О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 13:45

Ахматбек Келдибеков, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер: "Канча деген эл өз улутунун тарыхын таба албай убара, биз ата журтубуз менен сыймыктанышыбыз керек"

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибеков ата журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим экендигин даңазалады. - Ѳз улутун сүйүү - улутчулдук эмес, ал ѳз тарыхын урматтоо, ѳз элин сыйлоо. Ал мекендин ыйыктыгын урматтоо. Мекенге болгон сүйүү бүтүндөй ааламга болгон сүйүү менен киндиктеш. Ал эми ата журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим деп ойлойм. Ал эми кыргыз эли түпкүлүгү түбөлүктүү калктардын катарына кирет. Биз өзүбүздүн кылым карыткан тарыхыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Мына, канча деген эл али күнчө бабаларынын баскан жолдорунан кабарсыз. Канчалаган эл өз улутунун тарыхын таба албай убара. Тарыхын, тилин унуткан элдин келечеги болбойт. Ошон үчүн да, көчмөн калктын көчү түшкөн, бабаларыбыз байырлап, аталарыбыз жердеген ата журтубуз менен ар качан сыймыктанышыбыз керек. - Ахматбек мырза, акыркы учурдагы сын-пикирлерди кандай кабыл алдыңыз? - Саясатчы үчүн элдин сыны - күзгү деп билем. Бирок баарына жагуу мүмкүн эмес. Ал эми сенин дарегиңе айтылып жаткан сында чындыктын үлүшү болсо, андан сѳзсүз жыйынтык чыгаруу керек. Анан жѳн гана далилсиз, жалган жалаа менен каралоо болсо андай кѳрѳ албас, ушакчылардын деңгээлине түшүү кажет эмес. Эл мени эки жолу ѳздѳрүнүн Жогорку Кеңештеги ѳкүлү кылып шайлашты. Ошол учурда акча, бийлик, мансап менен элдин добушун алууга мүмкүн болсо, мен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланмак эмес элем. Бул элимдин мага болгон зор ишеними, колдоосу деп билем. Ал эми жалган жалаанын курмандыгы болуп, башыма оор күн түшүп турганда, элим мага таяныч, тирек болуп жалгыз таштаган жок. Мен ушуга сыймыктанам. Калкымдын колдоосу менин душмандарымдын ичин күйгүзгѳн бийик жеңишим болчу деп ишенимдүү айта алам. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4-октябрда 4-номерди тандаңыз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 08:40 30-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:45

БШК парламенттик шайлоого чыгымдардын сметасына өзгөртүүлөрдү киргизди

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого чыгымдардын сметасына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 29-сентябрда БШКнын жыйынында кабыл алынган. "4-октябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Анда 1-пункттагы "447 миллион 726 миң 500" деген сөздөр "449 миллион 583 миң 700" деген сөздөргө алмаштырылды. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын 1 миллион 857 миң 200 сом өлчөмүндө бекитти" , - деп жазылат маалыматта. 08:25 30-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:48

"Айлыгы менен байлыгы туура келбейт". Депутаттыкка талапкерлер дебатта коррупционерлер менен кантип күрөшүү керектигин айтышты

28-сентябрда партия лидерлеринин теледебаты өттү. Анда “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Мирлан Бакиров, “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова, “Ата Мекен” партиясынын лидери Жанар Акаев, "Социал Демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров катышты. Анда талапкерлерге: " Президент жакында өткөн Коопсуздук кеңешинде дагы бир жолу айтты. Коррупция менен күрөшө турган органдар бүгүнкү күндө өздөрү коррупцияга малынып отурат деп. Биз бул кызматтарда орундардын соодалашуусу, 500, 200 миң долларлап кеткен паралар жөнүндө угуп жүрөбүз. Мамлекеттик кызмат адамынын айлыгын алып, бирок эң алдыңкы бизнесмендердин жашоосунан жакшы жашаган өкүлдөрүн билебиз деп айтып жүрөбүз. Мына ушул кырдаалдан биз канткенде тазалана алабыз? Эгер сиздердин партия парламентке келсе ушул кырдаалды кантип өзгөртөт?" деген суроо берилди. Мирлан Бакиров: "Каржы жана экономикалык кылмыштуулук боюнча бизде орган бар. Бүгүн ишкерлерге тоскоолдук кылып жаткан эки орган - бул АКС жана өкмөттүн алдындагы экотехинспекция. Мына ушул органдар майда-барат иштерге аралашып, булганып, ала турганын алып жүргөнү эл арасында да айтылып жүрөт". Темирлан Султанбеков: "Экономикалык сотторду түзүү керек. Анткени бүгүнкү күндө адам өлтүрүү же башка кылмыштар боюнча иштерди караган соттор экономикалык иштерди, кылмыштарды карай албайт. Мен кээ бир соттук отурумдарга катышкам. Ал жакта соттор насыялык макулдашуу эмне экенин да билишпейт. Бир сөз менен айтканда, экономерминдерди түшүнүшпөйт". "Ата Мекен" партиясынан талапкер Жанар Акаев бул суроого төмөндөгүдөй жооп берди: "Кыргыз чиновнигинин бүгүнкү күндө айлыгы менен байлыгы туура келбейт. Ошону туура келгидей кылышыбыз керек. Мына биз билебиз да бажыда, прокуратурада, Финполдо, Салык кызматында иштегендин баары Жиптерди минип, хансарайларда жашаганын угуп эле жүрөбүз. Президенттин дагы сөзү менен иши дал келиши керек. Ал улам Коопсуздук кеңешин өткөрүп, "коррупция менен күрөшпөй жатасыңар" деп уруша бергени менен, андан конкреттүү натыйжа чыгарышы керек да. Коррупцияга каршы кызматын УКМКдан бөлүп чыгышыбыз керек жана УКМКны түздөн-түз парламентке баш ийдиришибиз зарыл". Мирбек Мияров: "Биздин партия ар бир аймак үчүн ири долбоорлорду белгилеп койду. Алсак, Баткен облусуна жалпы баасы 5 миллиард долларга жакын болгон логистикалык борбор курууну каалап жатабыз. Мисалы, биздин өлкөдөн дүйнөнүн булуң-бурчуна авиаташууларды уюштурсак болот. Эгер биз Баткенге логистикалык борбор курсак, биз миллиарддаган салык алып келип, жарандарыбызды жумуш орду менен камсыз кыла алабыз". Клара Сооронкулова: "Бул маселе биздин программада абдан кенен каралган. Анткени мен өзүм ушул тармакта көп иликтөөлөрдү алып барып жүрөм. Баштаганда эле УКМКдан баштасак деп турабыз. Биздин программада УКМКны мамлекеттик коопсуздук комитетине айланталы деп жатабыз". 00:38 29-09-2020 Автор: Азат Бейшенбеков

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:45

"Кайсы партия канча миллион коротту?". 25-сентябрга карата партиялардын шайлоо фондундагы каражаттары жана анын сарпталышы

БШКнын контролдук текшерүү тобу 2020-жылдын 25-сентябрына карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фонддорундагы каражаттардын түшүүсү жана сарпталышы жөнүндө маалымат берди. Шайлоо мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына апта сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Өз кезегинде жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат. № Саясий партиянын аталышы Келип түштү Чыгымдалды 1 “Биримдик”(Единство)” демократиялык партиясы 97 473 300 94 736 258 2 “Мекенчил” 14 944 025 13 953 869 3 “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы 7 228 800 7 115 634 4 “Мекеним Кыргызстан” 118 128 742 116 108 485 5 “Реформа” 7 607 642 7 443 417 6 “Ата Мекен” социалисттик партиясы 49 456 717 46791413 7 “Замандаш” 39 476 153 39 157 832 8 “Бүтүн Кыргызстан” 8 725 524 8 633 251 9 “Социал-Демократтар” 13 839 470 13 750 579 10 “Мекен Ынтымагы” 7 113 360 7 113 213 11 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” 10 564 500 10 545 755 12 “Ордо” 9 380 000 9 338 879 13 “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ 43 936 293 43 022 160 14 “Республика” 36 647 905 36 571 968 15 “Кыргызстан” 98 423 142 96301939 16 “Чоң Казат” 6 688 914 6 467 754 Бардык саясий партиялар боюнча: 569 634 487 557 052 406 23:05 29-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:45

Тышкы иштер министрлиги "Бир бол" саясий партиясынан талапкер Айжан Чыныбаеваны Норвегиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ардактуу консулу кызматынан четтетти

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү маалындагы шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү улантууда. Ага ылайык, 18-сентябрда Башкы прокуратура "Бир бол" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева Норвегиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ардактуу консулу экенин аныктаганы маалымдалат. "Буга байланыштуу Башкы прокуратура Тышкы иштер министрлигине аталган бузууларды жокко чыгаруу үчүн эскертүү жөнөткөн. Анткени шайлоо мыйзамдарында ардактуу консулга саясий иштер менен алектенүүгө тыюу салынган. Бүгүн, 29-сентябрда Айжан Чыныбаева ардактуу консул кызматынан убактылуу четтетилди" , - деп билдиришти Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан. Мындан тышкары башкы прокуратуранын 15-сентябрдагы катынын жана Кадамжай райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү М.Кнын арызынын негизинде өлкөнүн Социалдык фондунун Кадамжай райондук башкармалыгынын жетекчисинин дагы ыйгарым укуктары токтотулганы маалымдалат. Эске салсак, депутаттыкка мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилерден, кызматкерлерден, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн 140 адам талапкерлигин коюп жатат. Ал эми азыркы 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынан 85 адам кайрадан шайлоого аттанууда. 20:02 29-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:45

Эрмек Нургазиев: “Кыргызстан” партиясы ийгиликтүү адамдардан куралган”

Ийгиликтүү ишкер, "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрмек Нургазиев маектешүү учурунда курулуш жана туризм тармагы, ошондой эле алдыдагы максаттары тууралуу айтып берди. - Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз? - Мен Жайыл районунан болом, бирок балалыгым жана жаштыгым Ош шаарында өттү. Азыр 43 жаштамын, курулуш тармагында ишкерлик менен алектенип келем. Менин чоң үй-бүлөм бар – беш кыз, бир уулдун атасымын. - Эмне үчүн курулуш тармагын тандап алдыңыз? - Мен башкалар сыяктуу эле 90-жылдары базарда сатуучулук менен иш баштадым. Андан кийин эки кафе жана унаа жуучу жай курдум. Бирок мен курулуш менен алектенүүнү көптөн бери кыялданып жүргөм. Азыр менин шаарда эки долбоорум бар. Мындан сырткары Кыргызстандагы уникалдуу долбоорлордун бири – Ысык-Көлдөгү ири коттедж шаарчасын куруп жатам. - Ушундай татаал бизнесте кантип ийгиликке жетише алдыңыз? - Эң негизгиси туруктуулук жана адамдардын ишенимин жоготпоо керек. Анткени курулуш бизнеси ишенимдин негизинде түзүлөт. Сизге ишеним артканда, бардык идеяларыңыз иштейт. Кошумча жардам сиз менен байланышкан адамдар аркылуу келет, айткан сөздөрүңүз иш жүзүндө аткарылып баштайт жана ушунун бардыгы чоң ийгиликтерди жаратат. - Кыргызстандын туризм тармагына кандай баа бересиз? - Албетте, биз башка өлкөлөрдөн кыйла артта калдык. Бизде салыктар, виза тартиби, эски аэропорттор боюнча көйгөйлөр бар. Ошондуктан бизге жакшы шарттар керек. Кантсе да конок өзүн үйдөгүдөй сезиши керек. Ошондо өлкөбүзгө келген туристтердин саны көбөйөт. - Партиянын «ЭЛ YЧYН» программасында Кыргызстанга жылына 2 миллион туристти тартуу боюнча пункт бар. Өлкөбүздө туризм индустриясынын жаңы деңгээлине кантип жетишүүгө болот? - Эгерде биз парламентке барсак, анда биринчи кезекте туризм тармагына инвестиция салгысы келген мекендештерге негиз берүү үчүн текшерүүлөрдү жана салыктарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлорун сунуш кылышыбыз керек. Жөнөкөй ишкер, ал тургай чакан туристтик комплекс ачуу үчүн, чоң бюрократиялык тартиптен өтүүгө мажбурбуз. Демек, бул тармак бизде өнүкпөй жатат. Бул демилгени көтөрсөк, башка партиялар бизди колдойт деп ойлойм. - Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз? Башка саясий бирикмелерден эмнеси менен айырмаланат? - Ар бир адамдын өзүнүн принциптери бар. Айрымдары мамлекеттик кызматка, башкалары ишкерчиликке барышса, кээ бирлери популизм менен алектенишет. Мага “Кыргызстан” партиясы жакты, анткени бул жерде ишкерлик тармакта ийгилик жараткан жаратман адамдар көп. Бул партия философиясы жагынан мага жакын. Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 29.09.2020) 18:28 29-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:45

Чынар Капарова: “Парламентке келе элек жаңы адамдар “Бир Болдо”

“Кыргызстанга чукул бурулуш жасаш керек. Бул илимдин, билимдин, жаңылануунун бурулушу болуш керек. Мына ушул кадамды биздин партия жасай алат”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарова өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун эли менен болгон жолугушууда айтты. “Мен Ат-Башынын суусун ичип, абасын жутуп, ушул жердин таалим-тарбиясын алган кыз катары региондо кандай маселелер бар экендигин жакшы билем. Мен бала кезде эле Ат-Башыга бала бакчалар жетишчү эмес. Бул район үчүн абдан чоң маселе. Ошондой эле социалдык көйгөйлөр, аймакты өнүктүрүү, чек араларды бекемдөө маселелери бар. Мындай алыскы райондун маселелерин чече турган багыттар “Бир Бол” партиясынын программасында камтылган”, - деди талапкер. Ошондой эле Чынар Капарова партиянын программасында “Бир үй-бүлөдөн бир ишкер” бөлүмү камтылганын баса белгиледи. “Ат-Башы району мал киндиктүү болгондуктан чыгарылган продукцияны иштетүү керек. Эт комбинаттарын кайрадан ишке киргизүү мезгили келди. Өзүнүн чыгарган продукциясын иштетүү менен ар бир үйдөн бир ишкер чыкса, калктын жашоосу алда канча жакшырмак”, - деди талапкер. Бир Бол № 13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 29-сентябрь. 18:22 29-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:46

Мирлан Амантуров, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер: “Тоо-кен тармагы - бул биздин өлкөнүн экономикасынын таянычы, бюджетти түзүүчү тармак”

Тоо-кен тармагы - бул биздин өлкөнүн экономикасынын таянычы, бюджетти түзүүчү тармак. Бул жаатта чукул арада чечилиши керек болгон чоң көйгөйлөр бар экендиги чын. Дүйнөлүк практикада тоо-кен тармагына чоң көңүл бурулуп, жогорку квалификациялуу адистер тартылууда. Бирок Кыргызстанда бул тармакка жетиштүү көңүл бурулуп жатат деп айтуу эрте. Улуттук статистикалык комитеттин акыркы маалыматтары боюнча, Кыргызстандын тоо-кен тармагына жыл сайын 2 миллиард АКШ долларынан ашуун инвестиция салынат. Бул өлкөнүн бюджетине олуттуу салым. Кыргызстанда бул тармакта 25 миңге жакын адам иштейт. Өлкөбүздө 200дөн ашуун чалгындалган жана чалгындоо жүрүп жаткан кендер бар. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы өлкөбүзгө чоң киреше алып келген Кыргызстандын кен байлыктарын натыйжалуу иштетүүнү сунуштайт. Биринчиден, бул тармакка мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүү жана аны мүмкүн болушунча ачык-айкын кылуу, коррупциянын тамырын кыркуу керек. Лицензия берүү механизмдерин күчөтүү керек. Мунун бардыгын ушул тармактын компетенттүү адамдары жасашы зарыл. Салык тутумун жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу зарыл. Анда кен иштетилген аймактардагы жергиликтүү тургундар жана инвесторлор үчүн бирдей шарттар ачык чагылдырылат. «Улуттук байлык элге» принциби иштеши керек болгон кендер боюнча аукциондорду өткөрүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу шарт. Лицензияларды берүү тутумун тартипке келтирүү, ошондой эле аларды оңго жана солго бөлүштүрбөө керек. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында кендерди иштетүүгө лицензия алуу мүмкүнчүлүгүн жөнөкөйлөтүү сунушталууда. Мындан тышкары, мамлекеттик кен иштетүүчү чоң ишкана түзүү зарылдыгы турат. Бул жол менен жылдап сыртка чыгып кетип жаткан миллиондогон каражаттар мамлекеттин пайдасына калат. Бул каражат баарыбызды ойлондуруп жаткан тышкы карызды жабууга жумшалат жана Кыргызстаныбыздын өсүп-өнүгүүсүнүн негизги локомотиви болот. Мамлекеттин бюджетинде каражат көбөйсө социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жумушсуздук маселеси чечилип, айлык акы, жөлөк пул көбөйөт. Мисалы, Кыргызстанда инвесторлорсуз өзүбүз иштете турган көптөгөн кен чыккан жерлерибиз бар. Бул ата мекендик ишкерлерди колдоо, жарандарга жумуш орундарын түзүү, бюджеттик кирешелерди жогорулатууга жол ачат деп ишенебиз. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы тарабынан сунушталган бардык механизмдер кендерди натыйжалуу иштетүүгө жана өлкөбүзгө чыныгы пайда алып келүүгө жардам берет. Мирлан Амантуров, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер. “Мекеним Кыргызстан” партиясы – жакшылыктын жарчысы! №4 сиздин тандооңуз! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 29-сентябрь. 18:05 29-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:46

Ысык-Көлдүктөр "Бир Бол" партиясынын лидерлерине ыраазычылык баракчасын тапшырышты

Балыкчы шаарынын тургундары Ысык-Көл элинин атынан “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана Алмамбет Шыкмаматовго уран жана торий кендерин казууга тыюу салган мыйзамды иштеп чыккандыгы үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырып, алкыш айтышты. “Бул мыйзам кабыл алынбаса, элибиздин ден соолугуна терс таасир тийип, ар кандай илдеттерге чалдыгып, экологиябыз да бузулмак. Уран кени казылгандан кийин Ысык-Көлгө бир дагы эс алуучу келмек эмес. Элим деп күйгөн Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматовдой азаматтарыбыз бар экенине шүгүр. “Бир Бол” партиясына алдыдагы шайлоодо жеңиш каалайбыз!” - дешти тургундар. Эске салсак, былтыр Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразычылык акцияларын өткөрүшкөн. Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов баштаган бир катар депутаттар Кыргызстандын аймагында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга, уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга) тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Натыйжада мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо таап, президент кол койгон. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 17:40 29-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:46

"Замандаш" партиясы Теңир-Тоодо

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоонун үгүт иштерине 4-сентябрда старт берилди. «Замандаш» партиясы үгүт кербенин ак бата менен жолун улап, партия лидери Жеңиш Молдокматов баштаган өкүлдөр ыйык Чеч-Дөбөгө барып зыярат кылышып, 13 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген "Замандаштын" негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун үйүндө куран окутулду. 1. «Замандаш» партиясы үгүт иштерин эң алгач Ак-Талаа районунун эли менен жолугушуп, ак батасын алып, чоң жарышка аттанды. «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов башында турган талапкерлерди касиеттүү Ак-Талаанын эли, ак сакалдуу аталар, ак элечек апалар, атпай кыргыз журтуна таанымал таланттуу уул-кыздары баш болгон жергиликтүү эл жогорку деңгээлде кадырлап тосуп алышты. Жолугушууда Жеңиш Молдокматов партиянын басып өткөн жолу, бүгүнкү аткарып жаткан иштери жана келечек пландары жөнүндө элге кенен маалымат берди. Жергиликтүү эл өз уулуна жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрү менен алкап, астына аргымак мингизип, ак жол тилеп, ак баталарын берип узатышты. 2. «Замандаш» партиясынын талапкерлери Нарын облусунун Ат-Башы районунда үгүт иштерин улантышты. Бул күнү алар Мухтар Өмүракуновдун туулуп-өскөн айылы Калининге да барышты. Тургундар талапкерлерди жылуу тосуп алышып, алардын программасына кызыгышты. Элет жерин кыдырып жүргөн талапкерлер Мелис Турганбаев, Чынара Шейшекеева, Алмаз Акматов, Айбек Жайлообаев "Замандаш" партиясынын 7 багыты боюнча кенен маалымат беришип, алдыга койгон максаттарын айтып беришти. Тургундар элет жериндеги чечилбей келген көйгөйлөрдү көтөрүшүп, партия шайлоодо жеңишке жетишсе, аларды чечип берүүнү суранышты. Талапкерлердин эмгектерин угуп, көрүп жүргөн ак сакалдар аларга ыраазычылыгын билдиришип, ак баталарын беришти. Бул күнү жерди трансформациялоо маселеси эң көп көтөрүлдү. 3. «Замандаш» партиясынын талапкерлери Нарын облусунун Нарын районун кыдырышты. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Нарын шаарында Афган согушунун, Баткен окуясынын, чек ара кызматынын жана Ички иштер кызматкерлеринин ардагерлери менен жолугушту. Ардагерлер талапкерлерге өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтышып, ак батасын беришти. Андан соң аталган топ Эмгекчил, Кара-Чий, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Куланак, Чет-Нура айылдарында болушуп, "Замандаш" партиясынын программасы менен тааныштырышты. 4. Эмгекчил айылындагылар Мелис Турганбаевдин Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыккан чырда жашоочулар менен жолугуп, анын тынч чечилишине шарт түзгөнүн да эскеришти. Нарындыктар Алмаз Акматовдун да буга чейин VI чакырылышта жасаган эмгектери үчүн ыраазычылык билдиришип, ак жол каалашты. Алардын айтуусунда, ал бир катар айылдарга таза суу чыгаруу, мектеп салуу, насостук станция куруу, автоунаа маселесин чечүү, мектепке жылуулук системасын киргизүү боюнча иштердин бүтүшүнө салым кошкон. Элеттиктер "Замандаш" партиясынын дайыма эл менен байланышта болуп келгенин айтып, алар Жогорку Кеңешке барса, эл көйгөйүн чечет деп ишенерин билдиришти. 5. Кезектеги үгүт кербен Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы облустук академиялык, музыкалык драма театрында болду. Жолугушууга талапкерлер Мелис Турганбаев, Алмазбек Акматов, Жолдошбек Мамбеталиев, Асылбек уулу Бакай, Бакыт Жумагулов катышты. Алар "Замандаш" партиясынын тарыхы, программасы менен тааныштырышты жана алдыга койгон максаттарын айтып беришти. Андан кийин жолугушуу суроо-жооп түрүндө өтүп, тургундар ар түрдүү көйгөйлөрдү көтөрүштү. 6. "Замандаш" партиясынын талапкерлери Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен да жолугушту. Талапкерлер «Замандаш» партиясы шайлоого тажрыйбалуу инсандар менен бара жатканын билдиришип, алардын катарында дарыгерлер жана мугалимдер да бар экенин айтышты жана партиянын багыттары боюнча элге кенен маалымат беришти. 7. "Замандаш" партиясынан талапкерлер Ильич Кулназаров жана Тимур Саралаев Жумгал районундагы айылдарга барып, үгүт кампаниясынын алкагында эл менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда Теңир-Тоолуктар "Замандаш" партиясына ак жол каалап, ак сакалдар ак батасын беришти. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 29-сентябрь, 2020-жыл. 17:19 29-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:46

Биримдик №1. Талапкер Нурдин Тагаев: “Биздин максат – мыйзамдуу жана адилеттүү чечимдерди кабыл алуу!”

“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы кыргызстандыктардын сот тарабынан коргоолууга болгон укуктарынын ишке ашырылуусун конституциялык укуктары деп эсептейт. Биз бул позицияны бекем карманабыз. Бул тууралуу партиянын Жогорку Кеңешке аттанган талапкери Нурдин Тагаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы демократиялык коомдун өнүгүүсүнүн эң маанилүү тармагы болгон сот системасы бүгүнкү күндө көп суроолорду жаратууда. Нурдин Тагаев бул максатта тѳмѳнкүдѳй чараларды ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи: сот системасынын акыйкаттуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында реформаны улантуу; судьялардын жеке жоопкерчилигин киргизүү; сот процесстеринин жана алардын чечимдеринин ачык-айкын болуусун жүзѳгѳ ашыруу; сот өндүрүшүндө заманбап технологияларды колдонуу; тергөө жана сот органдары тарабынан кетирилген тартип бузуулардын жоопкерчилигин күчөтүү; Талапкердин айтымында, ар бир маселеге тыкыр көзөмөл жана тартипти орнотуу менен гана Кыргызстанды өнүктүрө алабыз. Сот – бул мыйзамды колдонуп чечим кабыл алуучу орган. Сот калыс, адилеттүү болушу шарт. Мыйзамдын талаптарын так, туура колдонуу зарыл. Элдин сотторго болгон ишеничи төмөндөп баратат. “Биздин программада жазылган соттук реформалар толугу менен элдин ишеничин кайтарууга багытталган. Биздин максат - мыйзамдуу жана адилеттүү чечимдерди кабыл алуу”, - деп сөзүн жыйынтыктады. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 29-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4. 14:32 29-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:47

Акан Иманов, "Бир Бол" №13: "Мен парламентке айылдарды өнүктүрүү үчүн баратам!"

"Ааламга жол айылдан башталат. Өлкөнүн калкынын үчтөн экисин түзгөн элеттиктердин бакубатчылыгы, аймактарды өнүктүрүп, дыйкандардын ишин илгерилетүү – мамлекеттин приоритеттүү багыты болушу керек". Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Акан Иманов өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылынын эли менен болгон жолугушуу учурунда айтты. "Журналист катары көбүнчө элеттиктердин, дыйкандардын көйгөйлөрүн чагылдырып жүрдүм. Өзүм да айылда өсүп, кийин Агрардык университетти аяктагандыктан айылдыктардын турмушу, көйгөйлөрү мага жакындан тааныш. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, мен элеттиктердин үнүн жогору жакка жеткирген жана алардын маселелерин кантип чечсе болорун билген эл өкүлү болорума көзүм жеткендиктен парламентке аттандым", - деди талапкер. Анын айтымында, дыйкандар жайды жайлай маңдай тери менен багып өстүргөн өнүмдөрүн кайда сатам деп башын катырбашы керек. "Ар бир райондо айыл чарба продукцияларын кабыл алуучу жана кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачып, мамлекеттик сатып алууну жөнгө салуу зарыл. Мындан сырткары айыл чарбасында азыркы заманда кирешелүү болуп жаткан тармактарды жайылтуу маанилүү. Мисалы, багбанчылык, мал чарбачылыгында асыл тукумдуулукка басым жасоо. Жаңы технологияларды колдонуу менен өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди тигип алектенген дыйкандарга салык, үрөн, жер семирткич жагынан колдоо көрсөтүү аркылуу алардын ишин илгерилетмекпиз", - дейт талапкер. Ал эң башкы маселе – айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу деп эсептейт. "Аймактардагы ички жолдорду оңдоо, мектеп, бала бакча, ФАП сыяктуу социалдык объектилерди оңдоо жана жаңыларын куруу үчүн мамлекеттик инвестицияларды тартышыбыз керек. Айылдарда эскирген билим берүү, саламаттыкты сактоо системаларында жаңыча көз караш менен өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн мыйзамдык деңгээлде колдоо керек" , - деди Акан Иманов. Талапкер “Бир Бол” партиясы бул шайлоодо курамына акчасы асман чапчыган көпөстөрдү, 30 жылдан бери бийликтен түшпөгөндөрдү тандабай, иштин көзүн билген, өлкөнү өнүктүрүүгө билими, тажрыйбасы жана эрки жеткен, жүрөктөрү элим-жерим деп соккон таза жана курч жаш лидерлерди топтой алганын баса белгилеп, элди туура тандоо кылууга чакырды. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 14:30 29-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:47

Мирлан Бакиров, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери: "Мекеним Кыргызстан" партиясынын келечеги кенен!"

– Мирлан мырза, лидер деген ким, ал кандай болушу керек? Сиз өзүңүздү лидермин деп эсептейсизби? – Эч ким лидер же төрага болуп төрөлбөйт. Ал өз убагы, сааты менен ар кандай ысык-сууктан өтүп, кыргыз элинин улуу инсандарынын тарыхый басып өткөн жолун карап таасирленип, улуу агалардын, саясатчы жана мамлекеттик ишмерлердин тажрыйбаларын таразалап, насааттарын угуп, акырындан тийиштүү деңгээлге жетет. Албетте, лидер – калыс, чечкиндүү жана адамдык мыкты сапаттарга ээ болгон инсан болушу зарыл. Лидерди күчтүү кылган – анын командасы. Мен бүгүн өзүмдү сасатчы жана партиянын төрагасы деп эсептейм. Сиздин сурооңузга партиялаштарым, эл-журт жана коомчулук баасын бергени дурус. – Мурда эки партиянын атынан Жогорку Кеңешке депутат болдуңуз. Учурда үчүнчү партиядан депутаттыкка ат салышып жатасыз... Партияны улам-улам алмаштырганыңызды кандай түшүнсө болот? – Биздин өлкөдө 244төн ашык саясий партия каттоодон өткөн. Кыргызстанда биринчиден, партиялык тизме менен пропорционалдык шайлоо системасы акырындык менен калыптанып баратат. Бул табигый көрүнүш. Келечегинде ар тараптуу өсүп-калыптанган 5-6 гана партия каларына ишеним бар. Мага деле оңой болгон жок. Сунушту кабыл аларда абдан ойлондум, түйшөлдүм... Партиялаштарыңдын бирөө консерватор, бирөө либерал, экинчиси карама-каршы көз караштагы кишилер, баары менен көз карашың келише бербейт, принциптериңиз туура келбей калышы мүмкүн, ошондуктан “Мекеним Кыргызстан” партиясынын идеясы, максаты күчтүү командасы жакты. Партиянын курамында ар кайсы тармактын өкүлдөрү, тажрыйбалуу инсандар, дыйкан, дарыгер, мугалимден тартып, такшалган саясатчылар, деги эле күчтүү инсандардан куру эмес. – Сизди эл-журт такшалган саясатчы катары таанып калды. Эки партиянын депутаты катары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымыңызга баа бергендер да жок эмес... – 2010-жылы “Республика” партиясынан талапкер катары тизмедеги 30-орунда бизге бөлүнгөн Базар-Коргон району боюнча шайлоого катыштым. Биздин округдагы 75 миң шайлоочудан 40 миңи шайлоого катышып, мен 12 миң добуш алып, биринчи орунга чыктым. Бешинчи чакырылышта жаңы депутат катары 30дан ашуун жаңы мыйзамдарды жаздым, алардын көпчүлүгү турмушка ийкемдүүлүгү жана жарамдуулугу менен азыркы учурда иштеп жатат. Ошондо социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлык кызматын аркаладым. Ал эми VI чакырылышта “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан партиялык тизме боюнча депутат болуп шайландым. Парламентке келгенде бир жарым жыл агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине төрагалык кылдым. Агрардык тармак бизде чоң, масштабдуу, климатка ыңгайлашкан негизги тармак эмеспи, көз менен көрүп, кол менен кармоого боло турган натыйжаларга жетишүү үчүн турмушка жакын, реалдуу, ийкемдүү, иштей турган мыйзам долбоорлоруна муктаж эле. Ошондуктан заман талабына ылайык, чоң-чоң мыйзамдарды жаздым. Балык чарбасы, сугат жерлерди пайдалануунун эрежелери, грек жаңгагын коргоо, өстүрүү, көбөйтүүнүн жолдору, үлүш жерлерге дыйкан каалаган эгинди эгүү жөнүндө жана ушул сыяктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар мыйзамдарды иштеп чыктык. Эл аралык иштер, иш башкармалыгы, чарба, каржы иштери боюнча 58 мыйзам долбоорун өзүм демилгеледим. – Айтыңызчы, Мирлан Бакиров деген инсан кантип калыптанды, өстү, жетилди, эл кызматын аркалаганга даяр болду? – Балалык учур мен үчүн эң баа жеткис жана бактылуу күндөрдү эске салат. Балалыгым тоо койнунда, шар аккан суунун боюнда жана көк шиберлүү кыргыздын жайлоосунда өттү. Балалыкты эстегенде белгилүү кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев агабыздын биздин айылда 1984-жылы тарткан “Махабат дастаны” көркөм фильмисиз элестетүү кыйын. Эмне себептен? Мен ошол мезгилде 5-классты аяктап калган мезгилим. Күн сайын эртең менен атымды токуп алып “массовкага” катышып, “ары чап, бери чап” деген күндөр, ошол мезгилдеги белгилүү киноактёрлордун жана актрисалардын элеси көз алдыма тартылат. Мен 6 айлыгымдан тартып чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум. Чоң атам “Жараткан жаштын тилегин берет” деп айтчу эле. Окуучу кезимден, жаш курагымдан эле ошол кездеги Жогорку Кеңештин иши жана депутаттарынын ишмердүүлүгү мени кызыктырчу. Кээ бир учурларда кеч болсо да Жогорку Кеңештин отурумдарын теле аркылуу түнү менен көргөн учурларым болгон. Ошол кездеги “Легендарлуу парламенттин” кийинки кездеги бир мандаттуу округдардан шайланып келишкен депутаттары, мисалы, Турдакун Усубалиев, Дооронбек Садырбаев жана Өмүрбек Текебаев сыяктуу инсандар мени келечекте эл камын ойлогон эл өкүлү болууга шыктандырышты. “Аганы көрүп ини өсөт” демекчи, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов сыяктуу улуу инсандардын Кыргыз ССРинин жана эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы белгилүү ар бир саясатчынын калыптанышына таасири чоң деп эсептейм. Бүгүнкү күнү да саясатта, ишкерликте, дегеле жөнөкөй эле адамдарыбыздын арасында мени шыктандырган инсандар бар. Мен кай биринин атын атоо менен башкаларды капа кылгым келбейт. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4-октябрда 4-номерди тандаңыз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 13:28 29-09-2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:47

Бактыгүл Молдогазиева, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер: «Биздин партия – мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган, кризистен чыгара турган партия»

Бактыгүл Молдогазиева жогорку билимдүү. Кыргыз-Орус Славян университетинде юридикалык билим алган. Сан-Диего мамлекеттик университетинин магистратурасынан бизнес мектебин бүтүргөн. Кесиби менен Юстиция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында иштеген. Аны менен катар жеке ишкерлик менен да алектенген. – Бактыгүл айым, өзүӊүз каалаган кесиптин ээси боло алдыӊызбы? – Ооба. Ал эми ата-энемдин каалоосу башка болчу, алар эсеп-кысапчы болсо дешчү. Ата-энемдин бухгалтердик билим ал дегенине көнбөй, юрист кесибине ээ болдум. Мен табиятымдан эле ыйлаган кишинин көз жашын аарчыганды, алсыздарга жардам берүүнү, укугу тепселип, айласын таппай тургандарга кол сунууну жакшы көрөм. Ошон үчүн ушундай кесипке ээ болдум. Эмне үчүн таланттуу жаштар чет өлкөгө кетип жатышат деген суроо мени түйшөлтчү. Мекениме кайткан соң ишимди эл аралык уюмдарда аялдардын укугун коргоо долбоорунан баштадым. Айтор, алган билимимди болушунча пайдаланууга, тажрыйба топтоого аракет кылдым. – “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандоого эмне түрткү болду? – Бул партиянын жаңы көз карашта жазылган, жаңы идеяларга бай, башка партиялардын программасынан дээрлик өзгөчөлөнгөн программасы менин тандоомо себеп болду. Программаны окугандан кийин партияга болгон кызыгуум артып, шайлоого барайын деген чечим кабыл алдым. – Сиздердин партия мамлекетибизди кризистен чыгара алабы? – Биздин партиянын программасында гана мамлекетибизди кризистен чыгарып, өнүктүрө турган жолдор ачык жазылган. Тагыраагы, программада маселени жолго салыш керек делсе, кайра ошол жерде ал маселени чечүүнүн реалдуу сунуштары берилген. Мына ушундай артыкчылыктарынан улам “Мекеним Кыргызстан” мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган патриоттордун партиясы экен деген чечимге келип, өзүмдү сынап көрөйүн, элдин элегинен өтсөм депутат болоюн деген максатта шайлоого аттандым. Депутат – мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу бутагындагы элдин өкүлү. Депутаттын мыйзам ченемдүү укуктары, милдеттери Конституцияда так жазылган. Эгер депутат болуп калсам билимимди, тажрыйбамды, бардык күч-аракетимди мекенибиздин, элибиздин өнүгүшүнө багыттайм. Ошондой эле балдарга татыктуу билим берүү, патриоттук духтарын көтөрүп тарбиялоо маселесин колго алам. Балдардын, аялдардын укугун коргойм. Анткени балдарды тарбиялоодо эненин орду өтө жогору. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын, аялдардын укугун коргоо мамлекетибиздин келечегине кам көрүү деп эсептейм. Мындан ары пандемиядагыдай кечирилгис кемчиликтер кетпесе деп тилейм. Элибизди Жараткан бөөдө кырсыктан, апааттан сактасын. Элибизде тынчтык болсун, жалпы шайлоочуларга бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Шайлоо күнү ар бир шайлоочу өзүнүн жүрөгүн тыңшап, жаңылбай добуш берсин. Биздин партия – “Мекеним Кыргызстан”. Бизге добуш бериңиз! Биз мекенди коргоп, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууга, мамлекетибизди социалдык-экономикалык жактан өстүрүүгө, элибизге жаркын жашоо тартуулоого аракет кылабыз. Анткени биз мекендин кадырын билебиз. Карапайым элдин турмушун жакшыртабыз. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келген №4 тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 29-сентябрь. 12:46 29-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:48

"Үй-бүлө менен келбөө", "Бет кап менен кол капты чечпөө", "Добуш берүүчү кабинасы пардасыз колдонулат". Шайлоо күнү аткарыш керек болгон талаптар

Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тобокелчиликти алдын алуу максатында атайын алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Алгоритм шайлоо мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына жана шайлоочуларга карата бир катар талаптарды ѳзүнѳ камтыйт. ШАЙЛООЧУЛАРГА СУНУШТАР : УШК (участкалык шайлоо комиссиясы) мүчѳлѳрүнүн бардык талаптарын жана кѳрсѳтмѳлѳрүн сактоо Добуш берүү үчүн орун-жайга кирерде дене табы текшерилип, колдору тазалангандан кийин УШК тарабынан берилген бет кап жана кол каптарды кийүү. Идентификациялоодон ѳтүү убактысын кошпогондо, шайлоо участкасында болгон учурда бет кап жана кол каптарды чечпѳѳ. Добуш берүү жайынан сырткары жана анын ичинде 1,5-2 метр аралыкты сактоо. Шайлоо участогуна бүт үй-бүлѳсү менен келбѳѳ (кезектешип келүү). Жанына балдарды кошо алып келбѳѳ ДОБУШ БЕРҮҮ КҮНҮ: Добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде «кирүү чыпкасын» уюштуруу: Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын контактсыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемчени уюштурууну камсыз кылуу. Шайлоочулардын колдорун санитайзер менен же добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат жайгаштыруу. Шайлоо участогунун кире беришинде добуш берүүгѳ катышкандардын бекитилген кирип чыгуу схемасынын болушу. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогунун аймагында жана добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде аралык белгилерин (чийимдерин) камсыз кылуу. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык аралыктарды жана бет каптарды тагынуунун милдеттүү режимин сактоо жѳнүндѳ шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга жеке коргоо каражаттарын (бир жолку бет каптарды жана кол каптарды) акысыз берүү. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү процесси башталганга чейин добуш берүү үчүн орун-жайды жана бардык үстүнкү беттерди дыкат дезинфекциялоо. УШКнын бардык мүчѳлѳрүн жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу. Жѳнѳтүп жаткан уюмдардын байкоочуларды, ЖМК ѳкүлдѳрүн, талапкерлерди жана саясий партияларды жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу. Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде санитайзердин болушу. Эмеректерди, добуш берүү үчүн кабиналарды жана технологиялык жабдууларды бири биринен 1,5-2 метр аралыкта жайгаштыруу. Шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү 1,5-2 метрден кем эмес аралыкты сактоо менен жайгаштырылат жана ар бир шайлоочу менен иштеп бүткѳндѳн кийин антисептик каражаттары менен колдорун тазалап чыгышат. Добуш берүүчү кабинасы пардасыз колдонулат. Добуш берүү үчүн орун-жайда же анын жанында коронавирус инфекциясын жуктурууну алдын алуу боюнча сунуштар камтылган маалымат стенддерин жайгаштыруу. ДОБУШ БЕРҮҮ ҮЧҮН ОРУН-ЖАЙДАН ТЫШКАРЫ ДОБУШ БЕРҮҮ Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ кызматтары добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгардын алдында комиссия мүчѳлѳрүнүн, байкоочулардын, талапкерлердин, партиялдардын жана ЖМК ѳкүлдѳрүнүн дене табын текшерүүнү камсыз кылат. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссиялары үчүн берилген транспорттун үстүнкү жумушчу беттерин дезинфекациялоочу каражаттар менен алдын ала иштеп чыгууну камсыз кылат. Орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгып жаткан УШК мүчѳлѳрү үчүн жеке коргонуу каражаттары жана бахилалар. Чыгып жаткан УШК мүчѳлѳрүндѳ санитайзерлердин болушу. Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берген шайлоочуларга акысыз бир жолку кол каптарды жана бет каптарды берүү. Жѳнѳтүп жаткан уюмдар байкоочуларды, саясий партиялардын, ЖМК ѳкүлдѳрүн жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу. Ар бир шайлоочуга чейин жана ал чыккандан кийин идентификациялоо жана АЭУ (автоматтык эсептөө урна) жабдууларын дезинфекциялоо. Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү аяктаганда жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ кызматтары тарабынан УШК мүчѳлѳрүнүн абалын кѳзѳмѳлдѳѳ. 12:45 29-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники