О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
30 сентября 2020 г. 13:14

Биримдик №1: Мы должны обеспечить базовые потребности людей в селах!

Накануне кандидат в депутаты Жогорку Кенеша VII созыва от партии демократического социализма – евразийский выбор "Биримдик" Бакирдин Субанбеков провел встречу с жителями Суусамырской долины Чуйской области. В ходе встречи Бакридин Субанбеков детально рассказал о программе и идеологии партии "Биримдик", подчеркнув, что развитие регионов и улучшение качества жизни людей является главным приоритетом партии. "На протяжении всего депутатства работаю над проблемами регионов. Всегда открыто говорю о существующих проблемах и довожу до правительства. На сегодня сделано много работы, но в это же время многое остается в планах. В программе нашей партии "Биримдик" широко охвачена политика развития регионов. Самое главное - это улучшение качества образования и предоставление медицинских услуг в регионах", - сказал он. Кандидат подчеркнул, что партия "Биримдик" приложит все силы, чтобы государство на законодательном уровне взяло на себя ответственность за: - формирование здорового и образованного общества; - общественный прогресс на основе социально ориентированных реформ; - укрепление межнациональной дружбы; - продвижение интеграции страны в мировое сообщество – органичное, соответствующее национальным интересам, конструктивное взаимодействие с другими государствами и международными организациями; - установление принципов народовластия, т.е. ориентации политической и общественной жизни на широкие слои населения, на их включение в самые разные сферы экономической, политической, социальной жизни. В свою очередь жители долины Суусамыр озвучили свои наказы кандидату и рассказали о существующих проблемах в селах. Главной проблемой жители отметили доступ к чистой питьевой воде, отсутствие спорткомплексов, клубов, детских садов, также плохое состояние автомобильных дорог. Отдельно была отмечена слабая работа интернета. Кандидат от демократического социализма – евразийский выбор "Биримдик" Бакирдин Субанбеков записал все обращения жителей и пообещал поработать над каждой проблемой, подчеркнув, что в программе партии охвачены все проблемы страны, которые партия "Биримдик" намерена решать в VII созыве парламента. Оплачено из избирательного фонда политической партии "Демократическая партия "Биримдик" (Единство)" уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 14:35

Нарын облусу

РЕСПУБЛИКА №14 НАРЫН ОБЛУСУ "АЛДЫГА" ЖОЛДУ ТАНДАДЫ! _______ НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ ВЫБИРАЕТ "ПУТЬ ВПЕРЕД"!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:12

Иссыккульцы вручили почетную грамоту лидеру партии «Бир Бол»

Лидер партии «Бир Бол» Алтынбек Сулайманов, а также кандидаты Алмамбет Шыкмаматов, Айжан Чыныбаева, Руслан Акматбек провели встречу со своими сторонниками в городе Балыкчы Иссык-Кульской области. В ходе мероприятия участники обсудили экологические, социальные и другие вопросы, волнующие иссыккульцев. Выступая перед собравшимися кандидат от партии «Бир Бол» Руслан Акматбек затронул наиболее актуальные темы, стоящие на повестке дня. Все эти пункты «Бир Бол» включил в свою программу: создание условий для увеличения доли малого и среднего бизнеса в экономике, минимизация регулирования со стороны госорганов, развитие внутреннего туризма и обновление инфраструктуры. Айжан Чыныбаева, кандидат «Бир Бол» обозначила направления, которые будет продвигать в парламенте: запрет на продажу пластиковых пакетов, внедрение механизмов стимулирования сдачи пластика, повышение экологической ответственности производств, развитие женского предпринимательства, внесение изменений в закон об устойчивой эколого-экономической системе “Иссык-Куль” и другие. Жители Балыкчи поблагодарили гостей за вносимый вклад в развитие и сохранение экологии региона через различные гражданские инициативы и вручили почетную грамоту лидеру партии «Бир Бол» Алтынбеку Сулайманову за разработку и продвижение закона о введении запрета на изучение, разведку и добычу урана на территории Кыргызстана. По словам местных жителей, добыча урана на месторождении негативно сказалась бы на здоровье населения и привела бы к экологической катастрофе, а также оттоку туристов. По заказу уполномоченного представителя по финансовым вопросам ПП “Бир Бол” Арзымбаевой Чынары Кыясовны. Оплачено из средств избирательного фонда политической партии “Бир Бол”. 29-сентября, 2020-г.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 18:59

АЙЫЛ-ЧАРБА НАСЫЯЛАРЫ 5%!

АЙЫЛ-ЧАРБА НАСЫЯЛАРЫ 5%! • Айыл-чарба насыялары үчүн каражатты эки эсеге көбөйтөбүз! Насыянын мөөнөтү – 10 жыл! • Дарыгер жана мугалимдердин үй-бүлөсү үчүн алгачкы төлөм 0%!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:12

Ысык-Көлдүктөр “Бир Бол” партиясынын лидерлерине ыраазычылык баракчасын тапшырышты

Балыкчы шаарынын тургундары Ысык-Көл элинин атынан “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана Алмамбет Шыкмаматовго уран жана торий кендерин казууга тыюу салган Мыйзамды иштеп чыккандыгы үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырып, алкыш айтышты. “Бул Мыйзам кабыл алынбаса, элибиздин ден-соолугуна терс таасир тийип, ар кандай илдеттерге чалдыгып, экологиябыз да бузулмак. Уран кени казылгандан кийин Ысык-Көлгө бир дагы эс алуучу келмек эмес. Элим деп күйгөн Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматовдой азаматтарыбыз бар экенине шүгүр. “Бир Бол” партиясына алдыдагы шайлоодо жеңиш каалайбыз!” -дешти тургундар. Эске салсак, былтыр Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов баштаган бир катар депутаттар Кыргызстандын аймагында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга, уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга) тыюу салуу боюнча Мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Натыйжада Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо таап, Президент кол койгон. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 29-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:13

Дастан Бекешевдин божомолу боюнча кайсы партиялар Жогорку Кеңешке өтөт?

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев алдыдагы парламенттик шайлоого божомолун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анын айтымында, партиялардын каржылык жана кадрдык потенциалын, No2 форма боюнча каттоодон өткөн шайлоочулардын санын, ошондой эле административдик ресурстарды жана “канаттуунун көзү учкан” учурдагы кеңселердин колдоосун эске алуу менен түзүлдү. Бекешевдин божомолу боюнча төмөнкү партиялар парламенттин келерки чакырылышына өтөт: 1) “Биримдик”; 2) “Мекеним Кыргызстан”; 3) “Кыргызстан”; 4) “Ата Мекен”; 5) “Республика”; 6) “Замандаш”; 7) “Бир Бол”. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:13

Жети-Өгүз району “Кыргызстан” партиясын колдойт

“Кыргызстан” партиясынын кезектеги үгүт кербени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бардык айылдарында өттү. Айыл тургундары партиянын өкүлдөрүн жана талапкерин жылуу тосуп алышты. Жолугушуунун башында “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрмек Маркабаев партиянын “Эл үчүн” программасы менен тааныштырып, партия парламентке өткөндөн кийин көтөрө турчу демилгелерге кыскача токтолду. Андан кийин жергиликтүү тургундар талапкерге элдин социалдык жашоосун жакшыртуу боюнча бир катар суроолорду беришти. Алар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экспорттоого шарттарды түзүү, экономикалык өнүгүү, ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселелерине өзгөчө токтолушту. Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө шайлоочулар айыл калкынын 60-70%ы айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн насыя алаарын айтышты. Алар айылдардан келген насыя алуучулар үчүн 3-4 айлык эс алууну суранышты. Талапкер шайлоочулардын суроолоруна, партиянын басып өткөн жолу жана программасына таянуу менен жооп берди. Жолугушуунун соңунда шайлоочулар Маркабаевге баарлашканы үчүн ыраазычылык билдиришип, Жогорку Кеңешке шайлоодо “Кыргызстан” партиясын колдой тургандыктарын айтышты. “Кыргызстан” партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы – жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы! Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020) . 29 .09.2020

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:13

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданып жатат

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен 28-сентябрда Сочиде жолугушууда айтканын Путиндин расмий сайты жазды. Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө Орусия жана анын президенти Владимир Путин Кыргызстанга саясий жана экономикалык жактан зор колдоо көрсөтүп жатканын айтып, бул үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Орусиянын жардамы менен Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынганын белгиледи. Ошону менен катар Жээнбеков Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданганын айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады. Алар эки өлкө ортосундагы союздук жана стратегиялык өнөктөш мамилелерге жик салып жатканын, бирок колунан эч нерсе келбей турганын, себеби Кыргызстан Орусиянын колдоосуна ээ экенин белгиледи. Путин өз сөзүндө кыргыз жетекчилигинин өлкө ичиндеги саясий абалды жөнгө салуу аракеттерин колдой турганын билдирип: «Сиздин аракеттер менен уланат деп абдан үмүттөнөбүз. Биз, өз кезегинде мамлекет башчысы катары Сизди, Кыргызстанды жана Кыргызстандын элин өлкөнү өнүктүрүү боюнча ири максаттарыңарды ишке ашырууда колдоо үчүн бардык аракеттерибизди көрөбүз», – деди. Ошону менен катар Путин пандемияга байланыштуу Жээнбековдун Орусиядагы иш сапарынын мөөнөтү улам өзгөрүп келгенин, бирок кызматташтык уланып жатканын, жакында эле өкмөт аралык комиссиянын жыйыны Бишкекте өткөнүн айтты. Былтыр ортодогу соода жүгүртүү кыйла көбөйүп, Кыргызстанга жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү 25% арбыганын белгиледи. Ал Жээнбековдун өтүнүчү менен Кыргызстанга буудай жөнөтүү көбөйгөнүн кошумчалады. Путин Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы туура багытта ишенимдүү уланып баратканын белгиледи. Орус президентинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Путин менен Жээнбеков «стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди талкуулашты». Орусиядагы сапары жыйынтыкталгандан кийин Жээнбеков расмий сапар менен Венгрияга барат. 26-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде президент Кыргызстан Орусия менен кызматташтыкка чоң маани берерин, ортодогу мамиле эң жогорку деңгээлде экенин айткан жана Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин белгилеген. Жээнбековдун Орусияга бул жолку сапары «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун Орусияда Кыргызстандын эгемендигине байланыштуу айткан сөздөрү коомчулукта сын жана кызуу талкуу жараткан учурга туш келүүдө.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:13

Алтынбек Сулайманов, “Бир Бол”, №13: “Элге тандоо укугун кайтарабыз”

“Парламентке билимдүү эле эмес, элеттин жашоосун түшүнгөн жарандар барганда гана жыйынтык чыгат. Бийликти элге кайтарып берүү – “Бир Бол” партиясынын негизги максаты”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Токтогул районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди. “30 жылдан бери бийлик өкүлдөрү өз ара тирешүү менен алек. Мамлекеттин башкаруу системасы туура эмес калыптанып, бир ууч адамга гана кызмат кылууда. Бийликти жаңыча ойлонгон, билимдүү, эрки, духу бар жаштарга өткөрүп берүү убакыты келди. Мындай кадамга баруу үчүн шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, преференциалдык добуш берүүнү киргизүү зарыл”,- деди А.Сулайманов. Преференциалдык добуш берүү аркылуу шайлоочу бир гана партияны эмес, партиянын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Көпчүлүк депутат болгон адамдар партиянын тизмеси менен келген, алардын билимине, жеке дараметине көңүл бурулбай жатат. Натыйжада мамлекетти башкарууга, мыйзам жазууга сабатсыз депутаттардын келишине шарт түзүүдө. Депутат деген бир кесиптин ээси эмес, ар бир аймактын, тармактын мыктылары болуш керек. Ошондо гана партиянын тизмесиндеги белгилүү талапкерди тандоо жеңил болот. Ошондой эле Алтынбек Сулайманов өлкө бүгүнкү күндө заманбап, технологияны жакшы билген, чет өлкөлөр менен карым-катнаш түзүүгө деңгээли жеткен уул-кыздарга муктаж экенин баса белгиледи. “Бир Бол” №13 – Жаратман күч! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 28-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:14

Теплый прием оказал Джалал-Абад кандидатам от партии "Мекеним Кыргызстан" №

Уже по доброй традиции с исполнения национального гимна началась встреча кандидатов в депутаты от партии "Мекеним Кыргызстан" с избирателями в городе Джалал – Абад. Выслушать и поддержать кандидатов собралось много желающих. Ахматбек Кельдибеков в своем выступлении поблагодарил избирателей и рассказал о планах партии. Ахматбек Келдибеков, кандидат в депутаты от партии "Мекеним Кыргызстан"№4: "В нашей программе заложено много точек роста для всех регионов нашей. Для Джалал-Абадской области мы предлагаем инициировать дальнейшее развитие производства электроэнергии, электроники, добычи угля, других полезных ископаемых. Развитие агросектора, специализирующегося, в первую очередь, на производстве хлопка и переработке продуктов уникального природного феномена – дикорастущих лесов грецкого ореха. Развитие рекреационной инфраструктуры в этом географическом расположении будет ключевым". Скажи "Да" новым программам занятости населения и социальной поддержке граждан . Партия "Мекеним Кыргызстан" - партия каждого кыргызстанца, №4 в избирательном бюллетене. Оплачено уполномоченным представителем по финансовым вопросам партии "Мекеним Кыргызстан Джайчиевой Гульбарчин Эр Турсуновной из средств специального избирательного фонда Политической партии "Мекеним Кыргызстан".

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:14

БИРИМДИК №1. Кочкоров: Наша задача обеспечить полную занятость населения!

"Целью политической партии демократического социализма - евразийский выбор "Биримдик" является защита прав и свобод кыргызстанцев. Наша политика - социальная справедливость. Основная цель партии "Биримдик" - обеспечение достойной жизни и свободного развития граждан", - заявил кандидат от политической партии "Демократический социализм - евразийский выбор" "Биримдик" Улукбек Кочкоров на встрече с избирателями Баткенской области. Кочкоров пообещал активно работать над повышением уровня жизни граждан, создавать качественно новую социальную политику, которая поможет снизить безработицу, увеличить доходы граждан и помочь наиболее уязвимым. "Наша главная задача в этой сфере - обеспечить принцип социальной справедливости и создать условия для полной занятости", - сказал кандидат. Он отметил, что программа включает социальную защиту: в первую очередь развитие системы адресной поддержки детей-сирот, инвалидов, престарелых и многодетных семей. "Реализация этой задачи должна быть нацелена на решения государства по всем направлениям финансовой и государственной деятельности в реальном секторе экономики", - сказал кандидат от партии демократического социализма - евразийский выбор "Биримдик" Кочкоров. Оплачено из избирательного фонда политической партии "Демократическая партия "Биримдик" (Единство)" уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:15

“Республика” партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев : “ Алдыга жол — өлкөнү өнүктүрө турган реалдуу реформалар !”

Он жылдык ийгиликтүү тарыхы бар “Республика” саясий партиясынын программасы бул жолу да чечкиндүү кадамдар жана реалдуу реформалары менен өзгөчөлөндү. Анда саясый реформалардан тартып, өлкөдөгү бардык маанилүү жана өзгөртүүгө муктаж тармактарда жасала турган иш-аракеттер камтылган. “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев “Алдыга жол” программасынын айрым урунттуу учурлары тууралуу кененирээк маек курду. — Мирлан Канатбекович! Элде партиялар эптеп парламентке өтүү үчүн айрым аткарылбай турган убадаларды берип, шайлоочуларды алдап жатышат деген пикир бар. “Республика” партиясы калктын жашоо-турмушун жакшырта турган кандай кадамдарга барат жана алар канчалык деңгээлде аткарылат? — Экономиканын өнүгүшүнө эң биринчи шарт – бул ишканаларды ачып,жумуш орундарын түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө өкмөт бир гана салыктарды чогултуу менен алек, ал эми өнүгүү тармагы такыр каралбай калды. Салыктан түшкөн каражат жетпей баратса, тыштан карыз ала коюп отурушат. Эң ириде, казынага түшүүчү салыкты көбөйтүү керек, бирок, бул үчүн салыктын өлчөмүн, түрлөрүн көбөйтпөстөн, ишкердүүлүктүн талаасын кеңейтишибиз керек, ишкерлерге шарт түзүшүбүз керек. “Республика” партиясынын программасында экономикалык реформаларга орчундуу орун берилген. Биз ишкердүүлүккө мамлекеттин себепсиз кийлигишүүсүнө бөгөт коебуз. Ал регулятордук кызматты гана аткарышы керек. Эгерде мамлекет өзү бизнес менен алектенсе, тең ата атаандаштык болбойт. Практика көрсөткөндөй,мамлекеттик ишканага кандай жетекчи келбесин ал уурдайт, же ал ишкана чыгышага иштей баштайт. Андыктан, экономикалык коопсуздукка негиз боло турган стратегиялык маанидеги ишканалардан башкасын сатып, андан түшкөн каражатты кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө жумшаш керек. Учурда ондогон ишканалар чиновниктердин “кормушкасы” же мамлекет үчүн ашыкча жүк. Мисалы: аймакта бир ишкананын бюджетинин жарымы капиталдык ремонтко, жарымы ишкананы кармоо чыгымдарына жумшалган. Жыйынтыгында, мамлекет киреше алмак түгүл, тескерисинче, карыз болуп калган мисалдар бар.Бул эффективдүү эмес башкаруу, эффективдүү эмес ишкана. Биз мындай чыгашалуу, ашка жүк башка жүк ишканаларды сатып, каражатты кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө жумшайбыз! Кыргызстан чакан өлкө. Учурда иштеп жаткан 16 министрликти 7ге чейин кыскартып, эффективдүү иштеген, билимдүү жана өз кесибинин мыктыларынан турган мобилдүү Өкмөт курабыз . Биз ашыкча бюрократияны кыскартабыз! Үнөмдөлгөн акчанын бир бөлүгү айлык акыны көбөйтүүгө кетет, көбүрөөк бөлүгү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жумшалат. Себеби, экономикалык жактан өнүккөн өлкөнүн өзөгүн, туруктуулуктун өзөгүн орто класстын өкүлдөрү түзөт. Өз киндигин өзү кесип бутуна туруп, үй-бүлөсүн да багып, экономикага да салым кошуп жаткан ишкерлер сыйга татыктуу, арасында өтө ийгиликтүү инсандар бар. Биз мындай адамдардын катарын калыңдатышыбыз керек. Бир катар реформалардын жыйынтыгында үнөмдөлгөн каражаттын дээрлик бардыгын чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жумшап 3% дан насыя катары беребиз. Бул биздин экономиканын жанданышына чон түрткү берет! “Республика” партиясынын программасы боюнча салык саясаты өзгөртүлүп, учурдагы 5 салыктын ордуна 1 салык киргизилет, муну менен биз көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгарабыз. Азыркы тапта жалпы экономиканын 39% көмүскөдө иш алып барат, акчалай алганда бул 230 миллиард сомду түзөт, андан түшө турган салык жылына 72 миллиард сомду чапчыйт. Биз бул акчанын агымын казынага бурабыз! “Республика” партиясы: агрокредитти 5 % дан беребиз! Дыйкандардын жерге салган мээнети кайтышы керек. Тапкан акчасы күнүмдүк жашоодон артып бакубат турмушка жетиши керек. Ал эми айыл–чарба продукцияларыбыз тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук бере алгандай деңгээлге чыгышы зарыл. Биздин продукциялар жалпысынан ЕАЭБдеги өлкөлөргө сатылат эмеспи, ошондуктан, Россия, Казакстан , ошол эле коңшу Өзбекстан менен атаандаша тургандай деңгээлде болуш үчүн биз дыйкан-фермерлерге арзан ресурс беришибиз керек. Айыл-чарба насыяларын 5 пайызга түшүрүп, бериле турган акчанын көлөмүн эки эсе көбөйтөбүз. Ошондо сатыла турган продукциянын өз баасы бир топ арзан болот. Чындыгында, бүгүн Россия Федерациясынын рыногун айыл-чарба продукциялары менен камсыз кылуу жагынан кошуналардан арттабыз. Учурда Өзбекстан менен РФнын ортосунда түзүлгөн келишимдердин көлөмү миллиард доллардан ашат. Биз болсо өз продукциябызды бул рынокторго жеткире албай калып жатабыз. Керек болсо, Кыргызстан-Казакстан чек арасынан өтө албай калган учурлар бар. Анткени, ЕАЭБдин лицензиясына ылайык маселе ветеринардык- фитосанитардык инспекцияга келип такалат. Биз бул жаатта миллиондогон гранттык, донордук каражаттарды алдык, бирок станциялар абдан кеч ачылып жатат. Албетте, продукцияларыбыздын сапаты боюнча да маселе бар. Биз айыл-чарба министрлигинин азыркыдай иштей беришине макул эмеспиз! Анын аппаратында миңдин тегерегинде статисттер иштеп жатышат, бирок, ишинин жыйынтыгы жок. Андыктан, министрликти жоюп, анын ордуна мобилдүү, чакан мамлекеттик консультативдик департемент же кызмат ачабыз! Бул орган дыйкандарга үрөн,рыноктогу суроо-талап, техника, логистика жана чоң базарга чыгуу жол-жобосу өңдүү суроолорго жооп берип, жалпы агрардык саясатты жүргүзүшү керек. Жаңы кызмат үрөнчүлүк боюнча, сатуу боюнча кардарлар менен фьючерстик келишимдерди түзө турган болот. Мисалы, дыйкандар керектөөчүлөр менен продукциянын баасын алдын-ала түз чечип кепилдик алат, ошондо ортодогу шылуундар жоголот. Дагы бир көңүл бура турган жагдай — бул органикалык таза продукцияга болгон дүйнөлүк суроо-талаптын жогорулашы. Бул өтө чоң рынок жана жыл сайын 5-7 пайызга өсүп миллиарддаган доллар айланып жатат. Учурда өз ден-соолугуна кам көрүп, таза жана туура тамактанууну кармангандардын катары көбөйүп, алар үчүн дүйнөлүк ири маркеттерде өзүнчө бөлүмдөр ачылган. Кыргызстан органикалык таза продукциялары менен дүйнөлүк рынокко чыкса болот. Биз, тилекке каршы, азырынча бул багытка жакшы көңүл бура албай келебиз. Жалпысынан айтканда “Республика” партиясы айыл-чарба тармагын өнүктүрүү багытында бир катар олуттуу реформаларды сунуштап жатат. Биз сөзсүз а дминстративдик — аймактык реформа өткөрөбүз ! Губернатор сыяктуу өкмөттүн өкүлдөрү, областтык структуралар миллиарддын тегерегиндеги каражатты жөн эле сарптап жатат. Болгону борбордон келген чоңдорду тосуп алуу, узатуу менен алектенип, ортомчулук кызматты аткаруу менен райондогу кагаздарды алып борборго жеткирген керексиз, ашыкча звенолорду алып салыш керек. Соттордон тышкары, областтык билим берүү башкармалыктары, ИИБ, облстаткомитет, облсалык сыяктуу мекемелерди жоюп, райондорду ирилештирип, 44 райондун ордуна 30ду калтырабыз. Мындан биз миллиарддын тегерегинде каражат үнөмдөйбүз. Райондун акимдери түз Өкмөткө баш ийип, капиталдык салымдарга, райондогу курулуш иштерин көзөмөлдөгөнгө, сунуш бергенге толук укуктуу болот жана жоопкерчилик алат! “Республика” партиясы: 6 пайыздык ипотека! Мугалим менен дарыгер үчүн баштапкы төлөмү жок болот! Биздин партия 2010-жылы ипотека беребиз дегенде эч ким ишенген эмес. Себеби, ал кезде турак-жай кредити 30-36 % болчу. Албетте, бул демилгени мамлекеттик компания ишке ашырды, бирок, ушул жерден бир нерсени айтып коюшубуз керек. Саясый күчтүү атаандаштык болгон жерде гана чечимдер тез кабыл алынып , иш алдыга жылат. Эми “Республика” партиясы ипотека 6 %дан берилиши керек жана мугалим менен дарыгерлер үчүн баштапкы төлөм болбошу керек деп жатабыз. Бул максатта узак убакытка 0.75 % дан 1.75% чейин насыя каражат алып келип, түз мамлекеттик банктар аркылуу берип, ипотеканын баасын төмөндөтөбүз. Дарыгерлер менен мугалимдер үчүн ипотека баштапкы төлөмү жок болушу зарыл, бул кесиптин ээлери мамлекет тарабынан ар тараптуу камкордукка алынышы зарыл! “Республика” партиясына элибиз ишеним артып, Жаратканыбыз колдоп парламентке келип калсак, берген убадаларыбызды аткаруу үчүн жан үрөп иштейбиз. Эгерде көп добушка ээ болсок, эч кимге көз каранды болбой, Өкмөттү өзүбүз курап, саясый да, экономикалык да жоопкерчиликти өз мойнубузга алууга даярбыз! Бул шайлоо тагдырды өзгөртө турган, мамлекеттин багытын белгилей турган, аң-сезимибиздин, саясий маданиятыбыздын деңгээлин аныктай турган, мамлекеттүүлүгүбүз бар бекен, коомчулук өзүнүн оюн эркин айта алат бекен деген суроолорго жооп алуучу чоң сыноо! Бүгүн ак менен каранын күрөшү жүрүп жатат! Сиздин тандоо жаркын келечек үчүн, ууру-кескиси жок, коррупциясыз Кыргызстан үчүн болсун! Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:16

«Республика» партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев : Биз коррупционерлерди жазалоого күчүбүз да, эркибиз да жетет!

Он жылдык ийгиликтүү тарыхы бар “Республика” саясий партиясынын программасы бул жолу да чечкиндүү кадамдар жана реалдуу реформалары менен өзгөчөлөндү. Анда саясый реформалардан тартып, өлкөдөгү бардык маанилүү жана өзгөртүүгө муктаж тармактарда жасала турган иш-аракеттер камтылган. “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев “Алдыга жол” программасынын айрым урунттуу учурлары тууралуу кененирээк маек курду. — Мирлан Канатбекович, азыр партияларга багытына же идеологиялык көз караштарына эмес, ар кандай жеке кызыкчылыктардын негизинде биригүүлөр орун алды. Жыйынтыгында, парламентке баргандан кийин фракциялардын ыдырап кетүү коркунучу жогору. “Республика” партиясынын командасында кимдер бар? -Биздин команда ар-намыс, абийирди туу туткан, “эл алдында кадыр-баркым кандай болот” деп ойлонгон адамдардан куралды.Тилекке каршы, саясатта “кеп-сөзгө калып, уят болуп калбаймынбы” деп ойлонгондор аз. Шайлоо алдында ары-бери чуркап жаңы кожоюн издегендерди көрдүк, кошоматчылар башы жерге тийгенче ийилип жүгүнгөндүктөн кожоюну басып кеткенин байкабай калып, шайлоого аттанбай калган учурлар да болду. Мен ойлойм, бул шайлоо тарыхый элек. Учурда билинбеген менен люстрация жүрүп жатат, бул кимдир- бирөө тарабынан жүргүзүлгөн люстрация эмес, элдин элеги. Бул тазалануунун биринчи этабы, биз эми люстрацияны мыйзамдуу түрдө өткөрөбүз. — Программаңыздардагы УКМКны жоюу боюнча маселеге кайрылалы, бул демилге коомчулукта бир топ талкуу жаратты. -Тилекке каршы, кечээ эле саясий куугунтукта жүргөн адамдар ушундай позицияны карманып жатышканы таң калыштуу. Ошондой эле, программаны толук үңүлүп окубастан эле “экспертмин” дегендер өз пикирлерин билдирип чыгышты. Бүгүнкү күндө УКМК өзүнүн түпкү миссиясына туура келбеген функцияларды аткарып жатат. Бүгүн бул орган “жандарм” катары эле жарандарды аңдып, ким чындыкты сүйлөсө, ким альтернативдүү ой айта турган болсо, ошону куугунтукка алуу менен гана алек. Бүгүн саясий айдыңда башкача ой жүгүрткөндөр кысымга алынган учурлар бар. Альтернативдүү пикир, башкача көз караш, эгерде уңгусунда улуттук коопсуздукка доо кетирген террордук чакырыктар болбосо баш мыйзам менен корголгон. Азыр чет жактан миллиондогон каражаттар которулуп, ошонун эсебинен байып жаткан адамдар бизге өздөрүнүн идеологиясын, саясатын, биздин кыртышка жат баалуулуктарын таңуулап жатат. Кибер коркунучу, миллиарддаган каржысы бар эл аралык террордук уюмдардан коркунуч бар. Бизде жүздөгөн үй-бүлөлөр согуш жүрүп жаткан аймактарга жалданып кетип жатат. Чет жактан келген күмөндүү акчаларга курулган объектердин ачылышына барып лента кеспей УКМК ушул сыяктуу тышкы коркунучтарга каршы иш-аракеттерди жасашы керек. Анын ордуна карапайым дарыгер, жөнөкөй дыйканды бийликтин көз карашына дал келбеген сөзү үчүн кечирим суратып, майда иштер менен алектенип келет. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биринчи жана эң негизги жумушу өлкөнү сырткы күчтөрдөн коргоп, мамлекеттин эгемендүүлүгүн , улуттук коопсуздукту камсыздоо болуп саналат! Мындан улам, биз УКМКнын керексиз, мындайча айтканда, “жандармдык” функцияларын жоёбуз. УКМК замандын жаңы чакырыктарына даяр болуп, өлкөнүн тышкы коопсуздугуна калкан болушу керек ! -Сот реформасы тууралуу айтып келе жатканыбызга көп болду, сиздер да сот системасын толук көз карандысыз кылабыз деп жатасыздар, кантип деген суроо жаралат? — Соттор буйрутманы аткарып иштеп калышканы жашыруун эмес. Кээ бир сотторду жолдогу мурдагы МАИ кызматкерлери менен салыштырсак болот. Алар деле көчөдөгүдөй мыйзам бузган адамды пара алып же телефондук сүйлөшүүдөн кийин коё берет. Адилеттүүлүк жок болуп калды. Бүгүнкү күндө соттор да айрым депутаттардай эле кожоюн таап алып ошолордун сөзүнөн чыкпай жүрөт. Өз алдынча ойлоно албаган, бирөөнүн жетегинде жүргөн жаш, компетентүү эмес соттор пайда болду. Паракорчулук боюнча мурда биринчи орунда МАИ кызматы турса, азыр соттор турат. Кыргызстанга инвестициянын келбей, бизнес өнүкпөй жаткандыгынын бирден-бир себеби – бул соттордун адилетсиздиги! “Республика” партиясы көз карандысыз, адилетүү сотту камсыз кылабыз! Биз бардык экономикалык талаш-тартыштарды третей сотторуна беребиз. Учурда Британиянын соту эң адилеттүү сот катары брендге айланды. Дээрлик бардык дүйнөлүк талаш-тартыштар Британия сотунда каралат, дүйнөлүк ири компаниялар, инвесторлор Лондонду тандашат. Биз британдык сот системасы менен, керек болсо британдык сотторду жумушка орноштуруу менен бул тармакта адилеттүүлүктү орнотушубуз керек. Бул экономиканын өнүгүшүнө алып келет. Мындай система Сингапурда киргизилген, ал эми 2016-жылы Казакстанда ишке кирди эле, азыр ал жакта инвестиция көбөйдү. Третей соту бизнестин кызыкчылыгын коргойт, обьективдүү, калыс чечимдерди чыгарат. Кыргызстанга каражат алып келем деген инвестор акчасы толук корголо тургандыгына ишеними болушу керек. Ал эми жалпы судьялардын калыстыгын орнотуу үчүн телефондук укукту жоюш керек. Алардын жеке телефону бүгүнкү күнү жашыруун тыңшоодо болсо, биз ачык тыңшоого өтөбүз. Соттун баскан-турганы, анын декларациясы, мүлк-байлыгы толук көзөмөлдө болушу керек. Эгерде сот талаптарды ачык бузса, коомчулуктун пикирин эске албаса жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле балдарга, зордук-зомбулуккка байланыштуу сот отурумдарынан башкасын онлайн көрүүгө жол ачабыз. Айрыкча, экономикалык талаш-тартыштар, саясый ишмерлер аралашкан резонанстуу соттук териштирүүлөр ММК, коомчулук үчүн ачык болушу зарыл. Эгер биз бийликке келип, реформаларды ишке ашырсак, укук коргоо органдарында буюртма менен иштеген тергөөчү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, опер кызматкерлер жана соттор боюнча ачык- айкын чоң соттук териштирүүлөрдү өткөрөбүз. Биз люстрацияны ушул тармактардан баштайбыз! Арасында кайсы гана бийлик болбосун иштешип кетүүгө жөндөмү күчтүү тергөөчүлөр бар, буйрутма соттор бар, буйрутма кызматкерлер бар. Алар жеке кызыкчылыгы үчүн бийлик алмашкан сайын кожоюнун өзгөртүп турушат. Ошондуктан, экономикалык иштерде же саясый буюртма менен бейкүнөө адамдарга кылмыш ишин козгогон, абактарда кыйноого алып, күчкө салып сүйлөттүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартып, кара тизмеге киргизебиз. Алар эч качан мамлекеттик кызматта иштебегендей болот! -“Республика” партиясынын коррупцияга каршы ураандары катуу чыкты, бирок, бул боло жүргөндөй куру кыйкырык, куу сүрөөн болуп калбайбы? Мен юрист катары, бул тармакты илимий жактан изилдеп чыккан адам катары айта алам, коррупция бул кылмыш эле эмес,бул социалдык көрүнүш. Биз коррупцияга каршы 500 сом алган мугалимден баштап, казынадан миллиарддарды уурдаган аткаминерлерди соттоп эле күрөшпөстөн, эң ириде анын келип чыккан себептерин жок кылышыбыз керек. Мунун бир гана жолу- бардык мамлекеттик мекемелерди санариптештирүү жана алардын ишмердүүлүгүнө ачыктык киргизүү. Себеби, ар бир көлөкөдө кабыл алынган чечим бул- коррупция. Учурда коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна , мамлекеттин эгемендүүлүгүнө коркунуч туудуруп калды! Мамлекеттик чечимдер эл аралык кылмыштуу топтордун аралашуусу менен кабыл алынып жатат. Бажы, контрабанда кылмыштуу топ менен биригип калды. Алардын наркотрафик боюнча кызыкчылыктары бар, курал-жарактарды мыйзамсыз ташуу боюнча кызыкчылыктары бар. Бул Кыргызстан аркылуу өткөн мультимиллиарддык рынок! Эми бүгүн бул схеманын катышуучулары өздөрүнүн саясий амбициясын жар салып чыгышты. Бардык прогрессивдүү коом, эл аларга каршы турушу керек! — “Республика” партиясы коррупционерлердин, криминалдын бийликке келишине кантип тоскоолдук кыла алат? Биз жарандарды “Республика” партиясына добуш берүүгө чакырабыз. Шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болсок, айтылган реформалардын баарын ишке ашырабыз! Бул коррупциялык схеманын өкүлдөрүн жазалоого күчүбүз да, эркибиз да жетет! Урматтуу мекендештер! Бүгүн ак менен каранын күрөшү болуп жатат. Бүгүн трансулуттук кылмыштуу топтор, коррупциялык схемалардын эрке балдары, бийлик алмашкан сайын беткаптарын алмаштырып, таасирдүүлөрдү тандап этегине жүгүнүп жүргөн саясатчылар, кошоматчылар жана кылмыштуу ишмердигин жаап-жашыруу максатында бийликти эңсегендер саясатка аттанып жатат. Бүгүн коомчулук кимдин ким экендигин ачык көрүп турат. Өлкөнүн келечегин уурдап- тоногондун эсебинен, салынбаган ооруканалардын, мектептердин ,жолдордун эсебинен, жетпеген электр жарыгынын, таза суунун, коюлбаган интернеттин эсебинен байыган партиялар бүгүн ошол элдин каражатын сапырып чачып жатат. Бүгүн эң жаманы, саясатка кылмыш дүйнөсү да аралашты, анткени, жеңиштин куну жогору. Эгерде алар буга чейин бир бийликке кошомат кылып тынч жүргөн болсо, бүгүн алар ачыкка чыкты! Бетине жаш кыз-жигиттерди кармап алып ураан-чакырыкты салып, келечекти сатып алабыз деп демдүү баратышат. Алардын калп сөздөрүнө алданбаңыздар, арам акчаларына сатылбаңыздар ! Сиздин бир добуш бул — биздин келечек! Сиздин бир добуш бул- балдарыбыздын, неберелерибиздин келечеги! Эгерде бул шайлоодо кара күчтөр утса тарых өзгөрөт, багыт кескин бурулат! Буга жол бербейли! Ким кандай сөз айтпасын, тандоону кабинадан сиз жасайсыз! Биз баарын көзөмөл кылабыз деген сөздүн баары төгүн, кабинанын ичинде бир Жараткан менен жалгыз өзүңүз болосуз! Ошондуктан, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн, балдардын келечеги үчүн, эртеңки бакубат жашоо үчүн тандоону туура жүргүзүңүз!

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:16

Президент, премьер-министр жана спикер кайсы шайлоо участогунда добуш берет?

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо Президент, премьер-министр жана спикер кайсы шайлоо участогунда добуш берээри tizme.gov.kg сайты боюнча көрсөтүлдү. Президент Соронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарында шайлоого катышат. Ал эми Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Аламүдүн районунда добуш берет. tizme.gov.kg сайтындагы маалымат боюнча, Сооронбай Жээнбеков №1327 шайлоо участогунда (№5 мектеп-гимназия), спикер №1050 шайлоо участогунда (№72 мектеп), премьер-министр №1105 шайлоо участогунда (№62 мектеп) катталган. Жогорку соттун төрайымы кайсы шайлоо участогунда катталганы белгисиз (tizme.gov.kg сайтында анын аты-жөнү менен маалымат табууга мүмкүн болгон жок). Жогорку соттун басма сөз кызматы төрайым Аламүдүн районунда добуш берерин гана айтты. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:16

Нарын районунда шайлоочулардан добуш сатып алуу боюнча арызды текшерүү башталды

Нарын районунда шайлоочулардан добуш сатып алуу боюнча арызды текшерүү башталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 29-сентябрда район тургундарынын биринин кайрылуусу социалдык тармакта пайда болду. Автор өзүн Болот уулу Денисак деп тааныштырат. Ал Эмгек-Талин айылдык кеңешинин төрагасы. Ал саясий партиялардын биринен талапкердин өкүлдөрү менен болжолдуу жолугушуу жөнүндө сөз кылат. Анын айтымында, аталган конуштун тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө болду. Болжолдонгон сумма дагы талкууланды – 700 миң сом. Денисак айткандай, талапкердин өкүлдөрү 300 миң сом тапшырышкан. Ал үчүн айылдык кеңештин төрагасынын айтымында, саясий партия үчүн шайлоодо 300 добушту камсыз кылуу керек. Болбосо, акчаны кайтарып берүүнү суранышкан. Ал эми облустук милициянын маалыматы боюнча, Нарын РИИБдин кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, кайрылууну Нарын районунун 1983-жылы туулган тургуну Б.Д. экенин аныкташты. Азыркы учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники