», — деди Жумабеков. Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ал эми 4-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат. Азыркы чакырылыштын бир нече депутаты Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан талапкерлигин коюуда. Айрым эл өкүлдөрү шайлоого катышуу үчүн мандаттарын тапшырса, кээси партиянын катарынан чыгып, башка партияларга кирди.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:43

«Айтканымды аткарып келе жатам». Президент таза шайлоо өткөрүүнү убадалады

Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрда өткөн жыйыны. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрда өткөн жыйынында алдыдагы парламенттик шайлоо ачык өтөөрүнө кепилдик берээрин жана добуш сатып алуу фактыларына ыкчам чара көрүлүшү керектигин айтты. «Айтканымды аткарып келе жатам жана аткарам. Президент катары мамлекеттин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, эл биримдигин, тынчтыгын сактоо менин негизги милдетим. Ошондуктан саясий партияларды, алардын жактоочуларын, командалардын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуу аракеттеринен алыс болууга чакырам», — деди ал . Ошондой эле ал жарандык коом мыйзамсыз аракеттерге өз баасын бере алат деп белгилеп, эл парламентке талапкер болгон партияларды тандоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашына ишенээрин билдирди. Мындан сырткары Жээнбеков шайлоодон утулган партияларды ызага алдырып коомдун тынчтыгын бузбоого чакырды. «Тарапташтарды көтөрүп, көчөгө алып чыккан эски көрүнүштөрдү таштайлы. Жарандарды ыплас саясий оюндарга тартпайлы. Анткени, дал ушундай тескери аракеттер кандай гана өлкө болбосун, артка тартат. Биздин өлкөнү да аксатат», — деп кошумчалады өлкө башчы. Добуш сатып алуу аракеттери Буга чейин 31-августта Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мусурканов жергиликтүү тургундардан «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасаовду колдоп берүүгө чакырган видеосу тараган. Ал тургундарга талапкер 300дөн кем эмес добуш үчүн 500 миң сом накталай алып келээрин айткан. Буга байланыштуу Нарын РИИБи «добуш сатып алууга» аракет жасаган айыл өкмөт башчынын окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган . Ал эми мурдараак аталган облустун Кочкор районунда «Мекеним Кыргызстан» партиясына «добуш сатып алууга аракет кылып жатат» делген аудиолор соцтармактарда тарап, Борбордук шайлоо комиссиясы аны иликтеп баштаган. Ошондой эле соцтармактардын айрым колдонуучулары да добуш сатып алуу фактыларына күбө болушканын билдиришкен . «Биримдик» партиясы «бийликчил» делинип, ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү таасирдүү үй-бүлө Матраимовдорго таандык экени айтылып келет. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:43

«Кыргызстан» партиясы шайлоого катышат. Жогорку сот БШКнын доосун четке какты

Жогорку сот Бишкектин административдик сотунун «Кыргызстан» партиясынын шайлоого катышуусуна уруксат берген чечимин карап чыгып, аны партиянын пайдасына чечип берди. Жогорку соттун өкүмү акыркы жана даттанууга жатпайт. Аталган партия менен күздө боло турчу парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Дастан Жумабеков, Канат Исаев, Шаршанбек Абдыкеримов (Аю Холдинг ишканасынын жетекчиси), Тазабек Икрамов жана башкалар аттанууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Жогорку соттун отурумунда тийиштүү документтерди «Кыргызстан» партиясынын ыйгарымдуу өкүлү эмес башка белгисиз киши алып келип, мыйзамды бузганын айтты. Андан сырткары ал киши атайын каттоо журналына катталып, кой койбогонун билдирди. БШКнын өкүлү документтерди алып келген өкүлгө атайын билдирүү каты берилерин кошумчалап, «Кыргызстан» партиясынын документтерин алып келген кишиге андай документ берилбегенин дагы кошумчалады. Ошол эле маалда партиянын ыйгарымдуу өкүлү ден соолугуна байланыштуу документтерди алып келе албай турганы боюнча БШКга кабар берилбегенин айтты. Андыктан Боршайкомдун кызматкерлери партиянын ыйгарымдуу өкүлүн издеп, ага телефон чалышканда жооп берген эмес. Бирок «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү Боршайкомдун өкүлүнүн айткандары менен макул эместигин айтты. Ал партиянын ыйгарымдуу өкүлү өзүнүн милдеттерин аткара албай турган кырдаалга кептелгенде анын атынан башка киши ыйгарымдуу өкүл катары барып тапшырганга КРдин мыйзамдары уруксат берерин кошумчалады. Андыктын Жогорку соттон биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырууну суранды. Ал эми партиянын лидери Канат Исаев белгисиз деп жаткан адам партиянын катчылыгында иштеген ишенимдүү киши экенин айтып, ага ыйгарымдуу өкүл тарабынан ишеним каты берилген деп ишендирди. Жогорку сотто БШКнын «Кыргызстан» партиясынын үстүнөн берген арызы каралып жаткан учурда имараттын тышында жарандык активисттер жана аталган партиянын 100дөгөн өкүлдөрү чогулушкан. Жарандык активисттер эски аянтка партиянын желегин көтөрүп алып келген тарапташтарына карата «Саткын!», «Сот сатылба» жана башка сөздөрдү айтып кыйкырышты. Партиянын өкүлдөрү «Кыргызстан» деп ураан чакырышты. Чогулгандар ортосунда чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактаганга аракет кылышып, тараптарды эки жакка бөлүп кармаганга аракеттерди көрүштү. «Кыргызстандын» айланасындагы чыр 20-августта «Кыргызстан» партиясы БШКга керектүү маалыматтарды белгиленген мөөнөттө бербегенин бир катар жарандык активисттер менен партиялардын өкүлдөрү айтып чыгышкан. Алар кечинде Боршайкомдун имаратынын алдына чогулуп, «Кыргызстан» партиясын каттабоону талап кылышкан. Кеч кирип кеткенине карабай Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова келип, чогулгандар менен жолуккан. Активисттер имараттын ичиндеги видео байкоого жазылып калган тасманы көрүп чыгууну талап кылышкан. Жыйынтыгында БШК тасманы көрсөтүүгө макул болгон. Активисттер партиянын өкүлү видеобайкоодо көрсөтүлгөн убакыттан кеч калганы тасмада дагы көрүнүп турганын айтып, партияны шайлоодон четтетүүнү талап кылышкан. Ошол эле учурда видеодон партиянын керектүү документтерин партиянын ыйгарымдуу өкүлү эмес башка киши алып келгени ортого чыккан. Анын келген учуру БШКнын атайын каттоо журналына чийилип оңдолгон. Башкача айтканда саат 17:59га оңдолгон. Шайлдабекова бул жагдайды атайын жумушчу топ 24 сааттын ичинде карап чыгарын убадалаган. Эртеси БШКнын жыйынында анын мүчөлөрү партиянын документтерин кабыл албай турганын билдиришкен. Партия Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган, сот өкүмдү «Кыргызстан» партиясынын пайдасына чечип берген . Бирок БШК биринчи инстанциянын чечими менен макул эместигин билдирип , Жогорку сотко кайрылган. Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:43

Шайлоо-2020: Милиция менен АШК айылдыктардын Бишкекте жапырт катталышын текшерет

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) башчысы Кайрат Маматов 24.kg басылмасына курган маегинде , АШК менен милиция айылдыктардын Бишкекте жапырт катталып жатышын текшерерин билдирди. Буга чейин бир катар ЖМКлар борбор калаадагы айрым шайлоо участкаларына каттоо үчүн адамдарды тобу менен алып келип жатышканын маалымдашкан. 24.kg басылмасы жарыялаган видеодо шайлоо участогуна алынып келгендердин бирөө боло турчу шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериши үчүн 4 миң сом убадалашканын айтты. Ал бул үчүн белгиленген шайлоо участогуна катталышы керек болгон. «Мага шайлоо дареги өзгөртүлгөнү тууралуу №2 форма менен арыз берүү керектигин айтышты. Андан кийин толтурулган бланкты берип, микроавтобус менен мектепке алып келишти», — деди ал. Анын айтымында, №3 мектептеги шайлоо участогуна күн сайын ондогон шайлоочуларды алып келип, алардын арызы боюнча каттап жатышат. «Мекеним Кыргызстан» партиясы басылмага берген билдирүүсүндө алар добуш сатып алышпаганын, анткени таза шайлоону колдой тургандыктарын белгилеген. Алардын айтымында, мунун баарын партиянын беделин түшүрүүгө аракет кылып жаткан атаандаштары кылып жатышат. «Азыр белгисиз адамдар партиябызды атап, кандайдыр бир бузууларды кыйытып айткан ушул сыяктуу видеолор көп чыга баштайт. Биз башка аргументтери жок болгондо, күрөшүүнүн ушундай жаман ыкмаларына өтүп кетишерин түшүнүп, буга токтоолук менен мамиле кылабыз», — деп комментарий беришти штабдан. №47 жана №77 мектебиндеги шайлоо участокторунда дагы ушундай массалык каттоо болууда. Бул тууралуу Kaktus Media басылмасы кабарлады. Журналисттердин айтымында, бул жерде бир нече күн катары менен микроавтобустар аркылуу адамдарды тобу менен алып келип жатышат. Кайрат Маматов мыйзамда транспорт менен жеткирүүгө тыюу салынбаганын түшүндүрдү. Ал шайлоочунун биометрикалык маалыматтары жана тиешелүү арызы жок катталышы мыйзам бузуу болорун билдирди. «Эгер кайсы бир партия же үгүттөөчүлөр участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн материалдык жактан кызыктырганы аныкталса, анда буга беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бирок УШК орунжайда болгон окуяларга гана жооптуу. Орунжайдан тышкары окуяларга жооптуу эмес», — деп жооп берди ал. Бишкектин Октябрь РИИБинен 24.kg басылмасына окуяны текшерип жатышканын кабарлашты, бирок көрүлө турчу чаралар боюнча эч нерсе айтышкан жок. № 2 формасы №2 формасынын жардамы менен жаран өзүнүн шайлоо участогун ага ылайыктуусуна алмаштыра алат. Ал үчүн шайлоочу участкалык шайлоо комиссиясына өзү келип арыз бериши керек. Бирок жарандык активисттер билдиришкендей, №2 форма аркылуу каттоо жана добуш берүү менен негизинен добуш сатып алуу ишке ашырылат. Мындан тышкары, партиялар 0,7 пайыз айымактык чектен ашуу үчүн шайлоочуларды башка жерге каттатышат. Кээде партияларга белгилүү бир аймактарда колдоо жетишпей калат, ошондуктан партиялар аларды колдогон аймактардан шайлоочуларды ал жакта катташат. Массалык каттоого байланыштуу кырдаал 2020-жылдын жаз айына белгиленген жергиликтүү кеңешке болчу шайлоо алдында да байкалган. Тилекке каршы шайлоо коронавирус пандемиясына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылган. Ошондо Кыргызстандын бир нече шаарларында ага жакын жайгашкан айыл тургундарын жапырт каттай башташкан. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» курган маегинде , №2 формасын колдонуу чынында жөн гана шайлоочуга добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жеңилдетет деп билдирген. «Мурда шайлоочунун паспортунун көчүрмөсүн башка бирөө эле алып келип №2 формасын толтурганга уруксат берилчү. Азыр ар бир жаран өзү кайрылышы керек. Анын колунун издери алынып, жүзүнүн параметри идентификациядан өткөндөн кийин гана шайлоочунун дареги алмашылат. БШКнын системасына №2 формасын кимдер, качан толтуруп жатканы боюнча маалымат келип турат», — деп билдирди ал. Кыргызстанда №2 формасы алгачкы жолу 2011-жылы президенттик шайлоодо кабыл алынган. Демилгенин авторлору мындай чечимди ички миграциянын өсүшү менен түшүндүрүшкөн. Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында дайындалган. Партиялар съезддерин өткөрүп, каттоодон өтүштү. Үгүт иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин уланат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:43

Шайлоо-2020: БШК «Кыргызстан» партиясы боюнча сот чыгарган өкүм менен макул эмес

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек административдик соту «Кыргызстан» партиясынын доо арызын канааттандырганына макул эмес. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» билдирди. Бекматовдун айтымында, «Кыргызстан» партиясынын арызын сотто четке кагыш үчүн негиздүү далилдер көрсөтүлгөн. Эми БШКнын мүчөлөрү жогорку соттук инстанцияга кайрылуу маселесин талкууламакчы. «Кыргызстандын» айланасындагы чыр 24-августта айрым саясий партиялардын талапкерлери жарандык активисттер менен биргеликте БШКдан «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтеттүүнү талап кылышкан . Алардын пикиринде, партиянын өкүлү БШКга керектүү документтерди кеч тапшырган. БШКнын каттоочу журналында «Кыргызстандын» өкүлү документтерди саат 17:59да алып келгени көрсөтүлгөн, бирок жазуу чийилип кайра оңдолгон. Ошондой эле байкоочу камераларда партиянын өкүлү 18:00дөн кийин келгени кадрга түшүп калган. Мындан сырткары, БШКга партиянын өкүлү катары эркек киши келген. Бирок журналда Элвира Абильдиеванын аты жазылып, анын кол тамгасы жок болгон. Кийинчерээк беш партия — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Реформа» жана «Чоң Казат» «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы чыр боюнча президентке кайрылган . Алар «БШКнын кызматкерлери тарабынан кызматтык жасалмалоо» боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштоону суранышкан. Ал эми «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев документтер БШКга убагында тапшырылган деп ишендирген . Ошондой эле партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Абильдиева ошол күнү өзүн начар сезип, COVID-19га шектенгенине байланыштуу документтерди тапшыра албай калганы белгилүү болгон. Анын ордуна документтерди партиянын мүчөсү тапшырган, анда Абильдиеванын атына жазылган ишеним кат болгон. Ошого карабастан Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августтагы жыйынында «Кыргызстан» партиясына документтерин кайтарып берүү чечимин кабыл алган. Ага чейин БШКнын жумушчу тобу партиянын документтерин расмий бекитилген өкүлдөн башка киши тапшырганына байланыштуу аны кайтарып берүүнү сунуштаган. БШК «Кыргызстан» партиясы тарабынан мыйзам бузулду деген пикирде. Бирок «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечими менен макул болбой сотко кайрылган. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну пландаштырган партиялардын акыркы документтерин кабыл алды жана аларды карап чыгып, 4-сентябрга чейин каттайт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:53

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы 7-сентябрда, саат 16.30да Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу партиянын лидери Адахан Мадумаров 6-сентябрда Бишкекте онлайн басма сөз жыйынында билдирди. «Биз үч күндөн бери Кыргызстандагы эң мыкты деген адистер, адвокаттар менен талкуулап отуруп, бир да жерден «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттабай коюуга мүмкүнчүлүк тапкан жокпуз. Конституция боюнча да, Шайлоо кодексинде да эч кандай сөз жок. Эч кандай себеп жок. Партиянын тегерегинде түзүлгөн кырдаалга БШК гана күнөөлүү»,- деди Мадумаров. БШК Адахан Мадумаровдун мындай билдирүүсүнө комментарий бере элек. Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон. Кыргызстанда алтынчы чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды. (NT)

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:53

Диний көз караштын шайлоого тийчү таасири

Парламенттик шайлоодо кыргыз коомундагы диний ресурсту саясий күчтөр кандай колдонушу мүмкүн? «Биз жана дин» түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалилов менен «Сарасеп» маалымат-аналитикалык порталынын редактору Эсен Өмүракунов диний көз караштардын шайлоого таасирин талкуулашты. Канатбек Мурзахалилов: - 4-сентябрдан баштап Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоонун бир айга созулган үгүт өнөктүгү башталды. Сиздин баамыңызда ушул шайлоодо диний риторика кандай өңүттө, кайсы саясий күчтөр тарабынан пайдаланылышы мүмкүн? Эсен Өмүракунов: - Азыркы шайлоого аттанган дээрлик бардык партиялардын катарында диний көз карашта жашаган адамдар жүргөнүн көрүп жатабыз. Алар тизмелердин ичинде биринчи ондукта, биринчи жыйырмалыкта бар. Андыктан диний риторика жеке жолугушууларда, өз чөлкөмүндө шайлоочулар менен жолугушканда, албетте, пайдаланылат. Ал эми жалпы жолугушууларда динчил кишилердин мүмкүнчүлүгүн ченеп, өз катарларына тартканга аракет кылышат. Азыркы убакта Интернеттин мүмкүнчүлүгү чөнтөк телефон аркылуу ар бир адамдын колунда. Байланыш каражаттары аркылуу видео тартып же үндү жазып, аны таратканга болот. Буга чейинки диний ресурс шайлоолордо кандай пайдаланылганын, мындан кийин кандай болорун динамикада көрө элекпиз. Кандайдыр бир социологиялык изилдөөлөр бул өңүттө жокко эсе. Ушул шайлоодо динди колдонуудан негизги тажрыйба алынат. Канатбек Мурзахалилов: - Динчил катмар көбөйүп бараткан кыргыз коомунда шайлоодо акчага добуш берүү мүшкүлү эмнеге азайбай жатат? Эсен Өмүракунов: - Динчил катмарды кыргыз коомунан бөлүп карабаш керек. Биздин коомдун маданий, социологиялык, саясий деңгээли кандай болсо, динчил катмардыкы да ошондой же андан да төмөн десек болот. Акчага добуш берүү буга чейин кандай болсо, азыркы шайлоодо деле бул динамика кайталанышы толук мүмкүн. Акчага добуш берүүгө же алууга каршы ыктыярдуу кыймыл, жарандык активдүүлүк күчөгөнгө жараша бул көрүнүш азайышы мүмкүн. Бирок динчил, айрыкча саясий-исламчыл катмардын бул маселеде чоң мүшкүлү бар. Кызыкчылыгы бар адамдар шайлоодо акча берүүнү кандайдыр бир шарияттык негиздерге таяп коюшу да мүмкүн. Динди кармангандар «биз келбесек, ким келмек эле» деген пикирлери бар экендигин буга чейинки талкууда айтканбыз. Буга дагы кандайдыр бир диний жөрөлгөлөрдү тууралап, өздөрүн жана шайлоочуларды алдашы мүмкүн. Мисалы, «акчаны бизге окшогондордон алсаңар болот, пара катары эмес, белек катары берип жатабыз» деген сыяктуу. Мыйзамсыз нерсени мыйзамдаштырганга аракет кылуу сыяктуу кадамдарды четке кагууга болбойт. Ушундай маселе бар. Бул маселе тереңдеп кетиши да мүмкүн. Канатбек Мурзахалилов: - Диний ишеним шайлоодогу чынчылдыкка таасир эте алабы? Эсен Өмүракунов: - Негизинен, диний ишеним шайлоодогу чынчылдыкка туура жагынан таасир этиши керек. Мисалы, АКШ, Батыш Европа мамлекеттери, айрыкча Германия динден алыс мамлекеттер эмес. Алар кандайдыр деңгээлде динди бекем кармаган өлкөлөр. Булардын саясий маданиятын да диний ишеним, кудайга болгон ишеним түзөт. Ислам дини да күчтүү потенциалга ээ. Шайлоо убагында чынчылдыкка багыттоо, чынчылдыкты кармануу, чынчылдыкты талап кылуу маселесин динге байлоо мүмкүн. Бирок азыркы мусулмандар сырткы диний жөрөлгөлөрдү формалдуу карманганы менен нагыз диний ишенимин билбейт. Бул алардын эң негизги талуу жерлеринин бири. Жөндөмдөрү азырынча өрчүй элек. Адамдын жакшы сапаты сыяктуу дин башынан айтылып, андан кийин толукталып, кийин гана жөндөм катары адамдын психикасында орун алганга чейин бир топ убакыт өтөт. Бул шайлоо диний ишенимдин бекемделишинин, чынчылдыкка таасир бергенинин кандайдыр бир көрсөткүчү болот. Шайлоодон кийин кандайдыр бир натыйжаларды чыгарып, тажрыйбаларды көрүп, ошого жараша түздөнсөк болот. Октябрда болчу шайлоодо диний ишеним чынчылдыкка анча таасир этпейт деген оюм бар. Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстандын Баш мыйзамына, шайлоо, дин жаатын тескеген укуктук-ченемдик актыларга ылайык, шайлоо жараянына диний уюмдардын, диний ишмерлердин катышуусуна тыюу салынган. Бирок диний ресурс өлкөдөгү кандай деңгээлдеги шайлоо болбосун, түз болбосо да кыйыр түрдө дайыма аралашып келет... Эсен Өмүракунов: - Шайлоого динчил адамдардын, ислам динин тутунган адамдардын катышып жатканын кубаттаса болот. Эч ким диний негизде Баш мыйзамга каршы келген партия түзгөн жок. Жалаң гана мусулмандар мүчө болгон партия да жок. Азыркы шайлоо өнөктүгүндө диний риториканы колдонуу мүмкүн эмес. Бирок каалайбызбы, жокпу, Кыргызстанда ислам динин кармангандар өзүнчө бир чоң тайпага айланып бара жатат. Мисалы, алар да бир өңчөй, бир түзүмдөгү топко эмес, түрдүү топторго бөлүнүшөт. Коомго дин аркылуу таасир этип жаткан топтордун мыйзамдуу талаага кирип, Жогорку Кеңешке депутат болуш үчүн шайлоого катышуу, ат салышуу жараянынын өзү жакшы көрүнүш. Динчил адамдардын парламентке өтүшү өтө маанилүү. Алардын үнү коомго угулуп, өз мүмкүнчүлүгүн сынап, ат салышып, кандай сөздү сүйлөсө болот, кайсыны сүйлөгөнгө болбойт дегенди билгени да зарыл. Динчил талапкерлер тутунган динин саясий өңүттө апробациядан өткөрүп жатканы - абдан жакшы. Канатбек Мурзахалилов: - Саясий турмушка же шайлоо өнөктүгүнө дин аралашып, коомдун өнүгүшүн башка нукка бурган өлкөлөрдүн тажрыйбаларын айта аласызбы? Бул жараяндын оң же терс жактары кандай? Эсен Өмүракунов: - Динди жеке саясатта же партиянын саясатында курал катары пайдаланган адамдардын, лидерлердин жана партиялардын тагдыры ойлоно турган маселеге чейин алып барганын көрүп жатабыз. Азыркы кезде Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин көбүндө жарандык согуш жүрүп жаткан убагы. Андан сырткары, коомдун артка кетишине, мамлекеттик мекемелердин формалдуу түрдө гана иштеп калышына, бара-бара жеке бийлик же жеке партиянын бийлигине айланышына алып баруу ыктымалдыгы бар. Бирок динди коомдун фундаменталдуу негиздеринин бири катары колдонуу менен адамдын жеке жашоосундагы милдеттүү жана зарыл болгон тыюулар мамлекеттин өнүгүшүнө, үй-бүлөнүн жакшырышына, жеке адамдын жашоосуна да жакшы пайда алып келет. Мындай мисалды Малайзия, Индонезия, Тунис сыяктуу мамлекеттердин тажрыйбасынан көрсөк болот.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:53

Президенттин милдети жана эскертүүсү

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоону шылтоо кылып өлкөдө кырдаалды курчуткусу келген күчтөр бар экенин айтып, аларга чара көрүлө турганын эскертти. Мамлекет башчы сөз кайсы саясий күчтөр жөнүндө экенин ачык айткан жок. Ал арада шайлоо жарышынан чыгып калган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров тарапташтарын укугун коргоо үчүн аягына чейин күрөшүүгө чакырды. 5-сентябрда президенттик аппарат мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун "Биринчи радиодогу" кезектеги маегин жарыялады. Анда Жээнбеков шайлоо тууралуу суроого кенен жооп берип, бийлик бардык партияларга бирдей шарт түзүп берүүгө бардык күч жумшап жатканын айтты. Президент акыйкатсыз шайлоолордон кийин өлкө эки жолу элдик толкундоону башынан өткөргөнүн эске салып, азыр дагы коомчулук арасында кооптонуу бар экенин билдирди. Сооронбай Жээнбеков шайлоону шылтоо кылып Кыргызстанда кырдаалды курчуткусу келип жаткандар көз жаздымда калбайт деди. «Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз. Ачык айтып коюушум керек, ошол эски адат менен, ушул шайлоонун эпкини менен тынчтыкты буза албаса да, учурдан пайдаланып, кырдаалды чайпап жибергиси келгендер да бар. Андайларга алдын ала чаралар көрүлө турганын кечээ Коопсуздук кеңешинде да так кесе айттым. Чечим кабыл алып, анда да так, даана жазылды. Мен да катуу талап койдум. Шайлоо процессине катыша турган бардык тараптар үчүн бул алдын ала кагылган коңгуроо деп түшүнсө болот. Анткени, дагы айтам, өлкөдөгү тынчтыкты, элдин тынчтыгын, коопсуздугун сактоо — менин негизги милдетим. Бул милдетти аткарып келатам, аткарам. Ошондуктан, мен дагы бир ирет эскертип кетем. Шайлоону пайдаланып, ызы-чуу кылгысы келгендер, өзүнө упай топтогусу келгендер баары көз жаздымда калбайт», - деди президент. Президенттин бул эскертүүсү оппозициялык саналган “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо жарышынан четтетилип, партиянын тарапташтары бийликке нааразы болуп турган учурга туш келүүдө. Партия лидери Адахан Мадумаров буга чейин митингге чыгам деген тарапташтарын токтотпой турганын кыйыткан болчу. Ал эми 5-сентябрдагы билдирүүсүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин сотко берүүдө тоскоолдуктар жаралганын айтты. Ошондой эле Мадумаров тарапташтарына “алдыда чоң күрөш бар” деп кайрылды. «Кечээ шаардык сотко материалдарды жибергенбиз. БШКдан документтерди алгандан кийин кошумча жиберебиз деп кат жаздык. Шаардык сот кандай чечим чыгара турганы белгисиз. Биз соңку кадамыбызга чейин күрөшөбүз, ишениңиздер. Өз укугубуз, мамлекетибиз, келечегибиз үчүн күрөшчү мезгил. Алдыда чоң күрөш бар», - деди Мадумаров. Президенттин билдирүүсү социалдык тармактарда ар кандай талкууга жем таштады. Журналист Семетей Талас уулунун пикиринде коомчулук арасында пандемияда маалында жаралган протесттик маанай сакталып турганын белгилеп, шайлоодо жана шайлоодон кийин утулуп калган партиялар коомчулукту көтөрүүгө аракет кылат. Семетей Талас уулу кырдаал бийликтин шайлоону кандай өткөрө турганынан көз каранды экенин белгиледи. «Чынында эл арасында нааразы болгон катмар бар. Эгерде шайлоо акыйкат өтпөй калса, утулуп калган партиялардын жер-жерлердеги үгүтчү, тарапташтары элди көчөгө чыгарышы мүмкүн. Азыр партияларда акча бар да. Анан ага пандемиядан кийин нааразы болгон эл кошулуп кетиши мүмкүн». Укук коргоочу Азиза Абдирасулова шайлоо маалында президентти эскертүү маанайдагы билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырат. Укук коргоочу мамлекет башчы божомолдор менен эмес, так фактылар, иш-аракеттер менен элди акыйкат шайлоо өтөрүнө ишендириши керек деди. «Президент “мындай күчтөр бар” деген сөздөрдү айткандан алыс болуп турса жакшы болмок. Бул жоромол. Муну ашканада отуруп алып биз айта берсек болот. Президент мыйзам жана факты менен айтышы керек. Мен президенттен “баары акыйкат өтөт” деген сөздү жана аракетти күтөм». Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-октябрь күнү шайлоого 15 саясий партияны талапкер кылып каттады. 4-сентябрдан тарта шайлоого талапкер партиялар үгүт иштерин баштады. Азырынча жер-жерлерде бийликчил партиянын административдик ресурс колдонуп жатканы жөнүндө ар кандай маалыматтар айтылганы гана болбосо жалпы жолунан үгүт иштери тынч башталды. No media source currently available

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:59

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды

Шайлоодо бир айлык үгүт иштери башталды. Бүгүн 15 партиянын өкүлдөрү менен Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосунда өз ара кызматташуу меморандумуна кол койюлду. Анда партиялар ортосунда мыйзамдуулукту сактап, ачык жана таза жол менен талапкер катары ат салышууга убада берилди. Ошондой эле боршайкомдун өкүлдөрү талапкерлерди үгүт маалындагы эрежелер менен тааныштырды. Үгүт өнөктүгү 3-октябрга чейин уланат. 4-октябрь шайлоо күнү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

"Бүтүн Кыргызстан" жана лидери Мадумаровдун жолу болбогон учурлары

"Бүтүн Кыргызстан" ушуну менен үч ирет ЖК шайлоосуна аттанды. Алгачкы эки аракети ийгиликсиз болсо, бул сапар БШК аны депутаттык жарышка кое бербей койду. Лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого да катышып, бирок атаандаштарынан бир топ артта калган.Түндө, 3-сентябрда, Борбордук шайлоо комиссиясы аталган саясий бирикменин талапкерлерин каттоодон баш тартты . Ага БШКга түшкөн тизме партиянын съездинде кабыл алынган тизмеге дал келбей калышы себеп болгон. Шайлоо комиссиясы аларды каттоодон баш тарткандыгын жана талапкерлерди тандоодогу добуш берүүдө мыйзам бузуу фактылары катталгандыгын айткан. Анткен менен партия лидери Мадумаровдун бир канча ийгиликсиз учурлары болгон. Албетте, бирок алар кечээкиден айырмаланып, шайлоого кое берилбей калган учурлар эмес эле. Добуш берүү боюнча маалыматтар БШКнын сайтынан алынды. Жогорку Кеңешти шайлоодо канча партия ат салышары белгилүү болду. Тизме Чабалдардын арасындагы алгачкылар же Жогорку Кеңештин астанасындагы эки учур 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо мандат алыш үчүн эки шартты аткаруу керек эле. Алар — бардык шайлоочулардын добушунун беш пайызын (добуш бергендердин эле эмес) алуу жана 0,5 пайызды ар бир облустан камсыздоо зарылдыгы турган. Жыйынтыгында "Бүтүн Кыргызстан" алтынчы орунду ээлеген, ал эми ЖКга алдыдагы беш партия келген. Мадумаровдун саясий биримдигин 139,5 миң адам же болбосо бардык шайлоочулардын 4,9 пайызы колдогон. Ошентип парламентке келүү үчүн 0,1 пайыз жетпей калган. Бул көрүнүштөн соң "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен Мадумаров шайлоо мыйзамсыз өттү деп жарыялап, ал эми тарапташтары добуштарды кайра саноо талабы менен нааразылык акциясына чыккан. БШК талаптарды аткаруудан баш тарткан. Беш жыл өткөндөн соң алар белгилүү бизнесмен Аскар Салымбековдун "Эмгек" партиясы менен бириккен. Бул сапар шайлоодогу босого жети пайыз эле, алар 8 пайыз алышкан. Бул сапар "Бүтүн Кыргызстан Эмгектин" ийгилиги жөнөкөйүрөөк болду. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" саясий партиясы мурдагыдан да артта калып, эми жетинчи орунду ээлеген. Добуш бергендердин саны азайып, алты пайызын алган (97,9 миң). Партия Ош жана Жалал-Абад облустарындагы шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын санай келгенде 37 миң добуштан айырмачылык тапкандыгын билдирген. https://sputnik.kg/politics/20151014/1019287890.html Партиялар шайлоого канча акча коротту. "Кыргызстан" 40 млн. сомдон кол жууду Ошентип "Бүтүн Кыргызстан" эки ирет парламентке өткөн жок. Экөөндө тең бир аз пайыз жетпей калды. Мадумаровдун спикерлиги жана президенттик жарышта үчтүккө кирбей калган учур Бирок Мадумаровдун шайлоодон такыр эле жолу болбой калды деп айтууга да болбойт. Ал төрт чакырылыштын депутаты болду (биринчиден төртүнчүгө чейинкисине көз чаптырсак, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин акыркы чакырылышын "легендарлуу парламент" катары катар санга кирбестигин эстеп коелу). Тагыраагы, 2007-жылы президенттик "Ак Жол" партиясына кирип, акыркы ирет ЖКга барып, ал тургай спикер да болгон. Бирок бул кызматта көпкө кармалган эмес, 2008-жылдын январынан майына чейин гана турду. Отставкага себепкер "жаңгак кабынын" чыры болду. Мадумаров парламенттин жыйындар залын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, аны жаңгак кабы менен жасалгалоого ниеттенген. Бул кадам жөнөкөй жарандардан тарта депутаттардын өздөрүнүн да нааразылыгын жараткан. Жыйынтыгында, Мадумаров спикерлик эле эмес, манданттан баш тартууга аргасыз болгон. Мадумаров: саясатта кыргыз жигиттерине караганда айымдар туруктуу 2011-жылы бул саясатчы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду ээлеген. 274,9 миң добуш берилип, 14,8 пайызды алган. Дагы бир атаандашы Камчыбек Ташиевден жарым пайызга алдыга чыккан. Ал эми мамлекетти башкаруу Алмазбек Атамбаевге буюруп, ал добуштардын 62 пайызына ээ болгон. 2017-жылы Мадумаров кайрадан шайлоого аттанды. 110,3 киши колдоп, 6,57 пайыз добуш алды. Ал шайлоодо үчүнчү орунга жетти, президент Сооронбай Жээнбеков болуп, шайлооодон жеңилген Өмүрбек Бабановдон кийин турган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде тыюу салынган 10 учур. Тизме

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн кызуу убак башталды. Шайлоо үгүт иштери бүгүндөн тарта старт алып, бир айга созулат.Бул маалда талапкерлер жана шайлоого катышкан партиялар эрежелерди бекем сактоого тийиш. Жаза тайган бир аракет же бир сөз шайлоо өнөктүгүнөн четтетилип калышына себеп болушу мүмкүн. Sputnik Кыргызстан талапкерлерге жана партияларга белгиленген мезгил аралыгында эмнелерге тыюу салынганын эскертип коюуну туура көрдү. Бүгүн, 4-сентябрдан тарта, Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт иштерине расмий түрдө уруксат берилди. Ат салыша турган саясий партиялар шайлоочуларды тартуу үчүн өз шайлоо кампанияларын баштайт. Бул ишмердикке туура бир ай берилген, ал добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулууга тийиш. Жогорку Кеңешти шайлоодо канча партия ат салышары белгилүү болду. Тизме Үгүт иштеринде талапкерлер "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Конституциялык мыйзам менен бекитилген эрежелерди бекем сактоого милдеттендирилет. Шайлоо өнөктүгүндө талапкерлер так билүүгө тийиш болгон урунттуу учурларды топтодук. Үгүт иштери деп: тигил же бул бир талапкерге же ага каршы добуш берүүгө үндөө; кайсы бир талапкер же партияларга артыкчылык берүү менен белгилөө; талапкерлерди шайлоо же аларды шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндоо; талапкерлердин кызматтык милдеттерине байланышпаган ишмердиги боюнча маалымат жайылтуу болуп саналат. Үгүт иштерин баракча таратуу, коомдук иш-чараларды (митинг, жыйын, дебат) өткөрүү жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүүгө болот. Стадион жана көчөлөрдөгү концерт жана оюндар, ошондой эле спорттук иш-чаралар буга кирбейт. Үгүт иштеринин башкача түрлөрү болушу мүмкүн, башкысы мыйзам чегинде болуусу кажет. Үгүт иштери талапкерлерди чыгарган партиянын шайлоо фондунан гана каржыланарын көңүлгө бекем түйүп алган оң. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоого катышуудан четтетилди Шайлоо өнөктүгүндө эмнелерге тыюу салынат? Шайлоо белгиленген учурдан тарта шайлоочуларды сатып алуу аракеттерине тыюу салынат. Кеп мында акча таратуу жөнүндө гана эмес, муну менен катар: белек-бечкек же башка материалдык баалуулуктарды тартуу кылууга; товарларды арзандатуу акцияларын өткөрүүгө; басып чыгарылган үгүт материалдары, белги, партиянын символикасы түшүрүлгөн футболка же башка буюмдардан тышкаркы бардык товарларды бекер таратууга; кайтарымсыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат. Иш акысы эгер эмгек мамилесинин чегинде, жазуу түрүндө катталып, шайлоо фондунан төлөнгөн болсо, ал добуш сатып алуу болуп эсептелбейт. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жолдошу/жубайы жана партиялардын өкүлдөрү кайрымдуулук менен алектене алышпайт. Буга шайлоо белгиленген учурдан анын жыйынтыгы жарыяланганча тыюу салынат. Улуттук, диний жана башка кастыкка чакырган социалдык артыкчылыкты үгүттөөгө, бийликти басып алуу жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга үндөөлөргө, согушту пропагандалоого, маалымат каражаттарында чагылдыруу менен бөлөк өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлери жана саясатчыларынын катышуусунда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле алар менен чогуу түшкөн сүрөт жана видеоматериалдарды пайдаланууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануунун башка формаларына тыюу салынат. Мындай эреже бузууда Борбордук шайлоо комиссиясы партиянын каттоосун жокко чыгарып коё алат. Шайлоо кампаниясына катышкандардын баары атайын жалган маалыматтарга таянган жана талапкерлердин же партиянын абийирине, ар-намысына, ишмердик беделине доо кетирчү материалдарды чыгарууга жол бербөөгө тийиш. Үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн эфирдик убакытты, басып чыгарылчу продукцияны жана аянтчаны талапкер же партия атаандаштарын каралоого колдоно албайт. Үгүт жүргүзүүгө жана ушул өңүттөгү материалдарды чыгарууга төмөнкүлөргө тыюу салынат: мамлекеттик кызматкерлер жана мамлекеттик саясий кызматтарды (ЖК депутаттарынан тышкары), атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды (жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан сырткары) аркалагандар; шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар (анын ичинде эл аралык); диний ишмерлер; кайрымдуулук уюмдарынын негиздөөчүлөрү жана мүчөлөрү; жашы жете электер; чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар. Шайлоо: Россиядагы мекендештер 11 жерден добуш бере алат. Тизме Эстеликтер жана тарыхый, маданий жана архитектуралык баалуулукка ээ имараттарга, шайлоо комиссияларына, добуш берүү үчүн бөлүнгөн жайларга үгүт материалдарын илүүгө болбойт. Ошондой эле бак-дарак, тоо чокуларына, тоо бооруна, төш-дөңсөөлөр жана башка табигый бийиктиктерге да кандай түрдө болбосун үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынат. Баштапкы маалыматтары (буюртмачынын аты-жөнү, даярдаган уюмдун аталышы жана башка маалыматтары) көрсөтүлбөгөн үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт. Кыргызстандагы чет өлкөлүк маалымат каражаттарында үгүт жүргүзүлбөйт. Ошондой эле үгүт материалдары өлкө чегинен тыш даярдалбайт. Бүт өлкөгө көрсөтүлчү дебат жана ушул өңдүү иш-чараларга партиялардын өкүлдөрү жана колдоо тобу киргизилбейт (талапкерлер жеке катышууга тийиш). Дагы бир урунттуу учур: үгүт материалдарынын бирден кем эмес пайызы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн даярдалышы абзел (сурдокотормо, Брайль шрифти же башка атайын каражаттар). Шайлоо өнөктүгү маалында негизги тыюу салуулар ушулар. Шайлоо кампаниясында дагы эмнелерге тыюу салынганы туурасында КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамды барактоо менен тааныша аласыздар.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды

Шайлоого, тагыраагы, 4-октябрга бир сутка калганда партиялар үгүт иштерин токтотушу зарыл. Бул мыйзамда каралган.БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүттөө иштери башталды. Үгүт иштери туура бир айга созулат. Шайлоого, тагыраагы, 4-октябрга бир сутка калганда партиялар бул ишти токтотушу зарыл. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган 15 саясий партияны каттады. Алар: "Ата Мекен"; Афганистан согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук конфликттердин катышуучуларынын саясий партиясы "Бир Бол"; "Замандаш"; "Мекен Ынтымагы"; "Мекенчил"; "Ыйман Нуру"; "Республика"; "Реформа"; "Ордо"; "Мекеним Кыргызстан"; "Социал-Демократтар"; "Биримдик"; "Кыргызстан"; "Чоң казат". Коопсуздук кеңеши: партиянын пайдасына иштеген аткаминер жазаланат Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" жана "Актив" партиялары эреже бузгандыктан, шайлоого катышуудан четтетилди . Эске салсак, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники