О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
1 октября 2020 г. 0:34

(Фото) “Мекенчил” Үч-Коргондо. К. Ташиев: "Мага ишенген элимдин берген ар бир добушун коргоп алам!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Кадамжай районуна барды. Мага ишенген элимдин берген ар бир добушун коргоп алам! Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Мен Кыргызстанды түрө кыдырдым. Партиянын программасын айтып түшүндүрүү үчүн сапарга чыкканым менен башкы максатым элди-журтту көрүү, акыбал-шартына баам салуу болду. Кайсы аймактын эли эмне менен алектенип жатышат, мамлекеттин кандай социалдык маселелери бар – баарын байкадым. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң коррупцияга кирип кеткенибизди да көрдүм. Кайда барбайын добуш сатуу жана сатып алуу күчүндө экен. Акча сунуштаган партиялар болбой эле акча берип жатса, силердин албай койгонго мүмкүнчүлүгүңөр калбаса – анда ал акчаны адалдап алгыла! Анын жолу – ал партия силерден алган акчанын бир кичинекей бөлүгүн кайтарды, өзүңөрдүн акчаңар өзүңөргө келди. Андыктан анын алдында өзүңөрдү милдеттүүмүн деп эсептебегиле! Шайлоо күнү добуш сатып алган партияга эмес, ниетиңерге туура келген, ушул партия парламентке барса мамлекетте жакшы жылыш болот, биздин укугубуз корголот деп ишенген адамыңарга добуш бергиле! Мен мага ишенип, колдогон элимдин ар бир добушун коргоп алам! Добуштардын жыйынтыгын бурмалоо, дагы бир бузуку иштер болсо, аягына чейин чыгам! Ар бир жарандын ишеними мага чоң күч! Мен бул күч менен чындыкты, акыйкаттуулукту табам!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

Шайлоого эмне максат менен бара жатасыз? Же сизге дебат эле кызыкпы? Партия лидерлери бири-бирине суроо узатты

Бүгүн, 30-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясында парламенттик шайлоого талапкер партиялардын дебаттары уланды. Ага «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, «Ыйман нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков, «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев катышты.Анда “Бир бол” партиясы “Мекен-Ынтымагына”  “сиз дагы парламенттик шайлоого 2-3 жолу аттанып жатасыз. Сиздин программаңызды көргөн дагы, уккан дагы жокмун. Шайлоо башталганда пайда болосуз, анан 5 жыл жоголосуз. Шайлоого эмне максат менен бара жатасыз? Же сизге дебат эле кызыкпы?”деген суроо узатты.“Мекен-Ынтымагынын” лидери  “коомдук кызыкчылыкты коргой турган системди программа түрүндө жазып, элге ошонун маанисин жеткирүүгө аракет кылып келе жатам. Программа боюнча сиз БШКнын сайтын ачсаңыз бардыгы толук илинип турат. Ичинде бардык маселелер бар” деген жооп кайтарды.Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага жалпысынан 16 партия ат салышып жаткан чагы.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

«Республика» шайлоодон жеңсе, премьерликке Бабанов сунушталат

«Республика» партиясы парламенттик шайлоодон жеңип чыкса, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин сунуштайт. Бул тууралуу партия лидери Мирлан Жээнчороев КТРКдагы дебат учурунда билдирди. “Ал премьер-министр болуп турганда өлкө боюнча 91 мектеп курулган, ИДП өскөн. 44 өлкө менен болгон виза алынып салынган”, – деди ал.Эске салсак, Бабанов саясаттан кеткенин жар салып, партия лидерлигин тапшырып берген. 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын сентябрына чейин өкмөт башчы болгон.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

Шайлоо-2020: КТРКдагы түз эфирдеги дебат учурунда электр жарыгы өчүп калды

30-сентябрда КТРКнын түз эфиринде саясий партиялардын лидерлери катышкан дебат өтүп жатканда электр жарыгы өчүп калды.Жарык өчкөн учурда «Кыргызстан» партиясынын талапкери Асел Атабекова сүйлөп жаткан.Дебат кечки саат 20.00дө башталган, үчүнчү раундда, саат 21.50 чамасында жарык өчтү.Бүгүн Коомдук каналдагы дебатка «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, «Ыйман нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков, «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек  Асанбеков, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев, «Кыргызстан» партиясынан Асел Атабекова катышышты.Жарык 15 мүнөттөн кийин күйдү.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

Ачык айт: «Баарына каршылар шайлоону өзгөртөбү?» (Түз эфир)

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Бирок коомдо бир да партияны колдобогондор да көбөйдү. Баарына каршы кыймылы да түзүлө калды.Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого карата элдин маанайы терс. Мындай көрсөткүчтөрдү маалымат каражаттары жана ар кандай уюмдар жүргүзгөн сурамжылоодон байкоого болот.2015-жылкы парламенттик шайлоодо 12 500 шайлоочу баарына каршы добуш берсе, 2017-жылкы президенттик шайлоодо 13 талапкердин ичинен 12 300 добуш менен 4-орунга чыккан.«Баарына каршылар шайлоону өзгөртөбү?», деген теманын катышуучулары: жарандык акивистер Адиль Турдукулов жана Азамат Аттокуров.Бул макала “Демократия үчүн Европалык өнөктөштүк”, “Жергиликтүү демократиянын Европа ассоциациясынын ” (ALDA) колдоосу менен даярдалды. Макаланын мазмунуна GovoriTV мультимедиялык агенттиги жооптуу жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

Кайрат Осмоналиев: Шайлоо күнү БШК сайтына хакердик чабуул болушу мүмкүн

2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо шайлоо серверине 40 миң жолу хакердик чабуул болгон. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссияссынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев “Маралдын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал алдыда боло турчу парламенттик шайлоодо да ар кандай чабуулдарды күтүүгө болорун айтат. «2017-жылкы президенттик шайлоо күнү болжол менен 40 миңдей хакердик чабуул болгон. Бирок система ага туруштук берген. Эртеңки шайлоодо дагы чабуул болбой койбойт. Системабыз заманбап, аны тестирлөөдөн өткөрүп жатабыз, андай чабуулдарга каршы тура алат деп ойлойм», — деди Осмоналиев. Ал ар кандай кокустуктардын жана коркунучтардын алдын алуу максатында ар бир участокторго кошумча интернет, электр энергиясын чыгарып берүүчү генераторлор жеткирилгенин кошумчалады. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партия катышып, 3 жарым миллиондой жаран шайлоого катыша алат.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

Кыргызстанда жарым миллиондой адамдын добуш берүү укугу жок

Кыргызстанда шайлоодо добуш бер үү укугу жок адамдардын жалпы саны жарым миллионго жакын . Бул тууралуу 30- сентябрда «Азаттыкка» м амлекеттик каттоо кызматы кабарлады . Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоого туруу укугу бар 437 миң 384 кыргыз жараны мындай каттоодон өтө элек жана эски үлгүдөгү ID паспорт менен жүрөт. Мыйзам боюнча мындай жарандар шайлоого катыша алышпайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебинде, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллионго жакын. 16 жаштан жогору курактагы жарандарды биометрикалык каттоого алуу тууралуу мыйзам 2014-жылдын июль айында кабыл алынган. Каттоону мамлекеттик каттоо кызматы бекер жүргүзөт. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:46

Келечек үчүн добуш бер!

Келечек үчүн добуш бер! "Кыргызстан" үчүн добуш бер! __________ Голосуй за будущее! Голосуй за "Кыргызстан"!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 11:35

Шаршенбек Абдыкеримов

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Шаршенбек Абдыкеримов тууралуу фактыларды сунуштайбыз: 1. Евразияда, Түндүк жана Түштүк Америкада жайгашкан бардык өлкөлөрдү кыдырган. Антарктидага, Борбордук Африкага жана Австралияга барууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Австралиядан асыл тукумдуу малдарды алып келмек, бирок, COVID-19дун кесепетинен улам бара албай калган; 2. Өспүрүм кезинде патриоттук ырларды жакшы көрчү. Студент болуп жүргөндө 80-90 жылдардагы ырларды укчу. Казакстанда иштеп баштагандан тартып кыргыздын элдик ырларына көнүл буруп, ошондон бери өзгөчө баа берип угуп келет; 3. Балалык чагынын дээрлик бардыгын кой кайтарып, чоң энеси менен кийиз жасап, шырдак шырып жайлоодо өткөргөн. Бул аны бардык тараптан ийгиликтүү болууга шыктандырчу. Чоң энеси: “Окуп жатсаң, жакшы оку! Эгер бир нерсе жасап жатсаң, майын чыгара жаса! Жан дүйнөсү кенен адам бол!” – деп айтчу; 4. Көптөгөн ишканаларды ачып, ар кандай долбоорлор менен иштешип келет, бирок азыркы учурга чейин санарип технологияларды колдонбойт; 5. Жаш кезинен бери эле китеп окуганды жактырат, өзгөчө тарых китептерине кызыгат. Акыркы бир жыл ичинде Олег Тиньков менен Стив Жобстун эмгектерин окуган; 6. Мектепте окуп жүргөндө шахмат боюнча облустун чемпиону болгон, башталгыч класстын окуучулары үчүн шахмат жана шашки ийримин жетектеген; 7. Студент кезинен баштап иштеп, алгач жашылча базасында жашылча сорттогон. Жайкысын студенттик отряддын коштоочусу болуп иштеген; 8. Кыргыз тилиндеги жакшы көргөн макалдары: “Жакшылык кылсаң айтпа, айтсаң кылба!”, “Акча табылат, көңүл табылбайт!”; 9. Биринчи авто унаасы – ВАЗ-2108 “Спутник” үлгүсундөгү авто унаа, экинчиси - ВАЗ-21099 “Спутник”, андан кийин “Мерседес-Бенц W124” сатып алган. Азыркыга күнгө чейин “Мерс” үлгүсүндөгү авто унаалар менен жүрөт; 10. Советтик кинолорду, Француздардын жана Америкалыктардын комедияларын, тарыхый жана чыныгы окуяларга негизделип тартылган фильмдерди көрөт; 11. Күрөш федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиада комитетинин президенти; 12. Жаңы долбоорлорду алгач өзү жетектейт, обьекттин курулушун, өндүрүш технологиясын, маркетингди көзөмөлдөп, жаңы команда топтоп, өзү окутуп үйрөтөт. Качан гана жумуш өз ыргагына түшкөндө, аткаруучу директор дайындайт; 13. Жакшы көргөн спорттун түрү – шахмат жана күрөш; 14. Мектептеги жакшы көргөн сабактары – тарых, география жана адабият болгон; 15. Дүйнөдөгү эң мыкты жер кыргыз тоолору деп эсептейт. Тоолордон жакшы - тоолор гана болушу мүмкүн!!! ____________ В рамках рубрики #НашКандидат представляем вашему вниманию факты о Шаршенбеке Абдыкеримове: 1. Посетил все страны, расположенные в Евразии, Северной и Южной Америке. Не довелось побывать в Антарктиде, Центральной Африке и Австралии. В Австралию не успел съездить из-за COVID-19, а собирался привезти оттуда племенной скот; 2. В детские и юношеские годы любил патриотические песни. Будучи студентом, слушал «дискотеку 80-х и 90-x». Когда начал работать в Казахстане, полюбил кыргызские народные песни и с тех пор отдает им предпочтение; 3. Почти все детство провел на джайлоо, где пас овец, помогал бабушке валять кийиз и шить шырдаки. Она же привила ему мечту быть успешным во всем. Бабушка говорила: «Если учишься, учись на отлично! Если занимаешься чем-то, сделай все качественно! Будь человеком широкой души!»; 4. Успел открыть десятки предприятий, занимается различными проектами, однако пока руки не дошли до тех, что касаются цифровых технологий; 5. С детства любит читать, особенно исторические книги. За последний год прочитал труды Олега Тинькова и Стива Джобса; 6. В школьные годы был чемпионом области по шахматам, вел кружок по шахматам и шашкам для учеников младших классов; 7. Начал работать в студенческие годы. Первая работа – сортировщик овощей на овощной базе. Летом работал проводником в студенческих отрядах проводников; 8. Любимые поговорки на кыргызском языке: «Жакшылык кылсаң айтпа, айтсаң кылба!» (Сделал добро, молчи!) «Акча табылат, көңүл табылбайт!» (Деньги заработаешь, а отношения былого не вернешь); 9. Первая машина – ВАЗ-2108 «Спутник» («восьмерка»), потом ВАЗ-21099 «Спутник» («99-я»), затем «Мерседес-Бенц W124». С тех пор ездит только на «Мерсах»; 10. Смотрит советское кино, французские и американские комедии, исторические фильмы и фильмы, основанные на реальных событиях; 11. Является президентом Федерации спортивной борьбы и Национального Олимпийского Комитета Кыргызской Республики; 12. Новым проектом сначала руководит сам, начиная от строительства объекта, технологии производства и заканчивая маркетингом, продвижением продукта, сам набирает команду, обучает ее. Когда работа поставлена, назначает исполняющего директора; 13. Любимые виды спорта - шахматы и борьба; 14. Любимыми предметами в школе были история, география и литература; 15. Лучшим местом в мире считает кыргызские горы. Лучше гор могут быть только горы!!!

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:35

«Социал-демократтар» партиясы «Бүтүн Кыргызстандын» шайлоодон четтетилишин сындады

«Социал-демократтар» партиясы «Бүтүн Кыргызстандын» шайлоодон четтетилишин сындады. Партия бул тууралуу 7-сентябрда тараткан билдирүүсүндө маалымдады. Анда «Социал-демократтар» саясий партиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоо жарышынан чыгарып салуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин кескин сындай турганы жазылган: «Олуттуу электораты бар абройлуу оппозициялык партиянын шайлоо жарышынан четтелиши — келечектеги парламенттин легитимдүүлүгүнө жана анын сапатына терс таасирин тийгизет. Бийликтин аракеттерине сын айткан саясый күчтөрдүн жана алардын электоратынын үнү парламентте угулбай калышы жалпы бийлик бутактарына элдин ишенимин азайтат». «Социал-демократтар» партиясы билдирүүсүндө бардык бийлик бутактарын шайлоонун адилеттүү өтүшүнө салым кошууга чакырган. Ошондой эле ачык, таза шайлоону камсыз кылуу үчүн оппозиция-позиция деген кош стандарттуулукту токтотууну, «Бүтүн Кыргызстан» партиясына карата адилеттүү чечим чыгарууну талап кылган. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрылган. Партиянын арызы 7-сентябрда каралары маалым болгон. Буга чейин БШКнын чечимин «Реформа» партиясы жана «Саясий репрессияларга каршылык комитети» сындап чыккан. Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:38

ЖАЛАЛ-АБАД: 448 ШАЙЛОО УЧАСТКАСЫ ДАЯРДАЛДЫ

4-октябрда өтүүчү шайлоо өнөктүгүнүн алкагында облуста 643 миң 774 шайлоочу катталды. Ал эми №2 формасын толтуруп 58 миң 59 жаран шайлоо дарегин өзгөрткөн. Мында аймактагы жергиликтүү бийликтер тарабынан мекемелер керектелүүчү зарыл жабдыктар жана коммуникациялык байланыш каражаттары менен камсыздалды. Аны менен бирге күч түзүмдөрү тарабынан коомдук коопсуздук көзөмөлгө алынат. Керек учурда жарандардын ден соолугуна кам көрүү үчүн участкаларда медицина кызматкерлери жардам көрсөтөт. www.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:38

"Шайлоо башталганда пайда болосуз, кайра 5 жыл жоголосуз же сизге дебат кызыкпы?" Партиялардын лидерлери бири-бирине суроо беришүүдө

"Ыйман-Нуру" партиясынан "Бир бол " партиясына суроо: "Партиянын аталышын түшүндүрүп берсеңиз? Жооп: "Ыйман жоопкерчилик, ишеним дегенди билдирет". "Динде 5 багыт бар. Ыймандуулук бул жүрөк менен. Партиянын атын ушундай атап, ар кандай нерсе болгондо шек келтирип алабыз деп коркпойсуңарбы?" Жооп: "Кээде сен каалабагандай болуп калат. Биз ыймандуубуз, тазабыз дегенден Кудай сактасын. Атыбызга затыбызды жараштырганга аракет кылабыз". "Балдарыбыз ыймандуу болуш үчүн мектептен башташ керек. Буга кандай карайсыңар?" Жооп : "Светтик өлкөбүз. Бирок ошол эле Америкада дин таануу сабактары кирет. Ошол үчүн бул маанилүү. Рахмат, келечекте сиз экөөбүз иштешет окшойбуз". “Бир Бол” партиясынан “Кыргызстан” партиясына суроо: “Сиздер өндүрүш, ишкерлик боюнча басым жасап жатасыздар. Жогорку Кеңеш эмне иш кылышы керек?” Жооп: "Жогорку Кеңеш биринчи кезекте мыйзам чыгаруучу орган. Биз тишибиз ооруса тиш дарыгерине барабыз. Өндүрүш боюнча тажрыйбабыз бар. Бул туура мыйзамдарды жазууга чоң жардам берет. Бул мактана турган нерсе. Биз чоң салымды жасап жатабыз. Чечүү жолдорун көрүп жатабыз. Биздин мамлекетке тажрыйба керек". "Мекен-Ынтымагы" партиясынан "Республика", "Кыргызстан", "Бир бол" партияларына суроо: " Азыркы учурда, партиянын лидерлери, 4-жолу депутаттык шайлоого аттанып жатасыңар. Силердин моралдык жактан депутаттык шайлоого аттанууга укугуңар барбы? "Бир бол" партиясынан жооп: "Мен 30 жылдын акыркы 10 жылында депутаттык кызматты аркалаган кызматкер жана өзүм ушул системдин курмандыгы, туткуну болгон катары 100 системдин 97си жаңы жүздөр. Заманбап билимге ээ болгон өзүнүн тармактарында ийгиликке жеткен адамдарды алып кетип жатам. Мен ушуларды алып барып, тарыхый миссиям эскирген системди жаңылоо, түп тамырынан бери жок кылуу. Жаңы Кыргыз өлкөсүнө татыктуу келечекти арноо. Сиз айтышыңыз мүмкүн "эмне үчүн аны убагында жасаган жоксуз" деп, аны жасагандарга аракет кылгандардын бири менмин, жалгыз болбосом дагы биз азчылык болуп келдик. Качан болсо, биз кнопкадан утулуп келдик. Сиз айтып жаткан сунуштарды биз сунуштаганбыз. Форма-2ге каршы чыккандардын биримин. Каршы добуш дагы бергем. Мына бүгүн форма-2нин азабын көрүп жатабыз". "Бир бол" партиясынан "Мекен-Ынтымагы" партиясына суроо: " Сиз дагы парламенттик шайлоого 2-3 жолу аттанып жатасыз. Сиздин программаңызды көргөн дагы, уккан дагы жокмун. Сиз шайлоого эмне максат менен бара жатасыз? Же сизге дебат эле кызыкпы? Шайлоо башталганда пайда болосуз, анан 5 жыл жоголосуз". Жооп: "Өзүңөр системге каршы чыгам деп айттыңар. Анан бардыгын курмандыкка чалып жаткан системге кирип мен эми жинди эмесмин да. Ошо башка коомдук кызыкчылыкты коргой турган системди программа түрүндө жазып, элге ошонун маанисин жеткирүүгө аракет кылып келе жатам. Программа боюнча сиз БШКнын сайтын ачсаңыз бардыгы толук илинип турат. Программанын ичинде бардык маселелер бар. Аны сизге китеп кылып деле берүүгө даярмын". 22:11 30-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова, Жылдыз Джускембаева, Айжанар Рыспек кызы

Подробнее
30 сентября 2020 г. 17:20

Сокулук району

Сокулук району Алдыга жолду тандады! Республика №14✅

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:38

Парламенттик шайлоого аттанып жаткан партиялардын лидерлеринин теледебаты үзгүлтүккө учурады

Бүгүн, 30-сентябрда партия лидерлеринин теледебаты өтүүдө. Дебатка беш партиянын лидерлери катышууда. Алар: "Мекен-Ынтымагы" - Темирбек Асанбеков , "Бир бол" - Алтынбек Сулайманов, "Ыйман-Нуру" - Нуржигит Кадырбеков , "Кыргызстан" - Асель Атабекова , "Республика" - Мирлан Жээнчороев . Талапкерлер бири-бирине суроо берип жаткан учурда теледебат үзгүлтүккө учурады. Түз эфир жарык өчүп калганына байланыштуу токтотулуп калды. Бир аздан соң дебат кайра уланды. "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов "Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Асель Атабековага суроо узатып жаткан. 22:05 30-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева, Айсалкын Качкынбекова, Айжанар Рыспек кызы

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:38

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасында өлкөнү Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга айлантуу үчүн жаңы идеялар бар"

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. "Мекеним Кыргызстандын" шайлоо алдындагы программасында акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолунда каралган. Санарип каганат Акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолунда байкаларлык алдыга жылды. Коронавирус пандемиясы менен карантин шарты ар бир үйгө жана бизнеске санарип технологияларды киргизүү жараянын болушунча тездетти. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын бул процессти мындан да тездетип, Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик деңгээлде, анын ичинде электрондук өкмөттө санариптештирүү чөйрөсүндөгү амбициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, бардык мамлекеттик органдардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин арасында санариптик технологиялар боюнча маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу. Мамлекеттик сектордо иштегендер жана иштөөнү каалагандар үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуу керек. Азыркы реалдуулукта колдонуучу катары компьютер кучактап отуруу жетишсиз. – Өлкөнү бүтүндөй интернеттештирүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу. Интернет арзан жана ар бир адамдын колу жеткидей болушу керек; – Санарип трансформация боюнча инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу; – IT тармагындагы бизнестин бардык түрлөрү үчүн максималдуу либералдашууну камсыз кылуу. – Жалпы IT-инфраструктурасын пайдаланууну, ачык маалыматтарды жана маалымат алмашууну, электрондук төлөөлөрдү жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу; – IT чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды карап чыгып, болгон кемчиликтерди жоюу жана зарыл болгон учурда жаңы мыйзамдарды кабыл алуу; – Интернет-маркетингинен тарта QA-инженерлерине чейинки IT тармагындагы кесипкөй адистерди көбөйтүү боюнча мамлекеттик тапшырма коюу. Ар кайсы деңгээлдеги билим берүү мекемелериндеги бул адистиктер мамлекеттик деңгээлде колдоого алынышы керек; – ЕАЭБ линиясы менен Бишкекте санариптешүүнүн глобалдык тенденциялары жана анын негизги чакырыктары боюнча форум өткөрүү. Мындай форум жыл сайын өтүп, бара-бара ал санарип жаатында кыргыз Давосуна айланышы мүмкүн. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 18:20 30-09-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники