О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
1 октября 2020 г. 0:31

Рамис Мамбеталиев: “Тоо-кен тармагындагы келишимдер жөнгө салынат”

“Кыргызстанда өндүрүш жана айыл чарба тармагына басым жасоо менен экономиканын өнүгүүсүнө салым кошсо болот”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Рамис Мамбеталиев Талас жергесинде болгон үгүт кербенинде айтты. “Өлкөбүздө мактана тургандай тармак жокко эсе. Нефть, газ сыяктуу байлыктарыбыз да жок. Биз өндүрүшкө, айыл чарбага, билимге, маданиятка көңүл бөлүп, бул тармактарды өнүктүрүшүбүз керек”, – деди талапкер. Ал партиянын программасында айыл чарба министрлигин оптималдаштыруу, инновацияларды киргизүү, ошондой эле айыл чарба кооперативдерине мамлекеттик колдоо көргөзүү программасын иштеп чыгуу каралганын кошумчалады. Рамис Мамбеталиев тоо-кен тармагынын абалы тууралуу кеп козгоду. “Тоо-кен өтө татаал тармак. Аны иштетиш үчүн ири суммадагы акча керек. Инвестиция тартуу көп эмгекти жана убакытты талап кылат. Бирок, инвесторлор менен келишим түзүп иштешкен күндө деле жергиликтүү эл буга нааразы. Буга кен байлыктардын мамлекетке пайдасы тийбегендиги, эл аралык экологиялык нормалардын сакталбагандыгы жана ал жерде иштеген кызматкерлердин эмгек укугу корголбогондугу себеп”, – деди ал. Рамис Мамбеталиев партия шайлоодон ийгиликтүү өтүп калса, биринчи кезекте тоо-кен тармагы элдин пайдасына иштей тургандыгын убада кылды. “Тоо-кен тармагындагы келишимдер, экологиялык долбоорлор, эмгек мыйзамдары жана ички тартиптер жөнгө салынат”, – деди ал. Бир Бол! №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 30-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:31

«Бир Бол» – калктын колдоосуна жана ишенимине ээ болгон партия – видео

“БИР БОЛ” партиясы курамын илим-билимге жетишкен, тажрыйба топтогон жаңы жүздөр менен 95% жаңыртып, атаандаш партиялар арасында өзгөчө экенин көргөздү. Муну менен элдин жаш жана жаңы жүздөр келсин деген талабын иш жүзүндө аткарды. Шайлоо алдындагы платформасында куру популизм эмес, чындап аткарыла турган пландарды коюп, эл арасында ишенимге ээ болду. Элге эмне керек? Эл билим берүү жана саламаттык сактоо жеткиликтүү жана бекер болуусун каалайт. “Бир Бол” бул талапты аткара алат. Анткени, ийгиликтүү иштеп кете турган реформа менен парламентке бара жатат. Эгер реформа ишке ашса бул эки тармактагы коррупция, башаламандык өзүнөн-өзү жок болот. Ишкерлерди текшерүүчү органдарды кыскартуу, салыктын көлөмүн азайтуу, аларга укуктук жардам берүү менен экономиканы алга сүрөсө болот. Программадагы ар бир пунктту бир болчулар өз тажрыйбалары, талдоолорунун негизинде жазып, көп талкуудан өткөрүшкөн. Бир болчунун парламенттеги портрети билимдүү, маданияттуу, тажрыйбалуу, жаңычыл жана жаратман болсо, “Жаңы реформалардын мезгили” программасынын мазмуну жана аткарыла турган кадамдар элдин жаркын келечегин элестетет. Партиядан талапкерлер өлкөнү түрө кыдырып, Чүй, Ош, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Баткен жана Ысык-Көлдүн булуң-бурчунда болушуп, ой-максаттарын эл менен бирге талкуулап жатышат. Эл арасындагы ойлор, пикирлер өзгөрдү. Бир партиянын ичинде жаңычылдык жаратып, аны толугу менен жаңыртып, өзгөртө алган адамдар бүтүндөй бир өлкөнү, системаны да өзгөртүп, жаңырта алышаарына ишеним пайда болду. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 30-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 11:42

Мыйзам барына бирдей иштеш керек!

Теледебат КТРК. Мыйзам барына бирдей иштеш керек!

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:31

Кыргызстанда жарым миллиондой адамдын шайлоодо добуш берүү укугу жок

Кыргызстанда шайлоодо добуш берүү укугу жок адамдардын жалпы саны жарым миллионго жакын. Бул тууралуу 30-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлаганын «Азаттык» жазды . Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоого туруу укугу бар 437 миң 384 кыргыз жараны мындай каттоодон өтө элек жана эски үлгүдөгү ID паспорт менен жүрөт. Мыйзам боюнча мындай жарандар шайлоого катыша алышпайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебинде, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллионго жакын. 16 жаштан жогору курактагы жарандарды биометрикалык каттоого алуу тууралуу мыйзам 2014-жылдын июль айында кабыл алынган. Каттоону Мамлекеттик каттоо кызматы бекер жүргүзөт. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоонун добуш берүү күнү болот.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:31

Жалал-Абад облусунда 500гө жакын шайлоо участкасы даярдалды

2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү парламенттик шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Жалал-Абад облусунда 643 миң 774 шайлоочу катталды. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, №2 формасын толтуруп 58 миң 59 жаран шайлоо дарегин өзгөрткөн. “Мында аймактагы жергиликтүү бийликтер тарабынан мекемелер керектелүүчү зарыл жабдыктар жана коммуникациялык байланыш каражаттары менен камсыздалды”, – деп айтылат маалыматта. Ошондой эле күч түзүмдөрү тарабынан коомдук коопсуздук көзөмөлгө алынат. Керек учурда жарандардын ден соолугуна кам көрүү үчүн участкаларда медицина кызматкерлери жардам көрсөтөт. Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. - Advertisement -

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:31

Жалал-Абад облусунда 448 шайлоо участкасы даярдалды

4-октябрда өтүүчү шайлоо өнөктүгүнүн алкагында облуста 643 миң 774 шайлоочу катталды. Ал эми №2 формасын толтуруп 58 миң 59 жаран шайлоо дарегин өзгөрткөн. Мында аймактагы жергиликтүү бийликтер тарабынан мекемелер керектелүүчү зарыл жабдыктар жана коммуникациялык байланыш каражаттары менен камсыздалды. Аны менен бирге күч түзүмдөрү тарабынан коомдук коопсуздук көзөмөлгө алынат. Керек учурда жарандардын ден соолугуна кам көрүү үчүн участкаларда медицина кызматкерлери жардам көрсөтөт. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:31

БШК шайлоону өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 29-сентябрындагы отурумунда «2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» 2020-жылдын 17-июлундагы № 134 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Чечимде, 1-пункттагы “447 726 500 (төрт жүз кырк жети миллион жети жүз жыйырма алты миң беш жүз)” деген сөздөр “449 583 700 (төрт жүз кырк тогуз миллион беш жүз сексен үч миң жети жүз)” деген сөздөргө алмаштырылсын деп айтылган. Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын 1 857 200 (бир миллион жети жүз элүү жети миң эки жүз) сом өлчөмүндө бекитти. Чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрында № 224 токтому менен бекитилген, Москва шаарынын аймагында кошумча түзүлгөн шайлоо участкасын ишин каржылоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып кабыл алынды. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:32

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасында Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстандын» шайлоо алдындагы программасында акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолуда каралган. Санарип каганат Акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолунда байкаларлык алдыга жылды. Коронавирус пандемиясы менен карантин шарты ар бир үйгө жана бизнеске санарип технологияларды киргизүү жараянын болушунча тездетти. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын бул процессти мындан да тездетип, Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик деңгээлде, анын ичинде электрондук өкмөттө санариптештирүү чөйрөсүндөгү амбициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, бардык мамлекеттик органдардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин арасында санариптик технологиялар боюнча маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу. Мамлекеттик сектордо иштегендер жана иштөөнү каалагандар үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуу керек. Азыркы реалдуулукта колдонуучу катары компьютер кучактап отуруу жетишсиз. – Өлкөнү бүтүндөй интернеттештирүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу. Интернет арзан жана ар бир адамдын колу жеткидей болушу керек; – Санарип трансформация боюнча инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу; – IT тармагындагы бизнестин бардык түрлөрү үчүн максималдуу либералдашууну камсыз кылуу. – Жалпы IT-инфраструктурасын пайдаланууну, ачык маалыматтарды жана маалымат алмашууну, электрондук төлөөлөрдү жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу; – IT чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды карап чыгып, болгон кемчиликтерди жоюу жана зарыл болгон учурда жаңы мыйзамдарды кабыл алуу; – Интернет-маркетингинен тарта QA-инженерлерине чейинки IT тармагындагы кесипкөй адистерди көбөйтүү боюнча мамлекеттик тапшырма коюу. Ар кайсы деңгээлдеги билим берүү мекемелериндеги бул адистиктер мамлекеттик деңгээлде колдоого алынышы керек; – ЕАЭБ линиясы менен Бишкекте санариптешүүнүн глобалдык тенденциялары жана анын негизги чакырыктары боюнча форум өткөрүү. Мындай форум жыл сайын өтүп, бара-бара ал санарип жаатында кыргыз Давосуна айланышы мүмкүн. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 14:02

Вопрос ведущей

Вопрос ведущей: "Не кажется ли вам что старые партии выдвигают новые лица как приманку?.."

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:32

Кайрат Осмоналиев: "Шайлоо күнү хакердик чабуул болот"

Борбордук шайлоо комиссияссынын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин айтуусунда шайлоо күнү хаккердик чабуул болушу мүмкүн экенин ЖМКлардын бирирне берген маегинде билдирди. "Ар кандай коркунучтар бар. Мисалы, 2017-жылкы президенттик шайлоо күнү болжол менен 40 миңдей хакердик чабуул болгон. Бирок система ага туруштук берген. Эртеңки шайлоодо дагы чабуул болбой койбойт, болот. Биз аны күтөбүз. Системабыз заманбап, аны тестирлөөдөн өткөрүп жатабыз, андай чабуулдарга каршы тура алат деп ойлойм", — деди Осмоналиев. Кайрат Осмоналиев ошондой эле Боршайком шайлоого даяр экенин кошумчалады. Ар кандай кокустуктардын жана коркунучтардын алдын алуу максатында ар бир участокторго кошумча интернет модеми, электр энергиясын чыгарып берүүчү генераторлор жеткирилген. Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партия катышып жатат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:32

Канатбек Исаев: Партия «Кыргызстан» состоит из идейных лидеров, которые преуспели во многом

Лидер политической партии « Кыргызстан » Канатбек Исаев, а также кандидаты в депутаты Жогорку Кенеша Жыргалбек Саматов, Нурбек Алимбеков, Нурлан Сулайманов, Салайдин Айдаров, Мирлан Акматбеков, Кубанычбек Нурматов и Ахрор Иминов встретились с жителями города Оша. В ходе встречи Канатбек Исаев заявил, что целями партии являются развитие экономики Кыргызстана и улучшение жизни людей. Он также отметил, что программа партии «Эл үчүн» имеет множество путей решения проблем кыргызстанцев и включает в себя ряд предложений по развитию экономики и промышленности страны. «Партия «Кыргызстан» внесла большой вклад в производство и промышленность государства. Наши однопартийцы основали больше 100 предприятий. Я рад, что в составе «Кыргызстана» есть такие люди. У нас есть все возможности, чтобы поднять экономику страны с такими успешными кандидатами. Потому что только успешные люди могут построить успешное государство. Я надеюсь, что вы поддержите нашу партию», - отметил лидер политобъединения. По словам Канатбека Исаева, партия активно привлекает в ряды своих кандидатов новые лица, которым небезразлично будущее Родины. «Мы не только сами развиваемся, но также привлекаем успешных в своей области молодых людей, обладающих творческими, современными знаниями. В свое время все мы уйдем из политики, и тогда достойные люди должны продолжить наши дела», - добавил Исаев. В свою очередь кандидат в депутаты Жыргалбек Саматов заявил, что партия не дает пустых обещаний и предлагает реальные реформы. Он также призвал избирателей 4 октября выбрать партию, достойную будущего страны. «Надеюсь, что при вашей поддержке «Кыргызстан» 4 октября одержит большую победу. От своего имени, а также от имени кандидатов и лидера партии заверяю вас, что вместе с вами мы сделаем много хорошего и оправдаем ваше доверие. Партия «Кыргызстан» проявляет себя не словами, а делами. Поэтому мы идем на выборы, чтобы развивать нашу страну и улучшать жизнь народа. Давайте вместе отметим нашу победу 5 октября!» - подчеркнул Саматов. В завершение встречи собравшиеся выразили поддержку партии и пожелали победы на предстоящих выборах в парламент. Партия Кыргызстан № 15: Благополучие народа — благополучие всего государства! Заказчик: политическая партия "Кыргызстан". Оплачено из избирательного фонда партии "Кыргызстан" уполномоченным по финансовым вопросам

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:32

"Интерньюс" и USAID поддержали проведение прямых трансляций из ЦИК

Проект «Медиа-К» "Интерньюс в Кыргызстане" при финансовой поддержке USAID поддержал Центральную комиссию по выборам и проведению референдумов в качестве стратегического партнера с целью повышения прозрачности ее деятельности. Об этом сообщается на сайте "Интерньюс". В кратчайшие сроки обеспечена модернизация конференц-оборудования для проведения регулярных и качественных прямых трансляций с открытых заседаний ЦИК. Поставка оборудования – это проактивная позиция Центризбиркома и ответ на возрастающий запрос со стороны СМИ и гражданского общества на повышение открытости и прозрачности при принятии решений членами ЦИК. Техническая организация прямой трансляции заседаний избирательной комиссии является вкладом правительства США в повышение прозрачности ЦИК и улучшение демократического процесса в Кыргызской Республике. "Выражаем благодарность председателю Центризбиркома Нуржан Шайлдабековой, членам комиссии и сотрудникам аппарата за стремление содействовать проведению прозрачных выборов и обеспечение доступа к объективной, достоверной и сбалансированной информации посредством запуска прямых трансляций", - отметила директор представительства "Интерньюс в Кыргызстане" Элина Каракулова.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:33

90 из 120 депутатов вновь в гонке…

На выборы в парламент VII созыва идут 90 депутатов парламента VI созыва. В основном вновь участвующие на выборах депутаты представлены в списках партий «Биримдик», «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан» и «Республика». Это обстоятельство говорит о том, насколько притягателен депутатский мандат. Такое ощущение, что все 120 депутатов, если бы они имели такую возможность, переизбрались бы. Но не все, как оказалось, могут попасть в партийные списки и переизбраться. Во-первых, может сказаться нехватка финансовых и политических ресурсов. Во-вторых, партии желают получить голоса народа, включив в списки новые лица. Сейчас среди общественности уже ходят разговоры о качественном составе, уровне и подготовленности депутатов следующего созыва Жогорку Кенеша. Конечно, в идеале качественный состав парламента должен улучшиться. Но можно ли ожидать, что на этот раз Жогорку Кенеш будет лучше, если в него идут в основном парламентарии прошлого созыва? Действующий парламент назвали «чимкириком», интересно, как назовут следующий парламент? Источник: газета «Майдан.kg» №35 от 30.09.2020 / стр. 5

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

“Мекенчил” Кара-Сууда. К.Ташиев: "Көп добуш менен көп мандат алып парламентке барсак, Садырдын маселесин көтөрүп чыгып, күнөөсүз жерден күнөөлөнгөнүн далилдейбиз!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Суу районунун Мады айылына барды. Садыр Жапаров эл байлыгы элде калсын дегени үчүн кыйынчылыкка кабылды. Башкалардай көп нерсеге көзүн жумуп, алдына чыркырап келген чындыкка көңүл бурбай жүрө бергенде камалмак эмес. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Мады айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Мекенчил” партиясы буга чейин бир да жолу шайлоого катышкан эмес. Ушундай жаш, элге таанылбаган партияны парламенттик шайлоого жетектеп баруума мен бийик туткан достук себеп болду. “Ата Журт” партиясын жалпы Кыргызстан билет, колдоочулары да көп, бирок мен “Мекенчилди” тандадым. Эмнеге? Анткени абакта ак жеринен отурган Садыр досума жардам бергим келди. Аны мыйзам чегинде чыгарып алып, мамлекетке билимин, тажрыйбасын арнатууга бизде бир гана жол калды. Ал – парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү! Көп добуш менен көп мандат алып парламентке барсак, өкмөттү куроо милдети бизге түшөт. Мына ошондо, Садырдын маселесин көтөрүп чыгып, күнөөсүз жерден күнөөлөнгөнүн далилдейбиз! Силер Садыр Жапаровдун көргөн азап-тозогунун азын гана билесинер. А мен баарын билем! Чындык деп башын канжыгага байлап, элдин байлыгын бөтөндөрдөн коргогону үчүн көрбөгөнү деле калбады. Биздин максат – жарандардын укугун коргоо, адилеттүү система орногон өлкөнүн калкын бакыбат жашоого жеткирүү!”- деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:34

(Фото) “Мекенчил” Ноокатта. К.Ташиев: "Азыр коррупционерлер көчөдө баштыгын көтөрүп жүрүшөт: “Ким добуш сатат?”-деп"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Ноокат районуна барды. Добуш сатып алуу аракетине укук коргоо, коопсуздукту коргоочу кызматтар, жергиликтүү бийлик аралашып кетти. Ошондуктан бул жаатта мыйзам бузгандардын бири да кармалган жок! Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ноокат районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. Добуш сатып алуу аракетине укук коргоо, коопсуздукту коргоочу кызматтар, жергиликтүү бийлик аралашып кетти. Ошондуктан бул жаатта мыйзам бузгандардын бири да кармалган жок! Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ноокат районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо кызматтарына кайрылып, “Ким добуш сатып алуу жана сатуу аракеттерине барса, мыйзам чегинде жазалагыла”, - деген. Бирок эч ким эч кимди жазалаган жок! Президентти уккан адам жок! Президентти уга турган аким, шаарлардын мэрлери, милиция, УКМК, прокуратура өздөрү мыйзамдан сырт иштерге аралашып кетишти. Ошондуктан бир да добуш саткан же сатып алып жаткан адам кармалбады! Эгерде добуш сатып жана сатып алып жаткандардын бир-экөөсүн, алып барып камап, олчойгон айыппулду моюнуна илип койгондо, мындай жаман илдет азаят эле. Азыр коррупционерлер көчөдө баштыгын көтөрүп жүрүшөт: “Ким добуш сатат?”-деп. Эмнеге мен муну айтып жатам? Анткени ага мамлекеттин коопсуздугу байланышкан. Парламенттик шайлоо райондук же шаардык деңгээлдеги шайлоо эмес, мамлекеттин эң жогорку бийлигинин шайлоосу. Жогорку Кеңештен ашкан бийлик жок! Президенттин укугу да чектелген, ал эми парламенттин укугу чектелген эмес. Элдин добушу акчага айланып кетсе эң жогорку бийликке деңгээли кандай адамдар келээрин элестетип көрүңүздөр”, – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники