О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 13:21

“Мекенчил” Үч-Коргондо. К. Ташиев: "Ар бир жарандын ишеними мага чоң күч! Мен бул күч менен чындыкты, акыйкаттуулукту табам!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Кадамжай районуна барды. Мага ишенген элимдин берген ар бир добушун коргоп алам! Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Мен Кыргызстанды түрө кыдырдым. Партиянын программасын айтып түшүндүрүү үчүн сапарга чыкканым менен башкы максатым элди-журтту көрүү, акыбал-шартына баам салуу болду. Кайсы аймактын эли эмне менен алектенип жатышат, мамлекеттин кандай социалдык маселелери бар – баарын байкадым. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң коррупцияга кирип кеткенибизди да көрдүм. Кайда барбайын добуш сатуу жана сатып алуу күчүндө экен. Акча сунуштаган партиялар болбой эле акча берип жатса, силердин албай койгонго мүмкүнчүлүгүңөр калбаса – анда ал акчаны адалдап алгыла! Анын жолу – ал партия силерден алган акчанын бир кичинекей бөлүгүн кайтарды, өзүңөрдүн акчаңар өзүңөргө келди. Андыктан анын алдында өзүңөрдү милдеттүүмүн деп эсептебегиле! Шайлоо күнү добуш сатып алган партияга эмес, ниетиңерге туура келген, ушул партия парламентке барса мамлекетте жакшы жылыш болот, биздин укугубуз корголот деп ишенген адамыңарга добуш бергиле! Мен мага ишенип, колдогон элимдин ар бир добушун коргоп алам! Добуштардын жыйынтыгын бурмалоо, дагы бир бузуку иштер болсо, аягына чейин чыгам! Ар бир жарандын ишеними мага чоң күч! Мен бул күч менен чындыкты, акыйкаттуулукту табам!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:21

Кыргызстанда жарым миллиондой адамдын добуш берүү укугу жок

Кыргызстанда шайлоодо добуш берүү укугу жок адамдардын жалпы саны жарым миллионго жакын. Бул тууралуу 30-сентябрда “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин маалымат кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоого туруу укугу бар 437 миң 384 кыргыз жараны мындай каттоодон өтө элек жана эски үлгүдөгү ID паспорт менен жүрөт. Мыйзам боюнча мындай жарандар шайлоого катыша алышпайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебинде, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллионго жакын. 16 жаштан жогору курактагы жарандарды биометрикалык каттоого алуу тууралуу мыйзам 2014-жылдын июль айында кабыл алынган. Каттоону Мамлекеттик каттоо кызматы бекер жүргүзөт. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоонун добуш берүү күнү болот. Булак: Азаттык

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:22

Шайлоо: «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесинен 3 талапкер чыкты

Мындай чечим «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия кечээ, 29-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлеринин тизмесинен 3 адамды чыгарды. Тизмеден чыккандар: Мусаев Люшер Лажалович; Мамытов Нурлан Мамбетжанович; Абдысатаров Айтбек Абдысатарович. Мындай чечим «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды. Люшер Мусаев партиянын тизмесинде №19, Нурлан Мамытов №96, Айтбек Абдысатаров №112 орунда болчу. Булак: Баракелде

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:22

Калнур Ормушев, эксперт: “Юпитер, ачууландыңбы, демек бул кылганың туура эмес”

Бишкек, "Саясат. kg". Эксперт Калнур Ормушев “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловго байланышкан чуулгандуу видео тууралуу пикирин айтты. -Ачык айтканда, ал партияга да, анын сүйлөгөн сөзү менен коомчулуктун талкуусунда калган мүчөсү Марат Аманкуловго да эч кандай симпатиям жок. Бирок Аманкуловдун дарегине айтылган саткын, Мекендин чыккынчысы деген кыйкырыктар, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жок кылуу коркунучун жаратканы үчүн аны жоопкерчиликке тартууга жасалган чакырыктар өз оюмду айтууга түрткү болду. Ооба, биздин көптөгөн саясатчылар өз оюн даана жана так жеткирип айтып бере албайт. Анын үстүно Аманкуловдун сөзү «саткынчылыкка» эмес, биздин өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыгын коргоого камкордукка жакын, ал муну Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүккө кирүүнүн жакшы жактарына байланыштырып айтты. Ооба, көпчүлүктүн алдында мындай айтуу одоно болуп калды, бирок жолдоштор арасындагы баарлашууда “... үйгө кайтууга убакыт жеткенин” тамаша иретинде айтканы толук жөндүү. Анын билдирүүсүн адекваттуу кабыл алууну каалабагандар үчүн М. Аманкуловдун сөзүн келтирейин: “...Россия тууралуу кеп барган сайын Киевдик Русь катары эмес, Алтын Ордонун мураскери иретинде айтылып баштады”, башкача айтканда биздин ата-бабалырыбыздын Евразиялык биримдиги тууралуу. А мен үчүн башка көптөгөн кыргызстандыктар сыяктуу эле Евразиялык элдин биримдиги биздин негизги интеллектуалдык, илимий, индустриалдык, агроөнөр-жай потенциалыбыз калыптанган, биз адабият жана искусстводо секирик жасаган, өлкөбүздө маданият, илим, адабият жана искусство, спорттун эл аралык деңгээлдеги чеберлери жаралган Советтик Союздун курамындагыдай эле элести жаратат. Биздин элдин жана мамлекеттин тарыхындагы ал жылдарды унутуп коюу мүмкүн эмес. Белгилей кетейин, мисалга алсак, Европанын жарандары Евробиримдикке кошулууну туура деп тапканда өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын такыр сатышкан жок, өз эгемендүүлүгүнө да зыян келтиришпеди. Жада калса үй-бүлөдө анын ар бир мүчөсүнө көз карандысыздык керек. Анан ал адам кандай гана көз карандысыз, эркин, күчтүү болбосун, ынтымактуу үй-бүлөнүн коштоосунда гана өзүн чыныгы бактылуу жана эркин сезет. Учурдун эркиндиги жана көз карандысыздыгы өлко жарандарынын эртеңки күнгө болгон ишенимин бекемдерин билүү зарыл, алар ошондо гана тынч иштешет, жакындарынын муктаждыгын чечишет. Аларда карыганда гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирүү же таштандылардан тамак-аш издөө аргасыздыгы жаралбайт деген ишеним болушу керек. Биздин уулдарыбыз криминалдык топтордон материалдык пайда издеп калбайт, а кыздарыбыз башка өлкөлөрдүн көчөсүн шырырып, идишин жуубайт деген ишеним. Бул жааттагы эркиндикти жана көз карандысыздыкты биз, СССРдин жарандары алганбыз. Ошондуктан Марат Аманкуловдун билдирүүсүнө сын жаадыргандардын эсине муну салам: “Юпитер, сен ачууландың, демек туура эмес кылдың” жана өз элинин жана өлкөсүнүн сакталышы, өнүгүшү үчүн интернетте отуруп алып мекенчилдик жана эгемендүүлүк тууралуу талкуу уюштуруунун ордуна дарак отургузуп, үй куруп, бала тарбиялаш керек деген пикирди карманган көптөгөн, укугу башкалардан кем эмес кыргызстандыктарга кошулам.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:22

Назира Айтбекова: "Баарына каршы " дегенде жеңилебиз! Кайра эле көпөстөр келет!

Бишкек, "Саясат. kg". Эл - чоң күч! Күчүбүздү билбей жатабыз! 120 депутаттын 108 кайра келе жатат. Болгондо да сөз эркиндигин тыйгандар, эркиндикти башка өлкөгө өткөрүп берчүлөр, өлкөнү соодалап сатчулар, ток балдар, көздөрүн май баскандар келе жатат! Таразанын бир ташында ушулар берки ташында элден чыккандар, жаңы жүздөр, акылдуулар бар. Шайлоо баарын чечет! Эл - чоң күч! Күчүбүздү билбей жатабыз! Шайлоого жылда 1.5 миллион эле адам катышат. Калганы кайдыгер болуп жатып алат. Анын жарымы акчага сатылгандар! Шайлоого жарамдуу элдин саны 3.5 млн эл! Мурун барбай, кайдыгер карап жүргөндөр, ойгонгула!!! Сенин добушуң - улуу күч! Ошон үчүн сатып алганга аракет кылып, чуркап жүрүшөт! Акчасын алган күнү да кабинага киргенде сен жана сенин тандооң калат! Кимге шайлаганың билинбейт! Тандап шайла! Дебаттарды Ютубдан көрүп чыккыла! Ар бир партия менен тааныш болгула! Эче жылдан бери саясатта жүрүп, жерин , элин саткандардын таттуу тилине кирбей, жаңы , жүрөгүндө жалыны барларды, эскиликтен тажап, жаңы нукка бараткандарды шайлагыла!!!! Тандоо көп! "Баарына каршы " дегенде жеңилебиз! Кайра эле көпөстөр келет! Элдик партияларда акча жок. Калып калышат алар! Ойгон, элим! Бир туралы!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:22

«Мекенчил» Кара-Дарыяда. К. Ташиев: "Акчасын чачып добуш сатып алгысы келгендер парламентке жетпей калышса - алар үчүн мындан өткөн оор жаза жок!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Кара-Буура айылына барды. 2 миң сом менен Кыргызстандын эле эмес, бир адамдын да маселеси чечилбейт. Бул тууралуу «Мекенчил» саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. «Элдин айласын кетирип бүтүштү, кайда качаарын билбей калышты. Бул жактан да, тигил жактан да акча сунуштагандар жол торошот. “Миң берейин, эки миң берейин – мага добушуңду бер”, - деп коколошот. Кээ бири мончосуна элди чакырып, жуунтуп да жатышат. Бирок 2 миң сом жана мончо менен Кыргызстандын маселеси чечилбейт. Кыргызстандыкы турмак, бир үй-бүлөнүн оокаты оңолуп кетпейт. Бирок мамлекетибиздин тагдырына, өлкөбүздүн бутүндүгүнө жана элибиздин бакыбат жашоосуна чабылган балта болоорун унутпаңыздар! Добуш сатып алган талапкер жалаң гана сатып алуу менен алектенет, ал партиядагы тизмесин сатып алды. Алдыдагы талапкерлердин баары орундарын сатып алышты. Сатып алышпаса эл алдына келип, ачык айтышсын: “Добуш сатпагыла, элди, мекенди ойлогула!” – дешсин. Айта алышпайт, элдин алдына да келе алышпайт. Анткени эл кимдин ким экенин билет. Элдин ырыскысына кол салгандары беттерине чиркөө, элге жолугуудан качышат! Бирок парламентке баруудан эч убакта баш тартышпайт! Силер аларды жазалай аласыңар – акча тараткан партияларга добуш бербегиле! Акчасын чачып бирок парламентке жетпей калышса – алар үчүн мындан өткөн оор жаза жок!» - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:22

(Фото) “Мекенчил” Благовещенкада. К. Ташиев: "Партиялык система Кыргызстанга саясий чайкоочулукту алып келди"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Благовещенка айылына барды. Мекенчил инсан эч убакта саясий чайкоочулук менен алектенбейт. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Благовещенка айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Партиялык система аркылуу Кыргызстанга саясий чайкоочулук сиңди. Партиялардын дээрлик баары тизмедеги орундары үчүн талапкерлерден акча алышат. Анан ошол алган акчаларын элге чачып, добушту сатып алууну умтулуп жатышкан чагы. Алдыдагы орундар үчүн 200 миң доллар, 500 миң доллар, бир миллион долларды ким бере алат? Жөнөкөй, эл үчүн иштөөгө умтулган, мамлекетке зыянын тийгизбеген, элдин ырыскысына колун салбаган адамдарда ушунча сумма табылабы?! Жок! Бул сумма коррупционерлерден гана чыгат. Элдин жонунан кайыш тилип тапкан байлыктарынын кичине эле бөлүгүн элге чачышып, “акча менен баарын чечүүгө болот” дегенди бекем карманып алышкан. Аларга мекендин, элдин кереги жок! Аларга байлык жана бийлик гана керек. Мамлекетке же өздөрүнө коркунуч туулса, ошол күнү байлыгын сыртка чыгарып кетишет. А биз калабыз! Ошон үчүн 2 -3 миңге алданбай, бүгүн татыктуу тандоо жасайлы! Сатылган бир добуш бүтүндөй мамлекеттин тагдырына терс таасирин тийгизет!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:22

Алмазбек Акматалиев: "Өсүүдөбүз... атаандаштык абдан күчтүү!"

Бишкек, "Саясат. kg". Эми кептин баары шайлоочуда калды! Шайлоо алдындагы үгүт иштери түз финишке чыкты... Катышууну каалаган жана катышкан партиялардын баары. Ар кайсы телеканалдардагы дебаттарды көрүүчүлөрдүн саны өстү. Эн башкысы, ар кайсы партиялардын өкүлдөрүн көрүүчүлөр ар кандай жагдайда көрө алышты. Эч кандай цензура жок, баары түз эфирде, күтүлбөгөн суроолор жана ага жооптору менен. Жер жерлерде алдын ала даярдалбаган жолугушуулар, түнү да фонарлардын жарыгынын алдында болууда. Жүрүшкө акыркы жумада бири бирине компроматтар жарышы да кошулду. Партиялар ар бир шайлоо участкасына байкоочуларын дайындап, 4-октябрга логистиканы иштеп жатышат... 2-3 провокациялык жаңжалды эске албаганда, баары тынчтыкта, акыл менен болуп жатат. Эмитен эле кайсы бир лидерлер аныкталды, бирок жеңүүчүлөрдүн так божомолун эч ким чыгара алган жок. Атаандаштык абдан күчтүү! Өсүп баратабыз... Өлкөнүн жана мамлекеттүүлүктүн тарыхы мына ушундай жазылат! Эми кептин баары шайлоочуда калды! Эл, сенин саатың келди! Бийлик сенин колуңда! Акматбек Акматалиев

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:22

(Фото) “Мекенчил” Кыз-Көлдө. К. Ташиев: "Мен азап-тозокко, кыйынчылыкка карабай досумду, достукту тандадым!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына барды. Коркоктор бийликчил партиялардын этегин кармашат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Эмнеге мен шайлоого мамлекеттеги таасирдүү эки партиянын бири болгон “Ата Журт” менен барбадым? Буга себеп – элим, жерим деп, акыйкаттуулук деп, элимдин байлыгы деп чындыкты сүйлөймүн деген Садыр досумдун абакта жатканы. Мен досумду чыгарып алайын деп “Мекенчил” партиясын жетектөөнү чечтим. Эмнеге мамлекет дегенде жанын берүүгө даяр болгон, чынчыл инсан абакта жатса биз тынч жашообузду улантышыбыз керек? Эмнеге мекенчил уулубуз азап-тозокту көрүп жатканда биз унчукпай турушубуз керек?! “Мекенчил” менен шайлоого бараарымды билгенде жанымда жүргөн акчалуулардын көбү качып кетишти. “Бизге Садырыңдын кереги жок. Биз акчалуу, бийликке ыктаган партиялар менен барышыбыз керек. Бийлик жардам берет, ал партия өтсө, эптеп депутат болуп алганыбыз кеп”, - дешти. Мен азап-тозокко, кыйынчылыкка карабай досумду, достукту тандадым!” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:23

(Фото) “Мекенчил” Сузакта. К. Ташиев: "Мекенди коррупционерлер эмес, эл үчүн көкүрөгүн тоскон мекенчил инсандар сактап калат!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Таран-Базар айылына барды. Мамлекетти коррупционерлер эмес мекенчил инсандар сактап калат! Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Таран –Базар айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Мамлекетти элдин канын кактаган коррупционерлер эмес, элим-журтум дегенде жанын аябаган мекенчил инсандар сактап калат! Мекенчилдер жашынбайт, акча таратпайт, эл алдына ачык келип, ачык сүйлөй алат. Анткени артында жаман иши жок, эл ырыскысына суук колун салган эмес, мамлекетке чыккынчылык кылган эмес! Алар көкүрөгүн акыйкаттуулук үчүн тоскон, октон, оттон кайтпаган инсандар! Парламентке мекенчилдер келип таза өкмөттү түзсүн деген ниетте болсок, мамлекетте өзгөрүү болот. Эл коррупционерлер ким экенин билишет, сөөмөйлөрү менен сайып көрсөтүп жатышса да, алар эркиндикте, дагы да мамлекеттин байлыгын уурдоосун улантып сайрандап жүрүшөт. Муну токтотуу керек! Ошондуктан, шайлоодо жүрөк, акыл –эс менен келечекти ойлоп туруп добуш бериңиздер! Бир добуш бересиздерби, миң добуш бересиздерби – адал бериңиздер. Биз да адал кызмат кылып беребиз! ” – деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:24

Шайлоого көз салуу үчүн 219 эл аралык байкоочу катталды (тизме)

Ушул жылдын 4-октябрында боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын 219 өкүлү эл аралык байкоочу катары аккредитацияланды. БШКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, 27-сентябрга карата дүйнөнүн 31 мамлекетинен 24 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болгон 219 адам эл аралык байкоочу катары аккредитацияланды. № Уюмдар Саны КМШ Миссиясы 88 КМШ ПААсы 47 ЕККУ/БДИПЧ 35 ЖККУ ПАсы 10 ССТГ 8 КРдагы ФРГ элчилиги 4 КРдагы Япония элчилиги 3 Молдова БШКсы 2 Украина БШКсы 2 КРдагы Иран элчилиги 2 Өзбекистан БШКсы 2 КРдагы ФРГ элчилиги 4 КРдагы Япония элчилиги 3 Молдова БШКсы 2 Украина БШКсы 2 КРдагы Иран элчилиги 2 Өзбекистан БШКсы 2 Россия БШКсы 2 Казакстан БШКсы 2 Азербайджан БШКсы 2 Румыния БШКсы 1 КРдагы Х. Зайдель атындагы фонду 1 К.Аденауэр атындагы фонду 1 КРдагы Нидерланды элчилиги 1 КРдагы IFES өкүлчүлүгү 1 КРдагы KOIKA өкүлчүлүгү 1 КРдагы Монголия элчилиги 1 КРдагы Пакистан элчилиги 1 КРдагы Франция элчилиги 1 КРдагы Израиль элчилиги 1 БАРДЫГЫ: 219 Булак: media-center.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:23

«Кыргызстан» партиясынын тизмесинен 8 талапкер чыкты

Учурда «Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештеги бош мандаты бар. «Кыргызстан» саясий партиясынын 2015-жылдагы тизмесинен талапкерлер чыгарылды. БШК партиянын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнүн негизинде чечим кабыл алган. Тизмеден чыгарылган талапкерлер: - Дүйшеев Азамат Раимжанович; - Дыйканбаев Алмазбек Кеңешбекович; - Курманбеков Данишбек Муратович; - Кубатов Каныбек Идрисович; - Кыдырбаев Улук Асанкарыевич; - Мырзаканов Кубан Нуржанович; - Тургунбаев Абдумиталиб Тажибаевич; - Чыдынов Космосбек Мамажжанович. Учурда «Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештеги бош мандаты бар. Жаныбек Жоробаевдин ыйгарым укуктары өзүнүн арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулган болчу. Булак: Баракелде

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:23

Шайлоо: Партиялар 25-сентябрга чейин канча акча коротту?

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы каражаты тууралуу маалымат берди. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Саясий партиялардын шайлоо фондундагы 25-сентябрга карата кирешеси жана чыгашасы № Саясий партиянын аталышы Келип түштү Чыгымдалды 1 “Биримдик” 97 473 300 94 736 258 2 “Мекенчил” 14 944 025 13 953 869 3 “Ыйман Нуру” 7 228 800 7 115 634 4 “Мекеним Кыргызстан” 118 128 742 116 108 485 5 “Реформа” 7 607 642 7 443 417 6 “Ата Мекен” 49 456 717 46 791 413 7 “Замандаш” 39 476 153 39 157 832 8 “Бүтүн Кыргызстан” 8 725 524 8 633 251 9 “Социал-демократтар” 13 839 470 13 750 579 10 “Мекен ынтымагы” 7 113 360 7 113 213 11 “Афган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын партиясы” 10 564 500 10 545 755 12 “Ордо” 9 380 000 9 338 879 13 “Бир Бол” 43 936 293 43 022 160 14 “Республика” 36 647 905 36 571 968 15 “Кыргызстан” 98 423 142 96 301 939 16 “Чоң Казат” 6 688 914 6 467 754 Жалпы 569 млн 634 миң 487 557 млн 52 миң 406 Булак: Баракелде

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:23

БШКнын мүчөсү: Үгүт ролигине баланын катышкандыгы үчүн "Реформанын" талапкерине айып пул салынды

Абдрахматова башка партиялардын талапкерлеринен балдардын видео роликтерге катышуусунун себептерин түшүндүрүп берүүгө даярдануусун өтүндү БШК көпчүлүк добуш менен “Реформа” партиясынын үгүт видеосуна баланын катышуусу мыйзам бузуу деп тапты. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Facebook баракчасына жазды. Көрсөтүлгөн саясий бирикмеден депутаттыкка талапкерге айып пул салынды. «Элнура Алканова жана башка үгүт материалдарында өз балдары бар талапкерлер шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө сиздин видеоңузда эмне үчүн сиздин балаңыз бар экендигин түшүндүрүп берүүгө даярданыңыз. Эми БШК көпчүлүк добуш менен Реформанын талапкеринин видеосунда үгүт жүргүзүп жаткан баласы мыйзам бузуу деп чечип, арыз ээсине айып пул салды », - деп жазган Абдрахматова. Булак: vesti.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:23

(Фото) “Мекенчил” Октябрское айылында. К. Ташиев: "Добуш сатуудан алган эки миң менен эч ким байып кетпейт, бирок мамлекеттин келечегине зыянын тийгизет!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Октябркое айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. Мамлекеттин тагдырын акчага алмаштыруунун кесепети чоң болот. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Октябрское айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Добушту сатып алып жаткандар 2 категорияга бөлүнөт. Биринчиси, айыл айылды кыдырып, силердин тизмеңерди түзүп, “Кел, паспортуңду бере кал, мен сага азыр миң сом берем, дагы миң сомду шайлоо күнү аласың”, - дегендер. Алар түзүлгөн тизмени коррупционерге алып барып көрсөтөт да, тизмедеги ар бир фамилия үчүн 4-5 миңден алат. Келип силерге 1-2 миң карматып, калганын чөнтөгүнө салат. Ошону менен байып кетем деп ойлойт, суудан алган акчасы сууга айланып кетерин билбейт. Аларга эл-журттун, мамлекеттин, келечектин кереги жок! Шайлоо маалында 20-30 миң сом иштеп алсам экен гана дешет. Кадимки алдамчылар! Экинчиси, бул чоңураагы. Бири Бишкекте, бири Ошто, бири дагы бир шаарда жатып алып, жер-жерлерден улуттун кызыкчылыгын, мамлекеттин эртеңин уруп ойнобогон, өзүнө окшоп акчадан башкага кызыгы калбаган адамдарды чогултуп, “Сен бул айылды, а сен тигил шаарды сатып кел”, - деп миллиондорду чачып коет. Ошону менен элдин аң-сезимин бузушат, келечекти эмес, акчаны биринчи орунга койгон улутту түптөөгө умтулушат. Анткени бул аларга ыңгайлуу, элден уурдаган акчанын азыраак бөлүгүн кайра өздөрүнө чачып, парламентке келишет да, беш жыл бизнесин кайтарып, мамлекетке зыян алып келчү мыйзам долбоорлорду колдошот”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники