О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 13:16

Парламенттик шайлоо келбетине эми келип баратат

Акыркы күндөрү финишке күн улам жакындаган сайын, парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын оозуна келмеси келип, жеңдерин түрүп чамдана баштады. Парламенттик шайлоонун дүбүртү дубан жара баштады. Албетте, азыр толук баа бергенде болбойт, анткени мүнөт сайын өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошондой болсо да шайлоого саресеп салып көрөлү. Жетинчи чакырылыштагы парламентик шайлоодо жаңы партиялар катуу дүбүрт менен чыгышып, эски, саясаттын май-талканын жеп, такымы куурап бараткан партияларга тушамыш салып койгонсуп, илең-салаң чыга баштады. Дүбүртү менен топту жарган партиянын башында “Мекеним Кыргызстан” келатат. Пайызын эмес, канча деп алышы мүмкүн болжоп көрөлү. Азыр эле ушул басыгы менен бара бере турган болсо, “Мекеним Кыргызстан” 30-35 депутаттык мандатка ээ болушу мүмкүн. Эгер мындан да чамдаса көбөйүп, тизгинди бошотуп койсо азайып кетиши күтүлот. Андан соң таскакты “Биримдик” партиясы катуу уруп келаткан.Эмнегедир Аманкуловго жаралган кара пиар бир аз кармап тургансыйт. Бул партия өздөрү план менен канча мандатка ээ болгусу келип турганын ким билет, бирок 30 мандаттын ээси болуп калышы мүмкүн. Үчүнчү орунга БШКдан өтө албай соттошуп араң келген “Кыргызстан” партиясы жеңишке жетиши ыктымаал. Ушул үч партия парламенттеги 120 мандаттын көп ордуна ээ болушуп, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясын түзүп калышы ыктымал. “Республика” партиясы Атамбаев президент чамгарагын чимирилтип акчасын чачып, СДПК менен тизгин талашып дайым экинчи орунда келе турган. Бул ирет төртүнчү орунга түшөт. Бутуна тушамыш салып койгонсуп акчаны деле чача албай турушат. Себеби, эмнеде Бабанов Ташиевди “кидать” этип РАЖга фракция жетекчиси болду. Анда деле жыргап кеткен жок, 2017-жылы өзү чет мамлекетте жашынып, бул фракцияны ар ким билип калды. Эми ага партияны көп мандат менен өткөрүү кызыкчылыгы жок. Парламентке өтө тургандай электораты жетишет, акча чачабы же чачпайбы парламентке төртүнчу болуп өтөт. Парламентте оппозициялык азчылык да бар.” Республика” өтсө ушул тарапка барат. Парламентке өтө турган бешинчи жана алтынчы,жетинчи орун үчүн партиялар үчүн кырчылдашкан кыл чайнашкан таймаш болот. Бул орундарды талашып “Бир бол”, “Мекенчил”, “Ата-Мекен”, “Замандаш” жана “Бүтүн Кыргызстан” чыгышы мүмкүн. Ал эми башкалар тууралуу кеп кылбай эле койо тууралы такымын жеп калган “Мекен ынтымагы”, СДПКнын ордуна келаткан СДП босогого да караандабай калышы мүмкүн. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:16

Видео - Шайлоо бюллетенинде шайлоочу койгон белгини күйгүзсө өчүп кетеби?

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова интернетте “шайлоо бюллетенинде шайлоочу койгон белгини күйгүзсө өчөт” деген сөздүн канчалык деңгээлде чын экенин текшерди. Ал Нарын облусундагы жана Бишкек шаарындагы айрым шайлоо участкаларына барып, бюллетенге белги коюп, аны от менен күйгүзүп жок кылууга аракет жасайт. Видеодо көрүнгөндөй бюллетенге белги коюлгандан кийин от менен өчүрүүнү аракет кылганда, сыя калып барактын өзү күйгөн. “БШК алган калемсаптардын сыясы күйгүзсө өчпөйт, бюллетенге коюлган белги (галочка) ошол бойдон калат. Буга кепилдик беребиз. Бирок, баары бир ишенбей кооптонуп жатсаңар, анда өзүңөрдүн калемсабыңарды ала келип, добуш берсеңер болот. Ага мыйзамда эч кандай чек жок” – деп билдирди Атыр Абдрахматова. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:16

Шайлоо да унутулат, коронавирусту эстейли

Коронавирус кайрадан ааламды кучагына алып келатат. Биз да 4-октябрдан соң парламенттик шайлоону унутуп, коронавирус менен күрөшүүгө чыгышыбыз керек. Орусияны канчалык сындаганыбыз менен ал жактан бизге дарт менен күрөшүү үчүн жардамдар келип жатат. Орусиядан коронавируска каршы 119 600 даана вакциналардын биринчи партиясы келди. Бир гана акыйкатчылык керек. Жакында калктын аялуу катмарын - карыларды, 5 жашка чейинки балдарды, өнөкөт оорулары бар жарандарды, медициналык кызматкерлерди эмдөөдөн өткөрүп алышыбыз керек.. Көптөгөн уюмдарда жеке баштапкы борборлор же клиникалар ачылып, каалоочулар эмдөөдөн өтүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлуш керек. Республикалык бюджеттин эсебинен 700 миң доза вакцина сатып алууга тендер жарыяланган. Булардын барына бир гана депутаттык корпус ээ боло калбай жалпы элибиз пайдаланыш керек. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:16

Шайлоо күнү санитардык эрежелерди кантип сактоо керек?

Борбордук шайлоо комиссиясы жана Саламаттык сактоо министрлиги шайлоодо коронавирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн санитардык нормалардын алгоритмин иштеп чыкты. Добуш берүү күнкү талаптар: Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга бир жолку бет кап жана кол каптар акысыз берилет; Санитардык-эпидемиологиялык кызмат келген шайлоочулардын дене табын текшерет; Кире беришке санитайзер жана дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемче коюлат; Жергиликтүү бийлик шайлоо участогунун кире беришине коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат илет; Шайлоо участогуна адамдардын кирип-чыгуу схемасы түзүлөт; Жергиликтүү бийлик шайлоо участогунун аймагына аралыкты сактоо чийиндерин белгилейт; Жергиликтүү бийлик добуш берүү процесси башталганга чейин шайлоо участкасын дыкат дезинфекциялайт; УШКнын бардык мүчөлөрүнө жеке коргонуу каражаттар берилет; Ар кандай уюмдардан келген байкоочулар, ЖМК өкүлдөрү, талапкерлер жана саясий партиялардын өкүлдөрү жеке коргоо каражаттары менен камсыздалат; Добуш берүүчү кабиналар жана технологиялык жабдуулар бири-биринен 1,5-2 метр аралыкта жайгаштырылат; Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бири-биринен 1,5-2 метр алыстыкта отурат жана бир шайлоочуну тейлеп бүткөндөн кийин колуна антисептик сээп турат; Добуш берүүчү кабина пардасыз колдонулат; Желдетүү системасы жок болсо, ар 30 мүнөт сайын 15 мүнөттөн желдетип туруу керек. Эгерде сыртта абанын температурасы 18 градустан жогору болсо терезе ачык турушу керек. Добуш берүү процесси: Шайлоочу паспортун УШК мүчөсүнө бергенден кийин кол кабын чечип, колуна антисептик сээп, манжасы менен идентификациялоодон өтөт. Андан соң кайра антисептик чачып кол кабын киет. Шайлоочу жүзүнүн биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон өткөндө бет кабын чечип турат; Ар бир шайлоочудан кийин идентификациялоо боюнча жабдуу дезинфекцияланат; Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептөөчү урналар ар бир 60 мүнөттө эки ирет дезинфекцияланат; Оорунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн өзүнчө кабина болууга тийиш; БШК оорунун белгилери бар же бейтаптар менен байланышта болгон, обсервацияда жаткан жарандар үчүн да добуш берүүнүн жол-жобосу иштелип чыкканын кошумчалады. Мындай категорияга кирген шайлоочулар 2-октябрга чейин үйдөн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн сурап УІІІКга кайрылышы керек. Ага ылайык 3-октябрда добуш бере алат. Эгер шайлоо участогуна барып добуш берүүнү кааласа 18.00дөн кийин келүү сунушталат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:17

Шайлоо жарышынан четтетилген Илхом Маннанов БШКга каршы доо арыз менен сотко кайрылат

Жогорку Кеңештин депутаты Илхом Маннанов БШКнын аны “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимине макул эмес. Анын өкүлүнүн айтымында, бүгүн, 29-сентябрда Маннанов маалымат жыйынын өткөрүп, сотко кайрылууну көздөп жатат. 24-сентябрда БШК Араван районунда “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын тарапкерлеринин ортосунда болгон массалык мушташ маселесин карап, ушул эки партиядан талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановдун каттоосун жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. 20-сентябрь күнү кечинде Ош облусунун Араван районунда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын үгүт иш-чарасында массалык мушташ болуп, натыйжада 12 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Бул окуядан дээрлик дароо эле “Мекеним Кыргызстан” партиясы билдирүү таратып, окуяны “чагым” деп атаган. Биримдик “провокацияга күнөөлүүлөр мыйзамдын толук көлөмүндө жазаланышы керек” деди. 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. БШК депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитти. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:17

Коронавируска кабылган адам шайлоо күнү кантип добуш берет?

БШК Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн шайлоо күнү добуш берүү алгоритмин иштеп чыкты. Алгоритмде шайлоо комиссияларына добуш берүүдөн бир күн мурун жана добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмеси менен иштөөнү уюштуруу боюнча бир катар талаптар камтылган. Дезинфекциялоочу каражаттарды, коргоочу маскаларды, бир жолу колдонулуучу мээлейлерди колдонуу, 1,5-2 м аралыкта башка адамдардан социалдык аралыкты сактоо, кол алышуудан сактануу жана түз байланыштын башка түрлөрү шайлоо процессинин бардык этаптарында шайлоо процессинин катышуучулары үчүн милдеттүү шарт болуп саналат, шайлоочуларды идентификациялоо учурлары. биометрикалык жана жеке маалыматтар боюнча. Шайлоо күнү шайлоо участоктору добуш берүү алдында жуугуч каражаттар менен нымдуу тазаланып, шайлоо участкалары жана бардык жер дезинфекцияланууга тийиш. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 1,5-2 метрден кем эмес жайгаштырылып, ар бир шайлоочу менен иштешкенден кийин, колдорун антисептикалык заттар менен тазалоо керек. Добуш берүүчү кабиналар пардасыз болот. Байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жайгашкан жерлери социалдык дистрацияны эске алуу менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталат. Ошол эле учурда, көрсөтүлгөн адамдарга добуш берүү процесси жана добуштарды эсептөө жол-жобосу жөнүндө так маалымат берүү мүмкүнчүлүгү берилиши керек. Добуш берүү процесси кандай өтөт? Идентификацияны манжа издери менен өткөрүүдө шайлоочу кол каптарын чечип, антисептик каражаты менен колун дарылап, идентификациядан өтүшү керек, андан кийин кайрадан иштегенден кийин колдоруна кайрадан кол кап кийиши керек. Адамдын биометрикалык параметрлери боюнча идентификациядан өткөндө, шайлоочу беткапты убактылуу чечип, идентификациядан кийин кайрадан кийгизиши керек. Идентификациялоочу шаймандарды спирт менен тазалоо дезинфекциялоо ар бир шайлоочу үчүн идентификациялоо процедурасынан мурун жана кийин жүргүзүлөт. Бөлмөдө оорунун белгилери байкалган шайлоочулар үчүн өзүнчө добуш берүү кабинасы болуш керек. Добуш берүү учурунда, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуда, участкалык шайлоо комиссиясынын ар бир мүчөсү өз калемин колдонушу керек. Добуш берүүчү үкөктөрдү ачардан мурун алардын беттери антисептик менен тазаланат. БШК 2020-жылдын 2-октябрына чейин оорунун белгилери бар, же бейтаптар менен байланышкан же байкоо астында турган жана активдүү шайлоо укугунан пайдаланууну каалаган шайлоочуларга шайлоо участкасынан тышкары жерде добуш берүү жана добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууну сунуш кылат. 2020-жылдын 3-октябрында үйдө. Эгерде шайлоочу 2020-жылдын 4-октябрында шайлоо күнү шайлоо участкасында жигердүү шайлоо укугун колдонууну кааласа, шайлоо участкасына саат 18: 00дөн кийин баруу сунушталат. Эске сала кетсек, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:17

БШК: "Шайлоо участкасына жаш балдарды алып келбегиле"

БШК шайлоочуларды шайлоо участогуна бүт үй-бүлөсү менен келбестен, кезектешип барууну сунуштайт. Бул тууралуу БШК жарыялаган алгоритмдерде айтылат. Ошондой эле БШК, шайлоого жаш балдарды алып келбөөгө, дене табын текшерип, шайлоо участогунун кире беришинде колду антисептик менен тазалагандан кийин УШК берген бет капты жана кол каптарды кийүүнү, добуш берүүчү жайда жүргөндө бет капты жана кол капты чечпөөнү (идентификация мезгилинен башка учурларда) сунуштайт. Муну менен катар, добуш берүүчү жайдын сыртында дагы, ичинде дагы 1,5-2 метр аралыкты сактоо сунушталат. Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:17

Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп?

Кыргызстандын аймактарынын ичинен Ош облусунда шайлоочулардын саны көп. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат. Мыйзам боюнча шайлоого катышкан жарандардын жалпы санынын жети пайызынан жогору добуш алган партия парламентке келүү укугуна ээ болот. Аны менен катар жети облус менен республикалык маанидеги эки шаардан 0,7 пайыздык босогодон өтүшү керек. Мисалы, Баткен облусунда 100 миң адам шайлоого катышса, кеминде 700 добуш чогултуу шарт. Алдыда аймактардагы шайлоочулардын санын тизмектейбиз: Ош облусу — 682 603; Жалал-Абад облусу — 643 774; Чүй облусу — 586 664; Бишкек шаары — 497 692; Баткен облусу — 284 265; Ысык-Көл облусу — 290 769; Ош шаары — 179 972; Нарын облусу — 176 202; Талас облусу — 149 011; Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар — 32 580. Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алары белгилүү болду. Бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 735 адамга көп же 27,6 пайызга өскөнүнөн кабар берет. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:17

Шайлоодо COVID-19дан коргонуу алгоритми иштелип чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы жана Саламаттык сактоо министрлиги шайлоодо коронавирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн санитардык нормалардын алгоритмин иштеп чыкты. Анда шайлоонун алдында жана добуш берүү күнү иш процессин уюштурууда бир катар талаптар камтылган. Дезинфекциялоо каражаттарын, бет каптарды, бир жолу колдонулуучу кол каптарды пайдалануу, 1,5-2 метр социалдык аралыкты сактоо, кол алышып учурашпоо жана башка байланыштарды токтотуу каралган. Добуш берүү күнкү талаптар: Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга бир жолку бет кап жана кол каптар акысыз берилет; Санитардык-эпидемиологиялык кызмат келген шайлоочулардын дене табын текшерет; Кире беришке санитайзер жана дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемче коюлат; Жергиликтүү бийлик шайлоо участогунун кире беришине коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат илет; Шайлоо участогуна адамдардын кирип-чыгуу схемасы түзүлөт; Жергиликтүү бийлик шайлоо участогунун аймагына аралыкты сактоо чийиндерин белгилейт; Жергиликтүү бийлик добуш берүү процесси башталганга чейин шайлоо участкасын дыкат дезинфекциялайт; УШКнын бардык мүчөлөрүнө жеке коргонуу каражаттар берилет; Ар кандай уюмдардан келген байкоочулар, ЖМК өкүлдөрү, талапкерлер жана саясий партиялардын өкүлдөрү жеке коргоо каражаттары менен камсыздалат; Добуш берүүчү кабиналар жана технологиялык жабдуулар бири-биринен 1,5-2 метр аралыкта жайгаштырылат; Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бири-биринен 1,5-2 метр алыстыкта отурат жана бир шайлоочуну тейлеп бүткөндөн кийин колуна антисептик сээп турат; Добуш берүүчү кабина пардасыз колдонулат; Желдетүү системасы жок болсо, ар 30 мүнөт сайын 15 мүнөттөн желдетип туруу керек. Эгерде сыртта абанын температурасы 18 градустан жогору болсо терезе ачык турушу керек. Добуш берүү процесси: Шайлоочу паспортун УШК мүчөсүнө бергенден кийин кол кабын чечип, колуна антисептик сээп, манжасы менен идентификациялоодон өтөт. Андан соң кайра антисептик чачып кол кабын киет. Шайлоочу жүзүнүн биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон өткөндө бет кабын чечип турат; Ар бир шайлоочудан кийин идентификациялоо боюнча жабдуу дезинфекцияланат; Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептөөчү урналар ар бир 60 мүнөттө эки ирет дезинфекцияланат; Оорунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн өзүнчө кабина болууга тийиш; БШК оорунун белгилери бар же бейтаптар менен байланышта болгон, обсервацияда жаткан жарандар үчүн да добуш берүүнүн жол-жобосу иштелип чыкканын кошумчалады. Мындай категорияга кирген шайлоочулар 2-октябрга чейин үйдөн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн сурап УШКга кайрылышы керек. Ага ылайык 3-октябрда добуш бере алат. Эгер шайлоо участогуна барып добуш берүүнү кааласа 18.00дөн кийин келүү сунушталат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:17

Шайлоого карата вирус жуктургандардын санын атайын азайтып айтып жатабы?

Жогорку Кеңештин шайлоосун өткөрүп алуу үчүн коронавирус жуктургандардын саны атайылап азайтылып айтылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады. Белгилей кетсек, соцтармактын колдонуучулары шайлоого карата элди дүрбөлөңгө салбаш үчүн илдет боюнча статистика азайтылып көрсөтүлүп жатышы мүмкүндүгүн болжошууда. Бул боюнча Үсөнбаев саламаттык сактоо тармагынын шайлоого эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. "Статистика төмөндөгөн жок. Керебеттер толуп эле калып жатат. Июлда ооругандардын саны абдан көбөйгөн, кийин кайра түштү. Бул кадыресе процесс. Учурда COVID жуктургандар кайра көбөйө баштаганын байкап жатабыз. Бул көрүнүштүн шайлоого эч кандай тиешеси жок", — деди Үсөнбаев. Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин шайлоосу 4-октябрда өтөт. Акыркы кезде илдетке кабылгандардын саны күнүнө 100дөн түшпөй жатат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:18

Шайлоо бүткөнгө чукулдап калды спикер ким болот?

Биздин шайлоо бүтөр менен дүйнө оор нерсеге чулганышы мүмкүн. Бул оор кырдаалдан кимибиз тирүү калабыз, кимибиз коштошобуз ким билет. Анткени, оору карыны да,жашты да, кызматты да ылгабай калды. Парламенттик шайлоо бүтөрүнө аз калды. Мыйзам боюнча ким болсо да 120 депутат ордун ээлейт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мыйзамдар тиешелүү чыга берет, анан ким келсе да спикерин шайлашы керек. Замана кандай кары,кандай керең, Закымдап учкан сайын түбү терең. Жетинчи чакырылышка «спикер» издеп, Нуржан.Ш парламентке келет экен. ЖКны кыңк эткизбей башкарууга, Баш болуп парламентке жаш, карыга. Ишенген өз күчүнө депутаттар, Келсин деп өзүн-өзү сындатууга. Текебаев спикерге «дед» карап-карап, Кеп жебес депутаттарды бирден санап. Эскерип өз убагын «самоотвод» деп, Тизмеден өзүн-өзү чийип салат. Сынга эч толбоймун деп жүрөк даабай, Келе албай турган экен депутат далай. Шарт эле жөнөйт экен угар менен, Исаев таланты зор, заади малай. Нуржан.Ш сынап аны минтип айтат, Жүрөгү арстандан кайра тартпайт. Колу ачык, жоомарт экен чачып элге, Жүргөнү Шабдан сымал дайым шарт-шарт. А БИРОК… кошомат чоң илдет экен, Калп-чынды кошуп кээде ийлейт экен. Чокчоңдоп колунда жок адамдарга, Чоңдорду көрсө эле бийлейт экен. Нуржан.Ш байкап аны жактырбаптыр, Хандыкка Исаевди чакырбаптыр. Манаптан киши жокпу эл-журтта деп, Микрофон алып Нукең бакылдаптыр. Эл-журтту байкай анан сынай карап, Тактынын көздөй жыла жөнөй калат. Жапыкеев кыргыз манабынан, Депутаттарды жиберчүдөй барын сабап. Нуржан.Ш карап аны сынайт экен, Жаактууга сөз бербеген абдан чечен. Парламент ишенимин актай алат, Манапча айткан сөзгө өзү бекем. Тил менен туурасынан жаткырат дейт, Мыйзамды издеп жүрүп таптырат дейт. Милдети шайлоо болоор убагында, Миңдерди акчасына бактырат дейт. Спикер болсо жайлайт тилин тосуп туруп, Буйрукту берет үнүн созуп туруп. А БИРОК… өлкөнү бүт сатып ийер, Байкатпай мыйзамына кошуп туруп. Деп Нукең айтат экен карап даана, Жапыкеев такка чыгып баратканда. Нуржан.Ш Жапыкеевди, шак ойлонуп, Жөнөтөт жөн эле болсун деп карап даана. Борончу чыгат экен элге карап, Боорсоктой жаңы бышкан өңү жарап. Еврей кире качаар тешик таппай , Эгерде такка отурса «суперсаяк». Нуржан.Ш баалайт экен оюу кенен, Борончунун спикер болууга жолу кенен. А БИРОК…кантип аны спикер кылабыз? Койтойгон кичинекей боюу менен. Деп сынчы кодоосуң деп жактырбаптыр, Тактыга Борончуну жактырбаптыр. Боюу узун барбы адам эл-журтта деп, Нуржан.Ш элге чыгып бакылдаптыр. Мадумаров көп жылдары алган атак, Спикер болормун деп кылат чатак. Ким бар деп спикер болууга менден башка, БШКны кирген экен сөзгө матап. Тамагын гилас менен майлап койгон, Тагдырын бийлик жакка байлап койгон. Каркырада капканына түшкөндөрдү, Кайын-журт калыңы деп жайлап койгон. Боюу бар, боюна чак салмагы бар, Сөзгө бай, Өзгөн деген аймагы бар. Нуржан.Ш баасын берет Мадумаровго, Сөзүндө сүтү эмес, каймагы бар. А БИРОК…Адакең динди кармабаптыр, Харамбы, халалбы деп тандабаптыр. Чочкону койдой союп шорпосуна, Жүз грамм арак кошуп жалмалаптыр. Деп Нуржан.Ш Адакеңдин бактысына, Кубалап түшөт экен тактысынан. Шарият жолун туткан бар бекен деп, Жар салып чакырат дейт сакчысынан. Чыгат дейт “Маянечил” Дастан молдо, Оо, кудай мына эми өзүң колдо. Келтирип улам-улам дин келмесин, Тактыга бара жаткан кыска жолдо. БШКга Дастан молдо жагыптыр дейт, Кунт коюп өтө көңүл салыптыр дейт. А БИРОК… жаратпаптыр Шакисине, Мурдунан жетелетип калыптыр деп. Дастандын Шаки менен тандеми бар, Экөөнүн билбейм кандай мандеми бар? Келет дейт коррупцияны коколойм деп, “Бүтүн Кыргызстанда” бүркүп салар ал деми бар. Катани спикер болууга жарар эле, Өзгөчө депутаттарды багар эле. Түбүнө жердин чукуп кирсе дагы, Коррупционер кишилерди табаар эле. А БИРОК…дайым болуп бийлик бута, Спикерликти алалбайт го эми ута. Акчасын ресторанга бүт которуп, Катанинин чөнтөктөрү абдан жука. Жулунуп депутатты бирден жөөлөп, Айкырып кээде эшекче, кээде мөөрөп. Чөнтөккө доллар, евро салып алып, Култуңдап Курманов калат жөнөп. Кудум да өзү үйрөткөн мектеп анык, Нуржан.К Зайнидинди беттеп алып. Шолоктоп жашын төгүп ыйлап ийет, Бала кез мөөрөгөнүн эстеп алып. Бир өзү Миң-Куш, Чаек, Араванда, Жарайт го спикерге такка даана. А БИРОК…көргүлүктү көрөсүңөр, Кокустан бийлик тийсе маңкаларга. Деп сынчы Курмановду маңкасың деп, Тапкыла мурду бүтүн башкасын деп. Турганда байлык ээси Бабанов келет, Кочкордой тумшук кантип жакпасын деп. БШК айтат мурдун абдан сыйлаймын мен, ЖКга аны сөз жок спикер кылар элем. А БИРОК… Жерүй кенин жеп жиберди, Үйүнөн эки кадам жылаар менен. Деп сынчы кубалаптыр «соргоксуң» деп, Жегенди эми дагы койбопсуң деп. Аңгыча келет экен Жамангулов Жаш элем бирок кудай колдосун деп. Жүрүшү улам башка, улам ар ким, Таптаса чыгар эле андан балким. Сталиндей режим куруп беремин дейт, Тургансып бет алдыңда Иосиф «Палкин». А БИРОК… кадыр-баркын жоготобу? Спикер болуп тапканын бүт коротобу? Далайга башы бышкан «дед» депутаттар, Жамангуловду «молодой» деп тоготобу? Деп БШК аны дагы жактырбаптыр, Тактыга барбы ким деп бакылдаптыр. Таздарга сыным өтпөйт, көз тиет деп, Сындоого Алтыш тазды чакырбаптыр. Эркек жок бир топ убак турат экен, Жулунуп Клара сулуу чыгат экен. БШКнын шарт жүрөгү болк дей түшөт, Сулууну сырдуу карап сынайт экен. «Сулуусуң айтып бүткүс сулуулугуң, Айтайын денеңдин да жылуулугун. А БИРОК… көтөрө албайт парламент чын, Тилиңдин заардуулугун, уулуулугун». «Чык эшикке, барыңарды урбайм»-деди, «Керек болсо сөзүмө турбайм» -деди. Оштонуп келер менен Бакиров.М, «ЖКны кайрадан курбайм» -деди. «Парламент демократиялуу, заман тунук, Мыктылар келди мына буттан туруп. Айлыгын депутаттын көбөйтөм деп, Анткени депутаттын бары улук». Деп Мирлан спикердин жайын мактай, Турганда депутаттын санын тактай. Чагылган «чарт» дей түшүп БШКны, Тургандар бир заматта калды таппай. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:19

Шайлоо: «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесинен 3 талапкер чыкты

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия кечээ, 29-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлеринин тизмесинен 3 адамды чыгарды. Тизмеден чыккандар: Мусаев Люшер Лажалович; Мамытов Нурлан Мамбетжанович; Абдысатаров Айтбек Абдысатарович. Мындай чечим «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды. Люшер Мусаев партиянын тизмесинде №19, Нурлан Мамытов №96, Айтбек Абдысатаров №112 орунда болчу.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:30

✅ Бажыдагы кызматкерлердин саны азайат

Кыргызстанда мамлекеттин казынасынан бир тыйын сом коротпой, 90 секунд ичинде растаможка кылуу реформасын жасоо мүмкүн. Ал кандайча ишке ашат? ✅ Бажы кызматы менен салык кызматы бириктирилет. ✅ Бажыдагы кызматкерлердин саны азайат. ✅ Бардык чек ара пункттарында ГЧПнын негизинде эл аралык инвестор тарабынан “3D рентген-тунелдер” курулат. ✅ Чек арадагы операторлор ГЧП инвестор тарабынан ишке алынат. ✅ Бардык фуралар 90 секунд ичинде рентгенден өтөт. ✅ Ал жерде алынган 3D сүрөттөр жана электрондук декларациялар Бишкектеги диспетчердик борборго ошол эле учурда жөнөтүлөт. ✅ Бажы кызматкерлери айдоочу жана жүктүн ээси менен беттешпейт, Бишкектеги Көзөмөлдөө Борборунан туруп, алыстан 3D сүрөттүн декларацияга дал келип-келбегенин 1 мүнөт ичинде тастыктайт. ✅ 90 секунд ичинде “Тунелден” өтүп, декларациясы тастыкталган айдоочу, бажы кампасына барбай туруп, жүгүн өзүнүн кампасына түшүрөт. ✅ Бажы салыгын 10 иш күнү ичинде банк аркылуу которот. ____________________________ В Кыргызстане можно провести реформу таможенного оформления за 90 секунд, не потратив ни копейки из госказны. Как это осуществить? ✅ Объединим таможенную и налоговую службы. ✅ Сократим количество сотрудников таможни. ✅ На всех пунктах пропуска через границу международным инвестором будут построены “Тоннели 3D-рентгенографии” на основе ГЧП. ✅ Операторы в таможню будут отобраны самим инвестором ГЧП. ✅ Весь грузовой автотранспорт будет проезжать рентгенографию за 90 секунд. ✅ Сделанные 3D изображения и электронные декларации будут отправлены в Бишкекский диспетчерский центр моментально. ✅ Сотрудники таможни не встречаются лично с водителем или владельцем груза, подтверждают 3D-изображение и декларацию дистанционно за 1 минуту из диспетчерского пункта в Бишкеке. ✅ В течение 90 секунд водитель, проходить через “Тоннель” (Информационно Досмотровой Комплекс, ИДК) подтверждает декларацию и едет выгружать груз на своем складе, не выходя на таможенный склад. ✅ Таможенные пошлины перечесляет через банк в течении 10 рабочих дней. #БирБол13ЖаратманКүч #Тазалан #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020 #Тазашайлоо #БиздинТалапкер #АрБирДобушМаанилүү #БиздинПрограмма

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:24

(Фото) “Мекенчил” Базар-Коргондо. К. Ташиев: "Парламент кандай депутаттардан куралат - элдин таламын талашкандарданбы же бизнесин коргоп, бийликке кошомат кылчуларданбы?! Тандоо - элде!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Базар - Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылына барды. Депутаттын эки түрү бар - арам акчасына элди сатып алып, парламентке бизнесин коргоо үчүн баргандар жана элдин кызыкчылыгын башкы орунга коюп, акыйкаттуулукту талашып безилдегендер. Эл кандай кааласа ошондой парламент куралат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Бир добуш, эки добуш деп коебуз, анын артында бир адамдын өмүрү, беш жылдык ишеними турат. Бир добуш – бир тагдыр, бир жашоо. Ар бириңер бирден гана добуш бересиңер, ошол бир мүмкүнчүлүгүңөрдү коррупционерлердин элдин эмгегинен жулуп алган ыпылас акчасына сатасыңарбы же туура пайдаланасыңарбы?! Дагы бир жума убакыт бар, ойлонгула! Эртең кандай депутаттарды көргүңөр келет?! Безилдеп элдин таламын талашкан, карапайым жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жанын берүүгө даярлардыбы же бүгүн добушуңарды сатып алып, эртең бизнесин коргоп, анын айланасынан чыга албай, бийликке кошомат кылгандардыбы?! Силер кандай кааласаңар, ошондой болот! Биздин колубузда силерди сатып алганга акча жок, болгон учурда да сатып алмак эмеспиз! Анткени биздин ниетибиз таза, парламентке мамлекеттин тагдыры үчүн барууну кааладык. А коррупционерлер бүгүн бул, эртең тигил бийликке иштейт да, бир аз коркунуч жаралса байлыгын жыйнай салып, качып кетет”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:21

Өз келечегибизди сатыппыз, эми уул-кыздарыбыздын келечегин сатпайлы!

Добуш берүү күнүнө болгону төрт күн убакыт калды. 3-октябрга чейин кулагыбызга дагы толтура жагымдуу убадалар угулат. Талапкерлердин ооздорунан «жалын чачып» сүйлөгөндөрүн угабыз. Алардын кандай убадаларды берерин, кандай жагымдуу сөздөрдү айтышаарын алдын-ала эле билип турабыз. Бирок, уга беребиз. Кулагыбыз менен угуп шайлап, тилибиз менен ашатып жашаганды адатка айланттык. 29 жылдан бери шайлоолордун алдында «Айлык акыны, пенсия, жөлөк пулдарды эки эсе көтөрөбүз», «Жеңилдетилген 5%дык кредит беребиз», «Коррупцияны жоебуз», «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетебиз», «Жол салып беребиз», «Мектептерди, ооруканаларды курабыз», «Өнүккөн өлкөгө айлантабыз», «Элдин жашоосун оңдойбуз» деген өңдүү убадалар жамгырдай жаайт. Ишенгиң келет. Өтө көп жолу ишендик. Ошентип ишенип отуруп өзүбүздүн келечегибизди сатып жиберген экенбиз. Убадаларга жана 1000-2000 сом акчага. Эгемендиктин алгачкы жылдарында бир мүшөк ун, же бир литр спиртке да алданганбыз. Жогорудагы убадалардын баары чейрек кылымдан бери кайталанып келатат. Ошол убадаларды айтып жаткан талапкерлер да, аны угуп жаткан шайлоочулар да алдамчылык болуп жатканын түшүнөт. Бирок, «Мен алдай берейин, сен ишенимиш болуп кой» деген позицияны талапкер кармап олуттуу көрүнсө, шайлоочу да «сен алдай бер, мен ишенгендей болуп турайын» деген позицияда болуп келди. Ошентип отуруп 29 жылдын ичинде 1000-2000 сомдон добуш сатып алып депутат болуп келгендер олигархтарга айланды. Ал эми шайлоочулар дагы деле ошол 1000-2000 сомду беш жыл күтүп жашаган абалында. Мамлекетибиз таланып-тонолуп бүттү. Мамлекетти ойлогон чыныгы патриоттордун жоктугунан ата-бабаларыбыз кан-жанын берип коргоп келген кыргыздын жерлери четинен кертилип бир тобу сатылды. Мамлекетибиз жарды, чиновниктерибиз олигарх. Өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары арты 20-30 миң долларлык, алды 100-150 миң долларлык автоунаалар менен жүрөт. Ал эми «Тез жардам» унааларынын кейпи мышык ыйлаарлык. Ошол эле дупатат, министрлер хансарайларда, элиталык батирлерде жашайт, ал эми ооруканалардын, мектептердин абалдарын көрүп жүрөк ооруйт. Мамлекеттин калкынын саламаттыгы үчүн камкордук көрө турган медицина кызматкерлеринин, билим берген мугалимдердин айлык акылары өп-чап жашоого гана жетиштүү. Ал эми депутаттардын айлык акылары 40 миң сомдон 100 миң сомго чейин жетет. Бир жылда бир жолу алуучу отпускнойлору 200-300 миң сом. Мамлекеттин бюджетинин эсебинен бензин куят, мобилдик телефондору үчүн бирдик салынат, айтор баскан-тургандарына кеткен чыгымдардын баарын алат. Мугалимдер, дарыгерлер 10-15 миң сомдук айлык акыларын бир айга жеткирип жашоого аргасыз. Ошол эле айлык акылары азык-түлүккө да, кийим-кечеге да, коммуналдык кызмат акыларына да, жол киресине да жетиши керек. Анан кантип мугалимдин, дарыгердин жашоосу жетиштүү болот? Кантип коррупция менен күрөш жүрөт? Азыр шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын ичинде 29 жылдан бери саясаттан кетпей келаткандар да, жаңы кошулгандар да, кошулганына 5-6 жыл болгондор да бар. Карт саясатчылар менен саясатка келгенине 5-6 жыл болгондордун жашоолорун карап көрүңүз: бай-манаптын жашоосу. Беш эле жыл депутат болуп отуруп, манчыркай тургандай жашоого жетип алгандары бар. Бирок, мамлекетибиз дагы деле жарды. Ошондо алар мамлекет үчүн иштешкенби, же мамлекетти өздөрүнүн кызыкчылыгына иштеткенби? Жообу түшүнүктүү болсо керек. Ырас, чындыкты айтуу керек, азыр деле 4-октябрга карата шайлоодо тандоо мүмкүнчүлүгүбүз кеңири эмес. Көбүнчөсү окшоштор. Партияларынын гана аталыштары ар башка болгону болбосо, баары эле бизнесин коргоону көздөп бараткандар жана айрым олигархтардын куралына айлангандардан куралды. Арасында кыргыздын жерлерин сатып жибергендер да бар. Албетте, үмүттү таптакыр үзүүгө болбойт. Араларында идиректүүлөр, салыштырмалуу таза иштеп беришет деп ишеним артууга боло тургандары бар. Бирок, аз. Андыктан 4-октябрда добуш бере турган күнү 1000-2000-5000 сом бергендерди эмес, үмүттүн шооласын жага ала тургандарга добуш берели. Өз келечегибизди сатып жиберген экенбиз. Эми уул-кыздарыбыздын келечегин сатпайлы! Канатбек АСКАРОВ Булак: media-center.kg

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники